Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0e31faf3-d18f-4034-8bff-750868bfd695\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-февралы № 76

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"г) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтөт;

- юридикалык жактарды жана юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), жалпыга маалымдоо каражаттарын жана саясий партияларын мамлекеттик каттайт, кайра каттайт жана ишин токтотууну каттайт;

- юридикалык жактардын жана юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн), жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- нотариаттык иштерди жүргүзөт;

- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт;

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- сот жана укук коргоо органдарынын документтеринен тышкары, Кыргыз Республикасынан чыккан документтерге аппостиль коёт;

- кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынан маалымат берет;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын алкагында сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргойт;

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, колу жана бекитип берилген мөөрлөрү боюнча маалыматтар банкын түзөт;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жободо:

- 1-пунктундагы "козголмо мүлк менен болгон күрөөлүк бүтүмдөрдүн мамлекеттик каттоосун" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- II бөлүмүнүн 7-пункту 7-1-пункт катары эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-1. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- электрондук маалыматтар базасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) бардык катталган талап укуктарын сактоону камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгашкан маалыматтын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздайт;

- расмий сайт аркылуу он-лайн режиминде Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин ачык пайдаланууну камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кызыкдар жактарга көчүрмө берет;

- күрөөлүк кабарлоого кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана жазууларды киргизет;

- күрөө жана тажрыйба алмашуу менен байланышкан маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды түзөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;

- өзүнүн курамына кирген аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт, башкарат жана контролдойт;

- күрөөлүк каттоо контораларын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жана каржылоону уюштурат.";

- 8-пунктунда:

экинчи абзацындагы "Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директорунун сунушу боюнча" деген сөздөр "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын системасындагы мамлекеттик кызматчылар кызматка мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.";

- 9-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Аймактык күрөөлүк каттоо конторалары:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгашкан маалыматтын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кызыкдар жактарга көчүрмө берет;

- күрөөлүк кабарлоого кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана жазууларды киргизет;

- ай сайын Борбордук күрөөлүк каттоо конторасына өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.";

- 14-пунктундагы "Күрөөлүк бүтүмдөрдү каттоонун автоматташтырылган системасын" деген сөздөр "кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун маалыматтар базасынын автоматташтырылган маалыматтык системасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-пунктундагы "Каттоо жыйымдарынан жана" деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков