Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 6-июлу № 99

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья. Никеге туруу

1. Никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, мыйзамда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда никеге туруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлөт.

3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.".

2-берене.

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 3-пунктунда:

а) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;";

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде.";

2) 9-статьянын 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында:";

3) 15-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 20-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каржылык каражаттарды бөлүп берет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардан ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн атайын мекемелерди түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берет.".

3-берене.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьяда:

а) биринчи абзацында "жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына" деген сөздөр ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

в) тогузунчу абзацында "бийик тоолуу" деген сөздөр "муниципалдык же мамлекеттик менчиктеги турак жайлар болгондо бийик тоолуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) онунчу абзацында "саламаттык сактоонун муниципалдык айылдык" деген сөздөр "алар муниципалдык жана мамлекеттик менчикте болгондо саламаттык сактоонун муниципалдык жана мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 16-статьянын 3-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын;

3) 85-статьянын 11-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

4-берене.

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын 2-бөлүгүндө "жана өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Адамдарды, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык сактоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу алардын компетенцияларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамдарды, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык сактоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылууну берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырышат.";

3) 10-статьянын 4-бөлүгүндө "жана жергиликтүү бюджеттерде" деген сөздөр "бюджетте" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 13-статьянын 1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 20-статьянын "администрациялар," деген сөздөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү" деген сөздөр менен толукталсын.

5-берене.

"Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын жетинчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын," деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 9-статьяда:

а) жетинчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.".

6-берене.

"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоо мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоону берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырат.";

2) 45-статьянын 1-пунктунда "контролдук жүргүзүүнү" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.

7-берене.

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-берененин 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында "органдардын жана" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.

8-берене.

"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1091-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-беренеде:

3-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте балдарды эмчек эмизип багууну коргоону камсыз кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды эмчек эмизип багууну коргоону берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.".

9-берене.

"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2007-ж., № 7, 716-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы компетенциясы

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамда же келишимде жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган акча каражаттарын жыл сайын карайт;

3) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

4) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.".

10-берене.

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 209-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

5-беренеде:

биринчи абзацында "жана өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

11-берене.

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык:

- тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын ишке ашырат;

- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурат;

- алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөө программаларын аткаруу боюнча иштерин координациялайт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкактарында алардын тескөөсүндө турган имараттарда энергияны пайдалануунун, ошондой эле энергияны өтө натыйжалуу керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен үнөмдүү режимди камсыз кылуу үчүн жооп беришет.".

12-берене.

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-беренеде:

2-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

4-бөлүгүндө ", ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттары" деген сөздөр алып салынсын.

13-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2776-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:";

2) 11-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "жактар тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын.

14-берене.

"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 21-августу, № 80) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

16-беренеде:

1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында акы төлөнүүчү коомдук иштерди келишимдик негизде уюштурат.".

15-берене.

(КР 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16-берене.

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 2-бөлүгү "Өкмөтү жана" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.

17-берене.

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

16-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "тиешелүү органдары," деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

18-берене.

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын чектеринде:".

19-берене.

"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик бийлик органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

20-берене.

"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 1-бөлүгүндө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өз компетенцияларынын чектеринде" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 6-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Озон катмарын коргоо жаатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде:".

21-берене.

"Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 6-статьяда:

1-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндө "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр алып салынсын.

22-берене.

"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-статьянын биринчи абзацында "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 20-статьяда "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ", берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.

23-берене.

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-статьянын экинчи абзацында "чыңдоо максаттарында" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде" деген сөздөр менен толукталсын.

24-берене.

"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:".

25-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев