Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b41aea62-3acb-4d38-aa55-063e5d19fe01\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-июлу № 431

Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө

Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекстин статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:

"Ведомстволук мекемелер" позициясындагы "Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс" деген сөздөр "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V "Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча" токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы ", аталышынын жана долбоорунун" деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунун иштеши жана аны күтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;

- Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборун Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков