Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c235e0b8-6798-406a-b002-8b83b58e97ec\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 24-июлу № 443

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын  бекитүү жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясын (2011-жыл) натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:

- Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Иш-аракеттер планын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иш-аракеттер планынын бекитилгендиги тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 “Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркеме

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы

 

 

Милдеттер

Иш-чаранын аталышы

Жооптуу орган

Аткаруу мөөнөтү

Ресурстук камсыздоо

1.                БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясынын 2-беренесин ишке ашыруу багытында

Улуттук мыйзамдар

1.

Экспорттук контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликти белгилөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы катышкан, массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келтирүү  

 

 

1.Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык келишине салыштырма талдоо жүргүзүү

ЮМ, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

 III кварталы

 

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

2. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу

ЭМ, ИИМ, Коргоо комитети, ЮМ, УКМК, Башкы прокуратура  (макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

I кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

2

1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу,  уулуу же ушулар сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго кошулуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу

1. 1925-жылдагы Женева протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык жол-жоболорду аныктоо

 

ТИМ

 

2017-жылдын

III кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

2. 1925-жылдагы Женева протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун (мамлекеттик ички жол-жоболорду) иштеп чыгуу

 

ЭМ, ССМ, Ветфитосан-инспекция

 

2017-жылдын

IV кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

2.     БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2, 3, 6 жана 8-беренелерин ишке ашыруу багытында

Улуттук мыйзамдар

3.

Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерди аткаруусун камсыздоо жана тизмедеги химиялык заттарды контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ХКТКнын жоболоруна ылайык келтирүү

 

 

1.        ХКТКнын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча консультациялык иш-чараларды өткөрүү (форумдарды, жыйындарды, коомдук талкууларды өткөрүү)

 

ЭМ, ССМ, АЧТММ, ӨКМ, ЮМ, Токой агенттиги, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

I кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

2.        Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча чараларды караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.

ЭМ, ССМ, АЧТММ, ӨКМ, Токой агенттиги ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

I кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

4.

Кыргыз Республикасы тарабынан БУККнын жоболорун толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу

 

 

1. БУККнын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык иш-чараларды (форумдарды, жыйындарды, коомдук талкууларды) өткөрүү

ЭМ, ССМ, ӨКМ, АЧТММ, Ветфитосан-инспекция, Токой агенттиги, УИА, ТжЭКБ (макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

III кварталы

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

 

2. Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

ЭМ, ССМ, ӨКМ, АЧТММ, Ветфитосан-инспекция, Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

I кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

3. Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, апасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча чараларды караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

2019-жылдын

I кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Патогендүүлүктүн 1-4-тобундагы микроорганизмдер менен иштөөчү уюмдарда биологиялык талаптардын сакталышын контролдоо боюнча режимдик комиссия жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыгуу.

ССМ

2018-жылдын

II кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

5

Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүү

 

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 23-январындагы № 30 “Экспорттук контролдоо жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу

ЭМ

2017-жылдын

IV кварталы

 

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасында экспорттук контролдоонун улуттук системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу

ЭМ, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

I кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо

3. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 3-беренесин ишке ашыруу багытында

Практикалык аракеттер

6.

Иондоштуруучу нурлануу булактарын жана радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, тоо-кен өндүрүш обьекттеринин кен калдыктарын, химиялык заттардын жана таштандылардын кооптуу таштандыларын физикалык коргоону камсыз кылуу

 

 

 

1.        Көмүү пункттарын (камтылган жерлерди), иондоштуруучу нурлануу булактарын, радиоактивдүү материалдарды, компоненттик ракеталык отун калдыктарын (меланж жана самин)  айлана-чөйрөдөн обочолоо жана утилдештирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана өткөрүү, кийин обьекттердин физикалык корголушун камсыздоо жана рекультивациялоо менен мындай калдыктарды көмүүнүн оптималдуу мониторинг системасын уюштуруу

ӨКМ, ССМ, Токой агенттиги

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2018-жылдын аягына чейин

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын жана бөлүнгөн донордук каражаттардын  чегинде

2. Иондоштуруучу нурлануу булактарын физикалык сактоону камсыз кылуу

ССМ

2017-жылдын аягына чейин

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

7.

 

Кыргыз Республикасынын аймагынан ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз көчүрүүнүн алдын алуу

 

1. МАГАТЭнин техникалык миссиясынын жана башка донорлордун катышуусу менен портативдүү дозиметриялык приборлордун керектүү санын аныктоо

МБК, МЧК, ССМ, АЧТММ, ӨКМ, Ветфитосан-инспекция, Токой агенттиги, Генштаб (макулдашуу боюнча)

2017-жылдын
III-IV кварталы

Донордук каражаттар болгондо

2. Портативдүү дозиметриялык приборлордун керектүү санын бекитүү

МБК, МЧК, ССМ, АЧТММ, ӨКМ, Ветфитосан-инспекция, Токой агенттиги, Генштаб (макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

III-IV кварталы

Донордук каражаттар болгондо

3. Портативдүү дозиметриялык приборлорду сатып алуу

МБК, МЧК, ССМ, АЧТММ, ӨКМ, Ветфитосан-инспекция, Токой агенттиги, Генштаб (макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

IV кварталы

Донордук каражаттар

болгондо

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун жана өткөрүү пункттарын реконструкциялоону эске алуу менен дислокациянын жаңы орундарына радиациялык порталдык мониторлорду көчүрүүгө муктаж болгон өткөрүү пункттарын аныктоо

МБК, МЧК

2017-жылдын

III кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

5. РПМди дислокациянын жаңы орундарына которуштуруу боюнча чаралар (демонтаж, ташуу, орнотуу, оңдоо, пайдаланууга берүү)

МБК, МЧК

2017-2019 жылдар

Донордук каражаттар болгондо

8

Ядролук материалдарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуу

Иондоштуруучу нурлануу   булактарына инвентаризация жүргүзүү, ИНБнын регистрин түзүү

 

Токой агенттиги, ССМ

2017-жылдын

IV кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын жана бөлүнгөн донордук каражаттардын чегинде

 

 

4. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 6-беренесин ишке ашыруу багытында

Улуттук мыйзамдар

9.

Кош багыттагы товарлардын контролдонуучу продукцияларынын тизмесин актуалдаштыруу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
2-апрелиндеги № 197 “Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукцияларынын Улуттук контролдук тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

 

ЭМ, ӨЭЖМК, Токой агенттиги, Генштаб (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, УКМК

“Экспорттук контролдоо жөнүндө” Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрында-гы №257 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген- ден кийин.

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

5. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 7-беренесин ишке ашыруу багытында

Донорлордон жана эл аралык уюмдардан техникалык жардамдарды суроо

10.

БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттеринин ушул планында камтылган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн каржылоо, эксперттик жана техникалык жардам маселелерин иштеп чыгуу

 

 

 

БУУ ККнын
1540-резолюциясынын талаптарын аткарууга көмөк көрсөтүү жөнүндө резолюциянын 7-беренесине ылайык донор өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга конкреттүү суроо-талаптарды түзүү жана жөнөтүү

ЭМ, ТИМ, МБК, МЧК, ӨКМ, ССМ, ТИМ, Токой агенттиги, Генштаб (макулдашуу боюнча)

Дайыма

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

6. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 8-беренесин ишке ашыруу багытында

Улуттук мыйзамдар

11.

Идентификациялык борборлорду (эксперттик уюмдарды) түзүү жана иштетүү тартибин аныктоо

 

1.        Эл аралык эксперттер менен жолугушууларды уюштуруу аркылуу идентификациялык борборлорду түзүү жана иштетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө

ЭМ, МБК, Токой агенттиги, УИА, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

IV кварталы

 

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен

2. Идентификациялык борборлорду  түзүү жана иштетүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү

 

ЭМ, МБК, Токой агенттиги, УИА, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

III кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

12.

Экспорттук контролдонууга тийиш болгон материалдарды жана технологияларды өндүрүүдө, колдонууда же ташууда талаптагыдай эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуу

Экспорттук контроль боюнча фирма ичиндеги типтүү программаларды иштеп чыгуу

 

ЭМ, ӨЭЖМК, Токой агенттиги, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

 

2018-жылдын

IV кварталы

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

13.

Радиациялык материалдар жана иондук нурлануу булактары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү

 

 

Радиоактивдүү материалдар жана иондук нурлануу булактары боюнча мыйзамга негизделген ченемдик актыларды (техникалык регламенттер ж.б.) иштеп чыгуу

Токой агенттиги, ССМ, ӨКМ, МБК, МЧК, ӨЭЖМК

2018-жылдын

IV кварталы

 

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

14.

Кыргыз Республикасында химиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдик-укуктук жана институттук базанын абалын талдоо жана институттук базаны өркүндөтүү

 

 

Химиялык коопсуздук чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу

Токой агенттиги, ССМ, ӨКМ, АЧТММ

2018-жылдын

IV кварталы

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

15.

Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдик-укуктук жана институттук базасынын абалын талдоо жана институттук базаны өркүндөтүү

Биологиялык коопсуздук чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыны иштеп- чыгуу

ССМ, Токой агенттиги, ӨКМ, АЧТММ

 

2018-жылдын

IV кварталы

Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

7. Практикалык аракеттер

16.

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын

1-ноябрындагы № 193 Мыйзамы менен ратификацияланган Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин ортосундагы макулдашууга карата Кошумча протоколго ылайык милдеттердин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы

 

 

 

Кошумча протоколдун 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын алгачкы арызын жаңыртууну камтыган жылдык отчетун даярдоо жана МАГАТЭге жиберүү

Токой агенттиги, ЭМ, ӨКМ, ССМ, ИИМ

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 15- майына чейин жыл сайын

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

17.

БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашырууга тартылган министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле МБК, ИИМ жана ГПС аскер кызматкерлеринин, Генштабдын кызматкерлери үчүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук боюнча үзгүлтүксүз окутуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу

 

БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашырууга тартылган министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери үчүн экспорттук контролдоо (радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук) боюнча окуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, көрсөтмө жана практикалык сабактарды өткөрүү

ЭМ, Токой агенттиги, ЮМ, ӨКМ, МБК, МЧК, ССМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, Генштаб (макулдашуу боюнча), ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

Туруктуу негизде

Донордук жардамды тартуу

18.

Тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын экспорттук контролдоо жаатындагы маалымдуулугун арттыруу

 

1. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн окутуучу семинарлардын, тренингдердин жана форумдардын конкреттүү темаларын жана пландарын жалпылоо жана донордук уюмдардын кароосуна берүү

ЭМ, Токой агенттиги, ЮМ, ӨКМ, МБК, МЧК, ССМ, АЧТММ, ӨЭЖМК, Коргоо комитети, Генштаб (макулдашуу боюнча), ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

Туруктуу негизде

Донордук жардамды тартуу

2. Семинар, тренингдерди жана форумдарды уюштуруу жана өткөрүү

ЭМ, Токой агенттиги, ЮМ, ӨКМ, МБК, МЧК, МО, ССМ, АЧТММ, Коргоо комитети, Генштаб (макулдашуу боюнча), ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

Туруктуу негизде

Донордук жардамды тартуу

19.

Маалыматтык ресурстарды ТЭИнин катышуучуларынын, ишкердик субъекттеринин маалымат ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу

 

 

1. БУККнын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык иш-чараларды өткөрүү (форумдарды, жыйындарды, коомдук талкууларды өткөрүү)

ЭМ, УИА,ТИМ, ССМ, Токой агенттиги, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

 

2017-жылдын

III кварталы

Донордук жардамды тартуу

2. Массалык кыйратуучу куралдарын таркатпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин, улуттук мыйзамдардын маалыматтар базасы түрүндө Web-порталын, тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жардам катары маалымдама материалдарды түзүү

 

ЭМ, УИА, ТИМ. ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

IV кварталы

Донордук жардамды тартуу

20.

МЖК жасоодо пайдаланышы мүмкүн болгон ядролук, химиялык жана бактериологиялык материалдарды өз убагында табуу жана идентификациялоо үчүн техникалык базаны түзүү

 

 

1. Көчмө лабораторияларга муктаждыктарды аныктоо

ССМ, Токой агенттиги, УИА, МБК, МЧК, ӨКМ, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2017-жылдын

III кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

2. Ядролук, биологиялык жана химиялык каражаттарды талдоо үчүн көчмө лабораториялардын системасын түзүү

ССМ, Токой агенттиги, УИА, МБК, МЧК, Коргоо комитети, УКМК, ӨКМ, Генштаб (макулдашуу боюнча)

2018-жылдындын аягына чейин

Донордук жардамды тартуу

 

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын бөлүнүштөрүн жана атайын кызматтарын, Генштабды коргоонун РХК бөлүнүштөрүн биологиялык жана химиялык коргоо каражаттары менен камсыздоо

Коргоо комитети, МЧК, ИИМ, ӨКМ, ССМ, Генштаб (макулдашуу боюнча)

2018-жылдын

IV кварталы

Донордук жардамды тартуу

21.

Өткөрмө пункттардан сырткары экспорттук контролдонууга тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө

Мамлекеттик чек ара участокторуна инженердик жабдууларды орнотуу жана модернизациялоо жана аларды коргоонун техникалык каражаттары менен жабдуу

 

ГПС, МБК

Туруктуу негизде

Донордук жана техникалык жардамдарды тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

22.

БУУ ККнын 1540-резолюциясынын аракетине туш келген өлкөлөрдөгү окуялар, ниеттери жана иш-чаралары жөнүндө 1540- комитетине өз учурунда маалымат берүү

БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар, ошондой эле экспорттук контролдоо жаатында мыйзамдагы өзгөрүүлөр жөнүндө туруктуу отчётторду жана ыкчам маалыматтарды берүү

ЭМ, ССМ, Коргоо комитети, МБК, Токой агенттиги,  УКМК, МЧК, ИИМ, ӨКМ,  ТИМ

Туруктуу негизде

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

23.

Экспорттук контролдонууга тийиш болгон товарларды квалификациялык идентификациялоону камсыз кылуу үчүн эксперттик уюмдарды түзүү

 

Химиялык жана биологиялык куралдар боюнча эксперттерди даярдоо боюнча иштеп жаткан борборлорду жабдуулар менен камсыз кылууда жана идентификациялык борбордун адистерин окутууда техникалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, Финляндиянын Химиялык куралдар Верификациялык Агенттик Институту (VERIFIN) же Нидерландия OPCW лабораториясы

ЭМ, Токой агенттиги, УИА, ТИМ, Генштаб ВС КР (макулдашуу боюнча), ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча)

2019-жылдын аягына чейин

Донордук жардамды тартуу

24.

Коомчулукка БУУ ККнын 1540-резолюциясынын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымдоо (транспаренттүүлүк, жарандык, илимий жана бизнес коомчулуктары, массмедиа менен иштөө)

Маалыматтык кампанияны өткөрүү, маалыматтарды таркатуу, телеберүүлөрдү, документалдуу фильмдерди, роликтерди тартуу жагында өкмөттүк эмес уюмдар менен иштөө

 

 

ЭМ, Токой агенттиги, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча) ССМ, ӨКМ, АЧММ, МБК, МЧК, ЖМК (макулдашуу боюнча)

Донордук жардамды тартууга жараша

Донордук жардамды тартуу

25.

БУУ ККнын 1540-резолюциясын имплементациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу

 

Улуттук координатор жана башка өлкөлөрдүн агенттиктери тарабынан БУУ ККнын 1540-резолюциясын имплементациялоо процессинде топтолгон тажрыйбаларды алмашуу практикасын улантуу

ЭМ, Токой агенттиги, ТжЭКБ

(макулдашуу боюнча) ССМ, ӨКМ, АЧММ, МБК, МЧК

Дайыма

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

 

26.

БУУ ККнын 1540-резолюциясын (2004-жыл)  ишке ашырууну камсыз кылуу

2017-2019-жылдарда БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча ведомстволук Иш-чаралардын планын даярдоо жана бекитүү

Бардык тартылган министрликтер жана ведомстволор

2017-жылдын

III кварталы

Бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттардын чегинде

 

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

ТЭИ

-

Тышкы экономикалык иштер

Токой агенттиги

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

Ветфитосанинспекция

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

УКМК

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Коргоо комитети

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

Генштаб

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы

ФЧМК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

МБК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

МЧК

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара  кызматы

ХКТК

-

Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана ууландыруучу куралдардын запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция

БУКК

 

-

Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция

ИНБ

-

Иондоштуруучу нурлануу  булактары

МАГАТЭ

-

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик

ИИМ

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

ТИМ

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

АЧТММ

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

ӨКМ

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ЭМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлиги

ОЭЖМК

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

УИА

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

МЖК

-

массалык жок кылуучу куралдар

РПМ

-

Радиациялык порталдык мониторлор

БУУ КК

-

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши

ЖМК

-

Жалпыга маалымдоо каражаттары

ТжЭКБ

-

“Таркатпоо жана экспорттук контроль проблемалары боюнча борбор” коомдук фонду