ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 7-майы № 56
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пункту ", жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "башчылары," деген сөздөн кийин "жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жана" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.";
2) 6-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат.";
3) 10-берененин 7-бөлүгүндө "ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт" деген сөздөр "учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен. Мөөнөтү өткөн төлөмдүн жалпы өлчөмүнө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн туум кошулуп эсептелинет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 3-бөлүгүндө "үлүшүн түзүүчү бөлүгү" деген сөздөр "жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн эске алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |