Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cf23c2d4-4f88-4cfd-9c04-4ce65bbbd595\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-декабры № 674

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартиби жана аларды сатып алуу эрежелери жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков