Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d018bfb5-1c4d-4feb-8cc0-3696202afef7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 31-июлу № 208

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж, № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 167-берененин 24-пункту "ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ушул Кодекстин 221-2-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке жагы тарабынан алынган" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 213-берененин 1-бөлүгүндөгү "ушул беренеде" деген сөздөр "ушул бөлүмдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 221-2-берене менен толукталсын:

"221-2-берене. Ири инвестициялардан алынган пайдага салык салуунун өзгөчөлүктөрү

1. Өз өндүрүшүнүн товарларын өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруудан, анын ичинде жалаң жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан алынган ата мекендик уюмдун (мындан ары ушул беренеде - салык төлөөчү) ушул бөлүмгө ылайык эсептелген пайдасына 0 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык салынат, эгерде салык төлөөчү:

1) салык мезгилинин ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан 170000000 сомдон кем эмес суммадагы акчаны алса; жана

2) салык мезгилинин ичинде ай сайын 150000 сомдон кем эмес суммадагы киреше салыгын төлөп турса; жана

3) 10000000 сомдон кем эмес төлөнгөн уставдык капиталы болсо.

2. Ушул беренеде Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келинген негизги каражаттар жана ага чейин анын аймагында пайдаланылбаган, ошондой эле ата мекендик уюмдун менчиги болуп саналган колдонуудагы же ал тарабынан каржы ижарасы (лизинг) келишимине ылайык пайдаланылган кыймылсыз мүлк жаңы жабдуу деп түшүнүлөт.

Салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келген жана салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майына чейин сатып алган же өндүргөн өндүрүштүк комплексти кеңейтүү же жаңылоо үчүн пайдаланылган негизги каражаттар жаңы жабдууга кирбейт.

Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы жабдууларды алып келүү фактысы Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды алып келүү учурунда таризделүүчү документтер жана/же Кыргыз Республикасынын чек ара органдарынын аймактык бөлүмдөрү берүүчү мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө документтер менен ырасталууга тийиш.

3. Ушул беренеде каралган салык салуу бул беренеде белгиленген критерийлерге ылайык келген салык төлөөчү тарабынан салык мезгилинин ичинде ал алган пайдага карата колдонулат.

4. Салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген салык салуунун тартибин жаңы жабдууну пайдалануудан алгачкы пайда алынган салык мезгилинен кийинки салык мезгилинен тартып катары менен кийинки беш салык мезгилинин ар биринин жыйынтыктары боюнча алынган пайдага карата колдонууга укуктуу.

5. Ушул беренеде белгиленген пайдага салык салуунун тартиби төмөнкүлөрдөн алынган пайдага карата колдонулбайт:

1) пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан алынган пайданы, ошондой эле тоо-кен, ылгоо, кокос-химиялык жана металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүүдөн алынган пайданы кошпогондо, пайдалуу кендерди казып алуудан;

2) ушул беренеде каралган товарларды кайра иштетүү боюнча иштерди же кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, иштерди аткаруудан же кызмат көрсөтүүдөн;

3) программалык камсыз кылууну иштеп чыгуудан, анын ичинде:

а) маалымат системаларын, анын ичинде жайылтуу үчүн даярларын талдоодон, долбоорлоодон жана программалоодон;

б) пайдалануучулардын маалыматтык керектөөлөрүн жана көйгөйлөрүн талдоодон;

в) жеке жана/же даяр, анын ичинде конкреттүү керектөөчүлөрдүн заказдарына жооп берген программалык камсыз кылууну долбоорлоодон, иштеп чыгуудан, берүүдөн жана документтештирүүдөн;

г) пайдалануучунун көрсөтмөсү боюнча программаларды оңдоп-түзөөдөн;

4) соода ишин жүзөгө ашыруудан;

5) алкоголдук продукцияларды жана тамеки заттарын өндүрүүдөн жана сатуудан.

Ушул бөлүктө сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иш соода иши деп түшүнүлөт.".

4. 223-берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 221-2-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салынуучу салыктан пайданын бир бөлүгү түрүндө алынган дивиденддери 0 пайыз ставкасы боюнча төлөм булагына салык салынууга жатат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев