Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\bc46e38a-72ef-426f-af99-38720fcdf954\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 18-декабры № 227

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 57-статьянын 4-бөлүгүндө "жумуш башталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинет" деген сөздөр "жумуш башталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинет жана ага ушул Кодексте каралган бардык укуктар жайылтылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 126-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, анын пайдаланылбаган эмгек өргүүсүн компенсациялоо укугу пайда болот.";

3) 157-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн пайыздардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашуусу мүмкүн эмес. Пайыздардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү иш берүүчү тарабынан эмгек укук мамилелерине байланышкан эмгек акы, өргүү жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин пайыздардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн пайыздар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.".

2-берене.

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөктүн жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 процентинен ашуусу мүмкүн эмес. Үстөктүн эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан жумуш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин үстөктүн эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөк иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев