|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 15-июлу № 118
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 41-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 12-берененин 2-бөлүгүндө "пайданы" деген сөз "кирешени" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 20-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген регулятивдүү талаптардан четтөө менен, мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр түрүндөгү суммадан 25 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фонду түзүлөт.
Бул фондду түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун жана 2-берененин ченемдерин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |