Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\12e9debb-8cdb-4e42-9889-b82afbecefbf\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 24-июлу № 188

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 17-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы "чек" деген сөздөн кийин "же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес формада (төлөм карточкалары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Соода-сервистик ишканалардын тизмеги, ошондой эле соода-сервистик ишканалар банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн ага ылайык өзүлөрүндө POS-терминалдарды орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айдан кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 31-июлунда 69-70 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев