Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-июлунан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-июну № 84

Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

29-статьяда:

мамлекеттик тилдеги берененин аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Соодалашуу", "соодалашуу" жана "Соода" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Тоорук" жана "тоорук" деген сөздөргө алмаштырылсын.

1-пункту "пайдаланууга" деген сөздөн кийин ", электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.".

2-берене.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 121-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "аукциондо" деген сөздөн мурда электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "учурларда," деген сөздөн кийин электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 62-статьянын 1-пунктунда:

а) мамлекеттик тилдеги текстинде "соодада (аукциондо)" деген сөздөр "электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тооруктарда (аукциондордо)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) расмий тилдеги текстинде "на торгах (аукционах)" деген сөздөр "на торгах (аукционах), которые могут проводиться в электронном формате в порядке, определяемом Правительством Кыргызской Республики," деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 64-статья "аукциондор" деген сөздөн мурда "электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 66-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги текстинде "соодадан (аукциондон)" деген сөздөр "тооруктардан (аукциондордон)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.";

4) 67-70-статьялардын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Соода-сатык" жана "соода-сатык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Тоорук" жана "тоорук" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене.

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

55-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Мындай сатуу электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды толук көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев