Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\815eb990-1b26-4e5a-ae66-e7f8fac3f829\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АБА КОДЕКСИ

2015-жылдын 6-августу № 218

(КР 2015-жылдын 6-августундагы N 219 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

 (КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ БӨЛҮК

1-глава. Негизги жоболор

 

1-берене. Эгемендүүлүк

Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигине карата толук жана өзүнө гана таандык болгон эгемендүүлүккө ээ. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү мейкиндикти билдирет.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин максаттары

1. Кыргыз Республикасынын Аба кодекси (мындан ары - Кодекс) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун укуктук негизин жана Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуз аба ташууларга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында жарандык авиация жаатында ишти белгилейт.

2. Жарандык авиация жаатында ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун максаты коопсуз аба ташууларын жана авиациялык жумуштарды камсыз кылуу болуп саналат.

3-берене. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Кодекстен, ушул Кодекске ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, Авиациялык эрежелеринен жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери болуп Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын ишин жөнгө салуучу, ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунушталуучу тажрыйбасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары саналат.

4-берене. Колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагынын жана аба мейкиндигинин чектеринде жүзөгө ашырылуучу жарандык авиация жаатында төмөнкүлөр тарабынан аткарылган иштердин бардык түрлөрүнө жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелери (мындан ары - Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестри);

2) иштери Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тийиштүү эл аралык келишимдерде каралган чет өлкөлүк аба кемелери.

2. Эгерде баруучу мамлекеттин аба мыйзамдарында башкача каралбаса, ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын аба кемелерине карата чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында жана аба мейкиндигинде колдонулат.

3. Ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө мамлекеттик авиацияга да карата колдонулат.

5-берене. Авиациянын түрлөрү

1. Авиация мамлекеттик жана жарандык болуп бөлүнөт.

2. Мамлекеттик авиация мамлекеттин улуттук жана экономикалык коопсуздугун, эгемендүүлүгүн коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугун, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти коргоо максатында мамлекеттик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн багышталган.

3. Жарандык авиация коммерциялык авиация жана жалпы багыттагы авиация болуп бөлүнөт.

4. Коммерциялык авиация жүргүнчүлөрдү, жүктү, жол жүктү, почтаны ташуу жана авиациялык жумуштарды аткаруу үчүн коммерциялык максаттарга (акысына жана жалдоо боюнча) колдонулат.

5. Жалпы багыттагы авиация жеке жана юридикалык жактардын жеке керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн коммерциялык эмес максаттарга колдонулат.

2-глава. Терминдер жана аныктамалар

 

6-берене. Ушул Кодексте колдонулган терминдер жана аныктамалар

1) авиакомпания - аба кемелеринин эксплуатантынын тастыктамасы бар юридикалык жак;

2) авиациялык метрологиялык чордон - учуулар үчүн пайдаланууга жаткан байкоолорду жүргүзүү жана метрологиялык жыйынтык маалыматын түзүү үчүн багышталган чордон;

3) авиациялык жумуштар - айыл чарба, курулуш, сүрөткө түшүрүү, топографиялык тартуу, аба жарнамалары, байкоо жана кайгулдоо, издөө жана куткаруу, абадан репортаждар, парашют менен секирүү, тышкы илмектер менен жүк ташуу жана башка ушул сыяктуу тейлөөнүн адистештирилген түрлөрүн жогоруда аталган жаатында камсыз кылуу үчүн пайдаланылган аба кемелеринин, планёрлордун, дельтапландардын, аба шарлары жана башка учуучу аппараттардын учуулары;

4) мыйзамсыз кийлигишүү актылары - аба транспортунун жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын коопсуздугуна коркунуч түзүүчү аракеттер же аларды жасоого аракет кылуу;

5) аэродромдук метеорологиялык кызмат - учууларды метеорологиялык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн багышталган кызмат;

6) аэронавигациялык маалымат - аба кемелеринин учууларын камсыз кылуу, аба кыймылын тейлөө жана аба кыймылдарын башкаруу максаттары үчүн топтоонун, талдоонун жана иштеп чыгуунун натыйжасында алынган маалымат;

7) аэронавигациялык тейлөө - аба кыймылдарын тейлөө, радиотехникалык жабдууларды жана байланыш каражаттарын иштетүүдө метеорологиялык камсыз кылуу, авариялык кабарлоо жана аэронавигациялык маалыматты берүү менен байланышкан комплекстүү тейлөө;

8) аэродром - аба кемелеринин ошолордун үстү боюнча толук же жарым-жартылай конуусуна, учушуна жана жүрүшүнө багышталган жер же суу үстүндөгү (кандай гана имараттар, курулмалар жана жабдуулар болбосун кошуп алганда) белгилүү бир участок;

9) аэропорт - жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны кабыл алуу жана жөнөтүү, аба кемелерин, экипажды тейлөө үчүн багышталган жана бул максаттар үчүн керек болгон, жабдуулары жана персоналдары бар өзүнө аэродромду, аэровокзалды, башка курулмаларды камтыган комплекс;

10) учкучсуз аба кемеси - учуу массасы 10 килограммдан ашпаган жана жердин же суунун үстүнөн 100 метрден жогору учуу бийиктиги менен, учууну тыштан башкаруу менен учкучу жок же экипажы жок, учуучу аппарат;

11) борт камы - аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөр жана экипаждын керектөөсү үчүн багышталган сатылган жана сатыла элек товарлар жана аба кемесин иштетүү жана тейлөө үчүн зарыл болгон отунду жана майлоочу материалдарды кошуп алганда товарлар;

12) вертодром - вертолёттордун толук же жарым-жартылай келип конууга, учуп кетүүгө жана кыймылына багышталган аэродром же курулманын үстүндөгү белгилүү бир участок;

13) вертолёт - тик абалда октун айланасында күч орнотмо менен айланган, негизинен бир же бир нече көтөрмө винт менен абанын реакциясынын эсебинен учууда кармалып туруучу, абадан ооруураак аба кемеси;

14) аба ташуулары - жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү же почтаны ташуу боюнча жеке же юридикалык жактардын иши;

15) аба кемеси - жердин же суунун үстүндө чагылышкан аба менен өз ара аракеттенүүнү албаганда, аба менен анын өз ара аракетинин эсебинен атмосферада кармалуучу кандай гана болбосун учуучу аппарат;

16) мамлекеттик авиация - мамлекеттин улуттук жана экономикалык коопсуздугу, эгемендүүлүктү коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугу, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти коргоо максаттарында мамлекеттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын карамагындагы авиация;

17) мамлекеттик аба кемелери - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аба кемелеринин эсебинде турган же реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилбеген аба кемелери;

18) кароо - мыйзамсыз кийлигишүү актысын жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон куралдарды, жардыруучу заттарды же башка кооптуу түзүлүштөрдү идентификациялоого жана (же) табууга багышталган техникалык же башка каражаттарды колдонуунун жол-жобосу;

19) чет өлкөлүк аба кемеси - чет өлкөлүк мамлекеттин аба кемелеринин реестринде катталган аба кемеси;

20) аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты - чет өлкөлүк мамлекет тарабынан берилген аба кемелеринин эксплуатантынын колдонуудагы тастыктамасы бар адам;

21) жеңил аба кемеси - максималдуу тастыктамалуу учуучу массасы 3175 килограммдан кем вертолётту кошуп алганда, 750 килограммдан жогору жана 5700 килограммга чейинки максималдуу тастыктамалуу массасы бар аба кемеси;

22) учуучу аппарат - атмосферада же космос мейкиндигинде учууну башкаруучу түзүлүш;

23) Жарандык авиациянын эл аралык уюму - аба каттамдарынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана майнаптуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон эл аралык ченемдерди жана стандарттарды белгилөөчү Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси;

24) эл аралык аэропорт - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган бажы, чек ара, санитардык-карантин контролун жана контролдоонун башка түрлөрү камсыз кылынган эл аралык аба ташууларды жүзөгө ашыруучу аэропорт;

25) эл аралык учуу - аба кемеси мамлекеттик чек арадан кесип өткөн Кыргыз Республикасынын аба кемесинин учуусу;

26) жарандык авиация уюму - Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;

27) жүргүнчү - ташуучу менен аба ташуулар келишимин түзгөн жеке жак же болбосо ташуу максатында аба кемесин жалдоо келишимин түзгөн жеке жак;

28) ташуучу (аба кемесинин эксплуатанты) - аба кемелерин иштетүү менен алектенген жана аба кемелеринин эксплуатантынын колдонуудагы тастыктамасы бар Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;

29) ташуу документтери - Кыргыз Республикасынын Жарандык эрежелеринде каралган жана жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү, почтаны абада ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө пайдалануучу билет, жол жүк дүмүрчөгү, жүктүн коштомо кагазы, почтанын коштомо кагазы жана башка документтер;

30) перрондук инспекция - учуулардын коопсуздугун, аба кемелеринин, анын ичинде чет өлкөлүк аба кемелеринин учууга жарактуулугун камсыз кылуу боюнча эл аралык жана Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдердин аткарылышын жана авиациялык персоналдын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунда учууларды аткарган чет өлкөлүк персоналдын күбөлүктөрүнүн аныктыгын текшерүү максатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 11, 12 жана 16-беренелерине жана ушул Кодекске ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун перрондорунда жалпы багыттагы авиациянын аба кемелерин кошуп алганда, улуттук жана чет өлкөлүк эксплуатанттардын аба кемелерин инспектирлөө;

31) маневрлөө аянты - перрондорду кошуп албаганда, учуу, конуу жана аларды рулдоо үчүн багышталган аэродромдун бөлүгү;

32) аба мейкиндигинин пайдалануучулары - Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу боюнча белгиленген тартипте иштерди жүзөгө ашырууга укук берилген Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары;

33) конуу аянтчасы - учууга, конууга же аба кемелеринин учууга, конууга, рулдоого жана токтотуу турукка багышталган жер, муз, курулманын үстүндөгү, анын ичинде сүзүп жүрүүчү курулманын же болбосо акватория үстүндөгү участогу;

34) аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүсү - аба кыймылын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тастыктамасы жана түзүмү, персоналы, техникалык каражаттары бар Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.

35) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учуу коопсуздугунун өкмөттүк программасы (Учуу коопсуздугунун өкмөттүк программасы) - коопсуздуктун алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу максатында жарандык авиация органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жарандык авиациянын учуу коопсуздугун жогорулатууга багытталган эрежелердин жана иштердин түрлөрүнүн бирдиктүү комплекси;

36) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн өкмөттүк программасы - жарандык авиация чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жарандык авиацияны өнүктүрүү программасы;

36-1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугу - үзгүлтүксүз абада ташууларга карата укук, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ;

37) аэродромдун жумушчу аянты - аба кемесинин учуу, конуу жана рулдоо үчүн багышталган, маневрлөө аянтынан жана перрондон турган аэродромдун бөлүгү;

38) колго жасалган аба кемеси - өз алдынча жасалган, ышкыбоздук конструкциядагы, учуу массасы 750 килограммдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген учууга жарактуулугунун минималдуу талаптарына ылайык келген жана коммерциялык ташуулар үчүн багытталбаган аба кемеси;

39) самолет - көтөрүү күчү негизинен учуунун ушул шарттарында кыймылсыз келген беттерде аэродинамикалык реакциялардын эсебинен түзүлүүчү күч орнотмосу менен кыймылга келтирилүүчү абадан оорураак аба кемеси;

40) аэронавигациялык маалымат жыйнагы - аэронавигация үчүн мааниге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүк аэронавигациялык маалыматты камтыган, жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча органы тарабынан жарыяланган өзүнчө басма сөз же электрондук басылма;

41) өтө жеңил аба кемеси - максималдуу тастыктамаланган, учуу массасы 750 килограмм жана андан аз болгон аба кемеси;

42) типтин тастыктамасы - аба кемесин мамлекет-иштеп чыгуучу тарабынан аба кемесинин конструкциясынын тибин аныктоо жана мамлекет-иштеп чыгуучунун учуу жарактуулугунун тийиштүү ченемдерине ушул конструкция жооп бере тургандыгын тастыктоо үчүн берилген документ;

43) тастыктамалоо - учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарандык авиация органы тарабынан жарандык авиация уюмунун же жарандык авиациянын авиациялык персоналдарынын Кыргыз Республикасынын белгиленген Авиациялык эрежелеринин талаптарына шайкештигин расмий баалоонун жана тастыктоонун жол-жобосу;

44) авиациялык коопсуздук кызматы - авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чечүүнү жүзөгө ашыруучу жарандык авиация уюмдарынын коопсуздук органдарынын тутуму;

45) аба кемесин техникалык тейлөө - өзүнчө бөлүп же айкалыштырып аткарылуучу контролдоочу-калыбына келтирүүчү иштерди, текшерүүнү, алмаштырууну, дефекттерди четтетүүнү ошондой эле аба кемесин модификациялоону же оңдоону практикалык жүзөгө ашыруу жумуштарын жүргүзүүнү кошуп алганда, аба кемесинин учууга жарактуулугун сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон;

46) күйүүчү май куюучу уюм - Кыргыз Республикасынын аэропортунда же аэродромунда авиа отун менен камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу, аба ташууларын авиа отун менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин аткаруу үчүн тийиштүү жабдуулары, техникалык жабдуулары жана персоналдары жана мындай ишти жүзөгө ашырууга тастыктамасы бар, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;

47) аэродромдун эксплуатанты - аэродромдун учууларга карата эксплуатациялык жарактуулугун камсыз кылуучу жана аэродромдун жарактуулук тастыктамасы бар жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча органы тарабынан тастыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, юридикалык жак;

48) аэропорттун эксплуатанты - аэропортто аба кемелерин, жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын, жол жүктү, жүктү жана почтаны жердеги тейлөөнү уюштуруучу жана ушул максаттар үчүн тийиштүү жабдуулары, техникасы жана персоналдары бар жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча органы тарабынан тастыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, юридикалык жак.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик органдары

 

7-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик органдары

Ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик органдары төмөнкүлөр саналышат:

1) жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган);

2) жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы);

3) авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (мындан ары - териштирүү боюнча орган).

8-берене. Жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган

Жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аба транспорту жаатында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкактарында жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну;

2) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органдары жана жарандык авиация уюмдары менен биргелешип Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн өкмөттүк программасын иштеп чыгууну;

3) Жарандык авиация жаатында эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгууну, ошондой эле жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен улам чыгуучу милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну;

4) Жарандык авиация жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга кол коюуну.

9-берене. Жарандык авиация органы

1. Жарандык авиация органы жарандык авиация жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат. Жарандык авиация органы юридикалык жак болуп саналат.

2. Жарандык авиация органы өз ишин ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жарандык авиация органы жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.

3. Жарандык авиация органы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аракеттенет жана жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу органга отчёт берет жана бюджеттин долбоорун жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу органга календардык жылга жумуштун планын бекитүүгө берет.

4. Жарандык авиация органынын компетенциясынын чөйрөсүнө учуулардын коопсуздугуна жана аба кыймылына тиешелүү маселелерди чечүү, ошондой эле ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актылар менен каралган башка иш-милдеттерди жана милдеттерди аткаруу кирет.

5. Жарандык авиация органы жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган менен макулдашуу боюнча жарандык авиация жаатында Жарандык авиациянын эл аралык уюму жана башка эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден улам чыгуучу милдеттенмелердин талапка ылайык аткарылышын камсыз кылат.

6. Жарандык авиация органы үзгүлтүксүз эл аралык аба каттамын белгилөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан өткөрүп берилген ыйгарым укуктарга ылайык жарандык авиация ишинин башка аспекттерине карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга кол коёт жана алардын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.

10-берене. Жарандык авиация органынын ыйгарым укуктары

1. Жарандык авиация органынын иш-милдеттери жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, аба кемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарын сактоо;

2) Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбалары менен максималдуу бир түрдөйлүктү камсыз кылуу үчүн авиация жаатында Авиациялык эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы авиациялык эрежелерин жана башка ченемдик укуктук актыларын Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунуштаган тажрыйбалары менен бир түрдөйлүктү камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, жарандык авиация органы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 38-беренесине ылайык жарандык авиация жаатында эл аралык стандарттар менен белгиленген ошол ченемдери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ортосундагы айырмачылыктар тууралуу Жарандык авиациянын эл аралык уюмун кабарлоо;

4) тастыктамаларды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү, квалификациялык белгилерди берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонууну токтотуп туруу же жоюу, ошондой эле тийиштүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү;

5) ушул Кодексте каралган мамлекеттик реестрлерди, тизмектерди жана эсепке алууну жүргүзүү;

6) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарын даярдоонун окутуу программасын бекитүү;

7) Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык маалыматынын жыйнагын басып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба жолдорунун тизмегин бекитүү. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү;

8) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;

9) авиациялык технологиялар, аба кемелерин иштетүү, аэродромдор жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдары жөнүндө статистикалык маалыматтарды, отчётторду, документтерди жана башка маалыматтарды топтоо, талдоо жана таратуу;

10) аба транспортунун зыяндуу таасир этүүсүнөн айлана чөйрөнү коргоо менен байланышкан маселелерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;

11) аэронавигациялык тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жана аэродромдорунда тейлөө үчүн алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин макулдашуу;

12) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

13) Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;

14) жарандык авиация уюмдарына Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген, учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизбеген талаптарды аткаруудан бошотууларды берүү. Тиешелүү бошотууларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныктоо;

15) Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасынын жоболорунун жана жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышы үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

16) жарандык авиация уюмдары жана Кыргыз Республикасынын авиациялык окуу жайлары жана борборлору тарабынан аба кемелеринин учуу жана техникалык иштетүү үчүн көзөмөл;

17) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдарында учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга аудит жана инспекция жүргүзүү;

18) Кыргыз Республикасынын аэропортторунда улуттук жана чет өлкөлүк жарандык аба кемелерине перрондук инспекция жүргүзүү.

2. Ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктардын чектеринде жарандык авиация органы учуулардын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдарына жана авиациялык персоналдарына жазма буйруктарды берет.

3. Мамлекеттик аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана ушул мамлекеттик аба кемелер карамагында турган ведомстволорго жүктөлөт.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Жарандык авиация органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу тастыктамалоонун жана каттоонун түрлөрү

1. Жарандык авиация органы тастыктамалоонун жана каттоонун төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:

1) аба кемелеринин техникалык жана иштетүүчү шарттарына керектүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин жана алардын бөлүктөрүн тастыктамалоону;

2) Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин каттоо жана Кыргыз Республикасынын аба кемелерине реестрди жүргүзүүнү;

3) Кыргыз Республикасынын аэродромдорун жана вертодромдорун тастыктамалоо. Биргелешип жайгашуучу аэродромдорду тастыктамалоодо Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына тийиштүү аэродромдун бөлүгү тастыктамалоону.

4) Кыргыз Республикасынын аэродромдорун жана вертодромдорун каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорун жана вертодромдоруна мамлекеттик реестрин жүргүзүү (мындан ары - КР аэродромдордун жана вертодромдордун реестри);

5) иши Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана авиациялык коопсуздук менен байланышкан аба кемелеринин эксплуатанттарын, май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрүн, аба кемелерин техникалык тейлөөчү уюмдарын, жерде тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү жөнөтүүчүлөрдү, авиациялык окуу жайларды жана борборлорду жана жарандык авиациянын башка уюмдарын тастыктамалоону жана каттоону;

6) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарын тастыктамалоону жана каттоону, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарына күбөлүктөрдү берүүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү.

2. Тийиштүү уруксаттарды, тастыктамаларды, күбөлүктөрдү, корутундуларды берүү, таануу, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, колдонууну токтотуу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт.

12-берене. Жарандык авиация органын каржылоо

Жарандык авиация органын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик бюджеттин;

2) тастыктамалоо, тастыктамаларды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү берүүнүн, узартуунун же өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жоболорун жүргүзүү, ошондой эле тийиштүү арыздарды кароо жана корутундуларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдарынан алынуучу атайын каражаттардын;

3) эл аралык коммерциялык аба ташууларын аткарууда аэродромдон ар бир жөнөтүү үчүн аба кемесинин максималдуу учуу массасынын ар бир тоннасына бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө аба кемелеринин эксплуатанттарынан алынуучу атайын каражаттардын;

4) Кыргыз Республикасынын аэродромунан эл аралык коммерциялык аба ташууларын аткарууда жөнөтүлгөн ар бир жүргүнчү үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө аэропорттун эксплуатанттарынан алынуучу атайын каражаттардын;

5) Кыргыз Республикасынын аэродромунан эл аралык коммерциялык аба ташууларын аткарууда аба кемесинин учуусу жана конуусу үчүн ар биринен өзүнчө аба кемесинин максималдуу учуу массасынын ар бир тоннасы үчүн 0,5 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүчүлөрдөн алынуучу атайын каражаттардын;

6) эл аралык коммерциялык аба ташууларын аткарууда куюлган майдын ар бир тоннасы үчүн үч эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө май-куюучу уюмдардан алынуучу атайын каражаттардын.

2. Ушул берененин 2-6-пункттарында көрсөтүлгөн атайын каражаттарды алып коюу жана чыгымдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

13-берене. Териштирүү боюнча орган

1. Териштирүү боюнча орган учуу коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү, ошондой эле ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүүчү териштирүү боюнча орган жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат.

2. Териштирүү боюнча орган өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

3. Териштирүү боюнча орган жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу органга белгиленген тартипте отчёт берет.

4. Териштирүү боюнча органдын иш-милдеттерине жана милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү;

2) Кыргыз Республикасында катталган аба кемелери менен башка мамлекеттердин аймагында орун алган авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүгө катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.

5. Териштирүү боюнча орган авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнү жүргүзүү максатында башка мамлекеттер менен кызматташа алат.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча иш-милдетти катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык башка мамлекетке же эл аралык уюмга берүүгө укуктуу.

II БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АБА МЕЙКИНДИГИ ЖАНА АЭРОНАВИГАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ

4-глава. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги

 

14-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылыктар

1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бардык пайдалануучулары аны пайдаланууда тең укуктарга ээ.

2. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууда керектөө муктаждыгы келип чыкканда, аны пайдалануу укугу аба мейкиндигин пайдалануучуларга төмөнкүдөй ырааттуулукта берилет:

1) мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде санкцияланган аскердик операциялар;

2) издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген табигый кырсыктар, кыйроолор, авариялар жана өзгөчө кырдаалдар жана жагдайлар;

3) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар;

4) өзгөчө маанилүү учууларды аткарууну кошкондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылуучу атайын учууларды аткаруу;

5) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн аскердик ташуулар менен байланышкан учууларды аткаруу;

6) бортунда жүргүнчүлөрү менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүксүз аба ташууларын аткаруу;

7) бортунда жүгү же почта менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүксүз аба ташууларын аткаруу;

8) бортунда жүргүнчүлөрү менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүктүү аба ташууларын аткаруу;

9) бортунда жүгү же почта менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүктүү аба ташууларын аткаруу;

10) мамлекеттик аба кемелеринде учууларды аткаруу;

11) авиациялык жумуштарды жана башка (жеке, окутуу-машыгуучу, спорттук жана башка) учууларды аткаруу.

15-берене. Учууларды жүргүзүү жана аба мейкиндигин пайдалануу

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен аба кемелеринин, учкучсуз аба кемелеринин учууларын, ракеталарды учуруу, атуу, жардыруу жумуштарын жана башка жумуштарды жүргүзүү ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

16-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салуулар же чектөөлөр

1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым райондорунда коргоо жаатында аба кемелеринин учууларына чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.

2. Коомдук жана мамлекеттик кызыкчылык үчүн, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймагынын үстүнөн аба кемелеринин учуулары убактылуу чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.

3. Учуулар үчүн тыюу салынган же чектелген чөлкөмдүн чектери, жайгашуусу жана мезгили аэронавигациялык картага түшүрүлөт жана Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагына жарыяланат, ал эми ал мүмкүн болбой калган учурларда, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга аэронавигациялык маалыматтын каражаттары аркылуу жеткирилет.

17-берене. Аба трассалары жана аба кыймылын тейлөө маршруттары

Аталган аба трассалары боюнча учууларды аткарууда пайдаланылуучу аба трассаларынын жана аба кыймылын тейлөө маршруттарынын, байланыш каражаттарынын жана аэронавигациянын мүнөздөмөлөрүнө талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет жана аэронавигациялык маалымат жыйнагына жарыяланат.

18-берене. Аба мейкиндигинин түзүмү жана аны пайдалануу тартиби

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин түзүмү жана жиктештирүүсү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет жана аэронавигациялык маалымат жыйнагына жарыяланат. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин түзүмүнө жана жиктештирүүсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун уруксат берүүчү же кабарлоочу тартиби белгиленет.

19-берене. Тартип бузган аба кемеси

1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жана (же) башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты жок, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн аба кемеси, ошондой эле тыюу салынган чөлкөмгө, учуулар чектелген чөлкөмгө учуп кирген же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн эрежесин бузган аба кемеси тартип бузган аба кемеси деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана аба кыймылын тейлөөчү органдын талаптарына баш ийбеген учурда, конууга мажбурланат.

2. Конуу тууралуу тескеме алган тартип бузган аба кемеси ага көрсөтүлгөн жерге конууга тийиш. Конгондон кийин жана бузуунун себептери такталгандан кийин учууну андан ары аткарууга тартип бузган аба кемесине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана аба кыймылын тейлөө органы тарабынан белгилеген тартипте уруксат берилет.

3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин бузуп өтүү менен байланышкан чыгымдар тартип бузган аба кемесинин ээси тарабынан орду толтурулат.

20-берене. Калктуу конуштардын үстүнөн учуулар

Аба кемесинин калктуу конуштардын үстүнөн учуулары аба кемеси бузулуп калган учурда калктуу конуштардын чектеринен тышкары коопсуз конууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү бийиктикте же калктуу конуштардын чектеринде ушул максаттар үчүн атайын каралган конуучу аянтчаларда аткарууга тийиш.

21-берене. Учкучсуз аба кемелери

1. Учкучсуз аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүнөн учууларды жарандык авиация органынын уруксатынын негизинде аткарат.

2. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учкучсуз аба кемелеринин учуу эрежелери учкуч-башкаруучу аба кемелери менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

5-глава. Аэронавигациялык тейлөө

 

22-берене. Аэронавигациялык тейлөөлөрдү көрсөтүү

1. Аэронавигациялык тейлөө коопсуз жана натыйжалуу аба кыймылын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бардык пайдалануучуларына көрсөтүлөт.

2. Аэронавигациялык тейлөө аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрү тарабынан көрсөтүлөт. Аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрүн тастыктамалоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

23-берене. Аэронавигациялык тейлөөнүн түрлөрү

1. Аэронавигациялык тейлөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) аба кыймылын тейлөөнү;

2) байланыш, навигация жана байкоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү;

3) метеорологиялык тейлөөнү;

4) аэронавигациялык маалыматтын жана авариялык кабарлоонун кызматтары.

2. Аба кыймылын тейлөө төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) аба кыймылын диспетчердик тейлөөгө;

2) учуу-маалыматтык тейлөөгө;

3) авариялык кабарлоо жана консультациялык тейлөөгө.

24-берене. Аба кыймылын тейлөө органынын ыйгарым укуктары

Аба кыймылын тейлөө органынын иш-милдеттери жана милдеттери:

1) аба кыймылын тейлөө;

2) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коопсуз, үзгүлтүксүз жана майнаптуу пайдаланууну уюштуруу жана камсыз кылуу;

3) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун маселелери боюнча аба кыймылын тейлөөчү органдар менен мамлекеттик аба кемелеринин жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү;

4) жарандык авиация органы жана аба мейкиндигинде тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен биргелешип учууларды жүргүзүүнүн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин белгилөө, ошондой эле ушул тыюу салуулар жана чектөөлөр тууралуу аба мейкиндигин пайдалануучуларга өз убагында маалымдоо;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузууга жана учууларды жүргүзүүнүн белгиленген башка тартибин бузууларды болтурбоодо жана токтотууда коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;

6) аба кемелеринин учууларын жүргүзүүгө уруксат берүү;

7) ушул Кодекстин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын авиация эрежелерине ылайык Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берүү;

8) аба кыймылын тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну уюштуруу максатында аба кыймылын тейлөөчү органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон иш-милдеттерди жана милдеттерди аткаруу.

25-берене. Диспетчердик тейлөө

1. Диспетчердик тейлөө учууда аба кемелеринин ортосундагы кагылышууларга жана аэродромдордун маневрлөө аянтындагы тоскоолдуктарга болтурбоо, аба кыймылын жөнгө салуу, аба кемелерин жана учуучу объекттерди таануу, башка мамлекеттердин аба кыймылын башкаруучу органдары менен координациялоо, ошондой эле издөө-куткаруучу иш-чараларды кабарлоо жана демилгелөө үчүн аткарылуучу жол-жоболорду жана иш-чараларды өзүнө камтыйт.

2. Диспетчердик тейлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

26-берене. Учуу-маалыматтык тейлөө

1. Учуу-маалыматтык тейлөө учууларды коопсуз аткаруу үчүн зарыл болгон консультацияларды жана маалыматтарды атап айтканда, аэродромдун абалына тийешелүү маалыматка, метеорологиялык маалыматка, радио жана навигациялык тутумга жана башка учууларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүнү өзүнө камтыйт.

2. Учуу-маалыматтык тейлөөнү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

27-берене. Авариялык кабарлоо

1. Авариялык кабарлоо издөө-куткаруу жардамына муктаж болгон аба кемелери тууралуу тийиштүү уюмдарга кабарлоо жана мындай уюмдарга зарыл көмөк көрсөтүү үчүн берилет.

2. Авариялык кабарлоону берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

28-берене. Учууларды радио техникалык камсыз кылуу

1. Аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык байланыш, байкоо жана навигация кызмат көрсөтүүлөрүн берет.

2. Жарандык авиацияда пайдалануу үчүн байланыш каналдарын берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ар бир бөлүнгөн байланыш каналы иштен чыгып калган учурда же анын иши кандай гана жагдай болбосун токтоп калган учурда, каналдын ишинин токтотулушу аэронавигациянын коопсуздугуна коркунуч түзбөгөндөй кылып, башка канал менен алмаштырылат.

29-берене. Радио техникалык каражаттардын ишиндеги жолтоолорду четтетүү

Байланыш каражаттарына жана учууларды радио техникалык камсыз кылууга жолтоолорду түзүүчү орнотмолору жана аппараттары бар юридикалык жана жеке жактар жарандык авиация органынын же Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талабы боюнча мындай жолтоолорду четтетүүгө милдеттүү.

30-берене. Учууларды метеорологиялык камсыз кылуу

1. Учууларды метеорологиялык камсыз кылууну аэродромдун метеорологиялык кызматтары жана авиациялык метеорологиялык станциялар жүзөгө ашырат.

2. Учууларды метеорологиялык камсыз кылуу аба кемелеринин жана аэродромдун эксплуатанттарына, учуу экипажынын мүчөлөрүнө, аба кыймылын тейлөөчү органдарга, издөө-куткаруу кызматтарына, аэропорттордун, аэродромдордун кызматтарына жана учууларды жүзөгө ашыруу же тейлөө менен байланышкан башка органдарга берилет.

3. Берилген метеорологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык метеорологиялык байкоолордун натыйжаларын жана аэродромдордогу аба ырайынын иш жүзүндөгү абалынын жыйынтыктоо маалыматын, аба ырайынын болжолун жана учуу маршруту жана аэродромдор боюнча аба ырайынын кооптуу кубулуштарынын пайда болушу тууралуу эскертүүлөрдү камтыйт.

31-берене. Аэронавигациялык маалымат менен камсыз кылуу

1. Аэронавигациялык маалымат менен камсыз кылуу учуулардын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тийиштүү маалыматтарды пайдалануучуларга берүүдө турат.

2. Аэронавигациялык маалымат менен камсыз кылуу аэронавигациялык маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, калыптандырууну, жарыялоону, сактоону жана жайылтууну камтыйт.

32-берене. Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагы

1. Учуулардын коопсуздугу, аба кыймылын тейлөө, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын Жарандык авиациянын эл аралык уюму белгилеген стандарттардан айырмаланышы менен байланышкан маалыматтар жана аба кемелерин иштетүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар аэронавигациялык маалымат жыйнагында жарыяланууга тийиш.

2. Жарандык авиация уюму, мамлекеттик башкаруу органдары жана аэронавигациянын коопсуздугуна, үзгүлтүксүздүгүнө жана майнаптуулугуна тиешеси бар маалымат булактары катары болгон башка адамдар аэронавигациялык маалымат кызматына өз убагында маалыматтарды, аны аэронавигациялык маалымат жыйнагына жарыялоо максатында берүүгө милдеттүү.

3. Аэронавигациялык маалыматтын мазмуну жана формасы, аэронавигациялык маалыматтын жыйнагына кирген маалыматтардын тиби маалымат булактары, маалыматты топтоо, берүү жана жарыялоо жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

33-берене. Башка мамлекеттин аба мейкиндигинде аэронавигациялык тейлөө көрсөтүү

Башка мамлекеттин аба мейкиндигинде, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен каралса, аэронавигациялык маалымат берилиши мүмкүн.

34-берене. Аэронавигациялык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

1. Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашыруучу аэронавигациялык тейлөөнүн пайдалануучуларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларды албаганда, аэронавигациялык тейлөөнүн пайдалануучулары аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөшөт.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин өлчөмү Жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан сунушталуучу тажрыйбага ылайык эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

III БӨЛҮМ. АБА КЕМЕЛЕРИ

6-глава. Аба кемелери

 

35-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестри

Жарандык авиация органы эсепке алуу, учуулардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү, аба кемелерин таануу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрин жүргүзөт.

36-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине аба кемелерин киргизүүгө карата талаптар

1. Башка мамлекеттин аба кемелеринин реестрине киргизилбеген, типтин тастыктамасынын талаптарына жооп берген жана коопсуз аба ташууларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү аба кемеси аба кемесинин эксплуатантынын же аба кемесинин менчик ээсинин арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилиши мүмкүн.

2. Эгерде ушул аба кемеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен алып салынбаса, Кыргыз Республикасы аба кемесинин башка мамлекетте катталгандыгын тааныбайт.

3. Башка мамлекеттин реестринен алып салынган аба кемесин Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринде каттоо үчүн жарандык авиация органына учууга жарактуулугунун колдонуудагы тастыктамасын жана (же) ушул мамлекеттин авиациялык органы берген учууга жарактуулуктун экспорттук тастыктамасын, ошондой эле ушул мамлекеттин реестринен аба кемеси алып салынгандыгын тастыктоочу документти берүүгө милдеттүү.

4. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу тартипте жарандык авиация органында катталууга жатат.

5. Тиби тастыктамалоого жатпаган колдо жасалган жана учкучсуз аба кемелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктоочу тартипте жарандык авиация органдарында эсепке алынууга жатат.

37-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилүүчү маалымдамалар

1. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилүүчү маалымдамалар:

1) аба кемесинин аны таануу үчүн зарыл болгон (тиби, мамлекеттик каттоо номуру жана завод-даярдоочу тарабынан берилген сериялык номуру) маалымдамалар;

2) аба кемесинин менчик ээси;

3) аба кемесинин эксплуатанты;

4) менчик ээсинин же аба кемесинин эксплуатантынын өкүлдөрү;

5) аба кемесин каттоо күбөлүгү, учууга жарактуулугунун тастыктамасы, ызы-чуулар боюнча тастыктама жана радио жабдууларын иштетүүгө уруксат берилген датасы;

6) аба кемесинин күрөөсү, анын узартылышы же болбосо алып салынышы;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аба кемелеринин камакка алынгандыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен каралган башка маалымат.

2. Менчик ээси, эксплуатант, менчик ээсинин же эксплуатанттын өкүлү тууралуу маалымат төмөнкүдөй маалымдамаларды камтыйт:

1) аталышы, катталган дареги же жайгашкан дареги, байланыш дайындарын;

2) окшоштугун тастыктоочу маалымат (уюмдун идентификациялык номурун жана (же) уюмдун кодун);

3) ага ылайык менчик ээси аба кемесине менчик укугуна ээ болгон сатып алуу-сатуу келишими же башка документ жөнүндө маалымдамаларды;

4) эгерде эксплуатант ошол аба кемесинин ээси болуп саналбаган учурда эксплуатант аба кемесин пайдалануу укугуна ээ болгон ижара келишими же башка документ жөнүндө маалымдамалары;

5) менчик ээсинин же эксплуатанттын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилген ишеним кат жөнүндө маалыматты, ошондой эле ал жөнүндө маалымдамаларды жана анын байланыш дайындарын.

38-берене. Аба кемесин каттоо жол-жобосу

1. Аба кеменин менчик ээси же эксплуатанты жарандык авиация органына аба кемесин каттоо жөнүндө арыз берет. Аба кемесин каттоонун жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Аба кемесинин Кыргыз Республикасында катталган фактысы аба кемелеринин реестринде тийиштүү жазуулар менен жана аба кемеси катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берүү менен тастыкталат.

39-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемесинин реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринде аба кемеси катталгандан кийин аба кемесинин ээси же эксплуатанты өзгөргөн учурда, аба кемесинин, анын идентификациясына таасир этүүчү көлөмдө модификациясын өзгөртүү, же ушул Кодекстин 37-беренесинде көрсөтүлгөн кандай гана маалымдамалар болбосун өзгөртүлгөндө аба кемесинин ээси же эксплуатанты көрсөтүлгөн окуялардын учурунан тартып 24 сааттын ичинде жарандык авиациянын органына бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Жазуу жүзүндөгү кабарламанын негизинде жарандык авиация органы тарабынан аба кемелеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет жана ал эми зарыл болгон учурда аба кемесин каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берет.

2. Аба кемесин жаңы менчик ээсине же эксплуатантка өткөрүп берилгенде, мындай өткөрүп берүү жөнүндө кабарлоо боюнча милдети аба кемесин өткөрүп берүүчү адамга жүктөлөт.

40-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен алып салуу

1. Аба кемеси Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен аба кемелеринин реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жана аба кемесин каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлүк берүү менен аба кемеси төмөнкүдөй учурларда алып салынат:

1) аба кемесинин менчик ээсинин же эксплуатанттын арызы боюнча;

2) аба кемеси жараксыз абалга келгенде же толугу менен кыйраганда;

3) аба кемеси дайынсыз жоголгондо;

4) аба кемесин каттоонун тартиби бузулганда;

5) соттун чечими боюнча.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жагдайлардын кайсынысы гана пайда болбосун менчик ээси же эксплуатант бул жөнүндө жарандык авиация органына жазуу жүзүнө кабарлоого милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринде аба кемесинин күрөөдө тургандыгы жөнүндө маалымдар болгондо, күрөө кармоочу Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен аба кемесин алып салууга жазуу жүзүндөгү макулдугун бергенге чейин аба кемелеринин реестринен алып салууга болбойт.

4. Аба кемесин Кыргыз Республикасынын аба кемесинин реестринен алып салган учурда, аба кемесинин менчик ээси же эксплуатант жарандык авиация органына аба кемесин катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү кайтарып берүүгө милдеттүү.

41-берене. Улуттук таандыктыгы

Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилген аба кемеси Кыргыз Республикасынын улуттук таандыктыгын алат.

42-берене. Аба кемесин маркирлөө

Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилген аба кемеси Кыргыз Республикасынын улуттук таандыктык белгилери жана ага ыйгарылган катталуучу белгилери менен маркирленет. Аба кемеси Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен алып салынганга чейин улуттук таандыктык белгилери менен маркирленет.

43-берене. Кеме документтери

1. Аба кемесинин бортунда төмөнкүдөй кеме документтери болууга тийиш:

1) аба кемеси катталгандыгы тууралуу күбөлүк;

2) аба кемесинин учууга жарактуулугунун колдонуудагы тастыктамасы;

3) учуучу жана кабиналык экипаждын ар бир мүчөсүнүн тийиштүү күбөлүктөрү;

4) эгерде аба кемеси радио аппаратура менен жабдылса, борттук радио станцияга берилген уруксаты;

5) борт журналы;

6) эгерде ушул аба кеменин бортунда жүргүнчүлөр ташылса, жөнөтүлгөн жана бара турган пункттарды көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси;

7) эгерде аба кемесинин бортунда жүк ташылса, жүккө манифест жана майда-чүйдөсүнө чейинки декларациясы;

8) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган башка документтер.

2. Жеңил, өтө жеңил жана колдо жасалган аба кемелеринин бортундагы кеме документтерине талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

7-глава. Аба кемесин жана анын бөлүктөрүн коопсуз иштетүүнүн шарттары

 

44-берене. Аба кемелерин коопсуз иштетүү

1. Аба кемесинде типтин тастыктамасы жана учууга жарактуулук тастыктамасы болууга тийиш.

2. Аба кемесинин эксплуатанты жана (же) менчик ээси Кыргыз Республикасында катталган жана (же) эксплуатацияланган аба кемесин учууга жарактуу абалда күтүүгө тийиш.

45-берене. Аба кемесин иштетүүнүн шарттары

1. Аба кемеси учуу боюнча аба кемени иштетүү колдонмосуна ылайык иштетилет.

2. Аба кемесин, ошондой эле аба кемесине орнотула турган анын бөлүктөрүн анын тибине жана пайдалануу максатына жараша иштетүүнүн шарттары жана ыкмалары авиация эрежелери жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

46-берене. Аба кемелеринин радио жабдуусу

Кыргыз Республикасынын аба кемелеринде орнотулган радио берүү аппаратурасы буга уруксаты болгон учуу экипажынын мүчөлөрү тарабынан гана пайдаланылат.

8-глава. Аба кемесинин жана анын бөлүктөрүнүн тибин иштеп чыгуу, өндүрүү, оңдоо, модификациялоо жана жактыруу

 

47-берене. Өндүрүү жана модификациялоо

1. Аба кемесин жана анын бөлүктөрүнүн тибин иштеп чыгуу, өндүрүү, оңдоо жана модификациялоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталган иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, оңдоонун жана модификациялоонун шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Шайкештик тастыктамасы аба кемесинин тибин иштеп чыгуу, өндүрүү, ондоо жана модификациялоонун шарттарына ылайык далилдерди берген жарандык авиация уюмуна берилет.

48-берене. Аба кемесинин тибин жактырууга карата милдеттенмелер

1. Жаңы аба кемеси же аба кемесинин бөлүгү учуу жарактуулугунун техникалык талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында типти жактыруу жол-жобосунан өтөт.

2. Аба кемесинин тибинин тастыктамаларын жактыруу, ушул тастыктамага өзгөртүүлөрдү киргизүү, оңдоо долбоорун, айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарына шайкештиги тууралуу документтерди, ызы-чуу боюнча типтин тастыктамаларын, аба кемесинин тибин жактыруу менен байланышкан башка тастыктамаларды жактыруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

9-глава. Аба кемесин жана анын бөлүктөрүн техникалык тейлөө

 

49-берене. Техникалык тейлөөгө карата милдеттенмелер

1. Аба кемелери техникалык тейлөөдөн өтөт.

2. Аба кемесинин эксплуатанты аба кемесинин учууга жарактуулугун күтүү боюнча талаптардын чектеринде аба кемесин жана анын бөлүктөрүн кароого, текшерүүгө, аны пайдалануу учурунда алдын ала иштерди жүзөгө ашырууга жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуучу абалда күтүүгө милдеттүү.

3. Аба кемелерин жана анын бөлүктөрүн техникалык тейлөө, капиталдык жана милдеттүү модификациялоо, ошондой эле аткарылган иштерди техникалык контролдоо жана сапатын контролдоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле аба кемесинин жана анын бөлүктөрүнүн белгилүү бир тибин даярдоонун техникалык шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

50-берене. Техникалык тейлөөнү аткаруучу уюмдар жана персоналдар

1. Аба кемелерин жана алардын бөлүктөрүн техникалык тейлөө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген усулдарга, технологияларга, стандарттарга, нускамаларга жана чектөөлөргө ылайык уюмдар тарабынан аткарылат. Аба кемелерин техникалык тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

2. Коммерциялык авиация үчүн багышталбаган аба кемесин техникалык тейлөө, кароо жана майда оңдоолор боюнча аракеттер жарандык авиация органынын тийиштүү уруксаты бар адам, ошондой эле ушул аба кемесинин тийиштүү даярдыктан өткөн учкучу тарабынан аткарылышы мүмкүн.

51-берене. Аба кемесин техникалык тейлөө программасы

Аба кемелерин жана анын бөлүктөрүн техникалык тейлөөнүн бардык түрлөрү аба кемесинин ар бир тиби жана модели үчүн аба кемесинин эксплуатанты тарабынан даярдалган техникалык тейлөөнүн программасына (техникалык тейлөө программасы) ылайык, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде, же болбосо башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.

10-глава. Аба кемесинин учууга жарактуулугу

 

52-берене. Учууга жарактуулук тастыктамасы

1. Учууга жарактуулук тастыктамасы аба кемесинин коопсуз учууларды аткаруу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.

2. Учууга жарактуулук тастыктамасы чектелген мөөнөткө берилет жана аба кемеси учууга жарактуулуктун белгиленген ченемдерине ылайык келгенге чейин колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде көрсөтүлгөн аба кемесинин учууга жарактуулугунун белгиленген ченемдерине ылайык келбегенде тастыктаманы колдонуу токтотулуп турат.

4. Аба кемесинин учууга жарактуулугу белгиленген ченемдерге шайкештигин тастыктоо үчүн, зарыл болгон учурда контролдук-сынак учуу жүргүзүлөт.

5. Колдо жасалган жана учкучсуз аба кемелерине учууга жарактуулук тастыктамасы берилбейт.

6. Учууга жарактуулук (анын ичинде жеңил жана өтө жеңил аба кемелерине) тастыктамасын берүүнүн, токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

53-берене. Чет өлкөлүк аба кемесинин учууга жарактуулугу

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тастыктама берилсе, чет өлкөлүк аба кемесинин аны каттоо мамлекети тарабынан берилген учууга жарактуулук тастыктамасы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылат.

54-берене. Аба кемесинин атайын учуп өтүүсү

1. Аба кемесинин учууга жарактуулугунун айрым белгиленген ченемдерине ылайык келбегенде, жарандык авиация органы тарабынан мындай аба кемесине тийиштүү техникалык тейлөө жүргүзүлө турган аэродромго чейин, коммерциялык жүксүз учуп өтүүнү аткарууга атайын уруксат берилиши мүмкүн.

2. Атайын учуп өтүүнү аткарууга уруксат берүүнүн алдында жарандык авиация органы аба кемесине жана анын документацияларына текшерүү жүргүзөт жана учуп өтүүнү аткаруу мүмкүндүгүн аныктайт.

IV БӨЛҮМ. УЧУУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АВИАЦИЯЛЫК КООПСУЗДУК

11-глава. Учуулардын коопсуздугу

 

55-берене. Учуулардын коопсуздугу

1. Учуулардын коопсуздугу аба кемелерин иштетүүгө тиешелүү же түздөн-түз мындай иштетүүнү камсыз кылуучу авиациялык жумуштар менен байланышкан тобокелдиктери солгундаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген алгылыктуу деңгээлде күтүлгөн Кыргыз Республикасынын авиациялык транспорт тутумунун абалын билдирет.

2. Аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрү, аэропорттордун, аэродромдордун жана аба кемелеринин эксплуатанттары, аба кемелерин техникалык тейлөөчү уюмдар жана жарандык авиациянын башка уюмдары өз ишин коопсуз жүзөгө ашыруу жана өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

56-берене. Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасы

Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасы Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунушталуучу тажрыйбасына ылайык жарандык авиацияда учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлине жетишүүгө жана күтүүгө багытталган принциптерди, эрежелерди жана иш-чараларды белгилейт.

57-берене. Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутуму

1. Учуулардын коопсуз башкаруу тутуму өзүнө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган жарандык авиация уюмдарынын ишине жана башка маселелерге карата Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасында белгиленген учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлине жетишүү үчүн зарыл болгон уюштуруу түзүмүн, жетекчилик принциптерин жана жол-жоболорду, жоопкерчиликтин иерархиясын жана улантуучулугун камтыйт.

2. Аба кемелеринин, аэропорттордун жана аэродромдордун эксплуатанттары, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдары, аэронавигациялык тейлөө жөнөтүүчүлөрү, аба кемелерин учуу жана техникалык иштетүүнү аткаруучу авиациялык окуу жайлары жана борборлору Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасынын негизинде учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун киргизет. Жарандык авиация органы менен макулдашууга, ошондой эле өзгөртүүгө жана толуктоого тийиш болгон учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумунун милдеттүү бөлүгү болуп учуулардын коопсуздугу боюнча жетекчилик саналат.

3. Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун түзүү жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

58-берене. Авиациялык кырсыктар тууралуу кабарлоо

1. Аба кемелеринин эксплуатанттары жана иши учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан адамдар аба кемесин иштетүүдө, тейлөөдө, оңдоодо жана аба кемесин өндүрүшүндө, аэродромдун же аэронавигациялык тейлөө процессинде пайда болгон авиациялык кырсыктар, иштин токтоп калышы, бузулуулар, катачылыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар тууралуу, эгерде мындай кырсык учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этсе же таасир этүүгө мүмкүн болсо, жарандык авиация органына кабарлоого милдеттүү.

2. Жарандык авиация органы авиациялык кырсыктар тууралуу маалыматтарды жыйноону жүзөгө ашырат, авиациялык кырсыктар тууралуу кабарлаган адамдын персоналдык дайындарынын тийиштүү купуялуулугун камсыз кылат, кырсыктар тууралуу кабарды жол-жоболоштурууну жана талдоону уюштурат жана жүргүзөт, кырсыктар тууралуу маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт жана башка мамлекеттердин авиациялык органдары жана жарандык авиациянын эл аралык уюмдары менен маалыматтарды алмашат.

3. Кабарлоого жаткан авиациялык кырсыктар, кабарлоонун жана таркатуунун, коргоонун, сактоонун, колдонуунун жана кырсыктар тууралуу дайындарды алмашуунун тартиби жана дайындар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

59-берене. Ыктыярдуу кабарлоолор тутуму

Учууларды аткаруунун коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон жана таасир эте алган кооптуу факторлорду, инциденттер жана окуялар тууралуу баяндамаларды аныктоо максатында, ошондой эле авиациялык персоналдардын арасында учуулардын коопсуздук маселелеринде тажрыйба алмашуу үчүн жарандык авиация уюмдарында ыктыярдуу кабарлоолор тутуму түзүлөт. Ыктыярдуу кабарлоолор тутуму кызматкердин күнөөсүнө далилдер болгон учурларды кошуп албаганда, ошол кабарларды берген жарандык авиация уюмдарынын кызматкерлерин жазалоо үчүн колдонулбайт.

60-берене. Учуулардын коопсуздугу үчүн тобокелдиктердин деңгээлине таасир эте алган жарандык авиациянын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Жарандык авиация уюмдары аткарылуучу жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугуна таасир эте алган өзүнүн ишинде өзгөртүүлөрдү табууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырышат жана жол-жобону иштеп чыгышат, ушул өзгөртүүлөрдөн улам келип чыгууга мүмкүн болгон учуулардын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди аныктайт жана мындай тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды көрөт.

2. Аткарылуучу жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугуна таасир эте алган жарандык авиация уюмдарынын ишине өзгөртүү киргизүү жарандык авиация органында макулдашуу жол-жобосунан өтөт.

61-берене. Тобокелдикти баалоо жана солгундатуу

1. Жарандык авиация уюмдары дайыма жана такай кооптуулук булактарын табууга жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда авиациялык кырсыктарды болтурбоо жана коопсуздуктун жол берилген деңгээлине чейин тобокелдиктерди кыскартуу максатында тобокелдикти баалоого жана солгундатууга милдеттүү.

2. Тобокелдикти баалоо жана солгундатуу иштин негизги элементтерине, кадр ресурстарына, жол-жоболорго, жабдууларга жана эмгек шарттарына карата колдонулат.

3. Тобокелдикти баалоого жана солгундатууга карата тийиштүү талаптар, кооптуулуктун даражаларын жиктештирүү жана тобокелдиктерди жиктештирүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

12-глава. Авиациялык коопсуздук

 

62-берене. Авиациялык коопсуздук жана мыйзамсыз кийлигишүү актысы

1. Авиациялык коопсуздук жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоого багытталган чаралардын комплексин, адамдык жана материалдык ресурстарды билдирет.

2. Мыйзамсыз кийлигишүү актылары деп жарандык авиациянын жана аба транспортунун коопсуздугуна коркунуч түзүүчү, анын ичинде төмөнкүлөрдү кошуп алганда, актылар же актыларды жасоо аракеттери түшүндүрүлөт:

1) аба кемесин мыйзамсыз басып алуу;

2) иштетүүдөгү аба кемесин жок кылуу;

3) аба кемесинин бортунда же аэродромдо барымтага алынган адамдарды басып алуу;

4) аба кемесинин бортуна, аэропортко же аэронавигациялык каражаттар же кызматтар жайгашкан жерлерге зомбулук менен кирип баруу;

5) аба кемесинин бортуна же аэропортко курал-жарактарды, кылмыштуу максаттар үчүн багытталган коркунучтуу орнотмолорду же материалды жайгаштыруу;

6) иштетүүдөгү аба кемесин адамга өлүм, денесине оор жаракаттарды же мүлккө же айлана-чөйрөгө катуу зыян келтирүү максатында пайдалануу;

7) учууда жана жерде аба кемесин, жүргүнчүлөрдү, экипаж мүчөлөрүн, жердеги персоналдарды же коомчулукту, аэропортту же жарандык авиация уюму жайгашкан жерди коопсуздугуна коркунуч алып келүүчү жалган маалыматты кабарлоо.

63-берене. Авиациялык коопсуздук программасы

1. Аэропорттун, аэродромдун, аба кемелеринин, күйүүчү май куюучу уюмдардын, жүк терминалдарынын, борттогу тамак-аш цехинин эксплуатанттары, жер үстүндө тейлөө боюнча кызматын жөнөтүүчүлөрү, аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрү, авиациялык коопсуздуктун талаптарына ылайык алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды көрүшөт жана авиациялык коопсуздук программасын иштеп чыгышат.

2. Кайтаруудагы жана контролдонуучу аэропорттун, аэродромдун, күйүүчү май куюучу комплекстин, жүк терминалынын, борттогу тамак-аш цехинин, жерде тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр, аэронавигациялык тейлөө көрсөтүүчүлөр чөлкөмдөрүндө кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү же ушул чөлкөмдөргө азык-түлүктү жөнөтүүчү уюмдар мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды көрүшөт жана авиациялык коопсуздук программасын иштеп чыгышат.

3. Авиациялык коопсуздук программасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык иштелип чыгат жана жарандык авиация органы менен макулдашылат.

64-берене. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар

1. Жарандык авиацияны анын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо төмөнкүдөй жол менен камсыз кылынат:

1) аба кемелерине башка адамдардын кирип кетүү мүмкүндүгүн болтурбоо максатында туруктагы аба кемелерин кайтаруу;

2) Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун талаптарына ылайык абада ташууга тыюу салынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу, радиоактивдүү, ууландыруучу, оңой тутануучу жана башка кооптуу заттарды жана предметтерди мыйзамсыз ташуунун мүмкүндүгүн болтурбоо;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, курал-жарактарды жана ок-дарыларды ташууда, аларды дурмөтсүз абалда жол жүктө, жүргүнчүлөрдөн обочолонгон аба кемелеринин бөлүктөрүндө ташууну камсыз кылуучу сактыктын өзгөчө чараларын киргизүү;

4) жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн актыларына каршы аракеттенүүнүн чараларын жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын катышуусу менен жүзөгө ашыруучу башка чараларды ишке ашыруу;

5) авиациялык коопсуздук чараларынын сапатына контроль жүргүзүү.

2. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар авиациялык коопсуздук бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган, жарандык авиация органы тарабынан берилген тастыктаманын негизинде аэропорттун, аэродромдун эксплуатанты же юридикалык жак тарабынан жүргүзүлөт.

3. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, авиациялык коопсуздук бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган тастыктаманы берүү, токтотуп туруу жана жокко чыгаруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

4. Авиациялык коопсуздук кызматтары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына авиациялык коопсуздуктун талаптарын бузган адамдарды өткөрүп берүү үчүн кармоого, ошондой эле абада ташууларга карата тыюу салынган предметтерди жана заттарды камтыган жол жүктү, жүктү жана почтаны, ал эми жүргүнчүлөрдүн, аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө укуктуу. Кызматтык милдеттерин аткарууда авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, кызматтык куралды алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.

65-берене. Кароо

1. Жүргүнчүлөрдүн жана аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, аба кемеси, анын борттук камдары жана борттук тамак-ашы, экипаж мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, жол жүгү, кол жүгү, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн буюмдары, ошондой эле жүктөр жана почта милдеттүү түрдө учуу алдындагы милдеттүү кароодон өтүүгө жатат.

2. Жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, кол жүктү, анын ичинде жүргүнчүлөрдөгү, экипаж мүчөлөрүндөгү, жарандык авиациянын авиациялык персоналдарынын катарындагы адамдардагы буюмдар, борттук камдарды жана борттук тамак-ашты, жүктү жана почтаны учуу алдындагы кароо аэропортто, аэропорттун эксплуатантынын ыйгарым укуктуу персоналы же авиациялык коопсуздук боюнча тийиштүү окуудан өткөн, тастыктамаланган юридикалык жак тарабынан жүргүзүлөт.

3. Кароону жүргүзүү менен байланышкан жумуштарды аткарууга адамдарга жол берүү, коопсуздук максатында контролдоо үчүн жарандык авиациянын органы тарабынан берилген авиациялык коопсуздук бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу тастыктаманын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

4. Аба кемелеринин эксплуатанттары өздөрүнүн аба кемелерине учуу алдындагы кароону жүргүзүү үчүн жооп беришет.

5. Учуудагы кароо аба кемесинин командири дайындаган экипаж мүчөсү тарабынан жүргүзүлөт.

6. Авиациялык коопсуздук кызматы болбогон аэродромдо, учуу алдындагы кароону жүргүзүү аба кемесинин эксплуатантына жүктөлөт.

7. Кол жүгүн, жол жүгүн кароодон жана жеке кароодон баш тарткан жүргүнчүлөрдү абада ташууга жол берилбейт.

8. Аба кемесинде анын баардык тышкы эшиктерин жабылган учурдан тартып (жүктөлгөндөн кийин жана жүктү түшүрүү үчүн алар кандай гана эшиктер болбосун бири ачылганга чейин) жүргүнчүнүн макулдугусуз кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.

9. Кароодо аларга карата Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптар коюлган техникалык каражаттар колдонулат.

10. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар катары жүргүнчүлөрдү тандап алып жеке кароо, алардын кол жүгүн жана жол жүгүн кол менен кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын тизмек боюнча кызмат адамдарды, ошондой эле дипломатиялык кол тийбестигин колдонуучу адамдарды албаганда, кароо аба кемесине ташылып жүргөн ар бир адамга жана анын жол жүгүнө карата жүргүзүлөт.

13-глава. Аудит жана инспекция

 

66-берене. Аудит жана инспекция

1. Аба кемелеринин, аэродромдордун жана аэропорттордун, күйүүчү май куюучу уюмдардын эксплуатанттарына, аэронавигациялык тейлөө жөнөтүүчүлөрүнө, борттук тамак-аш цехтерине, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдарына, жерде тейлөө боюнча кызматтардын жөнөтүүчүлөрүнө, авиациялык персоналдарга, авиациялык окуу жайларына жана борборлоруна, жана жарандык авиациянын башка уюмдарына карата тийиштүү тастыктама, күбөлүк же аларды колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө уруксат берүү процессинде коопсуз учууларды жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу предметине аудит жүргүзүлөт. Аудит жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

2. Аэродромдорду жана аэропортторду, күйүүчү май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрүн, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдарын, жерде тейлөө боюнча кызмат жөнөтүүчүлөрүн, авиациялык персоналдарды, авиациялык окуу жайларын жана борборлорун жана жарандык авиациянын башка органдарын иштетүүгө зарыл болгон документацияларга жана анын учуу жана объекттердин, курулмалардын техникалык иштетүүсүнө таандык болгон аба кемесинин жана документациялардын инспекциясы жарандык авиация органы тарабынан учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дайыма көзөмөлдөөнүн алкактарында жүргүзүлөт. Инспекция жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

67-берене. Аудит жана инспекция тууралуу отчёт

1. Жарандык авиация органынын инспектору (инспектор) белгиленген бузуулардын жана тыянактардын сыпатталышы камтылган, жүргүзүлгөн аудит тууралуу жазуу жүзүндөгү отчётту түзөт.

2. Инспектор инспекция бүткөндөн кийин текшерүүнүн субъекти алдын ала көрүүгө тийиш болгон көрсөтүлгөн чараларды жеринде инспекция протоколун токтоосуз жол-жоболоштурат.

68-берене. Инспектордун укугу жана милдети

1. Жарандык авиация жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы инспектор болуп саналат.

2. Мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда жеке жана (же) юридикалык жак, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды албаганда, инспектордун ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Инспектор өз милдеттерин аткарууда атайын ырастама менен камсыз кылынат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бардык аба кемелерине, аэропорттордун, аэродромдордун жайларына жана объекттерине, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча объекттерге, стерилдүү чөлкөмдөргө, кирүүсү чектелген кайтаруудагы чөлкөмдөргө, ангарларга, техникалык тейлөө боюнча уюмдарга, чеберканаларга, перрондорго, күйүүчү май сакталуучу жайларга, күйүүчү май куюучу уюмдарга жана алардын объекттерине, экслуатанттардын кызматтык жайларына, жүктөрдү тейлештирүүчү чөлкөмдөргө, авиациялык окуу жайларына жана борборлорго жана жарандык авиациянын башка объекттерине толук жана тоскоолдуксуз жетүүгө;

2) эксплуатанттардан, жүк жөнөтүүчүлөрдөн, авиациялык коопсуздук кызматтарынан жана башка жарандык авиация уюмдарынан маалыматты, документтерди, авиациялык персоналдардын квалификациясы тууралуу маалыматты авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды кошуп алганда, суратып алууга жана алууга, ошондой эле өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон түшүнүк берүүнү жана материалдарды аларды берүүнүн мөөнөтүн белгилөө менен талап кылууга;

3) эксплуатанттардын кызмат адамдарына жана жарандык авиация уюмдарына учуунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча жазма буйрукту аларды аткаруунун мөөнөтүн белгилөө менен берүүгө, ошондой эле ушул жазма буйруктардын аткарылышын текшерүүгө;

4) аба кемесинин эксплуатанты менен макулдашуу боюнча учууда болуу укугу менен жарандык аба кемесинин бортунда аба кемесинин кабинасында же аба кемесинин салонунда болууга. Аба кемесинде авиациялык коопсуздуктун талаптарынын бузуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат болгон учурда, аны учуу убагында коштоп барууга;

5) Эгерде бул учуулардын коопсуздук коркунучун болтурбоо максатында зарыл болсо, бул тууралуу жарандык авиация органынын жетекчилигине, ошондой эле бул адам эмгек ишин жүзөгө ашырган жарандык авиация уюмунун жетекчисине токтоосуз кабарлоо менен авиациялык персоналдан кандай гана адамга болбосун жумуштардын түрлөрүнө жеткиликтүүлүктү ырастоочу күбөлүк, тастыктама же башка документ менен берилген ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырууга тыюу салууга;

6) учуу алдындагы кароону жүргүзүүнүн эрежелеринин, ошондой эле өткөрмө жана ички объекттик шарттамдардын сакталышына текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

7) аба ташууларына карата тыюу салынган предметтерди жана заттарды камтыган жол жүктү, жүктү жана почтаны кармоого.

4. Инспектор жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;

2) кесиптик даярдыктын талап кылынган деңгээлин сактоо үчүн:

а) курстарда окуудан өтүү;

б) авиациялык техниканы иштетүү менен жана (же) авиациялык машыктыргычтарда машыгуудан өтүү;

в) жарандык авиация уюмдарын жана эксплуатанттарды Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде берилген көлөмдө жана деңгээлде кесиптик даярдыкты (квалификацияны) жогорулатуу;

3) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде жана башкы ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык инспекция жүргүзүүгө;

4) аудит жана инспекция жүргүзүү мезгилинде жарандык авиация уюмдарынын ишинин белгиленген шарттамына тоскоолдук кылбоого;

5) аба мейкиндигин пайдалануу жаатында жана жарандык авиациянын ишиндеги талаптарды бузуунун алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга.

5. Инспектор учуунун коопсуздугуна коркунуч келтирген негиздер болгон учурда кандай гана жарандык аба кемеси болбосун учуусун кармап турууга укуктуу.

6. Инспектор жарандык авиация органынын жетекчилигине төмөнкүлөрдү сунуш кылууга укуктуу:

1) аудит же инспекция жүргүзүү процессинде табылган бузууларга байланыштуу жарандык авиация жаатында ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга укук берүүчү жарандык авиация уюмунун же аба кемесинин уруксатын же тастыктамасын өзгөртүүнү, колдонууну токтотууну, жокко чыгарууну;

2) авиациялык персоналдын күбөлүгүн өзгөртүүнү, колдонууну токтотууну же жокко чыгарууну же болбосо учуу коопсуздугуна таасир этүүчү табылган бузуулардын натыйжасында квалификациялык белгилерди жокко чыгарууну;

3) иши учуу коопсуздугуна таасир эткен авиациялык персоналдардын компетенттүүлүгүнө же ден соолугунун абалына кошумча баалоону жүргүзүүнү.

69-берене. Инспектордун аракеттерине же чечимдерине даттануу тартиби

Инспектордун аракети, аракетсиздиги же чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылат.

70-берене. Чет өлкөлүк аба кемесинин перрондук инспекциясы

1. Учуу коопсуздугунун эл аралык стандарттарын колдоо максатында Кыргыз Республикасынын (аэропортуна) аэропортторунан учууларды аткарган чет өлкөлүк аба кемеси перрондук инспекцияга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк аба кемелеринде перрондук инспекцияларды жүргүзүүдө Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары колдонулат.

3. Перрондук инспекцияны аткаруунун тартиби, ошол инспекцияны аткарган персоналга карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

71-берене. Учуу коопсуздугунун тобокелдиктерин четтеттүү

1. Жарандык авиация органы учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк аба кемелерин кошуп алганда, жарандык аба кемелерине карата учууга тыюу салууга чейин, аба кемесин каттаган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына кабарлоо менен зарыл чараларды көрөт.

2. Аба кемесинин андан кийинки учуусуна аба кемеси катталган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана табылган бузуулар четтетилгенден кийин жарандык авиация органынын чечими боюнча уруксат берилет.

V БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯСЫНЫН АВИАЦИЯ ПЕРСОНАЛЫ

14-глава. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиация персоналы

 

72-берене. Авиация персоналы

1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарына (авиация персоналы) авиация персоналынын адистер тизмегине кирген жарандык авиация жаатында кесиптик же атайын даярдыгы бар, аба кемелеринин учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, аба ташууларын жана аба кемелеринин учууларын уюштуруу, аткаруу, камсыз кылуу жана тейлөө, авиациялык жумуштарды аткаруу, аба мейкиндигин пайдаланууну уюштуруу, аба кыймылын уюштуруу жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруучу адамдар кирет. Авиациялык персоналдын адистеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Авиациялык персоналдын адистеринин кызмат ордуна кылмыш-жаза кылмышты жасагандыгы үчүн соттолгондугу жоюлбаган же алынбаган адамдар кабыл алынбайт.

73-берене. Авиациялык персоналдын күбөлүгү

1. Аракеттери аба транспортунун коопсуздук абалына таасир этүүчү авиациялык персоналда авиациялык персоналдын күбөлүгү, квалификациялык белгилери жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелердин талаптарына ылайык берилген медициналык корутундусу болгондо, кесиптик ишмердикке жол берилет.

2. Авиациялык персоналдын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген адамга чектелген мөөнөткө берилет. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда авиациялык персонал өзү менен авиациялык персоналдын колдонуудагы күбөлүгүн алып жүрүүгө тийиш.

3. Авиациялык персоналдын күбөлүгүн берүүнүн, аба квалификациялык белгилерин киргизүүнүн жол-жоболору, мындай күбөлүктү жана квалификациялык белгилерди колдонуу мөөнөтү, авиациялык персоналдын күбөлүгүн же квалификациялык белгилерин токтотуу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

74-берене. Авиациялык персоналды квалификациялык текшерүү

Авиациялык персоналды квалификациялык текшерүү жарандык авиация органы тарабынан бекитилген адистер тарабынан жүргүзүлөт. Авиациялык персоналга текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

75-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарына күбөлүк берүүнү эсепке алуунун мамлекеттик реестри

1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарына күбөлүк берүүнү эсепке алуунун мамлекеттик реестри (мындан ары - авиациялык персоналга күбөлүк берүүнү эсепке алуунун реестри) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүүнүн эсепке алуу реестринин мазмуну жана жүргүзүү тартиби жарандык авиация органы тарабынан белгиленет.

3. Мамлекеттик авиациянын персоналынын реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

76-берене. Авиациялык персоналды даярдоо

1. Авиациялык персоналды окутуу жана даярдоо авиациялык жогорку жана орто окуу жайларында жана авиациялык персоналдарды даярдоо борборлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген билим берүү программаларынын, ошондой эле жарандык авиация жаатында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан жана жарандык авиация органы тарабынан бекитилген окутуу программасынын базасында жүргүзүлөт. Авиациялык окуу жайынын же авиациялык персоналды даярдоо борборунун тастыктамасын берүү, узартуу, колдонууну токтотуп туруу же жокко чыгаруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

2. Окуу жайы тарабынан учуунун шарттарына окшоштурулган машыктыргычтарды колдонууга уруксат жарандык авиация органы тарабынан берилет.

3. Кыргыз Республикасы авиациялык окуу жайлардын, ошондой эле авиациялык персоналды даярдоочу борборлордун тастыктамалоо иш-милдеттерин башка мамлекетке же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдарга берүүгө укуктуу.

77-берене. Мамлекеттик авиация персоналынын даярдыгын жана квалификациялык белгилерин таануу

Мамлекеттик авиация персоналы алган даярдык жана квалификациялык белгилер Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерде аныкталган шарттарда жарандык авиациянын күбөлүктөрүн жана тастыктамаларын берүү жол-жоболорун аткарууда таанылат.

78-берене. Чет өлкөлүк мамлекетте алынган авиациялык персоналдын даярдыгын, күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди таануу

1. Жарандык авиация органы, эгерде даярдык эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлсө жана Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга ылайык келсе, чет өлкөлүк мамлекетте жүргүзүлгөн авиациялык персоналдын даярдыгын тааныйт.

2. Жарандык авиация органы, эгерде Кыргыз Республикасында авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү жана квалификациялык белгилер үчүн белгиленген талаптарга ылайык келсе, алар чет өлкөлүк мамлекетте берилген авиациялык персоналдын күбөлүгүн жана квалификациялык белгилерин тааныйт.

79-берене. Авиациялык персоналдын күбөлүгүн же квалификациялык белгилерин колдонууну токтотуп туруусу

1. Эгерде инспекция авиациялык персоналдын күбөлүгүнүн ээси белгиленген эрежелерди же жол-жоболорду сактабагандыгын же аба транспортунда коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтиришин белгилесе, жарандык авиация органынын инспектору жарандык авиация органына жана тийиштүү жарандык авиация уюмуна кабарлоо менен, аны авиациялык персоналдын күбөлүгүндө каралган ишти аткаруудан четтетет.

2. Авиациялык персоналдын күбөлүгүн же квалификациялык белгилерин колдонууну кайра жаңылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

80-берене. Медициналык текшерүү

1. Авиациялык персоналдын ден соолугунун абалын баалоо үчүн медициналык текшерүү жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган адистештирилген медициналык мекеме тарабынан жүргүзүлөт.

2. Аба кемесинин экипажы, аба кыймылын башкаруу диспетчерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин адистештирилген медициналык мекеме берген ден соолугу боюнча иштөөгө жарамдуулугун күбөлөндүрүүчү медициналык корутунду болгон учурда гана аткарылат.

3. Адистештирилген медициналык мекемени тастыктамалоо тартиби, ден соолук абалын текшерүүнүн жол-жоболору, медициналык текшерүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле авиациялык персоналга берилүүчү медициналык күбөлүктүн формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

4. Кыргыз Республикасы адистештирилген медициналык мекеменин тастыктамалоо иш-милдеттеринин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык башка мамлекетке же эл аралык уюмга берүүгө укуктуу.

81-берене. Авиациялык персоналдын психикалык дене бой жарамдуулугун текшерүү

1 .Өз иш-милдеттерин аткарууда авиациялык персоналга алкоголдун, баңги же психотроптук заттардын таасир этүүсүндө же анын милдеттерин талапка ылайык аткарууга тоскоолдук келтирүүчү психикалык-дене бой абалында болушуна тыюу салынат.

2. Авиациялык персоналдын психикалык-дене бой абалы авиациялык персоналдын иш берүүчүсү тарабынан ыйгарым укук берилген адам тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун алдында, ошондой эле аткарып жаткан учурда бааланат.

82-берене. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн курамы жана саны

1. Аба кемесинин экипажы учуучу жана кабиналык экипаждан турат.

2. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн саны жана минималдуу курамы аба кемесинин тибинин тастыктамасы, аба кемесинин учуусун иштетүү боюнча колдонмо, аба кемесинин эксплуатантынын учууларды жүргүзүү боюнча колдонмо менен жөнгө салынат.

3. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери аба кемесинин иштеп чыгуучулары (конструктордук бюро) тарабынан бекитилген аба кемесинин учууну иштетүүсү боюнча колдонмо жана жарандык авиация органы тарабынан бекитилген аба кемесинин эксплуатантынын учууларды жүргүзүү боюнча колдонмосу менен жөнгө салынат.

83-берене. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы

Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларды албаганда, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин экипажынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.

15-глава. Аба кемесинин командири

 

84-берене. Аба кемесинин командири

1. Учкучтун колдонуудагы күбөлүгү жана аба кемесинин командиринин квалификациялык белгилери, ошондой эле белгилүү бир типтеги аба кемесин өз алдынча башкаруу үчүн зарыл болгон даярдыгы жана тажрыйбасы бар адам аба кемесинин командири болуп саналат.

2. Аба кемесинин командири учууну аткаруунун коопсуздугу үчүн жооп берет, аба кемесинин экипажынын ишине жетекчилик кылат, аба кемесиндеги тартип үчүн жооп берет, ошондой эле аба кемесинин бортундагы адамдардын коопсуздугун, аба кемесинин жана андагы болгон мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.

3. Аба кемесинин командири аба кемесинин эшиктери жабылгандан кийин учуу аяктап же негизги күч орнотмолору өчүрүлүп толук токтогон учуруна чейин аба кемесинин бортунда болгон жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, жол жүктүн коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Аба кемесинин командири ар бир учууга же анын бөлүгүнө аба кемесинин эксплуатанты, же жалпы багыттагы авиация болгон учурда аба кемесинин ээси тарабынан дайындалат. Командирдин көрсөтмөсүн аба кемесинин бортунда болгон бардык адамдар аткарууга милдеттүү.

5. Аба кемесинин командири өз аракеттери менен учуунун коопсуздугуна коркунуч келтирген адамдарга укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу үчүн күч колдонуп, таасир этүү чараларын кошуп алганда, керектүү чараларды көрөт.

6. Зарыл болгон учурда аба кемесинин командири экипаждын башка мүчөсүнө, экипаждын ушул мүчөсүнүн иш-милдеттик милдеттеринде каралгандан башка милдеттерди убактылуу жүктөшү мүмкүн.

7. Аба кемесинин учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында аба кемесинин командири бортко жол жүктү, жүктү жүктөөдөн жана аба кемесине жүргүнчүнү салуудан баш тартууга укуктуу.

85-берене. Учууга даярдык

Учууну аткаруу алдында аба кемесинин командири Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин, аба кемесинин учуусун иштетүү боюнча колдонмонун жана аба кемесинин ушул тибине стандарттык операциялык жол-жоболордун талаптарына ылайык учуу алдындагы даярдыкты өткөрөт.

VI БӨЛҮМ. АЭРОДРОМДОР ЖАНА АЭРОПОРТТОР

16-глава. Аэродромдор жана аэропорттор

 

86-берене. Аэродромдорду классификациялоо

1. Аэродромдор жарандык, мамлекеттик авиациянын жана биргелешип конуу аэродромдору болуп бөлүнөт.

2. Жарандык аэродромдор - жарандык аба кемелери тарабынан иштетүүгө багышталган аэродромдор, алар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) ички жана (же) эл аралык аба ташуулары үчүн багытталган аэродромдор;

2) спорттук, окутуу-машыгуучу жана авиация ишин көрсөтүү жана авиациялык жумуштарды жүргүзүү үчүн багытталган аэродромдор;

3) жалпы багыттагы авиация үчүн багышталган аэродромдор.

3. Мамлекеттик авиация аэродрому Кыргыз Республикасынын коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын карамагында турган аэродромду билдирет.

4. Биргелешип конуу аэродрому - жарандык жана мамлекеттик аба кемелери бирге пайдалануучу аэродром. Биргелешип конуу аэродромунун статусу жана аны пайдалануунун эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

87-берене. Аэродромдорду, вертодромдорду жана конуу аянтчаларын пайдалануунун шарттары

1. Жарандык аэродром, вертодром, алар аэродромдордун жана вертодромдордун реестринде катталган, алардын эксплуатанттарында аэродромдун, вертодромдун жарактуулук тастыктамасы болгон жана аэродром, вертодром боюнча макулдашылган жетекчилиги бар шарттарда иштетилет.

2. Эгерде аэродром, вертодром Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык келбесе, аэродромдун, вертодромдун эксплуатанты алардын иштетүүсүн токтотууга милдеттүү.

3. Конуучу аянтчалар жарандык авиация органында атайын эсепке алынууга тийиш.

4. Жарандык аэродромдорду, вертодромдорду жана конуу аянтчаларын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

88-берене. Аэродромдун жарактуулук тастыктамасы жана аны берүү тартиби

Аэродромдун жарактуулук тастыктамасы тастыктамалоо жол-жоболорун жүргүзгөндөн кийин чектелген мөөнөткө берилет. Аэродромдун жарактуулук тастыктамасын берүүнүн, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, колдонууну токтотуп туруунун же жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

89-берене. Аэродромдордун реестри

1. Аэродромдордун реестри аэродромдун багытталышы, коддук белгилери жана категориясы, аталышы жана менчик ээсинин жана (же) аэродромдун эксплуатантынын ишинин негизги жери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталган дайындарды камтыйт.

2. Жарандык авиация органы аэродромдун менчик ээсинин же эксплуатантынын арызы боюнча же аэродромдун жарактуулугунун тастыктамасы жокко чыгарылган учурда алардын эркине карабастан аэродромду аэродромдордун реестринен чыгарат.

3. Аэродромдордун реестрин жүргүзүүнүн мазмуну жана тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

90-берене. Эл аралык аба транспорту тарабынан аэропортту иштетүү

1. Эгерде аэродромдо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик чек арадан учуп өтүү үчүн шарттар камсыз кылынса, аэропорт эл аралык аба ташуулары үчүн пайдаланышы мүмкүн.

2. Эл аралык аэропорт статусун берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

91-берене. Аэродромдорду куруу жана реконструкциялоо

1. Аэродромдорду жана аэропортторду иликтөө, долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана башка жерге которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Аэродромдорду долбоорлоодо айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана жер тилкелерин пайдаланууну жөнгө салуу боюнча чаралар эске алынат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыгын эске алуу менен жерлер, имараттар жана курулмалар жарандык авиация тарабынан гана колдонуу үчүн ажыратылышы мүмкүн.

92-берене. Долбоордук-техникалык документацияларды макулдашуу

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максаттарында аэродромду же аэропортту иликтөөгө, долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана башка жерге которууга каражаттарды инвестициялаган юридикалык же жеке жак аэродромду жана аэропортту иликтөөнү, долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана башка жерге которууну жүргүзүүгө долбоордук-техникалык документацияларды иштеп чыгат.

2. Аэродромду жана аэропортту изилдөөнү, долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана башка жерге которууну жүргүзүүгө долбоордук-техникалык документацияларды кароонун жана макулдашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

93-берене. Тоскоолдуктар

Тоскоолдук кандай гана болбосун кыймылсыз (убактылуу же туруктуу) же кыймылдуу объектти же анын бөлүгүн билдирет, ал:

1) аба кемесинин жердеги кыймылы үчүн багышталган чөлкөмдө жайгашкан;

2) учууда аба кемесин коргоого багышталган белгиленген жер үстүндөгү бийиктикте болот;

3) мындай белгиленген жер үстүнөн тышкары болот жана аэронавигация үчүн коркунуч туудурат.

94-берене. Объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду курууга уруксат

1. Аэродромдун аймагына же анын чектеринен тышкары аба кемелеринин учууларынын коопсуздугуна таасир этүүчү тоскоолдук катары объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду куруу жарандык авиация органынын уруксатын алгандан кийин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу жол-жоболорунан өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.

2. Берилген уруксат объекттин менчик ээсинин же ээлик кылуучунун эсебинен мындай тоскоолдукту маркирлөөнү жайгаштыруу милдетине жазма буйрук берет.

3. Чектелген курулуш чөлкөмү жана аэродромго жакын жайгашкан аймакка объекттерди жана курулмаларды курууга уруксат алуу эрежеси, ошондой эле мындай объекттерде жана курулмаларда маркирлөөнүн жайгаштыруу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

95-берене. Колдонуудагы аэропорттордун аэродромуна жакын жайгашкан аймактардагы тоскоолдуктарды башка жерге которуу бузуу жана маркирлөө

1. Аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилиши жана жердеги же борттук навигациялык жабдуулардын иштеши үчүн тоскоолдук түзүшү мүмкүн болгон имараттарды, курулмаларды же объекттерди, байланыш же электр берүү чубалгыларын, кандай гана жабдуулар же каражаттар болбосун аэродромдун районунда курууга, жайгаштырууга, орнотууга же пайдаланууга тыюу салынат.

2. Учуу коопсуздугуна коркунуч түзгөн тоскоолдуктар башка жерге которууга же бузулууга жатат, ал эми күндүзгү жана түнкү мезгилде же көрүнүшү чектелген шарттарда, учуулардын коопсуздугуна таасир этүүсү мүмкүн болгон тоскоолдуктар маркирлөөнүгө тийиш.

3. Колдонуудагы аэропорттордун, аэродомуна жанаша аймакта тоскоолдук болуучу объекттерди которууда же курууда белгиленген эрежелерди бузууга жол берген адам белгилүү мөөнөттө объектти бузууну, башка жерге которууну же зарыл болгон өзгөртүүнү өзүнүн эсебинен жүргүзөт.

4. Аэродромдордун районунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын ээлери түнкү жана күндүзгү маркирлөөчү белгилерди өздөрүнүн эсебинен орнотушат жана тейлешет.

96-берене. Кайрадан курулуп жаткан аэропорттордун аэродромдоруна жакын жайгашкан аймакта тоскоолдуктарды башка жерге которуу, бузуу жана маркирлөө

1. Тоскоолдук жаратуучу объект менчик ээсинин же объекттин ээсинин макулдугу менен гана аэродромго каражаттарын инвестициялаган юридикалык же жеке жактын эсебинен башка жерге которулат.

2. Эгерде тоскоолдук маркирлөөгө жатса, тоскоолдукка маркирлөөнү жайгаштыруу боюнча милдеттенме жарандык авиация органынын долбоордук-техникалык документациясынын корутундусуна киргизилет. Аэродромго каражат инвестициялаган адам, тоскоолдук жараткан объектти маркирлөө боюнча чыгымдарды тартат.

3. Аэродромду куруу боюнча ишти баштоо жөнүндө уруксат алууга жарандык авиация органына арыз бергенден кийин объект тоскоолдук катары аныкталган учурда, ал курулуш жүрүп жаткан учурда же андан кийин аэродромго каражаттарын инвестициялаган юридикалык же жеке жактын эсебинен башка жерге которулууга, бузулууга же маркирлөөгө тийиш.

97-берене. Радио толкундарын нурландыруучу же чагылдыруучу, ошондой эле лазердик нурланууну пайда кылуучу объекттерди, курулмаларды жана орнотмолорду курууга уруксат берүү

4. Радио толкундардын нурлануусунун жана чагылуусунун, ошондой эле лазердик нурлануунун натыйжасында учуулардын коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду аэродромдун аймагына же анын чектеринен тышкары курууга жарандык авиация органынын корутундусун алгандан кийин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу жол-жоболоруна өткөндөн кийин уруксат берилет.

98-берене. Учууларды орнитологиялык камсыз кылуу

1. Аэродромдун эксплуатанты аэродромдо жана анын айланасында канаттуулардын топтолуусун азайтууга багытталган иш-чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аткарат.

2. Аэродромдун эксплуатанты канаттуулардын топтолуусу боюнча дайындар базасын жүргүзөт. Дайындар базасын жүргүзүү тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

3. Тиричиликтин жана өнөр жайдын катуу калдыктарын, өндүрүш, курулуштун, керектөөнүн калдыктарын жана башка таштандыларды жайгаштырууга, топтоого, ошондой эле аэродромдон 15 километрдеги радиуста канаттуулардын топтолуусуна көмөк көрсөтүүчү шарттарды түзүүгө тыюу салынат.

99-берене. Аэродромду иштетүүнүн шарттарын аныктоо

Аэродромдордун эксплуатанттары маневрлөө аянттарын, перронду, тийиштүү имараттарды, курулмаларды жана орнотмолорду алардын багытталышына, классына, категориясына, техникалык параметрлерине жана өткөрмө жөндөмдүүлүгүнө ылайык үзгүлтүксүз иштетүүнү камсыз кылуу үчүн аэродромдун пайдалануу шарттарын аныктайт жана аба кемесинин учуусунун, конуусунун, кыймылынын жана токтоп турушунун жана анын жердеги тейлөөлөрүнүн коопсуздугу үчүн зарыл болгон чараларды камсыз кылат.

100-берене. Техникалык тейлөөнүн программасы

Аэродромдун эксплуатанты учуучу-конуучу тилкенин катмарын, буруучу жолчолорду, перронду, буруучу жолчолордун капталдагы тилкелерин, учуу тилкелерин, визуалдык каражаттарды, электр тутумдарын, учуулардын сынып калуу жана орнитологиялык камсыз кылууну тейлөөгө тийиштүү эскертме чараларын кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын аэродромдорун техникалык тейлөө программасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тиешелүү жарандык авиация органы тарабынан жарыяланган талаптардын негизинде аэродромду техникалык тейлөө программасын иштеп чыгат.

101-берене. Аэродромдун объекттерин алардын иштөө жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн текшерүү жана тейлөө

1. Аэродромдун эксплуатанты аэродромдо маневрлөө аянттарын, перрондорду, курулмаларды, орнотмолорду жана жабдууларды аэродром ачылганга чейин, айрыкча интенсивдүү кыймыл мезгили башталганга чейин текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле аэродромдун иштөө убагында ыңгайсыз метеорологиялык шарттар башталганда текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Аэродромдордун эксплуатанттары маневрлөө аянттарын жана перрондорду дайыма тейлөөнү камсыз кылышат жана аба кыймылын тейлөө уюмунун ыйгарым укуктуу пунктуна алардын абалы жөнүндө кабарлап турат.

3. Аэродромдун объекттерин күтүп алуунун, текшерүүнүн жана маркирлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

102-берене. Эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемесинин учуусу жана конуусу

1. Эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемеси учуу жана конуу үчүн эл аралык аэродромдорду пайдаланат.

2. Эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемелери ички аба ташууларына багышталган аэродромду жарандык авиация органы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча учуу жана конуу үчүн пайдаланышы мүмкүн.

103-берене. Аэродромдон тышкары аба кемесинин учуусу жана конуусу

1. Аба кемесинин аэродромдон тышкары учуу жана конуу шарттары Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

2. Мамлекеттик авиациянын аба кемесинин аэродромдон тышкары учуу жана конуу шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан жөнгө салынат.

104-берене. Аэродромду ачуу мезгили

1. Аэродромду ачуу мезгили деп ошол убакыттын ичинде аэродромдун эксплуатантынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык аба транспорттук операцияларды жасоо үчүн аэродром ачык болгонун билдирет.

2. Жабылган мезгилде аэродром учуу жана конуу үчүн жарандык авиация органы жана аэродромдун эксплуатанты менен макулдашуу боюнча пайдаланышы мүмкүн.

105-берене. Аэродромдун кызматтары

Аэродромдун эксплуатанты Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аэродромдун жумушчу аянтына, авариялык куткаруу жана өрткө каршы кызматтардын болушуна контролду камсыз кылат.

106-берене. Аба кемелерин жердеги тейлөө

1. Коммерциялык аба ташуулары үчүн багышталган аэродромдо жердеги тейлөө уюштурулат. Аба кемелерин жердеги тейлөө жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, почта жана жүктү тейлөө боюнча, аба кемесин учуу алдында жана учуудан кийин техникалык тейлөө, авиациялык күйүүчү май жана борттук тамак-аш менен жабдылоо, керектүү учуу документацияларын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле учууну аткаруунун коопсуздугу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.

2. Жердеги тейлөө боюнча уюм ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө башка жүргүнчүлөр менен тең шартта аба транспортунда жүрүү мүмкүндүгүн камсыз кылуучу тартипте өз кызмат көрсөтүүлөрүн берет.

107-берене. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

1. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр аэродромдун эксплуатанты, жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жарандык авиация органынан уруксаты бар юридикалык же жеке жак тарабынан бере алышат.

2. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берүү тастыктамалоо жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу мөөнөткө берилет.

3. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө уруксат алуу үчүн кароого жатуучу уюштуруучулук, финансылык, техникалык, технологиялык, кадр маселелери, ошондой эле уруксатты берүүнүн, өзгөртүүнүн, колдонууну токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

4. Аба кемесинин эксплуатанты жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке адамдар же уюмдар менен тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүү тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алат.

5. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке адамдар же уюмдар аэродромдун эксплуатанты менен аэродромдун инфратүзүмүн пайдаланууга келишим түзүшөт.

108-берене. Өзүн-өзү тейлөө

1. Аба кемелеринин эксплуатанттары жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө (өзүн-өзү тейлөө) көрсөтө алышат.

2. Өзүн-өзү тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берүү тастыктамалоо жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин жарандык авиация органы тарабынан чектелген мөөнөткө берилет.

3. Өзүн-өзү тейлөө боюнча уруксатты берүүнүн, өзгөртүүнүн, колдонууну токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

109-берене. Аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөп берүүлөр

1. Аэропорттун эксплуатанты аэропорттун жана аэродромдун инфратүзүмүн пайдалангандыгы жана аба кемелерин, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаргандыгы үчүн жарандык авиация уюмдарынан, юридикалык жана жек адамдардан төлөм алат.

2. Ички аба ташуулары боюнча аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөп берүүлөрдүн өлчөмү аэропорттун эксплуатанты тарабынан жарандык авиация органы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген монополияга каршы саясат жана жөнгө салуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Эл аралык аба ташуулары боюнча аэропорттун кызмат көсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө өлчөмү аэропорттун эксплуатанты тарабынан жарандык авиация органы менен алдын ала макулдашуу боюнча аныкталат.

17-глава. Авиациялык ызы-чуудан коргоо жана авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы

 

110-берене. Айлана чөйрөнү коргоо

1. Жарандык авиация уюму авиациялык ызы-чуудан жана авиациялык иштин натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон тышкы факторлор менен байланышкан башка ызы-чуулардан айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрөт.

2. Аэродромдордо жана алардын айланасында кыймылдаткычтардын ызы-чуусунун жана зыяндуу агындыларынын алгылыктуу деңгээли, кыймылдаткычтардын ызы-чуусунун жана зыяндуу агындыларынын деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн режими, аэродромдордун белгилүү жерлеринде эксплуатациялык чектөөлөрдү киргизүү, ошондой эле авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясынын кесепеттерин жеңилдетүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

111-берене. Аэродромдун эксплуатантынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттери

Аэродромдун эксплуатанты ушул Кодекске жана айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрөт.

VII БӨЛҮМ. АВИАЦИЯЛЫК КЫРСЫКТАРДЫ ЖАНА ИНЦИДЕНТТЕРДИ ТЕРИШТИРҮҮ. ИЗДӨӨ ЖАНА КУТКАРУУ

18-глава. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү

 

112-берене. Авиациялык кырсык жана инцидент

1. Авиациялык кырсык - бул учуучу кеме кандайдыр-бир адам учуу ниети менен аба кемесинин бортуна кирген учурдан тартып, аба кемесинин бортунда адамдар чыгып кеткен учурга чейин, же учкучсуз аба кемесинде аба кемеси учуу максатында ордунан жылууга даяр болгон учурдан - учуунун аягында аны токтотуу жана негизги күч орнотмолорун өчүрүү учуруна чейин орун алган окуя, жана анын жүрүшүндө:

1) дененин жаракаты табигый себептердин натыйжасында алынган, өзүнө-өзү жаракат келтирген же болбосо башка адамдар тарабынан келтирилген, же адатта жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү кирүү үчүн жабык жерде, чөлкөмдөн тышкары жашынып калган билети жок жүргүнчү тарабынан дене жаракаты келтирилген учурларды кошпогондо, кайсы бир адам денесинен жаракат алса, анын ичинде ушул аба кемесинде болуунун натыйжасында өлүм менен коштолсо, же аба кемесинин кандайдыр-бир бөлүгүнө, ушул аба кемесинен бөлүнүп кеткен бөлүгүнө же реактивдүү кыймылдаткычтан чыккан газдын агымынын түздөн-түз таасир этүүсүн кошуп алганда түздөн-түз урунганда; же

2) аба кемеси бузулууга дуушар болгон же анын конструкциясы бузулган, анын натыйжасында конструкциянын бекемдиги бузулган, аба кемесинин техникалык же учуу мүнөзү начарлаган жана ири оңдоо талап кылынган жана кыймылдаткыч иштебей калгандан же бузулгандан башка учурда, бир эле кыймылдаткыч (анын капотун же көмөкчү агрегаттарды кошо) бузулганда, аба винти, канатынын учу, антенналар, пневматикасы, тормоздук орнотмосу, айланып өткүчтөрү, панелдери, шассинин капка эшиктери, маңдайкы айнектери, аба кемесинин сырты, же көтөрмө винттин, шассинин лопастынын бир аз бузугу болсо, жана мөндүр же канаттуулар менен кагылышуудан келип чыккан (радиолокатордун антеннасынын айланып өткүчтөрүндөгү тешилип калууну кошкондо) бузулган элементтерди алмаштыруу; же

3) аба кемеси дайынсыз жоголгон же ага жетүү таптакыр мүмкүн болбогон жерде калган.

2. Катуу инцидент - бул авиациялык кырсыктын болуу ыктымалдыгын көрсөтүүчү жагдайдагы инцидент, ал учуучу аба кемесинин мисалында, бул кайсы-бир адам аба кемесинин бортуна учуп кетүү ниети менен кирген учурдан бортто болгон адамдар аба кемесинен чыгып кетишкен учурга чейин түзүлөт, же учкучсуз аба кемесинин мисалында аба кемеси учуп чыгууну жүргүзүү максаты менен ордунан жылууга даяр болгон учурдан аны учуунун акырында токтотконго чейин жана негизги күч орнотмолорун өчүргөнгө чейин болот.

3. Инцидент - авиациялык кырсыктардан жана катуу инциденттен башка, иштетүүнүн коопсуздугуна таасир эте алган же таасир этиши мүмкүн болгон аба кемесин пайдалануу менен байланышкан кандай болбосун окуя.

113-берене. Авиациялык кырсыктар жана инцидент жөнүндө кабарлоо

1. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер жөнүндө биринчи белгилүү болгон жарандык авиация уюмунун кызмат адамдары өздөрүнүн карамагында болгон байланыш каражаттарынын, айрыкча эң эле ыкчамын колдонуу менен, болгон кырсык же инцидент жөнүндө жарандык авиация органына токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

2. Авиациялык кырсыкка дуушар болгон аба кемесинин командири же экипаждын башка мүчөсү, эгерде ден соолугунун абалы мүмкүнчүлүк берсе, кырсык тууралуу бийликтин жергиликтүү органдарына, өз алдынча башкаруу органдарына же жарандык авиациянын тийиштүү органдарына кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

114-берене. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер жөнүндө кабарлоо

Териштирүү боюнча орган авиациялык кырсыктар жана инциденттер тууралуу кабарламаны жөнөтөт. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер тууралуу кабарламанын мөөнөтү, дареги жана форматы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

115-берене. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди иликтөө жана талдоо

1. Ар бир авиациялык кырсык же инцидент, келечекте авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди болтурбоо боюнча чара көрүү максатында себептерди табуу ал болгон учурдагы фактыларды табуу үчүн ар тараптуу териштирилүүгө, талданууга тийиш.

2. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү жана талдоо кылмыш-жазык, административдик, тартиптик, жарандык же кандай гана болбосун башка жоопкерчиликти белгилөөнү өз максаты катары койбойт.

116-берене. Чет өлкөлүк аба кемесинин катышуусу менен авиациялык кырсыктар жана инциденттер

1. Чет өлкөлүк аба кемесинин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кырсык же инцидент болгон учурда, териштирүү боюнча орган аба кемеси катталган мамлекеттин компетенттүү органдарына, иштеп чыгуучу-мамлекетке, өндүрүүчү-мамлекетке жана эксплуатант-мамлекетке, ошондой эле жабыр тарткан аба кемесинин бортунда жарандары болгон мамлекетке кабарлайт.

2. Кабарландырылган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү авиациялык кырсыкты же инцидентти териштирүүгө катыша алышат.

117-берене. Териштирүү боюнча органдын ыйгарым укуктары

1. Авиациялык кырсыктарга же инциденттерге териштирүүнү жүргүзүүдө, ушул кырсыктарды же инциденттерди териштирүү үчүн дайындалган териштирүү боюнча органдын инспекторлору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) авиациялык кырсык же инцидент болгон жерге, ошондой эле аба кемесине, анын ичиндегилерге жана сыныктарына чексиз жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө;

2) жабыркаган аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн, аба кемесинин бортундагы мүлктү, ошондой эле аба кемесинин учуусун камсыз кылуунун каражаттарын жана объекттерин текшерүүгө;

3) борттук өзү жазгычтарга түздөн-түз жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө жана алардын мазмунун, ошондой эле башка ар кандай жазуулардын мазмунун пайдаланууга;

4) илимдин жана техниканын тиешелүү жааттарында атайын билимди талап кылган милдеттерди чечүү үчүн эксперттерди тартууга;

5) аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнө, ошондой эле авиациялык персоналардын арасынан тийиштүүлөрүнө медициналык кароо жүргүзүүнүн жыйынтыктарына түздөн-түз жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө;

6) авиациялык кырсыктардын же инциденттердин күбөлөрүн суроого, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарынан керектүү маалымат алууга;

7) аба кемесинин менчик ээсинде, эксплуатантта, аны өндүрүүдө жана жарандык авиация органында болгон ар кандай маалыматтарга же жазууларга эркин жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнө.

2. Авиациялык кырсыктарды же инциденттерди териштирүү үчүн териштирүү боюнча орган иликтөө боюнча органдын инспекторлорунан жана көз карандысыз эксперттерден турган териштирүү боюнча комиссия түзөт.

3. Авиациялык кырсыктарды териштирүүдө териштирүү боюнча орган өз ишин Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо жана сот органдары менен координациялайт.

118-берене. Буюм далилдерди сактоо

1. Авиациялык кырсыктар же инциденттер болгон аймактагы бийликтин жергиликтүү органдары, жеке жана юридикалык жактар кырсык болгон жерди, аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн, объективдик контролдоонун борттук жана жердеги каражаттарын, аба кемесинин бортунда болгон бардык предметтерди, ошондой эле кырсык болгон жердеги авиациялык кырсык же инцидент аркылуу зыян келтирген предметтерди кайтарууну, аба кемесин өндүрүүгө, оңдоого жана иштетүүгө жана анын учуусун камсыз кылууга тиешелүү болгон бардык документацияларды териштирүү боюнча органдын өкүлдөрү келгенге чейин чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Өрттүн натыйжасында жана башка себептерден улам аба кемесинин кыйроосуна бөгөт коюу үчүн, же эгерде аба кемеси аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыз кылууга тоскоолдук келтирип жаткан болсо, адамдарды, жол жүктү жана жүктөрдү бошотуу үчүн аба кемеси авиациялык кырсык же инцидент болгон жерден башка жерге которулушу мүмкүн.

3. Аба кемесинин бортунда орнотулган үн жазуучу орнотмону чечмелөөдө алынган маалымат иликтөө боюнча органдын же Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимине чейин жайылтылууга жатпайт.

119-берене. Авиациялык кырсыктарды эсепке алуу

Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган ар бир аба кемесинде болгон авиациялык ар бир кырсык, катуу инцидент жана инцидент, аба кемеси кайсы жерде болгондугуна карабастан териштирүү боюнча органда эсепке алынууга жатат.

120-берене. Учуулардын коопсуздугу боюнча маалыматты коргоо

Териштирүү боюнча орган учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу тутумунан келип түшкөн авиациялык кырсыктарды же инциденттерди жана учуулардын коопсуздук абалын териштирүү жөнүндө маалыматтарды пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт. Мындай маалымат укук коргоо органдарынын же сот органдарынын чечими боюнча, эгерде аны жарыялоо учуулардын коопсуздугун башкаруу институтун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтсө, жарыяланышы мүмкүн.

19-глава. Издөө жана куткаруу

 

121-берене. Кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемеси

1. Аба кемесине же анын бортундагы адамдарга түздөн-түз коркунуч келтирилгенде же аны менен радио байланышы үзүлгөндө же ушул аба кемесинин орду белгисиз болгондо кырсыкка кабылган аба кемеси деп таанылат.

2. Аба кемеси уча баштаганда, учууда, конууда же кулаганда катуу жабыркаган, же болбосо толук бойдон кыйраган, ошондой эле аэродромдон тышкары аргасыз конууну ишке ашырган аба кемеси кырсык болду деп таанылат.

122-берене. Издөөнү жана куткарууну жүргүзүү

1. Кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемеси токтоосуз издөөгө жана куткарууга жатат.

2. Кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн жана экипажын издөөнү жана куткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобонун негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын авиациялык издөө-куткаруу кызматы (мындан ары - авиациялык издөө-куткаруу кызматы) уюштурат жана аткарат.

3. Издөө-куткаруу ишин уюштуруу жана жүргүзүү убагында авиациялык издөө-куткаруу кызматы мамлекеттик органдардын, министрликтердин, мекеме жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын күчүн жана каражаттарын тартууга жана пайдаланууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында учууларды авариядан куткарууну жана издөөнү камсыз кылуу үчүн авиациялык издөө-куткаруу кызматы издөө-куткаруунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын күн-түнү күзөтүн уюштурат. Бул күчтөрдүн жана каражаттардын курамы, транспорт каражаттарынын жана жабдуулардын тизмеги, издөө-куткаруу иштерин башкаруунун тартиби жана тиешелүү кызмат адамдарынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

5. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө тартылган уюмдар, издөө-куткаруу күчтөрү жана каражаттар издөө-куткаруу иштерине пайдаланууга карата мындай күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармап турууга милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемесине зарыл жардамды көрсөтүү үчүн төмөнкүлөргө жол берилет:

1) башка мамлекеттердин издөө-куткаруучу күчтөрүнө жана каражаттарына;

2) кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемелеринин менчик ээлерине же эксплуатанттарына;

3) кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемеси катталган мамлекеттин өкүлдөрүнө.

7. Кырсыкка кабылуучу жана кырсык болгон аба кемесине жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана мамлекеттер аралык макулдашуулар менен белгиленет.

123-берене. Издөө-куткаруучу иштерин камсыз кылуу

1. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн жана экипажды издөө жана куткаруу боюнча иштер, издөө-куткаруучу күчтөрдү жана каражаттарды аэродромдордо жана аэропорттордо чогултуу, мындай иштердин жүрүшүндө учууларды техникалык тейлөө жана камсыз кылуу кезексиз жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

2. Кырсыкка кабылган аба кемесин кырсык болгон жерден эвакуациялоо аба кемесинин эксплуатантынын же менчик ээсинин күчү жана ресурстары менен жүзөгө ашырылат.

3. Чет өлкөлүк мамлекеттин кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесинин жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам Кыргыз Республикасынын кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесинин жүргүнчүлөрүнө жана экипажына көрсөтүлгөндөй тартипте жана ушундай эле шарттарда көрсөтүлөт.

124-берене. Кырсыкка кабылган аба кемесине, жүргүнчүлөрүнө жана экипажына издөөнү токтотуу

1. Эгерде кырсыкка кабылган аба кемесин издөө иштери эч кандай натыйжа бербесе, издөөнү токтотуу жөнүндө чечим, ушул аба кемеси реестринде катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыкка кабылган чет өлкөлүк аба кемесин издөөнү токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.

3. Издөө расмий түрдө токтотулган аба кемеси, эгерде ушул аба кемесинин же анын сыныктарынын орду белгиленбесе, дайынсыз жоголгон деп эсептелет.

125-берене. Аэродромдо жана аэродромдун районунда авариялык-куткаруучу иштери

Аэродромдо жана аэродром районунда авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүү аэродромдун же аэропорттун менчик ээси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аба кемелеринин эксплуатанттары жана жарандык авиациянын башка уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

126-берене. Кырсык сигналы

Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесине, анын жүргүнчүлөрүнө, экипажына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн шашылыш жана кооптуулук жөнүндө эскертүүлөрдүн эл аралык бирдиктүү кырсык сигналдары колдонулат. Мындай сигналдар, ошондой эле аба кемелеринде орнотулууга тийиш болгон издөө-куткаруучу жабдуулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын авиация эрежелери менен аныкталат.

127-берене. Кырсык жөнүндө кабарлоо

1. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемеси жөнүндө маалыматты токтоосуз берүү үчүн жеке жана юридикалык жактар өз байланыш каражаттарын берүүгө милдеттүү.

2. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесине, анын экипажына жана жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүү жөнүндө телефондук байланышты берүү, ошондой эле телеграммаларды берүү жана кабыл алуу кезексиз жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

3. Аткаруу бийлиги органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык авиация органдары аларга аба кемесинин кырсыгы тууралуу бардык белгилүү болгон окуяларды Кыргыз Республикасынын авиациялык издөө-куткаруучу кызматына же жакынкы аэродромго же аэропортко токтоосуз кабарлоого, ошондой эле авиациялык издөө-куткаруучу кызматы келгенге чейин мындай аба кемесин издөөнү жана сактоону уюштурууга катышууга жана жүргүнчүлөрдү жана экипажды сактоого карата кечиктирилгис чараларды көрүүгө, аларга медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө, ошондой эле аба кемесин жана анын бортундагы документтерди, жабдууларды жана мүлктөрдү кайтарууга милдеттүү.

4. Жеке жана юридикалык жактар аларга аба кемесинин кырсыгы тууралуу бардык белгилүү болгон окуяларды жакын турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттик бийлик органдарына токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

5. Авариялык-куткаруучу жабдуулар менен жабдылбаган аба кемелерине учууга тыюу салынат.

128-берене. Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары издөө-куткаруучу иштери

Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн жана экипажын издөө жана куткаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

VIII БӨЛҮМ. КОММЕРЦИЯЛЫК АВИАТРАНСПОРТ. АБА ТАШУУЛАР ЖААТЫНДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК

20-глава. Коммерциялык авиатранспорт жана башка авиациялык иштер

 

129-берене. Авиациялык жумуштардын түрлөрү

Авиациялык жумуштардын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) коммерциялык аба ташуулар;

2) авиациялык жумуштар;

3) жеке, спорттук жана окутуу-машыгуучу максаттары үчүн учуулар, ошондой эле көрсөтмө учуулар;

4) мамлекеттик авиациянын иши.

130-берене. Коммерциялык аба ташуулары

1. Коммерциялык аба ташуулары аба кемесинин эксплуатанты тарабынан жүргүзүлөт жана сый акы үчүн жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү, почтаны же жүктү абада ташуу максатында учууларды же учуулардын сериясын билдирет. Коммерциялык аба ташуулары абада ташуу келишиминин негизинде аткарылат.

2. Коммерциялык аба ташуулары үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү болушу мүмкүн.

131-берене. Үзгүлтүксүз аба ташуулар

1. Үзгүлтүксүз аба ташуулар деп жарыяланган ырааттамага ылайык алдын ала аныкталган маршрут боюнча аткарылуучу каттамдардын сериясы же үзгүлтүксүз жыштыктагы учуулардын сериясы түшүндүрүлөт, анда жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү, почтаны же жүктү абада ташууга келишим ташуучу менен же анын өкүлү менен жүргүнчүнүн ортосунда же жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, почтаны же жүктү абада ташуу боюнча тапшырыкчы болуп чыккан тараптын ортосунда келишим түзүлөт.

2. Маршрут учуп чыккан аэропорт менен бара турган аэропорттун ортосундагы бир багыттагы учууну билдирет.

132-берене. Үзгүлтүктүү аба ташуулар

1. Үзгүлтүктүү аба ташуулары абада ташууну же андайды аткарбаган белгилүү бир тапшырыкчы үчүн аткарылуучу жана үзгүлтүксүз болуп саналбаган кандай болбосун коммерциялык аба ташууларды билдирет.

2. Аба таксиси жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринде сый акы үчүн жүзөгө ашырылуучу жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, почтаны жана жүктү абада ташууну билдирет.

3. Экскурсиялык учуу сый акы үчүн белгилүү жерлерди көрүү максаты менен жүзөгө ашырылуучу аба ташууларын билдирет.

4. Санитардык учуу оорулууларды, жарадарларды жана майыптарды санитардык учуу үчүн жабдылган аба кемеси менен абада ташууну билдирет.

133-берене. Ички жана эл аралык аба ташуулар

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жөнөтүү пункту, баруучу пункт жана бардык токтоочу пункттар каралган аба ташуулары ички аба ташуулары болуп саналат.

2. Ташууда жүктөө жана (же) жүк түшүрүү же тыныгуу болгондугуна карабастан жөнөтүү пункту жана баруучу пункттары бар аба ташуулары эл аралык аба ташуулары болуп саналат, алар төмөнкүдөй жайгашат:

1) эки жана андан көп мамлекеттин аймагында;

2) эгерде башка мамлекеттин аймагында токтотуу пункту (пункттар) каралса, бир мамлекеттин аймагында.

134-берене. Жүргүнчүнү абада ташуу

1. Жүргүнчүнү абада ташуу келишими боюнча ташуучу билетте көрсөтүлгөн каттамды жасаган аба кемесинде орун берүү менен жүргүнчүнү баруучу пунктуна ташып барууга милдеттенет. Жүргүнчү тарабынан жол жүк абада ташылган учурда, ташуучу ошондой эле ушул жол жүктү баруучу пунктка жеткирүүгө жана аны жүргүнчүгө же жол жүктү алууга ыйгарым укук берилген адамга берүүгө милдеттенет. Жүргүнчү ташуучу тарабынан белгиленген тариф боюнча абада ташуу үчүн акы төлөөгө милдеттенет, ал эми жол жүктү акысыз алып өтүүнүн белгиленген ченеминен жол жүк ашык болгон учурда, жүргүнчү ушул жол жүктү ташуу үчүн да акы төлөйт.

2. Жүргүнчүнү жана жол жүктү абада ташуунун келишими билет жана жол жүк дүмүрчөгүн берүү менен ырасталат. Билеттердин жана жол жүк дүмүрчөгүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

3. Жүргүнчү ташуучу менен абада ташуунун келишими бузулган учурда абада ташуунун келишими боюнча төлөнгөн ташуу акысын кайтаруу/кайтарбоо жөнүндө шарттарды караган абада ташуунун келишимин түзүүгө укуктуу. Ташуучу же ал ыйгарым укук берген адам жүргүнчүнү абада ташуунун келишимин түзгөнгө чейин абада ташуусу үчүн төлөнгөн ташуу акысын кайтаруу/кайтарбоонун шарттары жөнүндө жүргүнчүгө маалымдоого милдеттүү. Абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысын кайтаруу/кайтарбоонун шарттары жөнүндө жүргүнчүгө маалымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет. Абада ташууга төлөнгөн ташуу акысын кайтаруу/кайтарбоонун шарттары жөнүндө жүргүнчүгө маалымат берилбей калган учурда, ташуучу же анын ыйгарым укуктуу адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Ташуучу жүргүнчүгө же ташуучунун кызматын сатып алган адамга, мындай жүргүнчүнүн же адамдын кызыкчылыгын козгошу мүмкүн болгон учуунун графигинин же маршрутунун кандай гана өзгөрүүлөрү же ташуунун башка шарттары болбосун ал тууралуу өз убагында маалымдайт.

135-берене. Жүктү же почтаны абада ташуу

1. Жүктү же почтаны абада ташуу жөнүндө келишим боюнча ташуучу ага жүк жөнөтүүчү тарабынан ишенип берилген жүктү же почтаны белгиленген мөөнөттө баруучу пунктка жеткирүүгө жана жүктү же почтаны алууга ыйгарым укук берилген адамга (жүк алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми жүк жөнөтүүчү ташуучунун белгиленген тарифи боюнча жүктү же почтаны абада ташуу үчүн акы төлөөгө милдеттенет.

2. Жүк жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган тартипте ташууга тапшырылган жүктү аны жөнөткөнгө чейин кайра алууга, жүктүн коштомо кагазында көрсөтүлгөн жүктү жүк алуучуга бергенге чейин жүк алуучуну өзгөртүүгө, жүк алуучу аны кабыл албаган же аны жүк алуучуга берүүгө мүмкүн болбогон учурда жүктү тескөөгө укуктуу. Аба кемесинин кыймылы тыныгуу же токтотуу учурунда ташуучу жүк жөнөтүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана андан кийинкиге тескеме алат.

3. Ташуучу жүк алуучуга анын дарегине жүктүн келгендиги тууралуу кабарлоого милдеттүү. Жүк алуучу анын дарегине келип түшкөн жүктү кабыл алууга жана алып кетүүгө милдеттүү. Жүк алуучу жүктүн сапаты анын алгачкы багытталышына ылайык аны толук же жарым жартылай пайдалануу мүмкүндүгү жоготулганга чейин жүктүн сапаты өзгөрүлгөндүгү далилденсе, бузулган же жарабай калган жүктү кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

4. Жарылуучу заттарды, ок-дарыларды, ууландыруучу, оңой туталанып кетүүчү, радиоактивдүү жана башка кооптуу заттарды жана предметтерди ташуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

5. Жүктү же почтаны абада ташуу келишими жүктүн, почтанын коштомо кагазы же жүктү же почтаны абада ташуунун кызматтарын көрсөтүүдө колдонулуучу башка ташуу документтерин берүү менен күбөлөндүрүлөт. Жүк, почта коштомо кагазы жана башка ташуу документтеринин формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

136-берене. Ташуучунун демилгеси боюнча жүргүнчүнү абада ташуу келишимин токтотуу

1. Ташуучу жүргүнчүнү абада ташуу келишимин бир жактуу тартипте, төмөнкүдөй учурларда токтото алат:

1) жүргүнчү өзүнө коюлган Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткаруудан баш тартканда;

2) Кыргыз Республикасынын аба ташууларына тийиштүү жаатындагы мыйзамдары менен белгиленген талаптарды жүргүнчү тарабынан бузганда;

3) жүргүнчү аба кемесинин учуу коопсуздугуна же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген аракеттерди жасаганда, ошондой эле жүргүнчү тарабынан аба кемесинин командиринин тескемесин аткарбаганда;

4) эгерде жүргүнчүнүн ден соолугунун абалы абада ташуунун өзгөчө шарттарын талап кылса, же жүргүнчүнүн өзүнүн же башка адамдардын жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ошондой эле тартипсиздикти жана жоюуга мүмкүн болбогон ыңгайсыздыкты жаратса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жүргүнчүнү абада ташуунун келишимин бузуу үчүн негиздердин бар экендигин далилдөө милдети ташуучуга жүктөлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ташуучунун демилгеси боюнча жүргүнчүнү абада ташуу келишимин колдонуу токтотулганда, жүргүнчүгө ташуу акысын кайтарып берүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) эгерде абада ташуу келишимин бузууда ташуу акысын кайтаруу жөнүндө шарттарды караган жүргүнчү тарабынан жүргүнчүнү абада ташуу келишими түзүлсө, жүргүнчү абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы ташуу акысынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөөчү айыпты жана абада ташуу келишими боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан абада ташуучунун иш жүзүндө тарткан чыгымдарынын суммасын өндүрүп алуу менен кайтарылып берилет;

2) эгерде абада ташуу келишимин бузууда ташуу акысын кайтарбоо жөнүндө шарттарды караган жүргүнчү тарабынан жүргүнчүнү абада ташуу келишими түзүлсө, жүргүнчүгө абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы кайтарылбайт.

4. Ташуучунун демилгеси боюнча каттам жокко чыгарылганда, абада ташуунун альтернативдик вариантын сунуш кылат же абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысын кайтарып берет.

137-берене. Жүргүнчүнүн демилгеси боюнча жүргүнчүнү абада ташуу келишимин токтотуу

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралбаган себептер боюнча абада ташуудан жүргүнчү баш тарткан учурда, жүргүнчүгө ташуу акысын кайтарып берүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) эгерде абада ташуу келишимин бузууда ташуу акысын кайтаруу жөнүндө шарттарды караган жүргүнчү тарабынан жүргүнчүнү абада ташуу келишими түзүлсө, жүргүнчүгө абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы (абада ташуу келишими боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан жана абада ташуучунун иш жүзүндө тарткан чыгымдарынын суммасын кошпогондо) жүргүнчү билетте көрсөтүлгөн каттам учуп чыгуучу убакыттан 24 сааттан кеч эмес абада ташуудан баш тартуусу жөнүндө ташуучуга кабарлаган шартта кайтарылып берилет;

2) эгерде жүргүнчү ташуучуга ушул бөлүктүн 1-пунктуна ылайык белгиленген мөөнөттү бузуу менен, бирок билетте көрсөтүлгөн каттам учуп чыгуучу убакыттын аякташынан 6 саат мурун абада ташуудан баш тарткандыгы жөнүндө ташуучуга кабарласа, жүргүнчүгө абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөөчү айыпты жана жүргүнчүнү абада ташуу келишими боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан ташуучунун иш жүзүндө тарткан чыгымдарынын суммасын өндүрүп алуу менен кайтарып берилет;

3) эгерде жүргүнчү ташуучуга ушул бөлүктүн 1-пунктуна ылайык белгиленген мөөнөттү бузуу менен абада ташуудан баш тарткандыгы жөнүндө ташуучуга кабарласа, жүргүнчүгө абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысынын 50 пайыз өлчөмүндө төлөөчү айыпты жана жүргүнчүнү абада ташуу келишими боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан ташуучунун иш жүзүндө тарткан чыгымдарынын суммасын өндүрүп алуу менен кайтарып берилет;

4) эгерде абада ташуу келишимин бузууда ташуу акысын кайтарбоо жөнүндө шарттарды караган жүргүнчү тарабынан жүргүнчүнү абада ташуу келишими түзүлсө, жүргүнчүгө абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы кайтарылбайт.

2. Жүргүнчүнүн, аны менен аба кемесинде кошо баруучу үй-бүлө мүчөсүнүн же жакын тууганынын оорусуна же өзүнүн оорусуна байланыштуу, бул медициналык документтер менен тастыкталса, же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын тууганынын өлүмүнө байланыштуу, бул документ менен тастыкталса, жана билетте көрсөтүлгөн каттамдын учуп чыгуу убактысы аяктаганга чейин бул жөнүндө ташуучуга кабарланса, же ташуучунун тигил же бул аракеттери/аракетсиздиги жүргүнчүнү абада ташуу келишими боюнча милдеттерин аткарбагандыгына же талапка ылайык аткарбагандыгына, аба кемени жөнөтүүсүн кармоосуна алып келсе, аба ташуусунан жүргүнчү аргасыз баш тарткан учурда абада ташуу үчүн төлөнгөн ташуу акысы жүргүнчүгө кайтарып берилет. Ташуучу жүргүнчү берген документтерде маалыматтардын тууралыгын текшерүүгө укуктуу.

3. Тараптардын жүргүнчүнү, жүктү же почтаны абада ташуу келишими бузулган учурдагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же жүргүнчүнү, жүктү же почтаны абада ташуу келишими менен белгиленет.

138-берене. Аба кемесинин эксплуатантын тастыктамалоо

1. Аба кемелеринин эксплуатантынын тастыктамасы Кыргыз Республикасында катталган, менчигинде же ижаралоо шартында (экипажсыз) учууга жарактуу бир аба кемеси бар, ошондой эле ушул аба кемесинин учуусу үчүн жана аны техникалык иштетүү жана учууларды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук түзүмү, даярдалган персоналы, жабдуулары, имараты, курулмалары бар юридикалык жакка берилет.

2. Аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасы 24 айдан ашык эмес мөөнөткө берилет.

3. Эгерде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын авиакомпанияга катышуу үлүшү авиакомпаниянын уставдык капиталынын 49 пайызынан ашпаса, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын аймагында авиакомпанияларды түзүүгө жол берилет.

4. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан жалпы багыттагы авиациянын жеңил же өтө жеңил аба кемесин иштетүүсү ушул жактар тарабынан аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын алуу милдетине алып келбейт.

5. Аба кемелеринин эксплуатантынын тастыктамасын берүүнүн, өзгөртүү киргизүүнүн, колдонууну токтотуп туруунун же жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

139-берене. Аба кемесин ижаралоо

1. Аба кемеси экипаж менен же экипажсыз ижараланышы мүмкүн.

2. Аба кемесин ижаралоо келишимин түзүүнүн алдында аба кемесинин эксплуатанты ижаралоонун тибине, аба кемесин техникалык тейлөөнүн шарттарына, камсыздандырууга, учуунун коопсуздугун жана учууну иштетүүнү камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликке карата жарандык авиация органы менен ижаралоо келишиминин жоболорун макулдашат.

3. Жарандык авиация органы аба кемесинин эксплуатантынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболорду албаганда, аба кемесин ижаралоонун жоболорун макулдашууну же жактырууну талап кылууга укуксуз.

140-берене. Көзөмөлдөө иш-милдеттерин жана милдеттерин өткөрүп берүү

1. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилген аба кемеси ижаралоо келишимине ылайык аба кемеси чет өлкөлүк эксплуатант тарабынан иштетилгенде Кыргыз Республикасы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты менен макулдашуу түзүү жолу менен өзүнүн көзөмөлдөө иш-милдетин жана милдеттеринин бардыгын же бир бөлүгүн, ушул аба кемесине карата катталган мамлекет катары өткөрүп бериши мүмкүн, андан кийин Кыргыз Республикасы өткөрүп берген иш-милдеттери жана милдеттерине карата жоопкерчиликтен бошотулат.

2. Чет өлкөдө катталган аба кемеси ижаралоо келишимине ылайык Кыргыз Республикасында иштетилсе, ушул аба кемесин каттаган мамлекет Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасы менен макулдашуу түзүү жолу менен өткөрүлүп берилген иш-милдеттерге жана милдеттерге карата өзүнө жоопкерчилик алган, Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн мамлекет катары, өзүнүн көзөмөлдөө иш-милдетин жана милдеттеринин бардыгын же бир бөлүгүн өткөрүп бере алат.

3. Көзөмөл иш-милдетин жана милдеттерин өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун компетенттүү органы тарабынан катталат.

4. Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 83bis беренесине ылайык башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкактарында аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатантынын мамлекети тарабынан учууларга карата берилген жана тастыкталган жарактуулук тууралуу күбөлүктүн, тастыктаманын жана ырастаманын, ошондой эле радио жабдууларын пайдаланууга уруксаттын жана экипаж мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат.

141-берене. Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары

Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты Кыргыз Республикасында эл аралык үзгүлтүксүз коммерциялык абада ташууларды жүзөгө ашырат:

1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдаланган учурда - ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган тартипте;

2) башка учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

142-берене. Үзгүлтүксүз аба ташуулары үчүн тарифтер

1. Аба кемесинин эксплуатанты үзгүлтүксүз аба ташууларында жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, почтаны же жүктү абада ташуу үчүн, эгерде мындай эркиндик Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектелбесе, тарифтерди жана бааларды белгилейт.

2. Аба кемесинин эксплуатанты билетте Кыргыз Республикасында колдонулуучу бардык салыктар жана жыйымдар менен билеттин наркынын жалпы суммасын көрсөтүүгө милдеттүү.

143-берене. Үзгүлтүксүз аба ташууларынын ырааттамасы

1. Ырааттама аэропорттун, аэродромдун эксплуатанты жана жарандык авиация органы менен макулдашылган үзгүлтүксүз аба ташууларын аткаруучу аба кемелеринин учуп кетүү жана учуп келүүнүн белгиленген убактысын билдирет.

2. Аба кемесинин эксплуатанты ырааттаманы ар бир сезон үчүн аны колдонууну баштаганга чейин 30 календардык күндөн кеч эмес, ошондой эле ырааттамадагы өзгөртүүлөрдү - өзгөртүлгөн ырааттаманы колдонууга чейин 15 календардык күндөн кеч эмес жарыялайт.

3. Аба кемесинин эксплуатанты аба ташууларынын токтотулгандыгы же ырааттамадагы өзгөртүүлөр тууралуу жүргүнчүлөргө кабарлайт.

144-берене. Авиациялык жумуштар

1. Авиация жумуштары аба кемелеринде, планёрлордо, дельтапландарда, аба шарларында жана өлчөмүнө жана салмагына карабастан башка учуучу аппараттарда аткарылат.

2. Авиациялык жумуштардын түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүүлөр сый акы үчүн келишим боюнча авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатант тарабынан көрсөтүлөт. Авиациялык жумуштардын тизмеги, аларды аткаруу тартиби жана авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатантын тастыктамалоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

3. Авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатант авиациялык жумуштарды аткаруу келишими боюнча тапшырыкчы үчүн ушул келишим менен каралган тартипте, мөөнөттө жана көлөмдө авиациялык жумуштарды аткарууга милдеттенет. Тапшырыкчы келишимде каралган авиациялык жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарууга жана авиациялык жумуштарды аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.

145-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде чет өлкөлүк аба кемелеринин "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдалануу менен учуулар

Чет өлкөлүк аба кемелери ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында абада ташуулар үчүн аба кемесинин бортуна үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны кабыл алууга укуктуу.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

146-берене. Жеке максаттарда учуу

Аба кемелери, планёрлор, дельтапландар, аба шарлары жана өлчөмүнө жана салмагына жана чыгарылган жылына карабастан башка учуучу аппараттар жеке же юридикалык жактардын жеке керектөөлөрү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

147-берене. Спорттук жана окутуу-машыгуучу максаттарда жүзөгө ашырылуучу учуулар

Авиациялык спорт менен жана окутуу-машыгуучу учуулар менен алектенүү максатында, жеке менчик укугунда, ошондой эле ижаралоо шарттарында аларды каттагандан же эсепке алгандан кийин тийиштүү аба кемелерин пайдалануучу коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар түзүлөт. Каттоо жана жарандык авиация органында эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери менен белгиленет.

148-берене. Көргөзмө учуулар

1. Жарандык аба кемелеринин көргөзмө учуулары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жарандык авиация органынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

2. Көргөзмө учууларды жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери менен белгиленет.

3. Мамлекеттик аба кемелеринин көргөзмө учуулары Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.

149-берене. Аба кемесин фрахттоо (чартер) келишими

1. Аба кемесин фрахттоо (чартер) келишими боюнча бир тарабы (фракттагыч) бир же бир нече аба кемесин же жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү же почтаны абада ташуу үчүн аба кемесинин бөлүгүн же болбосо бир же бир нече каттамды аткарууга акы үчүн экинчи тарапка (фрахттоочу) берүүгө милдеттенет. Чартер келишиминде тараптардын аталышы, ташылуучу жүргүнчүлөрдүн, жол жүктүн, жүктүн же почтанын максималдуу саны, фрахттоо үчүн төлөмдүн өлчөмү, жөнөтүүчү жер жана убакыт, аба кемесинин баруучу жери көрсөтүлүшү керек. Чартер келишиминде тараптардын макулдашуусу боюнча башка шарттар да киргизилиши мүмкүн.

2. Фрахттагыч аба кемесин фрахттоочуга өз убагында берүүгө жана аба кемесин фрахттоо келишимин колдонуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде аба кемесин фрахттоо келишиминде каралган максаттар үчүн пайдаланууга жарактуу абалда күтүүгө милдеттүү. Учуу коопсуздугунун максатында фрахттагыч учууну которууга же жокко чыгарууга, учуу аралыгында конууга, учууну токтото турууга, керектүү оңдоолорду жүргүзүүгө, маршрутту өзгөртүүгө же учууну токтотууга, ошондой эле фрахттоо келишиминин шарттарына ылайык аба кемесинин бортуна кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн, жол жүктүн, жүктүн же почтанын санын азайтууга укуктуу.

3. Фрахттоочу фрахттоо келишиминде каралган төлөмдү өз убагында төлөөгө, жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү же почтаны аба кемеси жөнөтүлгөн жерге өз убагында жеткирүүгө милдеттүү. Фрахттоочу фрахттагычтын макулдугу менен фрахтталган кемени субчартерге бериши мүмкүн. Фрахтоочу фрахттоо келишиминде каралган өлчөмдө төлөөчү айыпты төлөө менен фрахттоо келишиминен баш тарта алат.

4. Фрахттоо келишими боюнча тарап келишимди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы аны күнөөсү боюнча эместигин далилдесе, келишимди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Фрахтоочунун күнөөсүнөн эмес келип чыккан, аба кемеси иштетүүгө жараксыз болгон учурда фрахтагычтын алдында фрахтоочу жоопкерчилик тартпайт.

5. Ташууну жүзөгө ашырууда фрахттагыч ушул Кодекстин 21-главасында каралган ташуучунун жоопкерчилиги жөнүндө жоболорго ылайык жүргүнчүлөрдүн, жөнөтүп жиберүүчүлөрдүн жана алуучулардын алдында жоопкерчилик тартат.

21-глава. Аба ташуулары жаатындагы жоопкерчилик

 

150-берене. Ташуучунун жоопкерчилигинин жалпы принциптери

Ташуучу ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле аба ташуучулары келишиминде каралган тартипте жүргүнчүлөрдүн жана жүк ээлеринин алдында жоопкерчилик тартат.

151-берене. Жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

1. Ташуучу, эгерде келтирилген зыян жеңилгис күчтүн кесепетинен же жабыр тарткан адамдын ниети боюнча жасалгандыгын далилдебесе, абада ташууда жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.

2. Жүргүнчүнү абада ташууларында жүргүнчүнү учуп чыгуучу аэропортто аба кемесинин бортуна кирген мезгилден жүргүнчү баруучу аэропортто аба кемесинин бортунан чыгып кеткенге чейинки мезгилди камтыйт.

3. Эл аралык аба ташууларда жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыян үчүн ташуучунун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле аба ташуулары келишимине ылайык аныкталат.

152-берене. Жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголгондугу, кемип калгандыгы жана (же) бузулгандыгы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

1. Ташуучу жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн, аны абада ташууга кабыл алган учурдан тартып жана жүргүнчүгө же алуучуга, же ыйгарым укуктуу башка жеке же юридикалык жакка бергенге чейин, эгерде жол жүктүн же жүктүн жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу анын күнөөсү боюнча болбогондугун жана зыян келтирүүгө болтурбоо боюнча бардык тийиштүү чаралардын көрүлгөндүгүн же мындай чара көрүү мүмкүн болбогондугун далилдебесе, жоопкерчилик тартат.

2. Ташуучу жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын сакталышы үчүн, эгерде алардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу ташуучунун күнөөсү боюнча болбогондугун далилдебесе, жоопкерчилик тартат.

3. Эл аралык аба ташууларында жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат.

153-берене. Жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголгондугу, кемип калгандыгы жана (же) бузулгандыгы үчүн ташуучунун жоокерчилигинин өлчөмү

1. Жүктүн, жол жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдө жоопкерчилик тартат:

1) жарыяланган наркы менен абада ташууга кабыл алынган жол жүктүн, жүктүн жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн - жарыяланган нарктын өлчөмүндө;

2) наркы жарыяланбаган абада ташууга кабыл алынган жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн - алардын анык наркынын, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектен жогору болбогон өлчөмүндө.

2. Жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын анык наркы кассалык же товардык чекте же товарга төлөөнү аныктаган башка документте, же келишимде каралган баалардан улам, ал эми ал жок болсо, мындай товар сатылып алынган жердеги ушуга окшош товарга болгон орточо рыноктук баадан улам аныкталат.

3. Эл аралык аба ташууларда жүктүн, жол жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат.

154-берене. Жүргүнчүнү, жол жүктү жана жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик

1. Эгерде жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүү жеңилгис күчтүн кесепетинен орун алгандыгын жана жеткирүү мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүнү болтурбоо үчүн зарыл чаралардын бардыгы көрүлгөндүгүн же мындай чараларды көрүү мүмкүн болбогондугун ташуучу далилдебесе, жүргүнчүнү, жол жүктү же жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Жүргүнчүнү, жол жүктү же жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчиликтин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.

155-берене. Почтаны жеткирүүдө жоголушу, кемип калышы, бузулушу же жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн жоопкерчилик

Ташуучу почта байланышынын уюмдарынын алдында ташуучунун күнөөсү боюнча почтаны жеткирүүдө жоголушу, кемип калышы, бузулушу же жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибериши үчүн, почта байланышынын уюмдары почта жөнөтүүчүлөрүнүн же алуучуларынын алдында жоопкерчилик тарта турган өлчөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жоопкерчилик тартат.

156-берене. Жоопкерчиликти азайтуу жөнүндө макулдашуулардын анык эместиги

Ташуучунун жүргүнчүлөр, жүк жөнөтүүчүлөр же жүк алуучулар менен ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өзүнүн жоопкерчиликтеринин чектерин азайтуу жөнүндө кандай макулдашуулары болбосун анык эмес болуп саналат.

157-берене. Ташуучунун жоопкерчилигинин чектерин жогорулатуу жөнүндө макулдашуу

Ташуучу жүргүнчүлөр, жүк жөнөтүүчүлөр же жүк алуучулар менен ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген чектерге салыштырмалуу өзүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө укуктуу.

158-берене. Коммерциялык актыларды түзүү

1. Ташуучунун мүлктүк жоопкерчилиги үчүн негиз болуучу жагдайлар коммерциялык акт менен ырасталат. Коммерциялык акт жүргүнчүнүн, жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун талабы боюнча ташуучу тарабынан түзүлөт. Коммерциялык актыны түзүү тартиби жана коммерциялык актыны түзүүнү талап кылбаган жагдайларды ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери менен белгиленет.

2. Коммерциялык акт жол жүктү, жүктү же почтаны берүүдө төмөнкүдөй жагдайларды ырастоо үчүн түзүлөт:

1) ташуучу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга жүктүн аталышы, анын салмагы (массасы), бирдик саны же жүктүн орду шайкеш келбегенде;

2) жүктү, жол жүктү же почтаны бузганда;

3) жүк, жол жүк же почта жоголгондо же кемип калганда;

4) ташуучу документтери жок жүктөр, жол жүктөр же почта, ошондой эле жүксүз, жол жүксүз же почтасыз ташуучу документтер табылганда.

3. Коммерциялык актынын жок болушу жүргүнчүнүн, жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун доомат коюуга же даттанууга болгон укугунан ажыратпайт.

159-берене. Доомат коюу тартиби

1. Жүргүнчүнү, жүктү же почтаны абада ташуунун келишими бузулган учурда, ташуучуга доо келтирүүгө чейин, жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүдөн улам келип чыккан учурларды эсепке албаган учурларда, ташуучуга жазуу жүзүндө доомат берилет.

2. Доомат, дооматты билдирүүчүнүн каалоосу боюнча жөнөтүү пунктунун аэропортунда же баруучу пункттун аэропортунда ташуучуга берилет.

160-берене. Абада ташуу келишими бузулган учурда талаптарды берүүгө укуктуу адамдар

Ташуучуга талаптарды коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) жол жүк жоголгон, кемип калган жана (же) бузулган, ошондой эле аны жеткирүүдө кармалган учурда - жол жүк дүмүрчөгүн же коммерциялык актыны берген жүргүнчү же ал ыйгарым укук берген адам;

2) жүк жоголгон, кемип калган жана (же) бузулган, ошондой эле аны жеткирүүсү кармалган учурда - жүктүн келгендиги (келбегендиги) жөнүндө келүүчү пункттун аэропортунун белгиси бар коммерциялык актыны же жүктүн коштомо кагазын берген, ал эми мындай коштомо кагазды көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда - жүктүн наркы төлөнгөндүгү тууралуу документти жана келүүчү пункттун аэропортунун жүктүн келгендиги (келбегендиги) жөнүндө белгиси бар жүктү жөнөткөндүгү тууралуу ташуучунун маалымдамасы бар жүк алуучу же жүк жөнөтүүчү;

3) почта жоголгон, кемип калган, бузулган же почтаны жеткирүү кармалган учурда - почта баруучу пункттун почта байланышынын уюму;

4) ташуучунун демилгеси боюнча абада ташуу келишими токтотулган учурда - жүргүнчү.

161-берене. Доомат коюу мөөнөттөрү

1. Жол жүк, жүк каршылыксыз алынган учурда, башкача далилденбесе, алар тийиштүү абалда жана ташуу документтерине ылайык жеткирилди деп белгиленет.

2. Жол жүк же жүк кемип калган жана (же) бузулган учурда жол жүктү же жүктү алууга укугу бар адам, жол жүктү алган күндөн 7 күндөн кеч эмес жана жүктү алган күндөн 14 күндөн кеч эмес ташуучуга жазуу жүзүндөгү доомат коюуга укуктуу. Жол жүктү же жүктү жеткирүү кармалган учурда доомат жол жүктү же жүктү алуучунун тескөөсүнө берген күндөн тартып эсептегенде 21 күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

3. Ташуучу доомат коюунун мөөнөтү өтүп кетишинин себебин жүйөлүү деп тапса, доомат коюунун мөөнөтү өтүп кетсе да дооматты кароого кабыл алууга укуктуу. Эгерде ташуучу доомат коюунун мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча дооматты кабыл алуудан баш тартса, абада ташуу келишими бузулган учурда талаптарды берүүгө укуктуу адам сотко кайрылууга укуктуу.

162-берене. Дооматты кароонун мөөнөтү

Ташуучу дооматты кароого жана 3 айдын ичинде арыз ээсине дооматтын канааттандырылгандыгы же четке кагылгандыгы тууралуу, ал эми аралаш каттамда (транспорттун абадагы жана башка түрлөрүндө) ташуу боюнча дооматтарга карата - доомат берилген күндөн тартып 6 айдын ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

163-берене. Доонун эскириши

1. Абада ташуу келишиминен келип чыккан, ташуучуга карата доолор аба кемеси баруучу жерге келген күндөн тартып же аба кемеси келүүгө тийиш болгон күндөн тартып же абада ташуунун келишими токтотулгандан тартып 2 жылдан кем эмес убакытта берилет.

2. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү ташуучуга доомат коюлган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда токтотулуп турат. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү дооматка ташуучунун жообу алынган күндөн тартып, эгерде бул жооп дооматты кароонун чектеринде же дооматка ташуучунун жообу алынбаган учурда дооматты кароонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып жаңыртылат.

164-берене. Аба кемелери кагылышканда келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

1. Эки же бир нече аба кемелери кагылышкан учурда, ошондой эле аба кемеси кагылышпастан эле башка аба кемесине зыян келтирген учурда, аба кемелеринин эксплуатанттарынын бири-биринин алдындагы мүлктүк жоопкерчилиги төмөнкүдөй жоболор менен аныкталат:

1) аба кемесинин бир эксплуатантынын күнөөсү боюнча келтирилген зыян ал тарабынан толук өлчөмдө орду толтурулат.

2) эгерде зыян аба кемелеринин эксплуатанттарынын экөөсүнүн (же бир нечесинин) күнөөсү боюнча келтирилсе, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү ар биринин күнөөсүнүн деңгээлине жараша аныкталат.

2. Зыян келтирүүдө аба кемелеринин эксплуатанттарынын күнөөлөрү жок болгондо, алардын бири дагы экинчисинен зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

3. Кагылышууга катышкан аба кемелеринин эксплуатанттарынын бири дагы башкача далилденгенге чейин күнөөлүү деп болжолдонбойт.

4. Аба кемесинин жүргүнчүсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын натыйжасында пайда болгон зыян үчүн, ошондой эле аба кемесинде болгон үчүнчү жактын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн аба кемесинин эксплуатанты ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жоопкерчилик тартат. Аба кемесинин эксплуатанты ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, ошонун күнөөсү боюнча зыян келтирген адамга карата кайтарым талап коюууга (регресс) укуктуу.

165-берене. Үчүнчү жакка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

Ташуучу аба кемесин иштетүүдө үчүнчү жактын ден соолугуна же өмүрүнө же мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн, эгерде зыян жеңилгис күчтүн кесепетинен же зыян тарткан адамдын ниети боюнча экендиги далилденбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.

166-берене. Жоопкерчиликти камсыздандыруу

Аба кемесинин менчик ээси же эксплуатанты жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна, анын жол жүгүнө жана жүргүнчүнүн жанындагы буюмдарга, жүккө же почтага, аба кемесинин экипажына, авиациялык персоналдарга, ошондой эле аба кемесин иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу процессинде үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.

22-глава. Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

167-берене. Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев