Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b0224bda-0938-4b06-823f-cfcab3157ddb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-июну № 348

"Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Витязь" мамлекеттик ишканасын мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы болуп аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына кабыл алсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-1-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун" деген сөздөр "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын Уставында:

- аталышындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун" деген сөздөр "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-1 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) карамагында иштейт.

5. Ишкананын толук аталышы:

мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы;

расмий тилде: Государственное предприятие "Витязь" при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.";

- 16-1-пунктундагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17. Ишкананын ишин директор башкарат, аны кызматка ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлгөн адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Ишкананын директору кызматка эки жыл мөөнөткө дайындалат, ушул Уставдын жана аны менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иштейт.

Директордун бир орун басары болот.

Директордун орун басары ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыздайт, Ишкананын директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын аткарат.";

-18-пункттун сегизинчи абзацындагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 21-пунктунун экинчи абзацындагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы" деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:

- төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:

"

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы

";

- "Ведомстволук мекемелер" позициясындагы "Достук үйүнүн дирекциясы" деген сөздөр алып салынсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков