Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cdf90499-ed03-442b-bdce-cf51bd476623\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 14-июну № 80

Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-статьянын 3-пункту "байланыштын," деген сөздөн кийин "энергетиканын," деген сөз менен толукталсын;

2) 14-главанын аталышы "байланыштын," деген сөздөн кийин "энергетиканын," деген сөз менен толукталсын;

3) 82-статьяда:

а) статьянын аталышы жана тексти "байланыштын" деген сөздөн кийин ", энергетиканын" деген сөз менен толукталсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11. Энергетиканын жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер участоктору кирет:

1) жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, алардын курулмаларын жана объекттерин тейлөөчү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштырууга;

2) электр берүүчү аба линияларды, электр берүүчү кабелдик линиялардын жердин үстүндөгү курулмаларын, подстанцияларды, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштырууга.";

4) 89-статья "гидротехникалык" деген сөздөн кийин ", гидроэнергетикалык" деген сөз менен толукталсын;

5) 90-статьянын 1-пункту "энергетика," деген сөздөн кийин "анын ичинде кайра жаралуучу энергияны пайдалануу," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 92-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"92-статья. Суу фондусунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү

Суу фондусунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-статьянын төртүнчү абзацы "сууну" деген сөздөн мурда "кайра жаралуучу энергияны кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 85-статьянын 1-пункту "аңчылык чарбаларынын муктаждыгы" деген сөздөрдөн кийин ", энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана (же) жылуулук энергиясын сатып алуу энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".

4-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- кайра жаралуучу энергия жаатындагы илимий ишти камсыз кылуу;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын өздөштүрүү чөйрөсүндөгү илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу;".

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев