ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 25-июлу № 135
Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-берененин 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
41-статьянын 3-бөлүгүндө "сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 61-статья менен толукталсын:
"6-1-статья. Кызмат адамдарынын чечимдерине даттануу тартиби
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-статьянын 1-бөлүгүндө "соттук тартипте" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |