Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\175402b4-dbc0-4d64-a272-9cbb640bbdb8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 10-августу № 470

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Этностор аралык жаңжалдарды эртелеп алдын алуу жана болтурбоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- этностор аралык жаңжалдарды эртелеп алдын алуу жана болтурбоо системасын түзүү.";

- 6-пунктунун "а)" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- элдин биримдигин чыңдоону үгүттөө жана жарандык жуурулушууну өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрөт;";

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамаларды түзүүгө;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- эмгек мыйзамдарына ылайык этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу адамдарды жооптуу катчы катары жалдайт;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"Этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамалар".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков