Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

 

2017-жылдын 25-январы № 13

(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылды 1-июлунан колдонууга киргизилет)

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Негизги жоболор

1-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү

Ушул Кодекс административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин, ошол талаш-тартыштарды сотто кароонун жана чечүүнүн процесстик принциптерин жана эрежелерин белгилейт.

2-берене. Административдик сот өндүрүшү тууралуу мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган административдик процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Эгерде ушул Кодексте сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тууралуу жоболор жок болсо, эгерде алар ушул Кодекстин негизги принциптерине жана максаттарына карама-каршы келбесе, анда тиешелүүлүгүнө жараша Жарандык процесстик кодекстин жана башка мыйзамдардын ченемдери колдонулат.

4. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароо жана чечүү, айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо жана сот актыларын аткаруу учурунда колдонулган мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

3-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:

1) административдик сот өндүрүшү (административдик процесс) - бир тараптан административдик органдардын жана (же) алардын кызмат адамдарынын жана экинчи тараптан жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыгуучу талаштар боюнча сот өндүрүшү;

2) административдик иш - жалпы укук мамилелеринин субъекттеринин ортосундагы укуктук талашты чечүү жөнүндө сот өндүрүшүнө кабыл алынган талап, ошондой эле бул талашка тиешелүү материалдар. "Административдик иш" түшүнүгү административдик укук бузуулар жөнүндө иштерге жайылтылбайт;

3) административдик акт - бул административдик органдын же анын кызмат адамынын актысы, бир эле убакта:

а) жалпы укуктук жана жеке-айрым мүнөзгө ээ;

б) тышкы таасири бар, башкача айтканда, ички ведомстволук мүнөзгө ээ эмес;

в) укуктук кесепеттерге алып келет, башкача айтканда, арыз ээси жана (же) кызыкдар жак үчүн укуктарды жана милдеттерди белгилейт, өзгөртөт, токтотот;

4) административдик доо - административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыгуучу бузулган же талаштагы укуктарды, эркиндиктерди же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарды коргоо үчүн жалпы укуктук мамилелердин субъекти тарабынан сотко берилген процесстик документ;

5) административдик орган - мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле мыйзам тарабынан административдик жол-жоболорду туруктуу же убактылуу жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген башка органдар же жактар;

6) административдик доогер - өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же болбосо прокурор же мыйзам тарабынан ошондой ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берген жак;

7) административдик жоопкер - ага каршы сотко доо коюлган административдик орган;

8) апелляциялык даттануу (апелляциялык сунуштама) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан экинчи инстанциядагы сотко берилген даттануу же сунуш;

9) административдик жол-жоболор - кызыкдар жактын арызынын, укуктарды жана (же) милдеттерди белгилөө (берүү, тастыктоо, ырастоо, каттоо, камсыз кылуу), өзгөртүү же токтотуу боюнча административдик органдын демилгесинин негизинде жасалуучу административдик органдын аракеттери, анын ичинде административдик актыны берүү (аны кабыл алуу, макулдашуу, бекитүү), же болбосо кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо акча  каражаттарын, башка мүлктү берүү жана (же) мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн кызмат көрсөтүү менен аяктаган аракеттери;

10) кызмат адамы - бийлик өкүлүнүн функцияларын туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо административдик органдарда уюштуруу-тескөө, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүү функцияларын аткаруучу адам;

11) экинчи инстанциядагы сот - апелляциялык инстанция, б.а. биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык (жекече) даттанууларды жана сунуштарды кароочу областтык соттордун жана Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялары;

12) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышуучу адам көзөмөлчүлүгүндө турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;

13) кассациялык даттануу (кассациялык сунуштама) - экинчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына карата ишке катышуучу жактар тарабынан кассациялык инстанцияга берилген даттануу же сунуштама;

14) кассациялык инстанция - экинчи инстанциядагы соттун актыларына кассациялык даттанууларды жана сунуштамаларды кароочу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;

15) процесстин катышуучулары - тараптар, үчүнчү жактар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, прокурор, ушул Кодекстин 44-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер;

16) сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар - эксперттер, адистер, котормочулар, күбөлөр;

17) аныктама, чечим, токтом - административдик иштерди кароонун жүрүшүндө соттор тарабынан чыгарылуучу сот актылары;

18) төрагалык кылуучу - ишти коллегиялуу кароодо төрагалык кылуучу же болбосо ишти жеке өзү караган судья;

19) сунуштама - прокурордун сот актысына даттануусу;

20) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтардын, райондордун же шаардын прокурорлоруна теңдештирилген аскердик жана башка адистештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде аракеттенген прокуратуралардын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн прокурорлору;

21) протокол - соттук жыйналышта орун алган процесстик аракеттер белгиленген процесстик документ;

22) тараптар - административдик доогер жана административдик жоопкер;

23) сот - район аралык сот, район аралык соттун судьясы, тиешелүүлүгүнө жараша биринчи инстанция боюнча апелляциялык тартипте жана кассациялык тартипте административдик иштерди кароочу административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын соттук курамы;

24) судья - конституциялык тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктары берилген жана өзүнүн милдеттерин кесипкөйлүк негизде аткарган адам;

25) биринчи инстанциядагы сот - административдик иштин жагдайларын соттук жыйналышта түздөн-түз иликтөө жана белгилөө жана ал боюнча тиешелүү сот актысын чыгаруу укуктары берилген областтардын жана Бишкек шаарынын район аралык соттору;

26) жеке даттануу (сунуштама) - административдик ишти кароонун жүрүшүндө чыгарылган соттун аныктамасына карата ишке катышкан адамдар тарабынан берилген даттануу же сунуштама;

27) жеке аныктама - административдик ишти кароо учурунда аныкталган мыйзам бузуу фактыларын, алардын жасалышына түрткү болгон жана тиешелүү чараларды көрүү талап кылынган себептерди жана шарттарды кароо боюнча административдик органдарга жана алардын кызмат адамдарына карата сот тарабынан чыгарылган аныктама.

4-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн милдеттери

Административдик иштерди адилеттүү, калыс жана өз убагында кароо жолу менен жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын жана юридикалык жактардын административдик-укуктук (жалпы-укуктук) мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусунан коргоо административдик сот өндүрүшүнүн милдети болуп саналат.

5-берене. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу

1. Кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талаш туудуруп жаткан укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

2. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.

3. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

4. Эгерде мыйзамдарда административдик актыларга, административдик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки даттануу тартиби белгиленсе, анда мындай актыларды соттук талашуу ушул тартип сакталгандан кийин гана мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ.

6-берене. Административдик сот өндүрүшү жүзөгө ашырылган тил

1. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүүгө, эне тилинде сүйлөөгө жана өтүнмө берүүгө, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.

3. Сот актылары ишке катышкан адамдарга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.

4. Административдик процесстин катышуучулары чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берет.

2-глава. Административдик сот өндүрүшүнүн принциптери

7-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн негизги принциптери

1. Административдик сот өндүрүшү төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденет:

1) судьялардын көз карандысыздыгы;

2) укуктун үстөмдүгү;

3) мыйзамдуулук;

4) бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдиги;

5) объективдүү иликтөө;

6) соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана ачыктыгы;

7) соттук чечимдердин милдеттүүлүгү;

8) сот өндүрүшүнүн оозеки өтүшү.

2. Административдик сот өндүрүшүндө ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган соттордун тажырыйбасында калыптанган жана укук теориясында өнүгүүгө ээ болгон башка принциптер колдонулат.

8-берене. Судьялардын көз карандысыздыгынын принциби

1. Судьялар административдик сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда көз карандысыз болушат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийишет.

2. Дайындуу административдик иш боюнча отчетту судьядан талап кылууга эч кимдин укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир эткендиги үчүн күнөлүү адамдар мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.

3. Соттун имаратына чейин 30 метрден жакын аралыкта же сотто судьяга же сотко таасир этүү максатын көздөгөн тынч чогулуштар жана башка иш-аракеттер судьянын же соттун ишине кийлигишүү деп эсептелет жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

9-берене. Укуктун үстөмдүгүнүн принциби

Сот административдик ишти кароодо укуктун үстөмдүгүнүн принцибин жетекчиликке алат, ага ылайык эң жогорку баалуулуктар катары адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери таанылат, ал эми мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.

10-берене. Мыйзамдуулук принциби

1. Сот иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде чечүүгө милдеттүү.

2. Сот административдик ишти кароодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык эместигин белгилөө менен, юридикалык чоң күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык чечим кабыл алат.

3. Талаш-тартыш мамилени жөнгө салуучу укук ченеми болбогон учурда сот окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми мындай ченемдер болбогондо, талаш-тартыш мыйзамдардын жалпы негиздерине жана маңыздарына таянуу менен чечилет (мыйзамдын окшоштугу жана укуктун окшоштугу).

11-берене. Бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдик принциби

1. Административдик сот өндүрүшү бардыгынын мыйзамдын жана соттун алдында теңдик принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Сот административдик процесстин жүрүшүндө процесстин ар бир катышуучусу үчүн өзүнүн позициясын билдирүүгө, өзүнүн процесстик укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга толук жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тийиш.

12-берене. Объективдүү териштирүү принциби

1. Сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрүүлөрү, билдирүүлөрү жана сунуштамалары, берилген далилдери жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, талаш-тартышты туура чечүү үчүн мааниси бар иш жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтейт.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча өз алдынча же процесстин катышуучуларынын өтүнмөлөрүнүн негизинде башка далилдерди чогултат. Сот тараптардан кошумча маалыматтарды жана далилдерди берүүнү талап кыла алат.

3. Административдик сот өндүрүшүнүн катышуучулары талаш-тартышка байланыштуу иш жүзүндөгү жагдайларды иликтөөдө жана далилдерди чогултууда сотко көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

13-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн айкындык жана ачыктык принциби

1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүрөт.

2. Соттук ачык жыйналышта ишти кароонун натыйжалары боюнча чыгарылган соттун чечими ачык жарыяланат.

3. Соттук ачык жыйналышта катышкан ишке катышып отурган адамдар соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен белгилеп алууга укугу бар. Соттук жыйналышты кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.

4. Соттун жабык жыйналыштарында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле бул мыйзамда каралган учурларда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошондой эле ишке катышкан адамдын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, жарандардын жеке жашоо-турмушу жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо кылууга жөндөмдүү башка жагдайларга таянган өтүнмөсүн канааттандырууда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.

Жабык соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуучу каражаттардын жардамы менен жаздырып каттоого, жабык соттук отурумду кино- жана фото сүрөткө тартууга, көрмө жазууга, түз радио- жана телеберүүгө жол берилбейт.

5. Сот ишти жабык соттук жыйналышта кароо жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, анда соттун жабык жыйналышына катышкан адамдардын ишти кароодо белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчиликтери тууралуу сот тарабынан эскертилгендиги көрсөтүлөт.

6. Ишти жабык соттук жыйналышта териштирүүдө ишке катышкан адамдар, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл болгон учурларда, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар катышат.

7. Жабык соттук жыйналышта иш ушул Кодексте белгиленген бардык эрежелерди сактоо менен каралат жана чечилет.

8. Ишти жабык соттук жыйналышта кароонун натыйжалары боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгү ачык жарыяланат.

14-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүк принциби

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпаган кызыкдар адамдардын өздөрүнүн бузулган же талаш-тартыш туудурган укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугунан ажыратпайт.

II БӨЛҮМ. АДМИНИСТРАТИВДИК СОТ ӨНДҮРҮШҮН УЮШТУРУУ

3-глава. Административдик иштердин ведомствого караштуулугу жана сотко караштуулугу

15-берене. Административдик иштердин ведомствого караштуулугу

1. Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат:

1) административдик актыны же административдик органдын аракеттерин толугу менен же болбосо анын бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө;

2) административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;

3) административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;

4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;

5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

2. Төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:

1) административдик укук бузуулар жөнүндө (жоруктар жөнүндө) иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;

2) жазык процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;

3) аткаруу документтерин аткарууда соттук аткаруучулардын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө.

16-берене. Административдик иштердин сотко караштуулугу

1. Административдик иштер биринчи инстанция боюнча райондор аралык соттор тарабынан жоопкердин жайгашкан жери боюнча каралат.

2. Административдик актыларга бир нече жоопкердин аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууда доогердин тандоосу боюнча административдик доо жоопкердин биринин жайгашкан жери боюнча райондор аралык сотко берилет.

3. Ар түрдүү сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жаткан бир нече талаптарды бир өндүрүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.

17-берене. Өндүрүшкө кабыл алынган ишти башка сотко өткөрүп берүү

1. Бир сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган административдик иш башка соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн:

1) эгерде бир же бир нече судьядан баш тартылгандан же болбосо башка себептер менен судьялар алмашылгандан кийин же ишти бул сотто кароо мүмкүн болбой калганда. Бул учурда ишти өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жүзөгө ашырылат;

2) эгерде ушул сотто ишти кароодо анын өндүрүшкө сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен кабыл алынганы айкындалса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү маселеси боюнча аныктама кабыл алынат жана ага жекече даттануу берилиши мүмкүн. Ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү бул аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганда, ал эми даттануу берилген учурда - даттанууну канааттандырбастан калтыруу тууралуу аныктама чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.

3. Бир соттон башка сотко жөнөтүлгөн иш, өндүрүшкө ал жөнөтүлгөн сот тарабынан кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосунда сотко караштуулук жөнүндө талаш-тартыштарга жол берилбейт.

4-глава. Соттун курамы. Четтетүүлөр

18-берене. Соттун курамы

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, судьялар биринчи инстанция боюнча административдик иштерди жеке өздөрү карашат. Ишти жекече караган судья сот катары аракеттенет.

2. Апелляциялык инстанциядагы сотто административдик иштер курамы үч судьядан турган административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия тарабынан каралат.

3. Административдик иштер кассациялык инстанциядагы сотто курамы үч судьядан турган административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия тарабынан каралат.

19-берене. Сот маселелерди коллегиялык курамда чечүүсүнүн тартиби

1. Сот ишти коллегиялык курамда кароодо келип чыккан бардык маселелер судьялар тарабынан добуштардын көпчүлүгү менен чечилет. Судьялардын эч кимиси добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Жыйналышта төрагалык кылуучу акырында добуш берет.

2. Көпчүлүктүн чечимине макул болбогон судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт.

20-берене. Судьяны четтетүү

1. Судья төмөнкү учурда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:

1) эгерде ал ишке катышкан адамдардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнүн үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы болуп саналса;

2) эгерде ал жеке өзү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар болсо;

3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, соттук жыйналыштын катчысы катары катышса;

4) эгерде ал талаш-тартыш менен байланышкан иштин мүмкүн болуучу натыйжасы жөнүндө өз позициясын кайсы бир формада, соттун кароосунан тышкары, ишти соттук курамдын талкуусуна киргизгенге чейин айткан болсо (же болбосо ачык билдирүү жасаса).

2. Соттук териштирүүгө даярдык көрүү баскычында судья тарабынан алдын ала айтылган укуктук пикир судья өзү баш тартуу же андан баш тартуу үчүн негиз боло албайт.

21-берене. Ишти кароого судьянын кайталап катышуусунун жол берилбестиги

1. Ишти маңызы боюнча кароого катышкан судья бул ишти башка инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча иштерди кароо учурларынан тышкары, ишти биринчи же апелляциялык инстанцияда кароого жана талаш-тартыштын маңызы боюнча чечим чыгарууга катышкан судья, бул ишти ошол эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын ушул ишти кассациялык тартипте кайрадан кароого катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

22-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү үчүн негиздер

1. Ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле экспертке, адиске, котормочуга, соттук жыйналыштын катчысына жайылтылат.

Андан тышкары, эксперт жана адис алардын компетенттүү эместиги байкалган учурда ишти кароого катыша албайт.

2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана соттук жыйналыштын катчысынын ушул иштин мурдагы каралашында кайрадан эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы катары катышуулары аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Ушул Кодекстин 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле прокурорго жайылтылат. Мында прокурордун ушул иштин мурдагы каралышында прокурор катары катышкандыгы четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

23-берене. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу арыз

1. Ушул Кодекстин 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 20-беренесинде жана 22-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү.

Ушул эле негиздер боюнча процесстин катышуучулары четтетүү билдириши мүмкүн.

2. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жүйөлөнгөн болууга жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилүүгө тийиш. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө арызды кароого четтетүү же өзүн-өзү четтетүүнүн негиздери сотко же четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө билдирген адамга иш карала башталгандан кийин белгилүү болгон учурларда гана жол берилет.

3. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан негизсиз четтетүүгө жол берилбейт.

4. Судьянын четтетүү жөнүндө негизсиз арызы канааттандырылууга жатпайт.

24-берене. Билдирилген четтетүүнү чечүүнүн тартиби

1. Четтетүү билдирилген учурларда сот ишке катышкан жактардын пикирин, эгерде баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, ошондой эле четтетүү билдирген адамды угат.

2. Четтетүү тууралуу маселе кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы менен чечилет.

3. Судьяга билдирилген четтетүү же ишти жеке караган судьянын өзүн-өзү четтетүүсү ошол эле судья тарабынан чечилет.

4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьяны четтетүү тууралуу маселе четтетилип жаткан судья катышпастан, калган судьялар тарабынан чечилет. Четтетүү үчүн жана четтетүүгө каршы берилген добуштардын саны тең болуп калганда, судья четтетилди деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген четтетүү, ошол эле соттун коллегиялуу курамы тарабынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.

5. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү тууралуу маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.

6. Эгерде бир эле убакта судьяга, прокурорго, экспертке, адиске, котормочуга же соттук жыйналыштын катчысына четтетүү билдирилсе, биринчи кезекте судьяны четтетүү жөнүндө маселе чечилет.

7. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу маселени кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынат. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө маселе боюнча аныктама даттанылбайт, бирок далилдер апелляциялык, кассациялык даттанууга киргизилиши мүмкүн.

25-берене. Четтетүү тууралуу билдирүүнү канааттандыруунун кесепеттери

1. Райондор аралык сотто административдик ишти карап жаткан судьядан четтетилген учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралап жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу башка райондор аралык сотко өткөрүп берилет.

2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, экинчи инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген учурда, иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.

3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча экинчи инстанциядагы сотто ушул ишти  кароо үчүн ошол эле сотто соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүп берилүүгө тийиш.

5-глава. Административдик процесстин катышуучулары

26-берене. Административдик процесстин катышуучулары

1. Тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, ошондой эле ушул Кодекстин 43-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер административдик процесстин катышуучулары (мындан ары - процесстин катышуучулары) болуп саналат.

2. Административдик доогер жана административдик жоопкер административдик процессте тараптар болуп саналат.

27-берене. Административдик доогер

1. Өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак же болбосо анын таламында прокурор же ушундай ыйгарым укук берилген жак тарабынан административдик доо коюлган жак административдик доогер (мындан ары - доогер) болуп саналат.

2. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, эгерде ал арыз ээси катары административдик жол-жобону пайдаланган учурда гана доогер болуп саналат.

28-берене. Административдик жоопкер

Сотто өзүнө каршы доо коюлган административдик орган административдик жоопкер (мындан ары - жоопкер) болуп саналат.

29-берене. Өкүлдөрдүн административдик процесске катышуусу

1. Тарап сотто жеке өзү же болбосо бир же бир нече өкүл аркылуу процесстик иш-аракеттерди жасоого укуктуу.

Жарандын жеке өзүнүн ишке катышуусу аны бул иш боюнча өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт. Ишке өкүлдөрдүн катышуусу өкүл дайындоочуну өзүнүн атынан өз алдынча процесстик иш-аракеттерди жасоодон ажыратпайт.

Кызматы боюнча, мыйзам боюнча өкүлдөр, адвокаттар, ошондой эле ишеним каттын негизинде башка жактар тараптардын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Бир эле маселе боюнча тараптар ишти жүргүзүүнү алардын бирине тапшырууга укуктуу.

Тараптардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өкүлдөр аракетке жөндөмдүү болууга жана сотто ишти алып барууга талаптагыдай жол-жоболоштурулган ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш.

3. Аракетке жөндөмсүз жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сотто анын мыйзамдуу өкүлү коргойт.

Белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иш боюнча анын өкүлү катары анын мүлкүн ишенимдүү башкаруучу иш алып барат.

4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп таанылган жарандын мураскору катышууга тийиш болгон иш боюнча, эгерде мурас эч ким тарабынан кабыл алына элек болсо, мурасталуучу мүлктү кайтаруу жана башкаруу үчүн мураскордун өкүлү катары дайындалган жак чыгат.

5. Административдик сотто юридикалык жактардын иштерин мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен же юридикалык жактын уставы менен юридикалык жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген жактар алып барат.

6. Административдик сотто мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү катары кызмат орду боюнча ошол органдын жетекчиси чыгат.

7. Ушул берененин 4-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда, административдик иштерди алып баруучу адамдар кызмат орду боюнча өкүлдөр болуп эсептелет.

8. Мыйзамдуу өкүлдөр жана кызмат орду боюнча өкүлдөр өз кезегинде алар тарабынан шайланган бир же бир нече өкүлгө сотто иштерди алып баруу ыйгарым укуктарын өткөрүп бере алышат.

9. Өкүл тарабынан жасалган процесстик иш-аракеттер процесстин катышуучусу үчүн, алар процесстин катышуучусунун өзү тарабынан жасалгандай өлчөмдө эле милдеттүү.

10. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык берилген жана жол-жоболоштурулган ишеним катта жазылууга тийиш, ал эми адвокаттын ыйгарым укуктары - адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тапшырма ордери менен ырасталат.

30-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар

1. Процессте тиешелүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү катары же мыйзамдуу өкүлдөр катары катышкан учурлардан тышкары, судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары сотто өкүл боло албайт.

2. Адвокатура тууралуу мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен, юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу тапшырманы кабыл алган адвокаттар сотто өкүл боло албайт.

3. Эгерде тиешелүү иш боюнча кызыкчылыктары өкүл дайындоочунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген жактарга юридикалык жардам көрсөтүп жаткан болсо же мурда жардам көрсөтсө, же ишке судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, күбө катары катышса, ошондой эле эгерде ал ишти кароого катышып жаткан кызмат адамынын үй-бүлө мүчөсү же жакын тууганы болуп саналса, ал адам өкүл боло албайт.

31-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары

1. Өкүлгө сотто ишти алып баруу ыйгарым укугу өкүл дайындоочунун атынан бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого укук берет.

2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доого же доого каршы пикирге, камсыз кылуучу чаралар тууралуу арызга кол коюу укугу, кайтадан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарга кол коюу, билдирилген талаптардан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, арыздын жүйөсүн жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, ыйгарым укуктарды башка адамга берүү (кайра ишеним), сот актысына даттануу, даттануулардан баш тартуу же сунуштамаларды чакырып алуу, аткаруу документин аткарууга көрсөтүү укуктары өкүл дайындаган тарап берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.

32-берене. Үчүнчү жактар

1. Укуктары ишти кароонун натыйжасында кабыл алынуучу сот актысында козголуп жаткан же козголушу мүмкүн болгон жеке же юридикалык жактар үчүнчү жактар болуп саналат.

2. Үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сотто ишти кароону аяктоочу сот актысы кабыл алынганга чейин, доогердин же жоопкердин тарабында, эгерде бул сот актысы тараптардын бирине карата алардын укуктарына же милдеттерине таасир этиши мүмкүн болсо, өз демилгеси боюнча ишке киришүүгө укуктуу. Үчүнчү жактар ошондой эле процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча же соттун демилгеси боюнча ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

3. Доонун негизин же жүйөсүн өзгөртүүгө, доодон баш тартууга, доону таанууга же жарашуу келишимин түзүүгө, кайчы доо коюуга укукту кошпогондо, үчүнчү жактар процесстик укуктардан пайдаланышат жана тараптардын биринин процесстик милдеттерин тартышат.

4. Үчүнчү жакты ишке катышууга тартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.

Эгерде сот актысы белгилүү бир жактарга сөзсүз же түздөн-түз жайылтылса, анда сот бул жактарды үчүнчү жак катары процесске катышууга тартууга милдеттүү.

5. Эгерде үчүнчү жак соттук териштирүү башталгандан кийин ишке катышууга тартылса, анда соттук териштирүү кайра башынан башталат.

33-берене. Административдик процесстик укук жөндөмдүүлүгү

Административдик процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмү (административдик процесстик укук жөндөмдүүлүгү) мыйзамга ылайык укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын соттук коргоо укугуна ээ бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бирдей таандык экени таанылат.

34-берене. Административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк

1. Өз иш-аракеттери менен өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашыруу, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткаруу жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшыруу жөндөмдүүлүгү (административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) толук көлөмдө жашы жеткен, башкача айтканда он сегиз жашка чыккан жарандарга жана юридикалык жактарга таандык.

2. Он сегизге чыкканга чейин никеге турууга мыйзам тарабынан жол берилген учурда, - никеге турган убактан тартып, ошондой эле ал мыйзамда белгиленген тартипте толук аракетке жөндөмдүү деп (эмансипация) жарыяланган учурда, жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары, көмөкчүлөрү, тарбиялоочу, дарылоочу мекемелердин администрациялары, калкты социалдык тейлөө уюмдары же башка ушундай мекемелер) тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын өздөрүн катышууга тартууга укуктуу.

4. Мыйзамда белгиленген учурларда административдик укук мамилелеринен келип чыккан иштер боюнча укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жашы жете электин сотто жеке өзү коргоого укугу бар. Бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катышууга тартууга укуктуу.

5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электин, ошондой эле психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан корголот.

35-берене. Ишке бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу

1. Доону бир нече доогер биргелешип же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн. Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте башка тарапка карата өз алдынча чыгат. Биргелешип катышуучулар сотто алардын баарынын атынан алардын ичинен бири же бир нечеси, же болбосо алардын бир же бир нече өкүлү чыгышы тууралуу макулдаша алат. Макулдашуу өкүлдү тастыктоо үчүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Мыйзамда каралган учурларда сот өз демилгеси боюнча биргелешкен жоопкерлерди же биргелешкен доогерлерди ишке катышуу үчүн тартууга укуктуу.

36-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

1. Процесстин катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмө алууга, көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга;

2) четтетүү билдирүүгө;

3) далилдерди келтирүүгө жана аларды иликтөөгө катышууга;

4) процесстин башка катышуучуларына, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроолорду берүүгө;

5) өтүнмө билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

6) соттук процесстин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн келтирүүгө;

7) процесстин башка катышуучуларынын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы пикирин айтууга;

8) сот актыларына даттанууга;

9) өздөрүнө ушул Кодекс тарабынан берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга.

2. Процесстин катышуучулары өздөрүнө таандык бардык процесстик укуктардан ак ниет пайдаланууга жана өздөрүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттер аткарылбаганда, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган кесепеттер келип чыгат.

37-берене. Процесстик укуктук жолун жолдоочулук

1. Талаш-тартыш же чечим менен белгиленген укуктук мамилелерден доогер же үчүнчү жак чыгып калган учурларда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын өзгөртүп түзүлүшү, талапты бирөөгө берүү, карызды которуу жана материалдык укуктук мамилелердеги жактар алмашкан башка учурлар) сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырууга жол берет. Укук улантуучулук процесстин кандай болбосун баскычында болушу мүмкүн.

2. Жоопкер укуктук мамиледен укукту улантуу себебинен улам чыгып калган учурда сот жоопкерди анын укугун улантуучу менен алмаштырат.

3. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинде административдик иште тарап болуп саналган административдик орган өзгөртүп түзүлгөн учурда, сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырат. Эгерде мамлекеттик же башка ачык-айкын ыйгарым укуктарга ээ болгон кайсы бир орган же уюм жоюлган учурда, сот ал тарапты сот карап жаткан талаш-тартыш мамилелердин чөйрөсүндө жалпы укуктук мамилелерге катышуу компетенциясына кирген же доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген орган же уюм менен алмаштырат.

4. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинин административдик иштеги тарап болуп саналган кызмат адамы иштеген (ээлеп турган) тиешелүү кызмат ордунан бошотулган учурда, сот бул тарапты административдик иш каралып жаткан учурга ушул кызматты ээлеп турган башка адам менен, же сот карап жаткан талаш-тартыш укуктук мамилелердин чөйрөсү сыяктуу эле компетенциясына коомдук укуктук мамилелерге катышуу кирген, же болбосо доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген башка кызмат адамы же тиешелүү орган менен алмаштырат.

5. Укук улантуучу процесске киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер укук улантуучу ордун баскан жак милдеттүү болгон өлчөмдө ал үчүн милдеттүү.

38-берене. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу

1. Сот ишти даярдоодо же ишти териштирүү убагында доо билдирилген талап боюнча жооп берүүгө тийиш болгон жоопкерге коюлбаганын аныктап, доогердин макулдугу боюнча ишти токтотпостон талаптагыдай эмес жоопкерди талаптагыдай жоопкер менен алмаштыра алат.

2. Талаптагыдай эмес жоопкер алмаштырылгандан кийин ишти даярдоо жана кароо кайра башынан жүргүзүлөт.

3. Сот жоопкерди алмаштыруу же талаптагыдай жоопкерди тартуу жөнүндө аныктама кабыл алат.

39-берене. Доодон баш тартуу жана доону таануу

1. Доогер административдик сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доодон толук же кайсы бир бөлүгүнөн баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же кайсы бир бөлүгүн тааный алат.

2. Сот доодон баш тартууну кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алып, ушуну менен иш боюнча өндүрүштү токтотот. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот аныктама кабыл алып, анда доо талаптарынын ошол бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотот.

3. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доодон баш тартууну, доону таанууну кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат.

40-берене. Доо талаптарын өзгөртүү

1. Доогер биринчи инстанциядагы соттун соттук териштирүүсүнүн бардык учурунда доо талаптарынын көлөмүн көбөйтүп же азайтып, доонун негизин же жүйөсүн өзгөртө алат.

2. Сот жоопкердин өтүнмөсү боюнча соттук жыйналышта тыныгуу жарыялайт жана жоопкерге доо талаптарынын доогер тарабынан өзгөртүлгөнүнө байланыштуу, анын ишке карата даярдануусу үчүн жетиштүү мөөнөт берет.

41-берене. Жарашуу макулдашуусуна жол берилиши

1. Эгерде тараптар талаш-тартыштын жүйөсү боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу болушкан учурда, административдик процесстин кандай болбосун баскычында, алар талаш-тартышты толук же жарым-жартылай чечүү максатында жарашуу макулдашуусун түзө алат.

2. Эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келсе же башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузса, сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитпейт.

3. Жарашуу макулдашуусун бекитүү тууралуу сот аныктама кабыл алат, анда анын шарттары чагылдырылат.

4. Тараптардын бири жагынан жарашуунун шарттары аткарылбаган учурда, сот башка тараптын арызы боюнча административдик процесстин токтотулган баскычынан тартып иш боюнча өндүрүштү кайра жандандырат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маселе боюнча аныктама чыгарылат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруудан баш тартуу тууралуу аныктамага тараптар даттануусу мүмкүн.

42-берене. Прокурор

1. Прокурор чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу. Эгерде жаран ден соолугунун, жаш курагынын абалына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка жүйөлүү себептер менен сотко өзү кайрыла албаган учурда, административдик жана башка жалпы укук мамилелеринин субъекти болуп саналган жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого административдик доо прокурор тарабынан берилет.

2. Административдик доо менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан тышкары, бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин бардык процесстик милдеттерин аткарат. Прокурор башка адамдын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талаптарды колдоодон баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Аракетке жөндөмсүз жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн коюлган доону кошпогондо, доогер прокурор билдирген доодон баш тарткан учурда, эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келбесе же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.

3. Эгерде бул жарандын же мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоону талап кылса, прокурор административдик процесстин кандай болбосун баскычында ишке киришүүгө укуктуу жана административдик иш боюнча корутунду берет. Эгерде административдик иш анын административдик доосунун негизинде козголсо, прокурор иш боюнча корутунду бербейт. Ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарландырылган прокурордун келбей калышы, ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

43-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын өтүнмөсү боюнча алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо менен сотко кайрыла алат.

2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо койгон жактар, жарашуу макулдашуусун түзүүдөн тышкары, доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланышат жана бардык процесстик милдеттерин аткарышат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 42-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган процесстик кесепеттер келип чыгат.

44-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адамдар

Эксперт, адис, котормочу жана күбө сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар болуп саналат.

45-берене. Эксперт

1. Корутунду берүү үчүн зарыл болгон атайын билимге ээ жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам административдик сот өндүрүшүндө эксперт боло алат.

2. Билип туруп жалган корутунду бергени, ошондой эле корутунду берүүдөн баш тартканы же качканы үчүн эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

46-берене. Адис

1. Административдик сот өндүрүшүндө процесстик аракеттерди жасоо мезгилинде иштин жагдайлары жана далилдери боюнча түшүндүрмө, консультация бере алган же техникалык жардам көрсөтө алган, атайын билими жана техникалык каражаттарды колдонуу көндүмдөрү бар адам адис катары иш алып бара алат. Адис соттук териштирүүгө катышуу үчүн сотко же болбосо соттук жыйналыштын катышуучуларына далилдерди иликтөөдө илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатында атайын билимдер жана көндүмдөр талап кылынган учурларда чакыртылат.

2. Адистин консультациялары жана түшүндүрмөлөрү укуктук маселелерге тийиштүү болушу мүмкүн эмес. Процесстик аракеттерди жасоо мезгилиндеги адистин жардамы эксперттин корутундусун алмаштырбайт.

3. Адисти чакыруу жөнүндө соттун талабын адис иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын жетекчиси жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.

4. Билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн адис Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

Эгерде сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча адис соттун чакыруусуна келбей койсо же консультация жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартса же качса, же техникалык жардам көрсөтпөсө, анда ага ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып салынышы мүмкүн.

47-берене. Адистин укуктары жана милдеттери

1. Адис өзүнүн сотко чакырылышынын максатын билүүгө; эгерде ал тиешелүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, административдик процесске катышуудан баш тартууга; соттун уруксаты менен ишке катышкан адамдарга суроо берүүгө; эгерде бул анын кызматтык милдеттерине кирбесе, аткарган иши үчүн акы алууга; сотко чакыруу менен байланышкан чыгымдарына компенсация алууга укуктуу.

2. Адис соттун чакыруусу боюнча келүүгө; ишти териштирүүгө катышууга; илим, техника, көркөм өнөр же кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерине жана көндүмдөрүнө таянуу менен өз пикирин айтууга; сот койгон суроолорго жооп берүүгө; оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө; далилдердин мүнөздүү жагдайларына же өзгөчөлүктөрүнө соттун көңүлүн бурууга; зарыл болгон учурда сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

48-берене. Котормочу

1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген, билимдерге ээ болгон жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.

2. Котормочу процесстин катышуучулары тарабынан сунуш кылынгандардын ичинен дайындалышы мүмкүн. Процесстин башка катышуучулары, алар которуу үчүн зарыл тилдерди билишсе да, котормочунун милдетин өздөрүнө алууга укуксуз.

3. Котормочу соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

5. Бул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышууга чакырылган адамга жайылтылат.

49-берене. Күбө

1. Сот талаш-тартышты чечиши үчүн маанилүү болгон маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон кандай болбосун адам күбө боло алат.

2. Күбө соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана иш боюнча өзүнө белгилүү болгон маалыматтар жана жагдайлар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн күбө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

6-глава. Далилдер

50-берене. Далилдер

Административдик процесстин катышуучуларынын талаптары жана каршы пикирлери негизделген фактылар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ишти соттук териштирүүдө мааниси бар башка фактылар жөнүндө маалыматтар административдик иш боюнча далилдер болуп саналат.

51-берене. Далилдөө милдети

1. Сотто даттанылып жаткан актынын, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай актыны кабыл алган же ушундай аракетке (аракетсиздикке) жол берген жоопкерге жүктөлөт.

Жоопкер административдик актыны кабыл алууга себепчи болгон негиздерге гана таяна алат.

Доогер өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык далилдерди чогултууга катышат.

2. Айрым аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирүү жөнүндө талап боюнча ушундай аракетти жасоону зарыл кылган иш жүзүндөгү шарттардын бар экендигин далилдөө милдети арыз ээсине жүктөлөт.

Эгерде жоопкер ушундай аракеттерди жасоону жокко чыгарган иш жүзүндөгү шарттардын бар экенине таянса, мындай шарттарды далилдөө боюнча милдет жоопкерге жүктөлөт.

3. Жоопкер өзү таянган кырдаалдарды өзүнүн каршы пикирлеринин негиздемеси катары далилдөөгө тийиш.

4. Эгерде административдик процесстин катышуучулары берген далилдер жетишсиз болуп саналса, сот аларды өз демилгеси боюнча чогултат.

52-берене. Далилдердин таандыктыгы

1. Сот сунуш кылынган далилдердин ичинен иш үчүн мааниси барларды гана кабыл алат.

2. Эгерде жак күбөнү чакыруу жөнүндө, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнсө же аларды берсе, ал иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар ушул далилдер менен белгилениши мүмкүн экенин көрсөтүүгө милдеттүү.

53-берене. Далилдердин жол берилиши

Мыйзам боюнча далилдердин айрым каражаттары менен ырасталууга тийиш болгон иштин жагдайлары далилдөөнүн эч кандай башка каражаты менен ырасталышы мүмкүн эмес.

54-берене. Далилдөөдөн бошотуунун негиздери

1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган факт далилдөөгө муктаж эмес.

2. Соттун күчүнө кирген чечиминин резолюциялык бөлүгүндө белгиленген фактыны административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.

Соттун күчүнө кирген чечиминин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө белгиленген фактыны процесстин жүрүшүндө мурдагы эле катышуучулар катышкан административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.

3. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн сот административдик ишти кароодо белгилүү бир иш-аракеттерди жана аларды жасаган жактарды аныктаган фактылар боюнча гана аткарууга милдеттүү.

4. Сот аларды далилдөө зарыл деп эсептеген учурду кошпогондо, каршы тарап талашпаган фактылар, далилдөөгө муктаж эмес.

5. Мыйзам менен белгиленген деп эсептелген факт, ишти кароодо далилдөөгө муктаж эмес.

55-берене. Далилдерге баа берүү

1. Сот иште болгон далилдерди калыс, ар тараптан, объективдүү жана толугу менен карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдердин жыйындысында мыйзамды жетекчиликке алуу менен далилдерге берет.

2. Сот үчүн эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт.

3. Соттун чечиминде эмне үчүн сот башкаларга салыштырганда, айрым далилдерге артыкчылык бергендиги жана айрым фактыларды - далилденди, ал эми башкаларын далилденген жок деп тапкандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

56-берене. Далилдерди камсыз кылуу

1. Өздөрү үчүн далилдерди берүү мүмкүн эмес же кыйын деп кооптонууга негизи бар болгон процесстин катышуучулары соттон бул далилдерди камсыз кылуу жөнүндө өтүнө алат.

2. Сотто иш келип чыкканга чейин далилдерди камсыз кылуу нотариус же консулдук мекемелердин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

57-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз

1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер ишинин аймагында жасалууга тийиш болгон сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынууга тийиш болгон далил, ырастоо үчүн бул далилдер зарыл болгон кырдаалдар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга арыз ээсин түрткөн себептер, ошондой эле ал үчүн камсыз кылынуучу далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

58-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызды карап чыгуу тартиби

1. Далилдерди камсыз кылуу ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча судья тарабынан жүргүзүлөт.

2. Протоколдор жана далилдерди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар процесстин катышуучуларына кабарландыруу менен ишти карап жаткан сотко берилет.

3. Эгерде далилдерди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто орун албаса, анда ушул Кодекстин 59-беренеси колдонулууга жатат.

59-берене. Соттук тапшырмалар

1. Эгерде ишти карап жаткан соттун башка шаарда же райондо турган далилдерди чогултууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал тиешелүү сотко айрым процесстик иш-аракеттерди аткарууну тапшырат.

2. Соттук тапшырма жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин маңызы кыскача баяндалат жана аныкталууга жаткан жагдайлар жана тапшырманы аткаруучу сот тарабынан чогултула турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама даректелген сот үчүн милдеттүү жана сот аны соттук тапшырманы алган күндөн тартып он беш күндүк мөөнөттө аткарат.

3. Соттук тапшырмаларды аткаруу соттук жыйналышта ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Административдик процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Бул жактардын келбей калышы тапшырманы аткарууга тоскоолдук боло албайт.

4. Тапшырмаларды аткарууда чогултулган протоколдор жана иштин башка материалдары ишти карап жаткан сотко үч күндүк мөөнөттө жиберилет.

60-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү

1. Талаптары же каршы пикирлери негизделген фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыган административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, эгерде алар башка текшерилген же бааланган далилдер менен ырасталса, далилдер катары таанылат.

Эгерде башка тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча көрсөтпөй жатса, сот бир тараптын билдирген түшүндүрмөлөрүнүн негизинде иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.

2. Эгерде административдик процесстин бир катышуучусу административдик процесстин башка катышуучусунун өзүнүн талаптарын же каршы пикирлерин негиздеген фактыны мойнуна алса, эгерде сотто таануу алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун же адаштыруунун таасири алдында же чындыкты жашыруу максатында болгонунан шектенүүлөр пайда болбосо, сот мындай фактыны далилденген деп тааный алат. Фактыны таануу соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана фактыны тааныган тарап кол коет. Эгерде таануу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, ал ишке тиркелет.

61-берене. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү

1. Күбөнүн иштин чечилиши үчүн мааниси бар маалыматтар жана жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрү күбөнүн көрсөтмөлөрү болуп саналат.

2. Эгерде күбөнүн көрсөтмөлөрү булагы белгисиз маалыматтарга негизделсе, алар далил боло албайт. Эгерде күбөнүн көрсөтмөлөрү башка жактар тарабынан билдирилген маалыматтарга негизделсе, анда ал жактар суракка алынууга тийиш.

62-берене. Күбө боло албай турган адамдар

1. Төмөнкүлөр күбө катары суралышы мүмкүн эмес:

1) жарандык иш боюнча өкүлдөр же жазык иши боюнча коргоочулар - аларга өкүлдүн же коргоочунун милдеттерин аткарышкандыгына байланыштуу белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;

2) судья - чечим чыгаруу учурунда келип чыккан маселелерди кеңешүүчү бөлмөдө талкуулоонун кырдаалдары жөнүндө;

3) өзүнүн жаш курагынан, дене бой же психикалык кемчиликтеринен улам фактыларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө туура көрсөтмөлөрдү берүүгө жөндөмсүз болгон адамдар;

4) диний кызматкерлер - аларга күнөөсүн айтып кечирим суроодо белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.

2. Күбө көрсөтмөлөрүн берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр укуктуу:

1) жаран - өзүнө-өзү каршы;

2) жубайы - жубайына каршы;

3) балдар - ата-энелерине каршы жана ата-энелер балдарына каршы;

4) бир туугандар - бири-бирине каршы;

5) чоң ата, чоң эне - неберелерине каршы жана неберелер - чоң ата, чоң энелерине каршы;

6) бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары - депутаттык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, аларга белгилүү болуп калган маалыматтар жагынан.

3. Сот төмөнкүдөй маалыматтар жагынан күбө көрсөтмөлөрүн берүү милдетинен бошото алат:

1) тизмеги мыйзамда аныкталган мамлекеттик сырды түзгөн;

2) мыйзамдарда каралган учурларда коммерциялык же башка сырды түзгөн.

4. Күбөнү чакыруу жөнүндө өтүнмө кылган жак иш үчүн мааниси бар кандай жагдайларды күбө ырастай аларын жана анын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жерин маалымдоого милдеттүү.

5. Күбө өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жана кырдаалдарды оозеки билдирет. Соттун сунушу боюнча күбө өзүнүн көрсөтмөлөрүн жазуу жүзүндө баяндай алат.

63-берене. Күбөнүн милдеттери, жоопкерчилиги жана укуктары

1. Күбө катары чакырылган адам сотко келүүгө жана өзүнө белгилүү жагдайлар тууралуу чын көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Күбө соттун жана административдик процесстин катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, ал өзү турган жерде сот тарабынан суралышы мүмкүн.

2. Билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени жана көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы үчүн күбө мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

3. Күбө соттун чакыруусу боюнча жүйөсүз себепсиз келбей калган учурда, сот ушул Кодекстин 96, 97-беренелеринде каралган тартипте жана өлчөмдө процесстик мажбурлоо чараларын көрө алат.

64-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер

1. Актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, ишкер кат жазышуу, жеке мүнөздөгү каттар, иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш, же болбосо алардын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү башкача ыкма менен алынган документтер, материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускада же талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бир гана бөлүгүнүн тиешеси болсо, андан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга же башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайы мына ушундай гана документтер менен ырасталууга тийиш болгондо, ошондой эле башка зарыл учурларда соттун талабы боюнча берилет.

3. Ишке катышкан жак тарабынан сотко көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү ишке катышкан, андай көчүрмөлөрү болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостирленген болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил катары таанылат.

Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларда, сотто алар легалдаштырбастан же апостирленбестен жазуу жүзүндөгү далилдер катары таанылат.

65-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуу тартиби

1. Сот алдында ишке катышкан же катышпаган жактардан жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жак, ал далилдерди белгилөөсү, аны өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана далилдер тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүшү керек.

2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер түздөн-түз сотко жиберилет.

3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген аныктама бере алат.

66-берене. Буюм далилдери

1. Өзүнүн сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же бар болушу, жайгашкан орду же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоочу каражат катары кызмат кыла алган предметтер буюм далилдери болуп саналат.

2. Буюм далилин берген же аны талап кылуу жөнүндө өтүнмө берген жак, бул далил менен иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар аныкталышы мүмкүн экенин көрсөтүүгө милдеттүү.

67-берене. Буюм далилдерин талап кылуунун жана берүүнүн тартиби

1. Сот алдында далил катары кандайдыр бир буюмду ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууга өтүнмө берген жак бул буюмду кеңири сыпаттап жазууга жана аны алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерин жана буюм тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот тарабынан талап кылынууга буюм далилдери түздөн-түз сотко жеткирилет.

3. Сот буюм далилдерин талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко берүү үчүн алууга укук берген аныктаманы бере алат.

68-берене. Буюм далилдерин сактоо

1. Буюм далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө боюнча соттун буюм далилдерин сактоочу камерасына тапшырылат.

2. Сотко берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар турган жеринде сакталат. Алар кеңири сыпатталып жазылууга, ал эми зарыл болгон учурда сүрөткө тартылып жана мөөр басып бекитилүүгө тийиш.

3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөгөн абалда сактоо үчүн чараларды көрөт. Сактоочу буюмдардын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Буюм далилдерин сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 89-91-беренелерине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

69-берене. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин алардын турган жери боюнча кароо жана иликтөө

1. Сотко жеткирүү мүмкүн болбогон же татаал болгон жазуу жүзүндөгү же буюм далилдери алар турган жерде же сот аныктаган башка жерде каралат жана иликтенет. Кароону же иликтөөнү жүргүзүү жөнүндө сот жеринде аныктама чыгарат.

2. Далилдерди кароо же иликтөө убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү кабарланат. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароо убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланбаган көрсөтүлгөн жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн келбей калышы кароону жана иликтөөнү жүргүзүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Зарыл учурларда жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароодо жана иликтөөдө күбөлөр, эксперттер, адистер жана котормочулар чакыртылышы мүмкүн.

4. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин жеринде кароонун жана иликтөөнүн натыйжалары ушул Кодекстин 197 жана 198-беренелеринде белгиленген тартипте протоколго киргизилет. Протоколго карап чыгуу учурунда түзүлгөн жана текшерилген пландар, схемалар, чиймелер, эсептер, документтердин көчүрмөлөрү, кароо учурунда жасалган аудио, -видео жазуулары бар булактар, жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдеринин фото сүрөттөрү, ошондой эле эксперттин корутундусу жана адистин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү тиркелет.

5. Тез бузулуучу буюм далилдерин кароо жана иликтөө алар турган жерде ушул беренеде каралган тартипте, токтоосуз жүргүзүлөт.

70-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайра кайтаруу

1. Иште болгон жазуу жүзүндөгү далилдер бул далилдерди берген жактардын өтүнмөсү боюнча соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аларга кайра кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья күбөлөндүргөн көчүрмөсү иште калтырылат.

2. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер, эгерде сот аларды кайра кайтаруу талаш-тартыштарды туура чечүүгө зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, берген жактарга кайра кайтарылышы мүмкүн.

71-берене. Буюм далилдерин кайра кайтаруу

1. Буюм далилдери соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга кайрылып берилет же сот бул буюмдарга укугун тааныган жактарга өткөрүлүп берилет же сот тарабынан аныктаган тартипте сатылып өткөрүлөт.

2. Мыйзам боюнча жарандардан ээлигинде турушу мүмкүн болбогон буюмдар тиешелүү уюмдарга өткөрүлүп берилет.

3. Айрым учурларда буюм далилдери сот тарабынан карап чыккандан жана иликтенгенден кийин, эгерде алар алынган жактар аны кайрып берүүгө өтүнмө беришсе жана эгерде мындай өтүнмөнү ишти кароо үчүн зыян келтирбестен канааттандырууга мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин аларга кайтарып берилиши мүмкүн.

72-берене. Аудио жана видео жазуу

1. Электрондук же башка булакта аудио же видео жазууну берген же болбосо аларды талап кылуу жөнүндө өтүнмө жасаган жак жазуу качан, ким тарабынан жана кандай шарттарда жүзөгө ашырылганын көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Аудио же видео жазууну талап кылуу жөнүндө өтүнмө кылган жак аларды өз алдынча алууга тоскоолдук кылган себептерди, ошондой эле аудио же видео жазуулар тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеген негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

3. Сот тарабынан жарандардан же юридикалык жактардан талап кылынган аудио же видео жазуулар түздөн-түз сотко берилет.

4. Сот аудио же видео жазууну талап кылуу тууралуу өтүнмө кылган жакка жазууларды кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген суроо-талапты бере алат.

5. Мындай жазууга мыйзам тарабынан жол берилген учурларды кошпогондо, жашыруун жолдор менен алынган аудио же видео жазуу, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

73-берене. Аудио жазууларды жана видео жазууларды сактоо жана кайра кайтаруу

1. Аудио жазуулар жана видео жазуулар соттун буюм далилдерди сактоочу камерасында сакталат. Сот аларды өзгөрүүсүз абалда сактоо үчүн чараларды көрөт.

2. Аудио жазуулар жана видео жазуулар соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жакка же уюмга кайтарып берилет. Эгерде сот аларды кайра кайтаруу талаш-тартыштын туура чечилишине зыянын тийгизбейт деген тыянакка келсе, аларды берген жактарга кайтарылып берилиши мүмкүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аудио жазуулар жана видео жазуулар.

3. Аудио жазууларды жана видео жазууларды алып жүрүүчүлөрдү кайтарып берүү маселеси боюнча сот аныктама кабыл алат.

74-берене. Сотко далилдерди берүү милдети

1. Сот талап кылган далилдерди өзүндө кармап турган жана аны соттун талабы боюнча бербеген тарапка карата анда камтылган маалыматтар бул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган жана ал тарабынан таанылат деп болжонот.

2. Эгерде сот далилдерди талап кылган жактын аны дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, ал бул жөнүндө далилдерди талап кылуу жөнүндө аныктаманын жана (же) суроо-талаптын көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сотко кабарлоого жана талап кылынган далилдин берилиши мүмкүн болбогон себептерди көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Далилдерди дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сотко кабарлабаган учурда же сот жүйөсүз деп тапкан себептер боюнча сот талап кылган далилдерди берүү милдетин аткарбаган учурда, далил талап кылынган жакка сот тарабынан ушул Кодекстин 96-беренесинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө соттук айып салынат.

4. Соттук айыпты салуу талап кылынган далил турган жакты далилди сотко берүү милдетинен бошотпойт.

75-берене. Экспертизаны дайындоо

1. Ишти кароодо пайда болгон атайын билимди талап кылуучу суроолорду түшүндүрүү үчүн сот тараптардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн.

2. Эксперт катары корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон, иштин жыйынтыгына кызыкдар эмес кандай болбосун адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар соттон эксперт катары компетенттүү конкреттүү адамды дайындоону өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышкан ар бир жак сотко суроолорду берүүгө укуктуу, аларды эксперт түшүндүрүүгө тийиш. Эксперт корутунду берүүсү тийиш болгон маселелердин биротоло чөйрөсү сот тарабынан аныкталат. Сунуш кылынган суроолордун четке кагылышын сот жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбей коюу, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон предметтерди бербей коюу жана д.у.с.) иштин жагдайы боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны белгиленди же төгүнгө чыгарылды деп таанууга укуктуу.

76-берене. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама кабыл алат.

2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктамада соттун аталышын, экспертиза дайындоонун убактысын, ордун, ырастоо же төгүнгө чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперттин алдына коюлган маселелерди, эксперттин фамилиясын, аты-жөнүн же болбосо экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жөнөтүлүүчү материалдарды, экспертиза өткөрүлүүгө тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.

3. Аныктамада ошондой эле корутунду берүүдөн баш тартканы үчүн, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергени үчүн экспертке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу судья же болбосо экспертизаны бул мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилет.

77-берене. Экспертиза жүргүзүү тартиби

1. Экспертиза адистештирилген эксперттик мекемелердин кызматкерлери же болбосо эксперттер катары сот тарабынан дайындалган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Сот билимдин ар кыл тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер бир тыянакка келишсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул болбогон эксперттер өзүнчө корутунду беришет. Эгерде бул изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко алып келүү мүмкүн болбосо же татаал болсо, экспертиза сотто же соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде жүргүзүлгөн учурда экспертиза үчүн жоопкерчиликти конкреттүү эксперт же бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү жүргүзүү тапшырылган эксперттер тартышат.

78-берене. Эксперттин милдеттери менен укуктары

1. Эксперт болуп дайындалган адам соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

2. Эксперт бул корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан, иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл билимге ээ болбосо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.

79-берене. Эксперттин корутундусу

1. Эксперт өзүнүн корутундусун жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн кеңири сыпаттамасын, алардын негизинде чыгарылган тыянактарды, сот койгон суроолорго негиздүү жоопторду камтууга тийиш. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө ага берилбеген суроолор боюнча, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта иликтенет жана сот тарабынан башка далилдер менен бир катарда бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул болбогондугу иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүүгө тийиш.

80-берене. Кошумча жана кайра экспертизалар

1. Эксперттин корутундусу жетиштүү айкын же толук болбогон учурда сот кошумча экспертизаны дайындай алат, аны жүргүзүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна негизсиз жүйө катары макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттин корутундуларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда кайрадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертиза жүргүзүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

Кайра экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада мурдагы экспертизанын натыйжаларына макул болбогон жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Кошумча жана кайра экспертиза ушул Кодекстин 78-80-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

81-берене. Комиссиялык экспертиза

1. Комиссиялык экспертиза бир нече эксперт тарабынан жүргүзүлөт. Ал олуттуу көлөмдөгү тажрыйба жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүнү талап кылган татаал эксперттик изилдөөлөрдүн өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.

2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар баары бир корутунду түзөт жана ага кол коет.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири пикир келишпестик келип чыккан маселелер боюнча өз-өзүнчө корутунду беришет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кыла алат же башка эксперттерди дайындай алат.

4. Эксперттердин курамына кирбеген адамдардын толук же жарым-жартылай эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүшүнө жол берилбейт.

82-берене. Комплекстүү экспертиза

1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле убакта билимдин ар түрдүү тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын чегинде илимдин ар түрдүү багыттарын пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү, кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коёт. Эксперттердин пикирлери келишпеген учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.

7-глава. Соттук чыгымдар

83-берене. Соттук чыгымдар

Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароо менен байланышкан чыгымдардан турат.

84-берене. Мамлекеттик алым

1. Доогерлер, жоопкерлер, үчүнчү жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.

2. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү төмөнкүлөрдөн алынат:

1) административдик доолордон;

2) апелляциялык даттануулардан;

3) кассациялык даттануулардан;

4) административдик иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө арыздардан.

3. Мамлекеттик алымдын ставкалары, аны төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда процесстин катышуучулары мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.

85-берене. Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдар

Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана соттук экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар;

2) далилдерди жеринде карап чыгуу жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдар;

3) ишти кароого байланыштуу тараптар тарткан почта чыгымдары;

4) сот тааныган башка зарыл чыгымдар.

86-берене. Өкүлдүн юридикалык жардамга чыгымдары

1. Чечим анын пайдасына чыккан тарапка сот анын арызы боюнча башка тараптан өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча тарткан чыгымдарын акылга сыярлык чектерде жана, эгерде бул тараптан тиешелүү арыз келип түшкөн болсо, конкреттүү жагдайларды эске алуу менен ыйгарат.

2. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамды берүүнүн алкагында берилүүчү өкүлдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө мыйзамда каралган тартипте жана учурларда акы төлөнөт.

87-берене. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана соттук экспертизаны жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар

1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга жол кире жана турак жай жалдоо боюнча чыгымдар, алар сотко келгендигине байланыштуу тарткан чыгымдар, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.

2. Эгерде бул иш алардын мамлекеттик же муниципалдык мекемелердеги кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, эксперттер жана адистер соттун тапшырмасы боюнча өздөрү аткарган иш үчүн, сыйакы алат, сыйакынын өлчөмү процесстин катышуучуларынын пикирин эске алуу менен жана эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Котормочунун эмгегине акы төлөө жана анын сотко келүүсүнө байланышкан чыгымдарын төлөө котормочу анын кызыкчылыктарында чакырылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

4. Сотко күбө катарында чакырылган иштеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убактысына жана алардын орточо айлык акысына таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт. Сотко күбө катары чакырылган иштебеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убакытка жана мыйзамдарда белгиленген эмгек акынын минималдуу өлчөмүнө таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт.

88-берене. Далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдар

1. Далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдарды бул иш-аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнмө кылган тарап тартат. Эгерде тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнү эки тарап тең берсе, алардын чыгымдарын эки тарап бирдей тартат.

2. Эгерде далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо соттун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылса, тиешелүү чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен компенсацияланат.

89-берене. Соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

1. Эгерде соттук чечим административдик орган болуп саналбаган тараптын пайдасына кабыл алынса, сот өзү жүзөгө ашырган документтер менен ырасталган бардык соттук чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен ыйгарат.

2. Эгерде соттук чечим - тараптын административдик органдын пайдасына кабыл алынса, сот административдик орган тарабынан жүзөгө ашырылган документтер менен ырасталган, күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу, соттук экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ыйгарат.

3. Эгерде административдик доо жарым-жартылай канааттандырылса, доогер тарабынан жүзөгө ашырылган соттук чыгымдар канааттандырылган талаптарга ылайык ага, ал эми жоопкерге - канааттандыруудан доогерге баш тартылган талаптардын ошол бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.

4. Эгерде апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот административдик ишти жаңыдан кароого болгон кайтарбастан соттук чечимди өзгөртсө же болбосо жаңы чечим кабыл алса, ал тиешелүү түрдө соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү өзгөртөт.

90-берене. Доогер административдик доодон баш тарткан учурда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

Доогер административдик доодон баш тарткан учурда анын тарткан чыгымдарынын орду жоопкер тарабынан толтурулбайт, ал эми жоопкердин чыгымдары, анын арызы боюнча доогер соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулган учурлардан тышкары, доогерден өндүрүлөт. Бирок, эгерде административдик доо берилгенден кийин аны жоопкердин канааттандыруусунан улам доогер административдик доодон баш тартса, анда сот доогердин арызы боюнча анын иш боюнча тарткан чыгымдардын бардыгын жоопкерден ыйгарат.

91-берене. Жарашуу келишимин түзүүдө соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

Жарашуу келишимин түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүү тартибин кароого тийиш. Эгерде тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнүн ушундай тартибин карабаган учурда, сот бул маселени ушул Кодекстин 89-беренесине ылайык чечет.

92-берене. Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга даттануу

Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

8-глава. Процесстик мажбурлоо чаралары

93-берене. Процесстик мажбурлоо чараларынын түрлөрү

Ушул Кодексте белгиленген учурларда сот процесстик мажбурлоонун төмөнкүдөй чараларын көрө алат:

1) эскертүү;

2) жыйындар залынан чыгарып жиберүү;

3) соттук айып;

4) сотко мажбурлап алып келүү.

94-берене. Эскертүү

Ишти соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тартип бузган адамга соттук жыйналышта төрагалык кылуучу эскертүү жарыялайт. Бул тууралуу соттук жыйналыштын протоколунда жазуу жазылат.

95-берене. Жыйындар залынан чыгарып салуу

Административдик процесстин катышуучусу күбө, эксперт же котормочу тарабынан тартип бузуу кайталанган учурда соттун аныктамасы менен соттук жыйналыштын протоколуна киргизүү аркылуу ал жыйындар залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Тартипти бузган башка катышып отурган адамдар сот жыйынында төрагалык кылуучунун оозеки буйругу менен жана алдын ала эскертүүсүз эле чыгарып жиберилиши мүмкүн.

96-берене. Соттук айып пул

1. Сот ушул Кодексте каралган учурларда соттук айып пул салат. Административдик органга эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жетимишке чейинки, административдик органдын кызмат адамына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жакка - отуздан элүүгө чейинки, жеке жакка - бештен отузга чейинки өлчөмүндө соттук айып пул салынат.

2. Сот процесстин катышуучуларына жана соттук жыйынга катышып олтурган процесстин башка катышуучуларына алар сотко урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн соттук айып пул салууга укуктуу. Эгерде жасалган аракеттер жазык жоопкерчилигине алып келбесе, сотко урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн соттук айып пул салынат.

3. Жакка соттук айып пул салуу жөнүндө маселе соттук жыйыналышта чечилет.

4. Соттук айып пулду салуу жөнүндө маселени карап чыгуунун натыйжалары боюнча сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Соттук айып пул салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү соттук айып пул салынган жакка токтоосуз тапшырылат же жиберилет.

5. Соттук айып пул салынган жак аныктаманын көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөттө соттук айып пул салган сотко аны соттук айып пулду төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө өтүнмө менен кайрыла алат. Арыз соттук айып пул салынган адамга жыйыналыш жөнүндө алдын ала кабарлоо менен соттук жыйыналышта каралат. Бул адамдын келбей калышы арызды кароого тоскоолдук болбойт.

6. Кызмат адамына салынган соттук айып пулду ал өзүнүн жеке каражаттарынан төлөйт.

7. Соттук айып пулду мажбурлап өндүрүп алуу Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу барагынын негизинде жүзөгө ашырылат.

97-берене. Мажбурлап алып келүү

1. Сот күбөнү сотко мажбурлап алып келүү жөнүндө аныктама чыгара алат.

2. Бул аныктаманы сот тарабынан көрсөтүлгөн ички иштер органы аткарат.

9-глава. Процесстик мөөнөттөр

98-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө

1. Процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жасалат. Процесстик мөөнөттөр мыйзамдарда белгиленбеген учурларда, алар сот тарабынан дайындалат.

2. Процесстик иш-аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлгөн так календардык дата же мезгил менен аныкталат. Кийинки учурда иш-аракеттер бүткүл мезгил бою жасалышы мүмкүн.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелген процесстик мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

99-берене. Процесстик мөөнөттөрдүн аякташы

1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн тиешелүү айда жана акыркы айдын күнүндө бүтөт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келген учурда, андан кийинки жакынкы жумушчу күн мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

3. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген процесстик иш-аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү саат жыйырма төрткө чейин аткарылууга тийиш. Эгерде даттануу, документтер же болбосо акчалай суммалар байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндөгү саат жыйырма төрткө чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелбейт.

4. Эгерде процесстик иш-аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда өтө турган болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.

100-берене. Процесстик мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн кесепеттери

1. Процесстик иш-аракеттерди жасоо укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн бүтүшү менен жоюлат.

2. Эгерде өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер алар берилген сот тарабынан каралбайт жана соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат. Кайра кайтаруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

101-берене. Процесстик мөөнөттү токтото туруу

1. Бүтө элек бардык процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү иш боюнча өндүрүштү токтото туруу менен бир убакта токтотулуп турат.

2. Өндүрүштү кайра жаңырткан күндөн тартып процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.

102-берене. Процесстик мөөнөттөрдү узартуу

Сот тарабынан дайындалган мөөнөттөр алар бүткөнгө чейин кызыкдар адамдын арызы боюнча соттун аныктамасы менен узартылышы мүмкүн. Сот тарабынан дайындалган мөөнөттүн бүтүшү административдик сот өндүрүшүнүн катышуучусун өзүнө жүктөлгөн процесстик милдеттерди аткаруудан бошотпойт.

103-берене. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан жүйөлүү деп таанылган себептер боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз өткөрүп жиберген мөөнөткө карата зарыл процесстик иш-аракеттерди (даттануу берүү, документтерди көрсөтүү жана д.у.с.) жасоо менен бир убакта биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттук жыйналышта каралат.

3. Ишке катышкан адамдар жыйындын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат, ал даттанылышы мүмкүн.

10-глава. Соттук чакыруулар жана кабарлоолор

104-берене. Соттук кабарлоолор

1. Административдик процесстин катышуучулары сот тарабынан соттук жыйналыштын убактысы жана орду же өзүнчө процесстик иш-аракет өткөрүү жөнүндө аныктама менен сот актысынын көчүрмөсүн почта боюнча дарегине тапшыруу жөнүндө кабарландыруу менен тапшырык кат жиберүү аркылуу кабарланат.

Сот административдик процесстин катышуучуларын телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта боюнча же болбосо байланыштын башка каражаттарын колдонуу менен кабарлай же чакыра алат. Мында берилген тексттин сотто калган жана ишке тиркелген көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берүү датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.

Эгерде аныктама электрондук почта боюнча жиберилсе, ал көрсөтүлгөн маалыматтык тутумга тапшырылган болуп эсептелет жана бул тууралуу электрондук жазуунун көчүрмөсү менен күбөлөндүрүлөт.

Эгерде сот актысынын көчүрмөсү дарек ээсине же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же болбосо алардын турган жери боюнча тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кабарлоолор сот тарабынан ишке катышкан адам көрсөткөн дарек боюнча же болбосо юридикалык жактын турган жери боюнча же жеке жактын жашаган жери боюнча жиберилет. Эгерде мыйзамга ылайык уюштуруу документтеринде башкача белгиленбесе, юридикалык жактын турган жери анын мамлекеттик каттоого алынган жери менен аныкталат.

3. Эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жактар сот тарабынан ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарланылат.

4. Сот тарабынан сот актыларынын көчүрмөлөрүнүн жиберилгенин жана алар ушул беренеде белгиленген тартипте дарек ээси тарабынан алынганын ырастаган документтер (тапшырылганы жөнүндө кабарлоо, тил кат, башка документтер) иштин материалдарына кошо тиркелет.

105-берене. Кабарлоону кабыл алуудан баш тартуунун кесепеттери

1. Дарек ээси кабарлоону кабыл алуудан баш тартканда, аны жеткирген же тапшырган адам бул тууралуу тапшыруу жөнүндө кабарлоого белги коюу жолу менен баш тартууну каттоого тийиш, ал сотко кайрып берүүгө жатат.

2. Дарек ээсинин кабарлоону кабыл алуудан баш тарткандыгы тууралуу белги дарек ээси жашаган же турган жердеги тиешелүү турак жай-эксплуатациялык уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же анын иштеген жери боюнча администрация тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Кабарлоону кабыл алуудан баш тарткан адам соттук териштирүүнүн же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланылды деп эсептелет.

106-берене. Иш боюнча өндүрүш убагында даректин өзгөрүшү

Процесстин катышуучулары иш боюнча өндүрүштү жүргүзүү убагында өзүнүн дареги өзгөргөндүгү жөнүндө сотко билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү жок болсо кабарлоо сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет, ал жеткирилди, ал эми процесстин катышуучусу бул дарек боюнча жашабаганына же ал жерде турбаганына карабастан талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет.

107-берене. Талаптагыдай кабарлоо

1. Эгерде соттук жыйыналыштын айрым процесстик иш-аракеттерди өткөрүүнүн башталышына карата сот тарабынан ага жиберилген соттук кабарды дарек ээсинин алгандыгы жөнүндө маалыматы бар болсо, административдик процесстин катышуучулары талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет.

2. Административдик процесстин катышуучулары ошондой эле төмөнкү учурда сот тарабынан талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет:

1) эгерде дарек ээси соттук актысынын көчүрмөсүн алуудан баш тартса жана бул баш тартуу ушул Кодекстин 105-беренесине ылайык катталса;

2) эгерде почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген сот актысынын көчүрмөсүн алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаган болсо;

3) эгерде сот тарабынан юридикалык жактын турган жеринин, жеке жактын жашаган жеринин сотко белгилүү акыркы орду боюнча жиберилген сот актысынын көчүрмөсү дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жок болгонуна байланыштуу тапшырылбаса, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса.

III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ӨНДҮРҮШ

11-глава. Административдик доо коюу

108-берене. Административдик доо коюу

Доо биринчи инстанциядагы сотко административдик доону берүү аркылуу коюлат.

109-берене. Административдик доолордун формалары жана түрлөрү. Доо талаптары

1. Административдик доо сотко жазуу жүзүндөгү арыз формасында берилет.

2. Административдик доолордун түрлөрү жана алар боюнча доо талаптары:

1) административдик актыны же административдик актыны жараксыз деп таануу жөнүндө талаптарды камтыган аракеттерди же жоопкердин аракеттерин толугу менен же анын бир бөлүгүн таануу аракеттерин талашуу жөнүндө доо;

2) жоопкердин административдик актыны кабыл алуу милдети жөнүндө талапты камтыган, жоопкерге оорчулук келтирген же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоого милдеттендирген аракеттерди камтыган укуктарды коргоо жөнүндө доо;

3) жоопкердин административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдеттери жөнүндө талапты камтыган милдеттерди аткаруусу жөнүндө доо;

4) жоопкердин мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны жараксыз деп таануу жөнүндө талабын камтыган ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо;

5) жоопкердин күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө талабын камтыган административдик акт күчүн жоготкондугунун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо.

110-берене. Административдик доону берүүнүн мөөнөттөрү

1. Доо сотко административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык каралган административдик даттануу боюнча административдик органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

2. Жокко чыгарылышы мүлктү алып коюуга алып келиши мүмкүн болгон административдик актыга даттануу сотко административдик акт күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

3. Административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки тартипте даттануу мүмкүн болбогон учурда, аракетке даттануу доогер аракеттин жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми административдик органдын аракетсиздигине - доогер тиешелүү административдик органга кайрылган күндөн тартып отуз жумушчу күн өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.

4. Мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо сотко доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө доогерге белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

5. Административдик акт тарабынан укугу жана (же) кызыкчылыктары козголгон, бирок кызыкдар жак катары административдик жол-жобого тартылбаган жак административдик акт жөнүндө билген же билиши мүмкүн болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, бирок ал күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен сотко доо бере алат.

6. Доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү ушул Кодексте белгиленген тартипте доону берүү менен токтотулат. Тыныгуудан кийин доону берүүгө мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат. Тыныгууга чейин өткөн убакыт жаңы мөөнөткө кирбейт.

7. Эгерде сот доону кароосуз калтырса, анда доо коюлганга чейин доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү жалпы тартипте улантылат. Доо коюлган учурдан тартып жана доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки убакыт доону берүүнүн эскирүү мөөнөтүнө эсептелбейт.

8. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

111-берене. Административдик доого карата талаптар

1. Доодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) доо берилүүчү соттун аталышы;

2) эгерде доогердин фамилиясы, аты-жөнү (аталышы), почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар;

3) эгерде жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген орду, почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги белгилүү болсо, алар;

4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы;

5) административдик органдын же кызмат адамынын даттанылуучу аракетинин (аракетсиздигинин) сыпаттамасы;

6) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;

7) актыга, даттануу тууралуу маалыматтар, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет (аракетсиздик);

8) даттанылып жаткан акт, аракет (аракетсиздик) жагынан доочунун фактылары жана талаптары;

9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги.

2. Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:

1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;

2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;

3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;

4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;

5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер;

6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;

7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.

3. Доогер өз алдынча көрсөтө албаган далилдерди көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда, ап доодо мындай далилдерди көрсөтүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүүгө жана аларды талап кылуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу.

4. Доого ага кол коюунун датасы көрсөтүлүү менен доогер же анын өкүлү тарабынан кол коюлат.

5. Эгерде доо өкүл тарабынан берилсе, анда өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү, анын почта дареги, ошондой эле телефондорунун номери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар көрсөтүлөт. Доо менен бир эле убакта өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ берилет.

112-берене. Доону өндүрүшкө кабыл алуу

1. Судья доону алгандан кийин төмөнкүлөрдү айкындайт:

1) доо административдик процесстик аракетке жөндөмдүү жак тарабынан берилгенби;

2) өкүл талаптагыдай ыйгарым укуктарга ээби (эгерде доо өкүл тарабынан берилсе);

3) доо ушул Кодекстин 111-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби;

4) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатабы;

5) талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби сакталганбы;

6) доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн ушул Кодексте белгиленген башка негиздер жокпу.

2. Эгерде доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер жок болсо, судья доону өндүрүшкө кабыл алат.

3. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени судья доо соттун өндүрүшүнө келип түшкөн же аны кыймылсыз калтырган учурда доонун кемчиликтерин четтетүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып беш күндүн ичинде кабыл алат.

4. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттун аталышы, доону өндүрүшкө кабыл алган судьянын фамилиясы, аты-жөнү, иштин номери;

2) ким тарабынан жана кимге доо коюлганы;

3) доо талаптарынын мазмуну;

4) эгерде сот өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, алдын ала соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду;

5) жоопкерге доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирлерин жана өзүндө болгон далилдерди сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө берүү сунушу;

6) тараптарга жана үчүнчү жактарга сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жөнөкөйлөштүрүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесске макулдук билдирүү тууралуу сунушу.

5. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алынгандан кийин анын көчүрмөсү тараптарга, алардын өкүлдөрүнө жана үчүнчү жактарга жиберилет.

113-берене. Доону кабыл алуудан баш тартуу

1. Сот доону кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатпаса;

2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле жүйө жөнүндө же ошол эле негиздер боюнча сот тарабынан чыгарылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же болбосо иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же доону өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;

3) доогер талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса.

2. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, ал сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш. Аныктама доогерге ал берген документтерди кайра кайтаруу менен бир убакта тапшырылат же жиберилет.

3. Доону кабыл алуудан баш тартуу доогерге ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча жоопкерге доо менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылат. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

114-берене. Доону кыймылсыз калтыруу

1. Сот доо сотко ушул Кодекстин 111-беренесинде баяндалган талаптар (көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптардан тышкары) сакталбастан берилгендигин белгилеп, доону кыймылсыз калтырат, бул жөнүндө доо берген адамга кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет, бул жөнүндө аныктама кабыл алат.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада саналган талаптарды аткарса, доо сотко алгачкы жолу сунушталган күнү берилди деп эсептелет. Андай болбогон учурда доо берилбеген болуп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен доогерге кайра кайтарылат.

115-берене. Доону кайра кайтаруу

1. Сот төмөнкү учурларда доону кайра кайтарат:

1) эгерде доогер талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) эгерде иш ошол сотко караштуу болбосо;

3) эгерде доо административдик процесстик аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

4) эгерде доо кызыкдар адамдын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;

5) эгерде ушул эле же башка соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш-тартыш боюнча иш болсо;

6) эгерде жарандын административдик доо берүүгө мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган укуктарын коргоо жөнүндө доосуна аны калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө тиркелбесе, бирок мындай калыбына келтирүүгө мыйзамда жол берилсе;

7) эгерде доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин доогерден доону кайра кайтаруу жөнүндө арыз түшсө;

8) эгерде доону кыймылсыз калтыруу тууралуу аныктамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди доогер сот тарабынан берилген мөөнөттө оңдобосо.

2. Сот доону кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо доогер кайсыл сотко кайрылууга тийиш экенин же болбосо иш козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен доогерге тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурду кошпогондо, доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктама, эгерде жол берилген мыйзам бузуулар ал тарабынан четтетилсе, доогердин ошол эле иш боюнча доо менен сотко кайра кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

4. Доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктаманын көчүрмөсү, доо жана ага тиркелген бардык материалдар менен бирге доону берген адамга жиберилет.

5. Доону кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

116-берене. Доону камсыз кылуу

1. Сот доогердин жүйөлөнгөн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрө алат. Эгерде камсыз кылуу чараларын кабыл албоо соттун чечимин аткарууну кыйындатса же аткарылышын мүмкүн эмес кылса же, эгерде административдик актынын, административдик органдын аракетинин (аракетсиздигинин) укукка жат экендигинин белгилери айкын болсо, сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доону камсыз кылууга жол берилет.

2. Доонун талаптарын камсыз кылуу чаралары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоого тыюу салуу;

2) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоо милдетин жүктөө;

3) талашылып жаткан административдик актынын колдонулушун токтото туруу.

117-берене. Доону камсыз кылуунун тартиби

1. Доону камсыз кылуу тууралуу өтүнмө аны алгандан кийинки күндөн кечиктирбестен каралат, жоопкерди жана административдик процесстин башка катышуучуларын кабарландырбастан, аныктама менен чечилет.

2. Жоопкер же процесстин башка катышуучусу кандай болбосун убакта доону камсыз кылуунун бир ыкмасын башкасына алмаштыруу же доону камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.

3. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча аныктамаларды аткаруу аткаруучу өндүрүш тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Доону камсыз кылуу чараларын кабыл алуу жөнүндө аныктама токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн. Аныктамага даттануу анын аткарылышын токтото албайт.

118-берене. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу

1. Административдик процесстин катышуучусунун арызы боюнча доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштырууга жол берилет.

2. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берүү аныктаманын аткарылышы токтото турат.

119-берене. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу

1. Доону камсыз кылуу процесстин катышуучуларынын арызы боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доодон баш тартылган иш боюнча өндүрүш токтотулган же доо кароосуз калтырылган учурда доону камсыз кылуу чаралары сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок процесстин катышуучуларынын арызы боюнча сот актысы менен бир эле убакта же анын токтомунан кийин доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат.

4. Доо канааттандырылган аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өзүнүн колдонулушун сактайт.

5. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

120-берене. Жоопкерге доону камсыз кылууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Доодон баш тартылган камсыз кылуу чаралары кабыл алынган жоопкер же башка жак чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тиешелүү доону коюу жолу менен доогерден, анын өтүнмөсү боюнча кабыл алынган доону камсыз кылуу боюнча чаралардын негизинде өзүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

12-глава. Даярдоо өндүрүшү

121-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо

1. Доону кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында ишти соттук териштирүүгө карата даярдайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоону доону өндүрүшкө кабыл алган судья жүзөгө ашырат.

3. Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама кабыл алат жана жүргүзүү керек болгон иш-аракеттерди көрсөтөт.

4. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде судья төмөнкү маселелерди чечет:

1) документтерди жана башка материалдарды талап кылып алуу; эгерде жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин сотко алып келүүгө мүмкүн болбосо, аларды жеринде кароону жүргүзүү; экспертизаны дайындоо;

2) процесстин катышуучуларынын жеке өздөрүнүн соттук жыйналышка катышууга милдеттүүлүгү, ишке үчүнчү жактарды тартуу;

3) административдик ишти соттук териштирүүгө күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана чакыруу;

4) алдын ала соттук жыйналышты өткөрүү.

Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо боюнча башка иш-аракеттерди да жүргүзө алат.

5. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынган учурдан тартып эки айдан ашпоого тийиш.

6. Соттук териштирүүгө даярдоо административдик процесстин милдеттүү баскычы болуп саналат.

122-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери

Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) доону берүү мөөнөтүн сактоо жөнүндө маселени чечүү;

2) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо;

3) тараптардын укуктук мамилелерин жана жетекчиликке алынууга тийиш болгон мыйзамды аныктоо;

4) процесстин катышуучуларынын курамы жөнүндө маселени чечүү;

5) процесстин тараптары жана башка катышуучулары зарыл далилдерди беришин камсыз кылуу;

6) ушул Кодекстин 41-беренесинде каралган шарттарда тараптарды жараштыруу.

123-берене. Ишти соттук териштирүүгө карата даярдоодо судьянын иш-аракеттери

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде судья төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзөт:

1) ишти оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте карап чыгуу жөнүндө маселени чечет;

2) доогер ишти оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте карап чыгуу жөнүндө өтүнмө берген учурда ушундай тартипти колдонуу тууралуу процесстин башка катышуучуларынын пикирин тактайт жана ушул тартипти колдонуу боюнча каршы пикирлерди сотко берүү үчүн мөөнөттү белгилейт;

3) жоопкерди судья белгилеген мөөнөттө доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берүүгө милдеттендирет;

4) тең жооп берүүчүлөрдү жана үчүнчү жактарды ишке катышууга тартуу жөнүндө маселени чечет;

5) жоопкерди белгилейт же эгерде арызда жоопкер көрсөтүлбөсө же туура эмес көрсөтүлсө, доогердин макулдугу менен аны алмаштыруу жөнүндө, ошондой эле тең жоопкерди чыгарып салуу жөнүндө маселени чечет;

6) тараптардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук жыйналышка күбөлөрдү чакыруу жөнүндө маселени чечет;

7) тараптардын пикирин эске алуу менен экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди, котормочуну тартуу жөнүндө маселени чечет;

8) процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча уюмдардан же жарандардан жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерин, аудио жана видео жазууларды талап кылууга көмөктөшөт же бул иш-аракеттерди өз демилгеси боюнча жүзөгө ашырат;

9) кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон же сотко жеткирүү мүмкүн болбогон учурларда, процесстин катышуучуларына кабарлоо менен жеринде жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароону жүргүзөт;

10) соттук тапшырмаларды жиберет;

11) доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечет;

12) алдын ала соттук жыйналыштын күнүн, убактысын жана ордун дайындайт жана бул жөнүндө административдик процесстин катышуучуларына кабарлайт;

13) доогердин арызы боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктаманы кабыл алат;

14) башка зарыл процесстик иш-аракеттерди жасайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин жоопкердин каршы пикири сотко келип түшпөгөн учурда сот ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде карап чыгуу жөнүндө аныктама чыгарат жана ишти ушул эрежелер боюнча карайт.

3. Эгерде иш боюнча жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесстин тартибин колдонууга карата каршы пикир сотко ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен келип түшсө, бирок сот жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартиби жөнүндө чечим кабыл алганга чейин сот ишти административдик сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча карап чыгуу жөнүндө аныктама чыгарат.

124-берене. Жоопкердин административдик доого каршы пикири

1. Жоопкер өзүнүн демилгеси боюнча же соттун талабы боюнча административдик доону алгандан кийин сотко жана административдик процесстин катышуучуларына өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет.

2. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) каршы пикир киргизилүүчү соттун аталышы;

2) тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн аталышы, даректери;

3) ар бир талап боюнча доону бир бөлүгүн же толук таанууга же тааныбоого жоопкердин позициясы;

4) доону тааныбаган учурда доого каршы пикирлер негизделген далилдер;

5) эгерде үчүнчү жактар бар болсо, алар;

6) каршы пикирге тиркелген документтердин тизмеги;

7) ишти кароо үчүн жана чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар, ошондой эле жоопкердин өтүнмөсү.

3. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан киргизилип жатса, анда ага анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш.

Жоопкердин доого жазуу жүзүндө каршы пикирин бербей коюшу, анда болгон далилдер боюнча ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

4. Эгерде жоопкер жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мөөнөттү өткөрүп жиберүү ишти өз учурунда карап чыгууну кыйындатса, сот жоопкерге ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айыпты сала алат.

125-берене. Алдын ала соттук жыйналыш

1. Алдын ала соттук жыйналыш талаш-тартышты ишти сотко чейин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн айкындоо жана ушул Кодексте каралган мөөнөттө ар тараптуу жана объективдүү чечүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

2. Алдын ала соттук жыйналыш судья тарабынан соттук териштирүүнүн эрежелери боюнча ушул главада белгиленген алып салуулар жана кошумчалар менен жүргүзүлөт.

3. Алдын ала соттук жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы жана орду ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлөт.

Тараптар алдын ала соттук жыйналыштын күнү, убактысы жана орду жөнүндө ушул Кодекстин 10-главасынын эрежелери боюнча кабарланылат. Ишке катышкан жактардын келбей калуусу ишти даярдоо боюнча маселелерди алдын ала соттук жыйналышта кароого тоскоолдук кылбайт.

Эгерде келбей калуунун себептери сот тарабынан жүйөлүү деп таанылса, тараптардын биринин сотко келүүсүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү боюнча алдын ала соттук жыйналыш кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

4. Алдын ала соттук жыйналышта сот доогердин доодон баш тартпагандыгын жоопкердин доону тааныбай тургандыгын айкындайт жана тараптарга жарашуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түшүндүрөт.

5. Эгерде талаш-тартыш ушул берененин 4-бөлүгүндө аныкталган тартипте жөнгө салынбаган болсо, сот:

1) доонун талаптарын жана жоопкердин доого каршы пикирлерин тактайт;

2) доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибербегенин текшерет;

3) ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени айкындайт;

4) доогердин доону колдоорун жана жоопкердин аны тааный тургандыгын айкындайт;

5) талаш-тартышты чечүү үчүн белгилөө зарыл болгон фактыларды жана алардын кайсынысын тараптар тааный тургандыгын, ал эми кайсылар далилденүүгө тийиш экендигин аныктайт;

6) тараптар өздөрүнүн жүйө далилдерин же болбосо каршы пикирлерин кайсыл далилдер менен негиздей алышарын айкындайт жана аларды берүү үчүн мөөнөттөрдү белгилейт;

7) ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.

6. Тараптар алдын ала соттук жыйналышта далилдерди келтирүүгө, жүйөлөрдү берүүгө, өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.

7. Ушул Кодекстин 15-17-главаларында каралган жагдайлар болгондо, тараптардын пикирин эске алуу менен алдын ала соттук жыйналышта иш боюнча өндүрүш токтотула турат же токтотулат же болбосо арыз кароосуз калтырылат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынат.

8. Алдын ала соттук жыйналышта судья иштин административдик доону берүү мөөнөттөрүн сактоо маселелери боюнча иштин иш жүзүндөгү жана юридикалык жагдайларына алдын ала баа берүүгө укуктуу. Доогер административдик доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени белгиленген учурда судья доогерге мындай мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылууну сунуш кылат. Өтүнмө берилбегенде, ошондой эле мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн себептери жүйөсүз деп таанылганда өткөрүлүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартылганда, судья иш боюнча башка иш жүзүндөгү жагдайларды иликтебестен иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама кабыл алат.

9. Ишти даярдалган деп таанып, судья ишти соттук териштирүүгө дайындайт, бул жөнүндө аныктама чыгарылат. Тараптардын макулдугу менен судья иш боюнча соттук териштирүүгө түздөн-түз алдын ала соттук жыйналыштан кийин киришүүгө укуктуу.

10. Алдын ала соттук жыйналышта ушул Кодекстин 19-главасына ылайык протокол жүргүзүлөт.

126-берене. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында административдик доодон баш тартуу жана административдик доону таануу

1. Доогер доодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же жарым-жартылай тааный алат. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында доодон баш тартуу же доону таануу сотко даректелген жазуу жүзүндөгү өтүнмөдө баяндалууга, ал ишке тиркелүүгө тийиш.

2. Доодон баш тартууну кабыл алууда сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот доо талаптарынын бир бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Жоопкер доону жарым-жартылай тааныган жана аны сот кабыл алган учурда ушул Кодекстин 174-беренесине ылайык жоопкер тарабынан таанылган доо талаптарын канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынышы мүмкүн. Жоопкер доону толук тааныганда жана аны сот кабыл алганда, доону канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынат.

4. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо кимдир-бирөөнүн укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доогердин доодон баш тартуусун, жоопкер доону таануусун кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат. Сот доогердин доодон баш тартуусун четке кагуу тууралуу жана жоопкердин доону таануусун четке кагуу тууралуу жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.

127-берене. Административдик иштерди бириктирүү жана административдик доо талаптарын бөлүп алуу

1. Эгерде мындай талаптарын туура жана өз убагында каралышына көмөктөшөт деп тааныса, соттун өндүрүшүндө турган бир түрдүү, бир эле тараптар катышкан административдик иштерди же болбосо ар кандай административдик жоопкерлерге карата бир административдик доогердин доолору боюнча соттун өндүрүшүндө турган бир нече административдик иштерди же болбосо бир административдик доогерге карата бир нече ар кандай административдик доогерлердин доолору боюнча бир нече административдик иштерди биргелешип кароо жана чечүү үчүн сот өзүнүн аныктамасы менен бир өндүрүшкө бириктире алат.

2. Эгерде сот билдирилген талаптарды өз-өзүнчө кароону максатка ылайык деп тааныса, бир административдик доо талапты же бириктирилген бир нече талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт.

3. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүүгө жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө биринчи инстанциядагы сотто административдик иштерди карап чыгуу менен аяктаган соттук актыларды кабыл алганга чейин жол берилет.

4. Сот административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө, билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө же тиешелүү өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, анын көчүрмөсү ушундай административдик иштердин процессинин катышуучуларына жиберилет.

5. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу же билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн.

6. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө маселени чечүүдө алар боюнча мурда өндүрүшү козголгон административдик иштер менен бириктирилет.

7. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктиргенден жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлгөндөн кийин административдик ишти соттук териштирүүгө даярдоо кайрадан башталат.

128-берене. Жеке катышуусунун милдеттүүлүгү

1. Сот тараптардын же үчүнчү жактардын соттук жыйналышка жеке катышуусунун милдеттүүлүгү тууралуу аныктама чыгарууга жана тараптарды же болбосо үчүнчү жактарды түшүндүрмө берүү үчүн чакырууга, анын ичинде соттук териштирүүгө алардын өкүлдөрү катышып жатканда чакырууга укуктуу.

2. Адам соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себепсиз келбеген учурда ага соттук айып пул салынышы жана (же) ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелерине ылайык мажбурлап алып келүү колдонулушу мүмкүн.

13-глава. Соттук териштирүү

129-берене. Административдик ишти соттук жыйналышта кароо

1. Административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

2. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

3. Административдик ишти соттук териштирүү процесстин катышуучуларын чакыруу менен соттук жыйналышта жүзөгө ашырылат.

4. Соттук жыйналыш соттун жайында өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда айрым процесстик иш-аракеттер соттун жайынан тышкары жерде жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Административдик процесстин катышуучусу ишти ал болбогондо кароо жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Эгерде сот ишти ошол катышуучу жокто кароонун мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келсе, анын соттук жыйналышка келбей калышы соттук териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

130-берене. Оозеки териштирүү

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, административдик ишти соттук териштирүү оозеки өтөт. Соттук жыйналышта административдик ишти териштирүү учурунда соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына милдеттүү түрдө кабарланылат.

2. Ушул Кодексте белгиленген учурларда административдик ишти соттук териштирүү жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде соттук жыйналышты өткөрбөстөн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

131-берене. Ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо

1. Эгерде ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо жөнүндө өтүнмөнү доогер билдирбеген, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген учурда иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде каралышы мүмкүн.

2. Процесстин катышуучусу чечим чыгарылганга чейин ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароого жазуу жүзүндөгү макулдукту кайра чакыртып ала алат.

3. Процесстин катышуучуларынын макулдугуна жана жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде ишти дайындоого карабастан, эгерде аны туура чечүү үчүн зарыл деп эсептесе, сот чечим чыгарылганга чейин ишти оозеки териштирүүдө кароо үчүн соттук жыйналышты дайындай алат.

4. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде иштер оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн каралат. Ишти ушундай тартипте кароодо сот жазуу жүзүндөгү далилдерди (билдирилген талаптардын маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана каршы пикирлерди кошкондо) гана иликтейт.

5. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процессинде сот кошумча өтүнмөлөрдү жана документтерди берүүгө боло турган мөөнөттү, ошондой эле чечимди жарыя кылуу датасын, убактысын жана ордун дайындайт жана алар жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарлайт.

132-берене. Соттук жыйналышта төрагалык кылуучу

1. Ишти жеке өзү караган судья төрагалык кылуучунун милдетин аткарат.

2. Төрагалык кылуучу тараптардын укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүү менен соттук жыйналышка жетекчилик кылат, иштин жагдайларын ар тараптан, толук жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзөт. Төрагалык кылуучу ошондой эле соттук жыйналыштын күн тартибинин сакталышын камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын кимдир-бирөө төрагалык кылуучунун иш-аракеттерине каршы пикирин билдирген учурда, бул каршы пикирлер соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана төрагалык кылуучу өзүнүн иш-аракеттери карата түшүндүрмө берет.

3. Төрагалык кылуучунун тескемелерин процесстин бардык катышуучулары, алардын өкүлдөрү, күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар жана соттук жыйналыштын залында катышып отурган адамдар үчүн аткарууга милдеттүү.

133-берене. Соттук жыйналыштагы тартип

1. Судьялар соттук жыйналыштын залына киргенде, залда катышып олтургандардын бардыгы орундарынан турат, өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн ордунан туруп берет. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.

2. Процесстин катышуучулары судьяларга "Урматтуу сот" деген сөздөр менен кайрылышат.

3. Ишти соттук териштирүү талаптагыдай тартипти жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда өтөт. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында төрагалык кылуучу алардын инсандыгын ырастоочу документтерди текшерүү, алар алып кирген буюмдарды кароону кошуп алганда, ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүү жөнүндө тескеме бере алат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө ишке катышкан жактардын пикирин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилет. Бул иш-аракеттер соттук жыйналыштын ойдогудай жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, соттук жыйналыштын залындагы сот тарабынан көрсөтүлгөн орундарда жүзөгө ашырылууга тийиш жана убактысы чектелиши мүмкүн.

5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле соттук жыйналыштын залында катышып олтургандардын бардыгы белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.

6. Сот актыларын соттук жыйналыштын залында олтурган бардык катышуучулар орундарынан туруп угушат.

134-берене. Соттук жыйналышта тартипти бузгандарга карата колдонулуучу чаралар

1. Ишти териштирүү убагында тартипти бузган адамга төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.

2. Тартипти кайталап бузганда процесстин катышуучулары соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бардык убактысына же бир бөлүгүнө соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу жыйналыштар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышып олтурган жарандар тартипти кайталап бузганы үчүн төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча залдан чыгарылат.

3. Тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдарга, ошондой эле алар соттук жыйналыштын жүрүшүндө сотко урматтоо көрсөтпөгөндүгү үчүн сот аларга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салууга укуктуу.

4. Эгерде соттук жыйналышта тартип бузуучунун аракеттеринде кылмыш белгилери бар болсо, сот материалдарды тиешелүү прокурорго жиберет.

5. Ишти териштирүүдө катышып отурган жарандар тарабынан тартип жапырт бузулганда, сот процесстин катышуучулары болуп саналбаган бардык жарандарды соттук жыйналыштын залынан чыгарып жибере алат же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.

135-берене. Соттук жыйналышты ачуу

1. Ишти териштирүү үчүн дайындалган убакытта төрагалык кылуучу соттук жыйналышты ачат жана кайсы иш кароого жаткандыгын жарыялайт.

2. Соттук жыйналыштын катчысы сотко бул иш боюнча чакырылган кайсы адамдар келгендигин, келбей калган адамдар кабарлангандыгын жана алардын жоктугунун себептери жөнүндө кандай маалыматтар бар экендигин айтып берет.

3. Төрагалык кылуучу келгендердин инсандыгын белгилейт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

136-берене. Котормочуга анын милдеттерин түшүндүрүү

1. Төрагалык кылуучу котормочуга сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, ал эми ал адамдарга - ишке катышкан адамдардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынган жана иштеги болгон документтерди, аудио жана видео жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун тескемелерин, соттун аныктамаларын жана чечимдерин которуп берүү милдетин түшүндүрөт.

2. Котормочу которуу убагында котормону тактоо үчүн процесстин катышуучуларына суроо берүүгө, соттук жыйналыштын протоколундагы котормонун тууралыгы боюнча сын-пикирин билдирүүгө укуктуу.

3. Төрагалык кылуучу котормочуга билип туруп туура эмес которгону үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу эскертет. Котормочунун бул тууралуу тил каты соттук жыйналыштын протоколуна тиркелет.

Котормочу сотко келүүдөн качкан учурда, сот ага ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салышы мүмкүн.

4. Ушул берененин эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамдарга жайылтылат.

137-берене. Күбөлөрдү соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберүү

Келген күбөлөр соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен баарлашпагыдай чараларды көрөт.

138-берене. Соттун курамы жөнүндө маселени чечүү жана өзүн-өзү четтетүү жана четтетүү укуктарын түшүндүрүү

1. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт, кимдер прокурор, котормочу, эксперт, адис, соттук жыйналыштын катчысы катары катышып жаткандыгын билдирет жана процесстин катышуучуларына алардын өзүн-өзү четтетүүлөрүн жана четтетүүлөрүн билдирүү укуктарын түшүндүрөт.

2. Өзү баш тартуулар жана баш тартуулар үчүн негиздер, аларды чечүүнүн тартиби жана ушундай билдирүүлөрдү канааттандыруунун кесепеттери ушул Кодекстин 20-25-беренелери менен аныкталат.

139-берене. Процесстин катышуучуларына жана алардын өкүлдөрүнө алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү

Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларына жана алардын өкүлдөрүнө алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

140-берене. Процесстин катышуучуларынын өтүнмөлөрүнүн сот тарабынан чечилиши

Процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн ишти териштирүү менен байланышкан маселелер боюнча өтүнмөлөрү процесстин башка катышуучуларынын пикирлерин уккандан кийин соттун аныктамалары менен чечилет.

141-берене. Процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн соттук жыйналышка келбей коюуларынын кесепеттери

1. Процесстин катышуучулары келбей калгандыгынын себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана ал себептердин жүйөлүүлүгүнө далилдерди берүүгө милдеттүү.

2. Соттук жыйналышка аларга кабарлоо тууралуу маалымат болбогон процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөлөрү келбей калган учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.

3. Эгерде процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган болсо, эгерде алардын келбей калганынын себептеринин жүйөлүүлүгү жөнүндө тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

4. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөсү келбей калган учурда, эгерде келбей калуунун себептери жөнүндө маалымат болбогондо же болбосо сот анын келбей калган себептерин жүйөсүз деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу.

5. Тараптар соттон ишти аларсыз кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жиберүүнү өтүнүүгө укуктуу. Эгерде бул иштин жагдайлары боюнча зарыл болсо, сот тараптардын соттук жыйналышка катышуусун милдеттүү деп тааный алат. Сот тарабынан соттук жыйналышка катышуусу милдеттүү деп таанылган процесстин катышуучусу келбей калганда, сот ушул Кодекстин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

6. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланган процесстин катышуучусунун өкүлүнүн келбей калуусу ишти кароого бөгөт болуп саналбайт. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча, анын өкүлүнүн келбей калганына байланыштуу ишти  териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

142-берене. Соттук жыйналышка күбөнүн, эксперттин, адистин келбей калуусунун кесепеттери

1. Соттук жыйналышка күбө, эксперт же адис келбей калган учурда, сот ишке катышкан жактардын процесстин катышуучулары жок кезде ишти кароо мүмкүндүгү жөнүндө пикирин угат жана соттук териштирүүнү улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде чакырылган эксперт же адис сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча соттук жыйналышка келбей калса, сот көрсөтүлгөн адамдарга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салышы мүмкүн.

Күбө экинчи жолку чакыруу боюнча жүйөлүү себептерсиз келбей калганда мажбурлап алып келиниши мүмкүн, бул жөнүндө сот аныктама кабыл алат.

143-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу. Соттук жыйналыштагы тыныгуу

1. Сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга милдеттүү, эгерде:

1) жоопкер доонун көчүрмөсүн албаса жана ошондуктан соттон ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууну өтүнсө;

2) соттун чечими менен укугу же укуктук кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон жакты процесстин катышуучусу катары тартуу зарыл болсо;

3) соттук жыйналышка процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөө келбей калса жана ал соттук жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарланылбаса;

4) үчүнчү жактар тарабынан өз алдынча талаптар коюлса.

2. Сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга укуктуу, эгерде төмөнкүдөй деп тааныса:

1) процесстин талаптагыдай кабарландырылган катышуучусу, күбө, эксперт же котормочу келбей калгандыгынан же болбосо башка жүйөлүү себептер бар экендигинен улам ишти териштирүүнү мүмкүн эмес;

2) кошумча далилдерди көрсөтүү, талап кылуу же болбосо башка процесстик иш-аракеттерди жасоо зарыл.

3. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда, жаңы соттук жыйналышта иштин чечилишин камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү убакытты эске алуу менен жаңы соттук жыйналыштын датасы дайындалат, бул жөнүндө келген адамдарга кол койдуруу менен жарыя кылынат. Келбей калган жана процесске катышууга карата жаңыдан тартылган адамдарга ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу тууралуу аныктаманын көчүрмөсү жиберилет.

4. Аны кийинкиге калтыргандан кийин ишти териштирүү башынан башталат.

5. Эгерде тараптар процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн кайталоону талап кылбаса, иштин материалдары менен тааныш болсо, соттун курамы өзгөрбөсө, сот процесстин катышуучуларына мурда берилген түшүндүрүүлөрүн аларды кайталабастан ырастоого, аларды толуктоого, кошумча суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу.

6. Сот процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча соттук жыйналышка тыныгуу жарыялай алат.

7. Соттук жыйналышка тыныгуу он күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяланышы мүмкүн.

8. Тыныгуу аяктагандан кийин соттук жыйналыш улантылат, бул жөнүндө төрагалык кылуучу соттук жыйналышта жарыялайт. Тыныгууга чейин иликтенген далилдерди кайталап кароо жүргүзүлбөйт.

9. Тыныгуу жарыяланганга чейин соттук жыйналыштын залында катышып отурган процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет жана алардын тыныгуу аяктагандан кийин соттук жыйналышка келбей калуусу аны улантуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

144-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда күбөлөрдү суракка алуу

Ишти териштирүү кийинкиге калтырылганда, сот келген күбөлөрдү өз каалоосу боюнча суракка алышы мүмкүн. Бул күбөлөрдү жаңы соттук жыйналышка экинчи жолу чакыртууга зарыл учурларда гана жол берилет.

145-берене. Экспертке жана адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү

Төрагалык кылуучу экспертке жана адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, экспертке - билип туруп жалган корутунду бергени үчүн, ал эми адиске - билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет, бул тууралуу алардан тил кат алынат, ал соттук жыйналыштын протоколуна тиркелет.

146-берене. Ишти маңызы боюнча соттук териштирүүнүн башталышы

1. Ишти маңызы боюнча соттук териштирүү соттук жыйналышта төрагалык кылуучунун же судьялардын кимдир-бирөөсүнүн ишти баяндоосунан башталат. Андан соң ал доогер административдик доону колдой тургандыгын, аны жоопкер тааный тургандыгын жана тараптар ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү каалай тургандыгын айкындайт.

2. Ишти процесстин катышуусу жокто кароо учурунда соттук жыйналышта төрагалык кылуучу, эгерде позициясы жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдө баяндалбаса, доо талаптарына карата өз позициясын баяндайт.

147-берене. Процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү

1. Ишти баяндагандан кийин сот соттук жыйналышта катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн төмөнкүдөй ырааттуулукта угат: доогер, жоопкер, үчүнчү жактар.

2. Үчүнчү жактар түшүндүрмөлөрдү доогерден же жоопкерден кийин берет.

3. Сотко башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн кайрылган прокурор, Акыйкатчы (Омбудсмен), мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрү, жарандар түшүндүрмөлөрүн биринчи болуп беришет.

4. Процесстин катышуучуларынын өкүлдөрү өз түшүндүрмөлөрүн өкүл ээсинин атынан беришет.

5. Процесстин катышуучулары бири-бирине суроолорду берүүгө укуктуу. Судья процесстин катышуучуларына алар түшүнүк берип жаткан кандай болбосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

6. Процесстин катышуучулары түшүндүрмөлөрүндө алардын талаптары же каршы пикирлери негизделген жагдайларды көрсөтөт.

7. Эгерде процесстин катышуучулары түшүндүрмөлөрдү берген убакта жаңы далилдерди көрсөтсө жана сот аларды зарыл деп тааныса, сот аларды билдирүүнү тапшыра алат.

8. Эгерде тараптар, үчүнчү жактар так эмес сүйлөшсө же алардын сөздөрүнөн алардын жагдайларды тааный тургандыгы же болбосо аларга каршы экендиктери жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүн болбосо, сот бул адамдардан конкреттүү - "ооба" же болбосо "жок" деген жоопту талап кыла алат.

9. Ишке катышып жаткан тараптар, үчүнчү жактар бири-бирине төрагалык кылуучу тарабынан белгиленген тартипте суроолорду беришет. Сот ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат.

10. Эгерде ишке катышкан тараптардын, үчүнчү жактардын жана башка адамдардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү иште бар болсо, төрагалык кылуучу бул түшүндүрмөлөрдүн мазмунун жарыя кылат.

148-берене. Далилдерди иликтөө тартибин белгилөө

1. Сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угуп, алар өздөрүнүн талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген далилдерди иликтөөнүн тартибин белгилейт.

2. Далилдерди иликтөөнүн тартиби сот тарабынан талаш-тартыштуу укук мамилелеринин мүнөзүнө жараша аныкталат жана зарыл болгон учурда өзгөртүлүшү мүмкүн.

149-берене. Далилдерди иликтөө

1. Доо талаптары же болбосо каршы пикирлер негизделген, же болбосо ишти чечүү үчүн башка мааниге ээ болгон (сотко кайрылуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберүү себептери жана башка) жана иш боюнча соттук чечимди чыгарууда аныкталууга тийиш болгон жагдайлар далилдөөнүн предмети болуп саналат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды аныктоо үчүн соттук жыйналышта ишке катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулат, жазуу жүзүндөгү жана буюмдай далилдер, анын ичинде аларда жазылган маалыматтары бар маалыматтарды алып жүрүүчүлөр, эксперттердин корутундулары иликтенет.

150-берене. Көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилик тууралуу күбөгө эскертүү

1. Күбөнү суракка алууга чейин төрагалык кылуучу күбөнүн инсандыгын аныктайт, анын ушул Кодекстин 62-беренесинде каралган учурларда көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартуу укугун түшүндүрөт жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени же көрсөтмө берүүдөн негизсиз баш тартканы үчүн жоопкерчилиги тууралуу эскертет, бул жөнүндө тил кат алынат, ал соттук жыйналыштын протоколуна кошо тиркелет.

2. Төрагалык кылуучу он алты жашка чыга элек күбөгө иш боюнча ага белгилүү бардык нерселердин чындыгын айтып берүүгө милдеттүүлүгүн түшүндүрөт, бирок ага көрсөтмө берүүдөн негизсиз баш тартканы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилиги тууралуу эскертилбейт.

151-берене. Күбөлөрдү суракка алуунун тартиби

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат.

2. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларына күбөнүн мамилесин ачыктайт жана күбөгө иштин жагдайы жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп - күбөнү чакырууга арызы негиз болгон жак жана анын өкүлү, андан кийин процесстин башка катышуучулары жана алардын өкүлдөрү суроо берет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай учурда болбосун суроо берүүгө укуктуу.

4. Зарылчылык болгон учурда, алардын көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды айкындоо үчүн сот күбөлөрдү ошол эле же кийинки жыйналышта кайталап суракка ала алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында соттук жыйналыштын залында боло алышпайт. Эгерде сот ага мурда чыгып кетүүгө уруксат бербесе, суракка алынган күбө ишти териштирүү аяктаганга чейин соттук жыйналыштын залында калат.

6. Эгерде ачыктоо үчүн күбөлөр чакырылган жагдайлар айкындалса, сот процесстин катышуучуларынын макулдугу аркылуу бул тууралуу тиешелүү аныктама чыгаруу менен, келген күбөлөрдү суракка албай коё алат.

152-берене. Күбөнүн жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдалануусу

Күбө көрсөтмө берүүдө көрсөтмөлөр кандайдыр-бир сандар же башка эске тутуп калуу кыйын болгон маалыматтар менен байланышкан учурларда, жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдалана алат. Бул материалдар сотко жана процесстин катышуучуларына берилет жана соттун аныктамасы боюнча ишке тиркелиши мүмкүн.

153-берене. Жашы жетелек күбөлөрдү суракка алуунун тартиби

1. Он төрт жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу, ал эми соттун каалоосу боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки күбөлөрдү суракка алуу сотко чакырылган педагогдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда ошондой эле жашы жетелек күбөнүн ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчусу же көзөмөлчүсү чакыртылат. Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроолорду бере алышат, ошондой эле күбөнүн ким экендиги жана ал берген көрсөтмөлөрдүн мазмуну жагынан өз пикирлерин билдире алышат.

2. Иштин жагдайын аныктоо үчүн зарыл болгон өзгөчө учурларда, жашы жетелек күбөнү суракка алуу убагында, соттун аныктамасы боюнча соттук жыйналыштын залынан процесстин тигил же бул катышуучусу, же соттук жыйналыштын залында катышып олтурган жарандардын кимдир-бирөөсү чыгарылып жиберилиши мүмкүн. Процесстин катышуучусу соттук жыйналыштын залына кайра келгенден кийин, ага жашы жетелек күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну билдирилүүгө жана күбөгө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

3. Сот тиешелүү күбөнүн соттук жыйналыштын залында болуусун зарыл деп тааныгандан башка учурларды кошпогондо, он алты жашка чыга элек күбө аны суракка алуу бүткөндөн кийин соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилет.

154-берене. Күбөнүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу

Күбөлөрдүн ушул Кодекстин 56, 59 жана 144-беренелеринде каралган тартипте чогултулган көрсөтмөлөрү соттук жыйналышта жарыя кылынат, андан кийин процесстин катышуучусу бул көрсөтмөлөргө карата өз мамилесин билдирүүгө жана алар боюнча түшүнүк берүүгө укуктуу.

155-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди иликтөө

1. Жазуу жүзүндөгү далилдер, анын ичинде соттук тапшырма боюнча же далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн аларды кароонун протоколдору соттук жыйналышта жарыя кылынат жана таанышуу үчүн процесстин катышуучуларына, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга берилет.

2. Процесстин катышуучулары жазуу жүзүндөгү далилдер боюнча күбөлөргө, эксперттерге, адистерге суроолорду бере алышат.

3. Эгерде ишке тиркелген же сотко процесстин катышуучусу тарабынан таанышуу үчүн берилген документ аныктыгынан шектенүү жаратса же жасалма болуп саналса, процесстин катышуучусу соттон аны далилдердин катарынан чыгарып салууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү же экспертиза жүргүзүүнү талап кыла алат.

4. Жазуу жүзүндөгү далилдерди ишке кошуу жөнүндө маселени сот бул далилдердин мазмуну менен процесстин катышуучулары таанышкандан жана алардын пикирлерин уккандан кийин чечет.

156-берене. Жарандардын жеке кат алышууларын жана башка билдирүүлөрүн жарыя кылуу жана иликтөө

Жеке кат алышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырларын сактоо максатында, алар ачык соттук жыйналышта өз ара кат алышууларды, сүйлөшүүлөрдү жана билдирүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын макулдугу менен гана жарыя кылынышы мүмкүн. Андай болбогон учурда, мындай кат алышуулар, сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр жабык соттук жыйналышта жарыя кылынат жана иликтенет.

157-берене. Буюм далилдерин иликтөө

1. Буюм далилдери сот тарабынан каралат, ошондой эле таанышуу үчүн процесстин катышуучуларына, ал эми зарыл болгон учурларда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет. Таанышуу үчүн буюм далилдери көрсөтүлгөн жактар далилдерге жана аны кароого байланышкан тигил же бул жагдайларга соттун көңүлүн бура алышат.

2. Далилдерди камсыз кылуу, соттук тапшырманы аткаруу тартибинде же далилдерди ордунда кароонун натыйжалары боюнча түзүлгөн буюм далилдерин кароонун протоколдору соттук жыйналышта жарыя кылынат. Процесстин катышуучулары бул протоколдор боюнча өздөрүнүн түшүндүрмөлөрүн бере алышат.

3. Процесстин катышуучулары буюм далилдери боюнча аларды караган эксперттерге, адистерге, күбөлөргө суроолорду бере алышат.

158-берене. Жеринде кароо

1. Сотко алып келүү кыйын же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдери алар турган жерде же сот аныктаган башка бир белгилүү жерде каралат жана иликтенет. Жеринде кароону жүргүзүү жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.

2. Жеринде кароонун убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучулары, алардын өкүлдөрү кабарланылат, бирок алардын келбей калуулары кароону жүргүзүүгө тоскоолдук болбойт. Зарыл болгон учурда ошондой эле эксперттер, адистер жана күбөлөр чакыртылат.

3. Жеринде кароонун натыйжалары соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет. Протоколго кароодо түзүлгөн же текшерилген пландар, чиймелер, схемалар, эсептөөлөр, документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле кароо убагында жасалган жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдеринин видеожазуулары, фотосүрөттөрү, эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелиши мүмкүн.

159-берене. Аудио жана видео жазууларды иликтөө

1. Аудио жазууларды уктуруу жана видеожазууларды көрсөтүү соттук жыйналыштын залында же бул үчүн атайын жабдылган башка жайда, соттук жыйналыштын протоколунда далилдердин угузулуп-көрсөтүлүп жаткан булактарынын айырмалуу белгилерин жана аларды угузуп-көрсөтүүнүн убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угат.

2. Зарыл болгондо аудио жазууларды уктуруу жана видео жазууларды көрсөтүү толугу менен же анын белгилүү бир бөлүгү кайталанышы мүмкүн.

3. Аудио жана видеожазууларда камтылган маалыматтарды айкындоо максатында сот тарабынан адис тартылышы же экспертиза дайындалышы мүмкүн.

4. Жеке мүнөздөгү аудио же болбосо видео жазууларды иликтөөдө жарандардын жеке кат алышууларын жана башка билдирүүлөрүн иликтөө жагынан ушул Кодекстин эрежелери колдонулат.

160-берене. Далилдин жалгандыгы жөнүндө билдирүү

1. Иште болгон далилдер жалган болуп саналгандыгы жөнүндө билдирилген учурда, бул далилди берген жак соттон аны далилдердин катарынан чыгарып салууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү өтүнө алат.

2. Далилдердин жалгандыгы жөнүндө билдирүүнү текшерүү үчүн сот экспертиза дайындап, ошондой эле тараптарга башка далилдерди көрсөтүүнү сунуш кыла алат.

3. Эгерде сот далилдердин жалгандыгы жөнүндө тыянакка келсе, ал аны өзүнүн жүйөлөнгөн аныктамасы менен далилдердин катарынан чыгарат. Мында жалган далилдин өзү кайра кайтарып берилүүгө жатпайт.

4. Эгерде сот процесстин катышуучусун далилдердин жалгандыгы жөнүндө билип туруп негизсиз билдирди деп тааныса, ал процесстин бул катышуучусуна ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул сала алат.

161-берене. Эксперттин корутундусун иликтөө

1. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта жарыя кылынат. Корутундуну түшүндүрүү жана толуктоо максатында экспертке суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү, андан кийин - процесстин башка катышуучулары жана алардын өкүлдөрү суроо берет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет. Сот экспертке аны суракка алуунун кандай болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

2. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта иликтенет жана башка далилдер менен катар сот тарабынан бааланат жана сот үчүн мурда белгиленген күчкө ээ болбойт. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместиги иш боюнча чечимде, же болбосо кошумча же кайтадан экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада жүйөлөнгөн болууга тийиш.

162-берене. Кошумча жана кайрадан экспертизалоо

1. Эксперттин корутундусу жетиштүү так эмес же толук эмес болгон учурда сот кошумча экспертиза дайындай алат, аны жүргүзүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна анын негизсиздигинен улам макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда, кайтадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертиза өткөрүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

163-берене. Адистин консультациялары

1. Зарыл болгон учурларда жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерди кароодо, аудио жана видео жазууларды угуп-көрүүдө, экспертиза дайындоодо, күбөлөрдү суракка алууда, далилдерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө, сот консультация алуу, түшүндүрүү жана түздөн-түз техникалык жардам көрсөтүү (фотого тартуу, пландарды жана схемаларды түзүү, экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алуу, мүлктү баалоо, жана д.у.с.) үчүн адистерди тарта алат.

2. Адис катары чакырылган адам сотко келүүгө, сот тарабынан коюлган суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультация жана түшүндүрмө берүүгө, зарыл болгон учурда - сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Жазуу жүзүндө адис тарабынан берилген консультация соттук жыйналышта жарыя кылынат. Адистин оозеки консультациясы жана түшүндүрмөлөрү соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет.

4. Консультацияны түшүндүрүү жана толуктоо максатында адиске суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп суроолорду өтүнмөсү боюнча адис тартылган жак жана анын өкүлү, андан кийин - башка жактар, процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча чакыртылган адиске суроолорду биринчи болуп доогер жана анын өкүлү беришет.

5. Сот адиске ал суракка алынып жаткан кандай болбосун учурда суроолорду берүүгө укуктуу.

164-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары

Мыйзамдарга ылайык мындай корутундуларды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары соттук жыйналышта жарыя кылынат. Сот, ошондой эле процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү корутундуларды түшүндүрүү жана толуктоо максатында бул органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө суроолорду бере алышат.

165-берене. Ишти маңызы боюнча кароонун аяктоосу

1. Бардык берилген жана алынган далилдер иликтенгенден кийин сот ишти маңызы боюнча кароону аяктоонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирлерин айкындайт.

2. Кошумча далилдер жок болгондо, сот доогерден доо арызында камтылган талаптарды колдой тургандыгын айкындайт.

3. Эгерде доогер талаптардан баш тартпаса, сот ишти маңызы боюнча кароону аяктады деп жарыялайт жана соттук жарыш сөздөргө өтөт.

166-берене. Соттук жарыш сөздөр

1. Соттук жарыш сөздөр процесстин катышуучуларынын сөздөрүнөн турат.

2. Жарыш сөздөрдө биринчи сөз доогерге, анын өкүлүнө, андан кийин - жоопкерге, анын өкүлүнө берилет.

3. Ушул Кодекстин 42-беренесинин 1-бөлүгүндөгү тартипте процесске катышкан прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын өкүлдөрү жана ушул Кодекстин 43-беренесиндеги тартипте башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп сүйлөшөт.

4. Талаш-тартыштын предметине өз алдынча талапты билдирген үчүнчү жак, анын өкүлү иштеги тараптардан кийин сүйлөйт.

5. Талаш-тартыштын предметине өз алдынча талаптарды билдирбеген үчүнчү жактар, алардын өкүлдөрү жарыш сөздөрдө алар тарабында катышкан жактардан кийин сүйлөшөт.

6. Тараптардын же болбосо үчүнчү жактардын өтүнмөлөрү боюнча жарыш сөздөрдө алардын өкүлдөрү гана сүйлөй алышат.

7. Эгерде каралып жаткан иштин чектеринен чыгып кетсе, соттук жыйналышта төрагалык кылуучу сүйлөп жаткан адамды токтото алат.

8. Сүйлөп бүтүшкөндөн кийин процесстин бардык катышуучулары жана алардын өкүлдөрү сүйлөнгөн сөздөрдө айтылгандарга байланыштуу экинчи ирет реплика менен чыгып сүйлөй алышат. Акыркы реплика укугу ар дайым жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.

167-берене. Ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо

1. Ишке катышкан жактар, алардын өкүлдөрү соттук жарыш сөздүн убагында өздөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө сот тарабынан аныкталбаган жагдайларга, ошондой эле соттук жыйналышта иликтенбеген далилдерге шилтеме кылууга укуксуз.

2. Эгерде сот соттук жарыш сөздөрдүн убагында иш үчүн мааниге ээ болгон жаңы жагдайларды айкындоо же жаңы далилдерди иликтөө зарыл деп тааныса, сот ишти маңызы боюнча кароону кайра баштайт, бул жөнүндө соттук жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.

Ишти маңызы боюнча кароо аяктагандан кийин соттук жарыш сөздөр жалпы тартипте жүргүзүлөт.

168-берене. Прокурордун корутундусу

Процессте ушул Кодекстин 42-беренесинин 3-бөлүгүндөгү тартипте сөз сүйлөгөн прокурор соттук жарыш сөздөрдөн кийин иш боюнча корутунду берет.

169-берене. Соттун чечим чыгаруу үчүн чыгып кетиши

1. Соттук жарыш сөздөрдөн, репликалардан, прокурордун корутундусунан кийин, эгерде ушундайлар бар болсо, сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу соттук жыйналыштын залында катышып отургандарга жарыя кылат.

2. Чечим кабыл алынгандан жана ага кол коюлгандан кийин сот соттук жыйналыштын залына кайтып келет, ал жерде төрагалык кылуучу соттун чечимин жарыялайт.

Андан соң төрагалык кылуучу чечимдин мазмунун, ага даттануу тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрөт.

3. Чечимдин резолюциялык бөлүгүн аныктоо учурунда сот жүйөлүү чечим менен таанышуу датасын жарыялоого милдеттүү.

Жүйөлүү чечим соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт жана жарыя кылынат.

170-берене. Ишти соттук териштирүүнү кайрадан баштоо

1. Эгерде чечим чыгаруу убагында сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды айкындоону же болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайрадан жаңыртат.

2. Мындай учурда соттук жыйналыш ушул главада белгиленген тартипте улантылат.

14-глава. Соттун чечими

171-берене. Чечим чыгаруу

Иш маңызы боюнча чечилүүчү биринчи инстанциядагы соттун актысы чечим формасында чыгарылат. Чечим Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

172-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү

1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш.

2. Чечим процесстик укуктун ченемдерин сактоо менен ушул укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылганда, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Чечим далилдер менен ырасталган, алардын тийиштүүлүгү жана жол берилиши, ошондой эле ишенимдүүлүгү тууралуу мыйзамдын тиешелүү талаптарына жооп берген, бул иш үчүн мааниге ээ болгон фактылар чагылдырылса жана чечим аныкталган фактылардан келип чыккан соттун толук тыянактарын камтыган болсо, негиздүү деп эсептелет.

4. Сот чечимди соттук териштирүүдө иликтенген далилдерге гана негиздейт.

173-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

1. Сот төмөнкүлөрдү текшерүү менен чечим чыгарат:

1) административдик акт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келеби;

2) административдик акт мыйзамдарда каралган административдик жол-жоболорду сактоо менен чыгарылганбы;

3) мыйзамда каралган мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жол-жобосу сакталганбы;

4) талаш туудуруп жаткан акт мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын компетенциясын;

5) сотко кайрылган адамдын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбаганбы, же болбосо бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөнбү.

2. Чечим кабыл алуу учурунда сот ошондой эле административдик доону камсыз кылуу боюнча чаралардын күчүн сактоо же жокко чыгаруу жөнүндө, буюм далилдеринин андан аркы тагдыры, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндө маселелерди жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан жана чечүүнү талап кылган маселелерди чечет.

3. Сот кароодо жана чечим чыгарууда доодо баяндалган жүйө далилдерге байланган эмес.

4. Сот административдик актынын укукка ылайыктуулугуна баа берүүдө чечимде административдик орган тарабынан административдик актыга киргизилген негиздемени гана эске алат.

5. Сот аракет (аракетсиздик) административдик жол-жоболорду сактоо менен жүзөгө ашырылганын текшерип, административдик органдын аракети (аракетсиздиги) боюнча чечим чыгарат.

6. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан билдирилген талаптардын чектеринде чечет.

174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары

1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат.

2. Административдик доо канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл ала алат:

1) жоопкер - административдик органдын административдик актысын толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;

2) жоопкер - административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө;

3) жоопкер - административдик органдын айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;

4) эгерде жоопкерде башка административдик актыны кабыл алуу боюнча мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар же дискрециялык ыйгарым укуктар (кароо укугу) жок болсо, жоопкер-административдик органды тиешелүү административдик актыны кабыл алууга милдеттендирүү;

5) жоопкер - административдик органдын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;

6) жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) жараксыз деп таануу жөнүндө.

175-берене. Чечимдин мазмуну

1. Чечим киришүү, баяндоо, жүйөлөштүрүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

2. Чечимдин киришүү бөлүгүндө чечим чыгарылган убакыт жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы, процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү, талаш-тартыштын жүйөсү жана билдирилген талаптар көрсөтүлөт. Эгерде иш оозеки териштирүүсүз каралса, анда ушул факт көрсөтүлөт.

3. Чечимдин баяндоо бөлүгү доогердин талабына көрсөтмөнү, жоопкердин каршы пикирин жана процесстин башка катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүнүн маңызын камтууга тийиш.

4. Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттун тыянактары негизделген иш боюнча белгиленген фактылар, далилдер жана тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр;

2) сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

3) иштин белгиленген жагдайларын юридикалык баа берүү;

4) доонун негиздүүлүгү жагынан соттун тыянактары.

5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгү доону канааттандыруу же доодон толук бойдон же анын бир бөлүгүнөн баш тартуу тууралуу соттун тыянагын, чечимдин маңызын, соттук чыгымдарды бөлүштүрүүгө көрсөтмөнү, чечимге даттануунун мөөнөтүн жана тартибин камтууга тийиш.

6. Соттун чечими жазуу жүзүндө баяндалат жана ага төрагалык кылуучу кол коет. Чечимге административдик ишти жеке караганда - судья же административдик ишти сот коллегиялуу курамда караганда бардык судьялар кол коет.

176-берене. Чечимди жарыя кылуу, процесстин катышуучуларына чечимди берүү же жөнөтүү

1. Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат. Жүйөлөнгөн чечимдин көлөмүнө таянуу менен сот анын киришүү жана резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу.

2. Чечимди жарыя кылууда катышып отурган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Эгерде чечимдин көчүрмөсү өкүлгө тапшырылса, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга да тапшырылды деп эсептелет.

3. Чечимди жарыя кылууда катышпаган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү ал жарыя кылынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тапшырылганы жөнүндө кабарландырмасы менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде чечимдин көчүрмөсү ошондой эле өкүлгө жөнөтүлсө, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга тапшырылды деп эсептелет.

Чечим ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган эрежелер боюнча тапшырылды деп эсептелет.

177-берене. Кошумча чечим

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышкан жактардын арызы боюнча төмөнкү учурларда кошумча чечим чыгарышы мүмкүн:

1) эгерде каралган кайсы-бир талаптар боюнча чечим чыгарылбаган болсо;

2) эгерде сот укук жөнүндө маселени чечип, жоопкер жасоого милдеттүү болгон иш-аракеттерди көрсөтпөсө;

3) эгерде сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселелер чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлушу мүмкүн. Кошумча чечим соттук жыйналышта сот тарабынан маселе каралгандан кийин кабыл алынат жана ал даттанылышы мүмкүн. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселени кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Соттун кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндө аныктамасына жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

178-берене. Чечимдеги жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо

1. Иш боюнча чечим жарыялангандан кийин чечим чыгарган сот аны өзү жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуксуз.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын арызы боюнча чечимде кетирилген жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдойт. Оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе соттук жыйналышта, аныктама чыгаруу менен чечилет. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калуулары оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселелерди кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

179-берене. Чечимди түшүндүрүү

1. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда ишти чечкен сот процесстин катышуучуларынын арызы боюнча анын мазмунун өзгөртпөстөн, чечимди түшүндүрүүгө укуктуу.

2. Эгерде чечим аткарыла элек болсо жана анын мажбурлап аткарылышы мүмкүн болгон мөөнөт өтө элек болсо, аны түшүндүрүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калуулары чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

180-берене. Соттун чечиминин күчүнө кириши

1. Соттун чечими, эгерде ал даттанылбаган болсо, апелляциялык даттануу үчүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.

2. Апелляциялык даттануу берилген учурда, эгерде соттун даттанылып жаткан чечими жокко чыгарылбаган болсо, соттун чечими ушул даттануу сот тарабынан каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн жана жаңы чечим кабыл алынган учурда ал дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Чечим Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткарылат.

181-берене. Чечимди аткарууну кийинкиге жылдыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү

1. Чечим чыгарган сот административдик процесстин катышуучусунун арызы боюнча конкреттүү жагдайларды эске алуу менен чечимди аткарууну кийинкиге калтыра же мөөнөтүн узарта алат, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртө алат.

2. Арыздар бул тууралуу административдик процесстин катышуучуларын кабарлоо менен соттук жыйналышта каралат. Бул жактардын келбей калышы арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу тууралуу, ошондой эле чечимди аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

15-глава. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жана кайрадан улантуу

182-берене. Соттун иш боюнча өндүрүштү токтото туруу милдети

Сот иш боюнча өндүрүштү төмөнкү учурларда токтото турат:

1) эгерде талаш-тартыш болуп жаткан укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иш боюнча өз алдынча талаптар менен доогер же үчүнчү жак болгон адам өлгөндө, же мыйзамда белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланганда, ошондой эле иш боюнча тарап болгон административдик орган, юридикалык жак кайра уюшулганда - укук мураскери белгиленгенге чейин;

2) эгерде доогер же өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготсо - аракетке жөндөмсүз жакка камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

3) доогердин өкүлүн же болбосо өз алдынча талаптары бар үчүнчү жакты дайындоо же алмаштыруу зарыл болгондо - ишке мыйзамдуу өкүл киришкенге чейин;

4) Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн же аскердик түзүлүштөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө жүргөн доогер же өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак өтүнгөндө - Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу токтогонго чейин;

5) конституциялык, административдик, жарандык же жазык сот өндүрүшү тартибинде каралып жаткан башка иш чечилгенге чейин бул ишти кароо мүмкүн болбогондо - башка иш боюнча соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

6) ушул иште колдонулган же колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуулугу жөнүндө маселеде сот тарабынан айкын эместик табылганда жана ушул жүйө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына суроо-талап жөнөтүлгөндө - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы суроо-талапты караганга чейин;

7) чет өлкөлүк сотко же чет мамлекеттин башка компетенттүү органына соттук тапшырма менен укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылганда - тапшырмага жооп келип түшкөнгө чейин.

183-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото турууга соттун укугу

Соттун төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүштү токтото турууга укугу бар:

1) доогер же болбосо өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткарууга тартылып аскердик кызматта жүргөндө - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу же болбосо мамлекеттик милдетти аткаруусу аяктаганга чейин;

2) доогер же болбосо өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак дарылоо мекемелеринде болгондо же сотко келүүсүнө тоскоолдук кылган жана медициналык мекеменин маалымкаты менен ырасталган оорусу болгондо - дарылоо мекемесинен чыгарылганга же оорусу айыкканга чейин, бирок эки айдан ашык эмес мөөнөткө. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тарап өкүлүн дайындоого милдеттүү, ал эми сот ишти кароону кайрадан улантууга укуктуу;

3) сот тарабынан экспертиза дайындалганда - эксперт корутундусун бергенге чейин;

4) ченемдик укуктук актыларды чечмелөө боюнча мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий суроо-талап жиберилгенде. Кыргыз Республикасынын Конституциясын кошпогондо, ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк бөлүгүн расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ченем жаратуучу орган же ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу ушул актыны кабыл алган же чыгарган кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өзүнүн кароосуна ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жаткан мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты кабыл алганы жөнүндө кабарлоо алынганда - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы суроо-талапты караганга чейин.

2. Эгерде ишке катышкан жактар өкүлдөрдүн катышуусу менен административдик ишти жүргүзсө, сот административдик иш боюнча өндүрүштү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда убактылуу токтотпойт.

184-берене. Өндүрүштү токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасы

1. Өндүрүштү токтото туруу жөнүндө маселе боюнча жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.

2. Ушул Кодекстин 182-беренесинин 7-пунктунда жана 183-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.

185-берене. Өндүрүштү кайра баштоо

1. Иш боюнча өндүрүш анын токтото турулуусун пайда кылган жагдайлар четтетилгенден кийин процесстин катышуучуларынын арызы боюнча же соттун демилгеси боюнча кайра башталат.

2. Өндүрүштү кайра баштоодо сот аныктама чыгарат жана процесстин катышуучуларын ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө жалпы негизде кабарландырат.

16-глава. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

186-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

Сот төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүштү токтотот:

1) эгерде иш административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жана чечилүүгө тийиш болбосо;

2) эгерде доогер тарабынан ушул категориядагы иштер үчүн мыйзамда белгиленген талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуунун мүмкүнчүлүгү жоготулса;

3) эгерде ошол эле доогердин ошол эле жоопкерге карата, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болсо же иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө соттун аныктамасы болсо;

4) эгерде доогер доодон баш тартса жана баш тартуу сот тарабынан кабыл алынса;

5) эгерде тараптар жарашуу макулдашуусун түзсө жана ал сот тарабынан бекитилсе;

6) эгерде доогер же өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак болуп саналган жеке адам өлгөндөн кийин, талаш-тартышка түшүп жаткан укук мамилелери укукту мурастоого жол бербесе;

7) эгерде иш боюнча тарап болуп саналган юридикалык жак укук мурастоочуну аныктабастан жоюлса;

8) доогер доону кароону талап кылган учурларды кошпогондо, эгерде талаш-тартыш болуп жаткан административдик акт административдик орган тарабынан жокко чыгарылса, чыгарылбай калган акт чыгарылса, токтотулуп турган административдик акт аткарылса же аракетсиздикке даттануу учурунда аракет жасалса;

9) эгерде ишти соттук териштирүүгө даярдоо процессинде же талаш-тартышты маңызы боюнча кароо процессинде, арыз берилгенге чейин доону берүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетиши белгиленсе, ал калыбына келтирүүгө жатпаса же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартылса.

187-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун тартиби жана натыйжалары

1. Иш боюнча өндүрүш соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен токтотулат.

2. Иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда ошол эле доогердин ошол эле жоопкерге карата, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздерде сотко кайра кайрылуусуна жол берилбейт.

3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө соттун аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

4. Сот ушул Кодекстин 41-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда доогердин өтүнмөсү боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктаманы жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү калыбына келтирүүгө укуктуу.

17-глава. Административдик доону кароосуз калтыруу

188-берене. Соттун административдик доону кароосуз калтыруу милдети

Сот төмөнкү учурларда доону кароосуз калтырууга милдеттүү:

1) эгерде доогер мыйзамда белгиленген учурларда талаш-тартышты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чараларды көрбөсө жана мындай жөнгө салуунун мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) эгерде доо аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

3) эгерде доогердин атынан берилген доого кол коюуга же доо коюуга ыйгарым укугу жок адам тарабынан кол коюлса же берилсе;

4) эгерде ушул же башка соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш-тартыш боюнча иш болсо;

5) эгерде доогер маңызы боюнча чечим чыгарганга чейин доону кайрып берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылса.

189-берене. Соттун административдик доону кароосуз калтыруу укугу

Эгерде ишти угуунун датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган доогер же анын өкүлү соттук жыйналышка келбей коюшса жана ишти анын катышуусу жок эле өткөрүү жөнүндө билдиришпесе, сот доону кароосуз калтырууга укуктуу.

190-берене. Административдик доону кароосуз калтыруунун тартиби жана натыйжалары

1. Доо кароосуз калтырылган учурда сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат жана ал даттанылышы мүмкүн.

2. Доону кароосуз калтыруу үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин доогер жалпы тартипте сотко доо менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

18-глава. Соттун аныктамасы

191-берене. Аныктама чыгаруунун тартиби

1. Иш маңызы боюнча чечилбеген сот актысы аныктама формасында чыгарылат. Аныктама сот тарабынан өз алдынча процесстик документ түрүндө чыгарылат. Татаал эмес маселелерди чечүүдө сот аныктаманы соттук жыйналыштын протоколуна киргизүү жолу менен чече алат.

2. Аныктама кабыл алынгандан кийин токтоосуз жарыя кылынат.

3. Судьянын соттук жыйналыштан тышкары процесстик иш-аракеттери жөнүндө аныктама чыгарылат, ал өзүнчө процесстик документ түрүндө таризделет.

4. Соттун өз алдынча процесстик документ түрүндөгү аныктамасына ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.

192-берене. Аныктаманын мазмуну

1. Аныктамада төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) аныктаманын чыгарылган датасы жана орду;

2) аныктаманы чыгарган соттун аталышы, соттун курамы жана соттук жыйналыштын катчысы;

3) процесстин катышуучулары жана талаш-тартыштын жүйөсү;

4) аныктама чыгарууга негиз болгон маселе;

5) тыянак чыгарууда сот негизденген жүйөлөр жана сот жетекчиликке алган мыйзамдарга шилтемелер;

6) соттун маселени кароосунун натыйжалары боюнча тыянак;

7) эгер ал даттанылууга жатса, аныктамага даттануунун тартиби жана мөөнөтү.

2. Соттук жыйналыштын протоколуна киргизүү жолу менен кабыл алынган аныктама ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-6-пункттарында саналган маалыматтарды камтышы керек.

193-берене. Аныктаманын мыйзамдуу күчүнө кирүүсү

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, соттун аныктамасы, эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануунун мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Апелляциялык даттануу берилген учурда, эгерде ал жокко чыгарылбаса, апелляциялык инстанциянын соту ишти карагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Ушул Кодексте даттанылышы каралбаган соттун аныктамасы, аны кабыл алгандан кийин токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттун аныктамалары алар кабыл алынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

194-берене. Соттун жеке аныктамасы

1. Соттук жыйналыштыда мыйзамдын бузулган учурлары аныкталганда, сот жеке аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жеке аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өздөрү көргөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда күнөөлүү кызмат адамдарына ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салынышы мүмкүн. Мында айып пул салуу тиешелүү кызмат адамдарын соттун жеке аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо милдетинен бошотпойт.

3. Жеке аныктама даттанылышы мүмкүн.

195-берене. Процесстин катышуучуларына соттун аныктамасынын көчүрмөлөрүн жөнөтүү

Соттук жыйналышка келбей калган процесстин катышуучуларына иш боюнча териштирүүнү кийинкиге калтыруу тууралуу, өндүрүштү токтото туруу же токтотуу жөнүндө же болбосо арызды кароосуз калтыруу тууралуу соттун аныктамасынын көчүрмөлөрү, ошондой эле доону камсыз кылуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөлөрү аныктама чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

19-глава. Протоколдор

196-берене. Протокол жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү

Ар бир соттук жыйналыштын жүрүшүндө ошондой эле жыйналыштан тышкары оозеки териштирүүдө жасалган ар бир өз алдынча процесстик иш-аракеттер жөнүндө протокол түзүлөт.

197-берене. Протоколдун мазмуну

1. Соттук жыйналыштан тышкары жасалган соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракеттердин протоколу ишти териштирүү же өзүнчө процесстик иш-аракеттерди жасоо жөнүндө бардык олуттуу маалыматтарды чагылдырууга тийиш.

2. Соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;

2) соттук жыйналыш ачылган жана жабылган (башталган жана аяктаган) убакыт;

3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы жана соттук жыйналыштын катчысы;

4) иштин аталышы;

5) процесстин катышуучуларынын, алардын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин, котормочулардын келгени жөнүндө маалыматтар жана алардын ким экендиги тууралуу маалыматтар;

6) соттун (төрагалык кылуучунун) процесстин катышуучуларына, алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле котормочуга, экспертке, адиске, күбөгө алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүсү жөнүндө маалымат;

7) котормочу, эксперт, адис, күбө кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертилгени жөнүндө маалымат;

8) төрагалык кылуучунун буйруктары жана өзүнчө процесстик документ түрүндө кабыл алынбаган аныктамалар;

9) процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн арыздары, өтүнмөлөрү жана түшүндүрмөлөрүнүн негизги мазмуну;

10) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү, адистердин консультациялары жана түшүндүрмөлөрү;

11) соттук жыйналышта орун алган суроолордун жана жооптордун мазмуну;

12) жазуу жүзүндөгү далилдерди жарыя кылуу тууралуу, аудио жазууларды угуу, видео жазууларды көрүү жөнүндө жана буюм далилдерин кароо тууралуу маалыматтар;

13) сот ушул Кодекстин 66, 67 жана 134-беренелеринде каралган тартипте көрө турган чаралар жөнүндө маалыматтар;

14) соттук жарыш сөздөрдүн жана репликанын мазмуну;

15) прокурордун корутундусу;

16) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалыматтар;

17) чечимдерди жана аныктамаларды жарыя кылуу тууралуу маалыматтар;

18) процесстин катышуучуларына протокол менен таанышуу жана ага сын-пикирлерди берүү укуктарын түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар;

19) соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана видео жазуу каражаттарын, видеоконференцбайланыш тутумун жана (же) башка техникалык каражаттарды пайдалануу тууралуу маалыматтар;

20) протокол түзүлгөн дата.

198-берене. Протокол түзүү

1. Протокол соттук жыйналыштын катчысы тарабынан түзүлөт.

2. Протокол компьютердик, электрондук (санарип аудио жазууну кошуп алганда), машинкага басуу же кол менен жазуу ыкмалары менен түзүлөт.

3. Сот протоколду түзүүнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн соттук жыйналышта же болбосо жыйналыштан тышкары, өзүнчө процесстик иш-аракеттерди жасоодо аудио жана видео жазууларды пайдалана алат. Бул учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, анда булар колдонулганы жөнүндө белги коюлат. Соттук жыйналышка аныктап жазуунун кошумча материалдары соттук жыйналыштын протоколдоруна тиркелет жана иштин материалдары менен кошо сакталат.

4. Процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар тууралуу маалыматтарды протоколго киргизүү жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.

5. Протокол соттук жыйналыш аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана ага кол коюлууга тийиш.

6. Татаал иштер боюнча соттук жыйналыштын протоколун түзүү жана кол коюу кыйла узак мөөнөттө, бирок соттук жыйналыш аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. Чечимди же аныктаманы жарыя кылууда, протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө жарыяланат.

8. Протоколго соттук жыйналыштын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор айтылууга жана алардын колу менен тастыкталууга тийиш.

199-берене. Протоколго сын-пикирлер

1. Ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү протокол менен таанышууга жана ага кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде анда кетирилген так эместиктерди же анын толук эместигин көрсөтүү менен протоколго жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин берүүгө укуктуу.

2. Протоколдогу аягына чейин толтурулбаган саптар жана башка бош жерлери сызып салынат. Протоколдо өчүрүүлөргө жана боёолорго жол берилбейт.

200-берене. Протоколго сын-пикирди кароо

1. Протоколго сын-пикирлерди ага кол койгон судья - иш боюнча төрагалык кылуучу карайт, ал сын-пикирлерге макул болгон учурда алардын тууралыгын күбөлөндүрөт, ал эми аларга макул болбогондо, алардын толугу менен же айрым бөлүгү четке кагылганы тууралуу жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.

2. Сын-пикирлер бардык учурларда ишке тиркелет.

3. Протоколго сын-пикирлер алар берилген күндөн тартып беш күндүн ичинде каралууга тийиш.

IV БӨЛҮМ. ИШТЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

20-глава. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

201-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу

1. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечими, аракети (аракетсиздиги) менен шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктары бузулуп жатат деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка субъекти (шайлоочу, талапкер, саясий партия, алардын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, коммерциялык эмес уюм, байкоочулар) жоопкер турган жер боюнча биринчи инстанциядагы сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыз менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн депутаттар же фракциялар, ошондой эле бул кызмат ордуна талапкерлер кайрыла алат.

3. Участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттанылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат.

4. Сотко арыз өзүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон чечим кабыл алынган аракет (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып тез арада, бирок эки календарлык күндөн кечиктирбестен берилет.

5. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.

6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте кабыл алынган чечимдерге арыздар чечим кабыл алынган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.

7. Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт.

202-берене. Соттун арызды карап чыгышы

1. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыз сот тарабынан ал берилген күндөн тартып - үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн арыз дароо каралууга тийиш.

2. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, бирок добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

3. Арызды сот арыз ээсинин, аракеттери даттанылып жаткан тиешелүү шайлоо комиссиясынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо процессинин башка субъекттеринин өкүлүнүн катышуусу менен карайт. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгууга жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

203-берене. Соттун чечими, аны аткаруу жана даттануу

1. Арызды кароонун натыйжалары боюнча сот чечим чыгарат.

2. Сот арыздын негиздүүлүгүн белгилеп, талаш туудурган чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамга жат деп табат жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат.

3. Сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу болуп саналат деп белгилесе, арызды канааттандыруудан баш тартат.

4. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана аны мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана алардын кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.

5. Сот чыгарган жүйөлүү чечим дароо арыз ээсине, ишке катышкан жактарга, ошондой эле тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат.

6. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими чечим чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде кассациялык инстанциядагы сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

7. Даттанууну берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин даттануулар кабыл алынбайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра кайтарылат.

8. Кассациялык даттануу чечим чыгарган сот аркылуу берилиши мүмкүн. Даттанууну түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берүү даттанууну карап чыгуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

9. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттанууну иш кассациялык инстанцияга келип түшкөн күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен карайт.

10. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ал даттанылбайт.

21-глава. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин даттануу боюнча өндүрүш

(Главанын аталышы КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

204-берене. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин даттануу

1. Тартип жоопкерчилигине тартылган судья же болбосо Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына даттанууну же сунуштаманы берген, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы чечим кабыл алган учурда судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулду деп эсептеген жак (жактар) жоопкер турган жер боюнча сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз (даттануу) арыз ээсине чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып тез арада, бирок Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берилет.

3. Арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Сот кабыл алган соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жүйөлүү чечим арыз ээсине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлүнө тез арада тапшырылат.

4. Арыз (даттануу) сот тарабынан даттанууну берген жактын (жактардын), анын өкүлдөрүнүн, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, талашылып жаткан чечимди жараксыз деп табат жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим мыйзамдуу деп белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

6. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

205-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу

1. Соттун чечимине арыздар (даттануулар) менен арыз ээси, анын өкүлү, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлү кайрыла алат.

2. Соттун чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттанууну берүү Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы соттун чечимин аткаруусун токтотуп турат.

3. Соттун чечимине кассациялык даттануу чечим чыгарган сот аркылуу берилет.

4. Соттун кабыл алынган чечимдерине арыздар (даттануулар) чечимдер чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодекстин 25-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

5. Кассация тартибинде келип түшкөн арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү дароо тараптарга тапшырылат.

6. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттун чечимин жокко чыгара алат.

7. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ага даттанылбайт.

8. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-глава. Жарандык абал актыларынын жазууларынын туура эместиктерин аныктоо

206-берене. Арызды берүү

1. Эгерде жарандык абал актыларын жазуу органдары укук жөнүндө талаш жокто жүргүзүлгөн жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартса, сот жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги (акт китептериндеги) жазуулар туура эместигин белгилөө жөнүндө ишти карайт.

2. Жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндө арыз арыздын ээсинин жашаган жери боюнча сотко берилет.

207-берене. Арыздын мазмуну

Арызда жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги жазуулардын туура эместиги эмнеде экендиги, жүргүзүлгөн жазууга оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн качан жана кайсы жарандык абал актыларын жазуу органы тарабынан баш тартылганы көрсөтүлүүгө тийиш.

208-берене. Арыз боюнча соттун чечими

Жарандык абал актыларын каттоо китептериндеги жазуулардын туура эместиги белгиленген соттун чечими жарандык абал актыларын жазуу органдарынын ушундай жазууну оңдоосу же өзгөртүүсү үчүн негиз болуп саналат.

23-глава. Нотариалдык аракеттерди жасоого же аларды жасоодон баш тартууга арыздарды кароо

209-берене. Арыз берүү

1. Өзүнө карата жасалган нотариалдык аракетти же ушундай аракетти жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак бул жөнүндө нотариус же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы турган жер боюнча арыз берүүгө укуктуу.

2. Арыз он күндүк мөөнөттө сотко берилет, ал арыз ээсине жасалган нотариалдык аракет жөнүндө же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө белгилүү болуп калган күндөн тартып эсептелет.

3. Кызыкдар жактардын ортосунда келип чыккан жасалган нотариалдык аракетке негизделген талаш сот тарабынан жарандык иштер боюнча доо өндүрүшүнүн тартибинде каралат.

210-берене. Арызды карап чыгуу

Арызды сот арыз ээсинин, нотариустун же даттанылып жаткан нотариалдык аракетти жасаган же нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тарткан башка кызмат адамынын катышуусу менен карайт, бирок алардын келбей калышы ишти чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

211-берене. Арыз боюнча соттун чечими

Арызды канааттандырган соттун чечими жасалган нотариалдык аракетти жокко чыгарат же ушундай аракетти аткарууга милдеттендирет.

V БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫНА ДАТТАНУУ ЖАНА АЛАРДЫ КАЙРА КАРОО

24-глава. Апелляциялык инстанциядагы соттогу сот өндүрүшү

212-берене. Апелляциялык даттануу укугу

1. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген чечимдерине процесстин тараптары жана башка катышуучулары тарабынан апелляциялык инстанцияга даттанылышы мүмкүн.

2. Прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле, эгерде сот тарабынан жарандын жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган чечим кабыл алынган учурда, прокурор иштер боюнча апелляциялык сунуштама берүүгө укуктуу.

3. Ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар да апелляциялык даттанууну берүүгө укуктуу.

213-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет.

2. Эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, апелляциялык даттануу (сунуштама) сот тарабынан чечим жарыя кылынгандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык апелляциялык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Мында апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө сот тарабынан чечим жарыя кылынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен, каралып жаткан иш боюнча соттун чечимине апелляциялык даттануу менен бирге берилиши мүмкүн.

4. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө маселени кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат жана ал даттанылышы мүмкүн. Мында өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктамага даттануу (сунуштама) талаш-тартыштын маңызы боюнча апелляциялык инстанциядагы соттун сот актысына кассациялык даттануу (сунуштама) менен бирге берилиши мүмкүн.

5. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылганда, апелляциялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыз ээсине кайра кайтарылууга тийиш.

214-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө машинкага басылган текст түрүндө берилет.

2. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;

2) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо, телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн ошондой эле - анын катталган номери жана жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) процесстин башка катышуучуларынын аталышы жана алардын турган жери;

4) даттанылып жаткан чечимди көрсөтүү;

5) даттануу бүтүндөй чечимге же анын конкреттүү бөлүгүнө шилтеме жасоо менен анын айрым бөлүктөрүнө берилип жаткандыгын көрсөтүү;

6) биринчи инстанциядагы сот тарабынан туура эмес колдонулган материалдык укуктун ченемдерин же процесстик укуктун олуттуу бузулган ченемдерин көрсөтүү же болбосо далилдерди (жагдайларды) туура эмес баалоо эмнеде экендигин көрсөтүү;

7) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдын так көрсөтүлгөн өтүнүчү;

8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги.

3. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) даттанууну (сунуштаманы) берип жаткан жак кол коет. Өкүл тарабынан берилген апелляциялык даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелиши керек. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ушул юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.

4. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген жак процесстин башка катышуучуларына даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жөнөтөт.

5. Апелляциялык даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышкан жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.

6. Зарыл болгон учурда апелляциялык даттанууга (сунуштамага) мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу тууралуу арыз тиркелет.

7. Процесстик мөөнөт өткөрүп жиберилген учурда апелляциялык даттанууга өткөрүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз апелляциялык даттанууга тиркелет.

215-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чектери

1. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) доонун жүйөсүн же негизин алмаштырууга, ага биринчи инстанциянын сотунда билдирилбеген жаңы талаптарды кошууга уруксат берилбейт.

2. Төмөнкүлөр жаңы талаптар болуп эсептелбейт:

1) такталган талаптар;

2) доодогу айкын каталарды оңдоо;

3) иштин жүрүшүндө өзгөртүлгөн жагдайлардын натыйжасында укукту таануу талабын кодуланган укукту калыбына келтирүү талабы менен алмаштыруу.

216-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу соттор

Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) апелляциялык инстанциядагы соттор карайт.

217-берене. Апелляциялык инстанцияда ишти кароонун мөөнөттөрү

Апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча келип түшкөн иш ал апелляциялык инстанциянын сотуна келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде каралууга тийиш.

218-берене. Соттун апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийинки иш-аракеттери

1. Биринчи инстанциянын соту апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийин даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин ишти апелляциялык инстанциядагы сотко жиберүүгө жана бул тууралуу процесстин катышуучуларына кабарлоого милдеттүү.

2. Апелляциялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин иш соттон талап кылынышы мүмкүн эмес.

3. Процесстин катышуучулары, ошондой эле ушул Кодекстин 212-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар соттогу иштин материалдары, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (сунуштамалар) жана аларга каршы пикирлер менен таанышууга укуктуу.

219-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) төмөнкү учурларда даттанууну (сунуштаманы) берген жакка апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайра кайтарылат, эгерде:

1) апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу болбогон жак тарабынан берилсе;

2) даттануу мөөнөтү өтүп кетсе жана даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз болбосо;

3) апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 214-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптарын бузуу менен берилсе;

4) даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөнүнүн далилдери тиркелбесе;

5) даттануу (сунуштама) биринчи инстанциянын сотун аттап өтүү менен берилсе;

6) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдан даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө ал сотко келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат жана даттанууну (сунуштаманы) берген жакка тиркелген бардык документтери менен кошо тапшырат же жөнөтөт.

3. Даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтарууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин, даттанууну берген жак жалпы тартипте ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде апелляциялык даттануу (сунуштама) менен сотко кайрадан кайрылууга укуктуу.

4. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) процесстин катышуучуларына жиберилгендигинин далилдери жок болгон учурда, апелляциялык инстанциядагы сот ишти кайра кайрыбастан, даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди ишти угуунун датасы жөнүндө кабарлоо менен бирге процесстин катышуучуларына жиберет.

5. Даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

220-берене. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир

1. Процесстин катышуучулары бул каршы пикирди тастыктаган документтерди жана башка далилдерди тиркеп, процесстин катышуучуларынын санына жараша көчүрмөлөрү менен апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир берүүгө укуктуу.

2. Каршы пикирдин жана ага тиркемелердин көчүрмөлөрү процесстин катышуучуларына тапшырылат.

221-берене. Апелляциялык даттануудан баш тартуу же апелляциялык сунуштаманы кайра чакыртып алуу

1. Апелляциялык даттанууну берген адам сот актысы чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу. Прокурор сунуштаманы сот актысы чыгарылганга чейин кайра чакыртып алууга укуктуу.

2. Эгерде бул процесстин катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузбаса, даттануудан баш тартуу же сунуштаманы кайра чакыртып алуу сот тарабынан кабыл алынат.

3. Даттануудан баш тартылганда же сунуштама кайра чакыртып алынганда сот ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган даттануудан баш тартуунун же сунуштаманы кайра чакыртып алуунун кесепеттерин түшүндүрөт жана апелляциялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

4. Эгерде сот апелляциялык даттануудан баш тартылса же сунуштама чакыртып алынган учурда башка адамдын даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, анда баш тартуу же кайра чакыртып алуу билдирилген апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү токтотуучу аныктама чыгарат. Бул учурда апелляциялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

5. Апелляциялык даттануудан баш тартылган же сунуштама кайра чакыртып алынган жана аны сот кабыл алган учурда апелляциялык тартипте бул адам тарабынан сот актысына кайталап даттанууга жол берилбейт.

222-берене. Апелляциялык инстанциянын сотунда доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

1. Апелляциялык даттануу берилгенден кийин жасалган доогердин доодон баш тартуусу тууралуу билдирүүсү же тараптардын жарашуу макулдашуусу ушул Кодекстин 39 жана 41-беренелерине ылайык берилет. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик иш-аракеттеринин кесепеттерин түшүндүрөт.

2. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде, апелляциялык инстанция биринчи инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

223-берене. Ишти апелляциялык кароого карата даярдоо жана ишти кароого дайындоо

1. Иш апелляциялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга өткөрүп берилет.

2. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 219-беренесинде каралган негиздер болбогондо, апелляциялык инстанциядагы сотту өндүрүшүнө кабыл алынат, бул жөнүндө аныктама чыгарылат.

3. Судья-баяндамачы апелляциялык даттануу (сунуштама) өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде:

1) процесстин катышуучуларынын курамын айкындайт;

2) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктаманы алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат менен процесстин катышуучуларына жөнөтөт;

3) процесстин катышуучулары өздөрүнүн талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары шилтеме беришкен жагдайларды айкындайт;

4) процесстин катышуучулары тарабынан иштин кандай жагдайлары тааныларын жана кандай жагдайлары таныларын айкындайт;

5) процесстин катышуучуларына алар шилтеме кылышкан далилдерди берүүнү сунуш кылат же аларды апелляциялык даттануу (сунуштама) берген процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча талап кылып алат жана бул далилдер эмне үчүн биринчи инстанциянын сотуна берилбегенин айкындайт;

6) процесстин катышуучуларынын башка өтүнмөлөрүн чечет;

7) оозеки териштирүүнү өткөрүүсүз апелляциялык өндүрүштү жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

8) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароо үчүн зарыл болгон башка маселелерди чечет.

4. Ишти апелляциялык кароого даярдоо убагында судья-баяндамачы тарабынан кабыл алынган бардык сот актылары аныктама формасында кабыл алынып, анын көчүрмөлөрү процесстин катышуучуларына жөнөтүлөт.

5. Даярдык көрүү иш-аракеттерин жүргүзгөндөн кийин, судья-баяндамачы алар жөнүндө соттук коллегиянын курамына баяндайт, ал даярдык көрүүнүн аяктагандыгы жана ишти апелляциялык кароого карата дайындоо тууралуу аныктама чыгарат.

6. Апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарландырат.

Апелляциялык өндүрүш оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн жүзөгө ашырылган учурда, соттук коллегиянын курамы апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча кароонун натыйжалары боюнча сот актысын жарыя кылуу боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарлайт.

7. Процесстин катышуучуларынын ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган кимдир-бирөөсү соттук жыйналышка келбей калган учурда, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.

Ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу ишти териштирүүгө карата тоскоолдук болуп саналбайт. Эгерде процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылса, эгерде сот алардын келбей калуусунун себептеринин жүйөлүүлүгү тууралуу тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

8. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча кароонун натыйжалары боюнча сот актысын жарыя кылуу боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу сот актысын жарыя кылууга карата тоскоолдук болуп саналбайт.

224-берене. Ишти апелляциялык инстанциядагы соттун кароо тартиби

1. Апелляциялык инстанциядагы сот өз жыйналышында административдик ишти ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен биринчи инстанциядагы соттогу өндүрүштүн эрежелери боюнча карайт.

2. Дайындалган убакта төрагалык кылуучу соттук жыйналышты ачат жана кандай иш, кимдин даттануусу боюнча жана кандай соттун чечимине даттануу каралууга тийиштигин жарыялайт. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн кимиси келгенин айкындайт, келгендердин инсандыгын белгилейт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

3. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт жана процесстин катышуучуларына алардын четтетүү билдирүү укугун түшүндүрөт.

Четтетүү үчүн негиздер, билдирилген баш тартууну чечүүнүн тартиби жана мындай билдирүүлөрдү канааттандыруунун кесепеттери ушул Кодекстин 20-25-беренелери менен аныкталат.

4. Төрагалык кылуучу келбей калган процесстин катышуучулары жогунда ишти кароонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет, процесстин катышуучуларына алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5. Апелляциялык инстанцияда ишти териштирүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча процесстин катышуучуларынын арыздары жана өтүнмөлөрү сот тарабынан процесстин башка катышуучуларынын пикирлерин уккандан кийин чечилет.

6. Апелляциялык инстанцияда ишти кароо судья-баяндамачынын иштин жагдайларын, биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мазмунун, апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) жана ага каршы пикирлердин жүйө-далилдерин, сотко берилген жаңы далилдердин мазмунун баяндоосунан башталат.

7. Баяндамадан кийин сот процесстин катышуучуларынын жана (же) алардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угат. Биринчи болуп апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген жак жана (же) анын өкүлү сүйлөйт. Чечимге процесстин бир нече катышуучусу даттануу берген учурда, биринчи болуп доогер сүйлөйт.

8. Процесстин катышуучулары апелляциялык соттук жыйналышка келбей калган учурда, алар тарабынан даттанууга (сунуштамага) берилген жазуу жүзүндөгү каршы пикир жарыя кылынат.

9. Сот тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, зарылчылык болгондо, иште болгон далилдерди жарыя кылат жана жаңы далилдерди иликтейт. Далилдерди иликтөө биринчи инстанциянын соту үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

10. Тараптар күбөлөрдү чакыруу жана суракка алуу, башка далилдерди талап кылуу тууралуу өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.

11. Апелляциялык инстанциядагы сот өзүнүн сот актысынын негиздемесинде соттук жыйналышка чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суралган адамдардын сотто жарыя кылынган көрсөтмөлөрүнө таянууга укуктуу. Эгерде бул көрсөтмөлөр тараптар тарабынан талашка түшсө, анда аларды берген жактар апелляциялык инстанциянын сотунда суракка алынууга жатат.

12. Далилдерди иликтегенден кийин төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынан соттук териштирүүнү толуктоо боюнча аларда болгон өтүнмөлөр тууралуу сурамжылайт. Сот бул өтүнмөлөрдү чечкенден кийин соттук жарыш сөздөргө өтөт.

13. Соттук жарыш сөздөр ушул Кодекстин 166-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында жарыш сөздөрдө биринчи болуп даттануу (сунуштама) берген жак сүйлөйт. Чечимге процесстин бир нече катышуучусу даттануу берген учурда, биринчи болуп доогер сүйлөйт.

14. Апелляциялык инстанциянын сотунун жыйналышында төрагалык кылуучу соттук жыйналышта талаптагыдай тартипти камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.

15. Апелляциялык инстанциянын жыйналышында соттук жыйналыштын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Соттук жыйналыштын протоколуна тараптар тарабынан сын-пикирлер киргизилиши мүмкүн, алар төрагалык кылуучу тарабынан ушул Кодекстин 199 жана 200-беренелеринде каралган тартипте каралат.

225-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча сот актысын чыгаруу үчүн соттун чыгып кетүүсү

1. Соттук жарыш сөздөн, репликалардан, прокурордун корутундусунан кийин, эгерде булар бар болсо, сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу соттук жыйналыштын залында олтургандарга жарыя кылып, жүйөлүү сот актысы түзүлүп жана жарыя кылына турган датаны, убакытты жана орунду аныктайт. Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүүгө келбей калган процесстин катышуучулары ушул Кодекстин 176-беренесинде белгиленген тартипте жүйөлөштүрүлгөн сот актысын жарыялоо датасы, убактысы жана орду жөнүндө маалымдалат. Процесстин катышуучуларынын келбей калышы сот актысын жарыялоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

2. Жүйөлөштүрүлгөн сот актысы соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен түзүлөт. Апелляциялык инстанциядагы сот белгиленген күнү чыгарылган сот актысынын көлөмүнөн улам, анын киришүү жана резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу.

3. Сот актысын жарыя кылуу учурунда катышып олтурган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн сот актысынын көчүрмөсү түздөн-түз сотто кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде сот актысынын көчүрмөсү өкүлгө тапшырылган болсо, анда ал анын атынан иш алып баруучу адамга да тапшырылды деп эсептелет.

4. Сот актысын жарыя кылуу учурунда катышпаган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн сот актысынын көчүрмөсү аларга аны жарыя кылуу күнүнөн тартып үч күндүн ичинде тапшыруу жөнүндө билдирүү менен заказдык кат менен жиберилет. Эгерде сот актысынын көчүрмөсү ошондой эле өкүлгө жиберилсе, анда ал анын атынан иш алып баруучу адамга да жиберилди деп эсептелет.

Сот актысы ушул Кодекстин 176-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча тапшырылды деп эсептелет.

5. Эгерде сот актысын чыгаруу учурунда апелляциялык инстанциядагы сот иш үчүн мааниси бар жаңы кырдаалдарды айкындоону же колдо болгон жана жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп эсептесе, ал ишти маңызы боюнча кароону калыбына келтирет, бул жөнүндө аныктама чыгарылат, ал соттук жыйналыштын протоколуна киргизилүүгө тийиш. Бул учурда соттук жыйналыш ушул главада белгиленген тартипте улантылат.

226-берене. Ишти апелляциялык инстанцияда кароонун чектери

1. Ишти апелляциялык тартипте кароодо сот биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чегинде текшерет. Мында апелляциялык инстанция даттануунун (сунуштаманын) укуктук жүйө-далилдери менен байланыштуу эмес.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот жаңы фактыларды белгилөөгө жана жаңы далилдерди иликтөөгө, иштин материалдарында болгон далилдерге жаңы баа берүүгө укуктуу. Биринчи инстанциянын соту тарабынан белгиленген жана талашылбаган фактыны апелляциялык инстанциянын соту текшербей коё алат.

3. Апелляциялык инстанциядагы сотто биринчи инстанциянын соту тарабынан каралган талаптар гана каралат, буга байланыштуу доонун предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө, доонун негиздерин өзгөртүүгө, ошондой эле каршы доо коюуга жол берилбейт.

227-берене. Соттук чечимдин аткарылышын токтото туруу

Аткарылбаган же болбосо аткаруу баскычында турган биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу мөөнөтү калыбына келтирилген учурда, аппеляциялык инстанция аппеляциялык даттануу (сунуштама) чечилгенге чейин соттун чечиминин аткарылышын токтото турууга укуктуу.

228-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун доону камсыз кылуу чараларын көрүүсү

Ишке катышкан жактардын арызы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча доону камсыз кылууга карата чараларды көрө алат.

229-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну (сунуштаманы) - канааттандыруусуз калтырууга;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүндө өзгөртүүгө;

3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүндө жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга;

4) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга, же болбосо арызды кароосуз калтырууга;

5) биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жөнөтүүгө;

6) эгерде апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок жак тарабынан берилсе, апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча карабастан калтырууга.

230-берене. Соттун чечимин өзгөртүүгө карата негиздер

Биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүгө карата төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) ишти же болбосо маселени маңызы боюнча туура чечүү, бирок материалдык же процесстик укуктук ченемдерин жаңылыш колдонуу менен;

2) доо талаптарынын же маселелеринин баарысы чечилбегендиги.

231-берене. Соттун чечимин жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга карата негиздер

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга карата төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) иш үчүн мааниси бар жагдайларды толук эмес айкындоо;

2) сот белгиленген деп эсептеген, иш үчүн мааниси бар жагдайлардын далилденбегени;

3) соттун чечимде баяндалган тыянактарынын иштин жагдайларына ылайык келбегени;

4) материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу.

2. Материалдык укуктун ченемдери туура эмес колдонулган деп эсептелет, эгерде сот:

1) колдонулууга тийиш мыйзамды колдонбосо;

2) колдонууга жатпаган мыйзамды колдонсо;

3) мыйзамды туура эмес чечмелесе.

232-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды кароосуз калтыруу менен чечимди жокко чыгаруу

Биринчи инстанциядагы соттун чечими ушул Кодекстин 186, 188 жана 189-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды кароосуз калтыруу менен, апелляциялык тартипте жокко чыгарылууга тийиш.

233-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө карата негиз

1. Процесстик укуктун ченемдери олуттуу бузулган учурда, биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылууга, ал эми иш - жаңыдан кароого жөнөтүлүүгө жатат.

2. Процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузуу болуп саналат, эгерде:

1) иш сот тарабынан мыйзамсыз курамда каралса;

2) соттун чечимине судья кол койбосо же соттун чечиминде көрсөтүлгөн судьядан башка судья кол койсо;

3) иште соттук жыйналыштын протоколу жок болсо;

4) иш сот тарабынан соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылбаган, процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөнүн жогунда каралса, же болбосо буга процесстин катышуучуларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болбогондо, иш оозеки териштирүүнү жүргүзүүсүз каралса;

5) ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тил жөнүндө эрежелер бузулса;

6) иш ушул Кодексте белгиленген, ушул Кодекстин 15 жана 16-беренелеринде каралган ведомстволук жана сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен каралса.

3. Башка процесстик ченемдерди бузуулар болгондо, эгерде бул бузуулар ишти туура эмес чечүүгө алып келсе, соттук чечим ишти жаңыдан кароого жөнөтүү менен жокко чыгарылууга тийиш.

234-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы

1. Ишти кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциянын соту чечим же аныктама формасындагы сот актысын чыгарат.

2. Ушул Кодекстин 229-беренесинин 3-пунктунда каралган учурда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүндө алмаштырган чечим формасында чыгарылат.

Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

3. Ушул Кодекстин 229-беренесинин 1, 2, 4 жана 5-пункттарында каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан аныктама чыгарылат.

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 19-беренесине ылайык кабыл алынат.

5. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары алар чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

235-берене. Апелляциялык чечимдин (аныктаманын) мазмуну

1. Апелляциялык инстанциянын чечими (аныктамасы) киришүү, баяндоо, жүйөлөштүрүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

2. Апелляциялык инстанциядагы соттун апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө, ишти даярдоо жөнүндө, ишти даярдоонун жана апелляциялык кароого карата дайындоонун аяктаганы тууралуу аныктамасы киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечиминде (аныктамасында) ушул Кодекстин 175-беренесинин 2-5-бөлүктөрүндө эске алынган жагдайларга толуктоо иретинде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) киришүү бөлүгүндө:

а) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

б) сот актысынын кабыл алынган датасы жана орду;

в) апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жак жана ага кошулган жактар, ошондой эле ишке катышкан башка жактар;

г) апелляциялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы;

2) баяндама бөлүгүндө:

а) ишти биринчи инстанцияда караган соттун аталышы, сот актысынын чыгарылган датасы жана орду;

б) биринчи инстанциядагы сот актысынын маңызынын кыскача баяндалышы;

в) апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) далил-жүйөлөрү;

г) апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

д) апелляциялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышып отурган адамдардын түшүндүрмөлөрү;

3) жүйөлөштүрүү бөлүгүндө:

а) ишке катышкан жактар шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиз экенинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

б) сот актысын жокко чыгарганда же өзгөрткөндө - апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы соттун тыянактарына макул болбогон жүйөлөр;

в) иш боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн же болбосо доо арызын кароосуз калтыруу үчүн жүйөлөр;

г) жаңы чечим кабыл алууда - ал кабыл алынган жүйөлөр;

д) эгерде иш жаңы кароого берилсе, тараптар жана (же) сот тарабынан аткарылышы тийиш болгон иш-аракеттер;

4) резолюциялык бөлүгүндө:

а) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

б) мамлекеттик алымды кошкондо, тараптардын ортосунда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү;

в) апелляциялык инстанциядагы сот актысынын күчүнө кирүү мөөнөтү жана ага даттануунун тартиби.

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасында ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган жагдайлардан башка даттануунун (сунуштаманын) жүйө-далилдери негизсиз болуп таанылган жана биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө негиз болуп саналбаган жүйөлөр көрсөтүлүшү керек.

5. Апелляциялык инстанциядагы соттун сот актысы жазуу жүзүндө төрагалык кылуучу же башка сот тарабынан баяндалат жана ага соттук курамдын бардык судьялары, анын ичинде өзгөчө пикири бар судья кол коет.

236-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актыларындагы жаңылыш жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо

1. Апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 178-беренесинде белгиленген тартипте өзүнүн сот актыларында кетирилген жаңылыш жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдойт.

2. Сот актыларындагы жаңылыш жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо тууралуу соттун аныктамасына процесстин катышуучусу кассациялык тартипте жеке даттануу (сунуштама) бериши мүмкүн.

237-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун кошумча сот актысы

1. Апелляциялык инстанциядагы сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча кошумча сот актысын чыгара алат, эгерде:

1) далилдер берилген жана эгерде иш оозеки териштирүүдө каралганда процесстин катышуучулары түшүндүрмө беришкен иш боюнча талаптардын кайсы-бири боюнча чечим чыгара албай калса;

2) сот тарабынан аткарылышы тийиш болгон иш-аракеттер же доогерге же мамлекетке мамлекеттик алымдын ордун толтуруунун көлөмү аныкталбаса.

2. Кошумча сот актысын чыгаруу жөнүндө маселе чечим жарыя кылынган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө козголушу мүмкүн.

3. Кошумча сот актысын сот бул тууралуу процесстин катышуучуларын алдын ала кабарлоо менен, маселени соттук жыйналышта карагандан кийин чыгарат. Бул жактардын келбей калуусу кошумча сот актысын чыгаруу жөнүндө маселени чечүүгө карата тоскоолдук болбойт.

4. Кошумча сот актысы ушул главада белгиленген тартипте кабыл алынат, жана аны жарыя кылган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Кошумча сот актысы кассациялык тартипте сот актысы менен бирге даттанылышы мүмкүн. Соттун кошумча сот актысын чыгаруудан баш тартуу тууралуу аныктамасына карата кассациялык инстанцияга жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

238-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин түшүндүрүү

1. Апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 179-беренесинде белгиленген тартипте өзүнүн чечимин түшүндүрүп бере алат.

2. Соттун чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндө маселе боюнча аныктамасына карата кассациялык инстанцияга жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

239-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин аткаруу

1. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

2. Процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 181-беренесинде белгиленген тартипте соттун чечимин аткарууну кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн узартуу же аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу аныктама кабыл алат.

3. Соттун чечимин аткарууну кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн узартуу же аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү тууралуу соттун аныктамасына кассациялык инстанцияга жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

240-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жана кайра улантуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жана апелляциялык инстанциядагы сотто доону кароосуз калтыруу

Апелляциялык инстанциядагы сотто өндүрүш ушул Кодекстин 15, 16 жана 17-главаларында белгиленген тартипте токтотула турат, кайра улантылат же токтотулат, ал эми доо кароосуз калтырылат.

25-глава. Биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына даттануу

241-берене. Соттун аныктамаларына даттануу укугу

1. Биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына соттун чечиминен өзүнчө, процесстин катышуучулары тарабынан төмөнкү учурларда даттанылышы мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган;

2) эгерде соттун аныктамасы иштин жылышына тоскоолдук кылган.

2. Соттун калган аныктамаларына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы пикирлер апелляциялык же кассациялык даттанууга (сунуштамага) киргизилиши мүмкүн.

3. Даттанылууга жатпаган биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилген учурда, даттануу (сунуштама) сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө аныктама чыгарылуу менен, тиешелүүлүгүнө жараша биринчи инстанциядагы соттун судьясы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайтарылууга жатат. Судьянын (соттун) даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө аныктамасы даттанылышы мүмкүн.

4. Ушул главанын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) биринчи инстанциядагы соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө жана доону кароосуз калтыруу тууралуу аныктамасына;

2) апелляциялык инстанциядагы соттун ушул Кодекстин 229-беренесинин 1, 2, 4 жана 5-пункттарына ылайык чыгарылган аныктамасына.

242-берене. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү, тартиби

1. Биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына жеке даттануу (сунуштама), ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, соттун аныктамасы кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

2. Жеке даттануу (сунуштама) ушул аныктаманы чыгарган сотко берилет. Жеке даттануу (сунуштама) төмөнкүлөргө даректелет:

1) апелляциялык инстанциядагы сотко - биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына карата;

2) кассациялык инстанциядагы сотко - апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына карата.

3. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) кароо ушул Кодексте сот актыларына апелляциялык жана кассациялык даттануулар үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт.

243-берене. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) кароодо соттун ыйгарым укуктары

Сот жеке даттанууну (сунуштаманы) кароо менен, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) соттун аныктамасын - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну (сунуштаманы) канааттандыруусуз калтырууга;

2) аныктаманы толугу менен же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ишти аныктаманы чыгарган сотко жаңыдан кароого берүүгө;

3) аныктаманы толугу менен же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана маселени маңызы боюнча чечүүгө;

4) соттун аныктамасын жокко чыгарууга жана ишти аныктаманы чыгарган соттун жаңыдан кароосуна бербестен жаңы аныктама чыгарууга;

5) соттун аныктамасын өзгөртүүгө.

244-берене. Жеке даттануу боюнча кабыл алынган аныктаманын мыйзамдуу күчү

1. Жеке даттануу (сунуштама) боюнча кабыл алынган соттун аныктамасы аны жарыя кылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Жеке даттануу (сунуштама) боюнча кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына кассациялык (жеке) даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

26-глава. Кассациялык инстанциянын сотундагы өндүрүш

245-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциядагы сот болуп саналат жана ушул Кодексте белгиленген негиздерде жана тартипте укук ченемдерин колдонуунун тууралыгынын маселеси боюнча сот актыларын кайра карайт.

246-берене. Кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн болгон сот актылары

1. Ушул Кодексте көрсөтүлгөн биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.

Кассациялык инстанциядагы сот ошондой эле ушул Кодекске ылайык даттанылууга жатпаган кассациялык даттанууга (сунуштамага) киргизилген аныктамаларга каршы пикирлерди да карайт.

2. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген, апелляциялык тартипте даттанылбаган актылары кассациялык тартипте кайра каралууга жатпайт.

247-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүгө укугу бар жактар

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттануу (сунуштама) процесстин катышуучулары, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган, бирок сот алардын укуктарына жана милдеттерине карата сот актысын кабыл алган жактар, алардын өкүлдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.

2. Прокурор иштер боюнча кассациялык сунуштамаларды, прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле сот тарабынан жарандын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузган чечим кабыл алынган учурда берүүгө укуктуу.

248-берене. Кассациялык даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн мөөнөттөрү

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кассациялык даттануу (сунуштама), апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Талаштын маңызы боюнча эмес кабыл алынган апелляциялык инстанциянын сот актысына даттанылган учурда, кассациялык даттануу бир айлык мөөнөттө берилет.

3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтү, ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык, кассациялык инстанциядагы сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

4. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын сот актысында көрсөтүлөт.

5. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылган учурда, кассациялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыздануучуга кайрылып берилүүгө тийиш.

249-берене. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинкага басылган текст менен жазуу жүзүндө берилет.

2. Кассациялык даттануу (сунуштама) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышын;

2) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдын аты-жөнүн, анын жашаган жерин, эгерде андайлар бар болсо, телефондорунун, факсынын номерлерин, электрондук почтасынын дарегин, ал эми юридикалык жактар үчүн ошондой эле - анын катталган номерин жана жайгашкан жерин жана башка реквизиттерин;

3) процесстин башка катышуучуларынын аталышын, алардын турган жерин;

4) даттанылуучу сот актыларын көрсөтүүнү;

5) бүтүндөй сот актыларына даттануу берилгендигин же алардын конкреттүү бөлүктөрүнө шилтеме жасоо менен, алардын айрым бөлүктөрүнө берилгендигин көрсөтүүнү;

6) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардын соттору тарабынан туура эмес колдонулган материалдык укуктун ченемдерине же олуттуу бузулган процесстик укуктун ченемдерин көрсөтүүнү;

7) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдын так берилген суранычын;

8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмегин.

3. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) даттанууну (сунуштаманы) берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ошол юридикалык адамдын мөөрү менен ырасталат.

4. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген жак процесстин катышуучуларына даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген, аларда болбогон документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

5. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) мамлекеттик алымдардын төлөнгөнүнүн далилдери, ошондой эле даттануунун жана процесстин катышуучуларынын ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгендигинин далилдери тиркелиши керек.

6. Зарыл болгондо кассациялык даттанууга (сунуштамага) мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулгандыгы тууралуу билдирүү тиркелет.

7. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) процесстик мөөнөт өткөрүлүп жиберген учурда, кассациялык даттанууга өткөрүлүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө билдирүү тиркелет.

250-берене. Ишти кароонун чектери

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароодо кассациялык инстанциядагы сот иште болгон материалдар боюнча даттануунун (сунуштаманын) далилдеринин чектеринде биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун материалдык жана процесстик укуктардын ченемдерин колдонуусунун тууралыгын текшерет.

2. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануунун (сунуштаманын) юридикалык далилдери менен байланыштуу эмес жана мыйзамдуулуктун кызыкчылыктарында даттануунун (сунуштаманын) чектеринен чыга алат.

251-берене. Кассациялык инстанцияда ишти кароонун мөөнөттөрү

Кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча келип түшкөн иш ал кассациялык инстанциянын сотуна келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде кароого жатат.

252-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүү тартиби

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) сот актысын чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык даттануулар (сунуштамалар) боюнча кассациялык тартипте кароо үчүн тийиштүү соттон ишти талап кылууга укуктуу.

253-берене. Биринчи инстанциядагы соттун кассациялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийинки иш-аракеттери

Биринчи инстанциядагы сот кассациялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийин, даттануу (сунуштама) келип түшкөн күндөн тартып беш күндүн ичинде, процесстин катышуучуларын иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберилгендиги жөнүндө кабарлоо менен, ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберүүгө милдеттүү.

254-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну (сунуштаманы) берген адамга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет, эгерде:

1) даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе;

2) даттануу (сунуштама) кассациялык даттанууга белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;

3) даттанууда (сунуштамада) материалдык укук ченемдеринин туура эмес колдонулушу же болбосо процесстик укуктун олуттуу бузулушу эмнеде экендиги боюнча көрсөтмөлөр камтылбаса;

4) иш апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбосо;

5) даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;

6) кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу болбогон жак тарабынан берилсе.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенден кийин, кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чектеринде кайрадан даттануу (сунуштама) менен кайрылууга укуктуу.

3. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө аныктама иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн тартып жети күндөн кеч эмес мөөнөттө кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылат жана даттанууга (сунуштамага) тиркелген бардык документтер менен кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адамга тапшырылат же жөнөтүлөт.

255-берене. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алуу

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам сот актысы чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу.

2. Прокурор кассациялык сунуштаманы сот актысы чыгарылганга чейин чакыртып алууга укуктуу.

3. Даттануудан баш тартуу же сунуштаманы чакыртып алуу сот тарабынан кабыл алынат, эгерде кабыл алуу процесстин катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузбаса.

4. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартууда же кассациялык сунуштаманы чакыртып алууда, кассациялык инстанциядагы сот ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы чакыртып алуунун кесепеттерин түшүндүрөт жана иш боюнча кассациялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

5. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алган учурда, эгерде сот башка адамдын кассациялык даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, анда баш тартуу же чакыртып алуу билдирилген кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү токтоткон аныктама чыгарылат. Бул учурда кассациялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

6. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тарткан же кассациялык сунуштама чакыртылып алган учурда, сот актысына кассациялык тартипте ошол эле адам тарабынан кайталап даттанууга жол берилбейт.

256-берене. Кассациялык инстанциядагы сотто доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) берилгенден кийин жасалган доогердин доодон баш тартуусу же тараптардын жарашуу макулдашуусу тууралуу арыз ушул Кодекстин 39 жана 41-беренелерине ылайык берилет. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик аракеттеринин кесепеттерин түшүндүрөт.

2. Доогердин доодон баш тартуусу кабыл алынганда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде, кассациялык инстанция иш боюнча чыгарылган сот актыларын жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

257-берене. Сот актысынын аткарылышын токтото туруу

Даттануу (сунуштама) берген адамдын арызы боюнча кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу (сунуштама) чечилгенге чейин даттанылган сот актыларынын аткарылышын токтото турууга укуктуу.

258-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуунун тартиби

1. Иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга өткөрүп берилет.

2. Кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 254-беренесинде каралган негиздер болбогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өндүрүшүнө кабыл алынат.

Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө карата дайындоо жөнүндө аныктаманы кассациялык инстанциядагы сот иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн тартып, жети күндөн кеч эмес мөөнөттө чыгарат.

Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) процесстин катышуучуларына жиберилгендигинин далилдери болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишти кайтарбастан, процесстин катышуучуларына ишти кассациялык инстанциядагы сотто угуунун датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо менен бирге, даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

3. Процесстин катышуучулары жана кассациялык даттануу (сунуштама) менен кайрылган адамдар иштин материалдары, кассациялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин келтирүүгө укуктуу.

4. Процесстин катышуучуларына ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо ушул Кодекстин 10-главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

259-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо ушул главада каралган алып салуулар жана толуктоолор менен, ушул Кодекстин 24-главасынын эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда иштер соттун үч судьядан турган курамы менен каралат.

3. Кассациялык инстанциядагы сотто ишти кароодо, эгерде сот тарабынан башкача тартип аныкталбаса, иш боюнча баяндама менен судья-баяндамачы, андан кийин даттанууну (сунуштаманы) берген адам жана процесстин башка катышуучулары сүйлөйт. Сот андан кийин сот актысын жарыя кылуунун датасын жана убактысын жарыялап, сот актысын кабыл алуу үчүн чыгып кетет.

4. Эгерде кассациялык инстанциядагы сот ишти караган күнү сот актысын чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келе турган болсо, анда сот бул учурда сот актысын жарыя кылуу үчүн кошумча соттук жыйналышты дайындабастан, сот актысынын резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу. Мында жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн сот актысын түзүү он беш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

5. Ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылган процесстин катышуучуларынын кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка, ошондой эле сот актысын жарыя кылуусуна келбегендиги ишти териштирүүгө, сот актысын жарыя кылууга тоскоолдук болуп саналбайт.

260-берене. Кассациялык өндүрүштү токтото туруу

1. Кассациялык инстанциянын соту, ушул Кодекстин 182-беренесинин 7-пунктунда жана 183-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодекстин 182, 183-беренелеринде каралган негиздер боюнча кассациялык өндүрүштү токтото турат.

2. Токтотулуп турган кассациялык өндүрүш ушул Кодекстин 185-беренесине ылайык кайра жандандырылат.

261-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча ишти карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын күчүндө калтырууга;

2) иш боюнча чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө өзгөртүүгө;

4) биринчи же апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө жокко чыгарууга жана эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда катачылык кетирилсе, ишти жаңыдан кароого бербестен, жаңы чечим кабыл алууга;

5) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толугу менен же болбосо бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жөнөтүүгө;

6) эгерде кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок жак тарабынан берилсе, кассациялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча карап чыкпастан калтырууга;

7) ушул Кодекстин 186 жана 188-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актыларын толугу менен же бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга же доону кароосуз калтырууга.

2. Ишти жаңыдан кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтө алат.

262-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиздер

1. Укук ченемдерин олуттуу бузуу же болбосо туура эмес колдонуу, ошондой эле сот актысынын негизсиздиги сот актыларын кассациялык тартипте жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негиздери болуп саналат.

2. Сот актысы формалдуу түшүнүктөр боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

263-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча, ушул Кодекстин 261-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарына ылайык кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун актысы токтом формасында Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

Бардык башка учурларда кассациялык инстанциядагы соттун актысы аныктама формасында кабыл алынат.

2. Кассациялык инстанциядагы сот актылары ушул Кодекстин 19-беренесине ылайык кабыл алынат.

264-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мазмуну

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары киришүү, сыпаттоо, жүйөлөштүрүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө карата дайындоо жөнүндө соттун аныктамасы киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

2. Киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

2) сот актысы кабыл алынган датасы жана орду;

3) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам жана ага кошулган адамдар, ошондой эле процесстин башка катышуучулары;

4) кассациялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы.

3. Сыпаттоо бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) ишти биринчи жана апелляциялык инстанцияларда караган соттун аталышы, сот актысынын чыгарылган датасы жана орду, ишти караган судьялардын курамы; биринчи жана апелляциялык инстанциялардын актысынын маңызынын кыскача баяндалышы;

2) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) далилдери;

3) кассациялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

4) кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү.

4. Жүйөлөштүрүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) процесстин катышуучулары шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиз экендигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

2) сот актысын жокко чыгарууда же өзгөртүүдө - сот биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун тыянактары менен макул болбогон жүйөлөр;

3) эгерде иш жаңыдан кароого берилсе, тараптар жана/же сот тарабынан аткарууга тийиш болгон аракеттер.

5. Резолюциялык бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

2) мамлекеттик алым кошулган соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү.

6. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун актылары ушул соттордун актыларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча күчүндө калтырылган учурда, кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн чечимин жүйөлөштүрүүгө милдеттүү эмес. Мында кассациялык инстанциядагы сот даттанылган сот актыларын туура, мыйзамдуу жана негизделген деп эсептей тургандыгын көрсөтөт.

7. Кассациялык инстанциядагы сот жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо тууралуу маселени кароого, ошондой эле ушул Кодекстин 177, 178 жана 237-беренелерине ылайык кошумча токтом чыгарууга укуктуу.

265-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мыйзамдуу күчү

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт.

2. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларында камтылган көрсөтмөлөр ишти кайтадан кароочу сот үчүн милдеттүү болуп саналат.

266-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жеке аныктамасы

Ишти караган Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ушул Кодекстин 194-беренесинде каралган негиздер болгондо, кассациялык тартипте жеке аныктама чыгарууга укуктуу.

27-глава. Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароо

267-берене. Сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо

Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча процесстин катышуучусунун арызынын (сунуштамасынын) негизинде кайра каралышы мүмкүн.

268-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

1. Кайтадан ачылган жагдайлар - маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда болгон, арыздануучуга белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн эмес жагдайлар.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ, талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда арыздануучуга жана (же) сотко белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн болбогон документ;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленген, мыйзамсыз же негизсиз сот актысынын токтом кылынышына алып келген, күбөнүн же адистин билип туруп берген жалган көрсөтмөсү, эксперттин билип туруп берген жалган корутундусу, билип туруп жасаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдай далилдердин жасалмалыгы;

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган, адамдын жасаган кылмыштуу жосундарынын натыйжасында кабыл алынган мыйзамсыз же негизсиз сот актысы;

4) соттун же болбосо административдик органдын талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын чыгаруусуна негиз болгон сот актысын жокко чыгаруу.

269-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

1. Жаңы жагдайлар - бул мыйзамдуу күчүнө кирген, талаш-тартыш болуп жаткан сот актысы кабыл алынгандан кийин келип чыккан жагдайлар.

2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде кайра кароого башка тоскоолдуктар болбосо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан талаш-тартыш болуп жаткан сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбегендигин таануу;

2) талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын алып чыгууга негиз болгон соттун же болбосо башка административдик органдын актысын жокко чыгаруу;

3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган конкреттүү иштер боюнча чечими. Мындан административдик процесс кайра жаңыдан башталууга тийиш экендиги келип чыгат;

4) соттун конкреттүү иш боюнча чечим кабыл алуусуна негиз болгон укук ченемдерин колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому.

270-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароочу соттор

1. Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары ошол актыларды кабыл алган сот тарабынан кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралат.

2. Сот чечимин өзгөрткөн апелляциялык жана кассациялык инстанциялар сотунун кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо тиешелүүлүгүнө жараша апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттор тарабынан жүргүзүлөт.

271-берене. Арыз (сунуштама) берүү

Кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) процесстин катышуучулары тарабынан биринчи инстанция боюнча кайра кароо үчүн кызмат кылган жагдайлар белгиленген күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан кеч эмес мезгилде ишти караган сотко берилет.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун Конституциялык палатасынын чечими 2019-жылдын 26-июлу №09-р

 

272-берене. Кайтадан ачылган жагдайларды же жаңы жагдайларды кайра кароо жөнүндө арызга (сунуштамага) карата талаптар

1. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатуучу сот актысын так көрсөтүүнү;

2) арыз (сунуштама) берүү үчүн ушул Кодекстин 268 жана 269-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерди көрсөтүүнү;

3) арыз (сунуштама) берүү мөөнөтүнүн сакталгандыгы жөнүндө маалыматты;

4) жагдайларды кайтадан ачылган же жаңы деп таануу, сот актысын жокко чыгаруу жана ишти кайра кароо өтүнүчүн.

2. Арызга (сунуштамага) ал негизделген документтердин түп нускалары же болбосо талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.

3. Арыздануучу өзүнүн арызынын (сунуштамасынын) көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди процесстин катышуучуларына жиберүүгө милдеттүү.

273-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) берүү үчүн мөөнөттү эсептөө

Арыз берүү үчүн мөөнөт төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон документ табылган күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда;

2) жазык иши боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда;

3) талаш-тартыш болуп жаткан сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун, же болбосо административдик органдын актысы жокко чыгарылган сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда;

4) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, сот актысы негизделген мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими расмий жарыяланган күндөн тартып;

5) кайра каралып жаткан сот актысы негизделген соттун же болбосо административдик органдын актысына өзүнүн мазмуну боюнча карама-каршы келген соттун же административдик органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып, ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда;

6) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралган конкреттүү иштер боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген (кабыл алынган) күндөн тартып;

7) ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому расмий жарыяланган күндөн тартып.

274-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арызды (сунуштаманы) кайтарып берүүгө негиздер

Сот арызды (сунуштаманы) төмөнкүдөй учурларда кайтарып берет, эгерде:

1) арыздын (сунуштаманын) мазмуну ушул Кодекстин 269-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбесе;

2) арызга (сунуштамага) процесстин катышуучуларына арыздын (сунуштаманын) жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгенин тастыктаган далилдер тиркелбесе;

3) арыз (сунуштама) ушул Кодекстин 271-беренесинде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө камтылбаса;

4) арыз (сунуштама) процесстин катышуучусу тарабынан берилбесе;

5) арызга (сунуштамага) кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам тарабынан, же болбосо кызматтык абалы көрсөтүлбөгөн адам тарабынан кол коюлса;

6) арызды (сунуштаманы) берген адамдан аны чакырып алуу тууралуу арыз (сунуштама) келип түшсө.

275-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) кароо

Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) сот ал келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө соттук жыйналышта карайт. Арыздануучу жана процесстин башка катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат, бирок алардын келбегендиги арызды (сунуштаманы) кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

276-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы

1. Сот кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) карап чыгып, арызды (сунуштаманы) канааттандырат жана сот актысын жокко чыгарат, же болбосо кайра кароодон баш тартат.

2. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) канааттандыруу тууралуу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун аныктамаларына ушул Кодекстин 24-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) канааттандыруу тууралуу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанылбайт.

4. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) канааттандырылган учурда иш сот тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жалпы негиздерде каралат.

28-глава. Сот актыларын аткаруу

277-берене. Сот актыларын аткаруу

1. Сот актылары мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

2. Аткаруу барагы жоопкерди административдик актыны кабыл алууга же айрым аракеттерди жасоого милдеттендирген соттун чечиминин негизинде, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда берилет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев