Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\55598336-de3a-4074-9cda-c0d7854356af\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-июну № 82

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 227-берененин 2-бөлүгүндө "263" деген цифралар "2631" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 237-беренеде "2561" деген цифралар "2562" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2562-берене менен толукталсын:

"2562-берене. Эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн реактивдүү отундун берими

Май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камдамдар катары реактивдүү отундун берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";

4) "257-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:

"16) май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камдамдар катары импорттолуучу реактивдүү отун.";

5) 297-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "90" деген цифралар "180" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев