Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\74186bc3-b429-4ad8-bb9b-4e07088200b7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКОЙ КОДЕКСИ

1999-жылдын 8-июлу № 66

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 1192003-жылдын 28-июнундагы № 120, 2005-жылдын 3-мартындагы № 41 ,
2007-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 25-июлундагы № 1322013-жылдын 11-мартындагы № 38,
2013-жылдын 30-июлундагы № 178,
2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142,
2016-жылдын 25-июлундагы № 135, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Кодекс токойлорду сарамжалдуу пайдалануунун, коргоонун, сактоонун жана жаңыртып өстүрүүнүн, алардын экономикалык жана ресурстук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун, аларды сарамжалдуу пайдалануунун укуктук негиздерин белгилейт.

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава
Кыргыз Республикасынын Токой мыйзамдары

 

1-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр, аныктамалар

 

Токой - жер бетинин өсүмдүктөр каптоосунун негизги түрлөрүнүн бири, ал бак-дарактардан, бадал, чөп-чардан жана башка өсүмдүктөрдөн түзүлүп, өзүнүн өнүгүшүндө биологиялык жактан байланышкан, бири бирине жана тышкы чөйрөгө таасир эткен жаныбарлардын жана микроорганизмдердин жыйындысынан турат. Токой кыртышы - токой жыйындысынын ажырагыс бөлүгү. Токой - биосферанын курамдык жана эң маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын элементи. Ага дарыялардын гидрологиялык абалын сактап турууда, топурактын эрозиясынын жана дефляциясынын алдын алууда, ысык шамалдар менен күрөшүүдө зор роль таандык.

Карагай кыюу билети - токой пайдалануучунун жыгач (токой кыюуга), экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоого болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ.

Биоценоз - кургактыктын же көлмөлөрдүн белгилүү бир, салыштырмалуу бирдей участокторунда жайланышкан жана өз ара белгилүү мамилелер жана чөйрөнүн абиотикалык (биологиялык эмес) факторлору менен мүнөздөлгөн өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин биримдиги.

Кыюунун жетилүү курагы - токойдун максаттуу арналышына ылайык, өсүп жетилген дарактардын кыюу үчүн белгиленген куракка жетиши.

Кыйылган жерлер - дарактары кыйылып алынган, ал эми жаш дарактары токойго айлана элек токой аянттары.

Токой ресурстарын жаңыртып өстүрүү - эл чарбасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн, токой өнүмдөрүн өндүрүүнү жана кызматтарын үзгүлтүксүз жаңыртып туруу процесси.

Мамлекеттик аңчылык фондусу - табигый шарттарда жашаган бардык жапайы жаныбарлар, куштар, сойлоочулар жана жерде-сууда жашоочулар, ошондой эле аңчылык жерлерге көбөйтүү максатында кое берилген жаныбарлар, алар жашаган аймактар кимдин пайдалануусунда экендигине карабастан мамлекеттик аңчылык фондусун түзөт.

(Сегизинчи абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ишке жарактуу жыгачтар - эл чарбасынын жана калктын муктаждыгы үчүн жыгачтардан иштелип чыгуучу, токой материалдарынын кеңири тобу.

Токойду сактоо - токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка жагымсыз факторлордон сактоо чараларынын жыйындысы.

Заказник - илимий, маданий же чарбалык жактан баалуу жаратылыш комплексин сактоо жана калыбына келтирүү максатында, жаратылышты пайдаланууда жана адамдын башка иш-аракеттерине чек коюлган, белгиленген тартипте бөлүнүп берилген жер участоктору.

Токой мүлкүн каттоо - бак-дарактардын жана токойдун айрым участокторун тизмелөө жана картага түшүрүү боюнча иштердин комплекси.

Бадал - кыртыштын үстүндө жайыла бутактаган жана жетилген абалында да башкы сөңгөгү болбогон, көп жылдык жыгач өсүмдүгү.

Токой күтүү - токойду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн маданиятын жогорулатууга багытталган чаралардын тутумун иштеп чыгууну камсыз кылган токой чарбалык ишинин адистештирилген түрү.

Дары өсүмдүктөрү - адамдар менен жаныбарлардын оорусун профилактикалоо жана дарылоо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөр.

Токой чарбачылыгы - иш милдеттерине: токойлорду изилдөө жана эсепке алуу, аларды коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, токойду пайдалууну жөнгө салуу, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү кирген материалдык өндүрүш тармагы.

Токой чарбасы - токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын башкы курамдык бөлүгү болуп эсептелген жана токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык органдын жана токой чарба ишканасынын иш милдеттерин аткарган, өзүнчө өндүрүштүк-чарбалык бирдик; толук чарбалык жана каржылык өз алдынчалыкка ээ болгон юридикалык жак болуп саналат.

Токойду калыбына келтирүү - мурда токой менен капталган аянттарда токой өсүмдүктөрүн өстүрүү.

Токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу - токой чөйрөсүн, дарактардын абалын, токойдун суу сактоочу, коргоочу жана башка касиеттерин жакшыртуу үчүн, жетилген даракты өз убагында жана сарамжал пайдалануу үчүн жетилген жана ашыкча жетилген бак-дарактарда жүргүзүлгөн башкы пайдалануу үчүн кыюу.

Токой питомниги - токой көчөттөрүн өстүрүүчү питомник.

Токой жерлери - токой фондусунун токой менен капталган жана капталбаган жана токой өстүрүү үчүн арналган жерлери.

Токойчулук тийиштүү областтык, областтар аралык токой чарбачылыгынын башкармасынын токой чарбасынын курамына кирген баштапкы аймактык - өндүрүштүк бөлүкчө.

Токой таксалары - дүмүр акы, түп акы - токой ресурстарынын ар кандай түрлөрүнөн пайдалануу үчүн Өкмөт тарабынан белгиленген, ал ресурстарды коргоо жана жаңыртып өстүрүүнүн чыгымдарын камсыз кылуучу акы.

Токой кадастры - токойлорду сарамжалдуу пайдалануу, аларды коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү пландоо жана токой фондусун жайгаштыруу үчүн мамлекеттик бирдиктүү тутум боюнча мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүчү токойлордун эсебин алуу.

Мониторинг - антропогендик таасирлерден улам экотутумдардын өзгөрүүлөрүнө жана абалына туруктуу комплекстүү байкоо жүргүзүүлөрдүн, баалоонун жана прогноздоолордун тутуму.

Кыйылбай калуу - кыюулар белгиленген, бирок токой кыюу билетинде көрсөтүлгөн мөөнөттө кыйылбаган дарактар же токой участоктору.

Токой чарбачылыгын жамагаттык жүргүзүү - токой фондунун өзүндө же ага жакын жерде турган жергиликтүү коомчулук тарабынан токой чарбасы ишин (токойду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана токой пайдалануу) пландаштырууну жана ишке ашырууну жүргүзүүсү.

Аңчылык жерлери - жапайы айбандар жашаган же жашай ала турган бардык жерлер жана токой аймактары, тоо массивдери, суу мейкиндиктери жана саздар, ал аймактардын кимге таандык экендигине карабастан аңчылык жерлери катары таанылат.

(Жыйырма сегизинчи абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Токой жайыттары - токой чарбачылыгына зыян келтирбей, жаныбарларды (мал) жаюу үчүн пайдаланылган, токой фондусунун оттуу жерлери.

Токойду кошумча пайдалануу - жыгач жана экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоодон башка, токойдо жана токой фондусунун токой каптабаган жерлериндеги ар түрдүү пайдалануулар.

Токойдогу өрт коркунучунун мезгили - жылдын токой өрттөрү чыгып кетүүсү мүмкүн болгон, календардык бөлүгү.

Токойду багуу иретинде кыюу - токойду багып өстүрүү, ал тигилген дарактардын арасынан керексиз бактарды жок кылуу жана башкы түрлөрдүн эң мыкты дарактарынын өсүшүнө жагымдуу шарттар түзүү жолу менен тигилген дарактарды калыптандыруу жана жыгачты өз убагында пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат.

Токойдун санитардык абалы - токойдун булгануусу, кургап бараткан жана куурап калган дарактардын саны жөнүндөгү маалыматтарды камтыган токойдун мүнөздөмөсү.

Санитардык кыюу - токойдун санитардык абалын жакшыртуу максатында айрым илдетке чалдыккан, зыянга учураган жана куурап бараткан дарактарды же бардык дарактарды кыюу.

Флора - белгилүү бир географиялык мейкиндикте өскөн, тарыхый калыптанган өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жыйындысы.

Фауна - белгилүү бир географиялык мейкиндикте жашаган, жаныбарлардын тарыхый калыптанган жыйындысы.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Токой мыйзамдары

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык токой мыйзамдары ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасындагы токой мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

 

3-берене. Токой мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери

 

Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары токой чарбачылыгын натыйжалуу башкаруунун, токой экотутумдарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоонун, токойлордун экологиялык жана экономикалык потенциалын жогорулатуунун, токой чарбачылыгын илимий негизде, көп максаттуу жүргүзүүнүн негизинде коомдун токой ресурстарына болгон муктаждыгын канааттандыруунун жалпы мамлекеттик милдеттеринен келип чыккан токойлорду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө, аларды сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Токой мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелер

 

Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары мамлекеттик токой фондусуна кирген жана кирбеген токойлорду коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү, сарамжалдуу пайдалануу жана жок болбогондой пайдалануу, ошондой эле токой фондусунун токой өсүмдүктөрү каптабаган жерлерин пайдалануу жагындагы мамилелерин жөнгө салат.

Токой фондусун пайдалануудан келип чыккан жер, суу, мамилелери кен байлыктарды пайдалануу мамилелери, жана башка мамилелер жер, суу жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

5-статья. Токой мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, уюмдар жана бардык көзөмөл жүргүзүүчү органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан токой мыйзамдарынын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын карамагындагы төмөн турган прокурорлор тарабынан ишке ашырылат.

 

2-Глава
Токой фондусу

 

6-статья. Токой фондусу

 

Токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген, мамлекеттик, коммуналдык жана жеке менчиктеги бардык токойлор жана жерлер Кыргыз Республикасынын бирдиктүү токой фондусун түзөт.

 

7-статья. Мамлекеттик токой фондусу

 

Токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген, коммуналдык жана жеке менчикте турган токойлордон бөлөк бардык токойлор жана жерлер токой фондусун түзөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү Кыргызстан элинин турмушу менен иш - аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө кароосунда болот.

 

8-статья. Токой фондусунун жерлери

 

Токой каптаган, ошондой эле токой каптабаган, бирок токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн берилген жерлер токой фондусунун жерлери катары таанылат.

Токой фондусунун курамына:

- токойлорду (токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер) жана токой өсүмдүктөрү өспөгөн жерлерди (жыштыкты түзбөгөн эгилген өсүмдүктөрү бар жерлер, плантациялар, питомниктер, токою кыйылган жерлер, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, бош жерлер) ичине алган токой жерлери;

- токойлор менен бирдиктүү жаратылыш комплексин түзгөн токой эмес жерлер (айыл чарбасына жана башкаларга жарактуу жерлер, ошондой эле чарба иши менен байланышкан объекттерди курууда токою кыйылган жерлер жолдор, өрткө каршы тилкелер, электр линиялары берүү, өткөргүч түтүктөр өткөн жерлер) кирет.

Токой фондусунун жерлерин башка категориядагы жерлерден бөлүп турган чек Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

 

9-статья. Токой фондусунун участоктору

 

Токой фондусунун участокторуна токой участоктору, ошондой эле токой өсүмдуктөрү каптабаган участоктор кирет.

Токой фондусунун участокторунун чектери токой чарбачылыгынын белгилеринин жардамы менен белгиленүугө жана пландык - картографиялык материаддарды (токой карталарында) көрсөтүлүүгө тийиш.

Токой фондусунун участокторуна жана аларды пайдалануу укуктарына карата жарандык мыйзамдардын жарандык укуктардын объекттери тууралу жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын токой жана жер мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

 

10-статья. Токой фондусуна кирбеген дарак - бадал өсүмдүктөрү

 

Токой фондусуна төмөндөгүлөр кирбейт:

- жалгыз дарактар жана топ дарактар, бадал өсүмдүктөрү жана айыл чарбасы багытындагы жерлердеги пайдаланылган агротокоймелиорациялык өсүмдүктөр;

- темир жана автомобиль жолдоруна, каналдарга жана башка узата салынган курулуштарга бөлүнгөн тилкелердеги коргоочу бак -дарактар;

- шаарлардагы жана башка калктуу конуштардагы (шаар токойлорун кошпогондо) короо - жайлардын жанындагы, дачалык жана багбанчылык участокторундагы жалгыз дарактар жана топ дарактар жана бадалдар, жашылдандыруучу өсүмдүктөр.

Токой фондусуна кирбеген бак - дарактарды тигүү, аларды багуу, пайдалануу жана коргоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аныктаган тартипте ишке ашырылат.

 

3-Глава
Токой фондусуна карата менчиктик укук

 

11-статья. Мамлекеттик токой фондусуна карата менчиктик укук

 

Кыргыз Республикасынын токой фондусу мамлекеттин гана менчигинде болот.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой фондусун менчиктөө укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары белгилеген компетенциянын чегйнде ишке ашырышат.

Кыргыз Республикасынын токой фондусуна карата мамлекеттин менчиктөө укугун тике же кыйыр түрдө бузуучу бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп табылып, тийиштүү укуктук натыйжаларга алып келет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамынын релакциясына ылайык) 

 

12-статья. Жеке менчиктүү токой жерлери

 

Жерге карата жеке менчиктик укук жөнүндөгү конституциялык жобого ылайык Кыргыз Республикасында токойду жасалма өстүрүү үчүн жер участокторун жеке менчикке берүү шарттарында жеке менчиктүү токой жерлерине жол берилет.

Жасалма токой өстүрүү максаттары үчүн жер участоктору жеке менчикке пайдаланылбаган жерлердин курамынан берилет. Мындай максаттар үчүн жер участокторун мамлекеттик токой фондусунан берүүгө тыюу салынат.

Токойлорду жасалма өстүрүу үчүн жер участокторун жеке менчикке берүү тартиби Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына шайкеш жүзөгө ашырылат.

 

13-статья. Мамлекеттик токой фондусун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу

 

Мамлекеттик токой фондусунун участоктору Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдарына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдаланууга берилет.

Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой фондусунун участоктору (менчигинин түрүнө карабастан) тийиштүү уюмдарга маданий, ден соолукту чыңдоо максаттар, илимий - изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка иштер үчүн ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Токой фондусунун участокторун мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин курамынан мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт.

Токой фондусунун жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт.

 

14-статья. Токой фондусун пайдалануу

 

Токой фондусунун участоктору ушул Кодекстин 48 - статьясында каралган максаттар үчүн пайдаланууга Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга берилиши мүмкүн.

Токой фондусунунун участокторун пайдаланууга берүү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

 

15-статья. Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрүнө карата менчиктик укугу

 

Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигиндеги жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрү, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ага менчик укугунда таандык болот.

Аталган дарак - бадал өсүмдүктөрүнүн ээлөө, пайдалануу жана тескөө менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

16-статья. Токойду пайдалануу укугун токтотуучу негиздер

 

Токойду пайдалануу укугу төмөндөгүдөй учурларда:

- токойду пайдалануудан ыктыярдуу түрдө баш тартылганда;

- токойду пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөндө;

- токой фондусунун участогу пайдаланууга берилген уюм же чарба жүргүзүүчү башка субъект жоюлганда;

- токой фондусунун жерлери мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн белгиленген тартипте алынып коюлганда;

- токойду пайдалануу токойду пайдалануунун тартибин жана эрежелерин бузуу менен жүргүзүлгөндө;

- токойду пайдалануу токойдун абалына жана жаңыртып өстүрүлүшүнө тескери таасир берген, алардын экологиялык милдеттерин төмөндөткөн, ошондой эле топурак эрозиясына жана башка терс процесстерге алып келген ыкмалар менен жүзөгө ашырылганда;

- токойду пайдалануучулар уруксат берүүчү документтерде каралган милдеттерин аткарбаганда;

- уруксат берүүчү документтерде каралган, токойду пайдаланууларды улантуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу токойлорду корголуу категорияларына таандык кылуу;

- токойду пайдалануу үчүн акы белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө токтулат.

Токой фондусун пайдалануу укугун токтотуу уруксат берүүчү документтерди берген органдардын, токой кыюу билетин, (ордерди), токой билетин жокко чыгаруулары менен белгиленет.

Токойду пайдалануучу токой фондусун пайдалануу укугун токтотуу жөнүндөгү чечимге макул болбогондо, ага административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттана алат.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 119, 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II БӨЛҮМ
ТОКОЙ ФОНДУСУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ
ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ

 

4-Глава
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу
жагындагы компетенциялары

 

17-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токой мамилелерин жөнгө салуу жагында карамагына токой мамилелерин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарды кабыл алуу, өзгөртүү, толуктоо, жокко чыгаруу кирет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын жана токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы карамагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо кирет.

(КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

18-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына:

- токой чарбачылыгын башкаруу жана токойлордун абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна, сакталышына, токой ресурстарын пайдаланылышына көзөмөлдүк жүргүзүү түзүмүн аныктоо;

- токой жана аңчылык ресурстарын коргоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашырууну уюштуруу,

- токой чарбасын жүргүзүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын пландаштыруу, аныктоо;

- токой фондусун коргоо, сактоо жана пайдалануу, токойлорду жаңыртып өстүрүү жагында бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүү;

- мамлекеттик токой фондусуна пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө;

- токойлорду тийиштүү корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу принциптерин белгилөө;

- токой чарбачылыгын жүргүзүү жагында мамлекеттик статистикалык отчетторду жүзөгө ашыруунун тартибин белгилөө;

- токойду пайдалануу үчүн акы алуу тартибин жана анын өлчөмдөрүн, ошондой эле төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө;

- токойду пайдалануунун, өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн, жаңыртып өстүрүүнүн, токойду коргоонун жана сактоонун ченемдерин, ченемдиктерин жана эрежелерин белгилөө;

- илимдин, техниканын эң соңку жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана технологияны токой чарба өндүрүшүндө колдонууга көмөк көрсөтүү;

- токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен бирге токойлорду жана фаунаны сарамжалдуу пайдалануу жана алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу, аларды коргоо жана сактоо, жаратылышты коргоонун башка иш-чаралары менен бирдикте жаңыртып өстүрүү боюнча республикалык программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу;

- Кыргыз Республикасында токой фондусунун эсебин алуунун, токой кадастрын, токойлордун мониторингин жүргүзүүнүн жана токой күтүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө;

- токой чарбалары жагында эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;

- токой чарба ишканаларын, улуттук парктарды, коруктарды, заказниктерди түзүү жана токой фондусунун аймагындагы республикалык маанидеги жаратылыш эстеликтерин айкындоо кирет.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-берене. Областтык мамлекеттик администрациянын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

 

Областтын администрациялык чек арасынын чегинде областтык мамлекеттик администрациянын карамагына:

- токой кадастрынын жана токойдун эсебин алуу документтерин бекитүү;

- токой чарбачылыгын жүргүзүү жагында мамлекеттик статистикалык отчетторду ишке ашыруу;

- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жылдык жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- токойлордун абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна жана сакталышына, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу;

- токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтар аралык мамлекеттик органдын сунушу боюнча областтын райондорунун жер пайдалануучуларынын ортосунда токой фондусунун чөп чабык жана жайыт жерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүү;

- токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын уюштуруу боюнча токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-аракеттер;

- токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдардын сунушу боюнча токой чарбаларын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн схемаларын (анын ичинде коргоочу токойлорду өстүрүүнүн) долбоорлорун макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн компетенциясына кирбеген башка маселелер боюнча токой мамилелерин жөнгө салуу кирет.

Областтык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу боюнча компетенциялары Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна да жайылтылат.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Райондук (шаардык) мамлеңеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

 

Райондун (шаардын) администрациялык чек арасынын ичинде райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын карамагына:

- жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө жана токой фондусунун жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды толтуруу, каттоо жана берүү;

- токой фондусун ижаралоо келишимдерин каттоо;

- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча мамлекеттик статистикалык отчет берүүнү жүргүзүү;

-токой ресурстарынын абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу;

- токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын сунушу боюнча токой мыйзамдарын, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын чарбалык аракеттерин, ошондой эле объекттердин курулушун токтото туруу;

- токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондогу жер пайдалануучулардын ортосунда токой фондусунун жеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди бөлүштүрүү;

- токой чарбачылыгын социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгуута катышуу;

- токой чарбачылыгынын салынып бүткөн объекттерин кабыл алууга катышуу кирет.

 

21-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токой фондусун сактоо, коргоо жана пайдалануу жагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилиши мүмкүн.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-Глава
Токой фондусун мамлекеттик башкаруу жана анын абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө,
орголушуна жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү

 

22-статья. Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруунун негизги принциптери

 

Токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:

- токой чарбачылыгында бирдиктүү илимий - техникалык саясатты ишке ашыруу;

- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү улуттук жана регионалдык дэңгээлдерде пландаштыруу;

- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүү;

- токойлорду натыйжалуу коргоо жана сактоо;

- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;

- токой фондусунун жерлеринин токойлуулугун үзгүлтүксүз көбөйтүү;

- токой фондусунун арыктаган (деградацияланган) жерлерин калыбына келтирүү;

- токой фондусун Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында сарамжалдуу жана жок болбогондой пайдалануу;

- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу;

- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;

- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;

- токой чарбачылыгын жүргүзүүйүн жаңы формаларын туруктуу өнүктүрүү.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

23-статья. Токой фондусун мамлекеттик башкаруу органдары

 

Кыргыз Республикасынын аймагында токой чарбачылыгын жүргүзүү, токойлорду коргоо жана сактоо, жаңыртып өстүрүү жана аларды пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган жана бул үчүн атайын ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Токой фондусун тескөө жана пайдалануунун негизги милдеттери улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.

 

24-берене. Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын компетенциясы

 

Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын карамагына:

- компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык токойлорду жаңыртып өстүрүү, коргоо, сактоо жана пайдалануу жагында негизги жоболорду, эрежелерди, нускамаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

- токой чарбаларын өнүктүрүүнүн мамлекеттик пландарын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу;

- токой чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн республикалык жана регионалдык программаларын түзүү жана алардын аткарылышын уюштуруу;

- токой чарбачылыгынын келечекте жана учурдагы өнүгүшүн пландоо жана бул маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;

- мамлекеттик токой фондусунун курамынан жер участокторун алып коюу жана берүү жөнүндөгү маселелер боюнча тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте корутундулар киргизүү;

- токой мыйзамдарын же жаратылышты коргоочу жана санитардык ченемдерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын иш-аракеттерин токтото туруунун жана токтотуунун максатка ылайыктуулугу маселелери боюнча белгиленген тартипте сунуштарды жана корутундуларды киргизүү;

- тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын катышуусу менен мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин курамынан чөп чабык жана жайыт жерлерди бөлүштүрүү;

- токой чарбаларын жүргүзүүнү уюштуруу;

- мамлекеттик токой фондусунун участокторун ижарага берүү;

- токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, абалына, корголушуна жана сакталышына, токой ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү;

- суу бөлгүчтөрдү сактоо, токой фондусунун жерлеринде селдерге жана кыртыш эрозиясына каршы күрөшүү иштерин уюштуруу жана ишке ашыруу;

- мамлекеттик токой фондусунун жерлерин максатка ылайык пайдаланууну жана коргоону уюштуруу;

- токой чарбалары, токой күтүү жагында илимий изилдөө жана долбоорлоо-иликтөө иштерин уюштуруу;

- токой фондусунун, анын эсебин алуунун, токой кадастрынын жана токой күтүүнүн мониторингин уюштуруу жана жүргүзүү;

- токой чарбасынын, токойчулуктардын жана кордондордун аталышы жөнүндөгү маселелерди (белгиленген тартипте) чечүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирбеген, токой чарбачылыгын башкаруу боюнча башка маселелерди чечүү кирет.

Токой мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык, областтык жана областтар аралык, аймактык мамлекеттик органдардын өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде кабыл алынган чечимдери, бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрлөрүнө карабастан уюмдардын, ошондой эле жарандардын аткаруусу үчүн милдеттүү.

Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган токой фондусун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, токойлорду өрттөн сактоо, токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү, токой күтүү жана башкалар боюнча атайын кызматтарды түзөт.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдар

 

Мамлекеттик токойчулук чарбалары (токой чарбалар) жана алардын курамына кирген токойчулуктар (өзүнчө баланстагылар) токой чарбасын жана токой чарба ишканаларынын башкаруучу мамлекеттик органдардын иш милдеттерин жүзөгө ашырышат, токойду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана токойду пайдаланууну уюштуруу боюнча өздөрү чечүүчү маселелерге ылайык, алар үчүн белгиленген чарбалык жана каржылык жактан өз алдынчалыкка ээ болгон юридикалык жактар болуп саналат.

Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдын улуттук парктары токой фондусунун белгиленген аймактарындагы токойду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкарууну жүргүзүшөт жана токой чарбаларынын укуктарына ээ болушат.

Токой фондусун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу маселелерин токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдар, улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык жана токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекитүүчү, токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдар жөнүндөгү жободо белгиленген тартипте чечишет.

 

26-статья. Токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдар

 

Токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдардын компетенциясы ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен, областтык, областтар аралык токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жөнүндөгү жобо менен аныкталат.

 

27-берене. Токой фондусунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү

 

Токой фондусунун абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртып өстүрүлүшүнө, токой ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.

Көрсөтүлгөн көзөмөлдү ишке ашырууну, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргелештикте токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктары бар башка мамлекеттик органдары камсыз кылышат.

Токойлордун абалына, жаңыртып өстүрүлүшүнө жана сакталышына, токой фондусунун пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-Глава
Токой чарбачылыгын уюштуруунун негиздери

 

28-статья. Токой чарбачылыгын жүргүзүүгө коюлуучу негизги талаптар

 

Токой чарбачылыгын жүргүзүү:

- токойлордун сакталышын, аларды өрттөн коргоону, зыянкечтерден жана илдеттерден сактоону;

- адамдардын ден соолугун сактоо, айлана - чөйрөнү жакшыртуу жана жапайы жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо таламында, токойлордун жаратылышты коргоочу, сууну жөнгө салуучу, кыртышты сактоочу жана башка пайдалуу касиеттерин сактоону жана күчөтүүнү;

- токойлорду калыбына келтирүүнү жана өстүрүүнү, алардын түрлүк курамы менен сапатын жакшыртууну;

- токойлорду жана токой фондусунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланууну, алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатууну;

- улуттук токой саясатынын принциптеринин, илимдин, техниканын жана алдыңкы тажрыйбанын негизинде, Кыргыз Республикасынын чарбасынын артыкчылыктуу тармагы катары токой чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Токой чарбачылыгы боюнча иш - чаралар жана токойду пайдалануу

адамга жана жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирбей турган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.

 

29-статья. Токойлордун статусу

 

Кыргыз Республикасында токойлор жаратылышты коргоочулар болуп саналып, кыртышты, сууну сактоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, көмүртектин диоксидин сиңирип алуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттерин эскертүүчү жана башка милдеттерди аткарат жана мамлекет тарабынан корголот.

Токой фондусунун экологиялык, экономикалык жана социалдык маанисине, ал аткарган милдеттерге ылайык мамлекеттик токой фондусу коргоолуу категорияларына бөлүнөт.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

30-статья. Токойлордун корголуу категориялары

 

Кыргыз Республикасында токойлор төмөнкү корголуу категорияларына бөлүнүшөт:

- суу сактоочу (дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка көлмөлөрдүн жээктериндеги тыюу салынган токой тилкелери);

- коргоочу (эрозияга каршы токойлор, транспорттук жолдордун бойлорундагы коргоочу токой тилкелери, чөлдөрдөгү жана сейрек токойлуу тоолуу чөлкөмдөрдөгү айлана - чөйрөнү коргоо үчүн мааниге ээ болгон токойлор);

- санитардык - гигиеникалык жана ден соолукту чыңдоочу (шаарлардагы токойлор, токой парктары, калктуу конуштардын тегерегиндеги жашыл токой зоналары, суу менен жабдуучу булактардын санитардык коргоо зонасындагы биринчи жана экинчи тилкедеги токойлор, курорттордун санитардык коргоочу аймактарындагы токойлор);

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлору (коруктар жана корук зоналары, улуттук жаратылыш парктары, заказниктер, өзгөчө баалуу токой жыштыктары, илимий маанидеги токойлор, анын ичинде генетикалык резерваттар жана жаратылыш эстеликтери, жаңгак токойлору,арча токойлорун, мисте токойлорун)

Токойдун өзгөчө корголуучу участоктору токойду күтүүнү жургүзүүдө же атайын изилдөөлөрдө айырмаланып бөлүнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 28-июнундагы № 120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

31-статья. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү

 

Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү, ошондой эле токойду пайдаланууга тыюу салынган же чектөө коюлган өзгөчө коргоо участокторун бөлүү токойлордун экономикалык, генетикалык, социалдык - экономикалык маанисин эске алуу менен токой чарбачылыгынын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

Токойду пайдалануу тартибин токойлордун корголуу категорияларына жараша белгилөө ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

32-статья. Токой фондусунун жерлерин алып коюу

 

Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн токой фондусунун жерлерин алып коюу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын мындай алып коюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусун эске алуу менен жүргүзүлөт.

 

33-статья. Токойлуу жерлерди токойсуз жерлерге айландыруу

 

Токой жерлерин, токой чарбачылыгын жүргүзүүгө жана токойду пайдаланууга байланышпаган максатта пайдалануу үчүн токойсуз жерлерге өткөрүү Кыргыз Республикасынын токойлорунда өзгөчө учурларда жана мамлекеттик экологиялык - экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын корутундулары болгондо гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.

Токойлуу жерлерди токойсуз жерлерге өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

34-статья. Мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн токой фондусунан жер участокторун алууда токойду пайдалануу тартиби

 

Мамлекеттин же коомдун муктаждыгы үчүн, токой баскан жер участокторун алып коюу менен бир эле убакта токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын сунушунун негизинде, токой чарбачылыгын сактап калуу же кыюу жана алынган жыгачты пайдалануу тартиби жөнүндөгү маселе чечилет.

Токой фондусунан алынып коюлган жерлердеги токой дарактарын сактап калуу жөнүндө чечими кабыл алынганда, токойдун бул участокторуна Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген токойду пайдалануу тартиби жайылтылат.

 

35-статья. Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү объекттерди жайгаштыруу

 

Жаңы жана реконструкциялануучу ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди изилдөөдө, долборлоодо, курууда жана пайдаланууда берүүдө, ошондой эле токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү жаны технологиялык процесстерди колдонууда, токойлорду булганыч агын суулардын, химиялык заттардын, өнөр жайлык жана коммуналдык - турмуш тиричиликтик абага чыгаруулардын, калдыктардын зыяндуу таасиринен жана башка зыяндуу таасирден коргоону камсыз кылуучу иш -чаралар каралат жана жүзөгө ашырылат.

Токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү ишканалар, курулуштар жана башка объекттер курулчу жерлерди аныктоо мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын, атайын укук берилген башка мамлекеттик органдардын оң корутундуларынын негизинде колдонуудагы мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

Экотутумдун абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлмөлөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана кайра конструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.

 

36-статья. Токойлордо иш жүргүзүү тартиби

 

Токой фондусунун токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну ишке ашыруу менен байланышпаган жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, пайдалуу кен казып алуу, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү жана бургулоочу жана башка жумуштар жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка кызыкдар органдар менен макулдаштыкта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо жана Кыргыз Республикасынын токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын токойлорду коргоону жана аларды жаңыртып өстүрүүнү, токой фондусунун жерлерин рекультивациялоону камсыз кылуу боюнча талаптары аткарылганда гана жүргүзүлөт.

Көрсөтүлгөн иштер токойдун коргоо касиеттерин, токойлордун өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалын, ошондой эле аларды жаңыртып өстүрүү шарттарын начарлатпай турган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.

 

III БӨЛҮМ
ТОКОЙ ФОНДУСУНУН УЧАСТОКТОРУНУН ЭЭЛЕРИНИН ЖАНА ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРДЫН
УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

7-Глава
Токой фондусунун участокторунун ээлеринин жана токойду
пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

 

37-берене. Токой чарбаларынын укуктары жана милдеттери

 

Токой чарбалары:

- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү пландаштыруунун келечектеги жана учурдагы маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга киргизүүгө;

- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иш - аракетти жүзөгө ашырууга;

- токой чарбасын жүргүзүү үчүн жана токойду пайдаланууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жол курулушун, токой кампаларын, өрткө каршы жана химиялык станцияларды, турак-жай жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана алгачкы кайра иштетүүчү курулуштарды жана башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

- токойду пайдалануу жана аны менен байланышкан башка максаттар үчүн мамлекеттик токой фондусунун участокторун уюмдарга жана жарандарга натуралай бөлүп берүүгө, токой кыюу билеттерин (ордерлерди) же токой билеттерин берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;

- ижарага берүү келишимдерин түзүүгө;

- мал чарбалыкты, аарычылыкты, аң терилүү айбандарды багууну, жыгачты жана жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, дары чөптөрдү кайрадан иштетүүнү өнүктүрүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте чарба жүргүзүү укугундагы мамлекеттик ишканаларды түзүүгө;

- экологиялык туризмди уюштурууга;

- чарбалык муктаждыктар үчүн жалпы таралган, жер үстүнө чыгып турган пайдалуу кендерди акысыз пайдаланууга, ошондой эле мамлекеттик токой фондусунун, алардын туруктуу пайдалануусуна бөлүнүп берилген жер участокторунда жайгашкан суу объекттерин пайдаланууга жана башка белгиленген тартипте жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоого, белгиленген тартипте аларды өнөр жайлык иштетүүнү жүргүзүүгө;

- токойду пайдалануучуларга жана башка юридикалык жана физикалык жактарга чарбалык муктаждыктары үчүн жалпы таралган пайдалуу кендерди пайдаланууга укук берген ордерлерди берүүгө укуктуу.

Токой чарбалары жана токойчулуктар:

- токойлордун жаңыртып өстүрүлүшүн, корголушун жана сакталышын жана алардын экологиялык, жана санитардык абалынын жакшыртылышын, аны багууну,токойлордун мүмкүнчүлүгүн жана токой жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууну, токойду пайдаланууну уюштурууну, токойду пайдаланууну камсыз кылууга жана токой чарбасын жүргүзүү боюнча башка милдеттерди аткарууга;

- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын табигый жактан пайдалуу касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;

- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу милдеттеринин сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары -дармек, тамак - аш жана техникалык сырьену чогултуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду коргоо жана сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-статья. Токой фондусунун участокторунун ээлеринин мамлекеттик токой чарбачылыгын жургүзүү менен байланышпаган укуктары жана милдеттери

 

Спорттук - ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу, дарылоо, илимий - изилдөө жана жаратылышты коргоо иштерин уюштуруу үчүн берилген мамлекеттик токой фондусунун участокторунун ээлери өздөрүнүн иш - аракеттерин, мамлекеттин токой фондусунун участоктору аларга берилген максаттарга жана мыйзамга ылайык гана жүзөгө ашырышат.

Жеке менчик токойлордун ээлери, аларды коргоо, сактоо жана пайдалануу менен байланышкан бардык маселелерди ушул Кодекстин, ошондой эле иш - аракеттин бул түрүн жөнгө салуучу башка мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен чечишет.

 

39-статья. Токойду пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

 

Токойду пайдалануучулар:

- мамлекеттик токой фондусунун участокторун, алар берилген шарттарга ылайык пайдалануу үчүн натуралай алууга;

- белгиленген тартипте жол салууга, өндүрүштүк жана чарбалык курулуштарды тургузууга, чарба ишин жүргүзүү үчүн жабдууларды жана жасалгаларды орнотууга, транспорт токтоочу жайларды салууга жана д.у.с.;

- мамлекеттик токой чарбасы тарабынан берилген ордердин негизинде, өзүнүн чарбалык муктаждыктары үчүн жалпы таралган пайдалуу кендерди пайдаланууга укуктуу.

Токойду пайдалануучулар:

- жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга;

- даярдоо жана ташып кетүү үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин кыйылбаган дарактарды, ошондой эле даярдалган жыгачтарды кыйылган жерлерде жана токойдо калтырбоого;

-жаныбарлар дүйнөсүн жана алар жашаган чөйрөнү сактоо менен берилген токой чөп чабыктарын, жайыттарды, башка жерлерди жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга;

- ишке ашырылып жаткан токойду пайдаланууларды токойлордун абалына жана аларды жаныртып өстүрүүгө жана башка жаратылыш объекттерине терс таасир берүүсүнө жол бербеген ыкмалар менен жүргүзүүгө;

- өрт коопсуздугун сактоого, иш жүрүп жаткан жерлерде өрткө каршы иш -чараларды жүрүгүзүүгө, ал эми токой өрттөрү чыккан учурларда аларды өчүрүүгө;

- жыгачтын коромжу болушуна, ишке жарактуу жыгачтын отунга айланышына жана анын башка иштерге жумшалышына жол бербөөгө;

- кыркылган аянттарды кыркынды калдыктардан арылтууга жана токойду пайдалануу убагында бузулган жерлерди тиешелүү максатта пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүнү өз эсебинен жүргүзүүгө;

- токойду пайдалануу үчүн өз учурунда акы төлөп туруута ;

- токойду пайдаланууда токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген башка талаптарды аткарууга милдеттүү.

 

40-берене. Токой фондусунун участогун пайдалануучулардын укуктарын коргоо

 

Токойду пайдалануучулар токой мыйзамдарын жана токойду пайдалануунун белгиленген тартиптерин бузган учурлардан бөлөктө, токой фондусунун участогун пайдалануучулардын иш - аракеттерине мамлекеттик, коомдук (көзөмөл жүргүзүүчүлөрдөн башка) органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.

Токой фондусунун участогун пайдалануучулардын укуктарын бузуу менен келтирилген чыгымдардын орду толук көлөмдө толтурулуп берилет. Чыгымдарды ордун толтуруу боюнча талаш - тартыштарды сот карайт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

41-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жана жарандыгы жок адамдардын милдеттери

 

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын токой мамилелерин жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү болушат жана аларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

 

8-Глава
Токой фондусунун участокторун ижаралоо

 

42-статья. Токой фондусунун участокторун ижаралоо

 

Ушул Кодекстин 48 - статъясында каралган токой ресурстарын жаңыртып өстүрүү, токойду пайдаланууларды ишке ашыруу үчүн токой фондусунун участоктору ижара шартында пайдаланууга берилет. Токой фондусунун участогу токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана токойду пайдалануунун ар кандай турлөрүн ишке ашыруу үчүн бир же бир нече ижарачыга ижарага берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде ижарага берүүчүлөр - токой чарбасын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдар (токой чарбалары) болуп саналат.

Жеке менчик токой жерлеринде ижарага берүүчүлөр - анын менчик ээлери болуп саналат.

Токой фондусун ижаралоо боюнча мамилелер ушул Кодекс, жер жана жарандык мыйзамдар, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондусунун участокторунун ижарасы жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

 

43-статья. Токой фондусунун участогун ижаралоо келишимдери

 

Токой фондусунун участогун ижаралоо келишими боюнча токой чарбасы (ижарага берүүчү) токойду пайдалануучуга (ижарага алуучуга) токой фондусунун участогун токойду пайдалануунун бир же бир нече түрлөрүн жүргүзүү үчүн кыска же узак мөөнөткө, акыга берүүтө милдеттенет.

Токой фондусунун участогун ижаралоо келишими кат түрүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттодон өтөт.Токой фондусунун участогун ижаралоо жөнүндөгү келишимдин мазмуну менен кызыкдар болгон ар кандай юридикалык же жеке жак тааныша алат.

Токой фондусунун участокторун ижарачылардан ижарага берүүсүнө тыюу салынат.

 

44-статья. Токой фондусунун участогун ижаралоо келишиминин шарттары

 

Токой фондусунун участогун ижаралоо келишиминде төмөндөгүдөй шарттар көрсөтүлөт:

- ижарачынын акы төлөө жөндөмдүүлүГү;

- токой фондусунун участогунун чек арасы;

- токойду пайдалануунун түрлөрү;

- токойду пайдалануунун көлөмү;

- ижара мөөнөтү;

- ижара акысынын өлчөмү жана аны төлөп берүү тартиби;

- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын токойлорду коргоо, сактоо жаңыртып өстүрүү маселелерине байланышкан талаптарын аткаруу боюнча тараптардын милдеттери;

- жаратылышты коргоо чараларын жүргүзүү боюнча тараптардын милдеттери;

- токой мыйзамдарында каралган же тараптар тарабынан аныкталган башка шарттар.

 

45-статья. Токой фондусунун участокторун ижаралоо мөөнөттөрү

 

Токой фондусунун участогун ижаралоо келишими мөөнөтсүз (убактысы көрсөтүлбөгөн) же убактылуу (мөөнөттүү) болушу мүмкүн.

Токой фондусунун участогун убактылуу ижаралоонун мөөнөтүнө 50 жылга чейин чек коюлат.

 

46-статья. Токой фондусунун участогун ижаралоо үчүн акынын өлчөмү

 

Токой фондусунун участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык, Граждандык жана Жер кодекстеринин талаптарын сактоо менен белгиленет.

 

47-статья.Токой чарбасын жамагаттык жүргүзүү

 

Токой чарбачылыгын жамагаттык жүргүзүү, уюштуруучулук жактан ижарага берилүүчү мамлекеттик токой фондусунун участокторунда чогуу - чаран жашашкан адамдардын үй - бүлөлүк жана туугандык байланыштарына негизденген чарбалык шериктиктердин жана коомдордун токойду пайдалануу жана токой өстүрүү боюнча иштерди биргелешип ишке ашыруусуна негизделет.

Мамлекеттик токой фондусунун участокторун ижаралоодо жамагаттар артыкчылык укугуна ээ болушат.

 

IV БӨЛҮМ
ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ

 

9-Глава
Токойду пайдалануунун түрлөрү

 

48-статья. Токойду пайдалануунун түрлөрү

 

Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:

- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;

- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;

- токойду илим - изилдөө, маданий - ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максатта, ошондой эле аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;

- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;

- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.

Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасьшын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

49-берене. Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги пайдалуу кендерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу

 

Токой фондусунун менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген жактар, алардын жерлеринде жайгашкан, жалпы таралган,жер үстүнө чыгып турган пайдалуу кендерди, ошондой эле белгиленген тартипте суу объекттерин чарбалык муктаждыктар үчүн акысыз пайдаланууга жана жердин башка пайдалуу касиеттерин эсплуатациялоого укуктуу. Аталган жаратылыш ресурстарын өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле аларды коммерциялык максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

Юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан жалпы таралган пайдалуу кендерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик токой фондусунун участокторунун ээлери берүүчү ордерлердин негизинде акы төлөө менен жүргүзүшөт.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан аңчылык ресурстарын пайдалануу "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

50-статья. Токойду пайдаланууга акы төлөө

 

Кыргыз Республикасында токойду пайдалануу токой таксылары жана ижаралык акы төлөө, ошондой эле мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан жалпы таралган пайдалануу кендерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун берүүчү ордерлер үчүн акы төлөө менен жүргүзүлөт.

Жарандардын эс алуусу, ошондой жапайы мөмө - жемиштерди, козу карындарды, дары өсүмдүктөрүн өз муктаждыктары үчүн чогултуу акысыз жүргүзүлөт.

Ижара акысы, ижара келишиминде каралган токойду пайдалануунун түрлөрүнө жана көлөмүнө жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын макулдашуусу менен белгиленет.

Токойлорду багуу иретинде кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюуларды, башка токой чарбалык жумуштарын, токойду күтүүнү, токой чарбасынын муктаждыгы үчүн илимий - изилдөө жана долбоорлоо жумуштарын жүргүзүүдв,токой чарбалары даярдаган жыгач үчүн, ошондой эле токой чарбалары экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдаганда жана кошумча токой пайдаланууларды жүргүзгөндө акы алынбайт.

Токой таксалары жана ордерлери үчүн акынын өлчөмдөрү токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

 

51-статья. Токой фондусунун жерлеринде чөп чабуу жана мал жаюу

 

Мамлекеттик токой фондусунун чөп чабууга жана мал жаюута мүмкүн болгон участоктору токойду күтүүнү жүргүзүүдө бөлүнүп берилет.

Токой фондусунун жерлеринде чөп чабуу жана мал жаюу эрежелери Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.

 

52-статья. Токойду пайдалануунун ченемдери

 

Токойду пайдалануу токой күтүүнүн, токой фондусунун мүлкүн каттоонун жана изилдөөнүн материалдары боюнча аныкталуучу илимий - негизделген ченемдердин чегинде токой чарбачылык пландарында, жүзөгө ашырылат.

Токойду утурумдук пайдалануунун, өнөр жайлык плантацияларды кыюунун жана башка токой материалдары, техникалык сырье жана жыгач токой ресурстары менен камсыздоонун ар жылдык ченемдерин аныктоо жана' бекитүү тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 

53-статья.Токойду пайдалануу укугун каттап бекитүү

 

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токойду пайдаланууну ишке ашырууга ижарага келишиминин негизинде жана атайын уруксат: токой кыюу билети (ордери) же токой билети боюнча жол берилет. Аталган билеттер токой фондусунун участокторунун ээлери тарабынан берилет жана билетте уруксат берилген токойду пайдаланууларды жүргүзүүгө гана укук берет.

Токой кыюу билети (ордер) же токой билети ушул Кодекстин 16 статьясында каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн. Билеттер билетте (ордерде), тийиштүү учурларда келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө карабастан бир сезонго берилет.

Токой кыюу билетинин (ордеринин) же жалпы таралган пайдалуу кендерди пайдаланууга берилген токой билетинин түрлөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.

Билеттердин жана ордерлердин бланктары так отчеттук документтер болуп саналат жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан даярдалат.

Билеттердин, ордерлердин бланктарын эсепке алуу, аларды сактоо, толтуруу жана берүү тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

Токой фондусунун участокторунун ээлери токойду пайдаланууну жүргүзгөндө токойду пайдалануу укугун белгиленген тартипте каттап толтурууга милдеттүү.

 

54-статья. Токойду пайдалануунун лицензиялануучу түрлөрү

 

(Кыргыз Республикасынын
2003-жылдын 28-июнунун № 119
мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды) 

55-статья. Токойду пайдаланууга чек салуу

 

Коруктардын токойлорунда, илим - изилдөө максаттарына байланышкандардан бөлөк, токойду кыюунун бардык түрлөрүнө жана токойду башка пайдаланууларга тыюу салынат.

Улуттук жаратылыш парктарынын, токой заказниктеринин, жаратылыш эстеликтеринин токойлорунда, илимий жана тарыхий мааниси бар токойлордо, токой парктарында, шаарлардагы токойлордо, калктуу конуштардын жана өнөр жай борборлорунун айланасындагы жашыл зоналардын токой парктары бөлүктөрүндө, мамлекеттик токой тилкелеринде, эрозияга каршы тигилген субальпы токойлорунда, дарыялардын, көлдөрдүн жана башка суу объекттеринин жээктериндеги токойлордун тыюу салынган тилкелеринде (өзөндөрдөгү жазы жалбырактуу токойлордон бөлөк) экинчи даражалуу токой материалдарын даярдоого, мал жаюуга, жыгач эмес токой өнүмдөрүн өнөр жайлык даярдоого тыюу салынат.

 

56-статья. Токойду пайдалануу шарттарын өзгөртүү үчүн негиздер

 

Токойду пайдалануунун шарттарын өзгөртүүгө:

- токой фондусунун абалы өрттөрдүн, бороондон кыйроонун, зыянкечтер менен илдеттерден жабыр тартуунун жана токойду пайдалануучулардан көз каранды болбогон башка факторлордун натыйжасында өзгөргөн;

- токойлор бир корголуу категориясынан башкасына которулган;

- токой фондусунун жерлеринин бир бөлүктөрү мамлекеттин же коомчулуктун муктаждыгы үчүн алынып коюлган;

- токой фондусун уруксат берүүчү документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, каралган көлөмдөрдө пайдаланбаган учурларда жол берилет.

 

10-Глава
Токой кыюунун түрлөрү жана жыгач даярдоонун тартиби

 

57-статья. Токой кыюунун түрлөрү

 

Кыргыз Республикасынын токойлорунда алардын пайдалуу функцияларын сактоо жана күчөтүү үчүн токойду кыюунун төмөндөгүдөй түрлөрү жүргүзүлөт:

- токойду багуу иретинде кыюулар - жангак, мөмө - жемиш жана өзөндөрдө өскөн токойлордо, ошондой эле кол менен тигилген башка токойлордо түрлүк курамын жана башка түрүндөгү дарактардын өсүшүнүн шарттарын жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт;

- санитардык кыюулар - анын негизги милдети токой дарактарынын санитардык абалын жакшыртуу, чириген, зыянкечтер залал келтирген, өсүшү начарлаган, куураган жана токойдун санитардык абалын начарлаткан башка дарактарды кыюу болуп саналат;

- токойлорду калдыктардан тазалоо - дарактардын илдеттердин жайылышына жана өрттүн чыгышына жол бербөө максатында бороон - чапкындан кулаган дарактардан арылтуу;

- анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюулар - баалуу дарактардын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- токойду калыбына келтирүүчү кыюулар - карагайлуу токойлорду натыйжалуу жаңыртып туруу жана алардын коргоочу функцияларын сактоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле токойлорду өз убагында алмаштыруу максатында жетилген жана карт карагай өскөн жерлерде жүргүзүлөт;

- башка кыюулар - илимий максатта, токойду күтүү жумуштарын жүргүзүүдө, гидро - түйүндөрдү, өткөрүүчү түтүктөрдү, жолдорду салууга байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, ошондой эле токойдо жол жана өрткө каршыажырым тилкелерди салууда ушул Кодекстин 55 - статьясындагы чек коюулардан тышкары бирин - серин дарактарды кыюу

 

58-статья.Токой кыюулардын жана жыгач даярдоонун тартиби

 

Токой кыюулар токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен токойду багуу иретинде кыюу, санитардык кыюу' жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюулар боюнча көрсөтмөлөргө ылайык ишке ашырылат.

Токойду кыюуда жана аны калдыктардан тазалоодо жыгач даярдро тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан бекитиле турган Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү эрежелери менен белгиленет.

 Өзгөчө баалуу жана жарактуу жыгачтардын түрлөрү менен формаларын кыюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү эрежелер менен белгиленет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы №120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

58-1-статья. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү

 

Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:

- Түркстан арчасы;

- Зеравшан арчасы;

- Жарым шар сымал арча;

- Уюлдуу грек жаңгагы;

- Грек жаңгагы;

- Мисте дарагы;

- Жапайы өскөн бадам.

 

Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү мамлекет тарабынан кайтарууга алынат. Токойлорду расмий уруксатсыз кыйгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

59-статья. Кыйылуучу токой фонду жана жыгач даярдоо көлөмү

 

Кыйылуучу токой фонду, токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюунун, токойду калыбына келтирүүчү кыюулар жана токойду кыюунун ушул Кодекстин 58 - статьясында көрсөтүлгөн башка түрлөрүнүн пландаштырылган көлөмүнөн түзүлөт. Кыйылуучу токой фондусун бөлүү жана аны токойду пайдалануучунун ишке ашыруусунун тартиби Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүү эрежелери менен белгиленет. Өнөр жай плантацияларын кыюуда жана утурумдук пайдаланууда жыгач даярдоонун көлөмү токойду пайдалануунун ченемдерине таянуу менен, ал эми башка кыюуларды жүргүзүүдө - токой аянттарын курулуш объекттери үчүн тазалоо, жол салуу жана башка токой чарбалык иш - чараларын аткаруу боюнча иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.

 

60-статья. Кыюунун жетилиши жана кайталануусу

 

Токойду кыюунун жетилиши жана кыюунун кайталануусу токойлордун негизги максаттуу багытталышына жана алардын аткаруучу функциясына, тигилген дарактардын өнүмдүүлүгүнө жана өсүп жаткан дарак түрлөрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле токою кыйылган жерлерде токойдун калыбына келүү мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Кыюунун жетилиши жана кайталанышын негиздөө токой күтүүдө же атайын илимий изиkдөөлөрдө жүргүзүлөт.

Кыюунун жетилишин жана кайталанышын белгилөө токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.

 

11-Глава
Экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоо жана
жыгач эмес токой ресурстарын пайдалануу

 

61-статья.Экинчи даражадагы токой материалдарын даярдоо

 

Экинчи даражадагы токой материалдарын токойго зыян келтирбестен даярдоого уруксат берилет. Аларды даярдоонун тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен, экинчи даражалуу токой материалдарын даярдоо боюнча нускамада белгиленет.

 

62-статья. Жыгач эмес токой ресурстарын пайдалануу

 

Токой фондусунун менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген жактар жапайы өскөн тамак - аш ресурстарын, дары чөптөрдү жана техникалык сырьену жыйноо жана даярдоо, дыйканчылык, чөп чабык, мал жаюу, бал челек жайгаштыруу жана башка токой ресурстарын даярдоо үчүн токой фондусунун участокторун ижарага беришет.

Жыгач эмес токой ресурстарын пайдалануунун тартиби жана шарттары токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен токойду пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.

 

12-Глава
Токой фондусун илимий-изилдөө максатында пайдалануу

 

63-статья. Мамлекеттик токой фондусунун аймагындагы илимий -изилдөөлөр

 

Илимий - изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн токой фондусунун ээлери (токой чарбалары) тарабынан участоктор берилип, эгерде бул илимий изилдөөлөр жүргүзүү максатына ылайык келбесе аларда токойду пайдаланууларга чек коюлат же толук тыюу салынат. Мамлекеттик токой фондусун илимий - изилдөө максатында пайдалануу тартибин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилейт.

 

64-статья. Токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо

 

Кыргыз Республикасынын аймагында токойдун биологиялык ар түрдүүлүгү мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана аймактык жактан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн камтыган, пайдалануу тартиби чектелген өзүнчө зоналарга бөлүнөт.

Аталган зоналар илимий уюмдардын жана токой чарбачылыгын башкаруучу жана айлана - чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан белгиленет.

 

65-статья. Токой флорасын жана фаунасын калыбына келтирүү

 

Токой фондусунун жерлеринде өсүмдүктөрдүн түрлөрү менен формаларын, жапайы жаныбарларды, токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана жаңыртып өстүрүү токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык органдын жана атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын контролдуту алдында илимий сунуштарды эске алуу менен жергиликтүү флоранын жана фаунанын мыкты өкүлдөрүн реинтродукция жолу менен жүргүзүлөт.

 

13-Глава
Токой фондусун маданий-ден соолук чыңдоо максатында пайдалануу

 

66-статья. Калктын токой фондусунда эс алуусу

 

Калктын эс алуусун уюштуруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, токой фондусунун менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген жактар жана токой участокторун пайдалануучулар, ошондой эле алар менен макулдашуу боюнча башка уюмдар токой фондусунун рекреациялык багыттагы участокторунда аларды көрктөндүрүү жана калкты маданий - тиричиликтик жактан тейлөө боюнча иш - чараларды токой чөйрөсүн жана жаратылыш ландшафттарын сактоону эске алуу, жаратылыш зоналарынын архитектуралык пландаштырылышын жана санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүшөт.

Маданий - ден соолукту чындоо, туристтик жана рекреациялык максаттарда токойду пайланууну ишке ашыруу тартиби токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 

67-статья. Жарандардын токойдо болуусу

 

Жарандар маданий - ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө - жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак - аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен токой фондусунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу.

Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак - аш, дары - дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтык жана областтар аралык мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.

Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак -аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалер менен жүргүзүүгө милдеттүү.

 

14-Глава
Чек арадагы жана шаардагы токойлордо токойду пайдалануу

 

68-статья. Чек ара зонасында токойду пайдалануу

 

Чек ара зонасында токойду пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Чек ара зонасында токойду пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

69-статья. Шаардагы токойлордо токойду пайдалануу

 

Шаарлардын жана калктуу конуштардын жерлеринде жайгашкан токойлор, калктын эс алуусу, маданий - ден соолукту чыңдоочу жана спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн, ошондой эле жагымдуу экологиялык жагдайды сактоо үчүн пайдаланылат.

Шаарлардын жана калктуу конуштардын жерлеринде жайгашкан токойлорду коргоого, сактоого, жаңыртып өстүрүүгө жана пайдаланууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

 

15-Глава
Токой фондусун аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

70-берене. Токойду аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка токой пайдалануулар жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

71-берене. Мамлекеттик аңчылык фондусун пайдаланууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

72-берене. Аңчылык чарбасын жүргүзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

73-берене. Аңчылык жерлерин жана мамлекеттик аңчылык фондусун коргоо

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

V БӨЛҮМ
ТОКОЙ ФОНДУСУН КОРГОО ЖАНА САКТОО

 

16-Глава
Токой фондусун коргоо жана сактоо

 

74-статья. Токой фондусун коргоо жана сактоо органдарынын милдеттери

 

Кыргыз Республикасынын токой фондусу коргоолууга жана сакталууга тийиш, бул иштер республикалык, регионалдык, жергиликтүү программалардын, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдарын сиңирип алуунун көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин негизинде мамлекеттик токой коргоо органдары тарабынан жүргүзүлөт жана токойлордун биологиялык жана регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылууга жана токойлорду жок болуп кетүүдөн, зыян тартуулардан, булгоодон жана башка зыяндуу таасирлерден сактоого багытталган уюштуруучулук, экономикалык, укуктук жана башка чаралардын комплексин камтыйт.

 (КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

75-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу (мындан ары - мамлекеттик токой коргоо) токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдарда түзүлөт.

Мамлекеттик токой коргоонун курамына кирген кызмат адамдарынын тизмеси токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик токой коргоонун милдеттери:

- токойду коргоону жана сактоону камсыз кылуу;

- (үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

- токой фондусунун абалына, корголушуна, сакталышына жана токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, ошондой эле токой фондусунун пайдаланылышынын уюштурулушуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;

- мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан, пайдаланылбаган жаратылыш ресурстарын (пайдалуу кендер ж.б.) коргоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мамлекеттик токой коргоо ага жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык:

- токой фондусун коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү жана жагындагы укук бузуулардын алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде администрациялык, анын ичинде токой укуктарын бузуу жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде токой фондусунун аймагында укук тартибин камсыз кылууга;

- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик, администрациялык жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандарга жана юридикалык жактарга айкындалган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берүүгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык жана башка иш-аракеттерге чек коюу жөнүндө, аларды токтото туруу жана аларга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.

Мамлекеттик токой коргоого, ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:

- юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын токой фондусунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү;

- токой фондусун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды түзүү;

- укук бузууларга жол берген же мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган адамдарды кармоо;

- токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү пайдалануу жагында кылмыш кылгандарды жана администрациялык укук бузууларды жасагандарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;

- белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, башка объекттерди жана жерлерди карап чыгуу, зарыл болгондо кармалган адамдардын өздөрүн карап чыгуу;

- мыйзамсыз алынган токой ресурстарын, аларды алууга керек болгон курал-жабдыктарын, ошондой эле транспорт каражаттарын алып коюу жана алардын андан аркы тиешелүүлүгү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечүү укугу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктар берилет.

Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана күч колдонууга, атайын каражаттарды жана атылуучу куралдарды колдонууга укуктуу. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте куралдарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.

Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары белгиленген үлгүдөгү кийимдерин кийишет.

Мамлекеттик токой коргоосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде иш жүргүзөт.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

76-статья. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарын мамлекеттик коргоо

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары мамлекеттик коргоого алынат.

 

77-статья. Токой фондусунун жерлеринде биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү

 

Кыргыз Республикасынын токой фондусунун бардык аймактарында жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн туруктуу өстүрүү үчүн белгиленген тартипте биотехникалык иш - чаралары жүргүзүлөт.

 

78-статья. Токой фондусун токой өрттөрүнөн сактоо

 

Токой фондусунда, мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жарандар менен юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүү максатында, ошондой эле аларды бузууга бөгөт коюу максатында мамлекеттик өрт көзөмөлү ишке ашырылат.

Токой фондусунун участокторунда жана токой фондусуна чектеш жерлерде жумуш жүргүзгөн токойду пайдалануучулар, менчик токой жерлеринин ээлери жана башка жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле токой фондусуна жана токой фондусуна кирбеген токойлордо маданий - массалык жана башка иш - чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартылышат.

Профилактикалык жана өрткө каршы иш -чаралар токой чарбасын башкаруучу областтык, областтар аралык жана аймактык мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтуү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишке ашырылат.

Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери өрттү өчүрүү убагында транспорт каражаттарынын, байланыштын бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү калкты өрт өчүрүүгө тартууга укуктуу.

Токой фондусун өрттөн сактоонун милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар өрт коркунучу туулган мезгилде аба ырайынын суткалык, айлык жана мезгилдик прогноздору, токой фондусундагы өрт коркунучунун прогноздору менен акысы.з камсыз кылынат.

Мамлекттик токой фондусун жана токой фондусуна кирбеген токойлорду өрттөн коргоо, зыянкечтерден жана токой илдеттеринен сактоо үчүн авиациялык коргоо пайдаланылышы мүмкүн. Токой фондусун авиациялык коргоо зоналары жана аны ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

79-статья. Токойлорду токой укуктарын бузуулардан коргоо

 

Токой фондусунун менчик ээлерине же алар ыйгарым укук берген жактарга жана башка токой пайдалануучуларга белгиленген тартипте:

- токойду пайдаланууда, ошондой эле токойду пайдалануу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүдө белгиленген тартиптердин жана эрежелердин бузулушун;

- дарактарды жана бадалдарды, токой өсүмдүктөрүн, дарактардын жаңы -өнүмдөрүнүн жана жаш дарактардын мыйзамсыз кыйылышын, жок кылынышын жана зыян келтирилишин;

- токойду химиялык жана радиоактивдүү заттар, өндүрүштүк калдыктар жана булганыч суулар, өнөр жайлык жана коммуналдык - тиричиликтик ыш түтүн, калдыктар жана чириндилер менен булганышын;

- токой фондусунун жерлерин пайдалануунун белгиленген тартибинин бузулушун;

- токой күтүүнүн жана токой чарбачылыгынын чектөөчү белгилерине зыян келтирүүнүн жана алардын жок кылынышын;

- пайдалуу фаунанын жок кылынышын жана башка токой укуктарынын бузулушунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт.

Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын аймактык, областтык, областтар аралык органдары токойду токой укуктарынын бузулушунан сактоо иш - чараларын жүзөгө ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жардамы менен камсыз кылышат.

 

80-статья. Токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо

 

Токой чарбаларына:

- токой фондусунун участокторун тиешелүү санитардык абалда күтүү;

- зыянкечтерден, токой илдеттеринен, ошондой эле өнөр жай жана коммуналдык - турмуш тиричшшк таштандыларынан жана башка терс факторлордон улам начарлаган, зыян тарткан токой участокторун табуу;

- токойдун зыянкечтер менен илдет чалган жерлеринин очокторун, өнөр жайлык терс таасир жана коммуналдык - тиричиликтик булганыч зоналарын жана башка терс факторлордун эсебин алуу жана прогноздоо;

- токой зыянкечтеринин жана илдеттеринин пайда болушун жана таралышын профилактикалоо, токойлордун биологиялык туруктуулугун жогорулатуу боюнча иш - чараларды жүргүзүү;

- токойдун зыянкечтерине, илдеттерине каршы күрөш жүргүзүү боюнча, ошондой эле өнөр жайлык жана коммуналдык - тиричиликтик ыш - түтүн жана башка терс таасирлер келтирүүчү зыяндарды азайтуу боюнча иш - чараларды жүргүзүү жүктөлөт.

Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өзүнүн аймактык, областтык жана областтар аралык органдары аркылуу токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо боюнча иш - чаралардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат.

 

81-статья. Токой фондусуна кирбеген тигилген дарактарды коргоо, сактоо жана иш-аракеттери токойлордун абалына жана

аларды жаңыртып өстүрүүгө таасир этүүчү уюмдардын жана жарандардын милдеттери

 

Токой фондусуна кирбеген тигилген дарактарды коргоону жана сактоону алар өскөн жерлердин менчик ээлери жана ал жерлерди пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар камсыз кылат.

Токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш - аракеттери таасир этүүчү уюмдар жана жарандар, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдарга тигилген дарактарды коргоонун жана сактоонун абалы жөнүндө үзгүлтүксүз кабарлап турууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар жана жаратылышты коргоо органдары менен макулдашып, токойлорду коргоого жана сактоого багытталган технологиялык, санитардык жана башка иш - чараларды жүргүзүүгө милдеттуү болушат.

 

VI БӨЛҮМ
ТОКОЙ ФОНДУСУНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ, АНЫН ЭСЕБИН АЛУУ, ТОКОЙ КАДАСТРЫ ЖАНА
ТОКОЙЛОРДУ КҮТҮҮ, ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ПЛАНДАШТЫРУУ 

 

17-Глава
Токой фондусуна байкоо жүргүзүү, анын эсебин алуу,
токой кадастры жана токойлорду күтүү

 

82-статья. Токойлор (токой фондусунун) мониторинги

 

Токойлор мониторинги токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында токой фондусунун абалына жана өзгөрүшүнүн кыймылына байкоо жүргүзүүлөрдүн, баалоонун жана прогноздоонун тутуму болуп саналат. Токойлор (токой фондусунун) мониторингинин түзүмү, мазмуну, аны ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

83-статья. Токой фондусунун эсебин алуу жана токой кадастры

 

Токой фондусунун эсебин алуу жана токой кадастры токой фондусун коргоону, сактоону, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, анын сандык жана сапаттык өзгөрүшүн такай көзөмөлдөө үчүн жана кызыкдар уюмдарды жана жарандарды токой фондусу жөнүндө так маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.

Токой кадастры, Кыргыз Республикасынын токой фондусунун укуктук тартиби, токойдун сандык жана сапаттык абалы, аларды корголуу категорияларына бөлүү, аларга экономикалык баа берүү жөнүндө маалыматтардын тутумун жана токой чарбасын жүргүзүү жана чарба ишинин натыйжаларына баа берүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды камтыйт.

Токой фондусунун эсебин алуу жана токой кадастры токой күтүү материалдарынын, Кыргыз Республикасы үчүн бирдей тутум боюнча эсеп - чоттоонун жана атайын изилдөөлөрдүн негизинде токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Токой фондусунун эсебин алуунун жана токой кадастрынын документтери бардык токой чарбалары тарабынан жүргүзүлөт.

Токой фондусунун эсебин алуу жана токой кадастры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

 

84-берене. Токой күтүү

 

Токой күтүү токой чарбачылыгын жана токойду пайдалануу сарамжалдуу жүргүзүүнү, токойлорду натыйжалуу коргоону жана сактоону, жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылууга, токой чарбасында бирдей илимий-техникалык саясатты ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын тутуму болуп саналат.

Токой күтүү төмөндөгүлөрдү:

- токой фондусунун участоктору карамагында болгон юридикалык жактардын жана жарандардын аймактарынын чек араларын жана алардын чарбалык ички уюштурулушун аныктоону;

- топографиялык-геодезиялык иштерди жана токойлорду атайын картага түшүрүүнү аткарууну;

- тигилген дарактардын түрлөрүн жана жаш курамын, алардын абалын, токой ресурстарынын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен токой фондусун каттоону;

- багуу иретиндеги кыюу, санитардык жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу, чарбалык жактан анча баалуу болбогон тигилген токой дарактарын реконструкциялоого байланыштуу кыюу иштерин жүргүзүүгө муктаж болгон токой фондусунун участокторун айкындоону;

- токойлорду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токой өстүрүү, мелиорациялоо жана башка токой чарба жумуштары боюнча иш-чараларды, ошондой эле алардын көлөмүн, ыкмаларын жана аларды жүргүзүүнүн тартибин аныктоону;

- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү негиздөөнү жана токойлорду корголуунун бир категориясынан экинчисине которуу боюнча сунуштарды даярдоону;

- өнөр жайлык плантацияларды кыюу боюнча эсептелген ачык тилкелердин көлөмүн, токойду багуу иретиндеги кыюунун, санитардык кыюунун, анча баалуу болбогон токой дарактарын реконструкциялоо менен байланышкан кыюунун өлчөмдөрүн эсептеп чыгууну;

- токойду пайдалануунун жана экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоонун өлчөмдөрүн, токой фондусун аңчылык чарбасынын муктаждыгын, маданий - ден соолукту чыңдоо, туристтик жана спорттук максаттарда пайдалануунун көлөмүн аныктоону;

- токой биологиясы жана башка изилдөөлөр жана иликтөөлөрдү;

- токой чарбачылыгын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча негизги жоболорду түзүүнү;

- токой чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууну;

- токой күтүүдө иштелип чыккан долбоорлордун ишке ашырылышына автордук көзөмөлдү жүргүзүүнү;

- токой күтүүнүн башка аракеттерин камтыйт.

Экологиялык экспертизанын талаптарына жооп берген токой күтүү материалдары жерге жайгаштыруу органдары менен макулдашылат, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну ишке ашыруу, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү учурдагы жана келечектеги пландаштыруу жана прогноздоо үчүн негизги уюштуруучулук-чарбалык документтер болуп саналат.

Мамлекеттик токой фондусундагы токой күтүү республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат жана Токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын токойду күтүү жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

85-статья. Токой күтүү долбоорлору

 

Мамлекеттик токой фондусунда токой күтүүнү жүргүзүүдө токой чарбасын алып барууга комплекстүү баа берилген токой күтүү долбоорлору түзүлөт. Токой күтүүнүн долбоорлорун жана токой күтүүнүн башка документтерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекитет жана токой чарбасын жүргүзүү учурундагы жана келечектеги пландоо мамлекеттик токой фондусун пайдаланууну прогноздоо жана токой чарбалык иштерин каржылоо үчүн милдеттүү ченемдик - техникалык документтер болуп саналат.

 

86-статья. Токой күтүүнү жүргүзүү тутуму

 

Кыргыз Республикасынын токой фондусунун аймагында токой күтүүнү токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой күтүү уюмдары жүргүзүшөт. Токой күтүү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен бирдей тутум боюнча жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын токой күтүү жөнүндө жобосунда каралгандан башка учурларда, токой күтүүнү жүргүзбөй туруп, токой чарбачылыгын жана токойду пайдаланууну жүргүзүүгө тыюу салынат.

 

87-статья. Долбоорлоо - иликтөө жумуштары

 

Долбоорлоо - иликтөө жумуштары, токой өстүрүү, токой чарбачылык объекттерин долбоорлоого багытталган иш - чаралардын тутуму болуп саналат.

Долбоорлоо - иликтөө жумуштары, токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, токой көчөттөрүн өстүрүү, трассаларды, каналдарды, жолдорду салуу, кордондорду жана башка курулуштарды куруу үчүн токой фондусунун участокторун жана башка жерлерди айкындайт.

 

88-статья. Токой фондусу жөнүндө маалымат

 

Токой фондусу жөнүндө маалымат мамлекеттик токой фондусунун эсебин алуунун маалыматтарын, мамлекеттик кадастрдын, токой мониторингинин, токой күтүүнүн маалыматтарын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын же ага баш ийген уюмдардын, өз иш милдеттерин аткарууда альшган башка маалыматтарын камтыйт.

Токой фондусу жөнүндө маалыматтык материал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат жана жарандар менен юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген шарттарда жана тартипте берилет.

 

18-Глава
Токой чарбачылыгын пландаштыруу

 

89-статья. Токой чарбачылыгын пландаштыруу

 

Кыргыз Республикасында токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү мамлекеттик пландаштыруу улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык ишке ашырылат.

Токой чарбачылыгын өнүктүрүүнүн ар жылдык жана келечектеги пландарын токой чарбачылыгын башкаруунун аймактык органдарынын токой чарбалык пландарынын негизинде токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган иштеп чыгат жана аймактардын жана региоңдордун келечектеги экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Токой чарбачылыгын өнүктүрүүнүн мамлекеттик пландарында каралган токойду коргоо, сактоо, токойду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү, чарба жүргүзүүнүн жаңы экономикалык формаларын өнүктурүү, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча иш -чаралар мамлекеттик каржылоо менен камсыз кылынат.

 

90-статья. Токой чарба пландары

 

Токой чарбасын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдар (токой чарбалары) токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана токой өстүрүү, сарамжалдуу жана натыйжалуу токой пайдаланууну өнүктүрүү боюнча чарбаларды камтыган токой чарба пландарын иштеп чыгышат.

Токой чарбасын башкаруучу областтык жана областтар аралык мамлекеттик органдар улуттук токой саясатынын жана токой чарбачылыгын өнүктүрүүнүн келечектеги мамлекеттик пландарына ылайык токой чарбачылык пландарынын иштелжп чыгышына контролдук жүргүзөт жана аларды токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын бекитүүсүнө коюшат.

 

VII БӨЛҮМ
ТОКОЙЛОРДУ ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ

 

19-Глава
Токойлорду жаңыртып өстүрүү

 

91-статья. Токойлорду калыбына келтирүү

 

Токой фондусунун токойлуу жерлеринде токойлорду калыбыңа келтирүү төмөндөгү талаптарды:

- токой өсүмдүктөрүнүн өсүү шарттарын эске алуу менен токою кыркылган жерлерге чарбалык жактан баалуу дарактардын түрлөрүн милдеттүү түрдө отургузууну камсыз кылууну;

- токойду калыбына келтирүү иштери үчүн биринчи кезекте дарактар жана бадалдар өспөгөн токой жерлерин бөлүп берүүнү;

- токойлордун түрлөр курамын жакшыртуу жана алардын өнүмдүүлүгүн, коргоочу жана чөйрө түзүүчү касиетерин жогорулатууну;

- токойлордун генетикалык фондун жана биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоону аткаруу менен ишке ашырылат.

Токою кыйылган жерлерди жана токой өсүмдүктөрү өспөгөн токой жерлеринин башка категорияларын токойлоштуруунун тартиби жана мөөнөттөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Токойду кайра калыбына келтирүү үчүн жоопкерчилик токой фондусунун менчик ээлерине же алар ыйгарым укук берген жактарга жана токой фондусунун участокторун пайдалануучуларга жүктөлөт.

Токойду кайра калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, токойду пайдалануучулар токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген тартипте катыша алышат.

 

92-статья. Токой өстүрүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын токойлуулугун көбөйтүү, эрозия процесстеринин алдын алуу жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында токой фондусунун токой өспөгөн жерлеринде жана башка жерлерде токойлорду өстүрүү жүргүзүлөт.

Токойлорду өстүрүү боюнча жумуштар белгиленген тартипте бекитиле турган атайын программалар жана долбоорлор боюнча ишке ашырылат жана токой чарбачылыгын башкаруучу органдарга жүктөлөт.

Токойлуулукту көбөйтүү, дарыялардын, көлмөлөрдүн жээктерин токойлоштуруу үчүн жана башка зарыл болгон учурларда токой фондусунун жерлеринин курамына башка категориядагы жерлер, баарыдан мурда айыл чарбасында пайланууга жараксыз жерлер (жарлар, коолор, кумдак жана башка жерлер), ошондой эле дарак жана башка бадал өсүмдүктөрү өскөн запастагы жерлер которулушу мүмкүн. Башка категориядагы жерлерди токой фондусунун жерлеринин курамына которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

93-статья. Плантациялык токой өстүрүү

 

Плантациялык токой өстүрүү жыгачты жана токой өнүмүнүн башка түрлөрүн тезирээк алуу үчүн токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган иштеп чыккан жана бекиткен атайын программалар боюнча жүргүзүлөт.

 

VIII БӨЛҮМ
ТОКОЙ ТАЛАШТАРЫН ЧЕЧҮҮ ЖАНА ТОКОЙ МЫЙЗАМДАРЫН
БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

 

20-Глава
Токой талаштарын чечүү жана токой мыйзамдарын бузгандык
 үчүн жоопкерчилик

 

94-берене. Токой талаштарын чечүү

 

Юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана пайдалануу жагындагы талаштар, сот тарабынан чечилет.

Токой чарбасын башкаруучу малекеттик органдар, токой мыйзамын бузуулар боюнча иштер соттордо каралганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

Мамлекеттер ортосундагы токой талаштары тараптардын макулдащуусунда аныкталган тартипте чечилет.

  (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

95-статья. Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

 

Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузуу менен түзулгөн келишимдер жараксыз болот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү ченемдери колдонулат.

 

96-берене. Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.

Администрациялык укук бузуулар үчүн жазапулдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен тартипте, токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан салынат.

Токой фондусунун участогун уруксатсыз алгандыгы (ээлегендиги) үчүн жазык же администрациялык жоопкерчилигине тартылган адамдар, көрсөтүлгөн мөөнөттө аталган участокторду бошотуп берүүгө тийиш.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

97-берене. Кыргыз Республикасынын токой фондусуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Юридикалык жана жеке жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар токой фондусуна келтирилген зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуруп берүүгө милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IX БӨЛҮМ
ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН КАРЖЫЛОО, ЖОГОТУУЛАРДЫН ЖАНА
ЧЫГАШАЛАРДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ

 

21-Глава
Токой чарбачылыгын каржылык-экономикалык жактан камсыздоо

 

98-статья. Токой чарбачылыгын каржылоо

 

Токой фондусун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруунун чыгымдарын жана токой чарбачылыгын жүргүзүүнү каржылоо, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан жана белгиленген тартипте макулдашылган экономикалык жактан негизделген ченемдер боюнча республикалык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Токой чарбачылыгын каржылоо тартибин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныктайт.

 

99-статья. Токой чарбачылыгынын фонду

 

Токой чарбачылыгынын фонду, токой чарбачылыгынын мамлекеттик бьюджетинен бөлөк түзүлөт. Фонд токойду пайдалануу, ордерлер үчүн төлөөлөрдүн, ошондой эле токой чарбачылык органдарынын чарбалык эсептик иш - аракетинин натыйжасында алынган каражаттардын, аммортизациялык төлөмдөрдүн, башка каржылык каражаттардын, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

Фонддун каражаттары токойлорду, жаныбарларды коргоого, аларды көбөйтүүгө, ошондой эле токойдо аңчылыкты уюштурууга багытталган токой чарбачылык иш-чараларын каржылоо үчүн пайдалайылат.

Фонд токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан башкарылып, фонддун башкармалыгы кызыкдар уюмдардын, анын ичинде токой чарбаларынын өкүлдөрү кирген курамда түзүлөт.

Токой чарбачылыгынын фонду жөнүндө жобо токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 119, 2005-жылдын 3-мартындагы № 41  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-Глава
Чыгашалардын жана жоготуулардын ордун толтуруу

 

100-статья. Токой фондусунун менчик ээлеринин жана токойду пайдалануучулардын чыгашаларынын ордун толтуруп берүү

 

Токой фондусунун участокторун алып коюудан же убактылуу ээлеп алуудан, ошондой эле токой фондусунун менчик ээлеринин жана токойду пайдалануучулардын укуктарын чектөөдөн же уюмдардын жана жарандардын иштеринин таасирлеринин натыйжасында токойлордун сапаттык абалынын начарлашынан улам келтирилген чыгашалардын орду, аларды тарткан токой фондусунун менчик ээлерине жана токойду пайдалануучуларга толук көлөмдө (анын ичинде алынбай калган пайда) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилет.

Тарткан чыгымдардын ордун толтуруу жана анын өлчөмдөрүн аныктоо менен байланышкан талаш - тартыштар соттук тартипте чечилет.

 

101-статья. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу

 

Токой фондусунун участокторун токой чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максатта пайдалануу үчүн алып коюудан, токой фондусунун менчик ээлеринин жана токойду пайдалануучулардын укуктарын чектөөдөн же уюмдардын иш - аракетиниң таасиринин натыйжасында начарлашынан улам токой чарба өндүрүшүнүн тарткан жоготууларынын орду толтурулуп берилүүгө тийиш.

Бул жоготуулар ушул Кодекстин 100 -статьясында каралган чыгашалардын ордун толтуруудан тышкары компенсацияланат.

Көрсөтүлгөн жоготуулардын орду токой чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган муктаждыктар үчүн токой фондусунан алынып коюлган участоктор бөлүнүп берилген уюмдар, ошондой эле токой чарбасынын жүгүртүүсүнөн алынган токой фондусунун участокторун чыгарып коюу менен объекттеринин айланасында коргоочу, санитардык жана сактоочу зоналары түзүлгөн уюмдар тарабынан толтурулуп берилет.

Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толуктоо тартибинде түшкөн каражаттар токойлорду коргоо, сактоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана алардын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдаланылат.

Токой чарба өндүрүшүнүн ордун толтуруп бере турган жоготууларынын өлчөмү жана аны аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

X БӨЛҮМ
ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН
КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА АЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН СОЦИАЛДЫК
 ЖАКТАН КОРГОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН КЕПИЛДИКТЕРИ

 

23-Глава
Социалдык жактан коргоо жана кепилдиктер

 

102-статья. Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жеңилдиктери

 

Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлери акысыз кесиптик кийим менен, Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жана темир жол транспортторунда акысыз жүрүү укугу, жыл сайын 18 кызмат маянасынын (кошумча акылары менен) өлчөмүндө жөлөкпул алуу, жыл сайын эс алуу жана санаториялык - курорттук дарылануу үчүн бир жолу акысыз жолдомолорду алуу укугу менен, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын окуу жайларында акысыз окуу менен камсыз болушат.

 

103-статья. Кызматтык маянасына кошумча төлөөлөр

 

Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр:

- класстык чендерине ылайык;

- токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарындагы иш стажы боюнча;

- иш шарттарынын регионалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша (бийик тоолуу, алыстагы ж.б.) белгиленет.

Кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын жободо белгиленет.

 

104-статья. Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин класстык чендери

 

Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлерине иш стажына жана ээлеген кызматына жараша класстык чендер берилет.

Класстык чендерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жободо аныкталат.

 

105-статья. Токой чарбачылыгында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо

 

Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар токой чарбачылыгынын бардык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык коопсуздук эрежелерин сактоосун камсыз кылышат.

 

106-статья. Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону каржылоону камсыз кылуу

 

Токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо жана кепилдиктерин камсыздоо боюнча иш -чараларды каржылоо атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Атайын каражаттар - токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын чыгымдарынан калган дүң кирешеси токойду пайдалануу, ордерлер үчүн төлөөлөрдүн, ошондой эле токой чарба органдарынын чарбалык эсептик ишинин натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен түзүлөт.

Атайын каражаттар токойлорду жана фаунаны коргоого, сактоого, аларды жаныртып өстүрүүгө, токой чарбачылыгын башкаруучу органдардын кызматкерлерине материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле токой анчылыгын уюштурууга жумшалат.

  (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 119,  2005-жылдын 3-мартындагы № 41 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

XI БӨЛҮМ
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

24-Глава
Токой мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтык

 

107-статья. Токой мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтыктын принциптери

 

Кыргыз Республикасы токой мамилелери жагындагы өз саясатында чет мамлекеттер менен достук мамилелердин жана өз ара жардам көрсөтүүнүн, жалпы экологиялык коопсуздуктун, эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылуунун зарылдыгына таянат.

 

108-статья. Токой мамилелери жагындагы эл аралык келишимдер

 

Эгерде токойду пайдалануу жана коргоо жагында Кыргыз Республикасы түзгөн же тааныган эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандардан тышкары башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

25-Глава
Ушул Кодексти колдонууга киргизүү

 

109-статья. Ушул Кодексти колдонууга киргизүү жөнүндө

 

Ушул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.

Төмөндөгүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Токой кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 6, 157-ст.);

- 1993 - жылдын 7 - майындагы № 1198 - XII (Кыргыз Республикасынын Токой кодексин бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1993 -жыл, № 6, 156 ст.);

- (Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолор киргизүу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1997 -жыл, № 6, 230 -ст.).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирүү тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев