Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 16-майы № 287

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 750, 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87, 92, 93 жана 94-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы төмөнкү мамлекеттик ишканаларды кошуу жолу менен кайра уюштурулсун:

- "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси";

- "Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Беловодскоедеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы";

- "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы";

- "Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси";

- "Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси";

- "Канттагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Караколдогу "Жылуулук" ишканасы";

- "Чолпон-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Бостеридеги жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы";

- "Таластагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси";

- "Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Ат-Башыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Кетмен-Төбөдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы";

- "Миң-Куштагы тиричилик жактан тейлөө ишканасы";

- "Ысык-Көлдөгү жылуулук менен жабдуу жана суу берүү өндүрүштүк-эксплуатациялык бирикмеси";

- "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна";

- "Республикалык адистештирилген комбинат";

- "Чүйдөгү "Кристалл" мамлекеттик ишканасы".

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын кайра уюштурууда өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине укук берилсин.

4. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" деген сөз "Кыргызжылуулукэнерго" деген сөз менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ведомстволук уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 750, 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Описание: 152953_090119kyr.png