ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу
конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча
программасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Калктуу конуштардын башкы пландар менен камсыз болушун талдоо
Кыргыз Республикасында 7 облус, 40 район, 453 айылдык аймак жана 31 шаар, анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар жана райондук маанидеги 17 шаар, 9 шаар тибиндеги айыл бар.
Жалпы 1941 калктуу конуш бар, анын ичинен 45 айыл шаарлардын курамына кирет.
Бишкек шаары бир миллиондон ашык калк жашаган ири шаар болуп эсептелет, ага Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоордук чегинде жайгашкан калктуу конуштарда жашаган тургундар да кирет.
Республиканын түштүк борбору - Ош шаары, долбоордук чегинде беш жүз миңден ашык калк жашаган ири шаар болуп эсептелет. Калкынын саны боюнча Жалал-Абад шаары чоң шаарлардын категориясына кирет. Каракол, Токмок, Өзгөн, Балыкчы, Нарын, Кара-Балта жана Таш-Көмүр орто шаарлардын категориясында. 21 шаар кичи шаар болуп саналат.
2015-жылдын 1-январына карата жерлерди мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча калктуу конуштардын азыркы чектериндеги жалпы аянты 276235 га түзөт. Алардын ичинен айылдык калктуу конуштардын жерлеринин аянты 172757 га, шаарлар жана шаар тибиндеги айылдар 22240 га аянтты ээлейт.
Азыркы мезгилде Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларынын бекитилген башкы пландары бар, Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул жана Кара-Балта шаарларынын жаңы башкы пландары иштелип жатат, алардын кээ бирлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында макулдашуу жана бекитүү стадиясында турат. 18 шаардын башкы пландарын иштеп чыгып, камсыздоо зарылчылыгы бар.
Жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча 1821 калктуу конуштун башкы пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл. Бекитилген башкы пландар шаар курулушунун документи катарында көрсөтүлгөн калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо, курууда жана өнүктүрүүдө комплекстүү түрдө практикалык жактан колдонулууга тийиш.
Башкы пландарды иштеп чыгуу тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетиштүү финансы каражаттарынын жоктугунан аткарылбай келүүдө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык калктуу конуштардын жана шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгуу, каржылоо маселелери, анын ичинде башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн топографиялык изилдөөлөрдү финансылык камсыздоо маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык.
Башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн М1:5000 жана М 1:2000 масштабындагы жердин планы түрүндө топографиялык изилдөөлөр керек, алар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы тарабынан белгиленген тарифтер боюнча акысы төлөнүп аткарылат. Жогоруда көрсөтүлгөн масштабдагы жердин топографиялык сүрөтүнүн жоктугу, ошондой эле шаарлардын, калктуу конуштардын жериндеги геологиялык изилдөөлөрдүн материалдарынан тандалмалуу маалыматтар башкы пландарды өз убагында иштеп чыгууга тоскоолдук жараткан факторлор болуп эсептелет. 30-40 жыл мурун аткарылган топографиялык пландар эскирген жана калктуу конуштардын аймагынын азыркы абалын так көрсөтө албайт.
20 пилоттук шаар - өсүү чекиттери облустардын, райондордун администрациялык борборлорунун функциясын аткарат: 11 шаар өнөр жайлуу шаарлар болуп, эмгек түйүндөрү, маданий-тиричилик жактан тейлөөнүн, транспорттун жана айылдар аралык тейлөө ж.б. функцияларын аткарышат.
Жалпысынан республика боюнча 1821 калктуу конуштун башкы пландарын иштеп чыгуу талап кылынат, анын ичинде:
31 шаардын ичинен 19 шаарга башкы план иштеп чыгуу зарыл жана 2 шаардын: Бишкектин жана Чолпон-Атанын башкы пландарын кайрадан оңдоп иштеп чыгуу керек.
Шаарлардын курамындагы 45 айылдын ичинен 30 калктуу конуштун башкы пландарын иштеп чыгуу зарыл.
9 шаар тибиндеги айылдардын башкы пландарын иштеп чыгуу керек.
Чек арага жакын 244 айылдын - 229 айылына башкы пландарды иштеп чыгуу зарыл.
1612 айылдын ичинен 1532 айылга башкы пландарын иштеп чыгуу керек.
Кыргыз Республиканын калкынын саны өсүп, акыркы алты жылда, жыл сайын 100 миң адамга, же калктын жалпы санынан 0,7% көбөйүшү Кыргыз Республикасындагы дурус демографиялык динамика тууралуу кабар берет.
Эмгекке жарамдуу калктын чет өлкөгө активдүү миграциясына карабай, калктын санынын өсүшү, анын ичинде ички миграциянын активдүүлүгү өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында байкалат, муну жеке турак жай курулушуна жер участкаларынын активдүү бөлүп берилишинен улам байкасак болот.
1991-жылдан кийин республикадагы саясий, экономикалык жана коомдук түзүлүштө радикалдуу өзгөрүүлөр болуп өттү: Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынды, жеке менчик институту киргизилди, мамлекеттик жана муниципалдык объектилер жеке менчикке өттү, экономикалык жана социалдык өнүгүүсү менен борборлоштурулган директивалык пландоо системасы жокко чыгарылды, кыргызстандыктардын жашоосунун социалдык шарттары өзгөрүлдү.
Акыркы 25 жылдагы Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы шаар курууга түздөн-түз таасирин тийгизди. Шаарлардын негизин түзүүчү базасы болуп өндүрүш, илим, илимий жактан тейлөө эсептелинет, анын жоктугу олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Ишканалардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү шаарларды өнүктүрүүнүн экономикалык базалары менен байланышкан. Өндүрүштүк-экономикалык жана социалдык көйгөйлөр Кыргыз Республикасында дотациялык шаарлардын пайда болушуна алып келди. Республикадагы 31 шаардын ичинен Сүлүктү, Таш-Көмүр, Майлы-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кайыңды, Кемин, Шопоков, Балыкчы дотациялык шаарларга кирет, аларда ишканалардын өндүрүштүк иши токтогон. Майлы-Суу, Көк-Жаңгак, Орловка, Кажы-Сай жана башка шаарларда заводдордун өндүрүштүк ишинен чыккан ачык зыяндуу калдыктар гана калган. Кээ бир калктуу конуштар шаардык пландоо, деталдык долбоорлоо, укуктук чөлкөмдөө, кыймылсыз мүлктү баалоо, объекттерди жайгаштыруу пландары жана шаарлардын аянтына чек салуу, шаар курулуштарынын электрондук маалымат банктарын түзүү сыяктуу учурдун талабындагы документтер менен камсыздалган эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Программанын максаттары жана маселелери
Программанын максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын туруктуу өнүктүрүү үчүн аларды рыноктук экономикалык мамилеге ылайыктуу башкы пландар менен камсыз кылуу жана аны иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү зарыл:
1) калктуу конуштарды шаар куруу документтери - башкы пландар, деталдык пландоо долбоорлору менен камсыз кылуу;
2) шаарларда, калктуу конуштарда зарыл инженердик-транспорттук инфраструктуранын жана жагымдуу инвестициялык климаттын түзүлүшүн камсыздоо;
3) аймактардын турак жай, социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик чөйрөсүн өнүктүрүүнү камсыздоо, керектүү ченемдерге жетүү;
4) чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
5) жаратылыштык жана техникалык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону камсыздоо, ал үчүн башкы пландарда долбоордук сунуштар жана зарыл шаар куруудагы чектөөлөр каралууга тийиш.
Программаны ишке ашыруу мөөнөтү: 2018-2025-жылдар.
Программаны ишке ашыруу эки этапта жүзөгө ашырылат.
Биринчи этапта (кыска мөөнөттүү мезгил) - 2018-2020-жылдарга - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилге региондук саясаттын концепциясына ылайык Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата - 20 пилоттук шаардын жана чек арага жакын жайгашкан айылдардын башкы пландарын иштеп чыгуу каралган.
Экинчи этапта (узак мөөнөттүү мезгил) - 2021-2025-жылдар - республиканын башка калктуу конуштарынын башкы пландары тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен иштеп чыгуу каралган, алар тиешелүү башкы пландарды иштеп чыгуу иштерине заказчы болууга тийиш.
Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуунун тематикалык пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жыл сайын бекитилет.
Программа Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын ирети менен иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырылат.
Программанын максаттарына жетүүнүн өбөлгөлөрү:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга максаттуу багытта финансы каражаттарын жыл сайын пландоо жана бөлүп берүү;
2) маанилүүлүгүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыяры боюнча, аталган максаттарга финансы каражаттарынын бөлүнүшүнө жараша Программаны этап-этабы менен ишке ашыруу;
3) республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын башкы пландарын, деталдык пландоонун долбоорлорун жана куруунун долбоорун иштеп чыгууга техникалык, финансылык маселелерди өз убагында чечүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тыгыз кызматташуу.
Программаны ишке ашыруунун жакшы натыйжасы болуп башкы пландарды иштеп чыгуу жолу менен калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыздоо саналат, ал төмөнкү жыйынтыктарга жетишүүгө алып келет:
- шаар куруу документтери аркылуу аймактарды өнүктүрүүнү укуктук жактан камсыздоого;
- инфраструктура жана инженердик-техникалык камсыздоо системасын жакшыртууга;
- мамлекеттик жөнгө салуу системасын жана шаар куруу ишин башкарууну оптималдаштырууга;
- шаар куруу ишинде жагымдуу чөйрөнү түзүүгө;
- коррупциялык схемаларды жок кылууга.
Программаны ишке ашыруу калктын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жагымдуу чөйрөдө жашоосун жана турмуш-тиричилигин камсыздайт.
5. Программаны ресурстук жактан камсыздоо жана аны ишке ашыруу механизми
Программаны ишке ашырууну каржылоо булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттык түшүүлөр эсептелет.
Башкы пландарды иштеп чыгууну талап кылган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын тизмесин ишке ашыруунун жыйынтыктарын талдоо аркылуу жүргүзүлгөн мониторинг Программаны аткаруунун ажырагыс элементи болуп эсептелет.