Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\35848526-3f30-4705-b8ce-596b9b99e9c9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-ноябры № 581

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- штаттык ырааттамага кызматкер бирдигин ага мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттерди жүктөө менен киргизүү боюнча (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде).".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков