ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 351
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Саламаттык сактоо уюмдарында медикаменттердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тартыштыгынын пайда болуу опурталын болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- Эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Медикаменттер жана таңуучу материалдар боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын нормалары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын уюмдары үчүн жайылтылбайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
С.Жээнбеков |