Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ccadb7a7-d71f-46b6-8e6d-26ab37decdba\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-марты № 179

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул акционердик коомдун аффилирленген жагы болуп эсептелбеген жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде аффилирленген жак болбогон (бул акционердик коомдун көз карандысыз директорунун кызмат ордун ээлеген учурдан тышкары), бул акционердик коомдун аффилирленген жактарына карата аффилирленген жак болуп эсептелбеген; бул акционердик коомдун же уюмдардын - бул акционердик коомдун аффилирленген жактарынын кызмат адамдарына көз каранды эмес жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде бул адамдарга көз каранды болбогон; мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген; бул акционердик коомдун органдарынын жыйындарында акционердин өкүлү болуп саналбаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде акционердин өкүлү болбогон; аудитордук уюмдун курамында иштеген аудитор катары бул акционердик коомдун аудитине учурда катышпаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде мындай аудитке катышпаган директорлор кеңешинин мүчөсү;";

2) 6-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Туунду коом негизги коомдун акцияларын сатып ала албайт.";

3) 38-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пунктча менен толукталсын:

"11-1) коомдун аудиторун шайлоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо;";

4) 45-берененин 1 жана 4-пункттарынын төртүнчү абзацтарындагы "20" деген цифралар "10" деген цифралар менен алмаштырылсын;

5) 54-берененин 1-пунктунун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 55-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Айкын сунуштоонун шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттаган айкын компанияларда айкын сунуштоо аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бүткүл мезгилинде директорлор кеңешинин курамынын 30 пайыздан аз эмеси директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү болууга тийиш.";

7) 57-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Коомдун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн кворум коомдун уставы менен аныкталат, бирок коомдун директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн санынын жарымынан аз болбошу керек.

Айкын компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан аз болбогон сандагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү көрсөтүлүшү зарыл.

Коомдун директорлор кеңешинин саны коомдун уставында каралган сандын жарымынан аз болгон учурда коомдун директорлор кеңешинин жаны курамын шайлоо үчүн коом акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү.

Коомдун директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жана даярдоо жөнүндө гана чечим кабыл алууга укуктуу.".

2-берене.                                                                                              

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти