Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1d576586-0cd0-4a6e-aae2-2d5ac2ac00f3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-декабры № 707

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесипкөй кызматтык ишинин улануучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен мамлекеттик органдын статс-катчысынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстар 2018-жылдын 1-январынан кийин өткөрүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков