Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 29-декабры № 224

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 12, 580-ст.) төменкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

6-статьяда:

2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьяда:

а) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

"11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Ушул статьянын 1-пунктунун 11-пунктчасында көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар ушул статьянын 1-пунктунда каралган ыкмалар менен аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш.";

2) 16-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:

"21) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык түшүндүрүүлөрдү;";

3) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Социалдык маанилүү чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар алар жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалык, аудиовизуалдык ресурстарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен милдеттүү тартипте түшүндүрүүгө тийиш.";

4) 21-статьянын 1-пункту "жабдууга" деген сөздөн кийин ", кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

29-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

"9. Жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча ченем чыгаруучу орган же болбосо компетенциясына ушул ченемдик укуктук актыларда көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик орган (кызмат адамы) милдеттүү тартипте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев