Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0a91fa44-379e-4b52-9b1a-a7a11491c165\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 5-августу № 217

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж, № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 4-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-берене. Кепилденген эң төмөнкү киреше

1. Кепилденген эң төмөнкү киреше - бул бюджеттик мүмкүнчүлүктүн жана экономиканын абалынын эсебинен аныкталуучу, жашоо минимумун эске алуу менен балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү анын жардамы менен ай сайын жөлөкпулга үй-бүлөлөрдүн муктаждыгы аныкталган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көрсөткүч.

Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн жыл сайын кайра кароодо ал жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш.

2. Кепилденген эң төмөнкү киреше жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

2. 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

- балдар он алты жаш куракка жеткенге чейин аларга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө;

- бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул - кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө;

- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;

- үч жана андан көп эм төрөлгөндөргө жөлөкпул - алардын ар бири он алты жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө.".

3. 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, материалдык жардам, ошондой эле жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар, алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялары;".

4. 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленсе.".

2-берене.

Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев