Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1f6e6eaf-771c-4bc5-afd5-8780805bdaf1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 21-октябры № 169

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгашаларын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-берененин 1-бөлүгүнүн 31-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербесе же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес берсе;".

3-берене.

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

4-берене.

"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамды мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан ээлеген ордунан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө;";

2) 9-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында ага кайрылган фактылар жөнүндө, башка мамлекеттик жарандык кызматчылар же муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык укук бузуулар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматты бербеген же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматты берген фактылар жөнүндө жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына же башка мамлекеттик органдарга билдирген мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда турат.";

3) 12-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев