Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0e4060f6-8522-40a1-8c5f-5d46bc0c7676\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-майы № 303

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык)

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр үчүн акы төлөө белгиленсин:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды жана токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү үчүн 200 сом өлчөмүндө;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн 100 сом өлчөмүндө.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков