Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-декабрындагы
№ 674 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358, 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 , 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын (мындан ары - кызматчылар) тартиптик жоруктарды жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.

3. Кызматчы жасаган тартиптик жорук же анын кызматтык милдеттерин аткарбаган фактылары боюнча материалдарды өз учурунда, ар тараптуу, толук жана объективдүү чогултуу жана изилдөө үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси дайындаган кызматтык териштирүү (мындан ары - териштирүү) жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Кызматтык териштирүү - бул адамдардын чөйрөсү боюнча да, көлөмү боюнча да мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинен чыкпоого тийиш болгон ички текшерүү. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык санына кирбеген адамдар күбө катары жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана квалификациялык корутундуну бериши үчүн компетенттүү адистер жана эксперттер катары тартылышы мүмкүн.

5. Кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз (себеп) болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарынын рапорттору, кызматтык каттары;

- этика боюнча комиссиянын сунушу;

- кызматтык тартип бузулгандыгы жөнүндө даттануулар, арыздар, маалыматтар;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кызматтык тартип жоругу жөнүндө билдирүүлөр;

- тартиптик жорук жасалгандыгы жөнүндө кызматчынын, же болбосо жеке адамдардын же юридикалык жактардын жекече арыздары;

- кызматтык териштирүү жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ болгон мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин тартиптик жорукту түздөн-түз табуусу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болуу тобокелинин болушу;

- мамлекеттик же муниципалдык кызмат орунун ээлөө тартибин бузууну табуу (айкындоо);

- кызматчыга карата негизсиз күнөөлөөнү же шектенүүнү алып салуу максатында кызматчынын арызы.

6. Териштирүү жүргүзүү жана анын натыйжасы боюнча чечим чыгаруу төмөнкү принциптерге негизделет:

- мыйзамдуулук;

- адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо;

- күнөөсүздүк презумпциясы;

- ар бир адамдын мыйзам алдында теңдиктиги;

- калыстык;

- объективдүүлүк;

- даттануу мүмкүнчүлүгү.

7. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси түзгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү комиссиясы (мындан ары - комиссия), же ушул мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүм (эгерде бар болсо) тарабынан жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен комиссиянын жетекчисин (төрагасын) дайындайт.

Комиссиянын максималдуу саны чектелбейт жана кызматтык териштирүүнүн көлөмү менен аныкталат, бирок үч адамдан аз болбойт жана так санда болушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузуулар же кылмыш белгилери жөнүндө күбөлөгөн фактылар табылса, териштирүүнүн жыйынтыктары жөнүндө материалдар чечим кабыл алуу үчүн тийиштүү органдарга жиберилет.

9. Териштирүү өтүп жаткан учурда териштирүү жүргүзгөн комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өзүнүн иш-аракеттерин, кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн ыкмаларын жана чараларын тандоону өз алдынча жүргүзөт.

Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жана башка кызмат адамдары, териштирүү жүргүзгөн комиссияга кысым жасоого укуксуз жана териштирүүнүн жүрүшүнө ушул Жободо көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана кийлигише алат.

10. Териштирүү жүргүзүүдө төмөнкүлөр толук, калыс жана ар тараптуу аныкталууга тийиш:

- кызматчы тарабынан тартиптик жорук жасалган фактысы;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- кызматчы тарабынан тартиптик жорук жасоого өбөлгө болгон себептер жана шарттар;

- тартиптик жорук жасоонун натыйжасында кызматчы тарабынан келтирилген зыяндын түрү жана өлчөмү;

- кызматчынын териштирүү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү үчүн негиз болгон жагдайлар.

Жогоруда аталган бардык белгилерди табуу тартиптик жорук жасаган адамдын күнөөсүнүн даражасын, жаза чарасын жана жоопкерчиликтин түрүн аныктоодо мааниге ээ.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кызматтык териштирүү жүргүзүү тартиби

11. Териштирүүнүн жүрүшүндө түшүнүк кат, корутунду (эксперттердин жана адистердин), заттык далилдер, карап чыгуу актылары, китептерден (журналдардан) үзүндүлөр, маалымкаттар жана башка документтер өңдүү тартиптик жорукка тиешеси бар маалыматтарды чогултуу жана документтер түрүндө тариздөө комиссия тарабынан ишке ашырылат. Ошондой эле, комиссия тарабынан төмөнкүлөр аныкталат:

- тартиптик жорук чынында болгондугу же болбогондугу, ошондой эле ал кандай жагдайларда жасалганы;

- тартиптик жорукту бир нече кызматчы жасаган учурда кызматчылардын аракеттериндеги же аракетсиздигиндеги күнөөнүн бар экендиги жана ар биринин күнөөсүнүн даражасы;

- кызматчынын жоопкерчилигинин даражасына жана мүнөзүнө таасир тийгизген жагдайлар;

- тартиптик жорук жасоого өбөлгө болгон себептер жана шарттар;

- тартиптик жорук жасаган кызматчы тарабынан келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү.

12. Жүргүзүлгөн териштирүүнүн ушул Жобону бузуу менен чогултулган материалдары юридикалык күчкө ээ болбойт жана териштирүүнүн натыйжалары боюнча чечимдин негизи катары кабыл алынбайт.

13. Иштин материалдарына документтердин көчүрмөлөрүн, алардын көчүрмө бөлүктөрүн тиркөөгө жол берилет. Мында документ кимдин карамагында болсо, ошол адам экинчи документти белгиленген тартипте күбөлөндүрүшү керек жана ал кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

14. Далилдер иштин материалдары менен бирге сакталат.

15. Зарыл болгон иликтөө материалдарынын көлөмүн комиссия мүчөлөрү аныктайт.

16. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын борбордук аппараттарынын кызматчыларына, аймактык (ведомстволук) органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына карата териштирүү тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун (токтомунун, тескемесинин) (мындан ары - буйрук) негизинде жүргүзүлөт, аймактык (ведомстволук) органдардын кызматчыларына карата - тийиштүү аймактык (ведомстволук) бөлүмдүн жетекчисинин (мындан ары - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси) буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Кызыкчылыктардын кагылышуусуна же жеке кызыкчылыгы болгонуна шектенгенде органдардын аймактык (ведомстволук) бөлүмдөрүнүн кызматчыларына карата кызматтык териштирүүнү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын борбордук аппараты жүргүзүшү мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) өз демилгеси боюнча, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин демилгеси, мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу, статс-катчынын жеке арызы боюнча мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата кызматтык териштирүү жүргүзөт.

Мамлекеттик органдардын статс-катчыларына карата кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн натыйжаларын кароо жана бекитүү Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш тарабынан ишке ашырылат.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата кызматтык териштирүү ушул мамлекеттик органдар карамагына кирген жогору турган мамлекеттик орган (кызмат адамы) тарабынан жүргүзүлөт.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин төрагасы кызматтык териштирүү жүрүп жаткан мамлекеттик органдын статс-катчысын анын макулдугу менен полиграфта тестирлөөнү демилгелей алат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын териштирүү жүргүзүү жөнүндө буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- териштирүү жүргүзүүнүн себеби;

- териштирүү жүргүзүлгөн кызматчынын аты-жөнү, ээлеген кызмат оруну;

- комиссиянын тизмеси бекитилет, ошондой эле башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн адистерин тартуу зарылдыгы көрсөтүлөт;

- териштирүүнүн материалдарын жана анын натыйжалары боюнча корутундуну берүү мөөнөтү аныкталат;

- кызматчы жумуштан убактылуу четтетилген учурда четтетүүнүн датасы жана мөөнөтү көрсөтүлөт.

19. Териштирүү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кесиптик бирлиги (мындан ары - кесиптик бирлик органы) маалымдалат. Кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү териштирүүнүн каалаган стадиясына катышууга укуктуу.

Териштирүү жүргүзүүдө кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү териштирүүнүн берилген бардык документтери, ошондой эле анын натыйжалары менен тааныша алышат.

Териштирүү жана анын натыйжалары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, ошондой эле комиссияга жазуу жүзүндө берилет.

Шайлануучу кесиптик бирлик органы түзүлбөсө, териштирүү кесиптик бирлик кызматкерлеринин катышуусуз түзүлөт.

20. Комиссиянын курамына кызматкерлерди башкаруу кызматынын, юридикалык кызматтын кызматкерлери, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (бар болсо), этика боюнча комиссиянын өкүлдөрү, ошондой эле билими кызматтык териштирүүнү толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн зарыл болсо, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматкерлери киргизилиши мүмкүн.

Териштирүү жүргүзүүгө катышуу үчүн комиссия көз карандысыз эксперттерди тартышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Комиссия чогултулуп жаткан материалдардын аныктыгын, толуктугун жана калыстыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүүнү камсыз кылат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Кызыкчылыктардын карама-каршылыгынын пайда болушунун алдын алуу максатында, териштирүүнүн натыйжасына тике же кыйыр түрдө кызыкдар мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы териштирүүгө катыша албайт, анын ичинде:

- эгерде ал териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамга кызматтык же кандайдыр бир башкача көз карандылыкта болуп келсе же азыркы учурда көз каранды болсо;

- кызматчыга карата жүргүзүлүп жаткан териштирүүдө анын тууганы болсо;

- кызматтык териштирүүнүн мааниси боюнча компетенттүү эмес болсо.

Мындай учурларда кызматчы аны териштирүүгө катышуудан бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине кайрылышы керек.

Көрсөтүлгөн талаптар сакталбаса, териштирүүнүн натыйжалары жараксыз деп эсептелет.

Кызматчы, териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамга мурда кызматтык же кандайдыр бир башкача көз карандылыкта болсо, эки жыл өткөндөн кийин кызматтык териштирүүнү жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына кире алат.

23. Териштирүү жүргүзүү үчүн себеп (негиз) болгон маалымат алынгандан кийин он төрт жумушчу күндөн кечиктирбестен териштирүү башталууга жана аны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен аякталууга тийиш.

Териштирүү мөөнөтүнүн акыркы күнү болуп кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча комиссиянын корутундусу түзүлгөн күн эсептелет.

Ушул Жобонун 24-пунктунда белгиленген мөөнөттү узартуу учурлардан башка, териштирүү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн бузулушу териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыны тартип жоопкерчилигинен автоматтык түрдө бошотот.

24. Узартуу мөөнөтүн жана териштирүүнүн аяктоо датасын көрсөтүү менен (териштирилүүчү жоруктун фактысын аныктоого байланышкан), комиссиянын жетекчисинин (төрагасынын) кызматтык катынын негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан териштирүү жүргүзүүнүн мөөнөтү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн, эгерде:

- башка калктуу конуштарга баруу зарылдыгы пайда болсо;

- мамлекеттик органдар, жеке адамдар жана юридикалык жактар менен негиздүү кат алса;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү экспертизалоо ишке ашырылса;

- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан иштин материалдары кошумча териштирүү үчүн комиссияга кайтарылып берилсе;

- жүйөлүү себептер боюнча башка учурларда (кызматчыга карата жүргүзүлгөн териштирүү учурунда анын ооруп калышы, күбөлөрдүн жоктугу ж.б.).

Өзгөчө учурларда (адамдын, ошондой эле комиссия мүчөсүнүн эмгекке убактылуу жарамсыздыгы, экспертиза жүргүзүү, форс-мажор кырдаалдары жана ушул өңдүү башка абалдар) териштирүү мөөнөтү отуз календарлык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

25. Кызматтык териштирүү жүргүзгөн комиссия мүчөлөрү териштирүүнүн мөөнөтүн сактоо жана териштирүүнү калыс жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

26. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:

1) фактылар чындыкка ылайык келген учурда кызматчы жасаган жоругун чын ниети менен мойнуна алса;

2) тартип жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетсе;

3) эгерде жасаган жорукта жазык кылмышынын же административдик жоруктун курамынын белгилери табылганда материалдар тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүлүп берилсе.

(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

27. Өзүнө карата кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн кызматчы (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн бүткүл мезгилде ээлеген мамлекеттик же муниципалдык кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн. Ээлеген кызматынан четтетилген мезгилде эмгек акы төлөө маселелери мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелерин жөнгө салган мыйзамдарына ылайык чечилет.

Кызматчыны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.

Кызматчы ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгенде, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсептөө техника каражаттарынан жана уюштуруу техникасынан, кызматтык документтерден жана материалдардан уруксатсыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чаралар көрүлүүгө тийиш.

3. Кызматчынын жана кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын укуктары жана милдеттери

28. Өзүнө карата териштирүү жүргүзүлгөн кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө, териштирүүгө тиешеси бар маалыматты, документтерди көрсөтүүгө;

- кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого.

Жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда, комиссия мүчөлөрүнүн колу коюлган акт түзүлөт.

29. Өзүнө карата териштирүү жүргүзүлгөн кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:

- териштирүү жүргүзүүнүн себебин билүүгө;

- адвокатка же жактоочуга ээ болууга;

- териштирүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө арыз, өтүнүч кат жана башка документтерди, заттык далилдерди берүүгө жана аларды териштирүү материалдарына тиркөөнү талап кылууга;

- териштирүүнүн жүрүшүндө сурамжылоо үчүн күбөлөрдү тартууга;

- териштирүүнү калыс эмес жүргүзүү, кызматчыны укуктарынан кемсинтүү учурларында, ачык-айкын далилдерди көрсөтүп, комиссия мүчөлөрүнөн баш тартууну билдирүүгө;

- комиссиянын чечимине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;

- эгерде ал мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды жарыялабоо талаптарына карама-каршы келбесе, териштирүү аяктагандан кийин териштирүүнүн натыйжалары боюнча жазуу жүзүндөгү корутунду жана башка материалдар менен таанышууга.

30. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын жетекчиликке алууга;

- атап айтканда эмне, кандай көлөмдө териштириле турганын, аны жүргүзүү тартибин, кайсы адамга же адамдарга карата жүргүзүлө турганын жана аны кайсы мөөнөттө аяктоо керек экендигин аныктоого;

- өзүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун аныктоого жана жасалган окуянын, жоруктун же материалдык зыяндын жагдайларын ар тараптуу, толук жана калыс изилдөө, тартиптик жоруктун бардык жагдайлары жөнүндө маалыматтарды документ түрүндө жол-жоболоштуруу үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө;

- териштирүүнү толук жана сапаттуу жүргүзүү үчүн керек болгон документтерди изилдөөгө;

- жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого;

- териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыны аны жүргүзүү үчүн негиз болгон буйрук жана бардык документтер менен тааныштырууга;

- берилген материалдардын аныктыгын, калыстыгын жана толуктугун текшерүүгө;

- ага карата кызматтык териштирүү жүрүп жаткан кызматчыдан арыздарды, өтүнүч каттарды жана башка материалдарды, ошондой эле териштирүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана ушул ишке тиешеси бар башка материалдарды кароого жана териштирүүнүн материалдарына тиркөөгө;

- тартиптик жоруктун бардык жагдайлары жана аны жасоого тиешеси бар кызматчылар жөнүндө маалыматтарды ар тараптуу, калыс изилдөө жана документ түрүнө жол-жоболоштуруу үчүн бардык чараларды көрүүгө;

- жорук жасоого же окуянын болуп өтүшүнө көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды табууга жана аларды жоюу боюнча сунуштарды даярдоого;

- кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндөгү корутундуну түзүп, аны мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик комиссиясынын кароосуна белгиленген мөөнөттө берүүгө;

- териштирүүнүн материалдарынын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга, териштирүүнү дайындаган мамлекеттик органдын жетекчисине берилгенге чейин анын натыйжаларын жарыялабоого;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358, 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

31. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- кызматчылардан аталган ишке тиешеси бар түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

- аңгемелешүү, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, керектүү маалымкаттарды жана документтерди чогултуу, окуя болгон жайды, жорукту же материалдык зыянды текшерип көрүү жолу менен алардын себептерин, жагдайларын, натыйжаларын, зыяндын өлчөмүн жана териштирүү жүргүзүлгөн адамдарга карата күнөөсүнүн даражасын аныктоого;

- териштирүүгө тиешеси бар маалыматтарды камтыган документтерди изилдөөгө жана текшерүүгө, зарыл болгон учурда аларды же алардын көчүрмөлөрүн териштирүүнүн материалдарына тиркөөгө;

- атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистерден консультация алууга, ошондой эле түшүндүрмөлөрдү жана корутундуларды алуу үчүн аларга документтерди берүүгө;

- териштирүүгө тиешеси бар суроо-талаптарын уюмдарга, мекемелерге жана кызмат адамдарына жөнөтүүгө.

32. Чогултулган материалдардын негизинде комиссия териштирүүнүн натыйжалары боюнча маалымкат түрүндө жазуу жүзүндөгү корутунду түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз болгон жагдайлар (жүйө);

- иштин маани-маңызы (тартиптик жорук жасалган жер, убакыт, ыкма, башка жагдайлар);

- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам жөнүндө маалымат;

- укук бузуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутундуну алган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде тартиптик комиссия жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле башка кырдаалдарды аныктап, жазанын конкреттүү түрүн колдонуу же колдонбоо туурасындагы сунушту мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына киргизет. Тартиптик комиссиянын курамы, иштөө мөөнөтү же башка маселелери мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына тартип комиссиясы тарабынан жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү туурасындагы ушул пункттун жоболору статс-катчыларга, ошондой эле "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-6, 10 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык кызмат орундарына дайындалышкан кызматчыларга карата жайылтылбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358, 2019-жылдын 11-октябрындагы № 536 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

34. Корутундунун айрым жоболорунун мазмуну менен макул болбогон комиссия мүчөсү корутундуга кол коюп, ага өзүнүн өзгөчө пикири жазылган катын тиркейт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

35. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча жазуу жүзүндөгү корутунду териштирүү жүргүзүлгөн кызматчынын жекече ишине тиркелет.

36. Тартиптик комиссия тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси үч күндүк мөөнөттүн ичинде:

- мамлекеттик органдын статс-катчысынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчисинин, жооптуу катчысынын) сунуштамасы болсо, териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга карата тартип жазасын колдонуу жөнүндө;

- териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга карата тартип жазасын колдонбоо жөнүндө;

- иштин материалдарын кошумча териштирүүгө кайра берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

37. Жоопкерчиликке тартылган кызматчы буйрук (токтом) менен үч жумушчу күндүн ичинде кол койдуруу менен тааныштырылышы керек. Бул буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ага тааныштырылган күнү берилет.

38. Тартиптик жоопкерчиликке тартылган адам буйрук менен таанышканга чейин буйруктун аткарылышына жол берилбейт.

Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругу боюнча тартиптик жоопкерчиликке тартылган адам буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда, мындай факт юридикалык кызматтын, кызматкерлерди башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын өкүлдөрү катышкан акт менен таризделип, буйрук аткарылууга тийиш.

Кызматтык жорук жөнүндө массалык маалымат каражаттарындагы билдирүү кызматтык териштирүү үчүн негиз (себеп) болуп эсептелсе, анда кабыл алынган чечим массалык маалымат каражаттарында ал кабыл алынган учурдан тартып жарыяланууга тийиш.

39. Кызматчыга карата териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимге мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттана алат, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сотко даттанса болот. Талаш-тартыш сотто каралып жаткан учурда кызматтык териштирүүнүн материалдары сотко берилиши мүмкүн.

Тартиптик жаза көрүү жөнүндө чечимге даттануу анын аткарылышын токтотпойт.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кабыл алган чечимге кызматчынын даттануусун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

40. Териштирүүгө тартылган эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн, мындай териштирүү жүргүзгөн мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан төлөнөт.

41. Териштирүүнүн натыйжалары боюнча чечим чыгарууда укук бузуунун квалификациясын өзгөрткөн мурда белгисиз жагдайлар мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине маалым болуп калса, ал 3 жумушчу күндүн ичинде өзүнчө буйрук менен териштирүүнү кайра жаңыртууга милдеттүү.

42. Буйрук узак мөөнөттүк мүнөзгө ээ болгон учурда, териштирүүнү кайра жаңыртуу мурда жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжалары боюнча буйруктун колдонулушун токтотпойт.

4. Корутунду жоболор

43. Териштирүүнүн материалдары төмөнкүлөр тиркелген иште топтолот:

- кызматтык териштирүүнү дайындоо үчүн себеп болгон маалыматтарды камтыган документ же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- териштирүүнү дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;

- териштирүү жүргүзүлгөн кызматчынын жана башка кызматчылардын түшүндүрмөлөрү;

- териштирүү жүргүзүлгөн кызматчынын кызматтык мүнөздөмөсү;

- териштирүүнүн натыйжалары жөнүндө корутунду;

- тартиптик комиссиянын чечиминин түп нускасы;

- териштирүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча буйруктун көчүрмөсү;

- териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталган фактыларга тиешеси бар башка материалдар.

Кызматтык териштирүүнүн материалдары кызматкерлерди башкаруу кызматынын жетекчиси күбөлөндүргөн иштеги болгон документтердин тизими менен өзүнчө папкада көктөлүп, беттери номерленет, ал иш кагаздарын жүргүзүү кызматында (жалпы бөлүм, катчылык, канцелярия) катталат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

44. Кызматтык териштирүү аяктагандан кийин материалдар кызматкерлерди башкаруу кызматында үч жыл бою сакталат, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилет.