Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8e84c005-4a1b-40aa-9d79-42673fc22454\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 3-марты № 136

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 "Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

5-пунктундагы "камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "өнүктүрүү" деген сөз менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жободо:

- 10-пунктундагы ", Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан," деген сөздөр "жана" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы ", Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин" деген сөздөр алып салынсын;

- 38-пунктунда:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын болушу;";

2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

- 50-пунктундагы "үйүнүн дареги же" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 205 "Калкты дары-дармек менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча дарыкана мекемелери тарабынан фармацевтикалык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимде:

- 14-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын жарактуу мөөнөтү аяктаганда;";

- 18-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензия (Төлөөчүнүн жооптуу кызматкери тарабынан түп нуска менен салыштырылып текшерилген көчүрмө);".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

6-пунктундагы "билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:

- 16-пунктунун 1-пунктчасындагы "1-тиркемесинде көрсөтүлгөн" деген цифра жана сөздөр "1-тиркемесинин I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде:

- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. 16 жашка чейинки курактагы балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - окууну бүткөнгө чейин, бирок алар 18 жашка чыкканга чейин).".

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков