|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 639
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 1-главасында:
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" деген графасынын 6-пунктундагы "БИМ," деген аббревиатурадан кийин "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу "Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюму," деген сөздөр менен толукталсын;
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" деген графасынын 47, 48, 59, 60, 62 жана 64-67-пункттары "БИМ," деген аббревиатурадан кийин "КР ТИМнин К.Д.Дикамбаев атындагы Дипакадемиясы" деген сөздөр менен толукталсын;
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" деген графасынын 68 жана 70-пункттары "БИМ" деген аббревиатурадан кийин ", КР ТИМнин К.Д.Дикамбаев атындагы Дипакадемиясы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-главасында:
39-пунктундагы "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү";
39-1-пунктундагы "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
|
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
С.Исаков |