Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 21-апрелиндеги
№ 237 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасында 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ

1. Киришүү

Айыл чарба кооперативи - айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жумуш менен камсыз болуусуна, айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган кооперативдик системанын маанилүү сегменттеринин бири болуп саналат, анын негизги милдети болуп майда дыйкан жана фермердик чарбаларды (мындан ары - ДФЧ) айыл чарба кооперативине ирилештирүү жана бириктирүүнү уюштуруу, ошондой эле айыл региондорунда ДФЧлардын, айыл чарба кооперативдеринин жана жеке ишкерлердин продукцияларын кабыл алуу, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү боюнча керектөө кооперацияларын түзүү эсептелет.

Концепция айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелерин чечүүнү жана 2021-жылга чейинки республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүнү, финансылык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү карайт.

2. Учурдагы абалды талдоо

Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативинин өнүгүүсү баштапкы этапта турат жана экономиканын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн, чарба жүргүзүү шарттарын жакшыртууда жана товардык продуктунун өсүүсү үчүн дем берүүдө маанилүү ролго ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 875 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында айыл чарба кооператив кыймылын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын иш-чаралары ишке ашырылган жок, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү да ишке ашкан жок.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча иштеп  жаткан айыл чарба кооперативдеринин саны 2006-жылга салыштырмалуу 3 эсеге азайган. 2006-жылы 1240 айыл чарба кооперативи катталса, 2016-жылы 360 айыл чарба кооперативи калган, алардын ичинен: Чүй облусунда - 56; Ысык-Көл облусу - 49; Ош - 49; Жалал-Абад облусу - 97; Талас - 72; Нарын облусу - 23; Баткен - 13.

Кооперативдик кыймылдын ишин талдоо көрсөткөндөй айыл чарба кооперативи ишке ашырыла элек олуттуу дараметке ээ жана келечекте айыл калкынын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө маанилүү орунду ээлейт.

Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсү колхоз жана совхоздорду реформалоо, жер жана агрардык реформа жүргүзүү мезгилинде башталып, рыноктук чарбаны түзүүгө багытталган жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө экономикалык жана өндүрүштүк өз алдынчалыкты берүү менен жерге жана башка өндүрүш каражаттарына жеке менчикти киргизүү каралган.

Жерди үлүшкө бөлүштүрүү чакан товарлуу өндүрүштү өнүктүрүүгө, чакан кирешеге ээ болуу менен майда чарба жүргүзгөн айылдык майда чарбалардын үстөмдүк кылуусуна алып келди. Мындай чарбалардын техникалык, товардык жана финансылык ресурстарды алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана аларды андан ары өнүктүрүүгө бул жагдай башкы тоскоолдук жаратат.

Жерлерди майда участокторго бөлүү жерди иштетүүдө техника жана финансы каражаттарын, сугат сууну сарамжалсыз пайдаланууга алып келип, айдоо талааларын алмаштырып себүү менен натыйжалуу пайдаланууга жол бербейт.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативин түзүүсү ДФЧларды тейлөө маселелерин чечүүнүн алгылыктуу жолу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы) аныкталгандай айыл чарбасын кайра түзүү боюнча орто мөөнөттүү келечектеги стратегиялык багыт болуп майда дыйкан-фермердик чарбаларды "өнүгүү башаты" болгон айыл чарба кооперативдерине бириктирүүгө жана ирилештирүүгө багытталган реформаларды жүргүзүү, алардын иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү эсептелет.

Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары көрсөткөндөй продукциянын маркетинги жана сатуу маселелери олуттуу мааниге ээ. Айыл чарба кооперативдеринин продукцияларынын маркетингин уюштуруу айыл жергесинде керектөө кооперацияларын жандандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен ишке ашырылат.

3. Концепциянын максаты жана милдеттери

Концепциянын негизги максаты Кыргыз Республикасында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга жана айыл чарба азыктарынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү болуп эсептелет.

Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн, бул Концепция төмөнкүдөй милдеттерди карайт:

- айыл чарба кооперативдеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү;

- чарба жүргүзүүнүн кооперативдик формасынын финансылык-кредиттик колдоо механизмин өркүндөтүү;

- айыл инфраструктурасын уюштуруу жана айыл чарбасында кооперативдик башкаруу элементтерин киргизүү;

- айыл чарба кооперативдерин илимий маалыматтык-консультациялык жана кадрдык жактан камсыздоо системасын өнүктүрүү.

4. Айыл чарба кооперативдик кыймылын өнүктүрүүнүн негизги багыттары

Рыноктук мамилелердин өнүгүү шартында Кыргыз Республикасынын айыл чарба кооперативин өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү, алардын экономикалык өсүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү зарыл.

Концепция республикада айыл чарба кооперативдик кыймылын 2 этапта - кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерде өнүктүрүүнү карайт:

а) кыска мөөнөттүү (2017-2018-жылдар) мезгилде айыл чарба кооперативин өнүктүрүүгө дем бере турган бир нече маселелерди чечүү керек:

- айыл чарба кооперативдеринин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;

- айыл чарба кооперативинин артыкчылыктары менен калкты кенен тааныштыруу максатында айыл жергесинде кеңири маалыматтык компанияларды уюштуруу жана өткөрүү, айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча сунуштарды жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу;

- айыл чарба кооперативдерин кредиттөө механизмдерин иштеп чыгуу:

- айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө жана пилоттук айыл чарба кооперативдерин уюштурууга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык донор уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;

б) орто мөөнөттүү (2019-2021-жылдар) мезгилде агрардык сектордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, тейлөө, кредит берүү, камсыздандыруу, жабдуу жана сатуу чөйрөсүндө туруктуу жана стабилдүү өнүгүп жаткан айыл чарба кооперативдерин түзүү жолу менен кооперативдик инфраструктураны уюштуруу турат.

Экономиканын өндүрүштүк секторунун нормалдуу иштешин камсыз кылуу үчүн республиканын региондорунда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө зооветеринардык, агротехникалык кызмат көрсөтүү боюнча айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү талап кылынат. Айылдык сервистик кооперативдерди уюштуруу негизинен кызмат көрсөтүүчү (агросервис, техсервис жана зооветсервис) айылдык мекемелердин базасында жүргүзүлөт.

Айыл чарба кооперативдерин өндүрүүчүдөн сатуу базарына чейинки толук жолду өз ичине камтыган кластердик ыкманы колдонуу менен уюштуруу зарыл. Бул айыл чарба продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластердик технологияны колдонуу менен, ар бир облуста бирден пилоттук айыл чарба кооперативин уюштуруу болжолдонууда.

Айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү каралууда:

- ишканаларды технологиялык модернизациялоо;

- кайра иштетүүчү ишканалар үчүн лизингдик төлөмдөрдү жарым-жартылай жабууга субсидия берүү;

- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн жабдуулардын лизингинин көлөмүн жогорулатуу.

Товардык-сервистик кооперативдер кайра иштетүүчү ишканалардын, соода-логистикалык борборлордун (соода-сатып алуу конторасы), машина-трактордук станциялардын базасында түзүлөт.

Кайра иштетүүчү мекеме мамлекеттик жеңилдетилген кредитти эсепке алуу менен айыл чарба кооперативинин мүчөлөрүн сапаттуу үрөн, жер семирткичтер менен камсыз кылат, айыл чарба техникаларын сатып алууга жардамдашат. Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү кайра иштетүүчү мекемеге айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө берет. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кайра иштетүүчүлөр менен бириктирүүдө продукциянын кошумча наркынын чынжырча системасы түзүлөт.

Ушундай эле схема менен айыл чарба кооперативдери соода-логистикалык борборлорунун жана машина-трактордук станцияларынын базасында иштешет.

5. Жер мамилелери жана айыл чарба кооперативдеринин укуктук базасы

Кооперативдик кыймылды укуктук жактан камсыздоо, айыл чарба кооперативдеринин мындан ары натыйжалуу иштөөсүнө жана өнүгүүсү үчүн шарт түзүүгө багытталат.

Концепцияда төмөнкүлөр каралган:

- Айыл чарба кооперативдер кеңешинин ишин жакшыртууну караган "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчүн колдонуудан бошотулган уюмдардын тизмесине айыл чарба кооперативдерин киргизүү, айыл чарба кооперативдерин төлөөчүлөрдүн өзүнчө категориясына бөлүү бөлүгүндө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;

- айыл чарба кооперативдерине сугат жерлерди орто жана узак мөөнөттүү ижарага алууда артыкчылык берүүнү караган 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине айыл чарба багытындагы жерлерди алууда айыл чарба кооперативдерине артыкчылык берүүнү караган толуктоолорду киргизүү.

Кооперативдик кыймылдын өнүгүүсүн кечеңдетип турган себептердин бири Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чегерүүлөрдүн деңгээлинин жогору - 27,25 пайыз өлчөмүндө экендиги эсептелет. Айыл чарба товардык-сервистик кооперативдерине жеңилдик берүү боюнча сунуш кылынып жаткан чаралар төмөнкүлөргө алып келет:

- айыл чарба кооперативдеринде иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин төмөндөтүүгө;

- айыл чарба багытындагы жерлердин рыногун өнүктүрүүгө, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн бириктирүү, ижара жана жер участокторун сатып алуу аркылуу айыл чарба кооперативдерин түзүүгө жана ирилештирүүгө;

- агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү жана которуп айдоону сактоо, инженердик-кадастрдык жайгаштыруу жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу үчүн ДФЧнын жер участокторун региондук, табигый-климаттык, табигый-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бириктирүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашырууга, ал айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган;

- айыл чарба кооперативдери жерди максаттуу пайдалануусу үчүн кыртыштын түшүмдүүлүгүн арттыруу жана жакшыртууга карата иш-чараларды жүргүзүү аркылуу жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча табиятты сактоо чараларын ишке ашыруу менен жердин пайдаланылуусуна контролду күчөтүүгө.

6. Айыл чарба кооперативдерин финансылык-кредиттик жана инвестициялык колдоо

Айыл чарба кооперативдерин финансылык-кредиттик жана инвестициялык камсыздоо айылдыктардын кирешесин арттырууга жана иш менен камсыз болуусуна мүмкүнчүлүк берүүчү айыл тургундарынын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга дем берүүгө, айыл чарба кооперативдер түйүндөрүн мамлекеттик жана башка финансылык ресурстарды тартуу менен кеңейтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашыруучу айыл чарба кооперативдерине финансылык жана кредиттик колдоо төмөнкүдөй чараларды камтыйт:

- "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча жеңилдетилген кредитти республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумманын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүндө айыл чарба кооперативдерине бөлүү;

- жыл сайын товардык кредиттерди (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка) берүү;

- айыл чарба техникасын лизингге берүү.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында кооперацияны өнүктүрүү максатында төмөнкү чаралар каралган: мамлекеттик жардам механизмин пайдалануу, ал жардам алуучу  - айылдык товар өндүрүүчүнүн ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү менен байланышта болот; агрардык секторду мамлекеттик колдоого алууда келечекте - айыл чарба продуктусун өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнө, жумуш орундарын түзүү деңгээлине кепилдик берүүчү айыл чарба кооперативдерине артыкчылык берилет. Мында кооперациянын бардык формалары мамлекеттик колдоого артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Мамлекеттик жардамдын каражаттары Кыргызстан кооперативдер союзунун өкүлдөрүнүн жана башка коомдук уюмдардын катышуусу менен бизнес-долбоорлордун конкурсунун негизинде бөлүштүрүлөт.

7. Айыл чарба кооперативдеринин ишин маалыматтык жана консультациялык камсыздоо, адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

Кооперативдик кыймылды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын бири айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча маалыматтык, түшүндүрүү жана консультациялык иштерди жүргүзүү, ДФЧлардын арасында үгүттөөнү кеңейтүү, кызматкерлерди окутуу жана адистерди даярдоо.

Айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү максатында:

- айыл чарба кооперативдеринин ишин жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

- фермерлер арасында айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык иштерди уюштуруу, атайын пландар боюнча окутуу семинарларын, тажрыйба алмашууларды өткөрүү;

- айыл чарба кооперативдеринин адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо системасын уюштуруу үчүн окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгуу.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, айыл чарба техникумдары жана окуу жайлар, билим берүү борборлору айыл чарба кооперациясы системасы үчүн кадрларды даярдоо, айыл чарба кооперативдеринин ишиндеги актуалдуу маселелер боюнча окутуу семинарларын уюштуруу боюнча милдеттерди чечет.

Концепцияны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен жыл сайын түзүлүүчү макулдашуунун негизинде Айылдык консультациялык кызмат (мындан ары - АКК), айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары жана союздары тартылат.

Ассоциациялар, айыл чарба кооперативдери жана коммерциялык эмес уюмдар Концепцияны жана айыл чарба кооперацияларын өнүктүрүүнүн улуттук долбоорлорун ар кандай стадияларда, анын ичинде айылдык товар өндүрүүчүлөргө программа боюнча маалымат берүүдө методикалык материалдарды даярдоодо, айыл чарба кооперативдерин түзүүдө мамлекеттик колдоо формаларында жана долбоорлордо, программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн коомдук контролго алууда катыша алат, айыл чарба кооперативдерине бизнес-план түзүүдө, жеңилдетилген кредиттерди алууга документтерди даярдоодо жардам көрсөтөт.

8. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен айыл чарба кооперативин өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү

Айыл чарба кооперативдик кыймылды өнүктүрүү жаатындагы анын мамлекеттик саясатты түзүү жана жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдында Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш (мындан ары - ВКК) түзүлөт, анын курамына тиешелүү мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.

ВКК ушул Концепцияны ишке ашыруу жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштоочу, консультациялык, методикалык колдонмолорду даярдоону ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү менен алардын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт, айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо жана кайра иштетүүгө шарт түзөт, укуктук ченемдик базаны жана айыл чарба кооперативдерине биригүүгө материалдык дем берүүнү ишке ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын атынан райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы райондун деңгээлинде Концепцияны ишке ашырууга жооптуу жана Концепцияны ишке ашырууну башкаруу ыкмасын жана формасын аныктоочу Концепциянын координаторун дайындайт.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы төмөнкү маселелерди чечет:

- райондук деңгээлде айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык иштерди уюштурууну;

- Концепцияны ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону;

- айыл чарба кооперативдеринин иш тажрыйбаларын жалпылоону жана жайылтууну;

- Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду даярдоону.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтү) кооперациянын артыкчылыгы жөнүндө калк арасында маалыматтык иштерди жүргүзүү жана өз аймактарында айыл чарба кооперативин түзүү боюнча иш-чараларга түздөн-түз катышуу сунуш кылынат.

9. Концепцияны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык натыйжалары

Айыл чарба кооперативдеринин чарбалык ишинин социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын болушунча ишке ашыруу менен жетишилет.

Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (GIZ), Эл аралык кызматташуу боюнча АКШ агенттигинин миссиясы (USAID), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Швейцария кызматташтык бюросу, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) сыяктуу эл аралык донордук уюмдар айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсү үчүн кызыгдар тараптардын келишимдеринин негизинде төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:

- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк чыгымдарын кыскартууга жана кирешелерин көбөйтүүгө;

- агрардык өндүрүштү тейлөөгө болгон ишенимди жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын арттырууга;

- дыйкандардын материалдык-техникалык, финансылык, маалыматтык ресурстар, айыл чарба азыктарынын жана сырье рынокторуна жетишин жакшыртууга, агрардык өндүрүштүн товардуулугун жогорулатууга.

Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- айыл чарба кооперативдеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну;

- фермерлердин өз ара жана башка агроөнөржай комплексинин товар өндүрүүчүлөрү менен продукцияны өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана сатууда өз ара байланышта болуусун;

- республиканын жана айылдын экономикалык дараметин жогорулатууга, айыл калкынын кирешесин жогорулатууга, айыл жергесинде кедейлик деңгээлин азайтууга, айыл жергесинде эмгек рыногун кеңейтүүгө көмөктөшүүнү.

Концепцияны ишке ашыруу механизми анын аткаруучуларынын курамын, өз ара аракеттенүү формаларын, коюлган милдеттерди чечүүгө багытталган ченемдик укуктук жана экономикалык мүнөздөгү чаралар комплексин аныктайт.

Концепцияны ишке ашыруунун финансылык-экономикалык механизми колдонулуудагы ченемдик укуктук база менен аныкталуучу баа, финансы-кредиттик, салыктык жана бажылык-тарифтик саясатта түзүлөт.

10. Концепцияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар

Ушул Концепцияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- тышкы факторлор (башка өлкөлөрдөгү экономикалык кризис, айыл чарба техникаларына баанын жогорулоосу, жабдуулар жана күйүүчү-майлоочу материалдар);

- ички факторлор (бюджеттик жана донордук каражаттардын келип түшүүсүнүн азаюусу, ченемдик укуктук актылардын өз убагында кабыл алынбагандыгы, импорттук ташуулардын көптүгүнөн айыл чарба продуктуларын жана чийки затты ички базарларда сатуу шарттарынын начарлоосу);

- табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын (суунун тартыштыгы, кургакчылык, нөшөрлөп төккөн жаан ж.б.) кесепеттери.

11. Концепцияны ишке ашыруу мониторинги жана баалоо

Концепцияны жалпы координациялоо жана ишке ашырууну башкаруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын райондук органдары тарабынан ишке ашырылат.

Ушул Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы мамлекеттик статистиканын маалыматтарынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине чарбакер субъекттерден келген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

Концепциянын ишке ашырылуусун баалоо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, мамлекеттик статистика органынын, Кыргызстан кооперативдер союзунун жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан үч этапта ишке ашырылат.

Биринчи этап. 2017-2018-жылдар мезгилинде Концепцияны аралыктык баалоо бардык кызыгдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт жана Концепцияны ишке ашыруунун алгачкы эки жылында жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын негизинде Концепциянын инструменттери жана аткарылып жаткан иш-чараларга талдоо жүргүзүлүп, кийинки эки жылга карата Концепциянын иш-чаралар планын ишке ашырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштамалар иштелип чыгат.

Экинчи этап. 2019-2021-жылдар аралыгына Концепцияны аралыктык баалоо бардык кызыгдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт жана Концепцияны ишке ашыруудагы биринчи эки жылда жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын негизинде Концепциянын инструменттери жана аткарылып жаткан иш-чараларга талдоо жүргүзүлүп, кийинки жылга карата Концепциянын иш-чаралар планын ишке ашырууга белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштамалар иштелип чыгат.

Үчүнчү этап. Концепцияны ишке ашырууну толук баалоо көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлүп, Концепцияны ишке ашыруунун бардык мезгилине жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтарына негизделет, анын базасында иш-чаралардан күтүлүп жаткан натыйжалар менен иш жүзүндө алынган жыйынтыкты баалоо жүргүзүлөт.

Мониторингдин негизги индикаторлору болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- айыл чарба кооперативдеринин иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- айыл чарба кооперативдерин түзүүнүн пландуу максаттуу көрсөткүчтөрү;

- айыл чарба кооперативдери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн көбөйтүү;

- айыл чарба кооперативдеринин эмгек өндүрүмдүүлүгү;

- айыл чарба кооперативдерине инвестицияларды жана кредит берүү көлөмү;

- айыл жергесинде эмгек рыногун кеңейтүү;

- айыл чарба кооперативдеринин алдыңкы технологияларын киргизүү;

- орто жана төмөнкү звенодогу кадрларды даярдоо системасын камсыздоо;

- өткөрүлгөн семинарлардын, тренинг-курстарынын жана окутулган фермерлердин саны, дыйкан жана фермердик чарбалардын жетекчилеринин арасында кооперативдик системанын артыкчылыктарын жайылтуу.

12. Ресурстук камсыздоо

Концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон негизги финансылык ресурстар инвесторлордун каражаттарынан, банктардын кредиттеринен, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин, финансылык донорлордун каражаттарынан жана "Айыл чарбасын каржылоо" мамлекеттик долбоорунун алкагында түзүлөт.

Консультациялык, окутуу жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө эл аралык донор уюмдар: "JICA" Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин, "GIZ" Германия эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин жана башкалардын бюджеттик каражаттары жана/же финансылык каражаттары тартылат.

Концепциянын Иш-чаралар планын ишке ашыруу республикада айыл чарба кооперативдеринин кеңири өнүгүүсүнө түрткү болуп, айылдардын социалдык жана экономикалык проблемаларын чечүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө айыл чарба субъекттеринин ортосунда сапаттуу жаңы мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, 2021-жылга чейин республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.