Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a00f8cc8-f231-4c2d-8b79-750922e090f1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 31-декабры № 235

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:

"24) "Тутумдук негиздеги иш" - эгерде календардык жылдын ичинде товардын экиден ашык бирдиги сатылса, окшош жана/же бирдей түрдөгү товарларды сатуу боюнча иш, ошондой эле кайтарымдуу негизде иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүүлөр.";

2) 21-берененин 2-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул кодекстин максаттарында субъекттин экономикалык иши, эгерде ал тутумдук негизде жүзөгө ашырылса, ишкердик деп таанылат.

3. Иштин төмөнкү түрлөрү ушул Кодекстин максаттарында башка иштер деп таанылат:";

3) 95-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында төмөнкү субъекттер салыктык каттоого жатат:

1) ишинде ишкердик иштин белгилери болгон;

2) салык төлөөчүлөр деп таанылгандар.

Ишинде ишкердиктин белгилери болгон субъекттер салык органына ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ишкердик иштин белгилери көрүнгөн айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";

4) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 47-50-пункттар менен толукталсын:

"47) "Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо" - ушул Кодекске ылайык жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан учурда салык салынуучу субъект тарабынан жүзөгө ашырылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери;

48) "Товарларды экспорттоо" - сатылуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу;

49) "Накталай формада төлөө" - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттары менен төлөө;

50) "Накталай эмес формада төлөө" - салык төлөөчүнүн эсебине накталай акча каражаттарын төгүү жана/же акча каражаттарын чегерүү жолу менен төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операция өткөрүү жолу менен төлөөнү жүзөгө ашыруу.";

5) 212-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда "3 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;

6) 224-берененин 3-6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 229-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ал катары менен кийинки 12 календардык айдын ичинде же болбосо катары менен кийинки 12 калердардык айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 8000000 сом суммасынан ашкан (мындан ары ушул бөлүмдө - КНС боюнча каттоо чеги) ушул Кодекстин 224-беренесинин 2-пунктунда каралган товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, экономикалык ишти жүзөгө ашырган субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү.";

8) 239-берененин 5-бөлүгүндө "6 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;

9) 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын:

"7) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту;

8) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатуу;

9) ишкананы же анын өзгөчөлөнгөн бөлүкчөсүн бир КНС салыгын төлөөчү тарабынан башка КНС салыгын төлөөчүгө же өткөрүп берүү учурунда ошондой болгон субъекке сатуу.";

10) 319-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"319-берене. Салык ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай түрдө төлөнгөн КНС салынуучу жана/же КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

а) 1 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 2 пайыз өлчөмүндө - ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) КНС салынуучу жана накталай эмес формада төлөнгөн КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 0 пайыз өлчөмүндө.

2. Сатуудан салык ставкасы накталай формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда белгиленет:

1) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

2) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралбаган иш үчүн.

3. Сатуудан салык ставкасы банк үчүн 2 пайыз өлчөмүндө жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Ушул беренеде:

1) сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иш соода иши деп түшүнүлөт;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөткөн байланыш жаатындагы уюмдарга берилүүчү лицензияларда саналып өткөн зымсыз телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана спутник байланышы уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.";

11) 362-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:

а) накталай формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 4 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 2 пайыз өлчөмүндө;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) накталай формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 6 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 3 пайыз өлчөмүндө.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

6-беренеде:

2 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. 212-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту жана 239-берененин 5-бөлүгү 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.".

3-берене.

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 10 жана 11-пункттарын жана 2-беренесинин үчүнчү абзацын кошпогондо, 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

5-берене.

Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-11-пункттарында каралган ченемдер, ушул пункттар күчүнө кирген датадан кийин сатылган товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулары белгиленсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев