Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 20-январындагы N 6 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-июлунан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3edc7cf8-ad11-4cfd-90d7-3837fd69f1d7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 18-марты № 39

Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181, 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314,

2014-жылдын 25-октябрындагы № 148, 2015-жылдын 13-мартындагы № 57,

2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзам колдонула турган чөйрө

Ушул Мыйзам аткаруу өндүрүшүн жүргүзүүнүн укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин, жалпы юрисдикциядагы соттор актыларын (мындан ары - сот актылары) жана ыйгарым укуктарын жүргүзүүдө мыйзам менен жарандарга, уюмдарга же бардык деңгээлдеги бюджеттерге өзүнүн актыларын аткаруу боюнча милдет жүктөө укугу берилген башка органдардын актыларын ыктыярдуу жана мажбурлап аткартуу шарты менен тартибин белгилейт, ошондой эле соттук аткаруучулардын укуктук статусун жана алардын ыйгарым укуктарын аныктайт.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдар

Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү тутумун Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Соттук аткаруучулардын милдеттери

Соттук аткаруучуларга жарандык жана административдик иштер боюнча чечимдерди, аныктамаларды жана токтомдорду, жаза иштери боюнча мүлктүк өндүрүп алуу жагындагы өкүмдөрдү, аныктамаларды жана токтомдорду аткаруу боюнча милдет, ушул Мыйзам менен каралган учурларда башка органдардын чечимдери менен токтомдорун аткаруу милдети жүктөлөт.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-Глава
 Соттук аткаруучунун ишин уюштуруу жана иштөө тартиби

 

4-статья. Соттук аткаруучу

1. Соттук аткаруучу - мамлекеттик кызматта турган жана ага мыйзам менен соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча милдет жүктөлгөн кызмат адамы.

2. Соттук аткаруучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде (мындан ары - Сот департаменти) турат.

3. Соттук аткаруучулардын сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткаруу боюнча талаптары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык мамлекеттик органдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү.

4. Соттук аткаруучуга мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар, документтер жана алардын көчүрмөлөрү анын талабы боюнча акысыз жана белгиленген мөөнөттө берилет.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Соттук аткаруучуга коюлуучу талаптар

1. Жыйырма беш жашка чыккан, жогорку юридикалык билими бар, соттолбогон жана ден соолугу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны соттук аткаруучу боло алат.

2. Соттук аткаруучу өз ишин мыйзамга ылайык жүргүзүүгө, аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткаруу үчүн бардык мыйзамдуу чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандар менен юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын кысымга алынышына жол бербөөгө милдеттүү.

3. Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүм жетекчиси болуп улук соттук аткаруучу саналат.

Соттук аткаруучуга коюлган талаптарга жооп берген жана соттук аткаруучу болуп кеминде бир жыл практикалык иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны улук соттук аткаруучу боло алат.

6-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруу жана контролдук кылуу

1. Соттук аткаруучулар Сот департаментинин директору жана областтык башкармалардын начальниктери тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

2. Сот департаментинин директору кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу, Сот департаментинин областтык башкармаларынын начальниктери - областтардын башкы соттук аткаруучулары болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтардын башкы соттук аткаруучулары, ошондой эле улук соттук аткаруучулар соттук аткаруучулардын ишине жетекчилик кылат, алардын ишин уюштурат жана контролдойт, сот актыларынын жана башка органдардын актыларынын реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

7-статья. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Соттук аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Соттук аткаруучуларга класстык чендер берилет, ченди берүүнүн жана андан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Соттук аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык акыдан, класстык чен үчүн үстөк акыдан, көп жылдык кызматы үчүн үстөк акыдан, ошондой эле сыйлык акы жана башка үстөк акылардан турат.

4. Өргүү берүү, пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле үстөк акыларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

5. Соттук аткаруучу кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен:

- такси жана жеке автотранспорттон тышкары шаардык, шаардын айлана-тегерегиндеги жана жергиликтүү каттамдагы транспорттордун бардык түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз пайдаланууга;

- кызматтык иш сапарына жөнөтүүдө жол жүрүү документтерин жана мейманканадан орунду кезексиз алууга укуктуу.

6. Депозиттик эсептин тескөөчүсү болуп улук соттук аткаруучу саналат.

8-статья. Соттук аткаруучулардын ишин социалдык жактан гарантиялоо

1. Соттук аткаруучулар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик милдеттүү камсыздандырууга алынат, анын тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

2. Соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кызматтык турак-жай менен камсыз болууга укуктуу.

3. Соттук аткаруучу кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болсо же соттук аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү мезгилинде алган жаракатынын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен иштен бошотулгандан кийин өлсө, ал адамдын (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөмдөр берилет.

9-статья. Соттук аткаруучунун жоопкерчилиги

1. Жорук кылгандыгы жана укук бузгандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Соттук аткаруучу келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган эрежелер боюнча толтурулууга тийиш.

2. Соттук аткаруучунун иш-аракети жогорку турган соттук аткаруучуга же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

Жогору турган соттук аткаруучуга даттанып кайрылуу сотко ушундай эле даттануу менен кайрылуу үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3-Глава
 Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүнүн жалпы шарттары

 

10-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн принциптери

Аткаруу өндүрүшү соттук актыларды жана башка органдардын актыларын реалдуу, толук жана өз убагында ыктыярдуу же мажбурлоо менен аткарууга негизделет.

11-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн органдары

1. Сот актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка органдарынын актыларын аткаруу чыгымдар сметасынын чектеринде Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Сот департаментинин директорунун сунуштамасы боюнча саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан аныкталган соттук аткаруучуларга жүктөлөт.

2. Башка органдар, уюмдар жана кызмат адамдары аткаруу иш-аракеттерин ал жөнүндө мыйзамда тике көрсөтүлгөнгө жараша, болбосо соттук аткаруучунун талабы боюнча жүргүзүшөт.

3. Мыйзамда каралган учурларда соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт.

4. Соттук актылардын жана башка органдардын актыларынын акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндөгү талабы камтылган аткаруу документтери, эгерде өндүрүп алуучуда карызкордун эсеби бар экендиги жөнүндө жана анда акча каражаттары бар экендиги тууралу маалымат болсо, өндүрүп алуучу тарабынан ал түздөн-түз банкка же башка финансы-кредиттик уюмга, болбосо ушул Мыйзамда каралган тартипте аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Карызкордун эсебин тейлеген банк же башка финансылык-кредиттик уюм өндүрүп алуучудан же соттук аткаруучудан аткаруу документи алынган күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө аткаруу документинде камтылган акча каражатын өндүрүп алуу жөнүндөгү талапты аткарат, болбосо карызкордун эсебинде өндүрүп алуучунун талабын канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу аталган талапты толук же жарым-жартылай аткаруу жөнүндө белги коет.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Соттук аткаруучунун укуктары жана милдеттери

1. Соттук аткаруучу:

1) токтом чыгарууга;

2) ушул Мыйзамда каралган учурларда администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө;

3) аткаруу иш-аракетин жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жана маалымдамаларды талап кылууга. Банктык жашыруун сырды камтыган маалыматтарды түзгөн маалыматтарды жана маалымкаттарды талап кылган учурда мындай маалыматтарды талап кылуу укугу сот актысында көрсөтүлүүгө тийиш;

4) иш-аткаруу аракеттерин жасоого негиз болгон аткаруу документинде камтылган талаптар так эмес болгон учурда аткаруу документин берген сотко же башка органга аны аткаруунун тартибин түшүндүрүп берүү үчүн кайрылууга;

5) аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча, анын ичинде аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндөгү маселе боюнча сотко же башка органга арыз менен кайрылууга;

6) өндүрүштөгү аткаруу документи боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакыртууга;

7) менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарда аткаруу документтеринин аткарылышына жана алар боюнча финансы документациясын жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте контролдук кылууга;

8) карызкорго таандык мүлк бар экендиги ырасталган маалыматтар болгон учурда карызкор ээлеп турган же ага таандык, ошондой эле башка адамдардын үйлөрүнө жана кампаларына кирүүгө, зарыл болгон учурда ал үйлөрдү жана кампаларды мажбурлап ачтырууга жана далил күбөлөрдүн катышуусу менен аларды карап чыгууга;

9) мыйзамга ылайык жүгүртүүдөн алып коюлган мүлктөн тышкары камак салынган мүлктү тизмелөөгө, камак салууга, алып коюуга, сактоого берүүгө жана сатып өткөрүүгө;

10) (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11) мыйзам боюнча өндүрүп алуу коюлушу мүмкүн болгон карызкорго таандык мүлктү издеп табуу үчүн чара көрүүгө;

12) аткаруу иш-аракеттерин жасоодо зарыл болгон учурда жардам сурап Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына кайрылууга;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жаза, болбосо администрациялык жоопкерчилик каралган ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары боюнча материалдарды тийиштүү органдарга берүүгө;

131) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөөгө;

132) карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилөөгө;

133) Сот департаментинин расмий сайтына карызкордун фотосүрөтүн жана ал жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга;

14) ушул Мыйзамда каралган иш-аракеттерди жасоого укуктуу.

2. Соттук аткаруучу:

1) аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткаруу үчүн мыйзамда каралган чараларды көрүүгө;

2) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдын жоболорун түшүндүрүүгө жана алардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана таламдарын коргошуна жигердүү жардам берүүгө;

3) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына же алардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган эрежелерден пайдалануу жана милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө;

4) аткаруу өндүрүшү тууралу арызды жана тараптардын өтүнүчтөрүн кароого, аларга даттануунун мөөнөттөрүн жана тартибин түшүндүрүүгө;

5) эгерде анын аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкчылыгы болсо же анын ак ниеттигине күмөн санаткан башка жагдайлар болсо, иштен өзү баш тартууга милдеттүү.

3. Улук соттук аткаруучу:

1) соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн ишин уюштурат;

2) соттук аткаруучулардын ортосунда аткаруу документтерин бөлүштүрөт;

3) соттук аткаруучулардын иштен баш тартуусу жөнүндө арызын карайт;

4) депозиттик эсепти жүргүзөт;

5) аткаруу өндүрүшү боюнча соттук аткаруучуларга тигил же бул аткаруу иш-аракеттери жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет;

6) соттук аткаруучулардын токтомдорун бекитет;

7) соттук аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзам бузууга жол берген учурларда аткаруу өндүрүшүн андан ары жүргүзүүдөн аны четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусуна же областтын башкы соттук аткаруучусуна сунуш киргизет;

8) жарандарды кабыл алуу жана алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча ишти уюштурат;

9) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучунун башка укуктарына жана милдеттерине ээ.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181, 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314, 2015-жылдын 13-мартындагы № 57, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун жана областтын башкы соттук аткаруучусунун ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтын башкы соттук аткаруучусу:

1) төмөн турган соттук аткаруучулардан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, документтерди жана аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшүндөгү башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылууга;

2) аткаруу өндүрүшү боюнча тигил же бул аткаруу иш-аракеттери жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

3) ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучулардын токтомдорун бекитүүгө, ошондой эле алардын мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун алып салып, жаңыларын чыгарууга;

4) аткаруу өндүрүшүнө катышууга жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин жеке жүргүзүүгө же аткаруу документтерин толук көлөмүндө аткарууга катышууга, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу өз карамагына ар кандай аткаруу документтерин, областтардын башкы соттук аткаруучулары - тийиштүү областтын аймагында аткарылууга тийиш болгон аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;

5) аткаруу өндүрүшүнүн маселелерин камсыз кылуу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын бир соттук аткаруучудан (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнөн) алып жана башка соттук аткаруучуга (соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө) берүүгө;

6) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө соттук аткаруучу мыйзамды бузууга жол берген учурларда аны аткаруу өндүрүшүн андан ары жүргүзүүдөн четтетүүгө;

7) соттук аткаруучулардын иш-аракетине даттанууларды кароого;

8) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучулардын башка укуктарын жана милдеттерин пайдаланууга укуктуу.

14-статья. Соттук аткаруучунун токтому

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда соттук аткаруучу тийиштүү токтом чыгарат.

2. Токтомдо:

1) токтом чыгарылган күн жана жер;

2) токтом чыгарган соттук аткаруучунун кызматы, фамилиясы, аты-жөнү;

3) токтом чыгарууга негиз болгон аткаруу өндүрүшү;

4) каралып жаткан маселенин маңызы;

5) мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга таянуу менен чечим чыгаруунун негиздемеси, ошондой эле чечим чыгарууда соттук аткаруучу жетекчиликке алган документ;

6) каралып жаткан маселе боюнча тыянак;

7) токтомго даттануунун тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Соттук аткаруучунун токтому жогорку турган соттук аткаруучуга же сотко аны менен таанышуу же аны чыгаруу жөнүндө маалымдоо алынган учурдан баштап он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

15-статья. Аткаруу документтеринин түрлөрү

1. Төмөнкүлөр:

1) соттордун чечимдеринин, өкүмдөрүнүн, аныктамаларынын жана токтомдорунун, сот бекиткен жарашуу макулдашууларынын, эл аралык жана чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын чечимдеринин негизинде соттор берген аткаруу барактары;

2) соттук буйруктар;

3) доону камсыз кылуу тартибинде чыгарылган соттун аныктамалары;

4) нотариалдык органдардын аткаруу жазуулары;

5) төлөмөрдүн эсебинде акча каражаттары жок экендиги жөнүндө банктардын жана башка кредиттик мекемелердин белгиси коюлган инкассалык тапшырмалар;

6) өспүрүмдөрдүн иши боюнча акча өндүрүп алуу жөнүндөгү комиссиялар берген токтомдор;

7) административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) чыгарган токтомдор;

8) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирликтер органдарынын чечимдеринин негизинде берилген күбөлүктөр;

9) турак-жай бөлмөсүн уруксаты жок ээлеп алган же ураганы калган үйлөрдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндө прокурордун токтому;

10) мыйзамда каралган учурда башка органдардын актылары аткаруу документтери болуп саналат.

2. Аткаруу документинин түп нускасы жоголгон учурда сот же жоголгон аткаруу документин берүүгө негиз болгон акт чыгарган башка орган дубликат бере алат.

Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт.

16-статья. Аткаруу документтерине коюлуучу талаптар

1. Төмөнкүлөр:

1) аткаруу документин берген соттун же башка органдын аталышы;

2) аткаруу документи берилген иш же материал жана алардын номерлери;

3) аткарылууга тийиш болгон соттук акты же башка органдын актысы кабыл алынган күн;

4) өндүрүп алуучу-уюмдун жана карызкор-уюмдун аталышы, алардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери; өндүрүп алуучу-жарандын жана карызкор-жарандын фамилиясы, аты-жөнү, алардын жашаган жери, карызкор-жарандын туулган күнү жана жери, иштеген жери;

5) соттук актынын же башка органдын актысынын корутунду бөлүгү;

6) соттук акты же башка органдын актысы күчүнө кирген күн;

7) аткаруу документи берилген күн жана аны аткарууга берүүнүн мөөнөтү аткаруу документтеринде сөзсүз түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

Алимент өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча аткаруу документинде алимент чегерилген баланын аты жана туулган күнү көрсөтүлөт.

2. Аткаруу баракчасына судья кол коет жана соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Башка органдын актысынын негизинде берилген аткаруу документине ал органдын кызмат адамы, ал эми мыйзамда белгиленген учурда - аткаруу документин жазган адам кол коет. Аткаруу документи аны берген органдын же адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3. Соттук буйруктун мазмуну, аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодекси менен аныкталат.

4. Ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн аткаруу документине талаптар санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун жана имараттарды жана курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актылардын негизинде берилген аткаруу документтерине жайылтылбайт.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

161-статья. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалымат базасы

1. Сот департаменти алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасын, анын ичинде электрондук түрдө түзөт жана жүргүзөт.

2. Маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу тарабынан аныкталат.

3. Маалымат базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:

1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;

2) аткаруу өндүрүшүн козгоо датасы;

3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;

4) карызкор жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, фотосүрөтү);

5) аткаруу документи боюнча жоюлбаган карыздын суммасы;

6) аткаруу өндүрүшүн козгогон (жүргүзүп жаткан) соттук аткаруучу бөлүмүнүн аталышы жана дареги;

7) карызкорду, анын мүлкүн издөөнү жарыялоо жөнүндө маалыматтар.

4. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар аткаруу өндүрүшү бүткөн же токтогон күнгө чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана Сот департаментинин расмий интернет-сайтына жарыяланат.

5. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар өндүрүп алуучунун макулдугу менен жарыяланат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Аткаруу документин иш жүргүзүүгө кабыл алуу

1. Аткаруу документи өндүрүп алуучудан же аны берген органдан түшүшү менен соттук аткаруучу документтин ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерет, андан кийин аткаруу документи ага түшкөн күндөн баштап үч күндүк мөөнөт ичинде өзүнүн токтому менен аткаруу өндүрүшүн козгойт жана аткаруу документин аткарууга дароо киришет.

2. Документ ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда соттук аткаруучу үч күндүк мөөнөттө аны кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат жана ал чыгарылгандан кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин токтомдун көчүрмөсү менен бирге аны берген органга жөнөтөт, бул туурасында өндүрүп алуучуга кабар кылат.

3. Кемчиликтери четтетилгенден кийин соттук аткаруучуга келип түшкөн аткаруу документи берилген күн, ал экинчи ирет келип түшкөн күн деп эсептелет.

4. Кайра кайтаруу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбестен түшкөн аткаруу документи берилди деп эсептелбейт жана аны жөнөткөн жакка жана органга кайра кайтарылат.

5. Аткарууга сунуш кылуу мөөнөтү өтүп кеткен аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат, аткаруу өндүрүшү козголбойт, бул туурасында соттук аткаруучу аткаруу документи келип түшкөн күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө токтом чыгарат, өндүрүп алуучуга же анын өкүлүнө билдирет жана аларга өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз менен сотко кайрылууга алардын укугу бар экендигин түшүндүрөт.

6. Аткарууга берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө сот тарабынан баш тартылган аткаруу документи соттук аткаруучу тарабынан кабыл алынбайт.

18-статья. Аткаруу документтерин аткарууга сунуш кылуу мөөнөттөрү

1. Аткаруу документтери мажбурлап аткарууга төмөнкүдөй мөөнөттөрдө сунуш кылынышы мүмкүн:

1) жалпы юрисдикциядагы соттордун соттук актыларынын негизинде берилген аткаруу документтери, ошондой эле соттук буйруктар - үч жылдын ичинде;

2) нотариалдык органдардын аткаруу жазуулары - үч айдын ичинде;

3) эл аралык же чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын соттук актыларынын негизинде соттор берген аткаруу документтери - үч жылдын ичинде;

4) төлөмөрдүн эсебинде акча каражаттары жок экендиги жөнүндө банкттардын жана башка кредиттик мекемелердин белгиси коюлган инкассалык тапшырмалар - алты айдын ичинде;

5) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирлик комитетинин чечиминин негизинде берилген күбөлүктөр - үч айдын ичинде;

6) административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) чыгарган токтомдор - үч айдын ичинде;

7) турак-жай бөлмөсүн уруксаты жок ээлеп алган же ураганы калган үйлөрдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндө прокурордун токтому - прокурордун токтому күчүндө турган мезгил ичинде;

8) мыйзамда каралган учурларда аткаруу документтери болуп саналган башка органдардын актылары, эгерде мыйзамда аларды аткарууга сунуш кылуунун башка мөөнөттөрү каралбаса - үч айдын ичинде.

2. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр:

1) ушул статьянын 1-пунктунун 1,3,6,7 жана 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди аткарууда - соттук актылар жана башка органдардын токтомдору менен актылары мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан баштап;

2) ушул статьянын 1-пунктунун 2- жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди аткарууда - аткаруу документи берилген учурдан баштап;

3) ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди аткарууда төлөмөрдүн эсебинде акча каражаттары жок экендиги жөнүндө банктардын жана башка кредиттик мекемелердин белгиси коюлган инкассалык тапшырмалар алынган күндөн баштап эсептелет.

3. Мезгилдүү төлөмдөрдү (алимент өндүрүү, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу ж.б.) өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери төлөмдөр чектелген бардык мезгилде күчүн сактап калат. Муну менен бирге аткаруу документтерин аткарууга сунуш кылуу ар бир төлөм үчүн өзүнчө эсептелет жана ар бир төлөмдүн мөөнөтү ал келген күндөн башталат.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу жөнүндө тыным берүү

1. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтүнө төмөнкү учурларда тыным берилет:

1) аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу менен;

2) карызкордун аткаруу документин жарым-жартылай аткарышы менен.

2. Тыным берилгенден кийин мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат, ал эми тынымга чейин өткөн убакыт жаңы мөөнөткө кошулбайт.

3. Аткаруу документин толук же жарым-жартылай аткаруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу өндүрүп алуучуга аны кайра кайтарууда аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтү тынымдан кийин аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган күндөн баштап эсептелет.

20-статья. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү

1. Аткаруу баракчасын же соттун буйругун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз менен сот актысын чыгарган же соттук буйрук берген сотко, ал эми нотариустун аткаруу жазуусу боюнча - нотариалдык контора турган жердеги сотко кайрылууга укуктуу. Арыз аткаруу өндүрүшүнө катышкан жактарга заседаниенин орду жана убактысы жөнүндө билдирүү менен соттук заседаниеде каралат. Бирок алардын келбей калышы өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

2. Аткаруу баракчасын, соттун буйругун же нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин сот жүйөлүү деп тааныган учурда ал мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

3. Калган аткаруу документтери боюнча өтүп кеткен мөөнөт калыбына келтирилбейт.

4. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун актысы мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

21-статья. Аткарууга тийиш болгон сот актысын же башка органдын актысын түшүндүрүү

1. Аткаруу документинде камтылган талаптар түшүнүксүз болгон учурда соттук аткаруучу аткаруу документин берген сотко же башка органга аткаруу документин берүүгө негиз болгон тийиштүү соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруучу документ болуп саналган документти түшүндүрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Аткаруу документин берген сот же башка орган соттук аткаруучунун арызын ал түшкөн күндөн баштап 10 күндүк мөөнөттө карайт жана зарылчылыгына жараша өзү кабыл алган аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруу документи болуп саналган документти алардын мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүп берет.

22-статья. Аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же узартуу, аткаруу ыкмасын же тартибин өзгөртүү

Аткаруу өндүрүшүн жүргүзүүнү кыйындаткан же мүмкүнчүлүк бербеген жагдайлар болгондо соттук аткаруучу, өндүрүп алуучу же карызкор аткаруу документин берген сотко же башка органга аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же узартуу, ошондой эле аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

23-статья. Аткаруу өндүрүшүн милдеттүү түрдө токтото туруу

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) карызкор өлгөндө, ал өлдү деп жарыяланганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде сот тарабынан белгиленген укуктук мамилелер укук мурастоого жол берсе, ошондой эле карызкор болуп саналган юридикалык жак кайра уюшулганда же анын жоюлушу жөнүндө же юридикалык жактын же жеке ишкердин банкрот болгондугу (кудуретсиздиги) тууралу иш козгоо тууралу мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алынганда;

2) карызкор аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгенде;

3) жоопкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн согуш аракеттерине катышкан бөлүктөрүндө болгондо же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө турган өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча;

4) эгерде талашып алуу мыйзам менен жол берилсе, карызкор аткаруу документин сот тартибинде талашса;

5) административдик жаза салган органдын (кызмат адамынын) аракетине сотко даттанылса;

6) аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актыны же башка органдын актысын аткарууну токтото туруу жөнүндө мыйзам менен укук берилген башка органдын (кызмат адамынын) актысы же соттук акт чыгарылганда;

7) аткаруу документи боюнча өндүрүп алуу коюлган мүлктү тизмеден чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө сотко доо коюлганда милдеттүү түрдө токтотула турат.

24-статья. Аткаруу өндүрүшү токтотула турган башка учурлар

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) соттук аткаруучу аткаруу маселеси боюнча түшүндүрмө берүү үчүн сотко же башка органга кайрылганда;

2) чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган болбосо кандайдыр бир мамлекеттик милдет аткарууга тартылган карызкордун өтүнүчү боюнча;

3) карызкор узак убакыт иш-сапарында болгондо же Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде жүргөндө;

4) карызкор стационардык дарылоо мекемелеринде болгондо;

5) соттук аткаруучунун аракетине даттанылганда;

6) карызкорду издөөдө;

7) өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча да токтотула турушу мүмкүн.

25-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу мөөнөттөрү

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 1- жана 2-пунктчаларында каралган учурларда - карызкордун укук мурастоочусу аныкталганга, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген карызкорго көзөмөлдүк кылуучу же камкордук көрүүчү дайындалганга, карызкор-юридикалык жак кайра уюштурулганга, карызкор-юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынганга, карызкор-юридикалык жак же карызкор жеке ишкерди банкрот болду деп жарыялоого чейин;

2) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 3-пунктчасында жана 24-статьясынын 2, 3, 4, 6, 7-пунктчаларында каралган учурларда - карызкор же өндүрүп алуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болушу токтолгонго чейин, мамлекеттик милдетти аткарууну аяктаганга чейин, карызкор иш-сапарынан же Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келгенге чейин, стационардык дарылоо мекемесинен чыкканга чейин, карызкорду издөө аяктаганга чейин, өндүрүп алуучудан аткаруу өндүрүшүн кайра баштоо жөнүндө арыз түшкөнгө чейин;

3) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4, 5, 7-пунктчаларында каралган учурларда - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

4) ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 6-пунктчасында каралган учурда - аткаруу өндүрүшүн токтото турууну алып салуу жөнүндө соттук актыны же башка органдын (кызмат адамынын) актысы чыгарылганга чейин;

5) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1-пунктчасында каралган учурларда - тийиштүү түшүндүрмө алынганга чейин;

6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 5-пунктчасында каралган учурларда - даттанууну кароонун натыйжасы боюнча чечим кабыл алынганга чейин токтотула турат.

26-статья. Аткаруу өндүрүшүн кайра баштоо

Аткаруу өндүрүшү аны токтото турууга себеп болгон жагдайларды четтеткенден кийин соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучунун арызы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча кайра башталат.

27-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун негиздери жана кесепеттери

1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;

2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу келишимин сот бекиткенде;

3) өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран өлгөндө, ал өлдү деп жарыяланганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде соттун актысы же башка органдын актысы менен талап же милдет өлгөн адамдын укук мурастоочусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо;

4) аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттун актысы же башка органдын актысы алып салынганда;

5) өндүрүп алуунун ошол түрү үчүн мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн эскириши бүткөндө;

6) өндүрүп алуучунун талабын канааттандыруу үчүн жоюлган юридикалык жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо же ал банкрот болду деп жарыяланганда;

7) өндүрүп алуучу аны өндүрүп алуучуга берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алып коюлган мүлктү алуудан баш тартканда токтотулат.

2. Аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда аткаруу документи тийиштүү белги коюу менен сотко же ал документти берген башка органга кайра кайтарылат. Муну менен бир эле учурда аткарууну камсыз кылуу чаралары да алып салынат. Ушул статьяда баяндалган негиздер боюнча аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.

28-статья. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жөнүндө маселени кароо

1. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жалпы юрисдикциянын соту тарабынан иштин сотко караштуулугуна ылайык, аткаруу документи аткарыла турган жерде жүргүзүлөт.

2. Токтото турулган же токтотулган аткаруу өндүрүшү боюнча эч кандай аткаруу аракеттерине жол берилбейт.

3. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же токтотуу жөнүндө соттук аткаруучу тараптарга, сотко (эгерде маселе аткаруу документин берген соттон башка сот тарабынан чечилген болсо) же аткаруу документин берген башка органга үч күндүк мөөнөттө билдирет.

4. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Аткаруу документтерин өндүрүп алуучуга кайра кайтаруу

1. Өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн же толук көлөмүндө жүргүзүлбөгөн аткаруу документи төмөнкүдөй учурларда:

1) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;

2) аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтү өтүп кеткенде;

3) эгерде карызкордо өндүрүп алуу коюлушу мүмкүн болгон мүлк, акча суммасы, баалуу кагаздар же киреше жок болсо, соттук аткаруучу тарабынан аларды издеп табуу үчүн мыйзам жол берген бардык чаралар колдонулган шартта;

4) эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документин аткарууда карызкордун сатылбай калган мүлкүн өзүнө калтыруудан же карызкордон алып коюлган соттун чечиминде көрсөтүлгөн белгилүү буюмдарды алуудан баш тартса, ошондой эле ал өзүнүн иш-аракети (аракетсиздиги) менен аткаруу документин аткарууга бөгөт кылса;

5) эгерде өндүрүп алуучу көрсөткөн даректе карызкор жашабаса же иштебесе, карызкор-ишкана ал жерде жайгашпаса болбосо карызкорду издөөдөн башка учурларда өндүрүп алына турган карызкордун мүлкү жок болсо өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат.

Ушул пункттун 3, 4 жана 5-пунктчаларында каралган негиздер боюнча аткаруу документин аткаруу мүмкүн болбогон учурларда соттук аткаруучу тийиштүү акт түзөт.

2. Аткаруу документин өндүрүп алуучуга кайтаруу ал документти аткаруу документин аткарууга сунуш кылууга мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн чегинде аткаруу боюнча кайтадан сунуш кылуу үчүн бөгөт болуп саналбайт. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуу мөөнөтүнүн башталышы аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарылган учурдан тартып башталат.

3. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча аткаруу документи кайтарылган болсо, авансылык төгүм өндүрүп алуучуга аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча соттук аткаруу чыгымдарын жүргүзүүдөн ашкан бөлүгү гана кайра кайтарылат.

4. Өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайра кайтаруу жана ага авансылык төгүмдү кайтаруу жөнүндө соттук аткаруучу тарабынан токтом чыгарылат, ал улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Бул токтом тийиштүү сотко 10 күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

30-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн аякташы

Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда:

1) аткаруу документи иш жүзүндө аткарылганда, ал эми санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун, имараттарды жана курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актылардын негизинде берилген аткаруу документтерин аткарууда, - соттук актынын кабыл алынгандыгы жөнүндө эл алдында билдирген учурдан тартып;

2) аткаруу документи аткарылбастан соттун же документти берген башка органдын, болбосо өндүрүп алуучунун талабы боюнча кайра кайтарылганда;

3) ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктунун 1, 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча аткаруу документтери кайра кайтарылганда;

4) аткаруу өндүрүшү токтотулганда;

5) аткаруу документин соттук аткаруучулардын кызматтык бир бөлүмүнөн аймагы боюнча аткаруу үчүн башкасына жөнөтүлгөндө аяктайт.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Карызкорду издөө

1. Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча, ошондой эле баланы алып коюу тууралу аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралу маалыматтар жок болгон учурда соттук аткаруучу өз демилгеси боюнча же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө ички иштер органдары жана салык полициясы аркылуу карызкорду издөө жарыялоо тууралу соттук аткаруучулардын кызматтык бөлүмдөрү турган жер боюнча сунуш киргизет.

Издөө аткаруу документи аткарыла турган жер боюнча же карызкордун белгилүү болгон соңку жашаган жери (турган жери) же анын мүлкү турган жери боюнча, ошондой эле өндүрүп алуучунун жашаган жери (турган жери) боюнча жарыяланат.

Карызкорду издөө боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде каралган тартипте өндүрүлөт.

2. Аткаруу документтеринин башка түрлөрү боюнча карызкорду издөө жагынан чыгымдарды көтөрүүгө өндүрүп алуучунун макулдугу болгон учурда, аны издөө жарыяланышы жана көрсөтүлгөн чыгымдарды ушул Мыйзамдын 90-статьясына ылайык авансылоого мүмкүн.

Мындай учурда өндүрүп алуучу издөө боюнча чыгымдарды карызкордон сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

3. Карызкорду издөөдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө

1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот актысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белгиленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар аткарылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылынбайт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

(КР 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

312-статья. Карызкор атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөлөр

1. Карызкордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген аңчылык кылуу укугу, транспорт каражаттарын (автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспортун) башкаруу укугу түрүндөгү атайын укукту пайдаланууга аткаруу документтин талаптарын толук көлөмдө же болбосо мындай чектөөнү жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкканга чейин пайдалануу аракеттерин токтото туруу убактылуу чектөөлөр деп түшүнүлөт.

2. Карызкор соттук актынын негизинде берилген же соттук акты болуп саналган аткаруу документинде камтылган талаптарды белгиленген мөөнөттө аткарбаганда, соттук аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча карызкордун атайын укуктан пайдалануусуна убактылуу чектөөлөр жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу.

Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук аткаруучу карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөнү белгилөө тууралуу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөө төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн эмес:

1) эгерде мындай чектөөнү белгилөө карызкорду жашоонун каражаттарынын негизги мыйзамдуу булагынан ажыратса;

2) эгерде транспорт каражатын пайдалануу карызкор же аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн туруктуу жашаган жерине транспорттук жетүүгө чектөөлөрдү эске алуу менен алардын жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн жалгыз каражат болуп саналса;

3) эгерде карызкор майыптыгына байланыштуу транспорт каражатын пайдаланган адам болуп саналса;

4) эгерде аткаруу документи (аткаруу документтери) боюнча карыздын суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса;

5) эгерде карызкорго аткаруу документинин талаптарын аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө берилсе.

4. Карызкордун атайын укукту пайдалануусун убактылуу чектөө жөнүндө токтомдо соттук аткаруучу карызкорго анын белгиленген чектөөнү сактоо милдетин түшүндүрүп берет жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.

5. Соттук аткаруучу аткаруу документинин талаптары аткарылган же карызкордун атайын укуктан пайдалануусуна убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыккан күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен бул чектөөнү алып салуу жөнүндө токтом чыгарат. Карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөө жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго, өндүрүп алуучуга токтоосуз жиберилет.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Аткаруу иш-аракеттери жүргүзүлүүчү жер

1. Аткаруу иш-аракеттерин соттук аткаруучу карызкордун жашаган жери боюнча же иштеген жери боюнча болбосо анын мүлкү турган жер боюнча жүргүзөт. Эгерде карызкор уюм болуп саналса, анда аткаруу анын органы же мүлкү турган жери боюнча жүргүзүлөт.

2. Карызкорду айрым иш-аракеттерди жасоого милдеттендирген аткаруу документтерин аткаруу ушундай иш-аракеттерди аткаруу жери боюнча соттук аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.

3. Эгерде аткаруу документин аткаруу процессинде карызкордун жашаган жери же иштеген орду, карызкор уюмдун дареги же карызкордун мүлкү турган жер өзгөрүлсө, же өндүрүп алуу үчүн бурууга мүмкүн болгон мүлк мурдагы ордунда жок экендиги же ал өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз экендиги айкын болсо, соттук аткаруучу бул жөнүндө тез арада акт түзөт жана ал түзүлгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин ушул акт менен бирдикте карызкордун жаңы жашап жаткан жери, анын иштеген жери боюнча, карызкор уюмдун жаңы дареги боюнча же карызкордун мүлкү турган жери боюнча соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө жөнөтөт, бул тууралу бир эле учурда өндүрүп алуучуга, сотко же аткаруу документин берген башка органга кабарлайт.

4. Зарылчылык болгон учурда соттук аткаруучу өзүнүн функциялары жайылтылбаган аймакта Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун же областтын башкы соттук аткаруучусунун уруксаты менен аткаруу иш-аракеттерин жүргүзө алат.

5. Соттук аткаруучулардын кызматтарынын бөлүмдөрүнүн ортосунда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү орду жөнүндө талаш-тартыштарга жол берилбейт.

33-статья. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү мөөнөтү жана убактысы

1. Аткаруу документин аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү козголгон күндөн баштап эки айлык мөөнөттө аяктоого тийиш, буга тез арада аткаруу жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтерин жүргүзүү учурлары кирбейт.

2. Төмөнкүдөй учурларда:

1) алиментти, эмгек акыны же бир ай үчүн эсептелген төлөмдөрдүн чегинде эмгек үчүн акыны өндүрүп алуу тууралу, ошондой эле ушул төлөмдөр боюнча карыздын бүткүл суммасын өндүрүп алуу жөнүндө, эгерде аткаруу документтеринде тез арада өндүрүп алуу каралса;

2) мыйзамсыз түрдө бошотулган же которулган кызматкерди ишине же мурдагы кызматына кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө;

3) башка иштер боюнча, эгерде аткаруу документинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарды тез арада аткаруу каралса аткаруу документтеринин талаптары тез арада аткарылууга тийиш.

4) санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун, имараттарды жана курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө.

3. Аткаруу иш-аракеттери ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан тышкары жумуш күндөрү саат 6дан 22ге чейин жүргүзүлөт. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүнүн так убактысын соттук аткаруучу аныктайт. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан тараптар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүнүн өздөрү үчүн ыңгайлуу убактысын сунуш кылууга укуктуу.

4. Карызкор өндүрүп алынууга жаткан мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, создуктурулган учурда сот актыларынын же башка органдардын актыларынын аткарылышын кыйындатат же мүмкүн эмес кылып коюшу ыктымал деп болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо же болбосо карызкордун күнөөсү боюнча аларды ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген убакта жасоо мүмкүн болбогондо, соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун же областтын башкы соттук аткаруучусунун уруксаты менен аткаруу аракеттерин дем алыш же майрам күндөрү жана түнкү убакытта да жүргүзөт.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148, 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-статья. Мөөнөттү эсептөө

1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күн, ай жана жыл менен эсептелет.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөт сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлүп, так календардык дата же убакыттын мезгили менен аныкталат. Кийинкидей учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.

3. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттүн өтө башташы календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күнү башталат.

4. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мөөнөттү эсептөөдөгү күн жыйырма төрт саат деп эсептелет.

5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн соңку айынын числосунда аяктайт. Эгерде ай менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү числосу болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт ошол мөөнөттүн тиешелүү айында жана акыркы жылдын числосунда аяктайт.

7. Мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туура келген учурда иш эмес күндөн кийинки биринчи жумуш күнү мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок эгерде ушул иш-аракет Сот департаментинде же анын аймактык органдарында болбосо жумуш убактысы белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде иш убактысы бүткөн учурда аяктайт.

4-Глава
Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жактар

 

35-статья. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жактардын курамы

Тараптар (өндүрүп алуучу, карызкор жана карызкорлорго теңдештирилүүчү сот актыларынын талаптарын аткарууга милдеттүү башка адамдар) жана алардын өкүлдөрү, аткаруу ишинин башка катышуучулары (эксперттер-адистер, котормочулар жана күбөлөр) аткаруу өндүрүшүнө катышуучу жактар болуп табылат.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Аткаруу өндүрүшүндөгү тараптар

1. Аткаруу өндүрүшүндө өндүрүп алуучу жана карызкор тараптар болуп саналат.

2. Өзүнүн пайдасында же таламында аткаруу документи берилген жеке же юридикалык жак өндүрүп алуучу болуп саналат.

3. Аткаруу документи боюнча аткаруу документинде каралган талаптарды аткарууга милдеттүү жеке же юридикалык жак карызкор болуп саналат.

Белгисиз бир сандагы адамдар сот актысынын талаптарын аткарууга милдеттүү болгон учурларда, бул адамдар карызкорлорго теңдештирилет. Бул адамдарга ушул Мыйзамда каралган карызкордун бардык укуктары жана милдеттери жайылтылат.

4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу же карызкор катышуусу мүмкүн. Алардын ар бири башка тарапка карата аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат же аткаруу иш-аракетине катышууну катышуучулардын бирине тапшыра алат.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери

1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, кошумча материалдарды берүүгө, өтүнүч кылууга, аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга, аткаруу иш-аракеттеринин процессинде оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз далилдерин жана пикирлерин айтууга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка жактардын далилдерине жана өтүнүчтөрүнө каршы чыгууга, соттук аткаруучуну алмаштырууга арыз берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн бардык маселелери боюнча анын иш-аракеттерине же актыларына даттанууга укуктуу.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнө берилген бардык укуктарды ак ниеттүү пайдаланууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү.

38-статья. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укук мурастоочулугу

1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын бири чыгып калган учурда (жарандын көзү өтүшү, юридикалык жактын өзгөртүп түзүлүшү, талапты өткөрүп берүү, карызды которуу) соттук аткаруучу өзүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган анын укук мурастоочусу менен алмаштырууга милдеттүү.

2. Укук мурастоочу үчүн өзү аткаруу өндүрүшүнө киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер алар укук мурастоочу алмаштырган тарап үчүн кандай өлчөмдө милдеттүү болсо, ошондой эле өлчөмдө милдеттүү.

39-статья. Тараптардын өкүлдөрүнүн аткаруу өндүрүшүнө катышуусу

1. Жарандар аткаруу өндүрүшүнө жеке өзү жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүлдөр аркылуу катыша алат. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат. Эгерде аткаруу документи боюнча карызкор жеке өзү гана жасай ала турган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болсо, анда өкүлчүлүккө жол берилбейт.

2. Аткаруу өндүрүшүнө уюмдардын катышуусу мыйзам, устав же тиешелүү тартипте ырасталган жобо тарабынан өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенген алардын органдары же кызмат адамдары аркылуу, болбосо көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын өкүлдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

40-статья. Өкүлдүн ыйгарым укуктары

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан өкүл аткаруу өндүрүшү менен байланышкан бардык иш-аракеттерди сунуш кылынып жаткан жактын атынан жасоого укуктуу.

Сунуш кылынып жаткан жактын ишеним катында:

1) аткаруу документин көрсөтүү жана кайра чакыртуу;

2) жарашуу макулдашуусун түзүү;

3) ыйгарым укуктарын башка жакка берүү (кайра ишенип берүү);

4) соттук аткаруучунун иш-аракеттерине даттануу;

5) ыйгарылып берилген мүлктү (анын ичинде акчаларды) алуу иш-аракеттерин жасоого өкүлдүн ыйгарым укуктары атайын айтылууга тийиш.

41-статья. Өкүл боло албай турган адамдар

1. 18 жашка чыга элек жана көзөмөлдүктө же камкордук көрүү астында турган адамдар аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло албайт.

2. Судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор, Сот департаментинин кызматкерлери жана соттук аткаруучулар аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло албайт.

Бул эреже көрсөтүлгөн адамдар аткаруу өндүрүшүнө тиешелүү соттун, прокуратуранын, Сот департаментинин же анын аймактык органдарынын ыйгарым укуктуу адамдары катары болбосо мыйзамдуу өкүлдөр катары катышкан учурларга жайылтылбайт.

42-статья. Мыйзамдуу өкүлдөр

1. Аткаруу өндүрүшүндө эмгекке жараксыз жарандардын жана эмгекке жарактуулугу чектелген жарандардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын өз ыйгарым укуктарын далилдеген документтери бар мыйзамдуу өкүлдөр - алардын ата-энеси, асырап алуучулар, көзөмөлдүк кылуучулар же камкордук көрүүчүлөр коргойт.

Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу сунуш кылынуучуларга таандык болгон бардык иш-аракеттерди сунуш кылынуучулардын атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен аткарат.

2. Белгиленген тартипте дарексиз деп табылган жаран катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында дарексиз адамдын мүлкү башкарууга берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өкүл болуп дайындалган адамдар чыгат.

3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мурасты аткаруучу (сактоочу) же мураска калган мүлктү сактоо жана аны башкаруу үчүн дайындалган камкорчу мураскордун өкүлү катары чыгат.

4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өкүл катарында өзү тандаган башка адамга тапшыра алат.

43-статья. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар өз демилгеси боюнча же соттук аткаруучунун сунушу боюнча котормочуну чакыра алат.

Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыгы жок, аракетке жөндөмдүү, которуу үчүн зарыл болгон тилди билген бардык жаран котормочу боло алат.

2. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон адамга котормочуну чакыруу мөөнөтү берилет. Эгерде көрсөтүлгөн адам соттук аткаруучу белгилеген мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, котормочу соттук аткаруучунун токтому менен дайындалышы мүмкүн.

3. Котормочу өз эмгеги үчүн акы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн акы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат, бул жөнүндө ал соттук аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.

44-статья. Аткаруу өндүрүшүнө далил күбөнүн катышуусу

1. Төмөнкүдөй учурларда:

1) өндүрүп алуучунун же карызкордун талабы боюнча;

2) үйгө киргизүү же үйдөн чыгаруу жөнүндө чечимди аткарууда, карызкордун мүлкүн тизмелөө, камак салуу, алып коюу жана анын турак-жайын, имарат-жайларын жана сактоочу жайларын ачуу, карап чыгуу менен байланышкан иш-аракет учурунда;

3) мыйзамдарда каралган башка учурларда далил күбө милдеттүү түрдө катышат.

2. Башка учурларда далил күбөлөр соттук аткаруучунун өз ыктыяры боюнча чакырылат.

3. Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыктары жана өз ара же аткаруу өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандыгы жок, ага баш ийбеген же анын контролунда турбаган аракетке жарамдуу бардык жарандар далил күбө катары тартылышы мүмкүн. Далил күбөлөрдүн саны экиден кем болбоого тийиш.

4. Аткаруу иш-аракеттери башталаар алдында соттук аткаруучу аткаруу иш-аракетине далил күбөлөрдүн катышуу тартибин, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5. Далил күбө өзү кайсы аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн чакырылып жаткандыгын, алар кайсы аткаруу документтеринин негизинде жүргүзүлүп жаткандыгын билүүгө укуктуу, бул иш-аракеттер боюнча сын-пикирин айтууга укуктуу. Далил күбөнүн сын-пикирлери тиешелүү актыга жазылууга тийиш.

6. Далил күбө өзү катышкан аткаруу иш-аракеттеринин фактысын, мазмунун жана натыйжасын тиешелүү аткаруу иш-аракетинин актысындагы колтамгасы менен күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

7. Далил күбө өзү далил күбөнүн милдеттерин аткарышына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга укуктуу. Бул чыгымдар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.

45-статья. Аткаруу өндүрүшүнө эксперттин (адистин) катышуусу

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда келип чыккан, атайын билимди талап кылган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн соттук аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт же адисти тартат, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарат. Зарылчылык болгон учурда бир нече эксперт (адис) тартылышы мүмкүн.

2. Корутунду берүү үчүн зарыл билими бар, аткаруу өндүрүшүнүн натыйжасына кызыкчылыгы жок ар кандай адам эксперт (адис) катарында тартылышы мүмкүн. Корутунду жазуу жүзүндө берилет.

3. Эксперт (адис) соттук аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө жана анын алдына коюлган маселелер боюнча калыс корутунду берүүгө милдеттүү. Эгерде коюлган маселе боюнча эксперттин (адистин) атайын билимин талап кылса же ага берилген материалдар корутунду берүү үчүн жетишсиз болсо, эксперт (адис) корутунду берүү мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндө соттук аткаруучуга жазуу жүзүндө билдирет.

4. Эксперт (адис): изилдөө предметине кирген аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды алуусу жөнүндө өтүнүүгө; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укуктуу. Эксперт (адис) ошондой эле аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлгөн ишти аткаргандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу. Бул сый акы жана экспертизаны жүргүзүүгө кеткен башка чыгымдар аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга кирет.

5. Эксперт (адис) корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же кетенчиктегендиги болбосо билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат, бул жөнүндө ага тиешелүү жазуу жүзүндөгү эскертүү жасалат.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Аткаруу өндүрүшүндөгү четтетүү

1. Эгерде соттук аткаруучу, котормочу, эксперт (адис), далил күбө тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн же аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын тууганы болуп саналса, болбосо аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына жеке, тике же кыйыр кызыкчылыгы болсо, же алардын адилеттүүлүгүнө шек келтирген башка кырдаалдар болсо, алар аткаруу өндүрүшүнө катыша албайт жана четтетилүүгө тийиш.

Эксперт (адис):

1) ал тараптарга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдарга же алардын өкүлдөрүнө кызматтык же башка көз карандылыкта турса же буга чейин турган болсо;

2) ал текшерүү жүргүзгөн болсо же жаза же жарандык ишти, болбосо административдик ишти козгоого негиз болгон башка материалдарды чогулткан болсо;

3) анын компетентсиздиги билинген учурларда да четтетилет.

2. Четтетүү жөнүндө талаптар жайылтылган адамдарды четтетүү үчүн кырдаалдар болгон учурда, алар өздөрү четтүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн адамды ошол эле негиздер боюнча четтетүүнү өндүрүп алуучу же карызкор, же алардын өкүлдөрү өтүнүшү мүмкүн. Четтетүү аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү башталганга чейин жүйөсү көрсөтүлүүгө жана жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш, буга аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү башталгандан кийин четтетүү үчүн негиз бар экендиги жөнүндө белгилүү болгон учурлар кирбейт.

3. Соттук аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселени улук соттук аткаруучу болбосо Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу же областтык башкы соттук аткаруучу чечет, ал эми котормочуну, экспертти (адисти), далил күбөнү четтетүү жөнүндө маселе соттук аткаруучу тарабынан чечилет, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарылат.

4. Соттук аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, улук соттук аткаруучу болбосо Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучу же областтык башкы соттук аткаруучу бир эле учурда четтетилген соттук аткаруучу аткарууга тийиш болгон аткаруу документин башка соттук аткаруучуга же соттук аткаруучулар кызматынын башка бөлүмүнө берүү жөнүндө маселени чечет.

5. Четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө токтомго жогору турган соттук аткаруучуга же мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

Даттанууну берүү аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүнү токтотпойт.

5-Глава
Аткаруу документтерин аткаруу мөөнөтү

 

47-статья. Аткаруу документтерин камсыз кылуу негиздери

Карызкор мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, сот актыларынын же башка органдардын актыларынын аткарылышын кыйындатат же мүмкүн эмес кылып коюшу ыктымал дел болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо, ошондой эле өндүрүп алуучунун арызы боюнча соттук аткаруучу аткаруу иш-аракеттерин жасоону камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-статья. Ыктыярдуу аткаруу

Аткаруу документин аткарууга киришүү менен соттук аткаруучу аны он күндөн ашпаган мөөнөттө (буга ушул Мыйзамдын 33-статьясындагы 2-пунктта каралган тез арада аткаруу учурлары кирбейт) ыктыярдуу аткаруу жөнүндө карызкорго сунушун тапшырат, ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, ыктыярдуу аткаруудан баш тартуунун кесепеттери жана мажбурлап аткаруу башталгандыгы тууралу, ошондой эле аткаруу документин аткаруудан кетенчиктегендиги үчүн жоопкерчилик тууралу эскертет.

Зарыл учурларда ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшыруу менен бир эле учурда соттук аткаруучу аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак сала алат.

Карызкордун иш жүзүндө турган жери белгисиз болгон учурда, өндүрүп алуучу карызкордун мүлкү турган жердеги соттон өкүлдү дайындоо жөнүндө өтүнө алат жана ага ушул статьяда каралган тартипте аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу тууралу сунуш тапшырылат.

Санкцияланбаган митингдердин, жолдорду тосуунун жана имараттар менен курулмаларды басып алуунун мыйзамсыздыгы жана тыюу салынгандыгы жөнүндө соттук актынын негизинде берилген аткаруу документин аткарууда сот аткаруучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда, билдирүү жол-жобосун аудио- жана (же) видео жазуу менен санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттар менен курулмаларды басып алган адамдарга кабыл алынган сот актысы жөнүндө сот аткаруучусу тарабынан белгиленген тартипте эл алдында билдирилет. Мында үндү катуу чыгаруучу каражаттар (катуу сүйлөткүчтөр) колдонушу мүмкүн. Эл алдында билдирүү жөнүндө аудио-, видео жазууну тиркөө менен акт түзүлөт.

Санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же болбосо жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттарды жана курулмаларды басып алган адамдарга билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн органдарынын расмий сайтында билдирүүнү жайгаштыруу же болбосо санкцияланбаган митингдин катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерлерде жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Санкцияланбаган митинг өткөрүп жаткан же болбосо жолдорду мыйзамсыз тосуп алган же имараттарды жана курулмаларды басып алган адамдарга эл алдында билдирүү аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырууга теңдештирилет.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-статья. Мажбурлап аткаруу

1. Ушул Мыйзамдын 48-статьясына ылайык соттук аткаруучу карызкорго берген ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, ошондой эле карызкор ыктыярдуу аткаруудан баш тарткан же кетенчиктеген учурда соттук аткаруучу тез арада мажбурлап аткарууну жүргүзүүгө киришет.

2. Төмөндөгүлөр:

1) карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына жана башка мүлкүнө камак салуу жолу менен өндүрүп алууну аларга буруу жана аларды сатуу;

2) өндүрүп алууну карызкордун эмгек акысына жана эмгек үчүн башка акысына, пенсиясына, стипендиясына буруу;

3) өндүрүп алууну карызкордун башка адамдардагы акча суммаларына, баалуу кагаздарына жана башка мүлкүнө буруу;

4) соттун чечиминде көрсөтүлгөн айрым мүлктү карызкордон алып коюу жана өндүрүп алуучуга берүү;

5) карызкорду айрым иш-аракеттерди жасоого же аларды жасабай турууга милдеттендирүү;

6) карызкорго менчик укугунда таандык болгон акча каражаттарын, баалуу кагаздарды же башка мүлктү пайдаланууга ага тыюу салуу же аларды соттук аткаруучу белгилеген чектерде пайдаланууну көрсөтүү;

7) карызкордун мүлкүн мөөр басып жаап салуу;

8) укукту белгилөөчү документтерди алып коюу;

9) акча каражаттарын, баалуу кагаздарды жана башка мүлктү карызкорго берүүгө же ага карата башка милдеттенмелерди аткарууга бөлөк жактарга тыюу салуу;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлүүчү, аткаруу документин аткарууну камсыз кылуучу башка чаралар мажбурлап аткаруу чаралары болуп саналат.

3. Мажбурлап аткаруу бир чарасын башкасы менен алмаштыруу жөнүндө маселени соттук аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын арызы боюнча же өз демилгеси боюнча карайт. Мажбурлап аткаруу бир чарасын башкасы менен алмаштыруу жөнүндө маселени карап чыгуу мурда тандап алган мажбурлап аткаруу чарасын колдонууну токтотпойт.

4. Мажбурлап аткаруунун тигил же бул чарасын колдонуу жөнүндө соттук аткаруучу токтом чыгарат, ал улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет.

5. Карызкорго таандык мүлктү алып коюу менен байланышкан аткаруу документин мажбурлап аткаруу сот актысынын негизинде гана жүргүзүлөт.

50-статья. Өндүрүп алууну карызкордун мүлкүнө буруу тартиби

1. Жеке же юридикалык жактардан аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу эң оболу карызкордун акча каражаттарына, анын ичинде банктык жана башка кредиттик мекемелердеги акча каражаттарына бурулушу мүмкүн.

2. Карызкордун накталай акча каражаттары алардын сакталган жерине карабастан алар көрсөтүлгөндөн же табылгандан кийин карызкордун макулдугусуз дароо алынып коюлат.

3. Карызкордо карызды тындыруу үчүн жетиштүү акча каражаты болбогон учурда өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон баалуу кагаздарга жана башка мүлккө бурулат, буга ушул Мыйзамга ылайык өндүрүп алуу бурулбай турган мүлк кирбейт.

Карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте бурулууга тийиш болгон мүлктүн же буюмдардын түрлөрүн көрсөтүүгө укуктуу. Өндүрүп алууну карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына жана башка мүлкүнө буруунун кезектүүлүгүн соттук аткаруучу аныктайт.

Эгерде өндүрүп алуунун өлчөмү айлык эмгек акынын же башка эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдун же стипендиянын ушул Мыйзам боюнча өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон үлүшүнөн ашпаса, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө бурулбайт.

4. Өндүрүп алуу карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына же башка мүлкүнө аткаруу боюнча чыгымдарды эске алуу менен аткаруу документи боюнча аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана көлөмдө бурулат. Карызкордун менчигинде ага жалпы менчик укугунда таандык болгон мүлк бар болгон учурда, өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган анын үлүшүнө бурулат.

51-статья. Өндүрүп алууну юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мүлкүнө буруу

1. Карызкордо-юридикалык жакта же жеке ишкерде карызды тындыруу үчүн жетиштүү акча каражаты жок болгон учурда өндүрүп алуу ага таандык болгон ар кандай мүлккө, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) мүлкүнө, эгерде бул мүлккө карата мыйзам тарабынан чектөөлөр белгиленбесе жана мыйзамда же юридикалык жактын уюштуруу документинде юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биргелешкен мүлктүк жоопкерчилиги каралбаса, бурулушу мүмкүн.

2. Өзүнө бекитип берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбаган карызкордун, ошондой эле туунду чарбалык шериктештик болуп саналган карызкордун милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда менчик ээси, болбосо негизги чарбалык шериктештик жоопкерчилик тартат.

3. Юридикалык жак өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда өндүрүп алууну анын мүлкүнө буруу колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде аткаруунун жүрүшүндө юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган карызкордун мүлкү карызды тындыруу үчүн жетишсиз болоору белгиленсе, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары карызкорду банкрот (кудуретсиздик) деп табууга жол берсе, соттук аткаруучу бул жөнүндө өндүрүп алуучуга маалымдоого милдеттүү.

5. Өндүрүп алууну белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиздик) деп табылган карызкордун мүлкүнө буруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө баалуу кагаздарга жана алардын дивиденддерине топтолгон үлүшүнө да, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ишкананын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон кызматкерлердин мүлкүнө бурулушу мүмкүн.

52-статья. Өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө буруу

1. Өзүнө коюлган, күрөө менен камсыз кылынбаган бардык талаптарды канааттандыруу үчүн карызкордун башка мүлкү жетишсиз болгон учурда, өндүрүп алуу күрөө кармоочунун жарандык мыйзамдарда белгиленген укуктарын сактоо менен күрөөгө коюлган мүлккө бурулушу мүмкүн.

2. Мүлктү өзүнө калтырган күрөө кармоочу, артыкчылыкка ээ болгон талаптарды күрөөгө коюлган мүлктөн бул мүлктүн наркынан ашпаган өлчөмдө канааттандырууга милдеттүү.

53-статья. Өндүрүп алууну карызкордун башка адамдарда болгон акча суммаларына же бөлөк мүлкүнө буруу

1. Өндүрүп алууну карызкордун башка адамдарда болгон акча суммаларына же бөлөк мүлкүнө бурууда соттук аткаруучу аларда карызкордун акча суммалары же башка мүлкү бар же жоктугун жана алар карызкорго кандайдыр-бир сумманы, кандай негизде жана кандай мөөнөттө төлөөгө милдеттүү экендигин аныктайт.

2. Бир эле учурда көрсөтүлгөн адамдарга алардын мүлкү жана акчалай суммасы камакка салына тургандыгы жана соттук аткаруучунун суроо-талабын алган учурдан тартып, алар өндүрүп алынуучу сумманы өндүрүп алуучунун эсептешүү эсебине болбосо депозиттик эсепке тындырууга милдеттүү экендиги жөнүндө маалымдалат.

54-статья. Өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болбогон мүлк

1. Жарандарга карата аткаруу документтерин жүргүзүүдө өндүрүп алуу карызкор жана анын багуусундагы адамдар үчүн зарыл болгон ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилген тизмеге ылайык мүлккө бурулбайт.

55-статья. Карызкордун мүлкүнө камак салуу

1. Аткаруу документин аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак салуу мүлктү тизмелөө, аны тескөөгө тыюу салууну жарыялоо, ал эми зарылчылык болгон учурда - аларды пайдалануу укугун чектөө, ошондой эле аны алып коюу же сактоого берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Карызкордун мүлкүнө камак салуу түрүн, көлөмүн жана мөөнөтүн соттук аткаруучу ар бир конкреттүү учурда мүлктүн касиетин, менчиктөөчү же ээси үчүн анын маанилүүлүгүн, чарбада, турмуш-тиричиликте жана башкача пайдалануу өзгөчөлүктөрүн жана аткаруу документин аткарууну камсыз кылуунун башка кырдаалдарын эске алуу менен аныктайт.

Карызкордун мүлкүн тизмелөө учурунда табылып камак салынган акча каражаттары, анын ичинде чет өлкөлүк валюта, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, искусство жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар милдеттүү түрдө алып коюлууга тийиш.

Тез бузулуучу мүлк алып коюлат жана сатуу үчүн тез арада берилет.

2. Карызкордун өзүнчө менчик, чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда (жарандык мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен) таандык болгон мүлкүнө ал кайда жана иш жүзүндө кимдин пайдалануусунда болгондугуна карабастан камак салынат.

3. Эгерде карызкордун мүлкү башка адамдарда болушу алардын ортосунда түзүлгөн келишим менен шартталган болсо, келишимден келип чыккан мүлктү алып коюу жөнүндө укукту башка адамдар сактап калышынын мүмкүнчүлүгү тууралу маселени сот доо ишинин тартибинде чечет.

4. Тизмеленген мүлктү тескөөгө жана (же) пайдалануу укугун чектөө, ошондой эле аны алып коюу же сактоого берүү жөнүндө соттук аткаруучу жарыялагандан кийин бул мүлк камакка салынды деп эсептелет.

5. Камак салынган мүлктү тескөөгө же пайдаланууга соттук аткаруучунун тыюу салуусун же чектөөлөрүн бузуу ага тете алып коюлган же сактоого берилген камак салынган мүлктү тескөө же пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

6. Карызкордун мүлкүнө камак салынгандыгы жана тыюу салуу жарыялангандыгы, пайдалануу укугу чектелгендиги, ошондой эле алып коюлгандыгы жана сактоого берилгендиги жөнүндө соттук аткаруучу жүйөсү көрсөтүлгөн токтомду чыгарат. Ушундай эле тартипте көрүлгөн камсыз кылуу чаралары аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана тиешелүү органдарга кабарлоо менен токтотулат жана алып салынат.

56-статья. Карызкордун мүлкүн тизмелөө

1. Соттук аткаруучу өндүрүп алуучуга берилген сумманы жана аткаруу боюнча чыгымдарды тындыруу үчүн зарыл болгон санда карызкордун мүлкүн тизмелейт. Соттук аткаруучу тизмеленген мүлктү мөөр басып, жаап коюуга укуктуу.

2. Карызкордун мүлкүн тизмелөө карызкордун жана далил күбөлөрдүн, ал эми зарылчылык болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлөт. Карызкор жок болгон учурда тизме анын үй-бүлөсүнүн бойго жеткен мүчөсүнүн кимдир-бирөөсүнүн, уюмдун кызмат адамдарынын, ал эми алар жок болгон учурда турак-жай пайдалануу уюмунун ыйгарым укуктуу адамынын, бул уюмдун жооптуу кызматкерлеринин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт.

Мүлктү тизмелөөдө карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте кайсы буюмдарга бурулууга тийиш экендигин билдирүүгө укуктуу. Эгерде мындай билдирүү аткаруу өндүрүшүнүн принциптерине жана милдеттерине тоскоолдук кылбаса, соттук аткаруучу мындай билдирүүнү канааттандырат.

3. Тизмеленип жаткан бардык мүлк далил күбөлөргө жана башка катышып жаткан адамдарга көрсөтүлүүгө жана мүлктү тизмелөө актысында саналууга тийиш.

57-статья. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын мазмуну

1. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыда:

1) акт түзүлгөн дата, убакыт жана орду;

2) актыны түзгөн соттук аткаруучунун, ошондой эле мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү;

3) чечими аткарылып жаткан соттун аталышы;

4) өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы;

5) актыга киргизилген ар бир буюмдун аталышы, анын айырмаланган белгилери (салмагы, метражы, эскирүү деңгээли жана башкалар), ар бир буюмдун өз баасы жана бардык мүлктүн наркы;

6) эгерде ал жүргүзүлгөн болсо, буюмдарды мөөрлөп бекитип коюу жөнүндө белги;

7) эгерде мүлктү сактоо милдети карызкордун өзүнө жүктөлбөсө, мүлк сактоого берилген жактын аталышы, анын дареги;

8) карызкорго, далил күбөлөргө жана башка катышуучу адамдарга алардын укуктары менен милдеттерин, соттук аткаруучунун иш-аракеттерине даттануу тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү тууралу, ошондой эле карызкорго же мүлктү сактоочуга мүлктү сактоо боюнча алардын милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө жана өздөрүнө сактоого берилген тизмеленген мүлктү чыгымдагандыгы, оолактаткандыгы же жаап-жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик тууралу аларды эскертүү жөнүндө белги;

9) өндүрүп алуучунун, карызкордун, далил күбөлөрдүн жана мүлктү тизмелөөгө катышкан башка адамдардын сын-пикирлери жана арыздары, алар боюнча соттук аткаруучунун буйруктары көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыга соттук аткаруучу жана мүлктү тизмелөөгө катышкан адамдар кол коет.

3. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын көчүрмөсү карызкорго жана тизмеленген мүлктү сактоочуга берилет. Эгерде мүлктү тизмелөө мүлктү конфискациялоо жагынан соттун өкүмүнүн же башка органдардын актысынын негизинде болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде жүргүзүлсө, тизмелөө актысы ошондой эле тиешелүү финансы органына жиберилет.

58-статья. Мүлктү тизмелөө жөнүндө актыга кол коюудан баш тартуу фактысын ырастоо

Карызкор же карызкордун мүлкүн тизмелөөгө катышкан кандайдыр бир башка адам мүлктү тизмелөө жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан бул тууралу мүлктү тизмелөө жөнүндө актынын аягына соттук аткаруучунун колу менен ырасталуучу тиешелүү белги коюлат. Мында актыга кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш, булар актыга жазылат.

Эгерде карызкор же башка адам ден соолугунун айынан же башка жүйөлүү себептерден улам актыга кол кое албаса, соттук аткаруучу актыга бул жөнүндө жазуу жазат жана көрсөтүлгөн адамдарды тизмелөө үчүн чакырылган далил күбөлөрдүн катышуусунда акт менен тааныштырат, бул соттук аткаруучунун жана катышкан далил күбөлөрдүн колу менен күбөлөндүрүлөт.

59-статья. Карызкордун мүлкүн баалоо

1. Карызкордун мүлкүн баалоону соттук аткаруучу аткаруу күнүндө колдонулган рыноктук бааларга карата жүргүзөт. Мында өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосунда жетишилген баалоо жөнүндө макулдашуу эске алынышы мүмкүн.

2. Эгерде айрым буюмдарды баалоо татаал болсо, болбосо карызкор же өндүрүп алуучу соттук аткаруучу жүргүзгөн баалоого каршы чыкса, соттук аткаруучу баалоону адисти же экспертти тартуу менен жүргүзөт.

3. Валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар адистин же эксперттин милдетгүү түрдө катышуусу менен бааланат.

60-статья. Мүлктү сактоо

1. Карызкордун мүлкү кол койдуруу менен сактоо үчүн карызкорго, өндүрүп алуучуга же соттук аткаруучу дайындаган башка жакка (мындан ары - сактоочу) берилет.

Эгерде бул мүлктүн касиеттери боюнча аларды пайдалануу мүлктүн жок болушуна же анын баалуулугунун төмөндөшүнө алып келбесе, сактоочу бул мүлктү пайдалана алат.

2. Эгерде карызкор же анын үй-бүлө мүчөсү (карызкор уюм үчүн - анын кызматкери) сактоочу болуп саналбаса, сактоочу сактагандыгы үчүн тиешелүү акы алат. Сактоочуга ал мүлктү сактоо боюнча тарткан зарыл чыгымдардын орду толтурулат, мында бул мүлктү пайдалануудан алынган пайда алып салынат.

3. Камак салынган же алып коюлган мүлктү сактоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

4. Карызкордон алып коюлган валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар соттук аткаруучу тарабынан банктык мекемеге сактоого тапшырылат.

Аткаруу боюнча өндүрүп алуучуга ыйгарылган суммаларды жана чыгымдарды тындыруу үчүн зарыл болгон карызкордон алып коюлган акча суммаларын соттук аткаруучу депозиттик эсепке кошот.

5. Карызкордун сактоого берилген мүлкүн чыгымдап салган, оолактаткан, жаап-жашырган же мыйзамсыз түрдө берген учурларда сактоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

61-статья. Кыймылсыз мүлккө камак салуу

1. Өндүрүп алуу кыймылсыз мүлккө бурулган учурда соттук аткаруучу анын карызкорго таандык экендигин же таандык эместигин, анын чыныгы баасын, ага камак салынгандыгын же салынбагандыгын жана ага жүктөлгөн нерселерди айкындайт.

2. Кыймылсыз мүлк карызкорго таандык экендигине ынангандан кийин, соттук аткаруучу өндүрүп алуунун өлчөмүнө жараша кыймылсыз мүлктү бүт бойдон же анын бир бөлүгүн тизмеге кошот, аларга камак салат жана аны каттоо үчүн камак салынгандыгы жөнүндөгү токтомду кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле камак салынгандыгы тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага кабарлайт.

3. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө камак салуу жөнүндө соттук аткаруучу тез арада күрөө кармоочуга кабарлайт.

(КР 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

62-статья. Камак салынган мүлктү сатуу

1. Мыйзам боюнча жүгүртүүдөн алып салынган мүлктү кошпогондо, камак салынган мүлктү сатуу камактын негизине жана мүлктүн түрүнө карабастан соттук аткаруучу тарабынан соодалык жана башка адистешкен уюмдар аркылуу, ошондой эле комиссиялык жана башка келишимдик негиздерде электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тооруктарда (аукциондордо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аткаруу өндүрүшү козголгон күндөн тартып эки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

2. Мүлктү сатуу формасын тандоону мүлктүн түрүн, өндүрүп алуучунун жана карызкордун пикирин эске алуу менен соттук аткаруучу аныктайт.

3. Эгерде мүлк эки айлык мөөнөттө сатылбаса, өндүрүп алуучуга бул мүлктү бааланган суммада өзүндө калтыруу укугу берилет. Өндүрүп алуучу мүлктөн баш тарткан учурда ал карызкорго кайра кайтарылат, ал эми аткаруу документи, эгерде карызкордо өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон башка мүлк же киреше жок болсо, өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат.

4. Өндүрүп алуу бурулган мүлктү сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) тууралу иш боюнча сот иши козголгон учурда, маңызы боюнча карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө маселе каралганга чейин мүлктү сатуу токтотулуп турат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

63-статья. Мамлекетке өткөрүп берилүүчү мүлктү сатуу

Мүлктү конфискациялоо жагынан сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде, болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде камак салынган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте сатылат.

64-статья. Баалуулуктарды сатуу

Карызкордон алып коюлган жана банк мекемелерине сактоого берилген баалуу кагаздар, валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон аукциондор же адистешкен соода уюмдары аркылуу сатылат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

65-статья. Камак салынган мүлк сатылуучу жер

Карызкордун камак салынган мүлкүн сатуу ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурдан тышкары, мүлктүн турган жери боюнча жүргүзүлөт.

Башка шаарда же райондо сатуу максатында өндүрүп алуучунун жана карызкордун өз ара макулдугу боюнча жана алардын эсебинен камак салынган мүлктү ташууга жол берилет, буга мүлктү мындай ташуудан улам келтирилген зыянга төп келбеген учурлар кирбейт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-статья. Кыймылсыз мүлктү сатуу

Өндүрүп алуу бурулган кыймылсыз мүлк ал мүлк турган жерде ачык тооруктардан (аукциондордон) сатылат. Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

67-статья. Тооруктун боло тургандыгы жөнүндө билдирүү

Мүлктү тоорукта сатууда соттук аткаруучу басма сөздө жана башка массалык маалымат каражаттарында алдыда боло турган тоорук жөнүндө ага чейин кеминде 10 күн калганда билдирет. Мында тоорук жөнүндөгү жарыяда кандай мүлк сатыла тургандыгы, ал кимге таандык экендиги, анын бааланган наркы канча экендиги, тоорук кайсы жерде жана качан боло тургандыгы тууралу көрсөтүлүүгө тийиш.

Күрөөгө коюлган мүлктүн тооруккта сатыла турган жери жана убактысы жөнүндө соттук аткаруучу күрөө кармоочуга билдирет.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

68-статья. Тоорукту өткөрүү тартиби

1. Тоорукка катышууну каалаган адамдар соттук аткаруучуга мүлктүн бааланган наркынын он пайыз өлчөмүндөгү суммасын төгүп берет. Тоорукта утуп алган адамдын төккөн суммасы сатып алуу баасына кошулат. Тооруктун калган катышуучуларына алдын ала төлөнгөн суммалары тоорук аяктагандан кийин дароо кайтарып берилет.

2. Тоорук мүлктүн тизмелөө актысында көрсөтүлгөн бааланган наркынан башталат. Мүлк тоорукта эң жогорку бааны сунуш кылган адамга сатылды деп эсептелет.

Сатып алуучу тоорук бүткөндөн кийин беш күндүн ичинде тоорук алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен берүүгө милдеттүү.

Сатып алуучу белгиленген мөөнөттө төлөнүүчү сумманы толугу менен төкпөгөн учурда, анын тоорук алдында төккөн суммасы ага кайтарылбайт жана толугу менен мамлекеттин кирешесине өтөт.

Мүлктү сатып алуучу тийиштүү сумманы толугу менен төлөгөндөн кийин соттук аткаруучу ага тоорук болуп өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсүн берет.

3. Белгиленген эрежелерди бузуу, ошондой эле соттук аткаруучу же сатып алуучу тарабынан кыянаттыкка жол берүү менен өткөрүлгөн тоорук, ал өткөндөн кийин бир жылдын ичинде сот тарабынан анык эмес деп табылышы мүмкүн. Эгерде кыянаттыкка жол берген сатып алуучунун иш-аракеттери кылмыш болуп саналса, анда тоорук жазык жоопкерчилигине тартуунун мыйзамда белгиленген эскирүү мөөнөтү өтмөйүнчө сот тарабынан анык эмес деп табылышы мүмкүн.

Тоорук анык эмес деп табуу маселеси боюнча сот актысы мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

69-статья. Тоорукту болгон жок деп жарыялоо

1. Соттук аткаруучу төмөнкүдөй учурларда:

1) эгерде тоорукка экиден кем сатып алуучу келсе;

2) эгерде келгендердин эч кимиси мүлктүн алгач коюлган баасына үстөк кошпосо;

3) эгерде сатып алуучу сатып алган мүлкү үчүн сумманы беш күндүн ичинде толугу менен төкпөсө, тоорук болгон жок деп жарыялайт.

Тоорукту болгон жок деп табуу жөнүндө соттук аткаруучу токтом чыгарат.

2. Эгерде тоорук болбой калса, анда тоорук башталганга чейин төгүлгөн сумма, ушул статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген учурлардан тышкары, ал сумма аны төккөн адамдарга кайтарып берилет.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

70-статья. Тоорукту болгон жок деп жарыялоонун кесепеттери

1. Тоорук болгон жок деп жарыяланган учурда өндүрүп алуучуга мүлктү алгачкы бааланган наркы боюнча өзүндө калтыруу укугу берилет.

2. Эгерде андай арыз түшпөсө, соттук аткаруучу баштапкы баа берүү суммасын 10 пайызга азайтуу жолу менен мүлктү кайрадан баалоодон өткөрөт жана тоорук болгон жок деп жарыялангандан 10 күндөн кем эмес мөөнөттө экинчи жолку тоорукту дайындайт. Экинчи жолку тоорук жарыяланат жана ал биринчи жолку тоорук үчүн белгиленген эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.

3. Экинчи жолу тоорук болгон жок деп жарыяланган жана өндүрүп алуучу сатылып жаткан мүлктү өзүндө калтыруудан баш тарткан учурда, бул мүлккө камак салуу алып салынат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-Глава
Аткаруу өндүрүшүнүн айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү

 

71-статья. Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу тартиби

Карызкор-уюмдун же жеке ишкердин мүлкүнө камак салуу жана аны сатуу төмөнкүдөй кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт:

1) биринчи кезекте - карызкордун ишке түздөн-түз катышпаган мүлкү: баалуу кагаздары, карызкордун депозиттик жана башка эсеп-кысабындагы акчалай каражаттары, валюта баалуулуктары, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдары, ошондой эле алардын сыныктары жана мындай буюмдардын айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, жеңил транспорт, офистерди жасалгалоо буюмдары жана башкалар;

2) экинчи кезекте - даяр продукция (товарлар), ошондой эле ишке түздөн-түз катышпаган же түздөн-түз катышууга арналбаган башка материалдык баалуулуктар;

3) үчүнчү кезекте - ишке түздөн-түз катышууга арналган кыймылсыз мүлктүн объекттери, ошондой эле чийки зат жана материалдар, станоктор, жабдуулар, башка негизги каражаттар;

4) төртүнчү кезекте - ижара (мүлктүк жалдоо) келишими, заем, прокат же башка келишимдер боюнча башка жактарга берилген мүлк;

5) бешинчи кезекте - калган бардык мүлк.

72-статья. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү

Аткаруу документинде көрсөтүлгөн белгилүү бир мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү белгиленген учурда, соттук аткаруучу бул мүлктү карызкордон алып, өткөрүп берүү актысын түзүү менен өндүрүп алуучуга берет.

73-статья. Карызкордун эмгек акысына жана кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну буруу

1. Карызкордун эмгек акысына жана кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну буруу мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алууда, эки эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнөн ашпаган сумманы төлөтүп алууда, карызкордун мүлкү жок болгондо же өндүрүлүүчү сумманы толук тындыруу үчүн карызкордун мүлкү жетишсиз болгон учурда бурулат.

2. Кармап калуу өлчөмү карызкордун эмгек акысына (кирешесинен), бул эмгек акыдан (кирешеден) салыктарды жана башка милдеттүү чегерүүлөрдү кармап калгандан кийинки суммадан эсептелет.

3. Жумуш берүүчүлөр соттук аткаруучунун талабы боюнча жана белгиленген мөөнөттө аларга карызкор иштеп жаткандыгы жана бардык түрдөгү бир жолку төлөп берүүлөрдү камтуу менен анын айлык эмгек акысынын суммасы жөнүндөгү маалыматты берүүгө милдеттүү. Ушул эле тартипте соттук аткаруучу карызкорго тиешелүү болгон автордук укукту жана интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн сый акылар жөнүндөгү маалыматтарды да талап кылып алат.

4. Карызкордун эмгек акысына өндүрүп алуу бурулган учурда (анын ичинде бир нече аткаруу документтер боюнча) өндүрүлүп алынуучу сумма толук тындырылып бүтмөйүнчө эмгек акысынын жана ага теңештирилген төлөмдөрдүн жана акылардын 50 пайызы анын өзү үчүн сакталууга тийиш.

5. Ушул статьяда белгиленген эрежелер карызкорго тийиш болгон:

1) кооперативдеги эмгеги үчүн кирешелерден;

2) мыйзамдарда белгиленген тартипте же патент берилген өзүнүн автор катары автордук укугун жана интеллектуалдык менчик объекттерине карата укугун пайдалангандыгы үчүн сыйлык акылардан;

3) стипендия, пенсия, жөлөкпулдардан өндүрүп алууну бурууда колдонулат.

6. Карызкордун эмгек акысына же кирешелеринин башка түрлөрүнө өндүрүп алууну бурууда соттук аткаруучу ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен токтом чыгарат, анда өндүрүп алуучунун пайдасына ага таандык сумманы толук өндүрүү үчүн кармап калуу ай сайын кандай өлчөмдө жүргүзүлүшү керектиги жана аны аткаруу документтери менен кошо карызкор эмгек мамилелеринде болгон же алардан сый акы ала турган жумуш берүүчүгө же органга аткаруу үчүн жиберет.

7. Карызкор иштен бошогон учурда аны менен эмгек мамилелеринде болгон жумуш берүүчү үч күндүн ичинде соттук аткаруучуга кармап калынган суммалар жөнүндө белги коюу менен аткаруу документин тиркөөгө тийиш жана карызкордун жаңы иштеген жери жөнүндө эгерде ага белгилүү болсо, билдирүү жиберет.

Жашаган же иштеген жерин которгон учурда карызкор соттук аткаруучуга өзүнүн жаңы дарегин жана жаңы иштеген жерин, ошондой эле жаңы же кошумча эмгек акылары (кирешелери) жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

74-статья. Жазаны өтөп жаткан карызкордун эмгек акысына өндүрүп алууну буруу

Соттун өкүмдөрүнө ылайык жаза өтөп жаткан карызкордон өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 73-статьясында белгиленген талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

75-статья. Социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарга өндүрүп алууну буруу

Убактылуу эмгекке жараксыз болгон учурда социалдык камсыздандыруу боюнча төлөнүүчү жөлөкпулдарга, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарга жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарга карата өндүрүп алуу, алименттерди өндүрүү жөнүндө сот актысы, соттун буйругу боюнча же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу сот актысы боюнча гана бурулушу мүмкүн.

76-статья. Карызкордун эмгек акысынан, иштеп тапкандарынан, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарынан жана кирешелеринин башка түрлөрүнөн кармап калуулардын тууралыгын контролдоо

Соттук аткаруучу жазасын өтөп жаткан адамдын эмгек акысынан, иштеп тапкандарынан, карызкордун социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарынан жана кирешелеринин башка түрлөрүнөн кармап калуулар туура жана өз убагында жүргүзүлгөндүгүн жана кармап калынган суммалардын өндүрүп алуучуга жөнөтүлгөндүгүн дайыма контролдоп турат.

77-статья. Өндүрүп алууну буруу мүмкүн болбогон суммалар

Өндүрүп алуу:

1) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу төлөнүүчү суммаларга;

2) кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде дуушар болгон майыптыгы (жарадар, жаракат, контузия) боюнча жана алардын курман болушуна (өлүмүнө) байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү камсыздандыруу суммаларына жана бир жолку жөлөкпулдарга;

3) баланын төрөлүшүнө; көп балалуу энелерге; жалгыз бой аталарга же энелерге; ата-энеси изделип жаткан мезгилде бойго жете элек балдарды багууга; пенсионерлерге жана I топтогу майыптарга аларды багууга байланыштуу төлөнүүчү жөлөкпулдарга; ден соолугуна зыян келтирилген учурда жабыр тарткандарга кошумча тамактануу, санаториялык-курорттук дарылануу, протездөө жана аларды багуу боюнча чыгымдарга төлөнүүчү суммаларга; алименттик милдеттенмелер боюнча;

4) зыяндуу же экстремалдык шарттарда иштөө үчүн компенсациялык төлөмдөргө, ошондой эле экологиялык кырсыктан же жарандык жана аскердик багыттагы ядролук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуда, атомдук куралды жардырууда жана сыноону жүргүзүүдө болбосо ядролук объекттердеги кырдаалдардын натыйжасында радиациялык таасирден жабыркаган жарандарга төлөнүүчү суммаларга жана мыйзамда белгиленген башка учурларда;

5) бир жолку материалдык жардамга;

6) кызматкер иштен бошогондо төлөнүүчү бошонуу жөлөкпулуна;

7) пайдаланылбаган өргүү үчүн ордун толтуруу төлөмүнө (бир нече жылдагы өргүү бириктирилген учурдан тышкары) бурулушу мүмкүн эмес.

78-статья. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүү тартиби

1. Алименттерди өндүрүү иштери боюнча сот актыларын жана соттун буйруктарын аткаруу карызкордун өндүрүп алууга жол берилген эмгек акысына жана башка кирешелерине буруу аркылуу жүргүзүлөт.

2. Алименттер боюнча карыздын өлчөмү соттук аткаруучу тарабынан алименттик төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндөгү аткаруу документин аткара турган жери боюнча карызкордун төлөө жүргүзүлбөгөн мезгил ичиндеги, же болбосо өндүрүп алуучунун тандоосу боюнча, карызды аныктоо мезгилине карата алуучу иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) келип чыгуу менен аныкталат.

Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе, карыз ошол жердеги орточо эмгек акыдан келип чыгуу менен аныкталат.

3. Алименттик төлөмдөрдү карызкордун эмгек акысынан же башка кирешелеринен катары менен үч айдын ичинде өндүрүп алуу мүмкүн болбогон учурда, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бурулат.

Мүлккө карата өндүрүп алууну буруу тууралу соттук аткаруучу токтом чыгарат.

79-статья. Өткөн мезгил үчүн алименттерди өндүрүү

1. Өткөн мезгил үчүн аткаруу документтери боюнча алименттерди өндүрүү аткаруу документи көрсөтүлгөн учурдан мурдагы үч жыл үчүн жүргүзүлөт.

2. Эгерде карызкорду издөөгө байланыштуу алимент кармалбаса, анда алимент карызкорду издөөнүн бүт мезгили үчүн өндүрүү жүргүзүлүүгө тийиш.

3. Алимент боюнча төлөмдөн бошотуу же карызын азайтуу соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.

80-статья. Иш ордуна кайра коюу жөнүндөгү аткаруу документтерин аткаруу

Карызкор иш ордуна кайра коюу жөнүндө аткаруу документин аткарбаган учурда соттук аткаруучу иш ордуна кайра коюу тууралу соттун актысы же башка органдын актысы чыгарылган күндөн тартып ал аткарылган күнгө чейинки бардык мезгил үчүн иштебей калган адамга орточо эмгек акысын же эмгек акыдагы айырмасын төлөп берүү боюнча токтом чыгаруу жөнүндө судьяга сунуштама киргизет.

2. Иш ордуна кайра коюу жөнүндө аткаруу документи иштен мыйзамсыз бошотулган же которулган кызматкер, администрация бошотуу же которуу тууралу өзүнүн мурдагы мыйзамсыз буйругун алып салуу жөнүндө буйругун чыгаргандан кийин, мурдагы ишин иштөөгө киришкен учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

81-статья. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого же аларды жасабоого милдеттендирген аткаруу документин аткаруу

1. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө же аларды жүргүзбөөгө милдеттендирген аткаруу документи белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, соттук аткаруучу тарабынан ал жөнүндө акт түзүп, сот тартибинде чечүү үчүн анын аткарыла турган жери боюнча сотко жиберет. Сот заседаниесинин өткөрүлө турган убактысы жана жери жөнүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына билдирилет, бирок алардын келбегендиги аткаруу документинин аткарылбагандыгы тууралу маселени кароо үчүн тоскоолдук болбойт.

2. Сот карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө же аларды жүргүзбөөгө милдеттендирген аткаруу документинин аткарылбагандыгын аныктоо менен карызкорго карата административдик жактан таасир этүү чарасын көрө алат жана бул карызкорду аткаруу документинде каралган белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүү же аларды жүргүзбөө милдетинен бошотпойт.

3. Эгерде карызкорду иш-аракеттерди жүргүзбөө милдеттендирген аткаруу документи аткарылбаса, анда сот өндүрүп алуучуга аларды карызкордун эсебинен ишке ашыруу укугун берет болбосо соттук аткаруучуга аларды карызкордун эсебинен аткарууну уюштурууга тапшырма берет.

4. Карызкорду анын өзү гана жасай ала турган кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирген аткаруу документи сот белгилеген мөөнөттө аткарылбаган учурда, сот карызкорго карата ушул статьяда белгиленген административдик таасир этүү чараларды колдонуу маселесин карап көрүү менен ага аткаруу документин аткаруу үчүн жаңы мөөнөт белгилейт.

5. Карызкор кийин дагы аткаруу документин аткарбаганда, ага карата ушул статьянын 4-пунктунда каралган чаралар кайра колдонулат жана аткаруу үчүн жаңы мөөнөт дайындалат же болбосо аткаруу документин аткарбагандыгы тууралуу материалдар тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

82-статья. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу

1. Соттук аткаруучу тарабынан карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу үчүн белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурда чыгарып салуу соттук аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүргүзүлөт.

2. Соттук аткаруучу карызкорго жашаган жайынан мажбурлап чыгаруунун аткарыла турган күнү жана убактысы жөнүндө расмий билдирет. Жашаган жайынан чыгарып салуу күнү жөнүндө билдирилген карызкордун жок болушу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук кылбайт.

3. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайды чыгаруучудан (чыгаруучулардан), анын (алардын) мал-мүлкүнөн бошотууда жана чыгаруучуга (чыгаруучуларга) бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салуудан турат.

4. Жашаган жайынан чыгарып салуу далил күбөлөрдүн катышуусу, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын көмөгү менен мүлкүн соттук аткаруучу тарабынан милдеттүү түрдө тизмелөө аркылуу жүргүзүлөт.

5. Соттук аткаруучу зарыл болгон учурда карызкордун мүлкүнүн сакталышын тарткан чыгымдарды ага жүктөө менен камсыз кылат. Карызкордун мүлкү үч жылдан ашпаган мөөнөттө сакталат, андан кийин аталган мүлк ээсиз мүлктү сатуу үчүн белгиленген тартипте сатылат. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн каражат тиешелүү бюджетке чегерилет.

6. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткарууда соттук аткаруучу тарабынан чыгаруу жөнүндө акт жол-жоболоштурулат.

83-статья. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу

1. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документи соттук аткаруучу тарабынан ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, жайгаштыруу соттук аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүргүзүлөт. Жайгаштыруу соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда жашоосун (болуусун) камсыз кылуусунан турат. Бул учурда мажбурлап жайгаштыруу жүргүзүлүп жаткандыгы жана ал өндүрүп алуучуга мында жашоого (болууга) тоскоолдук кылбаганга милдеттүү экендиги түшүндүрүлөт.

2. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу тууралу аткаруу документин аткарууга карызкор тоскоолдук кылган учурда, аткаруу иш-аракеттери далил күбөлөрдүн, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын катышуусу менен жүргүзүлөт. Кийин дагы өндүрүп алуучунун мында жашоосуна (болуусуна) тоскоолдуктар жасалган учурда, аталган иш-аракеттер кайрадан жасалып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган административдик таасир этүү чаралары колдонулат.

3. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу тууралу аткаруу документин аткаруу соттук аткаруучу тарабынан жайгаштыруу жөнүндө акт жол-жоболоштурулат.

4. Эгерде өндүрүп алуучуга тиешелүү жайдан тоскоолдуксуз күнүгө пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган учурда, аткаруу документи аткарылды деп эсептелет.

5. Эгерде өндүрүп алуучуну жайгаштыргандан кийин да карызкор өндүрүп алуучунун жашашына (болушуна) кайрадан тоскоолдук кылса, андай учурда аткарылган документ боюнча аткаруу өндүрүшү кайрадан козголот. Өндүрүп алуучунун жашашына (болушуна) тоскоолдук кылып жаткан адам аткаруу документине ылайык карызкор болуп эсептелбесе, анда аткаруу өндүрүшү козголушу мүмкүн эмес. Жайгаштыруу жөнүндө маселе бул учурда сот тартибинде чечилет.

84-статья. Жазапул жана мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазаларды аткаруу

Жазапул жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык аныкталат.

7-Глава
 Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

 

85-статья. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

1. Соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алынган суммадан алгач аткаруу процессинде карызкорго салынган жазапул төлөнөт, андан кийин аткаруу боюнча чыгымдар жабылат, калган сумма өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруу үчүн келип түшөт. Бардык талаптар канааттандырылгандан кийин калган сумма карызкорго кайтарып берилет.

2. Карызкордон алынган жана өндүрүп алуучуларга берилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан депозиттик эсепке чегерилет, андан кийин алар белгиленген тартипте берилет же которулат.

3. Мамлекеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан түздөн-түз банк мекемесине салынат.

4. Чет өлкөлөрдө жашаган адамдардын пайдасына өндүрүп алынган суммалар өндүрүп алуучуга белгиленген тартипте которулат.

86-статья. Өндүрүп алууга кошулуу

1. Өндүрүп алуу ишин жүргүзүүдө башка иштер боюнча аткаруу документтери бар жеке жана юридикалык жактар өндүрүп алууга кошулушу мүмкүн.

2. Бөлүмдө бир эле карызкорго карата бир нече аткаруу өндүрүшү козголгон учурда, алар кошумча аткаруу өндүрүшүнө бириктирилип, өндүрүп алуу жалпы суммасын, аткаруу жыйымдарынын жана аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча болжолдонгон чыгымдарынын чегинде карызкордун мүлкүнө камак салынат жана бул аткаруу документтерин карызкордун мүлкүнө башка доону (доолорду) камсыз кылуу үчүн салынган камак салууга карабастан аткарылышына мүмкүндүк берет.

Ушул Мыйзамдын 87-статьясында белгиленген талаптарды аткарууда кезектеги ар бир өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу үчүн берүүнүн убакыт боюнча бирдиктүү ырааттуулугу белгиленет.

3. Эгерде бир эле карызкорго карата аткаруу өндүрүшү Сот департаментинин соттук аткаруу кызматтарынын бир нече бөлүмдөрүндө козголсо, анда ушул статьянын талаптарынын аткарылышын Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу камсыз кылат жана контролдойт.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген камсыз кылуу жана контролдоо милдеттери Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу тарабынан төмөн турган бөлүмдөргө же тиешелүү кызмат адамдарына жүктөлүшү мүмкүн.

5. Ушул статьянын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу жана областтардын башкы соттук аткаруучулары бөлүмдөрүндө козголгон аткаруу иштери жөнүндө тиешелүү маалымат банкын түзүшөт.

87-статья. Өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү

1. Карызкордон өндүрүп алынган суммалар аткаруу документтери боюнча бардык талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда, бул сумма өндүрүп алуучулардын ортосунда ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген кезектүүлүк тартиби боюнча бөлүштүрүлөт.

2. Биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу боюнча талаптар; кызматкерлердин эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаптары, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу талаптар канааттандырылат.

Экинчи кезекте автордук укукту же интеллектуалдык менчик объекттерине карата укукту пайдалангандык үчүн сый акыны төлөп берүү боюнча талаптар; кылмыш же административдик укук бузуу аркылуу мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.

Үчүнчү кезекте күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн камсыз кылуу суммасынын чегиндеги талаптары канааттандырылат.

Төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат.

Бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.

3. Кийинки кезектеги ар бир талап алдынкы кезектеги талаптар толук төлөп берилгенден кийин канааттандырылат. Өндүрүлүп алынган сумма кезектеги бардык талаптарды толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, мындай талаптар ар бир өндүрүп алуучуга тийиштүү суммага жараша канааттандырылат.

88-статья. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгымдар

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдар деп аларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жумшалган бюджеттик каражаттар жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан тараптардын жана башка адамдардын каражаттары саналат.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга:

1) карызкордун мүлкүн аныктоо, карап чыгуу жана баалоо;

2) карызкордун мүлкүн тизмелеп жазууну жана ага камак салууну уюштуруу жана өткөрүү, мындай мүлктү ташуу жана аны сактоону уюштуруу;

3) камак салынган мүлктү сатуу;

4) аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, эксперттердин жана башка адамдардын иши үчүн төлөө;

5) карызкорду издөө;

6) өндүрүп алуучуга өндүрүп алынган сумманы почта аркылуу жиберүү (которуу);

7) өндүрүп алуучунун авансы түрүндөгү төгүмү;

8) аткаруу документин аткарууда жасалуучу башка зарыл болгон иш-аракеттер үчүн жумшаган каражаттар кирет.

89-статья. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгымдарды жабуу тартиби

1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоодо жумшалган чыгымдар карызкордон төлөтүлөт.

2. Аткаруу документинин берилиши үчүн негиз болгон сот актысынын же башка органдын актысынын алып салынышына байланыштуу аткаруу өндүрүшү токтотулган учурда, аткаруу өндүрүшүн жасоо боюнча чыгымдар, мындай алып салуу өндүрүп алуучунун күнөөсү боюнча токтотулгандан тышкаркы учурларда бюджеттин эсебинен жумшалат.

3. Өндүрүп алуучуга берүү жана аткаруу документин ага кайтаруу жөнүндөгү ишти аткарууда карызкордон алынган белгилүү бир мүлктү кабыл алуудан өндүрүп алуучу негизсиз баш тарткан учурда, эгерде ал өзүнүн иш-аракеттери же иш-аракетсиздиги менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса, аткаруу иш-аракеттерин жасоодогу чыгымдар өндүрүп алуучудан төлөтүлөт.

4. Чыгымдарды өндүрүп алуу жана андай чыгымды тарткан органга же адамга ордун толтуруп берүү сот актысынын негизинде жүргүзүлөт.

90-статья. Өндүрүп алуучунун чыгымдарды авансылоосу

Аткаруу иш-аракеттерин жасоону камсыз кылуу максатында өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тийиштүү чыгымдар болбосо анын бир бөлүгү үчүн жетиштүү өлчөмдөгү авансылык төгүмдү чегерүүгө укуктуу.

Авансылык төгүм аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгымдарга таандык кылынат жана аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин өндүрүп алуучуга кайтарып берилет.

91-статья. Аткаруу жыйымы

1. Карызкордон мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документин анык мажбурлоо менен аткартуу үчүн аткаруу жыйымы ушул Мыйзамдын 92-статьясында каралгандан тышкары учурларда, өндүрүлгөн сумманын же өндүрүп алынган мүлктүн наркынын 10 пайыз өлчөмүндө өндүрүлөт. Өндүрүп алынган аткаруу жыйымы сотторду өнүктүрүү фондуна чегерилет.

2. Карызкордон аткаруу жыйымы катары өндүрүп алынган сумманын 50 пайызы аткаруу документин аткарууну камсыз кылган соттук аткаруучулардын кызматтык бөлүмүнүн соттук аткаруучуларына акчалай сыйлыктарды төлөп берүүгө, ошондой эле аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүүгө жумшалат.

3. Соттук аткаруучуларга акчалай сыйлыктарды бөлүштүрүү жана төлөп берүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу же областтык башкы соттук аткаруучу чечет.

4. Соттук аткаруучуларга акчалай сыйлыктарды төлөп берүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасында белгиленген эмгекке акы төлөөнүн эң аз 25 өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

5. Аткаруу жыйымын өндүрүп алуу сот актысынын негизинде гана жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

92-статья. Аткаруу жыйымын пайдаланууга карата чектөөлөр

Аткаруу жыйымы:

1) алиментти өндүрүп алуу жөнүндө;

2) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу;

3) эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан иштер боюнча өндүрүп алынбайт.

93-статья. Аткаруунун бурулушу

1. Карызкорго милдеттенмелерди жүктөөгө байланыштуу же ага кандайдыр-бир милдеттенмелерди жүктөөгө байланышпаган аткарылган сот актысын же башка органдын актысын ага жүктөлгөн милдеттенмелерден толук же жарым-жартылай бошотуу менен алып салган, болбосо бул иш боюнча сот ишин токтотуу же доону кароосуз калтыруу жөнүндө жаңы сот актысы же башка органдын актысы кабыл алынган учурда, карызкорго алып салынган сот актысы же башка органдын актысы боюнча андан өндүрүп алуучунун пайдасына өндүрүп алынгандын же ашыкча өндүрүп алынгандын бардыгы, ошондой эле кайтарылганга тең чамалаш аткаруу жыйымы кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Аткаруу бурулган учурда жаңы сот актысынын же башка органдын актысынын негизинде берилген аткаруу документин аткаруу жалпы негизде ушул Мыйзамга ылайык алып салынган тиешелүү акт боюнча аткарылгандыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.

8-Глава
 Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдардын сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

94-статья. Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдардын сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткандык жана ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик болбоо жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2. Жоопкерчиликке тартуу карызкорду аткаруу документинде каралган иш-аракеттерди аткаруу милдетинен бошотпойт.

3. Күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе соттук аткаруучунун сунуштамасы боюнча компетенттүү органдар тарабынан чечилет.

9-Глава
 Эл аралык укук мамилелерине байланыштуу аткаруу иш-аракеттерин жасоо

 

95-статья. Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткаруу

Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата сот актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка органдарынын актыларын аткаруу, эгерде эл аралык келишимдер менен башка каралбаса, ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

96-статья. Эл аралык жана чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын чечимдерин аткаруу

Кыргыз Республикасында эл аралык жана чет өлкөлүк соттордун жана арбитраждардын сот актыларын же аткаруу документин аткаруу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-Глава
 Корутунду жоболор

 

97-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;

- өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
тиркеме

Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алууну буруу мүмкүн болбогон
 мүлктүн түрлөрүнүн (54-статьяга карата)
тизмеси

 

Аткаруу документтери боюнча карызкорго же анын багуусунда турган адамдарга жеке менчик укугунда таандык жана ага зарыл болгон төмөнкүдөй түрдөгү мүлктөргө жана буюмдарга өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн эмес:

1. Негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - жалгыз ую, ую жок болгон учурда - жалгыз кунаажыны; ую да, кунаажыны да жок чарбаларда - жалгыз кою, эчкиси же чочкосу, ошондой эле бакма канаттуулары.

2. Жаңы тоют жыйноого же малды жайытка чыгарууга чейин зарыл болгон тоют.

3. Негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - кезектеги себүү үрөнү.

4. Карызкорго жана анын багуусунда болгон адамдарга зарыл болгон буюм-тайымдар жана кийим-кечек:

а) кийим-кечек: ар бир кишиге: бир жайкы же күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (аялдар үчүн мындан тышкары эки жайкы жоолук же тыбыт жоолук), узак мезгилден бери пайдаланууда болгон жана байлык деп эсептелбеген башка кийим-кечек жана бут кийим;

б) пайдаланууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөнчү, ашкана буюмдары (баалуу материалдан жасалган, ошондой эле көркөмдүк жагынан баалуу болгон буюмдардан тышкары);

в) эмерек - ар бир кишиге бирден керебет жана отургуч, бир стол, бир үй-бүлөгө бир шкаф жана сандык;

г) балдардын бардык буюмдары.

5. Эгерде карызкордун негизги иштеген иши айыл чарбасы болсо, анда карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон азык-түлүк, ал эми калган учурларда - карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн тамак-аш жана эң аз айлык эмгек акы өлчөмүндөгү акча.

6. Тамак-аш жасоо үчүн жана жылытуу сезонунун ичинде үй-бүлө жашаган турак-жайды жылытуу үчүн зарыл болгон отун.

7. Карызкор соттун өкүмүнө ылайык тийиштүү иш-аракет менен алектенүү укугунан ажыратылган, же качан гана буюмдар мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланылган учурдан тышкары, карызкордун кесиптик иштерин улантуу үчүн зарыл болгон буюм-тайымдар (анын ичинде китептер жана окуу куралдары).