Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

 

2017-жылдын 25-январы № 14

(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылдын 1-июлунан колдонууга киргизилет)

 

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 , 2019-жылдын 17-майындагы N 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1 БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Негизги жоболор

1-берене. Жарандык сот өңдүрүшү жөнүндө мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасынын сотторундагы жарандык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Башка мыйзамдарда жана бөлөк ченемдик укуктук актыларда камтылган жарандык процесстик мыйзамдардын нормалары ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.

3. Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароонун жана чечүүнүн, айрым процесстик аракеттерди жасоонун же сот актыларын же башка органдардын актыларын аткаруу убагында колдонууда болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:

1) адвокат - адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны;

2) апелляциялык даттануу (сунуштама) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан апелляциялык инстанциядагы сотко берилүүчү даттануу же сунуштама;

3) жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралуучу, кызыкдар жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде экономикалык иштер;

4) мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, асырап алуучусу, камкорчусу, көзөмөлчүсү, ошондой эле ал камкордугунда турган уюмдардын жана жактын өкүлдөрү;

5) доо арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен сакталуучу кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар адам тарабынан сотко берилген процесстик документ;

6) кассациялык даттануу (талап) - биринчи, аппеляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышуучу жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясына берилүүчү даттануу же сунуштама;

7) ишке катышуучу жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу же корутунду берүү үчүн процесске кошулуучу жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүш иштери боюнча кызыкдар жактар;

8) медиация - медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында макулдашуу аркылуу укуктук талашты жөнгө салуунун жол-жобосу;

9) медиатор - медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам берүүчү көз карандысыз жеке жак;

10) медиациялык макулдашуу - медиациянын натыйжасында тараптар жетишкен, тараптардын укуктук талашты жөнгө салуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү макулдашуусу;

11) областтык сот - областтык соттор жана Бишкек шаардык соту;

12) төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же болбосо ишти жеке өзү кароочу судья;

13) сунуштама - прокурордун сот актысына карата даттануусу;

14) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Аскер прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуралардын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенүүчү прокурорлору;

15) протокол - сот жыйналышында жүргүзүлгөн бардык процесстик аракеттер катталуучу процесстик документ;

16) райондук сот - райондук жана ага теңдештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, областтын жана Бишкек шаарынын райондор аралык соту);

17) тараптар - жарандык сот өндүрүшүндө укуктардын теңдиги жана атаандаштык башталышта чыгуучу органдар жана адамдар;

18) сот - жарандык ишти биринчи инстанцияда, апелляция тартибинде, кассация тартибинде кароочу судья, соттук коллегиянын курамы;

19) сот актысы - сот тарабынан ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлүүчү жана жарандык ишти маңызы боюнча чечүүчү же болбосо жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүүчү сот актысы (чечим, аныктама, токтом, буйрук);

20) судья - ишти кароочу кайсы болбосун соттун кесипкөй судьясы, соттун төрагасы, төрагасынын орун басары;

21) биринчи инстанциядагы сот - сот жыйналышында иштин жагдайын тикелей аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга ыйгарым укугу бар сот;

22) апелляциялык инстанциядагы сот (экинчи инстанциядагы сот, апелляциялык инстанция) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек актысына карата апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, областтык соттун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;

23) кассациялык инстанциядагы сот (кассациялык инстанция) - биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына карата кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;

24) жекече даттануу (сунуштама) - процесске катышуучулар тарабынан соттун аныктамасына же судьянын токтомуна карата берилүүчү даттануу же сунуштама;

25) жекече аныктама - сот чыгаруучу, иш боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болуучу жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылуучу себептерге жана шарттарга сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруучу аныктама.

3-берене. Жарандык сот өндүрүшүнүн максаттары жана милдеттери

1. Жарандардын жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык, эмгектик же башка укук мамилелеринин субъекттери болуп саналган башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо жарандык сот өндүрүшүнүн максаты болуп эсептелет.

2. Жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү, мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу, мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүсү керек.

4-берене. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу

1. Кызыкдар кайсы болбосун жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз болот.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бөлөк органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эгерде мыйзамдарда белгилүү бир категориядагы иштер үчүн сотко чейинки жөнгө салуунун тартиби белгиленсе же болбосо ушундай тартип келишимде каралса, мындай иштер ушул тартип сакталгандан кийин гана соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.

5-берене. Сотто жарандык ишти козгоо

1. Сот жарандык ишти өз укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар жактын арызы боюнча козгойт.

2. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда жарандык иш башка жактын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоону көздөгөн жактын арызы боюнча козголушу мүмкүн.

6-берене. Сот адилеттигин сот тарабынан жүзөгө ашыруу

1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги соттор тарабынан гана, жарандык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышууга укуктуу.

7-берене. Мыйзам жана сот алдында баарынын теңдиги

Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, башка жагдайларына карабастан бардык жарандардын, ошондой эле менчигинин формасына, турган жерине, баш ийгендигине, башка жагдайларына карабастан бардык юридикалык жактардын мыйзам жана сот алдында теңдигинин башталыштарында жүзөгө ашырылат.

8-берене. Жарандык иштерди жеке өзү жана коллегиялуу кароо

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо жарандык иштерди судья жеке өзү биринчи инстанция боюнча карайт.

2. Областтык соттун соттук коллегияларында жарандык иштер апелляциялык тартипте, үч судьядан турган соттук курам тарабынан коллегиялуу түрдө каралат.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштерди кассациялык тартипте кароону соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамы жүзөгө ашырат.

9-берене. Судьялардын көз карандысыздыгы

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.

2. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленет.

3. Судьялар жарандык иштерди бөтөн таасирди жокко чыгаруучу шарттарда карайт жана чечет. Судьялардын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка органдардын, кызмат адамдарынын, жарандардын, юридикалык жактардын кайсы болбосун кийлигишүүсүнө жол берилбейт жана ал мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

10-берене. Сот адилеттигин тараптардын атаандашуучулугунун жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашыруу

1. Жарандык иштер боюнча сот адилеттиги тараптардын атаандашуучулугунун жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен процессти жетектөөнү жүзөгө ашырат, ишке катышуучу жактарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, жарандык иштерди чечүүдө далилдерди ар тараптуу жана толук иликтөө, жагдайларды белгилөө жана мыйзамдарды туура колдонуу үчүн шарттарды түзөт.

11-берене. Жарандык сот өндүрүшүнүн диспозитивдүүлүгү

Сот жарандык иштерди кызыкдар жактардын ушул Кодекске ылайык берилген кайрылуусу боюнча, алар билдирген талаптардын чегинде жана тараптардын жана ишке катышып жаткан башка жактардын далилдеринин негизинде гана карайт. Ишке катышып жаткан жак талаштын предметине карата өзүнүн укуктарын өз ыктыяры боюнча тескейт.

12-берене. Сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил

1. Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.

3. Сот актылары ишке катышуучу адамдарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылат.

Ишке катышуучу адамдар чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркөө менен берет.

13-берене. Соттук териштирүүнүн айкындыгы

1. Ишти териштирүү бардык соттордо ачык болот. Эгерде алар ишке катышуучу жактар же күбөлөр болуп саналбаса, он алты жашка чыга элек жарандарга соттун жыйналышына кирүүгө жол берилбейт.

2. Ишке катышуучу жактар же соттун ачык жыйналышына катышып жаткан кайсы болбосун кызыкдар жак соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же аудио жазуу каражаттарынын жардамы менен каттап турууга укуктуу. Соттун жыйналышын киного жана фотосүрөткө, видеого, аудиого жазып алууга, радио жана теле берүү аркылуу тикелей алып берүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.

Жабык сот жыйналышын киного жана фотосүрөткө, видеого, аудиого жазып алуу соттун уруксаты менен жүргүзүлөт. Жабык сот жыйналышын радио- жана телеберүү аркылуу тикелей алып берүүгө жол берилбейт.

3. Жабык сот жыйналышында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ишке катышуучу жактын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоонун, жарандардын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкууланышы иштин туура каралышына жолтоо болуучу башка жагдайларга шилтеме кылган өтүнмөсү канааттандырылганда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.

4. Жабык сот жыйналышында ишти кароо жана чечимди жарыялоо жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда жабык сот жыйналышына катышуучу жактарга ишти кароодо белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө сот тарабынан эскертилгендиги тууралуу көрсөтүлөт.

5. Ишти жабык сот жыйналышында териштирүүгө иштин катышуучулары, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар катышат.

6. Жабык сот жыйналышында иш жарандык сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен каралат жана чечилет.

7. Соттун чечими бардык учурларда ачык жарыяланат, ал эми жабык жыйналышта каралган иштер боюнча соттун чечиминин резолюциялык бөлүгү тараптардын макулдугу менен ачык жарыяланат.

14-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги

1. Сот ишти маңызы боюнча кароодо иш боюнча далилдерди тикелей иликтөөгө: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюмдук далилдерди кароого, аудио жана видео жазууларды угууга жана көрүүгө милдеттүү.

2. Иш боюнча далилдерди иликтөөдө сот адистин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн угат.

3. Ишти териштирүү оозеки жана соттордун өзгөрүүсүз курамында өтөт. Ишти кароо процессинде судьялардын бири алмашкан учурда териштирүү башынан жүргүзүлүүгө тийиш.

15-берене. Жарандык иштерди чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар

1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү.

2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок.

3. Талаш маселелерди жөнгө салуучу укук нормалары болбогон учурда, сот аларга окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларын колдонот (мыйзамдардын аналогиясы), ал эми андай нормалар болбогон учурда, ишти жарандык процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына, маанисине жана принциптерине (укуктун аналогиясы) жана ак ниеттүүлүк, акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк талаптарына жараша чечет.

4. Сот мыйзамга же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык иштерди кароодо жана чечүүдө эл аралык укуктун нормаларын колдонот.

5. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселелерди чечүү сотко калтырыла тургандыгы каралса, сот бул маселелерди адилеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк критерийлерине жараша чечүүгө милдеттүү.

16-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү

1. Сот жарандык иштер боюнча сот актыларын чечим, буйрук, аныктама жана токтом формасында кабыл алат.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар, кызмат адамдары жана жарандар, менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кыйшаюусуз аткарылууга жатат.

3. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарбоо, ага тете эле сотту урматтабоонун кайсы болбосун башка көрүнүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

4. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпоочу кызыкдар жактарды өздөрүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

2-глава. Соттун курамы. Четтетүүлөр

17-берене. Соттун курамы

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, ушул Кодекстин 8-беренесине ылайык биринчи инстанция боюнча иштерди судьялар жеке өздөрү карайт. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.

2. Жарандык жана экономикалык иштер апелляциялык инстанциядагы соттордо үч судьядан турган курамындагы соттук коллегия тарабынан каралат.

3. Жарандык жана экономикалык иштер кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда үч судьядан турган соттук курам тарабынан каралат.

4. Иштерди кароодо бардык судьялар тең укуктардан пайдаланат.

18-берене. Соттун коллегиялык курамда маселе чечүүсүнүн тартиби

1. Сот тарабынан коллегиялык курамда иштерди кароодо келип чыгуучу бардык маселелерди судьялар көпчүлүк добуш менен чечет. Судьялардын эч кимиси добуш бербей коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

2. Көпчүлүктүн чечимине макул эмес судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт.

19-берене. Судьяны четтетүү

1. Судья төмөнкүдөй учурларда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:

1) эгерде ал ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болуп саналса;

2) эгерде ал жеке өзү, тикелей же кыйыр түрдө иштин жыйынтыгына кызыкдар болсо;

3) эгерде ал бул ишти мурдагы кароодо прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, сот жыйналышынын катчысы катары катышса.

2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара туугандыкта турган адамдар кире албайт.

20-берене. Судьянын ишти кароого кайрадан катышуусуна жол берилбестик

1. Ишти кароого катышкан судья башка инстанциядагы сотто бул ишти кароого катыша албайт.

2. Ишти биринчи же экинчи инстанцияда кароого катышкан судья ушул эле ишти ушул эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары иштерди жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча караган учурларга, ошондой эле ишти чечим чыгаруусуз мурдагы караган учурларга карата жайылтылбайт.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын бул ишти ушул эле тартипте кароого кайрадан катышуусуна жолтоо болуп саналбайт.

21-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, сот жыйналышынын катчысын четтетүү үчүн негиздер

1. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер экспертке, адиске, котормочуга, сот жыйналышынын катчысына да жайылтылат.

Мындан тышкары, эксперт же адис төмөнкүдөй учурларда ишти кароого катыша албайт:

эгерде алар ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнө кызматтык же башка көз карандылыкта турса же мурда турса;

эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болгон же болбосо жарандык ишти кароодо колдонулган текшерүүнү жүргүзсө.

2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана сот жыйналышынын катчысынын ушул эле ишти мурдагы кароодо тиешелүүлүгүнө жараша эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы катары катышкандыгы аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында прокурордун бул ишти мурдагы кароодо прокурор катары катышкандыгы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

22-берене. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жөнүндө билдирүү

1. Ушул Кодекстин 19, 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 19-беренесинде жана 21-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү.

Ишке катышуучу башка жактар тарабынан да ушундай эле негиздер боюнча четтетүү билдирилиши мүмкүн.

2. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жүйөлөнүшү жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилиши керек. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн өзү четтетүүсүн жөнүндө билдирүүнү кароого четтетүүнүн же өзүн өзү четтетүүнүн негизи иш кароо башталгандан кийин сотко же четтетүүнү же өзүн өзү четтетүүнү билдирүүчү жакка белгилүү болгон учурда гана жол берилет.

3. Судьяны жана процесстин башка катышуучуларын четтетүү жөнүндө негизделбеген билдирүү канааттандырылууга жатпайт.

23-берене. Билдирилген четке кагууну же өзүн өзү четке кагууну чечүүнүн тартиби

1. Четтетүү билдирилген учурларда сот ишке катышуучу жактардын пикирин угат, ошондой эле, эгерде четтетилүүчү түшүндүрмө берүүнү кааласа, четтетүү билдирилген жакты угат.

2. Ишти сот тарабынан коллегиялык курамда кароодо судьялардын бирин четтетүү жөнүндө маселени калган судьялар четтетүү билдирилген судьянын катышуусуз чечет. Четтетүү үчүн жана четтетүүгө каршы берилген добуштар тең санда болгондо судья четтетилди деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүткүл курамына билдирилген четтетүү ушул эле сот тарабынан толук курамда, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.

3. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну жана сот жыйналышынын катчысын четтетүү жөнүндө билдирүү ишти карап жаткан сот тарабынан, жүйөлөнгөн аныктама чыгаруу жолу менен чечилет.

4. Эгерде бир эле убакта судьяны, прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну же сот жыйналышынын катчысын четтетүү билдирилсе, биринчи кезекте судьяны четтетүү жөнүндө билдирүү чечилет.

5. Судьяны четтетүү жөнүндө билдирүүнү кароонун натыйжалары боюнча билдирүүнү канааттандыруу жөнүндө же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат. Билдирилген четтетүүнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама даттанылышы мүмкүн. Жекече даттануу (сунуштама) соттун каралган иш боюнча чечимине апелляциялык даттануу менен бир убакта берилет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптары экинчи инстанциядагы соттун четтетүү жөнүндө аныктамаларын даттануунун тартибине жайылтылат.

24-берене. Четтетүү (өзүн өзү четтетүү) жөнүндө билдирүүнү канааттандыруунун натыйжалары

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан судья четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштырууга мүмкүн болбосо, иш биринчи инстанциядагы башка сотко жогору турган сот аркылуу берилет. Экономикалык иштер боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу берилет.

2. Ишти апелляциялык, кассациялык инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген (өзүн өзү четтеткен) учурда иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.

3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 19-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык инстанциядагы сотто бул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле инстанциядагы башка сотко берилиши керек.

3-глава. Ведомстволук караштуулук

25-берене. Жарандык иштердин сотторго ведомстволук караштуулугу

Конституциялык жана администрациялык сот өндүрүшүнө таандык кылынган иштерди кошпогондо, соттор бардык иштерди жарандык сот өндүрүшү тартибинде карайт.

26-берене. Талашты аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жарандык иш тараптардын макулдашуусу боюнча аксакалдар сотунун чечүүсүнө өткөрүп берилиши мүмкүн.

27-берене. Талашты бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, сотко ведомстволук караштуулуктагы талаш биринчи инстанциядагы сотто чечим кабыл алынганга чейин тараптардын макулдугу менен бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.

4-глава. Сотко караштуулук

28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу

1. Райондор аралык сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот.

2. Райондор аралык сот төмөнкүдөй экономикалык иштерди карайт:

1) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактын түзүүчүлөрүнүн өз ара талаштары боюнча;

2) мыйзамдарга ылайык менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана жеке ишкер статусу бар жарандардын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жарандык, салыктык, бажылык жана башка укук мамилелеринен келип чыгуучу экономикалык талаштар боюнча;

3) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

4) мыйзамдарда жана ушул Кодексте каралган башка иштерди.

29-берене. Өз ара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу

1. Өз ара байланышкан, бирлери райондор аралык сотко, башкалары - райондук сотко караштуу бир нече доо талаптар бириктирилгенде, эгерде бул талаптарды бөлүүгө мүмкүн болбосо, иш райондук сотто каралууга жатат.

Ар түрдүү сот өндүрүштөрүндө каралууга жатуучу бир нече талапты бир өндүрүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.

2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө бул иш райондор аралык сотко караштуу болуп калса, сот ишти райондор аралык сотко өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде райондор аралык сотто ишти териштирүүдө бул иш райондук сотко караштуу болуп калса, сот ишти райондук сотко өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

30-берене. Жоопкердин жашаган жери же жайгашкан жери боюнча доо коюу

1. Доо жоопкердин жашаган жери боюнча сотто коюлат.

2. Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жер боюнча коюлат.

3. Уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) юридикалык жакка карата доосу бул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат.

31-берене. Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук

1. Жашаган жери, жайгашкан жери белгисиз же болбосо Кыргыз Республикасында жашаган жери жок жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкү турган жер боюнча же белгилүү акыркы жашаган жери же жайгашкан жери боюнча коюлушу мүмкүн.

2. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинен келип чыгуучу доолор доогер тарабынан филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

3. Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

4. Майып болуудан же ден соолугуна башка зыян кылуудан, ошондой эле баккан адамынын өлүмүнөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо доогер тарабынан анын жашаган жери боюнча же зыян келтирилген жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

5. Никени бузуу жөнүндө доо доогердин колунда жашы жете элек балдары болгон же доогердин ден соолугуна байланыштуу анын жоопкердин жашаган жерине баруусу кыйындыкка турган учурларда доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

6. Жаранды мыйзамсыз соттоодон, жазыктык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуудан, бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну, эч жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алууну мыйзамсыз колдонуудан же болбосо камак түрүндө администрациялык жаза чарасын мыйзамсыз көрүүдөн улам жаранга келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланышкан эмгектик, пенсиялык жана турак жайлык укуктарын калыбына келтирүү, мүлктү же анын наркын кайтарып берүү жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн.

7. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча же келишим түзүлгөн же аткарылган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

8. Аткарыла турган жери көрсөтүлгөн келишимден келип чыгуучу доолор келишим аткарыла турган жер боюнча да коюлушу мүмкүн.

9. Ушул Кодекстин 32-беренесинде белгиленген сотко караштуулукту кошпогондо, иш ушул беренеге ылайык караштуу болгон бир нече соттун ичинен тандап алуу доогерге таандык болот.

32-берене. Сотко өзгөчө караштуулук

1. Жер участокторуна, жер казынасынын участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, курулмаларга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге (кыймылсыз мүлккө) укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү бошотуу жөнүндө доо бул объекттердин же камак салынган мүлктүн жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Мурас калтыруучунун кредиторлорунун мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин койгон доолору мурас мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча сотко караштуу болот.

3. Жүктү, жүргүнчүлөрдү же багажды ташуу келишимдеринен келип чыгуучу, ташуучуларга карата доолор транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.

33-берене. Өз ара байланышкан бир нече иштердин сотко караштуулугу

1. Ар кайсы жерлерде жашаган же жайгашкан бир нече жоопкерге карата доо доогердин тандоосу боюнча жоопкерлердин бири жашаган же жайгашкан жер боюнча коюлат.

2. Тосмо доо, талаштын предметине өз алдынча талаптарын билдирүүчү үчүнчү жактын доосу анын сотко караштуулугуна карабастан, баштапкы доо каралган жер боюнча сотто коюлат.

3. Жазыктык иштен келип чыгуучу жарандык доо, эгерде ал билдирилбесе же жазыктык иштин өндүрүшүндө чечилбесе, ушул Кодексте белгиленген сотко караштуулук эрежелери боюнча жарандык сот өндүрүшү тартибинде кароо үчүн коюлат.

34-берене. Келишим боюнча сотко караштуулук

1. Тараптар иш үчүн аймактык сотко караштуулукту өз ара макулдашуу боюнча өзгөртүшү мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 32-беренесинде белгиленген сотко караштуулук тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

35-берене. Соттун өз өндүрүшүнө кабыл алган ишти башка сотко өткөрүп берүүсү

1. Сот ишти башка соттун кароосуна төмөнкүдөй учурларда өткөрүп берет:

1) эгерде жашаган жери же жайгашкан жери мурда белгисиз болгон жоопкер ишти анын жашаган жери же жайгашкан жери боюнча сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч билдирсе жана ушул өтүнүч сот тарабынан канааттандырылса;

2) эгерде бир же бир нече судья четтетилгенден кийин бул сотто судьяларды алмаштыруу же ишти кароо мүмкүн болбой калса, мындай учурда ишти өткөрүп берүү жогору турган сот тарабынан жүзөгө ашырылат;

3) эгерде ишти бул сотто кароодо бул иш сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен өндүрүшкө кабыл алынгандыгы аныкталса;

4) ушул Кодекстин 29-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3 жана 4-пункттарында каралган негиздер боюнча ишти башка сотко өткөрүп берүү же ишти башка сотко өткөрүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы чыгарылат, ага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Ишти башка сотко өткөрүп берүү бул аныктаманы даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал эми даттануу (сунуштама) берилген учурда - даттанууну канааттандырбастан калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы чыгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.

3. Бир соттон башка сотко жөнөтүлгөн иш ал жөнөтүлгөн соттун кароосуна кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосундагы сотко караштуулук жөнүндө талаштарга жол берилбейт.

5-глава. Ишке катышуучу жактар

36-берене. Ишке катышуучу жактардын курамы

Тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу жактар же ушул Кодекстин 5, 49 жана 50-беренелеринде каралган негиздер боюнча корутунду берүү максатында процесске кошулуучу жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча кызыкдар жактар ишке катышуучу жактар деп таанылат.

37-берене. Ишке катышуучу жактардын укуктары жана милдеттери

1. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазмаларды алууга, алардын көчүрмөсүн алууга, четтетүүлөрдү билдирүүгө, далилдерди келтирүүгө, ишке катышуучу башка жактарга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроо берүүгө, өтүнүч билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, сот процессинин жүрүшүндө келип чыгуучу бардык маселелер боюнча өзүнүн жүйөлөрүн келтирүүгө, ишке катышуучу башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы чыгууга, сот актыларын даттанууга жана ушул Кодексте аларга берилген башка процесстик укуктарды пайдаланууга укуктуу.

2. Ишке катышуучу жактар аларга таандык бардык процесстик укуктарды ак ниеттүү пайдаланууга жана өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттер аткарылбаганда ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган натыйжалар келип чыгат.

38-берене. Жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк

Жарандык процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ болууга жөндөмдүүлүк (жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын соттук коргоо укугуна ээ болуучу бардык жарандарга жана юридикалык жактарга карата бирдей өлчөмдө таанылат.

39-берене. Жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк

1. Өз аракеттери аркылуу өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашырууга, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшырууга жөндөмдүүлүк (жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткен жарандарга, башкача айтканда жашы он сегизге толгон жарандарга жана юридикалык жактарга толук көлөмдө таандык болот.

2. Он сегиз жашка чыкканга чейин никеге турууга мыйзамда жол берилген учурда никеге турган убактан тартып, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланган (эмансипация) учурда жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси же камкорчулары тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын өздөрүн катыштырууга укуктуу.

4. Мыйзамда белгиленген учурларда, атап айтканда, жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана башка укук мамилелеринен, ошондой эле алынган эмгек акыны же ишкердиктен түшкөн кирешелерди тескөөгө байланышкан бүтүмдөрдөн келип чыгуучу иштер боюнча учурларда жашы жете электер сотто өз укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жеке өздөрү коргоого укуктуу. Бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катыштырууга укуктуу.

5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электердин, ошондой эле психикасы бузулгандыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси, көзөмөлдөөчүсү, тарбиялоо, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин же башка ушундай мекемелердин администрациясы тарабынан корголот.

40-берене. Тараптар

1. Жарандар, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар жарандык процесстеги тараптар - доогер жана жоопкерлер боло алат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жак болуп саналбаган уюмдар да тараптар боло алат.

3. Башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга мыйзам боюнча укугу бар органдардын жана жактардын арызы боюнча кызыкчылыгында иш башталган жакка сот келип чыккан процесс жөнүндө билдирет жана бул жак иште доогер катары катышат.

4. Кыргыз Республикасы, жергиликтүү коомдоштуктар жарандык процессте тарап боло алат, алар процессте мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чыгат.

5. Тараптар тең процесстик укуктардан пайдаланат жана процесстик тең милдеттерди аткарат.

41-берене. Иште бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу

1. Доо бир нече доогер тарабынан биргелешип коюлушу же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн (процесстик кошо катышуу). Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте экинчи тарапка карата өз алдынча чыгат. Кошо катышуучулар ишти жүргүзүүнү кошо катышуучулардын бирине тапшыра алат.

2. Процесске кошо катышууга жол берилет, эгерде:

1) бир нече доогердин же жоопкердин жалпы укуктары же милдеттери талаштын предмети болуп саналса;

2) бир нече доогердин же жоопкердин укуктары жана милдеттери бир негизге ээ болсо;

3) бир тектүү укуктар жана милдеттер талаштын предмети болуп саналса.

3. Мыйзамда белгиленген учурларда сот өз демилгеси боюнча кошо жоопкерди же кошо жоопкерлерди ишке катышуу үчүн тартышы мүмкүн.

42-берене. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу

1. Биринчи инстанциядагы сот ишти даярдоодо же аны сотто териштирүү убагында доо ал боюнча жооп берүүгө тийиш эмес жакка коюлуп калгандыгын белгилеп, доогердин өтүнмөсү боюнча талаптагыдай эмес жоопкерди талаптагыдай жоопкер менен алмаштыра алат.

2. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу жөнүндө аныктама чыгарылат.

3. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыргандан кийин ишти даярдоо жана кароо кайра башынан жүргүзүлөт.

43-берене. Доону өзгөртүү, доодон баш тартуу, доону таануу, тосмо доо, жарашуу макулдашуусу

1. Доогер биринчи инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин доонун негизин же предметин өзгөртүүгө жана доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.

Ошондой эле доогер процесстин кайсы болбосун стадиясында доо талаптарынын өлчөмүн азайтууга жана доодон баш тартууга укуктуу.

2. Жоопкер доону моюнга алууга же тосмо доо коюуга укуктуу.

3. Тараптар ишти процесстин кайсы болбосун стадиясында жарашуу макулдашуусу менен бүтүрө алат.

4. Эгерде жарашуу макулдашуусу боюнча аракеттер мыйзамдарга каршы келсе же башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузса, сот жарашуу макулдашуусун бекитпейт.

44-берене. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактар

Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим чыгарылганга чейин бир тарапка же эки тарапка доо коюу жолу менен процесске кошулушу мүмкүн. Алар доогердин бардык укуктарынан пайдаланат жана бардык милдеттерин тартат.

45-берене. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар

1. Эгерде чечим тараптардын бирине карата үчүнчү жактардын укуктарына же милдеттерине таасир тийгизе турган болсо, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алат. Ошондой эле алар ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.

2. Өз алдынча талаптарды билдирбөөчү үчүнчү жактар тараптын доонун негизин жана предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону таанууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, тосмо доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткартууну талап кылууга болгон укугунан башка процесстик укуктарынан пайдаланат жана процесстик милдеттерин тартат.

46-берене. Ишке катышууга үчүнчү жактарды тартуу же киргизүү жөнүндө сот аныктамасы

1. Үчүнчү жактар ишке катышууга соттун аныктамасы менен тартылат же киргизилет.

2. Үчүнчү жактын ишке кошулуу жөнүндө өтүнүчү четке кагылганда сот аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

47-берене. Процесстик укук улантуучулук

1. Тарап талаштуу же чечимде аныкталган укук мамилелеринен чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын кайра түзүлүшү, талаптын өткөрүлүшү, карыздын которулушу жана материалдык укук мамилесинде жактар алмашкан башка учурлар) сот жүйөлөнгөн аныктамасы аркылуу бул тарапты анын укук улантуучусу менен алмаштырууга жол берет, бул аныктама даттанылышы мүмкүн болгон Укук улантуучулук процесстин кайсы болбосун стадиясында мүмкүн болот.

2. Укук улантуучунун процесске кошулушуна чейин жасалган бардык аракеттер укук улантуучу үчүн ал алмаштырган жак үчүн милдеттүү болгон өлчөмдө милдеттүү болот.

48-берене. Прокурордун процессте катышуусу

1. Прокурор башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко билдирүү менен кайрылууга, ошондой эле, эгерде муну жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо талап кылса, сотто каралып жаткан ишке кошулууга укуктуу.

2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча билдирүүнү прокурор ошол кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча, эгерде ошол жаран өзү жүйөлүү себептер менен сотко кайрыла албаса гана (ден соолугуна, жаш курагына жана башка себептер боюнча) берет. Аракетке жарамсыз жарандардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча арызды прокурор кызыкдар жактын өтүнүчү болгон-болбогондугуна карабастан берет.

3. Арыз менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан башка бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин процесстик милдеттерин аткарат. Башка жактын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талапты колдоодон прокурор баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Прокурор билдирген доодон доогер баш тарткан учурда, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.

4. Прокурор мыйзамда каралган учурларда процесске кирет.

5. Мыйзамда прокурордун милдеттүү катышуусу каралган учурлардан башка учурларда ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабардар кылынган прокурордун келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт. Мындай учурларда сот соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырат.

6. Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен ырасталат.

49-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу

1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик, органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын өтүнүчү боюнча алардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо менен сотко кайрыла алат.

2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо койгон жактар жарашуу макулдашуусун түзүүдөн башка доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланат жана бардык процесстик милдеттерин аткарат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда доодон ушул Кодекстин 48-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган процесстик натыйжалар келип чыгат.

50-берене. Иш боюнча корутунду берүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын процесске катышуусу

Зарыл болгон учурларда сот тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын иш боюнча корутунду берүү үчүн ишке катышууга тарта алат.

6-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар

51-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактардын курамы

Ишке катышуучу жактардан тышкары жарандык процесске эксперттер, адистер, котормочулар, күбөлөр катыша алат.

52-берене. Эксперт

1. Жарандык сот өндүрүшүндө корутунду берүү үчүн зарыл атайын билимге ээ болгон жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам эксперт катары чыга алат.

2. Билип туруп жалган корутунду бергендиги, ошондой эле корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.

53-берене. Адис

1. Процесстик аракеттерди жасоо убагында иштин жагдайлары жана далилдер боюнча консультация, түшүндүрмө бере алуучу, техникалык каражаттарды колдонуу жагында атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон же техникалык жардам көрсөтө алган адам жарандык сот өндүрүшүндө адис катары чыгат. Далилдерди иликтөөдө сотко же болбосо сот жыйналышынын катышуучуларына илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы атайын билимдер жана көндүмдөр талап кылынган учурларда соттук териштирүүгө катышуу үчүн адис чакыртылат.

2. Ушул Кодекстин 393-беренесинде көрсөтүлгөн учурдан башка учурларда адистин консультацияларынын жана түшүндүрмөлөрүнүн укуктук маселелерге тиешеси болбойт. Процесстик аракеттерди жасоо убагында адистин жардамы эксперттин корутундусун алмаштырбайт.

3. Соттун адисти чакыруу жөнүндө талабы адис иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын жетекчилери жана кызмат адамдары үчүн милдеттүү болот.

4. Билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн адис Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

Эгерде адис сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча соттун чакыруусуна келбесе, консультация жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартса же качса же техникалык жардам көрсөтпөсө, ага элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн.

54-берене. Адистин укуктары жана милдеттери

1. Адис өзүнүн сотко чакырылышынын максатын билүүгө; эгерде ал тиешелүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, жарандык процесске катышуудан баш тартууга; ишке катышуучу жактарга соттун уруксаты менен суроо берүүгө; эгерде аткарган иши анын кызматтык милдеттерине кирбесе, аткарган иши үчүн акы алууга; сотко чакырууга байланышкан чыгымдарына компенсация алууга укуктуу.

2. Адис соттун чакыруусу боюнча келүүгө; ишти териштирүүгө катышууга; илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерине жана көндүмдөрүнө таянып өз пикирин айтууга; сот койгон суроолорго жооп берүүгө; оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө; далилдердин мүнөздүү жагдайларына же өзгөчөлүктөрүнө соттун көңүлүн бурууга; зарыл болгондо сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

55-берене. Котормочу

1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.

2. Котормочу жарандык процесстин катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалышы мүмкүн.

Процесстин башка катышуучулары которуу үчүн талап кылынган тилдерди билсе да котормочунун милдетин өзүнө алууга укуксуз.

3. Котормочу соттун чакыруусу менен келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.

4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

5. Ушул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн жаңсоолорун түшүнгөн жана ишти териштирүүгө чакырылган адамга (сурдокотормочуга) жайылтылат.

56-берене. Күбө

1. Соттун талашты чечүүсү үчүн мааниге ээ маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон кайсы болбосун адам күбө боло алат.

2. Күбө соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана иш боюнча өзүнө белгилүү маалыматтарды жана жагдайларды билдирүүгө милдеттүү.

3. Билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн күбө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.

7-глава. Соттогу өкүлчүлүк

57-берене. Ишти өкүлдөр аркылуу жүргүзүү

1. Жарандар өз иштерин жеке өздөрү же өкүлдөрү аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Жарандын ишке жеке өзү катышуусу аны ушул иш боюнча өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

2. Юридикалык жактардын жана юридикалык жак статусу болбогон башка уюмдардын иштерин сотто алардын мыйзамдарда, уюштуруу документтеринде берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде аракеттенген органдары же болбосо тиешелүү ыйгарым укуктар берилген өкүлдөрү жүргүзөт. Уюмдардын жетекчилери сотко алардын кызматтык абалын жана ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтерди берет.

58-берене. Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү коомдоштуктардын иштерин жүргүзүү

1. Кыргыз Республикасынын атынан сотто ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ал эми жергиликтүү коомдоштуктардын атынан - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул органдар жөнүндө жоболордо же бул органдардын статусун аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өз компетенциясынын чектеринде чыгат.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомдоштуктар жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте, атайын тапшырма боюнча жана алардын атынан сотто тийиштүү юридикалык жана жеке жактар чыга алат.

59-берене. Сотто өкүл боло алуучу адамдар

Сотто ишти алып барууга карата талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган ыйгарым укугу бар, ушул Кодекстин 60-беренесинде саналган адамдардан башка кайсы болбосун аракетке жөндөмдүү жеке жак сотто өкүл боло алат.

60-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар

Сотто төмөнкүлөр өкүл боло албайт:

1) жашы жете элек адам;

2) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;

3) процесске тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары катышкандан учурлардан башка учурларда судья, тергөөчү, прокурор, сот аткаруучулар, өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары;

4) юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу тапшырманы адвокатура жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокат;

5) кызыкчылыктары өкүлчүлүк кылынган жактын кызыкчылыктарына каршы келген жактарга бул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн адам;

6) судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы, соттук аткаруучу, күбө же калыс катары катышкан адам.

61-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр

1. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, аракетке толук жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болбогон же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын сотто жаш курагына карабастан алардын ата-энеси, асырап алуучулар, камкорчулар же көзөмөлчүлөр коргойт.

2. Мыйзамдуу өкүлдөр өздөрү өкүлү болуп жаткан адамдардын атынан, жасоо укугу ушул адамдарга таандык болгон бардык процесстик аракеттерди мыйзамда каралган чектөөлөр менен аткарат.

3. Белгиленген тартипте дайынсыз жоголду деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иште дайынсыз жоголгон адамдын мүлкү башкарууга берилген адам анын өкүлү катары чыгат.

4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон иште мураскордун өкүлү катары, эгерде мурасты эч ким кабыл ала элек болсо, мураска калган мүлктү кайтарууга жана башкарууга дайындалган сактоочу же камкорчу чыгат.

5. Мыйзамдуу өкүлдөр сотто ишти алып барууну өздөрү өкүл катары тандап алган башка адамга тапшыра алат.

6. Жашы жете электердин укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча жашы жете элек адамдын өзү демилгечи катары чыкканда, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда сот адвокатты өкүл катары дайындайт.

62-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктарын жол-жоболоштуруу

1. Жеке адамдын өкүлүнүн ыйгарым укуктары нотариалдык ырасталган ишеним кат менен билдирилүүгө тийиш.

2. Ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр алардын укуктарын ырастоочу документтерди сотко көрсөтөт.

3. Юридикалык жактардын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу адамга берилген жазуу жүзүндөгү ишеним кат же кызмат адамынын юридикалык жакка ишеним катсыз өкүлдүк кылуу укугун ырастоочу документтер менен жол-жоболоштурулат.

4. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген, юридикалык практиканы жүзөгө ашырып жаткан жактын тапшырмасынын ордери менен ырасталат.

5. Эгерде өкүл башка катышуучулардын тапшырмасы боюнча процесстик кошо катышуучулардын бири болсо, ишеним кылган адам анын ыйгарым укуктарын сотто оозеки билдирет, билдирүү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

63-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары

1. Сотто ишти алып барууга ыйгарым укуктар өкүлгө ал өкүлү болуп жаткан жактын атынан бардык процесстик иш-аракеттерди аткарууга укук берет.

2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн башка өкүлдүн доо арызына (арызга) же доо арызына (арызга) каршы пикирге кол коюу, аларды берүү, доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызга кол коюу, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүү, иштин факты жүзүндөгү жагдайлары боюнча макулдашуу түзүү, жаңыдан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арызга кол коюу, ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүү, доо талаптарынан толук же бөлүгүндө баш тартуу, доону толук же бөлүгүндө таануу, доо талаптарын көбөйтүү же азайтуу, доонун предметин жана негиздерин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүү (кайра ишенүү), сот актысын даттануу, даттануудан баш тартуу, аткаруу барагын берүү укуктары өкүлдүк дайындаган жак берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.

8-глава. Далилдер жана далилдөө

64-берене. Далилдер

1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган жана алардын негизинде сот тараптардын талаптарына же каршы пикирлерине негиз болуучу жагдайлардын, ошондой эле иштин туура чечилиши үчүн мааниси бар башка жагдайлардын бар же жок экендигин мыйзамда белгиленген тартипте тастыктай турган бардык фактылык маалыматтар далилдер деп эсептелет.

2. Бул маалыматтар тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, аудио жана видео жазуулар, эксперттин корутундулары менен белгиленет.

3. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ эмес жана сот актысына негиз боло албайт.

65-берене. Далилдөө милдети

1. Ишке катышуучу жактар өз талаптарынын же каршы пикирлеринин негизи катары шилтеме кылган жагдайларды далилдөөгө тийиш.

2. Ишке катышуучу жактардын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизинде ишти туура чечүү үчүн кайсы жагдайлардын мааниси бар экендигин сот колдонулууга жатуучу укук нормаларын эске алуу менен аныктайт.

3. Тараптар жана ишке катышуучу башка жактар кошумча далилдерди келтирүүгө укуктуу.

66-берене. Далилдерди берүү жана талап кылуу

1. Далилдер тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан берилет.

2. Далилди талап кылуу жөнүндө өтүнмөдө далил белгиленүүгө тийиш, ошондой эле иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайларды алар өзү ырастай же жокко чыгара ала тургандыгы, далилди алууга тоскоолдук кылып жаткан себептер жана анын жайгашкан жери көрсөтүлүүгө тийиш. Максатка ылайыктуулугун эске алуу менен сот далилди алуу үчүн тарапка суроо-талап коет. Сот тарабынан талап кылынып жаткан далил колунда болгон жак аны тикелей сотко берет же сотко берүү үчүн тиешелүү суроо-талап коюлган жактын колуна берет.

3. Талап кылынып жаткан далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү жок же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган кызмат адамдары же жарандар суроо-талапты алгандан кийин бул жөнүндө бир аптанын ичинде себебин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө тийиш. Билдирилбеген учурда, ошондой эле далилди берүү жөнүндө соттун талабы сот жүйөлүү эмес деп тааныган себептерден улам аткарылбаганда сот ишине катышуучу жак болуп саналбаган күнөөлүү жактарга айыппул салынат: жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн он чейинки, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмага чейинки, уюмдарга - эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө.

Айыппул салуу талап кылынган далилдерге ээлик кылган тиешелүү кызмат адамдарын, жарандарды жана уюмдарды сотко далилдерди берүү милдетинен бошотпойт.

67-берене. Далилдерди алар жайгашкан жерде карап чыгуу жана иликтөө

1. Жазуу жүзүндөгү же буюмдук далилдерди сотко алып келүү мүмкүн эмес болгон жана кыйынчылык туудурган учурда сот аларды сакталган же жайгашкан жеринде карап чыгууну жана иликтөөнү жүргүзүшү мүмкүн.

2. Далилдерди жайгашкан жеринде карап чыгуу жана иликтөө сот тарабынан, келбей коюшу карап чыгуу жана иликтөө үчүн тоскоолдук кылбай турган тараптарга билдирүү менен жүргүзүлөт.

3. Карап чыгууга жана иликтөөгө эксперттер (адистер), күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары чакырылышы мүмкүн.

4. Далилдерди алар жайгашкан жерде карап чыгууда жана иликтөөдө протокол түзүлөт.

68-берене. Далилдердин тиешелүүлүгү

1. Сот берилген далилдердин иш үчүн мааниси барларын гана кабыл алат.

2. Эгерде жак күбөнү чакыруу, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнмө кылса же далилдерди берсе, ал иш үчүн мааниге ээ болгон кайсы жагдайлар бул далилдер менен аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Ишке катышуучу жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тарабынан иштин материалдарына тиркелет.

69-берене. Далилдердин жол берилүүчүлүгү

Иштин мыйзам боюнча белгилүү бир далилдөө каражаттары менен ырасталууга тийиш болгон жагдайлары эч кандай башка далилдөө каражаттары менен ырасталышы мүмкүн эмес.

70-берене. Далилдөөдөн бошотуу үчүн негиздер

1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган жагдайлар далилдөөнү талап кылбайт.

2. Мурда каралган жарандык, экономикалык жана администрациялык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде белгиленген жагдайлар сот үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана алар жаңыдан далилденбейт жана ошол эле жактар катышкан башка жарандык же экономикалык ишти кароодо талашылууга жатпайт.

3. Жазыктык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү ушул өкүм чыгарылган адамдын аракеттеринин жарандык-укуктук натыйжалары жөнүндө ишти карап жаткан сотко бул аракеттердин болгондугунун жана аларды ушул адам жасагандыгынын маселелери боюнча милдеттүү болот.

4. Тарап башка тарап талашпаган фактыларды далилдөөгө тийиш эмес.

71-берене. Соттун тапшырмалары

1. Ишти карап жаткан сот далилдерди башка шаардан же райондон чогултуу зарыл болгондо тиешелүү сотко айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнү тапшырат.

2. Сот тапшырмасы жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача баяндалат, тапшырманы аткаруучу сот аныктай турган жагдайлар, чогулта турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама ал жиберилип жаткан сот үчүн милдеттүү болот жана бир айга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.

72-берене. Сот тапшырмасын аткаруунун тартиби

1. Сот тапшырмасы соттун жыйналышында, ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча аткарылат. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбей коюусу тапшырманы аткарууга тоскоол болбойт. Протоколдор жана тапшырманы аткарууда чогултулган бардык материалдар ишти карал жаткан сотко токтоосуз жиберилет.

2. Эгерде ишке катышуучу жактар же тапшырманы аткаруучу сотко түшүндүрмө же көрсөтүү берген күбөлөр ишти карап жаткан сотко келсе, алар жалпы тартипте тушүндүрмө жана көрсөтүү берет.

73-берене. Далилдерди камсыз кылуу

1. Ишке катышуучу жактар алар үчүн зарыл далилдерди берүүгө кийин мүмкүн болбойт же кыйын болуп калат деп коркууга негиздери болгондо соттон бул далилдерди камсыз кылуу жөнүндө сурана алат.

2. Сотто иш келип чыкканга чейин далилдерди камсыз кылуу нотариус же консулдук мекемелердин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

74-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз

1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз ишинде далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер жасала турган сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынышы зарыл далилдер, ырасталышы үчүн бул далилдер зарыл болгон болгон жагдайлар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылууга арыз берүүчүгө түрткү берген себептер, ошондой эле камсыз кылынып жаткан далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлөт.

2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага карата жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

75-берене. Далилдерди камсыз кылуунун тартиби

1. Далилдерди камсыз кылуу ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча судья тарабынан жүргүзүлөт.

2. Протоколдор жана далилдерди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар ишке катышуучу жактарды кабардар кылуу менен, ишти карап жаткан сотко жиберилет.

3. Эгерде далилдерди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто эмес башка сотто болсо, ушул Кодекстин 71 жана 72-беренелеринин нормалары колдонулууга жатат.

76-берене. Далилдерге баа берүү

1. Сот далилдерге сот жыйналышында жыйынды түрүндө иликтенген далилдерди калыс, ар тараптуу жана толук кароого негизделген ички ишеними боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баа берет.

2. Эч кандай далилдер сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес.

3. Соттун чечиминде сот эмне үчүн башка далилдерге салыштырганда кайсы бир далилдерге артыкчылык бергендиги жана кайсы бир фактыларды далилденди, ал эми башкаларын далилденген жок деп тааныгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

77-берене. Тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү

1. Тараптардын жана үчүнчү жактардын иш үчүн мааниси бар, аларга белгилүү жагдайлар жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү иш боюнча чогултулган башка далилдер менен бир катарда текшерилүүгө жана баа берилүүгө жатат. Эгерде бир тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча бербесе, башка тарап билдирген түшүндүрмөлөрдүн негизинде сот иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.

2. Бир тарап өз талаптарын жана каршы пикирлерин негиздеген фактыларды башка тараптын моюнга алышы, биринчи тарапты бул жагдайларды андан ары далилдөө зарылчылыгынан бошотот. Фактыны моюнга алуу сот жыйналышынын протоколуна жазылат жана фактыны моюнга алган тараптын колу коюлат. Эгерде моюнга алуу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, арыз ишке тиркелет.

3. Эгерде моюнга алуу иштин анык жагдайларын жашырып коюу максатында же болбосо алдоонун, күч колдонуунун же жаңылыштыктын таасири астында жасалды деп сот күмөн санаса, ал моюнга алууну кабыл албайт. Бул учурда фактылар жалпы негиздерде далилденүүгө тийиш.

78-берене. Күбөнүн көрсөтмөлөрү

1. Күбө катары суракка алынууга төмөнкүлөр жатпайт:

1) жарандык иш боюнча өкүлдөр же жазыктык иш боюнча коргоочулар - өкүл же коргоочу катары милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө;

2) судья - чечим чыгарууда кеңешүүчү бөлмөдө келип чыккан маселелерди талкуулоонун жагдайлары жөнүндө;

3) өтө жаш куракта болгондугунан, дене-бойлук же психикалык кемчилдиктеринен улам фактыларды туура кабыл алууга жана алар жөнүндө туура көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адамдар;

4) дин кызматчылары - ички сырларды айтууда аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө;

5) медиатор - медиациянын жүрүшүндө ага белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.

2. Күбө катары көрсөтмө берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр укуктуу:

1) жаран - өзүнө каршы;

2) жубай - жубайына каршы;

3) балдар - ата-энесине жана ата-эне - балдарына каршы;

4) бир туугандар - бири-бирине каршы;

5) чоң ата-чоң эне, таята-таене - неберелерине каршы, неберелер - чоң ата-чоң энесине, таята-таенесине каршы;

6) бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары - депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтар боюнча.

3. Сот көрсөтмөлөрдү берүүдөн күбөнү төмөнкүдөй маалыматтар боюнча бошото алат:

1) тизмеги мыйзамда аныкталуучу, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар;

2) мыйзамда белгиленген учурларда коммерциялык же же башка сырды түзүүчү маалыматтар.

4. Күбөнү чакыруу жөнүндө өтүнмө кылуучу жак күбө иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайларды ырастап бере тургандыгын жана анын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана жашаган жерин билдирүүгө милдеттүү.

5. Күбө сотко өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жана жагдайларды оозеки билдирет. Соттун сунушу менен күбө өз көрсөтүүлөрүн жазуу жүзүндө бере алат.

6. Эгерде күбө өзүнүн маалыматынын булагын көрсөтө албаса, күбөнүн билдирүүлөрү далилдер болуп саналбайт.

79-берене. Күбөнүн укуктары жана милдеттери

1. Күбө катары сотко чакырылган адам белгиленген убакытта сотко келүүгө жана туура көрсөтүү берүүгө, судьянын, ишке катышуучу жактардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

2. Суракка чейин сот күбөнүн керт башын тастыктайт, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же атайын жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө ага эскертет жана бул тууралуу колтамга алат. Колтамга сот жыйналышынын протоколуна тиркелет.

3. Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, өзү турган жерде сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

4. Күбө сотко чакырууга байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуртуп алууга жана убактысын кетиргендигине байланыштуу акчалай компенсация алууга укуктуу. Төлөнүүгө жатуучу сумманын өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

80-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер

1. Иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, иштиктүү кат алышуулар, башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо алардын аныктыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен алынган материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.

2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында же талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бөлүгүнүн гана тиешеси болсо, ошол бөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайлары ушундай гана документтер менен ырасталууга жаткан учурларда берилет.

3. Ишке катышуучу жак сотко берген жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү мындай далилдер болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).

4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк расмий документтер легалдаштырылбастан сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.

81-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуунун тартиби

1. Ишке катышуучу же катышпоочу жактардан жазуу жүзүндөгү далилди талап кылууну соттон өтүнгөн жак бул далилди белгилөөгө, аны өз алдынча алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана бул далилдин ушул адамда же уюмда деп эсептегендигинин себептерин жана негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер тикелей сотко жиберилет.

3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылуу жөнүндө өтүнгөн жакка бул далилди сотко алып келүү үчүн алууга укук берген суроо-талап бере алат.

82-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди сотко берүү милдети

1. Сот талап кылып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди өзүндө кармап турган жана соттун талабы боюнча аны бербеген тарапка карата бул далилде камтылган маалыматтар ушул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана ушул тарап муну моюнга алды деп эсептелет.

2. Талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.

3. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускасында берилет. Эгерде документтин көчүрмөсү берилсе, сот зарыл учурда түп нускасын талап кылууга укуктуу.

83-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди алар сакталган жерде карап көрүү жана иликтөө

Документтерди сотко берүү кыйынчылык жаратканда сот талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү берүүнү же жазуу жүзүндөгү далилдерди алар сакталган жерде карап көрүүнү жана иликтөөнү талап кыла алат.

84-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайтарып берүү

1. Иште бар жазуу жүзүндөгү далилдер аларды берген жактардын өтүнүчү боюнча, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бул жактарга кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү иште калтырылат.

2. Эгерде сот жазуу жүзүндөгү далилдердин кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер аларды берген жактарга кайтарылышы мүмкүн.

85-берене. Буюмдук далилдер

1. Сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же турган турпаты, жайгашкан жери же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилөөнүн каражаты катары кызмат кыла алган нерселер буюмдук далилдер болуп саналат.

2. Буюмдук далилди берүүчү же аны талап кылууну өтүнүүчү жак иш үчүн мааниси бар кайсы жагдайлар бул далил менен аныктала тургандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.

86-берене. Буюмдук далилдерди талап кылуунун жана берүүнүн тартиби

1. Ишке катышуучу же катышпоочу жактардан кандайдыр бир буюмду далил катары талап кылууну соттон өтүнүүчү жак бул буюмду кеңири сыпаттоого жана аны өзү алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана бул буюм ушул жакта же уюмда турат деп эсептегендигинин негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

2. Жарандардан же уюмдардан сот талап кылган буюмдук далилдер тикелей сотко жеткирилет.

3. Сот буюмдук далилдерди талап кылууну соттон өтүнүп жаткан жакка ал далилди сотко алып келүү үчүн алууга укук берген суроо-талап бере алат.

87-берене. Буюмдук далилдерди берүү милдети

1. Сот талап кылып жаткан буюмдук далилди өзүндө кармап турган жана соттун талабы боюнча аны бербеген тарапка карата бул далил ушул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана муну ушул тарап моюга алды деп эсептелет.

2. Талап кылынып жаткан буюмдук далилди берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон же болбосо сот белгилеген мөөнөттө бере албаган жактар бул жөнүндө себептерин көрсөтүү менен сотко билдирүүгө милдеттүү.

88-берене. Буюмдук далилдерди сактоо

1. Буюмдук далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө менен соттун буюмдук далилдерди сактоо камерасына өткөрүп берилет.

2. Сотко алып келип берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар алар жайгашкан жерде сакталат. Алар кеңири сыпатталууга, ал эми зарыл учурда - фотосүрөткө тартылууга, мөөр басылып чапталууга тийиш.

3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрүшөт. Буюмдардын сакталышы үчүн сактоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Буюмдук далилдерди сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 113-беренесине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

89-берене. Тез бузулуучу буюмдук далилдерди карап көрүү жана иликтөө

1. Тез бузулуучу буюмдук далилдер алар жайгашкан жерде сот тарабынан токтоосуз түрдө каралат жана иликтенет, андан кийин алар алынган жактарга кайтарылат же болбосо арналышына жараша пайдалануу үчүн уюмдарга же адамдарга берилет. Арналышына жараша пайдалануу үчүн берилгенде алардын ээлерине кийин ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы нерселер же кайтарылып берилип жаткан учурдагы баалар боюнча алардын наркы кайтарылып берилүүгө тийиш.

2. Мындай буюмдук далилдер карала жана иликтене турган жер жана убакыт жөнүндө ишке катышуучу жактар кабардар кылынат. Кабардар кылынган ишке катышуучу жактардын келбегендиги буюмдук далилди карап чыгууга жана иликтөөгө тоскоол болбойт.

3. Тез бузулуучу буюмдук далилдерди карап көрүү жана иликтөө жөнүндө протокол жазылат.

90-берене. Буюмдук далилдерди кайтарып берүү

1. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин буюмдук далилдер алар алынган жактарга кайтарып берилет же бул буюмга карата укугу бар деп сот тааныган жактарга берилет же сот аныктаган тартипте сатылат.

2. Мыйзам боюнча жарандардын ээлигинде болууга мүмкүн болбогон предметтер тийиштүү уюмдарга өткөрүлүп берилет.

3. Айрым учурларда буюмдук далилдер сот карап көргөндөн жана иликтегенден кийин, эгерде бул далилдер алынган жактар аларды кайтарып берүүнү өтүнүшсө жана эгерде ишти кароого зыян келтирбестен мындай өтүнүчтү канааттандырууга мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин сот буюмдук далилдерди аларга кайтарып бериши мүмкүн.

91-берене. Аудио жана видео жазуу

1. Электрондук же башка камтымада аудио же видео жазууну берүүчү жак же аны талап кылууну өтүнүүчү жак мындай жазуу качан, ким тарабынан жана кандай шарттарда жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Аудио же видео жазууну талап кылууну өтүнүүчү жак аны өз алдынча алууга тоскоол болуп жаткан себептерди жана аудио же видео жазуу ушул адамда же уюмда турат деп эсептегендигинин негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

3. Сот жарандардан же юридикалык жактардан талап кылып жаткан аудио же видео жазуу тикелей сотко берилет.

4. Аудио же видео жазууну талап кылууну өтүнүүчү жакка сот бул жазууну сотко алып келүү укугун берген суроо-талап бере алат.

5. Ишке катышуучу жана аудио же видео жазууну өзүндө кармап турган жана аны соттун талабы боюнча бербеген жактарга карата бул далил ошол жактардын кызыкчылыктарына каршы багытталган деп болжол кылынат жана жана аудио же видео жазуу менен ырасталуучу жагдайлар тастыкталды деп эсептелет.

6. Жашыруун жол менен алынган аудио же видео жазуу, мындай жазууга мыйзамда жол берилген учурларды кошпогондо, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

92-берене. Аудио жана видео жазууларды сактоо жана кайтарып берүү

1. Аудио же видео жазуулар соттун буюмдук далилдерди сактоо камерасында сакталат. Сот аларды өзгөрбөс абалда сактоо чараларын көрөт.

2. Аудио же видео жазуулар соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга же уюмдарга кайтарылат. Эгерде сот аудио же видео жазуулардын кайтарылышы талаштын туура чечилишине зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аларды берген жактарга кайтарылышы мүмкүн.

3. Сот аудио же видео жазуулардын камтымаларын кайтарып берүү маселеси боюнча аныктама чыгарат.

93-берене. Экспертизаны дайындоо

1. Ишти кароодо атайын билимдерди талап кылуучу маселелер пайда болгондо сот тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт. Зарыл учурда бир нече экспертиза дайындалышы мүмкүн.

2. Корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон жана соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген адам ишке эксперт катары тартылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жактар конкреттүү компетенттүү адамды эксперт катары дайындоону соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышуучу ар бир жак эксперт түшүндүрүүгө тийиш болгон суроолорду сотко берүүгө укуктуу. Эксперт корутунду берүүгө тийиш маселелердин акыркы чөйрөсүн сот аныктайт. Сунуш кылынган маселелердин четке кагылышын сот жүйөлөөгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан (экспертизага келбеген, изилдөө үчүн зарыл предметтерди эксперттерге бербеген ж.б.) учурда, иштин жагдайлары боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн бул экспертиза кандай мааниге ээ экендигине жараша, айкындоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны аныкталды же жокко чыгарылды деп таанууга укуктуу.

94-берене. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктамасында сот ырастоо же төгүндөө үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперттин алдына коюлган маселелерди, эксперттин фамилиясын, ысымын жана атасынын ысымын же болбосо экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жиберилип жаткан материалдарды, экспертиза жүргүзүү боюнча чыгымдарды көрсөтөт.

3. Ошондой эле аныктамада эксперт корутунду берүүдөн баш тарткандыгы, ошондой эле атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчилик тарта тургандыгы тууралуу судья тарабынан же экспертизаны эксперттик мекеменин кызматкери өткөргөндө анын жетекчиси тарабынан эскертилери көрсөтүлөт.

95-берене. Экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби

1. Экспертиза адистешкен эксперттик мекеменин кызматкерлери же сот эксперт катары дайындаган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Сот билимдин ар кайсы тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул эмес эксперттер өзүнчө корутунду берет. Экспертиза сотто же, эгерде изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко жеткирүү мүмкүн болбосо же кыйынчылык жаратса, соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде өткөрүлгөн учурда, бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү өткөрүү тапшырылган конкреттүү эксперт же эксперттер экспертиза үчүн жоопкерчиликте болушат.

96-берене. Эксперттин милдеттери жана укуктары

1. Эксперт болуп дайындалган адам соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

2. Корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан эксперт иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, кошумча материалдарды өзүнө берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.

3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл билимдерге ээ болбосо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.

97-берене. Эксперттин корутундусу

1. Эксперт өз корутундусун жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусунда жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн кеңири сыпаттамасы жана алардын негизинде чыгарылган тыянактар, сот койгон маселелерге негиздүү жооптор камтылышы керек. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт анын алдына маселеси коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар жөнүндө тыянактарын өз корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында иликтенет, башка далилдер менен бир катарда ага сот тарабынан баа берилет жана ал сот үчүн алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт. Соттун эксперттин корутундусуна макул эместиги иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүшү керек.

98-берене. Кошумча жана кайрадан экспертиза

1. Эксперттин корутундусунун айкындыгы жетишсиз болгон же ал толук болбогон учурда, ошондой эле мурда изилденген жагдайларга карата жаңы суроолор келип чыкканда сот кошумча же болбосо кайрадан экспертизаны дайындай алат, аны ошол же башка экспертке тапшырат.

2. Кошумча же кайрадан экспертиза ушул Кодекстин 95-97-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

99-берене. Комиссиялык экспертиза

1. Комиссиялык экспертизаны бир нече эксперт жүргүзөт. Ал кыйла көлөмдөгү тажрыйба жана иликтөө аракеттерин жүргүзүүнү талап кылуучу татаал эксперттик изилдөөлөр өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.

2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара менен кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, бир корутунду түзөт жана ага кол коет.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда алардын ар бири пикир келишпестикти пайда кылган маселе боюнча өз-өзүнчө корутунду берет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга же башка эксперттерди дайындоого укуктуу.

4. Эксперттердин курамына киргизилбеген адамдардын эксперттик иликтөөлөрдү толук же бөлүгүндө жүргүзүшүнө жол берилбейт.

100-берене. Комплекстүү экспертиза

1. Эгерде иш боюнча жагдайларды тастыктоо бир эле учурда билимдин ар кыл тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кыл илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот комплекстүү экспертизаны дайындайт. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай иликтөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өз изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коет. Эксперттердин пикир келишпестиктери болгон учурда иликтөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча таризделет.

9-глава. Соттук чыгымдар

101-берене. Соттук чыгымдар

Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароого байланышкан коромжулардан турат.

102-берене. Мамлекеттик алым

1. Мамлекеттик алымды төлөөчүлөр болуп тараптар, арыз берүүчүлөр, арыз, апелляциялык жана кассациялык даттануу бергенде талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды койгон үчүнчү жактар саналат.

2. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү төмөнкүдөй документтерден алынат:

1) доо арыздарынан;

2) сот буйругун берүү жөнүндө арыздардан;

3) өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча арыздардан;

4) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан;

5) сот аткаруучунун токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арыздан;

6) апелляциялык даттануулардан;

7) кассациялык даттануулардан;

8) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан;

9) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык, кассациялык даттануулардан;

10) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздардан;

11) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык жана кассациялык даттануулардан.

3. Апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

103-берене. Мамлекеттик алымдын жана ишти кароого байланышкан соттук коромжулардын коюмдары

Мамлекеттик алым жана ишти кароого байланышкан коромжулардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

104-берене. Доонун баасын аныктоо тартиби

Доонун баасы төмөнкүдөй аныкталат:

1) акчалай сумманы өндүрүп алуу жөнүндө доолордо - өндүрүп алынуучу сумма менен;

2) мүлктү талап кылуу жөнүндө доолордо - талап кылынып жаткан мүлктүн наркы менен;

3) алиментти өндүрүп алуу жөнүндө доолордо - бир жыл үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен;

4) мөөнөттүү төлөмдөр жана берүүлөр жөнүндө доолордо - бардык төлөмдөрдүн же берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөткө;

5) мөөнөтсүз же өмүр бою төлөмдөр жөнүндө доолордо - бардык төлөмдөрдүн жана берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;

6) төлөмдөрдү же берүүлөрдү азайтуу же көбөйтүү жөнүндө доолордо - төлөмдөр же берүүлөр азайтылган же көбөйтүлгөн сумма менен, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөткө;

7) төлөмдөрдү же берүүлөрдү токтотуу жөнүндө доолордо - калган төлөмдөрдүн же берүүлөрдүн жыйындысы менен, бирок бир жылдан ашпаган мөөнөткө;

8) мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө доолордо - келишимди колдонуунун калган мөөнөтү ичинде мүлктү пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;

9) жарандарга менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлк объектине менчик укугу жөнүндө доолордо - курулуштун наркы менен, бирок инвентардык баасынан төмөн эмес өлчөмдө же ал болбогондо - камсыздандыруу келишими боюнча баадан төмөн эмес өлчөмдө, ал эми уюмдарга таандык кыймылсыз мүлк объектилери үчүн - объектинин баланстык баасынан төмөн эмес өлчөмдө;

10) бир нече өз алдынча талаптардан турган доолордо - бардык талаптардын жалпы суммасы менен;

11) аткаруу баракчасынын же өндүрүп алуу талашсыз (акцептсиз) тартипте жүргүзүлүүчү башка документтин аткарылууга жатпай тургандыгын таануу жөнүндө доолордо - талашылып жаткан суммага жараша;

12) келишимдерди түзүп жатканда, өзгөрткөндө же бузганда келип чыккан талаштар боюнча доолордо - мыйзамдарга ылайык;

13) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доолордо - бүтүмдөрдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркы менен.

2. Доонун баасын доогер доо арызда, арыз берүүчү - арызда же апелляциялык же кассациялык даттанууну берген адам - даттанууда көрсөтөт жана бул баа ушул Кодекстин жана мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдардын негизинде аныкталат.

3. Доонун көрсөтүлгөн баасы ачык эле туура келбеген учурларда аны сот доо арызды кабыл алууда же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аныктайт.

105-берене. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу

Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда, ишке катышуучу жактар мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же бөлүгүндө бошотулат.

106-берене. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жана созуу

1. Арыз же даттануу берген адам мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.

2. Арызды кароо учурунда сот арыз ээсинин мүлктүк абалын эске алат. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруунун же созуунун максималдуу мөөнөтү сот тарабынан тиешелүү аныктама чыгарылган күндөн тартып эсептелүүчү бир жылдан ашпоого тийиш.

3. Мамлекеттик алымды төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

4. Бул берененин жоболору юридикалык жактарга жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жарандарга жайылтылбайт.

107-берене. Мамлекеттик алымды кошумча төлөө

1. Доону койгон учурда анын баасын аныктоодо кыйынчылык жаралганда мамлекеттик алымдын өлчөмү ишти чечүүдө сот тарабынан биротоло аныкталат.

2. Доо талаптары көбөйгөн учурда алымдын жетишпеген суммасы доонун көбөйгөн баасына ылайык кошумча төлөнөт. Ишти кароо доогер мамлекеттик алымды төлөнгөндүгүнүн далилдерин бергенден кийин же сот мамлекеттик алымдан бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө маселени чечкенден кийин улантылат.

Мамлекеттик алым сот белгилеген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда доо арызы ушул Кодекстин 222-беренесинин 9-пунктуна ылайык каралбастан калтырылат.

108-берене. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү

1. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же бөлүгүндө кайтарып берилет:

1) алым колдонуудагы мыйзам боюнча талап кылынгандан чоң өлчөмдө төлөнгөндө;

2) арызды кабыл алуудан ушул Кодекстин 137-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча баш тартылганда;

3) арыз ушул Кодекстин 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде;

4) иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 220-беренесинин 1, 2, 4-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулганда;

5) арыз ушул Кодекстин 222-беренесинин 1, 2-пункттарында каралган негиздер боюнча каралбастан калтырылганда;

6) жоопкер доону мойнуна алганда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда мамлекеттик алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы кайтарып берилет.

3. Жарашуу макулдашуусу сот тарабынан бекитилгендигине, талашты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулган же жоопкер доону толук мойнуна алгандыгынан улам чечим чыгарылган учурда мамлекеттик алым айрым бөлүгүндө кайтарып берилет. Аталган учурларда тиешелүү соттук инстанцияда төлөнүүгө жатуучу мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы кайтарып берилет.

Медиациялык макулдашуунун негизинде доодон баш тартылгандыгына, жарашуу келишими түзүлгөндүгүнө байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда мамлекеттик алымды кайтарып берүү медиация жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган башка учурларда да мамлекеттик алым кайтарып берилүүгө тийиш.

5. Кызыкдар жак талашты маңызы боюнча чечүүчү сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин төлөнгөн мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө сотко арыз берүүгө укуктуу. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды толук же айрым бөлүгүндө кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналуучу жагдайлар аныктамада көрсөтүлөт.

6. Доогер доо талаптарын азайткан учурда мамлекеттик алым кайтарып берилбейт.

109-берене. Ишти кароого байланышкан коромжулар

Ишти кароого байланышкан коромжуларга төмөндөгүлөр кирет:

1) күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүгө жатуучу суммалар;

2) жеринде карап көрүүнү жүргүзүү боюнча чыгымдар;

3) жоопкерди издөө боюнча чыгымдар;

4) иш боюнча жарыялоолорго жана кулактандырууларга байланышкан чыгымдар;

5) ишти кароого байланышкан почталык чыгымдар;

6) сот тарабынан таанылган башка зарыл чыгымдар.

110-берене. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүгө жаткан суммалар

1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга алардын сотко келүүгө жана турак жайды жалдоого байланышкан чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык төлөмдөр төлөнөт.

2. Эгерде эксперттер жана адистер аткарган жумуш мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги алардын кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, алар соттун тапшырмасы боюнча аткарган иштери үчүн сый акы алат. Сый акынын өлчөмү ишке катышуучу жактардын пикирин эске алуу менен, эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча сот тарабынан аныкталат.

3. Котормочулардын эмгегине акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу тарткан чыгымдарын төлөп берүү кызыкчылыгы үчүн котормочу чакыртылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

111-берене. Күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммаларды салуу

1. Иш боюнча чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле күбөлөргө, эксперттерге, адистерге төлөнүүгө жаткан суммалар тиешелүү өтүнүчтү билдирген тарап тарабынан соттун депозиттик эсебине алдын ала салынат.

Эгерде күбөлөрдү чакыруу, эксперттерди дайындоо, адистерди, котормочуларды тартуу жана төлөнүүгө жатуучу башка аракеттер соттун демилгеси боюнча жүргүзүлсө же аталган өтүнүчтү эки тарап билдирсе, талап кылынган суммаларды тараптар тең бөлүктөрдө соттун депозиттик эсебине салат.

2. Бул беренеде саналган суммаларды мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган тарап төлөбөйт жана бюджеттин эсебинен алынат.

112-берене. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга таандык суммаларды төлөө

Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга таандык суммалар алар өз милдеттерин аткаргандан кийин сот тарабынан депозиттик эсептен төлөнөт.

113-берене. Соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

1. Пайдасына чечим чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ал мамлекеттин кирешесине соттук чыгымдарды төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгына карабастан алып берет. Эгерде доо айрым бөлүгүндө канааттандырылса, бул беренеде көрсөтүлгөн соттук чыгымдар доогерге сот канааттандырган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу түрдө, ал эми жоопкерге - доо талаптарынын доогерге баш тартылган бөлүгүнө пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.

2. Ушул берененин 1-пунктунда баяндалган эрежелер тараптар иштин апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу тарткан соттук чыгымдарды бөлүштүрүүгө да таандык болот.

3. Эгерде жогорку инстанциядагы сот ишти жаңы кароого бербестен, чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү тиешелүү түрдө өзгөртөт.

114-берене. Убакытты короткондугу үчүн компенсацияны өндүрүп алуу

1. Негизсиз доону же доого каршы негизсиз талашты ак ниеттүү эмес түрдө билдирген же болбосо ишти туура жана өз убагында кароого жана чечүүгө каршы аракеттенген тараптан сот башка тараптын пайдасына иш жүзүндө корогон убакыт үчүн компенсация өндүрүп бериши мүмкүн.

2. Компенсациянын өлчөмү акылга сыяр өлчөмдө, сот тарабынан иштин конкреттүү жагдайын эске алуу менен аныкталат.

115-берене. Өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу

1. Эгерде пайдасына чечим чыгарылган тараптан тиешелүү арыз берилсе, сот өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча ушул тарап тарткан чыгымдарды конкреттүү жагдайды эске алуу менен башка тараптан алып берет.

2. Эгерде чечим пайдасына чыгарылган тарапка адвокаттын жардамы белгиленген тартипке ылайык акысыз берилген болсо, көрсөтүлгөн сумма башка тараптан юридикалык практиканы жүзөгө ашырган жактын пайдасына өндүрүлөт.

116-берене. Доодон жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тартылганда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

1. Доогер доодон баш тартканда ал тарткан чыгымдардын ордун жоопкер толтурбайт. Эгерде доогер доо коюлгандан кийин анын талаптарын жоопкердин ыктыярдуу канааттандырышынан улам өз талаптарын колдобосо, сот доогердин өтүнүчү боюнча ал иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды жоопкерден алып берет.

2. Эгерде жарашуу макулдашуусун түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартибин караса, чыгымдар алардын макулдашуусуна ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде мындай макулдашууга жетишилбеген болсо, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү маселесин сот ушул Кодекстин 113-беренесинин эрежелери боюнча чечет.

117-берене. Тараптар тарабынан соттук чыгымдардын ордун толтуруу

1. Башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо арызы менен мыйзамда каралган учурларда сотко кайрылган адамдардын доосунан толук же айрым бөлүгүндө баш тартылганда ишти кароого байланыштуу жоопкер тарткан соттук чыгымдардын орду тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук же доогерге баш тартылган доо талаптарынын бөлүгүнө пропорциялуу түрдө толтурулат.

2. Доогердин доосунан баш тартылганда ушул Кодекстин 42-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан тартылган жоопкер тарткан соттук чыгымдардын орду бюджеттин каражаттарынан толтурулат.

3. Мүлктү камак салуудан бошотуу жөнүндө доо канааттандырылган учурда доогер тарткан соттук чыгымдардын орду бюджеттин каражаттарынан толтурулат.

118-берене. Ишти кароодо сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу

1. Соттун ишти кароого байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден чыгарылган чечимдин натыйжаларына жараша доо талаптарынын канааттандырылган же канааттандыруудан баш тартылган бөлүктөрүнө пропорционалдуу түрдө өндүрүп алынат.

2. Доодон баш тартылганда ишти кароого байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден бюджетке өндүрүп алынат.

3. Эгерде эки тарап соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти кароого байланыштуу сот тарткан коромжулар бюджеттин каражаттарынын эсебине киргизилет.

4. Төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарга издөө жарыяланган учурда, сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.

119-берене. Соттук чыгымдарга байланышкан маселелер боюнча аныктамаларды даттануу

Соттук чыгымдарга байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

10-глава. Соттук айыппулдар

120-берене. Соттук айыппулдарды салуу

1. Соттук айыптар ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана өлчөмдөрдө сот тарабынан салынат.

2. Сот тарабынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына салынган соттук айыппулдар алардын өздүк каражаттарынан өндүрүлөт.

3. Айыппул салынган учурда сот аныктама чыгарат.

4. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү айыппул салынган адамга кийинки күндөн кечиктирилбестен тапшырылат же жөнөтүлөт.

121-берене. Соттук айыппулду алып салуу же азайтуу

1. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсүн алган учурдан тартып он күндүн ичинде бул айыппул салынган жак айыппулду салган сотко айыппулду алып салуу жөнүндө же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат. Бул арыз сот жыйналышында он күндүн ичинде каралат. Айыппул салынган жакка сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө билдирилет, бирок анын келбей калышы арызды кароого тоскоол болбойт.

2. Соттук айыппулду алып салуудан же анын өлчөмүн азайтуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык же кассациялык инстанцияга жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

11-глава. Процесстик мөөнөттөр

122-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө

1. Процесстик аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Процесстик мөөнөттөр мыйзамда белгиленбеген учурда аны сот дайындайт.

2. Процесстик аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр окуя боло тургандыгы милдеттүү экендиги көрсөтүлүү менен так календарлык дата катары же убакыт аралыгы түрүндө аныкталат. Акыркы түрүндө аракет бүткүл убакыт аралыгы ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү процесстик мөөнөттүн өтүшү календарлык датадан же анын башталышын аныктаган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

123-берене. Процесстик мөөнөттүн аякташы

1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы айында жана күнүндө аяктайт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнү дем алыш күнгө туура келген учурда бул күндөн кийинки жакынкы жумушчу күн мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

3. Жүргүзүлүүсү үчүн мөөнөт белгиленген процесстик аракет мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрткө чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде даттануу, документтер же акча суммасы байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндө саатка жыйырма төрткө чейин тапшырылган болсо, мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.

4. Эгерде процесстик аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда жүргүзүлө турган болсо, мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта аяктайт.

124-берене. Процесстик мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн натыйжасы

1. Процесстик аракетти жүргүзүү укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн аякташы менен токтойт.

2. Эгерде өткөрүп жиберилген мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер сотто каралбайт жана соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат. Кайтарып берүү жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

125-берене. Процесстик мөөнөттөрдү токтотуп туруу

1. Аяктай элек бардык процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү иш боюнча өндүрүштүн токтотуп турулушу менен бир учурда токтотуп турулат.

2. Өндүрүш кайрадан жаңыртылган күндөн тартып процесстик мөөнөттүн өтүшү уланат.

126-берене. Процесстик мөөнөттөрдү узартуу

Сот тарабынан дайындалган мөөнөттөр алар аяктаганга чейин кызыкдар жактын арызы боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн. Сот дайындаган мөөнөттүн аякташы сот өндүрүшүнүн катышуучусун ага жүктөлгөн процесстик милдеттерди аткаруудан бошотпойт.

127-берене. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттун жыйналышында каралат. Ишке катышуучу адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүүгө тоскоол болбойт.

3. Мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен бир убакта мөөнөтү өткөрүп жиберилген зарыл процесстик аракет жасалууга (даттануу берилүүгө, документтер талап кылынууга жана д.у.с. жүргүзүлүүгө) тийиш.

4. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө же кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

12-глава. Соттук кабарлоолор жана чакыруулар

128-берене. Соттук кабарлоолор жана чакыруу каттар

1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу соттун чакыруу каты менен жүргүзүлөт.

2. Кабарлоолор жана чакыруу каттар процесстин катышуучуларына алардын ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы болгудай эсеп менен, дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт.

3. Кабарлоолор жана чакыруу каттар тарап же ишке катышуучу башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет. Эгерде сотко билдирилген даректе жаран иш жүзүндө жашабаса, кабардама же чакыруу кат анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн.

4. Юридикалык жак сот жыйналышынын же айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан ушул жактын органы жайгашкан жер боюнча кабардар кылынат.

5. Сот ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта же болбосо тиешелүү фактыны тастыктоого мүмкүндүк берүүчү байланыштын башка каражаттарын колдонуу менен кабардар кылууга же чакырууга укуктуу. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.

6. Эгерде кабарлоо (чакыруу кат) тикелей сотто тапшырылса, мындай тапшыруу колун койдуруп алуу менен жүзөгө ашырылат.

7. Чет өлкөлүк жактар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан кабардар кылынат.

8. Соттук кабарлоолорду жана чакырууларды ырастаган документтер иштин материалдарына кошулат.

129-берене. Соттук кабарлоолордун мазмуну

1. Соттук кабарлоолордо (чакыруу катта) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) соттун аталышы жана так дареги;

2) сот жыйналышы же айрым процесстик аракет өтө турган жер жана убакыт;

3) кабарлоого жана чакырууга тиешеси болгон иштин аталышы;

4) кабардама (чакыруу кат) жөнөтүлгөн жактын аталышы, ошондой эле ал ким катары кабарландырылып (чакырылып) жаткандыгы;

5) ишке катышуучу адамдарга иш боюнча аларда болгон далилдерди берүү сунушу;

6) чакыртылып жаткан жак кандай мөөнөттө жана кандай аракетти кылууга укуктуу же милдеттүү экендиги жөнүндө көрсөтүү;

7) дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабардаманы (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтүү;

8) сотко келбей коюунун натыйжаларын жана келбей коюунун себебин сотко билдирүү милдетин көрсөтүү.

130-берене. Иш боюнча өндүрүштүн убагында даректин өзгөрүшү

Ишке катышуучу жактар иш боюнча өндүрүштүн убагында өз дареги өзгөргөндүгү тууралуу сотко билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү болбогон учурда кабардама (чакыруу кат) сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет жана дарек ээси бул даректе мындан ары жашабагандыгына же ал жерде жоктугуна карабастан, жеткирилди деп эсептелет.

131-берене. Талаптагыдай түрдө кабарлоо

1. Эгерде сот жыйналышынын, айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн башталышына карата сот дарек ээси жиберилген кабардаманы (чакыруу катты) алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо, ишке катышуучу адамдар жана процесстин башка катышуучулары талаптагыдай түрдө кабардар кылынды деп эсептелет.

2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары төмөнкүдөй учурларда талаптагыдай түрдө кабарланды деп эсептелет:

1) эгерде дарек ээси кабардаманы (чакыруу катты) алуудан баш тартса жана бул баш тартуу тастыкталса;

2) эгерде почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген соттун кабардамасын (чакыруу катын) алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;

3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү соңку турган орду боюнча сот жиберген кабардама (чакыруу кат) дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса.

132-берене. Жоопкердин турган жеринин белгисиздиги

Жоопкердин турган жери белгисиз болгондо бул жөнүндө жоопкердин белгилүү акыркы жашаган жеринен маалымат сотко келип түшкөндөн кийин сот ишти кароого киришет.

133-берене. Жоопкерди издөө

1. Жоопкердин турган жери белгисиз болгондо мамлекеттин кызыкчылыгында коюлуучу талаптар, ошондой эле алиментти өндүрүп алуу, майып болуудан же ден соолугунун башка бузулушунан, ошондой эле баккан адамынын каза болушунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар боюнча сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу жоопкерге издөө жарыялоого милдеттүү, бул жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Жоопкерди издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча соттун буйругун берүү жолу менен жүргүзүлөт.

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ

1-бөлүмчө. Доо өндүрүшү

13-глава. Доо коюу

134-берене. Доо арызынын формасы жана мазмуну

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) доогердин аталышы, анын жашаган жери же, эгерде юридикалык жак доогер болуп саналса, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги;

3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери же, эгерде юридикалык жак жоопкер болуп саналса, анын турган жери;

4) доогердин талабы;

5) доогер өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

6) эгерде доо бааланууга жатса, доонун баасы;

7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

Арызда талашты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү, ошондой эле доогердин өтүнмөсү баяндалышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарда прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар берүүчү арызда мамлекеттик же коомдук кызыкчылык эмнеде тургандыгынын негиздемеси, кандай укук бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылууга тийиш. Жарандын кызыкчылыктарында прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар доо койгон учурда анда доону жарандын өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга тийиш жана аракетке жөндөмсүз адамдын кызыкчылыктарында арыз берилген учурлардан башка учурларда сотко арыз берүүгө макулдукту ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.

4. Арызга доогер же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу болгондо анын өкүлү кол коет.

5. Эгерде жаран денебойлук кемчилдигинен же оорусунан улам өзү кол коё албаса, арызга анын өтүнүчү боюнча башка жаран кол коюшу мүмкүн. Бул жарандын койгон колун нотариус же болбосо мындай нотариаттык аракетти жасоого укугу бар башка кызмат адамы доогер арызына өзү кол коё албаган себептерди көрсөтүү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.

135-берене. Доо арызына тиркелүүчү документтер

Доо арызына төмөнкүлөр тиркелет:

1) доо арызынын көчүрмөсү, ошондой эле жоопкерлердин жана үчүнчү жактардын саны боюнча ушул берененин 2-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтер;

2) мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтер;

3) ишеним кат же доо арызына кол коюуга жана доо коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү башка документ;

4) доогер өз талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу документтер;

5) эгерде арызда жазылбаса, жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөр;

6) доогердин паспортунун же анын керт башын ырастоочу башка документинин көчүрмөсү;

7) доонун талашылып жаткан суммасынын эсеби.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

136-берене. Доо арызын кабыл алуу

1. Доо арызы сотко келип түшкөн күндөн баштап беш күндүк мөөнөттө, ал эми психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу менен байланышкан иштер боюнча арыз түшкөн учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен сот доо арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселе судья жеке өзү тарабынан чечилет.

2. Судья доо арызын кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарат.

137-берене. Доо арызын кабыл алуудан баш тартуу

1. Сот доо арызын кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;

2) ошол эле тараптардын ортосунда ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш боюнча сот, бейтарап сот чыгарган, мыйзамдуу күчүнө кирген чечим же болбосо доогердин доодон баш тартышына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;

3) мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, талашты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө тараптардын ортосунда түзүлгөн макулдашуу бар болсо.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече доо (сунуштама) берилиши мүмкүн.

138-берене. Доо арызын кайтарып берүү

1. Сот доо арызды кайтарып берет, эгерде:

1) доогер талашты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда же келишимде белгиленген тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) иш бул сотко караштуу болбосо;

3) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

4) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;

5) ушул же башка соттун, бейтарап соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш тууралуу иш бар болсо;

6) күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо;

7) мамлекеттик алым төлөнбөсө;

8) доо арызын өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин доогерден доо арызын кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө.

2. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө аныктама жокко чыгарылган учурда бул арыз сотко биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет.

5. Доо арызын кайтарып берүү аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

6. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

139-берене. Доо арызын кыймылсыз калтыруу

1. Доо арызы сотко ушул Кодекстин 134-беренесинде жана 135-беренесинин 1-3-пункттарында баяндалган талаптарды сактабастан берилгендигин тастыктагандан кийин сот арызды кыймылсыз калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө доо арызын берген жакка кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада саналган талаптарды аткарса, доо арызы сотко алгачкы жолу берилген күнү берилген деп эсептелет. Доогер талаптарды аткарбаган учурда арыз берилген жок деп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен кошо доогерге кайтарып берилет.

3. Ушул берененин талаптары экономикалык иштер боюнча жарандык сот өндүрүшүнө жайылтылбайт.

140-берене. Тосмо доо коюу

Иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин жоопкер баштапкы доо менен бирдикте кароо үчүн доогерге тосмо доо коюуга укуктуу. Тосмо доону коюу доо коюу жөнүндө жалпы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

141-берене. Тосмо доону кабыл алуунун шарттары

Сот тосмо доону төмөнкүдөй учурларда кабыл алат:

1) эгерде тосмо талап баштапкы талапка кошуу үчүн жөнөтүлсө;

2) эгерде тосмо доону канааттандыруу алгачкы доону канааттандырууну толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарса;

3) эгерде тосмо жана баштапкы доолордун ортосунда өз ара байланыш бар болсо жана аларды бирдикте кароо талаштарды кыйла тез жана туура кароого алып келсе.

14-глава. Доону камсыз кылуу

142-берене. Доону камсыз кылуу үчүн негиздер

1. Ишке катышуучу жактардын арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн. Эгерде мындай чараларды көрбөө соттун чечимин аткарууну кыйындатса же мүмкүн эмес кылса, доону камсыз кылууга сот доону өндүрүшкө кабыл алгандан кийин гана, ишти кароонун кайсы болбосун стадиясында жол берилет.

2. Туруктуу иштөөчү бейтарап сот тарабынан жүргүзүлүүчү бейтарап териштирүүдө тараптардын арызы боюнча доону камсыз кылуу чараларын көрүү, доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрү менен алмаштыруу, доону камсыз кылууну жокко чыгаруу маселелерин кароо ушул главада каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

143-берене. Бейтарап териштирүүнүн тарабынын доону камсыз кылуу жөнүндө арызы

1. Бейтарап териштирүүнүн тарабынын доону камсыз кылуу жөнүндө арызы бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча же болбосо жоопкердин жайгашкан же жашаган жери же болбосо жоопкердин мүлкү жайгашкан жер боюнча берилет.

2. Бейтарап териштирүүнүн тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызына төмөнкүлөр тиркелиши керек:

1) бейтарап териштирүү демилгеленген, туруктуу иштөөчү бейтарап сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн доо арызынын көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө макулдашуунун (бейтарап макулдашуунун) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

144-берене. Доону камсыз кылуу боюнча чаралар

1. Төмөнкүлөр доону камсыз кылуу боюнча чаралар болушу мүмкүн:

1) жоопкерге таандык болгон жана же анда же башка жактарда турган мүлккө же акча каражаттарына камак салуу. Мүлккө же акча каражаттарына камак доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат.

2) жоопкерге белгилүү бир аракеттерди жасоого тыюу салуу;

3) белгилүү аракеттерди жасоо милдетин белгилөө;

4) мүлктү берүүгө же ага карата башка милдеттенмелерди аткарууга башка жактарга тыюу салуу;

5) мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо коюлган учурда мүлктү сатууну токтотуп туруу;

6) карызкор сот тартибинде талашып жаткан аткаруу документи боюнча өндүрүп алууну токтотуп туруу.

2. Зарыл учурларда сот (судья) доону камсыз кылуу боюнча ушул Кодекстин 142-беренесинде көрсөтүлгөн максаттарга жооп берген башка чараларды көрө алат. Сот доону камсыз кылуунун бир нече түрүн колдонушу мүмкүн.

3. Доону камсыз кылуу чаралары доонун талаптарына өлчөмдөш болушу керек.

4. Доону камсыз кылуунун көрүлгөн чараларын бузганда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

145-берене. Доону камсыз кылуу жөнүндө арызды кароо

1. Доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызды сот (судья) ал сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, жоопкерге жана ишке катышуучу башка жактарга кабарлабастан карайт. Доону камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө сот (судья) аныктама чыгарат.

2. Аныктаманын көчүрмөсү бул аныктама чыгарылгандан кийин токтоосуз түрдө ишке катышуучу жактарга жөнөтүлөт.

3. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Эгерде доону камсыз кылуу жөнүндө аныктама даттанууну (сунуштаманы) берген жакка кабарлабастан чыгарылса, даттанууну (сунуштаманы) берүү үчүн мөөнөт ушул аныктама ага белгилүү болгон күндөн баштап эсептелет.

4. Бейтарап териштирүүнүн тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасы даттанылган учурда сот жекече даттанууну кароо үчүн зарыл болгон иштин материалдарынын талаптагыдай түрдө ырасталган көчүрмөлөрүн бейтарап соттон талап кыла алат.

146-берене. Доону камсыз кылуу жөнүндө аныктаманы аткаруу

1. Доону камсыз кылуу жөнүндө аныктама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтоосуз аткарууга алынат.

2. Доону камсыз кылуу жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берүү бул аныктаманы аткарууну токтотпойт.

147-берене. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштыруу

1. Ишке катышуучу жактын арызы боюнча доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштырууга жол берилет.

2. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө маселе соттун жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Акчалай сумманы өндүрүү жөнүндө доону камсыз кылууда жоопкер доону камсыз кылуунун сот тарабынан көрүлгөн чарасынын ордуна соттун депозиттик эсебине доогер өндүрүп берүүнү талап кылган сумманы жана соттук чыгымдардын суммасын салууга укуктуу.

4. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берүү аныктаманы аткарууну токтотуп турат.

148-берене. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу

1. Доону камсыз кылуу ишке катышуучу жактардын арызы боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттун жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доодон баш тартылган, иш боюнча өндүрүш токтотулган же доо каралбастан калтырылган учурда, доону камсыз кылуунун көрүлгөн чаралары сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок ишке катышуучу жактардын арызы боюнча сот актысы менен бир эле убакта же ал чыгарылгандан кийин доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат.

4. Доо канаттандырылганда аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өз күчүн сактайт.

5. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берүү аныктаманы аткарууну токтотуп турат.

149-берене. Доону камсыз кылууда келтирилген зыяндын ордун жоопкерге толтуруп берүү

Доодон баш тартылган чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, доону камсыз кылуу чаралары көрүлгөн жоопкер же башка жак доогердин өтүнүчү боюнча кабыл алынган доону камсыз кылуу боюнча чаралардан улам ага келтирилген зыяндын ордун толтурууну доогерден тийиштүү доону коюу жолу менен талап кылууга укуктуу.

15-глава. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо

150-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө соттун аныктамасы

1. Арызды кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында аны соттук териштирүүгө даярдоону жүргүзөт.

2. Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат жана жүргүзүлө турган аракеттерди көрсөтөт.

3. Соттук териштирүүгө даярдоо жарандык процесстин милдеттүү стадиясы болуп саналат жана тараптардын жана ишке катышуучу жактардын катышуусу менен судья тарабынан жүргүзүлөт.

4. Мурда чыгарылган сот актысы жокко чыгарылгандан кийин ишти кароонун алдында да судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат.

151-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери

Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо;

2) тараптардын укук мамилелерин жана жетекчиликке алына турган мыйзамды аныктоо;

3) ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени чечүү;

4) тараптардын жана ишке катышуучу жактардын зарыл далилдерди берүүсүн камсыз кылуу;

5) тараптардын жарашуусу.

152-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо ишке катышуучу жактардын аракеттери

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо доогер жана (же) анын өкүлү:

1) өз талаптарын ырастоого далилдерди сотко берет;

2) соттун көмөгүсүз өз алдынча ала албай турган далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтү билдирет;

3) доонун иш жүзүндөгү негиздерине негиздеме болуучу далилдердин көчүрмөсүн жоопкерге берет.

2. Жоопкер жана (же) анын өкүлү:

1) доогердин доо талаптарын жана бул талаптардын иш жүзүндөгү негиздерин тактайт;

2) соттун көмөгүсүз өз алдынча ала албай турган далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтү билдирет;

3) судья белгилеген мөөнөттө доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет, анын көчүрмөсүн доогерге жиберет.

3. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) каршы пикир берилүүчү соттун аталышы;

2) жоопкердин, анын өкүлүнүн (эгерде каршы пикирди өкүл берсе) аталышы, дареги;

3) күбөнүн, сот жыйналышына чакырылууга жатуучу башка жактардын аталышы, дареги;

4) жоопкердин доону моюнга алышы жана кайсы бөлүгүндө моюнга алышы;

5) доону моюнга албаган учурда доого каршы пикир негизделген далилдер;

6) эгерде иш боюнча бар болсо, кызыкдар жактар;

7) каршы пикирге тиркелүүчү документтердин тизмеги.

4. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан берилсе, ага анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.

Жоопкердин доого жазуу жүзүндөгү каршы пикир бербегендиги ишти анда бар болгон далилдер боюнча кароого тоскоолдук кылбайт.

5. Бул берененин жоболору ишке катышуучу башка жактарга жайылтылат.

153-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судьянын аракеттери

Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде төмөнкүдөй аракеттерди жүргүзөт:

1) ишке катышуучу жактарга, тараптарга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

2) жоопкерге доого карата жазуу жүзүндөгү каршы пикирин судья белгилеген мөөнөттө берүүнү сунуш кылат;

3) ишке кошо доогерлерди, кошо жоопкерлерди жана үчүнчү жактарды ишке кошуу жөнүндө тараптардын өтүнүчүн чечет;

4) ишти териштирүүнүн күнү, убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына кызыкдар жарандарга же уюмдарга кабарлайт;

5) тараптардын өтүнүчү боюнча күбөлөрдү сот жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет. Сот жыйналышына жашы жете элек күбөнү чакырганда педагогду же психологду, жашы жете электин мыйзамдуу өкүлдөрүн чакыруу жөнүндө маселени да чечет;

6) тараптардын пикирлерин эске алуу менен экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди, котормочуларды тартуу жөнүндө маселени чечет;

7) ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча уюмдардан же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди, аудио жана видео жазууларды талап кылууга көмөктөшөт;

8) кечиктирүүгө болбогон учурларда, ишке катышуучу жактарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди жеринде карал көрөт;

9) сот тапшырмаларын жөнөтөт;

10) доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечет;

11 Алдын ала сот жыйналышынын күнүн, убактысын жана ордун дайындайт;

12) доогердин арызы боюнча ал берген арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама чыгарат;

13) тараптарга алардын талашты медиация аркылуу жөнгө салууга укугун түшүндүрөт жана тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жөнөтөт;

14) зарыл болгон башка процесстик аракеттерди жасайт.

154-берене. Алдын ала сот жыйналышы

1. Алдын ала сот жыйналышы судья тарабынан соттук териштирүүнүн эрежелери боюнча, ушул главада белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен өткөрүлөт.

2. Алдын ала сот жыйналышы өткөрүлүүчү күн, убакыт жана орун ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлөт.

Тараптарга алдын ала сот жыйналышынын күнү, убактысы жана орду жөнүндө ушул Кодекстин 12-главасынын эрежелери боюнча кабарланат. Ишке катышуучу жактардын келбей калуусу алдын ала сот жыйналышында ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Тараптар алдын ала сот жыйналышында далилдерди берүүгө, жүйөлөрдү келтирүүгө, өтүнмө билдирүүгө укуктуу.

4. Ушул Кодекстин 215, 216, 220, 222-беренелеринде каралган жагдайлар бар болгондо тараптардын пикирлерин эске алуу менен иш боюнча өндүрүш алдын ала сот жыйналышында токтотулуп турат же токтотулат же болбосо арыз кыймылсыз калтырылат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.

5. Алдын ала сот жыйналышында жоопкердин доону моюнга алуусу жөнүндө, доонун же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн эскиришин мыйзамда белгиленген тартипте колдонуу жөнүндө маселелер каралат.

6. Сотко кайрылуу мөөнөтү же доонун эскирүү мөөнөтү жүйөлүү себептерсиз өткөрүп жиберилгендигинин фактысы тастыкталганда судья иш боюнча башка факты жүзүндөгү жагдайларды иликтөөсүз доодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

7. Жоопкер доону мойнуна алган учурда сот иш боюнча башка факты жүзүндөгү жагдайларды иликтөөсүз доону канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Иш соттук териштирүүгө даяр болгондо сот иш боюнча соттук териштирүүнү алдын ала сот жыйналышынан кийин эле тараптардын макулдугу менен жүргүзөт, бул тууралуу ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарылат.

9. Алдын ала сот жыйналышында ушул Кодекстин 22-главасына ылайык протокол жүргүзүлөт.

155-берене. Ишти соттук териштирүүгө дайындоо

Судья ишти даяр болду деп тааныганда аны сот жыйналышында териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө тараптарга жана процесстин башка катышуучуларына кабарлайт.

156-берене. Бир нече доо талаптарын бириктирүү же бөлүү

1. Доогер өз ара байланышкан бир нече талаптарды бир доо арызына бириктирүүгө укуктуу.

2. Эгерде талаптарды бөлүп кароону максатка ылайыктуураак деп тапса, судья бириктирилген талаптардын бирин же бир нечесин өзүнчө өндүрүшкө бөлөт.

Талаптар бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлганда, эгерде талаптарды бөлүп кароону максатка ылайыктуураак деп тапса, судья талаптардын бирин же бир нечесин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө укуктуу.

3. Судья бул соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же болбосо бир эле доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иш бар экендигин тастыктагандан кийин, эгерде аларды бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура кароого алып келсе, аларды бирдикте кароо үчүн бир өндүрүшкө бириктирүүгө укуктуу.

16-глава. Соттук териштирүү

157-берене. Жарандык жана экономикалык иштерди кароонун жана чечүүнүн мөөнөттөрү

1. Жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет, бул мөөнөткө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ишти соттук териштирүүгө даярдоонун, иш боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү кирет.

2. Жумушка кайра орноштуруу жөнүндө, алиментти өндүрүү жөнүндө, асырап алуу жөнүндө, көзөмөлчүнү (камкорчуну) дайындоо жөнүндө жана балдарды жатак мекемелерине жиберүү жөнүндө иштер бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет.

Экономикалык иштер, даярдоо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн кошуп алганда, келип түшкөн күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

3. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда жарандык жана экономикалык иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

158-берене. Сот жыйналышы

Жарандык ишти териштирүү ишке катышуучу адамдарга милдеттүү түрдө кабарлоо менен сот жыйналышында жүргүзүлөт.

159-берене. Сот жыйналышында төрагалык кылуучу

1. Ишти жеке өзү караган судья төрагалык кылуучунун милдеттерин аткарат.

2. Төрагалык кылуучу тараптардын укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүү менен сот жыйналышына жетекчилик кылат, иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзөт. Төрагалык кылуучу сот жыйналышынын күн тартибин сактоону камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

Соттук териштирүүгө катышуучу адамдардын кимдир бирөөсү төрагалык кылуучунун аракеттерине каршы пикирин билдирген учурда, бул каршы пикирлер сот жыйналышынын протоколуна жазылат жана төрагалык кылуучу өзүнүн аракеттери тууралуу түшүндүрмө берет.

3. Төрагалык кылуучунун тескемелери процесстин бардык катышуучулары: ишке катышуучу жактар, өкүлдөр, күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар жана сот жыйналышынын залында катышып отурган адамдар үчүн милдеттүү болот.

160-берене. Сот жыйналышындагы тартип

1. Судьялар сот жыйналышынын залына киргенде залда олтургандардын баары ордунан турат, өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн тике туруп берет. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилет.

2. Процесстин катышуучулары судьяга "Урматтуу сот" деп кайрылышат.

3. Ишти соттук териштирүү талаптагыдай тартипти жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарда өтөт. Төрагалык кылуучу коопсуздукту камсыздоо максатында ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүүгө, анын ичинде алардын керт башын тастыктоочу документтерди текшерүүгө, алар алып кирген жүктөрдү карап көрүүгө тескеме бере алат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө киного жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түздөн-түз радио жана теле алып берүүнү жүргүзүүгө ишке катышуучу жактардын пикирлерин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилет. Бул аракеттер сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө жолтоо болбошу керек, сот жыйналышынын залынын сот көрсөткөн орундарында жүргүзүлүүгө тийиш жана убакыт жагынан чектелиши мүмкүн.

5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле сот жыйналышынын залында катышып отурган бардык жарандар белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.

6. Сот актыларын сот жыйналышынын залындагы бардык катышуучулар тике туруп угат.

161-берене. Сот жыйналышында тартипти бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар

1. Ишти териштирүү убагында тартипти бузган адамга карата төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.

2. Тартип кайталап бузулган учурда процесстин катышуучулары соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бүткүл убактысына же айрым бөлүгүнө сот жыйналышынын залынан чыгарылышы мүмкүн. Төрагалык кылуучу мындай учурда жыйналыш залына жаңыдан киргизилген адамды ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик аракеттер менен тааныштырат. Ишти териштирүүдө катышып жаткан жарандар тартипти кайталап бузгандыгы үчүн төрагалык кылуучунун тескөөсү боюнча залдан чыгарылат.

3. Сот жыйналышынын жүрүшүндө тартипти бузууга күнөөлүү, ошондой эле сотко урматтабай мамиле жасаган адамдарга сот элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө айыппул салууга укуктуу.

4. Эгерде сот жыйналышындагы тартипти бузуучунун аракетинде кылмыштын белгилери бар болсо, сот материалдарды тийиштүү прокурорго жиберет.

5. Ишти териштирүүдө катышкан жарандар тарабынан тартип жапырт бузулганда сот процесстин катышуучулары болуп саналган бардык жарандарды сот жыйналышынын залынан чыгарышы же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.

162-берене. Сот жыйналышын ачуу

Төрагалык кылуучу ишти териштирүү үчүн дайындалган убакытта сот жыйналышын ачат жана кандай жарандык иш каралууга жата тургандыгын жарыялайт.

163-берене. Процесстин катышуучуларынын келгендигин текшерүү

1. Сот жыйналышынын катчысы сотко бул иш боюнча чакырылган жактардын кимиси келгендигин, келбей калгандар кабардар кылынган-кылынбагандыгын жана алардын келбей калышынын себептери жөнүндө кандай маалыматтар бар экендигин билдирет.

2. Төрагалык кылуучу келгендердин керт башын тастыктайт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

164-берене. Котормочуга анын милдеттерин түшүндүрүү

1. Төрагалык кылуучу котормочуга сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын которуп берүү боюнча, ал эми ал жактарга - ишке катышуучу жактардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынуучу жана иште бар документтерди, аудио жана видео жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун тескемелерин, соттун аныктамасын жана чечимдерин которуп берүү боюнча анын милдеттерин түшүндүрөт.

2. Которуп жаткан убагында котормочу процесстин катышуучуларына котормону тактоо үчүн суроо берүүгө, сот жыйналышынын протоколунда котормонун тууралыгы боюнча сын-пикир жазууга укуктуу.

3. Төрагалык кылуучу атайылап туура эмес которгондук үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчилиги жөнүндө котормочуга эскертет. Котормочунун буга байланыштуу койгон колтамгасы сот жыйналышынын протоколуна тиркелет.

Котормочу сотко келүүдөн качкан учурда ага сот элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө айыппул салышы мүмкүн.

4. Ушул берененин эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн жаңсоолорун түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамга (сурдокотормочуга) да таркалат.

165-берене. Күбөлөрдү сот жыйналышынын залынан чыгаруу

Сотко келген күбөлөр сот жыйналышынын залынан чыгарылат. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт.

166-берене. Соттун курамы жөнүндө маселени чечүү жана четтетүү жана өзүн өзү четтетүү укугун түшүндүрүү

1. Төрагалык кылуучу соттун курамын, прокурор, котормочу, эксперт, адис, сот жыйналышынын катчысы катары кимдер катышып жаткандыгын жарыялайт жана ишке катышуучу жактарга алардын четтетүү жана өзүн өзү четтетүү укугун түшүндүрөт.

2. Өзүн өзү четтетүүлөр жана четтетүүлөр үчүн негиздер, аларды чечүүнүн тартиби жана мындай арыздарды канааттандыруунун натыйжалары ушул Кодекстин 19-24-беренелери менен аныкталат.

167-берене. Ишке катышуучу жактарга жана алардын өкүлдөрүнө укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү

Төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактарга жана алардын өкүлдөрүнө процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

168-берене. Ишке катышуучу жактардын өтүнмөлөрүн чечүү

Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн ишти териштирүүгө байланышкан маселелер боюнча өтүнмөлөрү ишке катышуучу башка жактардын пикирлери угулгандан кийин соттун аныктамалары менен чечилет.

169-берене. Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн сот жыйналышына келбөөсүнүн натыйжалары

1. Ишке катышуучу жактар келбей калуусунун себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана бул себептердин жүйөлүүлүгүнүн далилдерин берүүгө милдеттүү.

2. Кабардар кылынгандыгы жөнүндө маалыматтар болбогон ишке катышуучу жактардын кимдир-бирөөсү сот жыйналышына келбеген учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.

3. Эгерде ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган болсо, сот алардын келбегендигинин себептери жүйөлүү деген тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

4. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган ишке катышуучу жактардын кимдир-бирөөсү келбеген учурда, эгерде келбегендигинин себептери жөнүндө маалымат жок болсо же болбосо, сот алардын келбегендигин себептерин жүйөлүү эмес деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу.

5. Тараптар соттон ишти аларсыз эле кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жөнөтүүнү өтүнүүгө укуктуу. Эгерде иштин жагдайлары боюнча зарыл болсо, сот тараптар сот жыйналышына милдеттүү түрдө катышууга тийиш деп эсептей алат.

6. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынган ишке катышуучу жактын өкүлүнүн келбегендиги ишти кароого тоскоол болуп саналбайт. Сот ишке катышуучу жактын өтүнмөсү боюнча, анын өкүлү келбегендигине байланыштуу ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

170-берене. Сот жыйналышына күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин келбөөсүнүн натыйжалары

1. Сот жыйналышына күбөлөр, эксперттер же адистер келбеген учурда сот процесстин келбеген катышуучуларысыз эле ишти кароо мүмкүндүгү жөнүндө ишке катышуучу жактардын пикирлерин угат жана соттук териштирүүнү улантуу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде чакыртылган күбө, эксперт же адис сот жыйналышына сот тарабынан жүйөсүз деп таанылган себептер боюнча келбеген болсо, сот тарабынан ага элүү эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн.

Күбө экинчи жолу чакырууга жүйөлүү себепсиз келбегенде ал мажбурлап алып келиниши мүмкүн, бул жөнүндө сот аныктама чыгарат.

171-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу. Сот жыйналышындагы тыныгуу

1. Ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөсү келбегендигине, тосмо доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди көрсөтүүнүн же талап кылуунун, тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жөнөтүүнүн, ишке катышууга башка жактарды тартуунун жана процесстик башка аракеттерди жүргүзүүнүн зарылдыгына байланыштуу ушул сот жыйналышында ишти кароону мүмкүн эмес деп эсептесе, ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга жол берилет.

2. Ишти териштирүүнү кийинкиге каптырууда жаңы сот жыйналышында ишти чечүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү убакытты эске алуу менен жаңы сот жыйналышынын датасы дайындалат, бул жөнүндө келген жактарга кол койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Келбеген жана процесске катышууга жаңыдан тартылган жактарга жаңы сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө чакыруу каттар (кабардамалар) жөнөтүлөт.

3. Кийинкиге калтырылгандан кийин ишти териштирүү кайра башынан башталат.

4. Эгерде тараптар процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн кайталоону талап кылбаса, иштин материалдары менен тааныш болсо, соттун курамы өзгөрбөсө, сот процесстин катышуучуларына алар мурда берген түшүндүрмөлөрүн кайталабастан ырастоо, аларды толуктоо, кошумча суроолорду айтуу мүмкүндүгүн берүүгө укуктуу.

5. Сот ишке катышуучу жактын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча сот жыйналышына тыныгуу жарыялай алат.

6. Сот жыйналышына тыныгуу он күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяланышы мүмкүн.

7. Тыныгуу аяктагандан кийин сот жыйналышы улантылат, бул жөнүндө сот жыйналышында төрагалык кылуучу жарыялайт. Тыныгууга чейин иликтенген далилдерди кайталап кароо жүргүзүлбөйт.

8. Тыныгуу жарыяланганга чейин ишке катышкан жана сот жыйналышынын залында болгон жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылды деп эсептелет жана тыныгуу аяктагандан кийин алардын сот жыйналышына келбөөсү аны улантууга тоскоолдук кылбайт.

172-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда күбөлөрдү суракка алуу

Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда сот келген күбөлөрдү суракка алышы мүмкүн. Зарыл учурларда гана бул күбөлөрдү жаңы соттук жыйналышка экинчи жолу чакыртууга жол берилет.

173-берене. Экспертке жана адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү

Төрагалык кылуучу экспертке жана адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, экспертке атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн, ал эми адиске билип туруп жалган көрсөтүүлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет, бул тууралуу аларга колтамга койдурулат, ал сот жыйналышынын протоколуна тиркелет.

174-берене. Ишти маңызы боюнча кароону баштоо

1. Ишти маңызы боюнча кароо төрагалык кылуучунун же судьялардын кимдир-бирөөсүнүн ишти баяндоосунан башталат.

2. Андан кийин төрагалык кылуучу доогерден өз талаптарын уланта тургандыгын, жоопкерден доогердин талаптарын мойнуна аларын же албасын жана тараптар ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү же медиация жол-жобосун жүргүзүүнү кааларын же каалабасын сурайт.

175-берене. Доогердин доодон баш тартышы, жоопкердин доону мойнуна алышы жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

1. Доогердин доодон баш тартуу жөнүндө арызы, жоопкердин доону мойнуна алышы же тараптардын жарашуу макулдашуусунун шарттары жазуу жүзүндө берилиши керек. Бул арыздар ишке кошулат, бул тууралуу сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүлөт.

2. Доодон баш тартылган же доо моюнга алынган же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилген учурларда сот доогерге, жоопкерге же тараптарга тийиштүү процесстик аракеттердин натыйжаларын түшүндүрөт.

3. Доогер доодон баш тартканда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

Аныктамада тараптардын сот тарабынан бекитилген жарашуу макулдашуусунун шарттары көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Жоопкер доону моюнга алганда сот билдирилген талаптарды канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарат.

5. Жарашуу келишими ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына жооп берүүсү керек.

6. Ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча жарашуу келишими бекитилбеген учурда сот бул жөнүндө аныктама чыгарат жана ишти маңызы боюнча кароону улантат.

176-берене. Ишке катышуучу жактардын түшүндүрмөлөрү

1. Иш баяндалгандан кийин сот доогердин жана анын тарабында катышуучу үчүнчү жактын, жоопкердин жана анын тарабында катышуучу үчүнчү жактын, ошондой эле ишке катышуучу башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат. Прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрү, башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар биринчи болуп түшүндүрмө берет. Ишке катышуучу жактар бири-бирине суроо берүүгө укуктуу. Судьялар ишке катышуучу жактарга алар түшүндүрмө берип жатканда кандай болсосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

2. Ишке катышуучу жактардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сот тарабынан ушул Кодекстин 71 жана 73-беренесинде каралган тартипте алынган түшүндүрмөлөрдү төрагалык кылуучу окуп берет.

177-берене. Далилдерди иликтөөнүн тартибин белгилөө

Сот ишке катышуучу жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана алардын пикирлерин эске алуу менен, далилдерди иликтөөнүн тартибин белгилейт.

178-берене. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендик үчүн жоопкерчилик жөнүндө күбөгө эскертүү

1. Төрагалык кылуучу күбөнү суракка алууга чейин күбөнүн керт башын тастыктайт, анын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрөт жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергендик үчүн жоопкерчилигин эскертет, бул жөнүндө анын колтамгасы алынып, ишке тиркелет.

2. Төрагалык кылуучу он алты жашка толо элек күбөгө иш боюнча ага белгилүү бардык нерселерди так айтып берүүгө милдеттүү экендигин түшүндүрөт, бирок көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө ага эскертилбейт.

179-берене. Күбөнү суракка алуунун тартиби

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат.

2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышуучу жактарга мамилесин тактайт жана күбөгө иштин жагдайлары жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча күбө чакырылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү суроо берет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай болбосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

4. Сот ошол же кийинки жыйналышта күбөнү кайталап суракка ала алат, ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды аныктоо үчүн аларды кайталап суракка ала алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында сот жыйналышынын залында боло албайт. Суракка алынган күбө, эгерде сот ага эрте кетүүгө уруксат бербесе, ишти териштирүү аяктаганга чейин сот жыйналышынын залында калат.

180-берене. Күбөнүн жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдаланышы

Күбө көрсөтмө бергенде анын көрсөтмөсү кандайдыр бир сандар же башка эске тутууга кыйын маалыматтар менен байланыштуу болгондо жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдалана алат. Бул материалдар сотко жана ишке катышуучу жактарга берилет жана соттун аныктамасы боюнча ишке тиркелиши мүмкүн.

181-берене. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу

1. Он сегиз жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу педагогдун же психологдун, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Зарыл учурда жашы жете элек күбөнүн ата-энеси, асырап алуучусу, камкорчусу же көзөмөлчүсү чакыртылат. Аталган жактар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроо бере алат, ошондой эле күбөнүн керт башы жана ал берген көрсөтмөлөрдүн мазмуну тууралуу өз пикирин айта алат.

2. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу убагында ишке катышуучу тигил же бул жак же сот жыйналышынын залында болгон жарандардын кимдир бирөөсү соттун аныктамасы боюнча сот жыйналышынын залынан чыгарылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жак сот жыйналышынын залына кайтып келгенден кийин ага жашы жете элек күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну билдирилүүгө жана күбөгө суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

3. Он алты жашка чыга элек күбөнүн сот жыйналышынын залында болушун сот зарыл деп тапкан учурлардан башка учурларда бул күбө аны суракка алуу бүткөндөн кийин сот жыйналышынын залынан чыгарылат.

182-берене. Күбөнүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу

Ушул Кодекстин 71, 73-беренелеринде, 79-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 172-беренесинде каралган тартипте алынган күбөнүн көрсөтмөлөрү сот жыйналышында жарыя кылынат, айдан кийин ишке катышуучу жактар ал көрсөтмөлөргө карата пикирин билдирүүгө жана алар боюнча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

183-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди иликтөө

Жазуу жүзүндөгү далилдер же аларды кароонун ушул Кодекстин 71, 73, 83-беренелеринде жана 153-беренесинин 9-пунктунда каралган тартипте түзүлгөн протоколдору сот жыйналышында жарыя кылынат жана ишке катышуучу жактарга, алардын өкүлдөрүнө, ал эми зарыл учурларда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет. Андан кийин ишке катышуучу жактар түшүндүрмөлөрүн бере алат.

184-берене. Жарандардын жеке кат алышууларын жана телеграфтык билдирүүлөрүн жарыя кылуу жана иликтөө

Жеке кат алышуунун жана жеке телеграфтык билдирүүлөрдүн жашыруундуулугун сактоо максатында бул кат алышуулар жана телеграф билдирүүлөр ачык сот жыйналышында ортосунда бул кат алышуулар жана телеграф билдирүүлөр жүргөн жактардын макулдугу менен гана жарыя кылынышы жана иликтениши мүмкүн. Мындай макулдук болбогон учурда бул кат алышуулар жана телеграфтык билдирүүлөр соттун жабык жыйналышында жарыя кылынат жана иликтенет.

185-берене. Буюмдук далилдерди иликтөө

1. Буюмдук далилдери сот тарабынан карап көрүлөт жана ишке катышуучу жактарга, алардын өкүлдөрүнө, ал эми зарыл учурларда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө көрсөтүлөт.

2. Буюмдук далилдер көрсөтүлгөн жактар аларды карап көрүүгө байланышкан тигил же бул жагдайга соттун көңүлүн бура алат. Бул билдирүүлөр сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

3. Буюмдук далилдерди кароонун ушул Кодекстин 71, 73, 89-беренесинде жана 153-беренесинин 9-пунктунда каралган тартипте түзүлгөн протоколдору сот жыйналышында жарыя кылынат, андан кийин ишке катышуучу жактар түшүндүрмө бере алат.

186-берене. Жеринде карап көрүү

1. Сотко алып келүү кыйынчылыкты жараткан же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдер алардын жайгашкан жеринде же сот аныктаган башка жерде каралат жана иликтенет. Жеринде карап көрүүнү жүргүзүү жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.

2. Жеринде карап көрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө ишке катышуучу жактар, алардын өкүлдөрү кабардар кылынат, бирок алардын келбей калышы карап көрүүгө тоскоолдук болуп саналбайт. Зарыл учурларда эксперттер, адистер жана күбөлөр да чакыртылат.

3. Жеринде карап көрүүнүн натыйжалары сот жыйналышынын протоколуна киргизилет. Протоколго карап көрүүдө түзүлгөн же текшерилген пландар, чиймелер, схемалар, эсептер, документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле карап көрүү убагында жасалган видео жазуулар, жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдердин фотосүрөттөрү, ошондой эле эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелет.

187-берене. Аудио жазууну, видео жазууну угузуу-көрсөтүү жана аларды иликтөө

1. Өздүк мүнөздөгү маалыматты камтыган аудио же видео жазууну угузуу-көрсөтүүдө, ошондой эле аларды иликтөөдө ушул Кодекстин 184-беренесинде каралган эрежелер колдонулат.

2. Аудио же видео жазууну угузуу-көрсөтүү сот жыйналышынын залында же бул максат үчүн атайын жабдылган жайда, далилдер угузулуп-көрсөтүлүп жаткан булактардын айырмалоочу белгилерин жана угузуунун-көрсөтүүнүн убактысын сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот ишке катышуучу жактардын түшүндүрмөлөрүн угат. Зарыл болгондо аудио жана видео жазууну угузуу-көрсөтүү толук же кайсы бир бөлүгүндө кайра кайталанышы мүмкүн.

3. Аудио жана видео жазууларда камтылган маалыматтарды аныктоо максатында сот адисти тартышы, ошондой эле экспертизаны дайындашы мүмкүн.

188-берене. Далилдин жалгандыгы жөнүндө арыз

1. Иштеги далилдин жалган экендиги жөнүндө арыз болгон учурда, бул далилди берген жак аны далилдердин катарынан чыгарууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү соттон өтүнө алат.

2. Далилдин жалгандыгы жөнүндө арызды текшерүү үчүн сот экспертиза дайындашы, ошондой эле тараптарга башка далилдерди берүүнү сунуш кылышы мүмкүн.

3. Эгерде сот далилдин жалгандыгы жөнүндө тыянакка келсе, аны далилдердин катарынан чыгарат. Зарыл учурларда сот жалган далилди берген жакка тийиштүү чара көрүү үчүн материалды прокуратура органдарына жиберет.

189-берене. Эксперттин корутундусун иликтөө

1. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында жарыя кылынат. Корутундуну түшүндүрүү жана толуктоо максатыңда экспертке суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү суроо берет, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү берет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет. Сот экспертке аны суракка алуунун кайсы болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

2. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында иликтенет жана башка далилдер менен бир катарда сот тарабынан бааланат жана сот үчүн мурдатан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместиги иш боюнча чечимде же болбосо кошумча же кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада жүйөлөнүшү керек.

190-берене. Кошумча жана кайрадан жүргүзүлгөн экспертиза

1. Корутунду жетиштүү даражада айкын эмес же толук болбогон учурда сот кошумча экспертиза дайындай алат, аны өткөрүү ошол же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна анын негизсиздигин жүйөлөп макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда кайрадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертизаны жүргүзүү башка экспертке тапшырылат.

191-берене. Адистин консультациясы

1. Жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерди карап көрүүдө, аудио жана видео жазууларды угуу-көрүүдө, экспертиза дайындоодо, күбөлөрдү суракка алууда, далилдерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө зарыл болгондо сот консультацияларды, түшүндүрмөлөрдү алуу, техникалык тикелей жардам көрсөтүү (фотосүрөткө тартуу, пландарды жана схемаларды түзүү, экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандоо, мүлктү баалоо жана д.у.с.) үчүн адистерди тарта алат.

2. Адис катары чакырылган жак сотко келүүгө, сот берген суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана зарыл болгондо - сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Адистин жазуу жүзүндө берилген консультациясы сот жыйналышында жарыя кылынат. Адистин оозеки консультациясы жана түшүндүрмөлөрү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

4. Консультацияны түшүндүрүү жана толуктоо максатында адиске суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча адис чакырткан жак жана анын өкүлү суроолорду берет, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү берет. Соттун демилгеси боюнча чакыртылган адиске биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет.

5. Сот адиске аны суракка алуунун кайсы болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

192-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары

Сот тарабынан ишке катыштырылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары сот жыйналышында жарыя кылынат. Сот, ошондой эле ишке катышуучу жактар жана алардын өкүлдөрү бул органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө корутундуларды түшүндүрүү жана толуктоо максатында суроолорду бере алат.

193-берене. Ишти маңызы боюнча кароону аяктоо

Бардык далилдер иликтенип бүткөндөн кийин, төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактардан жана алардын өкүлдөрүнөн иштин материалдарын толуктоону каалар-каалабасын сурайт. Мындай арыздар болбогондо төрагалык кылуучу ишти маңызы боюнча кароо аяктагандыгын жарыялайт жана сот соттук жарыш сөздөрдү угууга өтөт.

194-берене. Соттук жарыш сөздөр

1. Соттук жарыш сөздөр ишке катышкан жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнөн турат.

2. Соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп доогер жана анын өкүлү, андан кийин жоопкер жана анын өкүлү сүйлөйт. Башталып калган процессте талаштын предметине карата өз алдынча талабын билдирген үчүнчү жак жана анын өкүлү тараптардан жана алардын өкүлдөрүнөн кийин сүйлөйт. Талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жак жана анын өкүлү ушул үчүнчү жак тарапкери катары ишке катышып жаткан доогерден же жоопкерден кийин сүйлөйт.

3. Ушул Кодекстин 48-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштер боюнча процесске кошулуучу прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын өкүлдөрү жана ушул Кодекстин 49-беренесинин тартибинде башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт.

4. Сот жарыш сөздөрдү белгилүү бир убакыт менен чектөөгө укуксуз. Төрагалык кылуучу, эгерде сүйлөп жаткан жак сот карап жаткан иштин чегинен чыкса, аны токтотуп кое алат.

5. Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн баары сүйлөп бүткөндөн кийин, алар айтылган сөздөргө байланыштуу репликалар менен кайтадан чыгып сүйлөй алат. Соңку реплика укугу дайыма жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык болот.

195-берене. Ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртуу

1. Ишке катышуучу жактар, алардын өкүлдөрү соттук жарыш сөздөрдүн убагында сүйлөгөн сөздөрүндө сот тарабынан аныкталбаган жагдайларга, ошондой эле сот жыйналышында иликтенбеген далилдерге шилтеме кылууга укуксуз.

2. Сот, эгерде соттук жарыш сөздөрдүн убагында иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же жаңы далилдерди иликтөөнү зарыл деп тапса, ишти маңызы боюнча кароону кайрадан баштоо жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүлөт. Ишти маңызы боюнча кароо аяктагандан кийин соттук жарыш сөздөр жалпы тартипте жүргүзүлөт.

196-берене. Соттун чечим чыгаруу үчүн чыгып кетиши

Соттук жарыш сөздөрдөн кийин сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетет, бул туурасында төрагалык кылуучу сот жыйналышынын залында отургандарга жарыялайт.

197-берене. Чечимди жарыялоо

1. Чечимди кабыл алгандан жана ага кол койгондон кийин сот жыйналыштын залына кайтып келет, ал жерде төрагалык кылуучу соттун чечимин жарыялайт.

Андан кийин төрагалык кылуучу чечимдин мазмунун, аны даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүп берет.

2. Сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн чыгарууда соттун чечиминин акыркы формасы менен таанышуунун датасын белгилөөгө милдеттүү.

17-глава. Соттун чечими

198-берене. Чечимди чыгаруу

1. Биринчи инстанциядагы соттун ишти маңызы боюнча чечүүчү актысы чечим түрүндө чыгарылат. Чечим Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

2. Чечим кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат. Чечим чыгаруу убагында анда бул ишти караган судья гана боло алат. Кеңешүү бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна жол берилбейт.

199-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү

1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш.

2. Чечим процесстик укуктун нормасын сактоо менен жана ушул укук мамилесине карата колдонулууга жатуучу материалдык укуктун нормаларына ылайык чыгарылганда мыйзамдуу болуп саналат.

3. Чечимде ушул иш үчүн мааниси бар, таандык болушу жана жол берилүүчүлүгү, ошондой эле аныктыгы жөнүндө мыйзамдык тиешелүү талаптарга жооп берген далилдер менен ырасталган фактылар чагылдырылганда жана соттун тастыкталган фактылардан келип чыгуучу толук тыянактары камтылганда чечим негиздүү деп эсептелет.

4. Сот чечимди сот жыйналышында иликтенген далилдерге гана негиздейт.

200-берене. Чечим чыгарууда чечилүүчү маселелер

1. Чечим чыгарууда сот:

1) далилдерге баа берет;

2) иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар аныкталгандыгын жана аныкталбагандыгын аныктайт;

3) ишке катышуучу жактардын укук мамилелери кандай экендигин аныктайт;

4) бул иш боюнча кайсы мыйзам же башка ченемдик укуктук акт колдонулушу керектигин чечет;

5) доонун канааттандырылууга жата тургандыгын чечет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечет.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан берилген талаптардын чектеринде чечет.

3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды айкындоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп таанып, ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Ишти маңызы боюнча кароо бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат.

201-берене. Чечимди баяндоо

1. Чечим төрагалык кылуучу тарабынан жазуу жүзүндө баяндалат.

2. Соттун чечимине судья кол коёт. Чечимге оңдоолор судья кол коёрдун алдында эскертилүүгө тийиш.

202-берене. Чечимдин мазмуну

1. Чечим киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрүнөн турат.

2. Чечимдин киришме бөлүгүндө чечим чыгаруунун убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот жыйналышынын катчысы, тараптар, ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети жана билдирилген талап көрсөтүлөт.

3. Чечимдин сыпаттама бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин тосмо доо талабын, жоопкердин каршы пикирин жана ишке катышуучу башка жактардын түшүндүрмөлөрүн көрсөтүү камтылууга тийиш.

4. Чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө иштин сот тастыктаган жагдайлары, укуктар жана милдеттер жөнүндө соттун тыянактары негизделген фактылар, далилдер, сот таянып тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр, сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар көрсөтүлүшү керек. Сот ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун чечилип жаткан маселе боюнча сот практикасын түшүндүрмөлөө жөнүндө токтомуна шилтеме жасоого укуктуу.

5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу же доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү көрсөтүү, чечимди даттануунун мөөнөтү жана тартиби камтылууга тийиш.

6. Доо жоопкер тарабынан моюнга алынган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө доонун моюнга алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

7. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилишине байланыштуу доодон баш тартылган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө сот тарабынан ушул жагдайлардын тастыкталгандыгы гана көрсөтүлөт.

8. Никени бузуу жөнүндө иш боюнча соттун чечими киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн турушу мүмкүн.

203-берене. Мүлктү же анын наркын ыйгаруу жөнүндө чечим

Мүлктү натуралай ыйгарууда, эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк бар болбосо, сот чечимде жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш мүлктүн наркын көрсөтөт.

204-берене. Жоопкерди белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү чечим

1. Мүлктү же акчалай суммасын өткөрүп берүүгө байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөттүн ичинде чечимди аткарбаса, жоопкердин эсебинен зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен доогер бул аракеттерди жасаганга укуктуу экендиги көрсөтүшү мүмкүн.

2. Эгерде көрсөтүлгөн аракеттер жоопкер тарабынан гана жасала турган болсо, сот чечимде бул чечим аткарылууга тийиш мөөнөттү көрсөтөт.

3. Юридикалык жактарды же коллегиялуу органдарды мүлктү же акчалай суммаларын өткөрүп берүүгө байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого (чечим кабыл алууга) милдеттендирген чечим сот белгилеген мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат.

205-берене. Бир нече доогердин пайдасына же бир нече жоопкерге каршы чыгарылган чечим

1. Бир нече доогердин пайдасына чечим чыгарууда сот чечим алардын ар бирине кандай үлүштө туура келерин көрсөтөт же өндүрүп алуу укугу орток боло тургандыгын көрсөтөт.

2. Бир нече жоопкерге каршы чечим чыгарууда сот ар бир жоопкер кандай үлүштө чечимди аткарууга тийиш экендигин көрсөтөт же алардын жоопкерчилиги орток боло тургандыгын көрсөтөт.

206-берене. Чечимдеги туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо

1. Соттун иш боюнча чечими жарыялангандан кийин чечим чыгарган сот аны өзү жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуксуз.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат. Оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе аныктама чыгаруу менен сот жыйналышында чечилет. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 04-апрелиндеги.

207-берене. Кошумча чечим

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча кошумча чечим чыгарышы мүмкүн, эгерде:

1) ишке катышуучу жактар далилдерди көрсөткөн жана түшүнүктөрдү берген кайсы бир талап боюнча чечим чыгарылбаса;

2) сот укук жөнүндө маселени чечип, ыйгарылган сумманын, өткөрүп берилүүгө тийиш мүлктүн суммасынын өлчөмүн же жоопкер жасоого милдеттүү аракеттерди көрсөтпөсө;

3) сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселе чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлушу мүмкүн. Кошумча чечим сот жыйналышында маселе каралгандан кийин сот тарабынан чыгарылат жана ал даттанылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселени кароого жана чечүүгө тоскоолдук кылбайт.

3. Кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

208-берене. Чечимди түшүндүрүү

1. Чечим түшүнүксүз болгон учурда, ишти чечкен сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча чечимдин мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүүгө укуктуу.

2. Эгерде чечим аткарууга алына элек болсо жана чечим мажбурлап аткартыла турган мөөнөт өтө элек болсо, чечимди түшүндүрүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе сот жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоол болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

209-берене. Чечимди аткарууну жылдыруу жана созуу, чечимди аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү

1. Ишти караган сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, тараптардын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну жылдырууга же созууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

2. Көрсөтүлгөн арыздар сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги коюлган маселени чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же жылыштыруу жөнүндө, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

210-берене. Ыйгарылган акчалай суммаларды индексациялоо

1. Өндүрүп алуучунун арызы боюнча, ишти караган сот өндүрүп алынган акчалай суммаларга соттун чечимин аткаруу учуруна карата тиешелүү индексация жүргүзүшү мүмкүн.

2. Көрсөтүлгөн арыз сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги ыйгарылган акчалай суммаларды индексациялоо жөнүндө маселени чечүүгө тоскоолдук кылбайт.

3. Ыйгарылган акчалай суммаларды индексациялоо жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

211-берене. Соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши

1. Соттун чечими, эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык даттануу берилген учурда, чечим, эгерде ал жокко чыгарылбаса, иш апелляциялык инстанциядагы сотто каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган чечимдер жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

212-берене. Чечимди аткаруу

Чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

213-берене. Чечимди аткарууну камсыз кылуу

Сот чечимди аткарууну камсыз кылуу үчүн ушул Кодекстин 14-главасында белгиленген эрежелер боюнча чараларды көрө алат.

214-берене. Ишке катышуучу жактарга соттун чечиминин көчүрмөлөрүн тапшыруу жана жөнөтүү

1. Ишке катышуучу жактарга соттун чечиминин көчүрмөсү чечим жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.

2. Сот жыйналышына катышпаган ишке катышуучу жактарга соттун чечиминин көчүрмөсү чечим жарыяланган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат менен жиберилет.

18-глава. Иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу

215-берене. Соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу милдети

Сот иш боюнча өндүрүштү токтотуп турууга төмөнкүдөй учурларда милдеттүү:

1) эгерде талаштуу укук мамилеси укук улантуучулукка жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран каза болгондо;

2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо;

3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн жоокердик аракеттерге катышып жаткан бөлүктөрүндө болгондо же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн жоокердик аракеттерге катышып жаткан бөлүктөрүндө турган доогердин өтүнүчү боюнча;

4) конституциялык, жарандык, администрациялык, жазыктык сот өндүрүшү тартибинде же администрациялык тартипте каралып жаткан башка ишти чечүүгө чейин бул ишти кароо мүмкүн болбогондо;

5) бул иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндө маселенин анык эместиги сот тарабынан табылганда же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына суроо-талап жөнөтүлгөндө.

216-берене. Соттун өндүрүштү токтотуп туруу укугу

Сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотуп тура алат:

1) тарап чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлмөлөрүндө аскердик кызматта болгондо же ал кандайдыр бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн тартылганда;

2) эгерде талаштуу укук мамилеси укук улантуучулукка жол берсе, тарап болуп эсептелген юридикалык жак кайра уюштурулганда;

3) тарап дарылоо мекемелеринде болгондо же анын сотко келүүгө жолтоо болгон жана медициналык мекеменин маалымкаты менен ырасталган оорусу бар болгондо;

4) сот экспертиза дайындаганда;

5) сот тапшырмасы жөнөтүлгөндө;

6) мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ченемдик укуктук актыларды чечмелөө боюнча расмий суроо-талап жиберилгенде;

7) ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жаткан мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты өз кароосуна кабыл алгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кабардамасы алынганда;

8) тараптар медиацияны колдонуу жөнүндө келишим түзгөндө.

217-берене. Өндүрүштү токтотуп туруунун мөөнөттөрү

Иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй мөөнөттөргө токтотуп турулат;

1) ушул Кодекстин 215-беренесинин 1 жана 2-пункттарында, 216-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда - чыгып калган жактын укук улантуучусун аныктаганга же аракетке жөндөмсүз жакка көзөмөлчү дайындоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

2) ушул Кодекстин 215-беренесинин 3-пунктунда жана 216-беренесинде (216-берененин 3-пунктун кошпогондо) каралган учурларда - тараптын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн курамында болушу бүткөнгө чейин, ал мамлекеттик милдетти аткаруусун аяктаганга чейин, сотко эксперттин корутундусу берилгенге чейин, сот тапшырмасы аткарылганга чейин же ченемдик укуктук актыны чечмелөө жөнүндө мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) жообу алынганга чейин;

3) ушул Кодекстин 215-беренесинин 4-пунктунда каралган учурларда - администрациялык тартипте каралуучу иш боюнча соттун актысы же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

4) ушул Кодекстин 216-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда - тарап дарылоо мекемесинен чыгарылганга же оорусунан айыкканга чейин, бирок эки айлык мөөнөттөн көп эмес. Бул мөөнөт өткөндөн кийин тарап өкүлдү дайындоого милдеттүү, ал эми сот ишти кароону кайра жаңыртууга укуктуу;

5) ушул Кодекстин 215-беренесинин 5-пунктунда жана 216-беренесинин 7-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы суроо-талапты караганга чейин;

6) ушул Кодекстин 216-беренесинин 8-пунктунда каралган учурларда - медиация токтотулганга чейин.

218-берене. Өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө соттун аныктамасын даттануу

Ушул Кодекстин 216-беренесинин 3-5-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

219-берене. Өндүрүштү кайра жаңыртуу

1. Иш боюнча өндүрүш аны токтотуп турууга алып келген жагдайлар четтетилгенден кийин ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же соттун демилгеси менен кайра жаңыртылат.

2. Өндүрүштү кайра жаңыртууда сот аныктама чыгарат жана ишке катышуучу жактарды ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө жалпы негизде кабардар кылат.

19-глава. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

220-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери

Сот иш боюнча өндүрүштү токтотот, эгерде:

1) иш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жана чечилүүгө жатпаса;

2) иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты соттон тышкары же алдын ала сотко чейин чечүүнүн тартиби доогер тарабынан сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса;

3) ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими же доогердин доодон баш тарткандыгына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;

4) доогер доодон баш тартса;

5) тараптар жарашуу макулдашуусун түзсө жана ал сот тарабынан бекитилсе;

6) ушул Кодекстин 427-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча аксакалдар соту тарабынан өз компетенциясынын чегинде чечим кабыл алынса;

7) иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран, жеке ишкер каза болгондон кийин талаштуу укук мамилеси укук улантуучулукка жол бербесе;

8) иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак жоюлса;

9) ушул Кодекстин 422-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча бейтарап соттун чечими бар болсо;

10) биринчи инстанциядагы сот доо боюнча чечимди кабыл алганга чейин тараптар талашты бейтарап сотко берүүгө макулдашууну, ишти аксакалдар сотуна анын компетенциясынын чегинде чечүүгө жиберүү жөнүндө макулдашууну түзсө.

221-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун тартиби жана натыйжалары

1. Иш боюнча өндүрүш соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен токтотулат.

2. Иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздердеги талаштар боюнча экинчи жолу кайрылууга жол берилбейт.

3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

20-глава. Арызды карабастан калтыруу

222-берене. Арызды карабастан калтыруунун негиздери

Сот арызды кароосуз калтырат, эгерде:

1) доогер иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган, талашты сотко чейин чечүүнүн тартибин сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

3) кызыкдар жактын атынан кол коюуга же доо коюуга ыйгарым укугу болбогон жак тарабынан арызга кол коюлса же арыз берилсе;

4) бул же башка соттун, бейтарап соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча мурда козголгон иш бар болсо;

5) өздөрү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн тараптар сотко чакыруу боюнча келбесе, ал эми сот иштеги бар материалдар менен ишти чечүүнү мүмкүн эмес деп эсептесе;

6) өздөрү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн тараптар сотко чакыруу боюнча келбесе, ал эми доогер ишти маңызы боюнча чечүүнү талап кылбаса;

7) доогер арызын кайтарып берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, ал эми доогер ишти маңызы боюнча териштирүүнү талап кылбаса;

8) аялы боюнда бар мезгилде жана бала төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү никени бузуу жөнүндө берген арыз судья тарабынан доогерге кайтарылбаса;

9) арыз ушул Кодекстин 134-беренесинде жана 135-беренесинин 1-4-пункттарында баяндалган талаптарды сактабастан берилсе, доогер анын кемчиликтерин оңдобосо же ушул Кодекстин 107-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талабын сот белгилеген мөөнөттө аткарбаса, анткени бул талапты аткарбоо ишти маңызы боюнча кароого жана чечүүгө тоскоолдук кылат.

223-берене. Арызды карабастан калтыруунун тартиби жана анын натыйжалары

1. Арыз кароосуз калтырылган учурларда иш боюнча өндүрүш соттун аныктамасы менен аяктайт, аныктамада сот ушул Кодекстин 222-беренесинде саналган, ишти кароого тоскоол болуучу жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.

Доо арызын карабастан калтыруу жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

2. Арызды карабастан калтырууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин кызыкдар жак арыз менен сотко жалпы тартипте кайрылууга укуктуу.

3. Доогердин же жоопкердин өтүнүчү боюнча, эгерде тараптар өздөрүнүн сот жыйналышына келбегендигинин себептери жүйөлүү экендигин жана алар жөнүндө сотко билдирүү мүмкүн болбогондугун ырастаган далилдерди көрсөтсө, ушул Кодекстин 222-беренесинин 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча сот арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү өзүнүн аныктамасын жокко чыгарат.

4. Мындай өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

21-глава. Соттун аныктамасы

224-берене. Аныктаманы чыгаруунун тартиби

1. Иш маңызы боюнча чечилбей калган сот актысы аныктама түрүндө чыгарылат. Аныктама сот тарабынан өз алдынча процесстик документ түрүндө кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат.

2. Татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

3. Аныктама кабыл алынгандан кийин дароо жарыя кылынат.

4. Судьянын сот жыйналышынан тышкаркы процесстик аракеттери жөнүндө аныктама чыгарылат, ал өзүнчө процесстик документ түрүндө таризделет.

5. Соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

225-берене. Аныктаманын мазмуну

1. Аныктамада төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) аныктама чыгаруунун датасы жана орду;

2) аныктаманы чыгарган соттун аталышы, соттун курамы жана сот жыйналышынын катчысы;

3) ишке катышуучу жактар, талаштын предмети;

4) аныктама чыгарылуучу маселе;

5) тыянак чыгарууда сот таянган жүйөлөр жана сот жетекчиликке алган мыйзамдарга шилтемелер;

6) соттун маселени кароосунун натыйжалары боюнча тыянак;

7) эгерде аныктама даттанылууга жатса, аны даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү.

2. Сот кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен чыгарган аныктамада ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-6-пункттарында саналган маалыматтар камтылууга тийиш.

226-берене. Соттун жекече аныктамалары

1. Мыйзамдуулук бузулган учурлар сот жыйналышында аныкталганда, сот жекече аныктама чыгарууга жана аны тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жекече аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда, ага күнөөлүү кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн. Мында айыппул салуу тийиштүү кызмат адамдарын соттун жекече аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүү милдетинен бошотпойт.

3. Жекече аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

227-берене. Аныктаманын мыйзамдуу күчүнө кириши

1. Соттун аныктамасы, эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануунун мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык даттануу берилген учурда аныктама аны апелляциялык инстанциядагы сот карагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Даттанылуусу ушул Кодексте каралбаган сот аныктамасы ал кабыл алынгандан кийин дароо күчүнө кирет.

228-берене. Ишке катышкан жактарга соттун аныктамасынын көчүрмөсүн жиберүү

Сот жыйналышына келбеген ишке катышуучу жактарга иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө же арызды карабастан калтыруу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү, ошондой эле доону камсыз кылуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү алар чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет.

22-глава. Протоколдор

229-берене. Протоколду жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү

Соттун ар бир соттук жыйналышынын жүрүшүндө, ошондой эле жыйналыштан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер жөнүндө протокол түзүлөт.

230-берене. Протоколдун мазмуну

1. Сот жыйналышынын же жыйындан тышкары жасалган айрым процесстик аракеттердин протоколу ишти териштирүү же айрым процесстик аракеттерди жасоо жөнүндө бардык олуттуу маалыматтарды чагылдырууга тийиш.

2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) сот жыйналышынын датасы жана орду;

2) сот жыйналышын ачуунун жана жабуунун (баштоонун жана аяктоонун) убактысы;

3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы жана сот жыйналышынын катчысы;

4) иштин аталышы;

5) ишке катышуучу жактардын, алардын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин, котормочулардын келгендиги жөнүндө жана алар тууралуу маалыматтар;

6) ишке катышуучу жактарга, алардын өкүлдөрүнө, күбөлөргө, эксперттерге, адистерге, котормочуларга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин сот (төрагалык кылуучу) тарабынан түшүндүрүү жөнүндө маалымат;

7) котормочу, эксперт, адис, күбө жазыктык жоопкерчилик жөнүндө эскертилгендиги тууралуу маалыматтар;

8) төрагалык кылуучунун тескемелери жана сот кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен айрым процесстик акт эмес түрүндө чыгарган аныктамалар;

9) ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн арыздары, өтүнүчтөрү жана түшүндүрмөлөрүнүн негизги мазмуну;

10) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү, адистердин консультациялары жана түшүндүрмөлөрү;

11) сот жыйналышында берилген суроолордун жана жооптордун мазмуну;

12) жазуу жүзүндөгү далилдерди жарыя кылуу, аудио жазууларды угуу, видео жазууларды көрүү, буюмдук далилдерди карап көрүү жөнүндө маалыматтар;

13) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары;

14) соттук жарыш сөздөрдүн мазмуну;

15) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун кетүүсү жөнүндө маалыматтар;

16) чечимди жана аныктамаларды, алардын мазмунун, аларды даттануунун тартибин жана мөөнөтүн жарыя кылуу жана түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар;

17) протокол менен таанышуу жана ага сын-пикирлерди берүү укуктарын ишке катышуучу адамдарга түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар;

18) сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана видео жазуу каражаттарын, видеоконференцбайланыш системасын жана (же) башка техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө маалыматтар;

19) протокол түзүүнүн жана ага кол коюунун датасы.

231-берене. Протоколду түзүү

1. Протокол сот жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан же жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасоодо түзүлөт.

2. Протокол компьютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлөт.

3. Сот протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун жыйналышында же болбосо жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, протоколдо алардын колдонулгандыгы жөнүндө белги коюлат. Сот жыйналышын тастыктоонун кошумча материалдар сот жыйналышынын протоколуна тиркелет жана иштин материалдары менен бирдикте сакталат.

4. Ишке катышуучу адамдар жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго киргизүү тууралуу өтүнүч кылууга укуктуу.

5. Протокол сот жыйналышы аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.

6. Татаал иштер боюнча сот жыйналышынын протоколу узагыраак убакытта, бирок сот жыйналышы аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.

7. Чечим жарыяланганда протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө билдирилет.

8. Протоколго сот жыйналышынын төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет.

9. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор ага кол коюлганга чейин эскертилүүгө жана сот жыйналышынын төрагасынын жана катчысынын койгон колдору менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

232-берене. Протоколго сын-пикирлер

1. Ишке катышуучу жактар жана алардын өкүлдөрү протокол менен таанышууга жана ага кол коюлган учурдан тартып беш күндүн ичинде протоколдо кетирилген туура эместиктерди же анын толук эместигин көрсөтүү менен протоколго жазуу жүзүндө сын-пикирди берүүгө укуктуу.

2. Протоколдо өчүрүүлөргө жана боёп түзөтүүлөргө жол берилбейт.

233-берене. Протоколго сын-пикирди кароо

1. Протоколго сын-пикирлерди ага кол койгон судья - иш боюнча төрагалык кылуучу карайт, ал сын-пикирлерге макул болгон учурда алардын тууралыгын күбөлөндүрөт, ал эми аларга макул болбогон учурда аларды толук же айрым бөлүгүндө четке кагуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Соттун аныктамасы даттанылбайт, бирок ага каршы пикирлер даттанууга (сунуштамага) киргизилиши мүмкүн.

2. Протоколго сын-пикирлер кандай болбосун учурда ишке тиркелет.

3. Протоколго сын-пикирлер алар берилген күндөн тартып беш күндүн ичинде каралууга тийиш.

23-глава. Сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш жана сырттан чыгарылган чечим

234-берене. Сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштүн негиздери жана тартиби

1. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбегендигинин жүйөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү жокто кароо жөнүндө суранбаган жоопкер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн. Ишти мындай тартипте кароо жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

2. Ушул главанын талаптары өзгөчө өндүрүш тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

3. Эгерде ишке бир нече жоопкер катышса, бардык жоопкерлер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн.

4. Доогер тарабынан доонун предмети же негизи өзгөртүлгөндө, доо талаптарынын өлчөмү көбөйтүлгөндө сот бул сот жыйналышында ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде кароого укуксуз.

5. Ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштө кароо ишти кароонун жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Мында сот ишке катышуучу жактар берген далилдерди иликтейт, алардын жүйөлөрүн жана өтүнүчтөрүн карайт жана сырттан чыгарылган деп аталуучу чечимди чыгарат.

6. (КР 2019-жылдын 17-майындагы N 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2019-жылдын 17-майындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

235-берене. Сырттан чыгарылган чечимдин мазмуну

1. Сырттан чыгарылган чечимдин мазмуну ушул Кодекстин 202-беренесинин эрежелери менен аныкталат.

2. Сырттан чыгарылган чечимдин резолюциялык бөлүгүндө бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.

236-берене. Сырттан чыгарылган чечимдин көчүрмөсүн жиберүү

Сот жыйналышына келбеген тарапка сырттан чыгарылган чечимдин көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен, анын тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүүнү талап кылуу менен жиберилет.

237-берене. Сырттан чыгарылган чечимди даттануу

1. Сот жыйналышына катышпаган жоопкер чечимдин көчүрмөсүн алган учурдан тартып беш күндүн ичинде бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды сырттан чыгарылган чечимди чыгарган сотко берүүгө укуктуу.

2. Сырттан чыгарылган чечим тараптар жана (же) бул чечимде укуктары жана кызыкчылыктары козголгон башка жактар тарабынан, бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү мөөнөтү өткөндөн кийин апелляциялык тартипте, ал эми арыз берилген учурда - арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылган учурдан тартып он күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Алелляциялык даттануу берүүнүн мөөнөтү кайсы болбосун учурда ушул Кодекстин 324-беренесинде каралган мөөнөттөн кем болушу мүмкүн эмес.

238-берене. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыздын мазмуну

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) сырттан чыгарылган чечимди чыгарган соттун аталышы;

2) арыз берүүчү жактын аталышы, анын жашаган жери;

3) тараптын сот жыйналышына келбегендигинин себеби жүйөлүү экендигин жана аларды сотко билдирүүгө мүмкүн болбогондугун күбөлөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер;

4) арыз берүүчү адамдын суранычы;

5) арызга тиркелген материалдардын тизмеги.

2. Сырттан чыгарылган чечимди кайра кароо жөнүндө арызга тарап же анын өкүлү кол коет жана ишке катышуучу жактарга арыздын көчүрмөсү жиберилгендигинин далилдери менен сотко берилет.

239-берене. Ишке катышуучу жактарга арызды кароо жөнүндө кабарлоо

Сот ишке катышуучу жактарга сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды кароонун убактысы жана орду жөнүндө ушул Кодекстин 12-главасынын эрежелери боюнча кабарлайт.

240-берене. Арызды кароо

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз сотко арыз келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде сот тарабынан сот жыйналышында каралат.

2. Жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылган жактардын келбегендиги арызды карап чыгууга тоскоолдук кылбайт.

3. Арыз ээси сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызынан баш тарткан учурда мындай арыз менен кайталап кайрылууга жол берилбейт.

241-берене. Соттун ыйгарым укуктары

1. Сот сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызды карап чыгып, арызды канааттандыруудан баш тартуу же сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жана ишти кароону кайра улантуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Арыз канааттандырылбастан калтырылган соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жана ишти кароону кайра улантуу жөнүндө аныктама даттанылууга жатпайт.

242-берене. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгарууга негиздер

Эгерде сот жоопкердин сот жыйналышына келбегендиги жүйөлүү себептерден улам болгондугун, бул тууралуу өз убагында сотко билдире албай калгандыгын жана доогер чечимдин мазмунуна таасир тийгизүүчү далилдерди бере аларын аныктаса, сырттан чыгарылган чечим ишти карап чыгууну кайрадан жаңыртуу менен жокко чыгарылууга тийиш.

243-берене. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруунун натыйжалары

1. Сырттан чыгарган чечим аны чыгарган сот тарабынан жокко чыгарылган учурда ишти кароо кайрадан жаңыртылат жана ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылган жоопкер келбеген учурда чыгарылган чечим сырттан чыгарылган чечим болбойт. Жоопкер бул чечимди сырттан чыгарылган чечим катары кайра кароо жөнүндө кайталап арыз берүүгө укуксуз.

244-берене. Сырттан чыгарылган чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши

Сырттан чыгарылган чечим ушул Кодекстин 211-беренесинде каралган эрежелер боюнча күчүнө кирет.

2-бөлүмчө. Буйрук өндүрүшү

24-глава. Буйрук өндүрүшү

245-берене. Соттун буйругу

1. Соттун буйругу - өндүрүп алуучунун арызына жараша судья жеке өзү ушул Кодекстин 246-беренесинде каралган талаптар боюнча чыгаруучу судьянын токтому.

2. Соттун буйругу бир эле убакта аткаруу документи болуп саналат жана соттун актыларын аткаруу үчүн ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарууга алынат.

246-берене. Соттун буйругу берилүүчү талаптар

Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча соттун буйругу чыгарылат, эгерде:

1) талап нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;

2) талап жөнөкөй жазуу жүзүндөгү формада жасалган бүтүмгө негизделсе;

3) талап нотариус жасаган төлөнбөгөн векселдин протестине, акцепт эмеске жана жана акцептке дата койбоого негизделсе;

4) аталыкты тастыктоого, аталыкты (энеликти) талашууга же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгына байланышпаган, жашы жете элек балдарга алименттерди өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;

5) салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча калдыктарды өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;

6) кызматкерге чегерилген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;

7) жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон соттун чечими боюнча тартып алынган баланы издөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан талап билдирилсе;

8) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча карызды өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе.

247-берене. Арызды берүү

1. Соттун буйругун берүү жөнүндө арыз сотко караштуулуктун ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген жалпы эрежелери боюнча сотко берилет.

2. Соттун буйругун чыгаруу жөнүндө арызга мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө жана тартипте мамлекеттик алым төлөнөт.

248-берене. Арыздын формасы жана мазмуну

1. Арыз басылма текст түрүндө берилет.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) өндүрүп алуучунун - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери, өндүрүп алуучунун - жарандын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган жери, туулган датасы жана жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

3) карызкордун - юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери, карызкордун - жарандын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

4) өндүрүп алуучунун талабы жана ал негизделген милдеттенмелер;

5) талаптын негиздүүлүгүн ырастоочу документтер;

6) тиркелген документтердин тизмеси.

3. Кыймылсыз мүлк талап кылынган учурда арызда бул мүлктүн ордуна кабыл алууга арыз ээси макул болгон акчалай сумманы көрсөтүү зарыл.

4. Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коет. Өкүл бере турган арызга анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.

249-берене. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартууга негиздер

1. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан судья ушул Кодекстин 137, 138-беренелеринде каралган негиздер боюнча баш тартат.

Мындан тышкары, судья арызды кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

эгерде билдирилген талап ушул Кодекстин 246-беренесинде каралбаса;

эгерде билдирилген талапты ырастаган документтер берилбесе;

эгерде карызкор Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясынын чегинен тышкары болсо;

эгерде документтерде укук жөнүндө талаш бар экендиги билинсе;

эгерде, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, билдирилген талапка мамлекеттик алым төлөнбөсө.

2. Арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судья арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

3. Соттун буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучунун ошол эле талап боюнча доо өндүрүшү тартибинде доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

4. Арызды кабыл алуудан баш тартылганда, өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым ушул Кодекстин 108-беренесинде каралган тартипте кайтарып берилет.

Өндүрүп алуучу доо өндүрүшү тартибинде карызкорго доо койгондо, төлөнгөн мамлекеттик алым төлөнүүгө тийиш алымдын эсебине чегерилет.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

250-берене. Соттун буйругун чыгаруунун тартиби

1. Билдирилген талаптын маңызы боюнча соттун буйругу арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө чыгарылат.

2. Соттун буйругу соттук териштирүүсүз жана тараптарды чакыруусуз чыгарылат.

251-берене. Соттун буйругунун мазмуну

1. Соттун буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) өндүрүштүн номери жана буйрукту чыгаруунун датасы;

2) соттун аталышы, буйрукту чыгарган судьянын фамилиясы жана инициалдары;

3) өндүрүп алуучунун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган башка маалыматтар;

4) карызкордун аталышы жана ал жөнүндө ушул Кодекстин 248-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган башка маалыматтар;

5) талапты канааттандыруу негизделүүчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;

6) өндүрүлүүгө тийиш акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш кыймылдуу мүлктү наркын көрсөтүү менен белгилөө;

7) эгерде төлөтүп алынышы мыйзамда же келишимде каралса, үстөк төлөмдүн өлчөмү;

8) карызкордон тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы.

2. Жашы жете элек балдар үчүн алимент өндүрүү жөнүндө соттун буйругунда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарынан тышкары багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын аты жана туулган датасы, карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдүн өлчөмү жана аны өндүрүп алуунун мөөнөтү көрсөтүлөт.

3. Соттун буйругу атайын даярдалган бланкта түзүлөт, ага судья кол коёт. Соттун буйругунун бир нускасы иштин материалдарында калтырылат, башкасы аткаруу үчүн жиберилет.

252-берене. Карызкорго соттун буйругунун көчүрмөсүн жиберүү

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1, 2, 4-8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча соттун буйругу чыгарылгандан кийин судья кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго анын тапшырылгандыгы кайра билдирүү шарты менен жөнөтөт.

2. Карызкор соттун буйругунун көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде, билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин себептерин көрсөтүү менен, анын сотко келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттары аркылуу жиберет.

253-берене. Соттун буйругун жокко чыгаруу

1. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун каршы пикири ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде судья тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1, 2, 4-8-пункттарында аталган талаптар боюнча чыгарылган сот буйругу, эгерде билдирилген талапка карата карызкордун каршы пикири келип түшсө, судья тарабынан жокко чыгарылат, бул жөнүндө аныктама чыгарылат. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө аныктамада судья билдирилген талап доо өндүрүшү тартибинде коюлушу мүмкүн экендиги жөнүндө өндүрүп алуучуга түшүндүрөт. Соттун буйругун жокко чыгаруу жөнүндө аныктаманын көчүрмөлөрү тараптарга ал чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

3. Соттун буйругу жокко чыгарылганда, өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилбейт.

254-берене. Соттун буйругун өндүрүп алуучуга берүү

1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон каршы пикир келип түшпөсө, судья өндүрүп алуучуга соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн соттун буйругун аткарууну талап кылуу үчүн берет. Өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча соттун буйругун сот аткаруу үчүн жибериши мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талап боюнча соттун буйругу өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү боюнча буйрук чыгарылары менен сот аны аткаруу үчүн жөнөтөт.

3. Карызкордон мамлекеттик алымды бюджеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн сот соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн соттун буйругунун өзүнчө нускасын аткаруу үчүн жөнөтөт.

3-бөлүмчө. Иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү

25-глава. Экономикалык иштер боюнча өндүрүш

255-берене. Экономикалык иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу

1. Экономикалык иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Ишкердик жана башка экономикалык иштен келип чыгуучу, тараптары юридикалык жактар жана (же) бул ишти юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган жана мыйзамда белгиленген тартипте жеке ишкердин статусуна ээ болгон жарандар (мындан ары - жеке ишкерлер) болгон иштер экономикалык иштер болуп саналат, алардын тараптары өздөрүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

256-берене. Экономикалык иштердин сотко караштуулугу

1. Экономикалык иштер биринчи инстанцияда райондор аралык соттор тарабынан каралат.

2. Соттор экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартибинде юридикалык жактардын жана (же) жеке ишкерлердин ортосундагы төмөнкүдөй талаштарды карайт:

1) түзүлүшү мыйзамда каралган же тараптары келип чыккан пикир келишпестиктерди соттун чечүүсүнө берүүнү макулдашкан келишим боюнча пикир келишпестиктер жөнүндө;

2) келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүндө;

3) милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу жөнүндө;

4) келишимдерди жарактуу деп таануу жөнүндө;

5) келишимдерди жараксыз деп таануу жөнүндө;

6) менчик укугун таануу жөнүндө;

7) бөтөн мыйзамсыз ээлик кылуудан менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун мүлктү талап кылышы жөнүндө;

8) мүлктү пайдалануудагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө;

9) ээлик кылуудан ажыратууга байланышпаган, менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун укуктарынын бузулушу жөнүндө;

10) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

11) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

12) түзүүчүлөрдүн, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын түзүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара талаштары боюнча;

13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу башка органдар тарабынан юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден милдеттүү төлөмдөрдү, жыйымдарды, айыппулдарды жана башка финансылык санкцияларды өндүрүп алуу жөнүндө;

14) контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу органдар эсептен чыгарган же алып койгон акча каражаттарын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө;

15) юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкердик беделин коргоо жөнүндө.

3. Ишкерликке байланышкан башка иштер да мыйзам менен экономикалык иштерге киргизилиши мүмкүн.

257-берене. Доо арызынын формасы жана мазмуну

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага юридикалык жактын жетекчиси же атайын ыйгарым укук берилген башка адам, жеке ишкер же анын өкүлү кол коет. Доо арызы мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Жеке ишкерде мөөрдүн жоктугу доону кабыл алуудан баш тартууга, доо арызын кайра кайтарууга же карабастан калтырууга негиз болуп саналбайт.

2. Ушул Кодекстин 134-беренесинде каралган жоболордон тышкары, доо арызында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) тараптардын почта даректери жана алардын банк реквизиттери, эгерде бар болсо - телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги;

2) өндүрүп алынуучу же талашылуучу сумманын эсеби;

3) доогердин мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтеме берилген талаптары, ал эми бир нече жоопкерге доо коюлган учурда, алардын ар бирине карата талаптар;

4) мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралган учурда жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чараларды көрүү жөнүндө маалыматтар.

3. Доо койгондо доогер ишке катышуучу башка жактарга доо арызынын жана арызга тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөлөрүн тапшырылгандыгы жөнүндө кабардоо шартында тапшырык кат менен жөнөтүүгө милдеттүү.

258-берене. Доо арызына тиркелүүчү документтер

Доо арызына ушул Кодекстин 135-беренесинин 2-5-пункттарында каралган документтерден тышкары төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) доо арызынын жана ага тиркелген, ишке катышуучу башка жактарда жок документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу башка жактарга тапшырылгандыгы жөнүндө кабардама же алардын жөнөтүлгөндүгүн ырастаган башка документтер;

2) юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү;

3) эгерде мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралган болсо, доогер талашты сотко чейин жөнгө салуунун тартибин сактагандыгын ырастаган документтер;

4) эгерде келишим түзүүгө мажбурлоо жөнүндө талап билдирилсе, келишимдин долбоору.

259-берене. Доо арызын кайра кайтаруу

1. Судья доо арызын жана ага тиркелген документтерди ушул Кодекстин 138-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кайра кайтарат:

1) эгерде доо арызынын ушул Кодекстин 257, 258-беренелеринде белгиленген формасы жана мазмуну сакталбаса;

2) эгерде доо арызына кол коюлбаса же ага кол коюуга укуксуз адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

3) эгерде доо арызынын көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жөнөтүлгөндүгүнүн жана тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;

4) эгерде бир доо арызына бир же бир нече жоопкерге бир нече талаптар бириктирилсе, бул талаптар бири-бири менен байланышпаса;

5) эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болсо жана карызды жоопкерден алуу үчүн банкка же башка кредиттик мекемеге кайрылгандыгынын далилдери берилбесе.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ушул Кодекстин 138-беренесинде каралган эрежелер боюнча чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган доо арызын кайра кайтаруу үчүн негиздер доо арызын кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

260-берене. Доо арызын карабастан калтыруу

1. Сот доо арызын ушул Кодекстин 222-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда карабастан калтырат:

1) эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болсо жана доогер карызды жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кредиттик мекемеге кайрылбаса;

2) эгерде мыйзамда талаштардын бул категориясы үчүн же келишимде каралса жана доогер жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө жана мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса.

2. Доо арызын карабастан калтыруу жөнүндө аныктама ушул Кодекстин 223-беренесинде каралган эрежелер боюнча чыгарылат.

261-берене. Банкроттук жөнүндө иштерди кароо

Юридикалык жактын же жеке ишкердин же болбосо финансы-кредиттик мекеменин банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иштер карызкордун - юридикалык жактын, карызкордун - жеке ишкердин турган жери же финансы-кредиттик мекеменин жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттор тарабынан, ушул главада жана банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат.

251-глава. Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш

(Глава КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

261-берене. Арызды берүү

1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен алар табылган же таркатылган жер же мындай материалдарды чыгарууну жүзөгө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча, ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен сотко кайрылууга укуктуу.

2. Прокурордун арызы боюнча сот чечим чыгарганга чейин ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2612-берене. Арызды кароо

1. Арыз ал келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.

2. Арызды сот талапты билдирген прокурордун жана эгерде алардын турган орду белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн жактардын катышуусу менен карайт. Сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынган арызда көрсөтүлгөн жактардын сотко келбөөсү ишти кароого жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн жактардын турган орду белгисиз болгон учурда, сот арызды алардын катышуусусуз карайт.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2613-берене. Соттун арыз боюнча чечими жана анын аткарылышы

1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жарыялоо үчүн жөнөтүлөт.

2. Соттун чечими ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-бөлүмчө. Өзгөчө өндүрүш

26-глава. Жалпы жоболор

262-берене. Өзгөчө өндүрүш тартибинде сот тарабынан каралуучу иштер

1. Өзгөчө өндүрүш тартибинде сот төмөнкүдөй иштерди карайт:

1) юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө;

2) баланы асырап алуу жөнүндө;

3) көзөмөлчүлүктү (камкорчулукту) аныктоо жөнүндө;

4) балдарды интернат мекемелерине жөнөтүү жөнүндө;

5) жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу же жаранды өлгөн деп жарыялоо жөнүндө;

6) жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө;

7) жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп таануу (эмансипация) жөнүндө;

8) кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө жана ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө;

9) жоголуп кеткен, көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздарга карата жана ордердик баалуу кагаздарга укукту калыбына келтирүү жөнүндө (чакыртуу өндүрүшү);

10) жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндө;

11) жоготулган сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арыздар боюнча;

12) жарандык абалды жазуулардагы туура эместиктерди аныктоо боюнча;

13) нотариалдык аракеттерди жасоого же аларды жасоодон баш тартууга арыздар боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башка иштер да өзгөчө өндүрүшкө таандык кылынышы мүмкүн.

263-берене. Өзгөчө өндүрүштүн иштерин кароонун тартиби

1. Өзгөчө өндүрүштүн иштери сот тарабынан ушул Кодекстин 26-37-главаларында белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен доо өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат.

2. Өзгөчө өндүрүштүн иштерин сот арыз берүүчүнүн, кызыкдар жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн, ал эми мыйзамда жана ушул Кодексте белгиленген учурларда - прокурордун катышуусу менен карайт.

3. Эгерде ишти өзгөчө өндүрүш тартибинде кароодо сотко таандык болуучу укук жөнүндө талаш бар экендиги аныкталса, сот арызды карабастан калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат, анда арыз берүүчүгө жана кызыкдар башка жактарга алардын талашты доо өндүрүшү тартибинде чечүү укугун түшүндүрөт.

27-глава. Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө

264-берене. Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер

1. Сот жарандардын же юридикалык жактардын жеке же мүлктүк укуктарынын келип чыгышына, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна себеп болуучу фактыларды белгилейт.

2. Сот төмөнкүдөй фактыларды аныктоо боюнча иштерди карайт:

1) адамдардын туугандык мамилелерин;

2) адамдын багууда турушун;

3) төрөлүүнү, асырап алууну, никени, ажырашууну жана өлүмдү каттоону;

4) аталыкты аныктоону;

5) укук тастыктоочу документтин анда көрсөтүлгөн ысымы, атасынын ысымы жана фамилиясы бул адамдын паспортундагы же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү ысымына, атасынын ысымына жана фамилиясына туура келбеген адамга таандыгын;

6) эгерде мүлктүн таандыктыгы жөнүндө укук тастыктоочуу документ бар болуп, бирок жоголсо, кыймылсыз мүлккө менчик укугунда ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү;

7) кырсыктын болгондугун;

8) жарандык абал абал актыларын жазуу органдары өлүмдү каттоодон баш тарткан учурда, адамдын белгилүү бир убакта, белгилүү бир жагдайларда өлгөндүгүн;

9) мурасты кабыл алууну жана мурас ачылуучу жерди;

10) төрөлгөндүктү;

11) эгерде мыйзамдарда аларды тастыктоонун башкача тартиби белгиленбесе, юридикалык мааниси бар башка фактыларды.

265-берене. Юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө үчүн зарыл шарттар

Сот юридикалык мааниси бар фактыларды арыз берүүчү бул фактыларды күбөлөндүргөн документтерди башкача тартип менен ала албаган учурда же болбосо жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда гана тастыктайт.

266-берене. Арызды берүү

Кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери боюнча берилүүчү, кыймылсыз мүлктү менчик укугунда ээлөө, пайдалануу жана тескөө фактысын белгилөө боюнча арызды кошпогондо, юридикалык мааниси бар фактыларды белгилөө жөнүндө иштер боюнча арыз аны берүүчүнүн жашаган жери боюнча берилет.

267-берене. Арыздын мазмуну

Арызда бул факт арыз берүүчүнүн кайсы максаты үчүн аныкталышы зарыл экендиги, ошондой эле арыз берүүчүнүн бул фактыларды ала албагандыгын же болбосо жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүү мүмкүн болбогондугун ырастаган далилдер келтирилет.

268-берене. Арыз боюнча соттун чечими

1. Сот фактыны тастыкталды деп эсептеген учурларда, чечимде факт кайсы максат үчүн аныкталгандыгын, ошондой эле фактыны аныкталды деп таанууга негиз болгон далилдерди көрсөтүүгө тийиш.

2. Соттун чечими фактыны ырастаган документ болуп эсептелет, ал эми жарандык абал актыларын жазуу органдарында катталууга же башка органдарда таризделүүгө тийиш болгон фактыга карата - бул органдар тарабынан берилүүчү документти алмаштырбастан мындай каттоо жана тариздөө үчүн негиз болот.

28-глава. Баланы асырап алуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

269-берене. Арызды берүү

Баланы же балдарды (мындан ары - бала) асырап алуу жөнүндө арыз баланы асырап алууну каалаган жарандар тарабынан асырап алынуучу баланын жашаган жери же турган жери боюнча райондук сотко берилет.

270-берене. Баланы асырап алуу жөнүндө арыздын мазмуну

1. Баланы асырап алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган жери;

2) асырап алынуучу баланын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган (турган) жери;

3) асырап алынуучу баланын ата-энеси, бир туугандары жөнүндө маалыматтар;

4) баланы асырап алуу жөнүндө асырап алуучулардын (асырап алуучунун) өтүнүчүн негиздөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер;

5) асырап алынуучу баланын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын, бир жашка чейинки баланы асырап алууда анын туулган күнүн, асырап алынуучу баланын жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө; баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу болгондо - баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазууга асырап алуучуларды (асырап алуучуну) ата-энеси катары жазуу жөнүндө өтүнүч.

2. Баланы асырап алуу жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

2) никеде турган адамдар (адам) тарабынан баланы асырап алууда асырап алуучулардын (асырап алуучунун) нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

3) жубайлардын бири тарабынан бала асырап алынганда - жубайынын макулдугу же жубайлар үй-бүлө мамилелерин токтоткондугун, бир жылдан ашык бирге жашабай калгандыгын жана жубайынын жашаган жери белгисиз экендигин ырастаган документ;

4) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;

5) эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкат же болбосо кирешелери жөнүндө декларациянын көчүрмөсү же асырап алуучулардын (асырап алуучунун) кирешелери жөнүндө башка документ;

6) асырап алуучулар жашап жаткан турак жайга болгон менчик укугун же пайдалануу укугун ырастаган документ.

3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген бала асырап алынганда, арыз берүүчүлөр тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган документтерден тышкары төмөнкүлөр да берилет:

1) асырап алуучулар жараны болуп саналган мамлекеттин (баланы жарандыгы жок адамдар асырап алганда - бул адамдар туруктуу жашаган мамлекеттин) компетенттүү органынын алардын жашоо шарттары жөнүндө жана асырап алуучу болууга мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө корутундусу;

2) тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алынуучу баланын бул мамлекеттин аймагына кирүүсүнө жана анда туруктуу жашоосуна берген уруксаты.

4. Чет өлкөлүк жаран болуп саналган баланы Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны асырап алганда, арыз берүүчү тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган документтерден тышкары төмөнкүлөр да берилет:

1) баланын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу;

2) бала жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын макулдугу;

3) эгерде аталган мамлекеттин мыйзамдарына жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык талап кылынса, асырап алууга баланын өзүнүн макулдугу.

271-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья асырап алынуучу баланын жашаган (турган) жериндеги балдарды коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнөн (мындан ары - балдарды коргоо боюнча орган) асырап алуунун негиздүүлүгү жана асырап алынып жаткан баланын кызыкчылыгына туура келе тургандыгы жөнүндө корутундуну талап кылат.

2. Балдарды коргоо боюнча органдын корутундусуна төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча орган түзгөн асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жашоо шарттарын иликтөө актысы, анда башка маалыматтар менен бир катарда асырап алуу учуруна чейин асырап алуучунун соттолбогондугу, ата-энелик укуктарынан ажыратылбагандыгы же алардын чектелбегендиги, аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелген жөндөмдүү деп табылбагандыгы, ага жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн камкорчунун, көзөмөлчүнүн милдеттеринен четтетилбегендиги, мурда ага карата асырап алуу жокко чыгарылбагандыгы жөнүндө маалыматтар камтылат;

2) асырап алынуучу баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

3) асырап алынуучу баланын ден соолугунун абалы, дене бойлук жана акыл-эстик өнүгүүсү жөнүндө медициналык корутунду;

4) асырап алынуучу баланын бир туугандарынын бар экендиги жана турган жерлери жөнүндө маалыматтар;

5) он жаш куракка жеткен асырап алынуучу баланын асырап алууга, ошондой эле анын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын өзгөртүү жана асырап алуучуларды (асырап алуучуну) анын ата-энеси катары жазуу мүмкүндүгүнө макулдугу (мындай макулдук мыйзамга ылайык талып кылынбаган учурларды кошпогондо);

6) баланын ата-энесинин асырап алууга макулдугу (он алты жаш куракка жете элек ата-энелердин баласын асырап алууда - ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу, ал эми алар болбосо - балдарды коргоо боюнча органдын макулдугу же баланын ата-энесинин макулдугу талап кылынбаган жагдайлардын бири бар экендигин ырастаган документ);

7) камкорчулук (көзөмөлчүлүк) астында, багып алган үй-бүлөдө, тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, дарылоочу жана башка ушул сыяктуу мекемелерде турган баланы асырап алууда - тиешелүү түрдө камкорчунун (көзөмөлчүнүн), багып алган ата-энесинин, аталган мекемелердин жетекчилеринин макулдугу;

8) баланын тууганы болбогон Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар баланы асырап алганда - ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкында асырап алынуучу бала жөнүндө маалыматтардын бар экендигин ырастаган документ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө баланы тарбияга берүүнүн же жарандыгына жана жашаган жерине карабастан баланын туугандарына баланы асыроого берүүгө мүмкүн эместигин ырастаган документтер.

272-берене. Арызды кароо

1. Баланы асырап алуу жөнүндө ишти сот иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып отуз күнгө чейинки мөөнөттө карайт.

2. Ишти жабык сот жыйналышында кароо жөнүндө маселе ушул Кодекстин 13-беренесинде каралган эрежелер боюнча каралат.

3. Асырап алуучунун өтүнүчү боюнча сот асырап алынуучу баланын ата-энеси асырап алуучуну билбей калуусун камсыз кылат.

Эгерде буга мүмкүн болбосо, асырап алынган баланын ата-энеси өзүнчө сот жыйналышында угулат.

4. Баланы асырап алуу жөнүндө ишти сот асырап алуучулардын (асырап алуучунун), балдарды коргоо боюнча органдын, прокуратуранын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен карайт. Ишеним кат боюнча асырап алууга жол берилбейт.

5. Сот ишти кароого катышууга асырап алынуучу баланын ата-энесин (ата-энесинин бирин) же мыйзамдуу өкүлдөрүн, ошондой эле он жаш куракка жеткен баланы (асырап алууга баланын макулдугу талап кылынбаган учурларды кошпогондо), анын туугандарын жана башка кызыкдар тараптарды тартат.

273-берене. Арыз боюнча соттун чечими

1. Баланы асыроо жөнүндө арызды маңызы боюнча карап, сот арызды канааттандыруу жөнүндө же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарат.

2. Соттун чечиминде асырап алуучулардын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын, туулган жерин, бир жашка чейинки курактагы баланын туулган күнүн өзгөртүү жөнүндө, төрөлгөндүгү жөнүндө актыларды мамлекеттик каттоого алуу китебинде асырап алуучуларды алар асырап алган баланын ата-энеси катары жазуу жөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Соттун чечиминде асырап алынган баланын ата-энесинин же анын туугандарынын өтүнүчү боюнча асырап алынган баланын анын ата-энесинин бири менен (баланы бир адам асырап алган учурда) же каза болгон атасынын же энесинин бир туугандары менен мамилесин сактоо жөнүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Баланы асырап алуу жөнүндө арыз канааттандырылган соттун чечиминин көчүрмөсү ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде, чечим чыгарылган жер боюнча жарандык абал актыларын жазуу органына, баланын асырап алынгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн сот тарабынан жиберилет.

5. Баланын мурдагы ата-энесине сот чечимдин асырап алуучу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөгөн көчүрмөсүн берет.

6. Арыз канааттандырылганда, асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жана асырап алынган баланын өз ара укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып белгиленет.

274-берене. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу

1. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу сот тартибинде, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган негиздер боюнча, анын ата-энесинин биринин (ата-энесинин), баланы асырап алуучулардын (асырап алуучунун), он төрт жаш куракка чыккан асырап алынган баланын, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча жүргүзүлөт.

2. Баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө иш асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган сот тарабынан, арыз берүүчүнүн, балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, прокурордун милдеттүү катышуусу менен сот жыйналышында каралат. Ишти жабык сот жыйналышында кароо жөнүндө маселе ушул Кодекстин 13-беренесинде каралган эрежелер боюнча сот тарабынан каралат.

3. Эгерде асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө ишти кароодо укук жөнүндө талаштын бар экендиги аныкталса, сот аныктама чыгарат, анда арыз берүүчүгө жана башка кызыкдар жактарга талашты ошол эле сотто доо өндүрүшү тартибинде чечүү укугун түшүндүрөт. Аныктамада кызыкдар жактар ушул Кодекстин 134 жана 135-беренелеринин талаптарын сот белгилеген мөөнөттө аткарууга тийиш экендиги да түшүндүрүлөт. Бул талаптар аткарылбаган учурда, асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө арыз карабастан калтырылат, ал эми кызыкдар жактар жалпы негизде доо коюуга укуктуу.

4. Сот асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө ишти карап чыгып, арызды канааттандыруу же арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

5. Асырап алуу жокко чыгарылган учурда соттун чечиминде баланы ата-энесине берүү жөнүндө көрсөтүлөт. Баланын ата-энеси болбогондо, ошондой эле баланы ата-энесине берүү анын кызыкчылыктарына карама-каршы келгенде, бала балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын камкорчулугуна өткөрүп берилет.

6. Сот баланын асыроого алынып жаткандыгына байланыштуу ага берилген фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын ага калтыруу-калтырбоо маселесин да чечет. Он жашка куракка жеткен баланын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын өзгөртүү анын макулдугу менен гана болушу мүмкүн.

7. Сот баланын кызыкчылыктарына таянуу менен мурдагы асырап алуучуну Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде белгиленген өлчөмдө баланы багуу үчүн каражат төлөөгө милдеттендирет.

8. Асырап алуу баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап токтотулат.

9. Сот баланы асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде соттун бул чечиминин көчүрмөсүн асырап алуу мамлекеттик каттоодон өткөн жер боюнча жарандык абал актыларын жазуу органына жиберүүгө тийиш.

10. Эгерде асырап алууну жокко чыгаруу жөнүндө талапты берүү учурунда асырап алынган баланын жашы жеткен куракка келип калса, баланы асырап алууну жокко чыгарууга жол берилбейт, буга мындай жокко чыгаруу үчүн асырап алуучунун жана асырап алынган баланын, ошондой эле ата-энеси тирүү болуп, ата-энелик укуктардын ажыратылбаса же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылбаса, асырап алынган баланын ата-энесинин өз ара макулдугу бар учурлар кошулбайт.

29-глава. Камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

275-берене. Арызды берүү

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө арыз камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) тариздөөнү каалаган жаран тарабынан, камкордукка (көзөмөлдүккө) муктаж адамдын жашаган жери же турган жери боюнча сотко берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган учурларда, камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө арыз камкордук (көзөмөлдүк) дайындоо болжолдонуп жаткан жашы жете элек баланын ата-энеси тарабынан берилиши мүмкүн.

276-берене. Арыздын мазмуну

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган жери;

2) камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөгө муктаж адамдын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, туулган датасы, жашаган жери же турган жери;

3) камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө өтүнүч негизделүүчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер.

2. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) балдарды коргоо боюнча органдын камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө маселе боюнча корутундусу;

2) балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкынан камкорчу (көзөмөлчү) тууралуу көчүрмө;

3) камкордукка алынуучунун туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

4) камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

5) эгерде никеде турса, камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

6) эгерде камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкер камкордукка алынуучунун тууганы болсо, алардын ортосунда туугандык мамилелердин бар экендигин ырастаган документтер;

7) эгерде камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкер жубайлардын бири болсо, жубайынын макулдугу же жубайлар үй-бүлөлүк мамилелерди токтоткондугун, бир жылдан ашык бирге жашабагандыгын жана жубайынын жашаган жеринин белгисиз экендигин ырастаган документ;

8) камкордукка алынуучунун жашаган (турган) жери боюнча же камкорчунун (көзөмөлчүнүн) жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча орган тарабынан түзүлгөн, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) жашоо шарттарын иликтөөнүн актысы;

9) камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;

10) камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкат же болбосо кирешелери жөнүндө декларациянын көчүрмөсү же кирешелери жөнүндө башка документ;

11) ата-энелер арыз бергенде - алар сотко кайрылганга чейин баласына камкорчуну же көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө балдарды коргоо боюнча органга биргелешип берген, өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин аткара албагандыгына жүйөлүү себептер бар экендигинин далилдери тиркелген арызы;

12) атасы же энеси каза болгондон кийин, жашы жете элек баланын жалгыз энесинин же атасынын арызынын негизинде камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо учурунда - баланын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча органына атасынын же энесинин өз колу менен жазган, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлгөн арызы;

13) он төрт жаш куракка чыккан жашы жете элек балага карата мындай жашы жете элек баланын арызы боюнча камкорчу дайындалган учурда - анын балдарды коргоо боюнча органга берген, камкорчу катары конкреттүү адам көрсөтүлгөн арызы.

3. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган камкордукка алынуучуну камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкер болгон, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранына, чер өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) бергенде, ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган документтерден тышкары төмөнкүлөр да берилет:

1) жараны камкорчу (көзөмөлчү) болуп саналган мамлекеттин (баланы жарандыгы жок адамга бергенде - бул адам туруктуу жашаган мамлекеттин) компетенттүү органынын анын жашоо шарты жөнүндө жана камкорчу (көзөмөлчү) болууга мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу;

2) тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын камкордукка алынуучунун бул мамлекеттин аймагына кирүүсүнө жана туруктуу жашоосуна берген уруксаты.

4. Чет өлкөлүк жаран болуп саналган камкордукка алынуучуга карата Кыргыз Республикасынын жараны камкорчу (көзөмөлчү) болуп дайындалганда, камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкер тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган документтерден тышкары төмөнкүлөр да берилет:

1) баланын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу;

2) бала жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын макулдугу;

3) эгерде көрсөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык талап кылынса, камкордукка алынуучунун өзүнүн камкорчу (көзөмөлчү) дайындоого макулдугу.

277-берене. Арызды кароо

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө ишти сот иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн баштап отуз күнгө чейинки мөөнөттө карайт.

2. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө ишти сот камкорчуга (көзөмөлчүгө) талапкердин, балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, ошондой эле прокурордун милдеттүү катышуусу менен карайт.

3. Сот ишке катышууга камкордукка алынуучунун ата-энесин (алардын бирин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүн, анын туугандарын жана башка кызыкдар жактарды, ошондой эле он жаш куракка жеткен баланын өзүн тартууга укуктуу.

278-берене. Соттун арыз боюнча чечими

1. Сот камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө арызды карап чыгып, арызды канааттандыруу жөнүндө же болбосо аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

2. Соттун чечиминде камкорчунун (көзөмөлчүнүн) ыйгарым укуктарын колдонуунун мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, ал аралык мезгилди же белгилүү бир окуянын болушун көрсөтүү менен аныкталат.

3. Камкордукка алынуучунун кызыкчылыгында, ошондой эле анын керт башынын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу максатында, сот камкорчунун (көзөмөлчүнүн) укуктарын жүзөгө ашыруусунда жана милдеттерин аткаруусунда милдеттүү болгон талаптарды, анын ичинде камкордукка алынуучу жашы жете элек баланы тарбиялоонун конкреттүү шарттарын аныктаган талаптарды белгилеши жана камкорчу (көзөмөлчү) жасоого укуксуз болгон айрым аракеттерди көрсөтүшү мүмкүн.

4. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) дайындоо жөнүндө иш боюнча соттун чечиминин көчүрмөсүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап үч күндүн ичинде сот балдарды коргоо боюнча органга жиберет.

279-берене. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) өз милдеттерин аткаруудан бошотуу жана четтетүү

1. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) өзүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуу, четтетүү жөнүндө арыз менен сотко балдарды коргоо боюнча орган, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) өзү, камкордукка алынуучунун ата-энеси (алардын бири), жашы жете элек камкордукка алынуучунун асырап алуучулары (асырап алуучусу), камкордукка алынуучу жайгаштырылган тарбиялоо, дарылоо мекемесинин, калкты социалдык коргоо мекемесинин же ушундай башка мекеменин администрациясы, камкордукка алынуучунун өзү, анын үй-бүлө мүчөлөрү, анын жакын туугандары (бирге жашагандыгына көз карандысыз түрдө), ошондой эле прокурор кайрылууга укуктуу.

2. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) бошотуу, четтетүү жөнүндө арыз камкорчуну (көзөмөлчүнү) белгилөө жөнүндө чечим чыгарган райондук сот тарабынан каралат.

3. Камкорчуну (көзөмөлчүнү) бошотуу, четтетүү жөнүндө иштер сот тарабынан, балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, камкорчунун (көзөмөлчүнүн), ошондой эле прокурордун милдеттүү катышуусу менен каралат.

4. Сот арызды карап чыгып, камкорчуну (көзөмөлчүнү) четтетүү (бошотуу) жөнүндө же арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

30-глава. Балдарды интернаттык мекемелерге жөнөтүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

280-берене. Арызды берүү

1. Жетим балдарды, ата-энеси ата-энелик укуктардан ажыратылган же чектелген, дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таанылган, эркинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан балдарды менчигинин формасына карабастан интернат мекемелерине жиберүү жөнүндө арыздар балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдар, баланын мыйзамдуу өкүлдөрү, анын жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле прокурор тарабынан сотко балдардын жашаган жери же турган жери боюнча берилет.

2. Балдарга алты айдан ашпаган мезгилге кызматтарды көрсөткөн жатак мекемелерине, сүйлөөсү, угуусу, көрүүсү начар балдар, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жатак мектептерге, психоневрлогиялык жатак үйлөргө, ошондой эле зээндүү балдар үчүн жатак мекемелерге балдарды жайгаштыруу жөнүндө иштер соттор тарабынан каралбайт.

3. Балдарды жатак мекемелерге жөнөтүү баланы үй-бүлөгө жайгаштыруу боюнча мүмкүнчүлүк калбаган учурда акыркы чара катары колдонулат.

281-берене. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арыздын мазмуну

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) баланын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, жашаган (турган) жери, баланын ата-энеси жөнүндө, анын бир туугандарынын бар экендиги тууралуу маалыматтар;

2) баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арызды негиздөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер.

2. Баланы жатак мекемеге жиберүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) баланы интернат мекемесине жиберүүнүн зарылдыгы жөнүндө балдарды коргоо боюнча органдын корутундусу;

2) жатак мекемеге жөнөтүлүүчү баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

3) баланын ата-энесин ата-энелик укуктарынан ажыратуу же чектөө жөнүндө, анын ата-энесин дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, баланын ата-энесине эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалгандыгы жөнүндө соттун өкүмү жана ата-энеси эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын иш жүзүндө өтөп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар;

4) баланын ден соолугунун абалы, денебойлук жана акыл-эстик өнүгүүсү жөнүндө медициналык корутунду;

5) баланы үй-бүлөгө жайгаштыруунун мүмкүн эместигин ырастаган маалыматтар.

282-берене. Арызды кароо

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө иш ал сот өндүрүшүнө кабыл алынган күндөн баштап отуз күнгө чейинки мөөнөттө сот тарабынан каралат.

2. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө иш балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн жана прокурордун милдеттүү түрдө катышуусу менен сот тарабынан каралат.

3. Сот ишке катышууга баланын ата-энесин (алардын бирин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүн, анын туугандарын жана башка кызыкдар жактарды, ошондой эле он жаш куракка жеткен баланын өзүн тартат.

283-берене. Арыз боюнча соттун чечими

Сот баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө арызды карап чыгып, арызды канааттандыруу жөнүндө же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

284-берене. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу ишти кароо

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арыз менен сотко аймагында баланын үй-бүлөсү жашап жаткан балдарды коргоо боюнча орган, жатак мекеме ведомстволук жактан баш ийген тиешелүү ыйгарым укуктуу орган, баланын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылууга укуктуу.

2. Баланын жатак мекемеде болушунун негиздүүлүгүн кайрадан кароо жөнүндө арыз баланы аталган мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди чыгарган райондук сот тарабынан каралат.

3. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу иш балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, бала турган жатак мекеменин өкүлүнүн жана прокурордун милдеттүү катышуусу менен сот тарабынан каралат.

4. Сот арызды карап чыгып, баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу же болбосо арызды канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.

31-глава. Жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу жана жаранды өлгөн деп жарыялоо

285-берене. Арызды берүү

Жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу же аны өлгөн деп жарыялоо жөнүндө арыз кызыкдар жак тарабынан арыз берүүчүнүн жашаган жери боюнча сотко берилет.

286-берене. Арыздын мазмуну

Арызда жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу же жаранды өлгөн деп жарыялоо арыз берүүчүгө кайсы максат үчүн зарыл экендиги көрсөтүлөт, ошондой эле жарандын дайынсыз жок экендигин ырастаган жагдайлар же болбосо дайынсыз жок болгон жарандын өлүмүнө себеп болуучу же аны кандайдыр бир кырсыктан курман болду деп болжолдоого негиз болуучу жагдайлар баяндалат. Аскер кызматкерлерине карата же согуштук аракеттерге байланыштуу дайынсыз жоголгон адамдарга карата арызда согуш аракеттери токтотулган дата көрсөтүлөт.

287-берене. Арызды кабыл алгандан кийинки судьянын аракеттери

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судья жоголгон жаран жөнүндө кайсы жактар маалымат бере ала тургандыгын аныктайт, ошондой эле жоголгон жарандын белгилүү акыркы жашаган жери жана иштеген жери боюнча тиешелүү уюмдардан ал тууралуу маалыматтарды сурайт.

2. Арызды кабыл алгандан кийин судья жоголгон жарандын мүлкү жайгашкан жердеги балдарды коргоо боюнча органга мүлктү башкаруучуну дайындоону сунуш кыла алат.

3. Мүлктү башкаруучуну дайындоо жөнүндө судья аныктама чыгарат.

288-берене. Арыз боюнча соттун чечими

1. Жаранды дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими анын мүлкүн ишенимдүү башкаруу (зарыл болгондо аны туруктуу башкаруу) келишимин балдарды коргоо боюнча орган менен түзүүчү жакка бул мүлктү өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналат.

2. Жаранды өлгөн деп жарыялаган соттун чечими бул жарандын өлгөндүгү жөнүндөгү жазууну жарандык абал актыларын каттоо китебине жарандык абал актыларын жазуу органы тарабынан киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

289-берене. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жарандын келгендигинин же турган жери табылгандыгынын натыйжалары

1. Дайынсыз жоголгон деп таанылган же өлгөн деп жарыяланган жаран келген же анын турган жери табылган учурда сот өзүнүн жаңы чечими менен өзүнүн мурда чыгарылган чечимин жокко чыгарат.

2. Арыз дайынсыз жоголгон же өлгөн деп таанылган адам тарабынан же башка кызыкдар жак тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Соттун жаңы чечими ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жарандын мүлкүн ишенимдүү башкарууну алып салуу үчүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына же жарандык абал актыларын каттоо китебиндеги анын өлүмү жөнүндө жазууну жокко чыгаруу үчүн жарандык абал актыларын жазуу органына жиберилет.

32-глава. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу

290-берене. Арызды берүү

1. Кумар оюндарына патологиялык түрдө азгырылуусунун, спирт ичимдиктерин же баңги заттарды кыянат пайдалануусунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча козголушу мүмкүн.

2. Психикасынын бузулуусунун натыйжасында жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашаган-жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын), балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголушу мүмкүн.

3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, эгерде ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине жайгаштырылган болсо - дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет.

291-берене. Арыздын мазмуну

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө арызда кумар оюндарына патологиялык түрдө азгырылган, спирт ичимдиктерин же баңги заттарды кыянат ашыкча пайдаланган адамдын өз үй-бүлөсүн оор материалдык абалга алып келген аракеттери жөнүндө күбөлөөчү жагдайлар баяндалууга тийиш.

2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызда жарандагы психикалык бузулуулардын натыйжасында ал өз аракеттеринин маанисин түшүнбөй же аларды башкара албай калгандыгын күбөлөндүргөн жагдайлар жөнүндө баяндалууга тийиш.

292-берене. Судья тарабынан расмий өкүлдү-адвокатты дайындоо

1. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызды кабыл алгандан кийин, эгерде анда өкүл болбосо, судья козголгон иш боюнча процессте жарандын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн расмий өкүлдү-адвокатты дайындайт.

2. Расмий өкүл-адвокат мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарына ээ болот. Мыйзамга ылайык мындай адвокаттын юридикалык жардамы бекер берилет.

293-берене. Жарандын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындоо

1. Жарандагы психикалык бузуулар жөнүндө маалыматтар болгондо сот ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде бул жарандын психикалык абалын аныктоо үчүн соттук-психиатриялык экспертизаны дайындайт.

2. Аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иш козголгон адам экспертизадан өтүүдөн ачык качканда, сот психиатрдын жана прокурордун катышуусу менен сот жыйналышында жаранды соттук-психиатриялык экспертизага мажбурлап жиберүү жөнүндө аныктама чыгара алат.

294-берене. Арызды кароо

1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн катышуусу менен каралат.

2. Аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын сот жыйналышында болуусу анын өмүрүнө же ден соолугуна же болбосо тегерегиндегилердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, өзүнүн позициясын жеке билдирүү үчүн сот жыйналышына чакырылууга тийиш.

3. Эгерде жарандын соттун орун-жайында өткөрүлүүчү сот жыйналышына жеке катышуусу анын өмүрүнө же ден соолугуна же болбосо тегерегиндегилердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, бул ишти сот жаран турган жерде анын катышуусу менен карайт.

4. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү атайылап негизсиз түрдө жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аны аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында ак ниеттүү эмес аракеттенгендигин тастыктап, алардан бардык соттук чыгымдарды өндүрүп алат.

5. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран жеке өзү же болбосо өкүлдөрү аркылуу соттун чечимин даттанууга укуктуу.

295-берене. Арыз боюнча соттун чечими

1. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп тааныган соттун чечими аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамга соттун камкорчу дайындоосуна негиз болуп саналат.

2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп тааныган соттун чечими аракетке жөндөмсүз адамга соттун камкорчу көзөмөлчү дайындоосуна негиз болуп саналат.

296-берене. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин жокко чыгаруу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп таануу

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, камкорчусунун, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат. Жаранга белгиленген камкорчулук соттун чечиминин негизинде ушул Кодекстин 29-главасында каралган тартипте алып салынат.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда, сот камкорчусунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, балдарды коргоо боюнча органдын, прокурордун арызы боюнча, соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарат. Ага белгиленген камкорчулук соттун чечиминин негизинде ушул Кодекстин 29-главасында каралган тартипте алып салынат.

33-глава. Жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация)

297-берене. Арызды берүү

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда, он алты жаш куракка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндө арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат.

2. Арыз сотто ата-энесинин, асырап алуучуларынын же камкорчусунун макулдугу болбогондо же болбосо балдарды коргоо боюнча орган жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда сот тарабынан кабыл алынат.

298-берене. Арызды кароо

Арыз сотто арыз берүүчүнүн, анын ата-энесинин же же алардын биринин же асырап алуучуларынын, ошондой эле балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн милдеттүү катышуусу менен каралат.

299-берене. Эмансипация жөнүндө арыз боюнча соттун чечими

1. Сот арызды маңызы боюнча карап чыгып чечим чыгарат, анда арызды канааттандырат же четке кагат.

2. Арыз канааттандырылганда, он алтыга чыккан жашы жете элек адам эмансипация жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аракетке толук жөндөмдүү (эмансипацияланган) деп таанылат.

300-берене. Эмансипация жөнүндө чечимди жокко чыгаруу

1. Жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу арыз ата-энеси, асырап алуучулары же камкорчусу, ошондой эле балдарды коргоо боюнча орган тарабынан жашы жете электи толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечим кабыл алган сотко же болбосо мындай чечимди кабыл алган балдарды коргоо боюнча органдын жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

2. Негиздер болгон учурда сот балдарды коргоо боюнча органдын жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышы жана он алтыга чыккан жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тартышы мүмкүн.

34-глава. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жана ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу

301-берене. Арызды берүү

1. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө арыз ага ээлик кылууга киришкен жак тарабынан, арыз берүүчүнүн жашаган же жайгашкан жери боюнча берилет.

2. Ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арыз анын жайгашкан жери боюнча муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укук берилген орган тарабынан берилет.

302-берене. Арыздын мазмуну

1. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө арызда кайсы буюм ээсиз деп таанылууга тийиш экендиги көрсөтүлүүгө, анын айырмалуу негизги белгилери сыпатталууга, буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер жана арыз берүүчүнүн ага ээлик кылууга киришкендигин күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

2. Муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арызында кыймылсыз мүлк качан жана ким тарабынан эсепке алынгандыгы көрсөтүлүүгө, ошондой эле буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

303-берене. Арызды кабыл алуудан баш тартуу

Муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу орган кыймылсыз буюмду ээсиз деп таануу жөнүндө арызды бул буюм мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алынган күндөн тартып үч жыл өткөнгө чейин берген учурда сот арызды кабыл алуудан баш тартат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот.

304-берене. Арызды кароо

Буюмду ээсиз деп таануу же ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арыз сотто иш боюнча бардык кызыкдар жактардын милдеттүү катышуусу менен каралат.

305-берене. Арыз боюнча соттун чечими

1. Сот кыймылдуу мүлктүн менчик ээси жок же болбосо ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен аны калтырган деп таанып, кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жана ага ээлик кылууга киришкен жактын менчигине аны өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарат.

2. Сот кыймылсыз мүлктүн ээси жок же ага карата менчик укугун сактоо ниетисиз калтырылган жана мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алынган деп таанып, кыймылсыз мүлктүн ээсиз деп таануу жана ал мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө чечим чыгарат.

35-глава. Жоголуп кеткен, көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздар жана ордердик баалуу кагаздар боюнча укуктарды калыбына келтирүү (чакыруу өндүрүшү)

306-берене. Арызды берүү

1. Көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздарды жана ордердик баалуу кагаздарды (мындан ары - документ) жоготкон жак мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жоголгон документтерди жараксыз деп таанууну жана аларга карата укуктарын калыбына келтирүүнү соттон өтүнө алат. Талаптагыдай эмес сактоонун натыйжасында же башка себептер боюнча документте төлөмдүк белгилери жоготулганда да документ боюнча укуктар калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Жоголгон документтерди жараксыз деп таануу жөнүндө арыз ал документти берген мекеменин (жактын) жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

307-берене. Арыздын мазмуну

Арызда жоголгон документтин айырмалоочу белгилери, аны берген мекеменин (жактын) аталышы көрсөтүлүүгө, ошондой эле документ жоголгондогу жагдайлар, арыз берүүчүнүн документти берген мекеменин ал боюнча төлөмдөрдү жана берүүнү жүргүзүшүнө тыюу салуу жөнүндө өтүнүчү да баяндалууга тийиш.

308-берене. Арызды кабыл алгандан кийинки судьянын аракеттери

1. Арызды кабыл алгандан кийин сот документти берген мекеменин (жакка) ал боюнча төлөмдөрдү жана берүүнү жүргүзүшүнө тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгарат жана аныктаманын көчүрмөсүн документти берген мекемеге (жакка), реестрдин кармоочусуна, каттоочуга жиберет.

2. Аныктамада ошондой эле төмөнкүлөр камтылган билдирүүнү арыз берүүчүнүн эсебинен жергиликтүү газетада жарыялоо жөнүндө көрсөтүлөт:

1) документтин жоготулгандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн соттун аталышы;

2) арыз берген жакты жана анын жашаган жерин көрсөтүү;

3) документтин аталышы жана айырмалоочу белгилери;

4) жоголгондугу жөнүндө билдирилген документтердин кармоочусуна жарыя жасалган күндөн тартып үч айдын ичинде бул документке карата өз укуктары тууралуу сотко арыз берүү сунушу.

3. Аныктама чыгаруудан баш тартууга карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

309-берене. Документти кармоочунун арызы

Жоголгондугу жөнүндө билдирилген документти кармоочу жарыя жасалган күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде документке карата өз укуктары тууралуу арыз менен аныктаманы чыгарган сотко кайрылууга жана мында документти түп нускада берүүгө милдеттүү.

310-берене. Документти кармоочудан арыз келип түшкөндөн кийинки судьянын аракеттери

1. Жарыя жасалган күндөн тартып үч айлык мөөнөт аяктаганга чейин документти кармоочудан арыз келип түшкөн учурда сот документти жоготуп жиберген жактын арызын карабастан калтырат жана документти берген мекеменин (жактын) бул документ боюнча төлөмдөрдү жана берүүнү жүргүзүшүнө тыюу салынуучу мөөнөттү белгилейт. Бул мөөнөт эки айдан ашпоого тийиш.

2. Ошол эле убакта сот арыз берүүчүгө документти талап кылуу жөнүндө документти кармоочуга карата жалпы тартипте доо коюуга анын укугу тууралуу, ал эми документти кармоочуга - көрүлгөн тыюу салуу чаралары менен ага келтирилген чыгашалардын ордун арыз берүүчүдөн өндүрүп алууга анын укугу жөнүндө түшүндүрөт.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маселелер боюнча аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

311-берене. Жоголгон документти жараксыз деп таануу жөнүндө арызды кароо

Жоголгон документти жараксыз деп таануу жөнүндө ишти судья ушул Кодекстин 309-беренесинде көрсөтүлгөн арыз документти кармоочудан келип түшпөгөн учурда, жарыя жасалган күндөн тартып үч айлык мөөнөт өткөндөн кийин карайт.

312-берене. Арыз боюнча соттун чечими

Арыз берүүчүнүн өтүнүчү канааттандырылган учурда сот жоголгон документти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарат. Бул чечим арыз берүүчүгө анын салымын же жараксыз деп табылган документтин ордуна жаңы документти берүү үчүн негиз болот.

313-берене. Документти кармоочунун мүлктү негизсиз сатып алуу жөнүндө доо коюу укугу

Кандайдыр бир себептер боюнча бул документке карата өз укуктарын өз убагында билдирбеген документти кармоочу документти жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, жоголгон документтин ордуна жаңысын алуу укугу таанылган жакка карата мүлктү негизсиз алгандыгы же сактагандыгы жөнүндө доо кое алат.

36-глава. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу

314-берене. Арызды берүү

1. Жаранды мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө арыз жаран жаткырылган психиатриялык оорукананын жайгашкан жери боюнча сотко берилет.

2. Психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер көрсөтүлүүчү арызга адамдын психиатриялык стационарда мындан ары болуусунун зарылдыгы жөнүндө врач-психиатрлардын комиссиясынын жүйөлөнгөн корутундусу тиркелет.

315-берене. Судья тарабынан расмий өкүлдү-адвокатты дайындоо

1. Жаранды мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө арызды кабыл алгандан кийин, эгерде анда өкүл жок болсо, судья козголгон иш боюнча процессте жарандын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн расмий өкүлдү-адвокатты дайындайт.

2. Расмий өкүл-адвокат мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарына ээ болот. Мыйзамга ылайык мындай адвокаттын юридикалык жардамы бекер берилет.

316-берене. Арызды берүүнүн мөөнөтү

1. Жаранды мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө арыз психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы адамдын психиатриялык стационарда мындан ары болуусунун зарылдыгы жөнүндө корутунду чыгарган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет.

2. Ишти козгоо менен сот бир эле убакта арызды сотто кароо үчүн зарыл болгон мөөнөткө адамдын психиатриялык стационарда болушуна санкция берет.

317-берене. Арызды кароо

1. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлоо тартибинде жаткыруу жөнүндө арызды сот иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.

2. Жаранга аны мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө иш боюнча соттун жыйналышына жеке катышуу укугу берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча бул анын ден соолугунун абалынан улам мүмкүн эмес болсо, сот жыйналышы психиатриялык мекеменин орун-жайында жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Иш сотко кайрылган психиатриялык мекеменин өкүлүнүн, прокурордун жана ооруканага жаткыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан адамдын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат.

318-берене. Иш боюнча чечим

1. Арызды маңызы боюнча карап чыгып, сот чечим чыгарат, анда арыз четке кагылат же канааттандырылат.

2. Арызды канааттандыруу жөнүндө чечим жаранды сот белгилеген мөөнөткө психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жана андан ары кармоо үчүн негиз болуп саналат.

3. Мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө психиатриялык мекемеге жайгаштырылган адам, анын өкүлү, психиатриялык мекеменин жетекчиси же прокурор тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Адам психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин психиатриялык мекеменин администрациясы мекеме турган жер боюнча сотко ал адамдын психиатриялык стационарда андан ары болуусунун зарылдыгы жөнүндө врач-психиатрлар комиссиясынын жүйөлөнгөн корутундусун тиркөө менен ооруканага жаткырууну узартуу жөнүндө арыз жөнөтөт.

5. Ушул главада каралган тартипте сот өз чечими менен жаранды психиатриялык стационарда кармап туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мындан кийин психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган жаранды мажбурлап жаткырууну узартуу жөнүндө чечим ушул главанын талаптарын сактоо менен сот тарабынан жыл сайын кабыл алынат.

37-глава. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү

319-берене. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүүнүн тартиби

1. Соттун чечимин кабыл алуу же иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу жөнүндө аныктама чыгаруу менен аяктаган жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү толук же айрым бөлүгүндө жоголгондо аны калыбына келтирүү ушул главада белгиленген тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө иш ишке катышуучу жактардын арыздары боюнча козголот.

320-берене. Арызды берүү

1. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз талаштын маңызы боюнча чечим чыгарган же иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу жөнүндө аныктама чыгарган сотко берилет.

2. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берүүчү кайсы сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүп жаткандыгы;

2) сот иштин маңызы боюнча чечим кабыл алгандыгы же иш боюнча өндүрүш токтотулгандыгы;

3) иште арыз берүүчү кандай процесстик абалды ээлегендиги;

4) иште дагы ким жана кандай процесстик абалда катышкандыгы;

5) бул жактардын жашаган жери же турган жери;

6) арыз берүүчүгө өндүрүштүн жоголгон жагдайлары жөнүндө эмне белгилүү экендиги;

7) өндүрүштүн документтеринин көчүрмөлөрүнүн же алар жөнүндө маалыматтардын жайгашкан жери жөнүндө;

8) арыз берүүчү кайсы документтерди калыбына келтирүүнү зарыл деп эсептегендиги;

9) аларды кайсыл максат үчүн калыбына келтирүү зарыл экендиги.

3. Арызга ишке тиешелүү болгон жана сакталып калган документтер же алардын көчүрмөлөрү, алар белгиленген тартипте ырасталбаса да тиркелет.

4. Арыз берүүчү жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө ишти кароодо сот тарткан соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулат.

321-берене. Арызды кароо

1. Ишти кароодо сот өндүрүштүн сакталган бөлүктөрүн, өндүрүш жоголгонго чейин иштен жарандарга жана мекемелерге берилген документтерди, алардын көчүрмөлөрүн, ишке тиешелүү башка маалымкаттарды жана кагаздарды колдонот.

2. Сот процесстик аракеттерди жасоого катышкан жактарды, зарыл учурларда - өндүрүшү жоголгон ишти караган судьяларды, ошондой эле соттун чечимин аткарган жактарды күбө катары сурай алат.

3. Соттун жоголгон чечимин же сот өндүрүшүн токтотуу жөнүндө соттун аныктамасын калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда сот чечим чыгарат, анда сот сотко берилген кайсы маалыматтардын жана жоголгон өндүрүш боюнча процесстин бардык катышуучуларынын катышуусу менен сот жыйналышында иликтенген кайсы маалыматтардын негизинде калыбына келтирилүүчү сот актысынын мазмуну аныкталды деп эсептей тургандыгын көрсөтөт.

322-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жана жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды карабастан калтыруу

1. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызда кайрылуунун тиешелүү максаты көрсөтүлбөсө же кайрылуунун арыз берүүчү көрсөткөн максаты анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого байланышпаса, сот арызды карабастан калтырат.

2. Жыйналган материалдар жоголгон сот өндүрүшүнө байланышкан сот актысын так калыбына келтирүү үчүн жетишсиз болгондо, сот өз аныктамасы менен жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө иш боюнча өндүрүшү токтотот жана ишке катышуучу жактарга доону жалпы тартипте коюу укугун түшүндүрөт.

3. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды кароо аны сактоонун мөөнөтү менен чектелбейт. Бирок жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен аны аткаруу максатында кайрылганда, эгерде аткаруу барагын аткаруу үчүн берүүнүн мөөнөтү өтүп кетсе жана сот тарабынан калыбына келтирилбесе, сот жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү жөнүндө иш боюнча өндүрүштү да токтотот.

4. Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүүгө байланышкан аныктамалар ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылат.

III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРБЕГЕН ЖАНА КИРГЕН АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ

38-глава. Соттун чечимине апелляциялык даттануу

323-берене. Апелляциялык даттануу укугу

1. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген актыларын тараптар жана ишке катышуучу башка жактар апелляциялык тартипте апелляциялык инстанцияга даттана алат.

2. Баланын укуктарын бузуучу чечим кабыл алынган иштер боюнча прокурордун арыздары боюнча козголгон же прокурордун катышуусу менен каралган иштер боюнча, ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды бузган чечим кабыл алынган учурда прокурор сунуштама киргизүүгө укуктуу.

3. Ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар да апелляциялык даттануу берүүгө укуктуу.

324-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөтү

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечимди чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет.

2. Соттун чечимине апелляциялык даттануу (сунуштама), эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, сот чечим чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 127-беренесине ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн. Бул учурда апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч сот чечим чыгарган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун тиешелүү соттук коллегиясынын апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган сот актысында көрсөтүлөт.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө соттук коллегия аныктама чыгарат, ал кассация тартибинде даттанылышы мүмкүн. Бул учурда иш биринчи инстанциядагы сотко кайтарып берилүүгө тийиш.

325-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет.

2. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылат:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;

2) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн буга кошумча - анын каттоо номери, жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) даттанылып жаткан чечим;

4) даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;

5) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын өтүнүчү;

6) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги;

7) зарыл болгондо - апелляциялык даттануунун өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз.

3. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) аны берген жак кол коет. Өкүл тарабынан берилген апелляциялык даттанууга ишеним кат же, эгерде иште мындай документ жок болсо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

4. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жактар ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.

5. Апелляциялык даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

326-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу соттор

Апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан каралат.

327-берене. Апелляциялык инстанциядагы ишти кароонун мөөнөтү

Апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча келип түшкөн ишти ал келип түшкөн күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен кароого тийиш.

328-берене. Соттун апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийинки аракеттери

1. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийин судья даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган соң ишти апелляциялык инстанциядагы сотко жиберүүгө, иштин апелляциялык инстанцияга жиберилгендиги жөнүндө ишке катышуучу жактарга кабарлоого милдеттүү.

2. Апелляциялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин иш соттон талап кылынышы мүмкүн эмес. Ишке катышуучу адамдар сотто иштин материалдары, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (сунуштамалар) жана аларга каршы пикирлер менен таанышууга укуктуу.

329-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

Апелляциялык даттануу (сунуштама) даттанууну (сунуштаманы) берген жакка сот тарабынан төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылат:

1) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетишинде жана даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч болбогондо;

2) эгерде апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен берилсе;

3) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жиберилгендигинин далилдери тиркелбесе.

4) эгерде даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.

Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан баштап үч күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш жана даттануу (сунуштама) берген жакка даттанууга тиркелген бардык документтери менен кошо тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.

3. Эгерде даттануу (сунуштама) берген жак өзү жол берген бузууларды жойсо, ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөр сакталган шартта, апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама аталган жактын ошол эле иш боюнча даттануу (сунуштама) менен кайталап кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

Даттанууну кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

330-берене. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир

1. Ишке катышуучу адамдар апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирин бере алат, ага ушул каршы пикирди ырастаган документтер менен башка далилдер ишке катышуучу адамдардын санындагы көчүрмөлөрү менен тиркелет.

2. Каршы пикирлердин жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга берилет.

331-берене. Апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же апелляциялык талапты кайра чакыртуу

1. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген адам соттун чечими чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу. Жогору турган прокурор соттун чечим чыгарылганга чейин сунуштаманы кайра чакыртууга укуктуу.

2. Даттануудан (сунуштамадан) баш тартылганда же сунуштама кайра чакыртылганда сот даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы кайра чакыртуунун натыйжаларын түшүндүрөт жана апелляциялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде сот апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылган же сунуштама кайра чакыртылган учурда башка жактын даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, баш тартуу же кайра чакыртып алуу билдирилген апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү гана токтотуу тууралуу аныктама чыгарат. Бул учурда апелляциялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

4. Апелляциялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартууда же апелляциялык сунуштаманы кайра чакыртып алууда, сот актысына апелляциялык тартипте ушул эле жактын кайталап даттануусуна жол берилбейт.

332-берене. Доогердин доодон баш тартышы жана тараптардын апелляциялык инстанциядагы соттогу жарашуу макулдашуусу

1. Доогердин доодон баш тартуу жөнүндө арызы же тараптардын өз ара жарашуу макулдашуусу ушул Кодекстин 175-беренесине ылайык берилет. Доодон баш тартылганга же жарашуу макулдашуусу түзүлгөнгө чейин сот доогерге же тараптарга алардын процесстик аракеттеринин натыйжасын түшүндүрөт.

2. Доогер доодон баш тартканда же тараптардын жарашуу макулдашуусу түзүлгөндө апелляциялык инстанция чыгарылган чечимди жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот. Эгерде ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча сот жарашуу макулдашуусун кабыл албаса, ал ишти апелляциялык тартипте карайт.

333-берене. Ишти кароого дайындоо

1. Апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга берилет.

2. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 329-беренесинде каралган негиздер жок болгондо, апелляциялык инстанциядагы соттун өндүрүшүнө кабыл алынат.

3. Иш апелляциялык инстанцияга келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен судья-баяндамачы апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктаманы чыгарат, анда ишти кароонун датасы жана убактысы көрсөтүлөт.

4. Апелляциялык инстанциядагы сот ишке катышуучу жактарга ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт.

5. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган жактардын бири сот жыйналышына келбей калган учурда сот ишти кароону кийинкиге калтырат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбайт.

6. Эгерде ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланса, сот алардын келбей калуусунун жүйөлүү экендиги тууралуу корутундуга келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.

334-берене. Ишти апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун тартиби

1. Белгиленген мезгилде төрагалык кылуучу сот жыйналышын ачат жана кайсы иш, кимдин даттануусу боюнча, кайсы соттун чечимине карата каралууга тийиш экендигин жарыялайт. Төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн кимиси келгендигин тактайт, келгендердин керт башын тастыктайт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.

2. Төрагалык кылуучу соттун курамын жарыялайт жана ишке катышуучу жактарга алардын четке кагууларды билдирүү укугун түшүндүрөт. Четке кагуу үчүн негиздер, билдирилген четке кагууну чечүүнүн тартиби жана мындай билдирүүлөрдү канааттандыруунун натыйжалары ушул Кодекстин 19, 20, 22-24-беренелери менен аныкталат.

3. Төрагалык кылуучу ишке катышуучу адамдарга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

4. Апелляциялык инстанцияда ишти териштирүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча ишке катышуучу жактардын арыздары жана өтүнүчтөрү ишке катышкан башка жактардын пикирлерин уккандан кийин сот тарабынан чечилет.

5. Апелляциялык инстанцияда ишти кароо судья-баяндамачынын баяндамасы менен башталат, ал иштин жагдайларын, биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мазмунун, апелляциялык даттануунун жана ага каршы пикирдин жүйөлөрүн баяндайт, ошондой эле соттун чечиминин тууралыгын текшерүү үчүн кароо зарыл болгон башка маалыматтарды билдирет.

6. Баяндамадан кийин сот жыйналышка келген ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угат. Биринчи болуп апелляциялык даттануу берген жак жана анын өкүлү сөз сүйлөйт. Эки тарап тең чечимге даттануу берген учурда биринчи болуп доогер сөз сүйлөйт.

7. Ишке катышуучу жактар келбей калган учурда даттанууга (сунуштамага) алар берген жазуу жүзүндөгү каршы пикир апелляциялык соттун жыйналышында жарыяланат.

8. Сот тараптардын түшүндүрүүсүн угуп, зарыл болгондо иштеги далилдерди жарыялайт жана жаңыдан берилген далилдерди иликтейт. Далилдерди иликтөө биринчи инстанциядагы сот үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

9. Тараптар күбөлөрдү чакыруу жана суракка алуу жөнүндө, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

10. Сот апелляциялык чечимди же аныктаманы кабыл алганда өзүнүн актысында апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышына чакыртылбаган, бирок биринчи инстанциялык сотто суралган жактардын сотто жарыя кылынган көрсөтүүлөрүнө шилтеме кылууга укуктуу. Эгерде бул көрсөтүүлөрдү тараптар талашса, аларды берген жактар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынууга тийиш.

11. Далилдер иликтенгенден кийин төрагалык кылуучу ишке катышуучу жактардан соттук териштирүүнү толуктоо боюнча өтүнүчтөрү тууралуу сурайт. Сот бул өтүнүчтөрдү чечет жана соттук жарыш сөзгө өтөт.

12. Жарыш сөздөр ушул Кодекстин 194-беренесинин эрежелери боюнча өткөрүлөт, жарыш сөздө даттануу (сунуштама) берген жак биринчи болуп сүйлөйт.

13. Соттук жарыш сөздөн кийин сот чечим (аныктама) чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетет. Кеңешүүдөн кийин судьялар чыгарылган чечимди (аныктаманы) жарыялайт.

14. Эгерде кеңешүүнүн убагында сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же бар болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, ишти маңызы боюнча кароону кайра улантат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилүүгө тийиш. Бул учурда сот жыйналышы ушул беренеде белгиленген тартипте улантылат.

15. Апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышында төрагалык кылуучу сот жыйналышында талаптагыдай тартипти камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.

16. Апелляциялык инстанциянын жыйналышында жыйналыштын катчысы протокол жүргүзөт. Сот жыйналышынын протоколуна тараптар өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн, алар ушул Кодекстин 232, 233-беренелеринде каралган тартипте төрагалык кылуучу тарабынан каралат.

335-берене. Ишти апелляциялык инстанцияда кароонун чектери

1. Ишти апелляциялык тартипте караганда сот биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чегинде текшерет. Бул учурда апелляциялык инстанция даттануунун (сунуштаманын) укуктук жүйөлөрүнө байланбайт.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот жаңы фактыларды аныктоого жана жаңы далилдерди иликтөөгө, иштин материалдарындагы бар болгон далилдерге жаңы баа берүүгө укуктуу.

3. Апелляциялык инстанциядагы сотто доонун предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө, доонун негиздерин өзгөртүүгө, ошондой эле тосмо доону берүүгө жол берилбейт.

336-берене. Соттун чечиминин аткарылышын токтотуп туруу

Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу мөөнөтү калыбына келтирилген учурда аппеляциялык инстанция соттун чечимин аткарууну аппеляциялык даттануу (сунуштама) чечилгенге чейин токтотуп турууга укуктуу.

337-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун доону камсыз кылуу чараларын колдонуусу

Ишке катышуучу жактардын арызы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 14-главасында белгиленген эрежелер боюнча доону камсыз кылуу үчүн чараларды көрө алат.

338-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну (сунуштаманы) канааттандырбастан калтырууга;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө өзгөртүүгө же аны толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга;

3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга же болбосо арызды карабастан калтырууга.

4) биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти соттун ошол же башка курамында жаңыдан кароосуна жөнөтүүгө.

339-берене. Апелляциялык тартипте соттун чечимин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) иш үчүн олуттуу мааниси бар жагдайларды толук эмес айкындоо;

2) сот тастыкталган деп эсептеген, иш үчүн мааниси бар жагдайлардын далилденбегендиги;

3) соттун чечимде баяндалган тыянактарынын иштин жагдайларына дал келбегендиги;

4) процесстик укуктун нормаларын бузуу же материалдык укуктун нормаларын туура эмес колдонуу.

340-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды карабастан калтыруу менен чечимди жокко чыгаруу

Биринчи инстанциядагы соттун чечими ушул Кодекстин 220 жана 222-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, апелляциялык тартипте иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды карабастан калтыруу менен жокко чыгарылууга жатат.

341-берене. Процесстик укуктун нормаларын олуттуу бузуу

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылууга, ал эми иш жаңыдан кароого жиберилүүгө тийиш, эгерде:

1) иш сот тарабынан мыйзамсыз курамда каралса;

2) соттун чечимине судья кол койбосо же соттун чечиминде көрсөтүлгөн судьядан башка судья кол койсо;

3) иште сот жыйналышынын протоколу жок болсо;

4) соттун чечимин кабыл алууда кеңешүү бөлмөсүнүн жашыруундуулугу жөнүндө эрежелер бузулса;

5) иш сот тарабынан сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар болбогон ишке катышуучу жактардын кимдир бирөөсү жокто каралса;

6) ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил жөнүндө эреже бузулса;

7) сот ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жөнүндө чечим кабыл алса;

8) ушул Кодексте белгиленген, ушул Кодекстин 28-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган сотко караштуулук эрежелерин, ошондой эле администрациялык сот өндүрүшүнүн эрежелерин бузуу менен иш каралса.

2. Процесстик укукту башка бузуулар болгондо, эгерде бул бузуулар ишти туура эмес чечүүгө алып келсе, сот чечими ишти жаңыдан кароого жиберүү менен жокко чыгарылууга тийиш.

342-берене. Материалдык укуктун нормаларын туура эмес колдонуу

Материалдык укуктун нормалары туура эмес колдонулду деп эсептелет, эгерде сот:

1) колдонулууга жатуучу мыйзамды колдонбосо;

2) колдонулууга жатпай турган мыйзамды колдонсо;

3) мыйзамды туура эмес түшүндүрмөлөсө.

343-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы

1. Ушул Кодекстин 338-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө алмаштырган чечим формасында чыгарылат. Ушул Кодекстин 338-беренесинин 1, 3 жана 4-пункттарында каралган учурларда апелляциялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат.

2. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары чыгарылган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясында кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.

344-берене. Апелляциялык чечимдин жана аныктаманын мазмуну

1. Апелляциялык инстанциянын чечими (аныктамасы) киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

2. Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечиминде (аныктамасында) ушул Кодекстин 202-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган жагдайларга толуктоо катары төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) киришме бөлүктө:

а) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

б) сот актысы кабыл алуунун датасы жана орду;

в) апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жак жана ага кошулган жак, ошондой эле ишке катышуучу башка жактар;

г) апелляциялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы;

2) сыпаттама бөлүктө:

а) биринчи инстанциядагы ишти караган соттун аталышы, сот актысын чыгаруунун датасы жана орду;

б) биринчи инстанциядагы актынын маңызын кыскача баяндоо;

в) апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;

г) апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

д) апелляциялык инстанциядагы соттун жыйналышына катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү;

3) жүйөлөмө бөлүктө:

а) ишке катышуучу жактар шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиздигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

б) сот актысын жокко чыгарганда же өзгөрткөндө - биринчи инстанциядагы соттун тыянактарына апелляциялык инстанциядагы сот макул болбогон жүйөлөр;

в) эгерде иш жаңыдан кароого берилсе, тараптар жана (же) сот аткарууга тийиш болгон аракеттер;

4) резолюциялык бөлүктө:

а) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

б) мамлекеттик алымды кошкондо соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү көрсөтүү.

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасында ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган жагдайлардан тышкары даттануунун (сунуштаманын) далилдери негизсиз деп табылган жана биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө негиз болуп саналбаган жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Апелляциялык инстанциядагы сот туура эмес жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого, ошондой эле ушул Кодекстин 206 жана 207-беренелерине ылайык кошумча чечим (аныктама) чыгарууга укуктуу.

345-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун жекече аныктамасы

Ишти апелляциялык тартипте кароочу сот ушул Кодекстин 226-беренесинде каралган учурларда жекече аныктама чыгарууга укуктуу төмөн турган сот тарабынан ишти териштирүүдө жол берилген мыйзам бузуулар табылганда жекече аныктама чыгарылышы мүмкүн.

39-глава. Соттун аныктамаларына апелляциялык даттануу

346-берене. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамаларына апелляциялык тартипте даттануу укугу

1. Биринчи инстанциядагы соттун аныктамалары тараптар жана ишке катышуучу башка жактар тарабынан соттун чечиминен өзүнчө, ушул Кодексте каралган учурларда гана даттанылышы мүмкүн.

2. Биринчи инстанциядагы соттун калган аныктамаларына жекече даттануулар (сунуштамалар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы пикирлер апелляциялык даттанууга киргизилиши мүмкүн.

3. Биринчи инстанциядагы соттун даттанылууга жатпоочу аныктамасына жекече даттануулар (сунуштамалар) берилген учурда, аталган даттануулар алар сотко келип түшкөн учурдан баштап беш күндүк мөөнөттө биринчи инстанциядагы соттун судьясы тарабынан жүйөлөнгөн аныктаманы чыгаруу менен кайра кайтарылууга жатат.

347-берене. Жекече даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү, тартиби

1. Жекече даттануу (сунуштама) аныктама чыгарылган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

2. Жекече даттанууну (сунуштаманы) берүү жана кароо соттун чечимине апелляциялык даттануу үчүн ушул Кодексте каралган тартипте жүргүзүлөт.

348-берене. Жекече даттанууну кароодо апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

Апелляциялык инстанциядагы сот жекече даттанууну (сунуштаманы) карап, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) соттун аныктамасын өзгөртүүсүз калтырууга, ал эми даттанууну (сунуштаманы) канааттандырбоого;

2) аныктаманы толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ишти биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан кароого берүүгө;

3) аныктаманы толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга, маселени маңызы боюнча чечүүгө жана ишти кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө;

4) соттун аныктамасын өзгөртүүгө жана жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого бербестен жаңы аныктама чыгарууга.

349-берене. Апелляциялык инстанциянын аныктамаларынын мыйзамдуу күчү

1. Жекече даттануу (сунуштама) боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча чечпеген, апелляциялык инстанциядагы сот чыгарган аныктама ушул Кодексте каралган тартипте кассациялык даттанылууга жатат.

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ

40-глава. Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш

350-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелет жана ушул Кодексте белгиленген негизде жана тартипте укук нормаларын колдонуунун тууралыгынын маселеси боюнча сот актыларын кайра карайт.

351-берене. Кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн сот актылары

1. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.

2. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген, апелляциялык тартипте даттанылбаган актылары кассациялык тартипте кайра каралбайт.

3. Акыркы сот актысынан мурдагы аныктамалар, эгерде мындай аныктамаларга даттануу ушул Кодексте каралса, кассациялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети боло алат.

352-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүгө укугу бар жактар

1. Ушул Кодекстин 351-беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) тараптар жана ишке катышуучу башка жактар, алардын өкүлдөрү бериши мүмкүн.

2. Прокурор өзүнүн катышуусу менен каралган иштер боюнча сунуштамаларды киргизүүгө укуктуу.

353-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн мөөнөттөрү

1. Кассациялык даттануу (сунуштама), эгерде мыйзамда башкача каралбаса, апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн баштап үч айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Талаштын маңызы боюнча эмес кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы сот актысына даттануу берилгенде кассациялык даттануу бир айлык мөөнөттө берилет.

3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтү ушул Кодекстин 127-беренесине ылайык кассациялык инстанциядагы сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

4. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын сот актысында өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу көрсөтүлөт.

5. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартылган учурда кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 357-беренесине ылайык кайра кайтарылууга тийиш.

354-берене. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет.

2. Кассациялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;

2) даттануу (сунуштама) берген жактын аталышы, жашаган жери, эгерде бар болсо - телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жактар үчүн ошондой эле - анын катталган номери жана жайгашкан жери жана башка реквизиттери;

3) ишке катышуучу башка жактардын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) ишти караган биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттордун аталышы жана алар кабыл алган сот актыларынын мазмуну;

5) даттанылып жаткан сот актысы;

6) укук нормаларын бузуу эмнеде тургандыгын көрсөтүү;

7) даттануу (сунуштама) берген жактын өтүнүчү;

8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги;

9) зарыл болгондо - кассациялык даттануунун өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз.

3. Даттанууга (сунуштамага) аны берген жак же анын өкүлү кол коёт. Өкүл берген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ (эгерде иште мындай документ жок болсо) тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.

4. Кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ишке катышуучу башка жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөсүн жиберет.

5. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери, ошондой эле мамлекеттик алымдардын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелүүгө тийиш.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

355-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүүнүн тартиби

Кассациялык даттануу (сунуштама) сот актысын чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

356-берене. Кассациялык даттанууну алгандан кийинки биринчи инстанциядагы соттун аракеттери

Биринчи инстанциядагы сот кассациялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийин, ишке катышуучу жактарга кабарлоо менен, даттануу (сунуштама) келип түшкөн күндөн баштап беш күндүн ичинде ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберүүгө милдеттүү.

357-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) аны берген жакка кассациялык инстанциядагы сот тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кайра кайтарылат:

1) эгерде даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 354-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе;

2) эгерде даттануу (сунуштама) кассациялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;

3) эгерде даттанууда (сунуштамада) материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу же процесстик укукту олуттуу бузуу эмнеде тургандыгы көрсөтүлбөсө;

4) эгерде иш апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбосо;

5) эгерде даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды жойгондон кийин кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чегинде даттануу (сунуштама) менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

3. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылат жана кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка даттанууга (сунуштамага) тиркелген бардык документтери менен тапшырылат же жиберилет.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.

 

358-берене. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алуу

1. Кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак даттануу (сунуштама) боюнча чечим чыгарылганга чейин андан баш тартууга укуктуу.

2. Прокурор киргизген сунуштама жогору турган прокурор тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.

3. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылганда же сунуштама чакыртып алынганда, кассациялык инстанциядагы сот даттануудан (сунуштамадан) баш тартуунун же сунуштаманы чакыртып алуунун натыйжаларын түшүндүрөт жана иш боюнча кассациялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

4. Эгерде кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылган же кассациялык сунуштама чакыртып алынганда сот башка жактын кассациялык даттануусуна (сунуштамасына) байланыштуу өндүрүштү токтото албаса, баш тартуу же чакыртып алуу билдирилген кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча өндүрүштү гана токтотуу тууралуу аныктама чыгарылат. Бул учурда кассациялык өндүрүш башка даттануу (сунуштама) боюнча улантылат.

5. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартылган же кассациялык сунуштама чакыртып алынган учурда, сот актысына ошол эле жактын кассациялык тартипте кайталап даттануу беришине жол берилбейт.

359-берене. Сот актысын аткарууну токтотуп туруу

Даттануу (сунуштама) берген жактын арызы боюнча кассациялык инстанциядагы сот сот актыларын аткарууну кассациялык даттануу (сунуштама) чечилгенге чейин токтотуп турууга укуктуу.

360-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуунун тартиби

1. Иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө иш судья-баяндамачыга берилет.

2. Кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 357-беренесинде каралган негиздер болбогондо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өндүрүшүнө кабыл алынат.

Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктаманы кассациялык инстанциядагы сот иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирбестен чыгарат.

Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери жок болсо, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишти кайра кайтарбастан, даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөсүн ишти кассациялык инстанциядагы сотто угуунун датасы тууралуу кабардама менен бирдикте ишке катышуучу жактарга жиберет.

3. Ишке катышуучу жактар иштин материалдары, кассациялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин алып келүүгө укуктуу.

4. Ишке катышуучу жактарга ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо ушул Кодекстин 12-главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

361-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо ушул главада каралган алып салуулар жана толуктоолор менен ушул Кодекстин III бөлүмүндөгү эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда иштер үч судьядан турган сот курамдарында каралат.

3. Кассациялык инстанциядагы сотто ишти кароодо, эгерде сот тарабынан башкача тартип каралбаса, иш боюнча баяндама менен судья-баяндамачы, андан кийин даттануу (сунуштама) берген жактар жана ишке катышуучу башка жактар сөз сүйлөйт. Андан кийин сот сот актысын кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетет.

4. Ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоол болбойт. Эгерде кассациялык инстанциядагы соттун пикири боюнча процесстин катышуучусунун келүүсү талап кылынса, ишти кароо кийинкиге калтырылышы мүмкүн.

362-берене. Кассациялык өндүрүштү токтотуп туруу

1. Кассациялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 215-беренесинин 1, 2 жана 5-пункттарында каралган негиздер боюнча кассациялык өндүрүштү токтотуп турууга укуктуу.

2. Токтотуп турулган кассациялык өндүрүш ушул Кодекстин 219-беренесине ылайык кайра улантылат.

363-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун мөөнөтү

Кассациялык даттануу (сунуштама) иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап эки айлык мөөнөттө каралууга тийиш.

364-берене. Ишти кароонун чектери

1. Кассациялык даттанууну (сунуштама) караганда кассациялык инстанциядагы сот иште бар болгон материалдар боюнча даттануунун (сунуштаманын) далилдеринин чегинде биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун материалдык жана процесстик укуктун нормаларын колдонуусунун тууралыгын текшерет.

2. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануунун (сунуштаманын) укуктук негиздерине байланбайт.

365-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары

1. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу (сунуштама) боюнча ишти карап чыгып, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын күчүндө калтырууга;

2) иш боюнча чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи же апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана эгерде материалдык укуктун нормаларын колдонууда гана ката кетирилсе, ишти жаңыдан кароого бербестен жаңы чечимди кабыл алууга.

Кассациялык инстанциядагы соттун ушул Кодекстин 350, 364-беренелеринде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына жараша жаңы чечим кабыл алышына мүмкүн болбогон учурда, иш жаңы кароого жөнөтүлөт.

4) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттун актысын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана ушул Кодекстин 220, 222 жана 260-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерге жараша иш боюнча өндүрүштү токтотууга же арызды карабастан калтырууга;

5) биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана, эгерде процесстик укуктун нормаларын колдонууда ишти туура эмес чечүүгө алып келген каталар кетирилсе, ишти жаңыдан кароого жиберүүгө.

2. Ишти жаңыдан кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтө алат.

366-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

1. Материалдык укукту туура эмес колдонуу же болбосо процесстик укуктун ушул Кодекстин 367 жана 368-беренелеринде каралган нормаларын олуттуу бузуу сот актыларын кассациялык тартипте жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негиздери болуп саналат.

2. Сот актысы формалдуу негиздер боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

367-берене. Материалдык укуктун нормаларын туура эмес колдонуу

Материалдык укуктун ченемдери туура эмес колдонулган деп эсептелет, эгерде сот:

1) колдонула турган мыйзамды колдонбосо;

2) колдонулбай турган мыйзамды колдонсо;

3) мыйзам туура эмес чечмеленсе.

368-берене. Процесстик укуктардын нормаларын бузуу

1. Процесстик укуктун нормаларын олуттуу бузууларга байланыштуу биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун актылары ушул Кодекстин 341-беренесинде каралган негиздер боюнча жокко чыгарылууга жатат.

2. Башка процесстик бузуулар бар болгондо, эгерде бул бузуулар ишти туура эмес чечүүгө алып келсе, сот актысы жокко чыгарылууга жатат.

369-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) Ушул Кодекстин 365-беренесине ылайык кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун актысы Кыргыз Республикасынын атынан токтом формасында чыгарылат.

Бардык башка учурларда кассациялык инстанциядагы соттун актысы аныктама формасында кабыл алынат.

2. Кассациялык инстанциядагы соттун актысы ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

370-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мазмуну

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.

Ишти өндүрүшкө кабыл алуу жана аны соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө соттун аныктамасы киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турат.

2. Киришме бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) сот актысын кабыл алган соттун аталышы жана курамы;

2) сот актысын кабыл алуунун датасы жана орду;

3) кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак жана ага кошулган жак, ошондой эле ишке катышуучу башка жактар;

4) кассациялык даттануу (сунуштама) берилген сот актысы.

3. Сыпаттама бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы ишти караган соттун аталышы, сот актысын чыгаруунун датасы жана орду, ишти караган судьялардын курамы; биринчи жана апелляциялык инстанциялардын актыларынын маңызын баяндоо;

2) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) жүйөлөрү;

3) кассациялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлер;

4) кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү.

4. Жүйөлөмө бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) ишке катышуучу жактар шилтеме кылган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуунун негизсиздигинин жүйөлөрү, ошондой эле сот актысын кабыл алууга негиз болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар;

2) сот актысын жокко чыгарганда же өзгөрткөндө - биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун тыянактарына сот макул болбогон жүйөлөр;

3) эгерде иш жаңы кароого берилсе, тараптар жана (же) сот аткарууга тийиш болгон аракеттер.

5. Резолюциялык бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча тыянактар;

2) мамлекеттик алымды кошкондо соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү көрсөтүү.

6. Биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысы ушул соттун актыларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча күчүндө калтырылган учурда кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн чечиминин жүйөсүн көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Бул учурда кассациялык инстанциядагы сот даттануу берилип жаткан соттук актылардын негиздемелерине макул экендигин көрсөтөт.

7. Биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарганда же өзгөрткөндө жана жаңы чечим кабыл алганда кассациялык инстанциядагы сот чечимди токтом түрүндө кабыл алат.

8. Кассациялык инстанциядагы сот туура эмес жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого, ошондой эле ушул Кодекстин 206 жана 207-беренелерине ылайык кошумча токтом чыгарууга укуктуу.

371-берене. Кассациялык инстанциянын актыларынын мыйзамдуу күчү

1. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары алар жарыяланган учурдан баштап дароо мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп эсептелет, даттанууга жатпайт жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

2. Кассациялык инстанциядагы соттун актысында камтылган көрсөтмөлөр ишти жаңыдан караган сот үчүн милдеттүү болуп саналат.

41-глава. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо

372-берене. Сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо

Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчкө кирген актылары жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралышы мүмкүн.

373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

1. Жаңыдан ачылган жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, талашылып жаткан сот актысын кабыл алуу учурунда арыз ээсине белгисиз болуп калган же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон документ;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, реабилитациялабай турган негиздер боюнча күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы;

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, натыйжасы мыйзамсыз же негизсиз сот актысын кабыл алууга алып келген жактын кылмыштуу жосундары.

3. Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт.

374-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери

1. Жаңы жагдайлар - бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынгандан кийин пайда болгон жагдайлар.

2. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эгерде кайра карап чыгууга башка тоскоолдуктар жок болсо, талаштуу сот актысы негизделген мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбегендигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын таануусу;

2) талаштуу сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун же башка органдын актысын жокко чыгаруу;

3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими;

4) конкреттүү иш боюнча чечимди кабыл алууга негиз болгон укуктук ченемди колдонуу практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

3. Шайлоонун талаштары боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле Карызкорго карата администрациялоо жол-жобосун колдонууга, анын натыйжасында карызкордун жоюлушуна жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылышына алып келген, мыйзамдуу күчүнө кирген, банкроттук жөнүндө иштер боюнча сот актылары жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес.

375-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароочу соттор

1. Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары иштин маңызы боюнча ушул актыларды кабыл алган сот тарабынан жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралат.

2. Соттун чечимин өзгөрткөн же жаңы чечим кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо кассациялык инстанциядагы сот тарабынан жүргүзүлөт.

376-берене. Арызды берүү

Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама ишке катышуучу жактар тарабынан биринчи инстанция боюнча ишти караган сотко, кайра карап чыгуу үчүн негиз болгон жагдайлар белгиленген күндөн баштап үч айдын ичинде берилет.

377-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арыз берүү үчүн мөөнөттү эсептөө

Арызды берүү үчүн мөөнөт төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) ушул Кодекстин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда - ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон документ табылган күндөн баштап;

2) ушул Кодекстин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда - жазыктык иш боюнча соттун, прокурордун, тергөөчүнүн же алдын ала териштирүүчүнүн актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап;

3) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган учурларда - сот актысына негиз болгон мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими расмий жарыяланган күндөн баштап;

4) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда - кайра каралып жаткан сот актысы негизделген соттун же башка органдын актысына мазмуну боюнча карама-каршы келген соттун же башка органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же болбосо сот тарабынан конкреттүү иш боюнча чечиминин кабыл алынышына негиз болгон укук ченемдерин кабыл алуунун практикасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому чыгарылган күндөн тартып;

5) ушул Кодекстин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн эл аралык органдын (соттун) Кыргыз Республикасынын соттору караган конкреттүү иштер боюнча чечими мыйзамдуу күчүнө кирген (кабыл алынган) күндөн баштап.

378-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо

Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы сот ал келип түшкөн күндөн баштап бир айлык мөөнөттө сот жыйналышында карайт. Арыз ээси жана ишке катышуучу башка жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги арызды же сунуштаманы кароого тоскоол болбойт.

379-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы

1. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы карап чыгып, сот же арызды канааттандырат жана сот актысын жокко чыгарат же кайра кароодон баш тартат.

2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө биринчи инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 39-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанылууга жатпайт.

5. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама канааттандырылган учурда иш сот тарабынан ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жалпы негиздерде каралат.

V БӨЛҮМ. ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАР КАТЫШКАН ИШТЕР БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ

42-глава. Чет өлкөлүк жактардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү

380-берене. Чет өлкөлүк жактардын процесстик укуктары жана милдеттери

1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар (мындан ары - чет өлкөлүк жактар) өздөрүнүн бузулган же талаштуу укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын сотторуна кайрылууга укуктуу.

2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей эле жарандык процесстик укуктарды пайдаланат жана процесстик милдеттерди аткарат.

3. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштер боюнча өндүрүш ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын жарандык процесстик укуктарын атайылап чектөөгө жол берген мамлекеттердин чет өлкөлүк жактарына карата жооп иретинде чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

381-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү

1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү алардын жеке мыйзамдары боюнча аныкталат.

2. Чет өлкөлүк жарандын жеке мыйзамы болуп ал жараны болуп саналган мамлекеттин укугу эсептелет. Эгерде ал Кыргыз Республикасынын жарандыгы менен катар эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо, анын жеке мыйзамы болуп Кыргыз Республикасынын укугу эсептелет. Эгерде чет өлкөлүк жаранда бир нече чет өлкөлүк жарандык болсо, анын жеке мыйзамы болуп ал кыйла тыгыз байланышкан мамлекеттин мыйзамы эсептелет.

3. Жарандыгы жок жактардын жеке мыйзамы болуп - ал жашаган мамлекеттин укугу, ал эми мындай мамлекет жок болсо - ал адатта жашап турган мамлекеттин укугу эсептелет.

4. Качкындын жеке мыйзамы болуп - баш калкалоо берген мамлекеттин укугу эсептелет.

5. Өзүнүн жеке мыйзамы боюнча процесстик аракетке жөндөмдүү болуп саналбаган жак, эгерде ал Кыргыз Республикасынын укугуна ылайык процесстик аракетке жөндөмдүү болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик аракетке жөндөмдүү деп таанылат.

382-берене. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү

1. Чет өлкөлүк уюмдун процесстик укукка жөндөмдүүлүгү ал уюм түзүлгөн чет мамлекеттин укугу боюнча аныкталат.

2. Өзүнүн мамлекетинин жеке мыйзамы боюнча процесстик укукка жөндөмдүүлүккө ээ болбогон чет өлкөлүк уюм Кыргыз Республикасында процесстик укукка жөндөмдүүлүккө ээ болушу мүмкүн эмес.

3. Эл аралык уюмдун процесстик укукка жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, бул уюмдун түзүлүшүнө негиз болгон эл аралык келишимдин, уюмдун уюштуруу документтеринин же Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашуусунун негизинде белгиленет.

43-глава. Чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын сотторунун кароосу

383-берене. Чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун компетенциясы

1. Чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштерди, эгерде жоопкер жарандын жашаган жери Кыргыз Республикасынын аймагында болсо же жоопкер - юридикалык жак Кыргыз Республикасында турса, Кыргыз Республикасынын соттору карайт.

2. Кыргыз Республикасынын соттору ошондой эле төмөнкүдөй учурларда чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштерди кароого укуктуу:

1) чет өлкөлүк жактардын башкаруу органдары, филиалдары же өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын аймагында турса;

2) жоопкер чет өлкөлүк жак болуп саналса жана Кыргыз Республикасында мүлкү бар болсо;

3) алимент өндүрүп алуу жөнүндө жана аталыгын аныктоо жөнүндө иш боюнча - доогердин Кыргыз Республикасында жашаган жери болсо;

4) ден соолукка келтирген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле багуучунун өлгөндүгү жөнүндө иш боюнча - эгерде зыян Кыргыз Республикасынын аймагында келтирилсе же доогердин Кыргыз Республикасында жашаган жери болсо;

5) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иш боюнча - зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап үчүн негиз болгон аракет же башка жагдай Кыргыз Республикасынын аймагында жасалса;

6) доо келишимден улам келип чыкса, аны толук же бөлүгүндө аткаруу Кыргыз Республикасынын аймагында жасалууга тийиш болсо же жасалса;

7) доо Кыргыз Республикасынын аймагында орун алган негизсиз баюудан улам келип чыкса;

8) никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча - доогер Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса же жубайлардын жок дегенде бирөө Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса;

9) ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндөгү иш боюнча - доогер Кыргыз Республикасында жашаса же жүрсө;

10) талаш Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүгө байланышкан мамилелерден улам келип чыкса.

3. Кыргыз Республикасынын соттору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына киргизилген башка иштерди да карайт.

384-берене. Өзгөчө компетенция

Кыргыз Республикасынын сотторунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүдөй доолор боюнча чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштер таандык болот:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлккө укук жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен же жарандыгы жок адамдар менен никесин бузуу жөнүндө - эгерде жубайлардын экөө тең Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса;

3) жүк ташуу келишиминен келип чыккан доолор боюнча - эгерде ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагында турса.

385-берене. Өзгөчө өндүрүштүн иштери боюнча компетенция

Кыргыз Республикасынын соттору төмөнкүдөй учурларда чет өлкөлүк жактар катышкан өзгөчө өндүрүштүн иштерин карайт:

1) юридикалык мааниге ээ болгон фактыны аныктоо жөнүндө иш боюнча - арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса же аныкталууга тийиш болгон факт Кыргыз Республикасынын аймагында болсо же болуп жатса;

2) асырап алуу жөнүндө, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендигин же аракетке жөндөмсүздүгүн таануу жөнүндө, аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө, жашы жете электерди аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация) жөнүндө, психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндө, мажбурлап жаткырууну узартуу жөнүндө маселе коюлган жаран Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса же Кыргыз Республикасында жашап турса;

3) дайынсыз жоголгондугун таануу же өлдү деп жарыялоо жөнүндө маселе коюлуп жаткан адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса же соңку жашаган белгилүү жери Кыргыз Республикасында болсо жана мында бул маселени чечүү Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери же турган орду бар жарандар менен уюмдардын жарандык укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө байланыштуу болсо;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында турган ээсиз кыймылсыз буюмга муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арыз берилгенде;

5) жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо китебинде Кыргыз Республикасынын органдары жасаган жазуулардын туура эмес экендигин аныктоо жөнүндө арыз берилгенде;

6) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же турган жаран же уюм тарабынан берилген (алынган), көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаздардын жана ордердик баалуу кагаздардын жоголгондугун таануу жөнүндө жана алар боюнча тийиштүү укуктарды калыбына келтирүү (чакыруу өндүрүшү) жөнүндө арыз берилгенде;

7) нотариалдык иш-аракеттин туура эместиги жөнүндө же нотариус же Кыргыз Республикасынын башка органы тарабынан аны жасоодон баш тартуу жөнүндө арыз берилгенде.

386-берене. Сотко караштуулук эрежесин колдонуу

Эгерде ушул Кодекстин ушул бөлүмүндөгү эрежелерде башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк жактар катышкан иштердин сотко караштуулугу Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан ушул Кодекстин 4-главасынын эрежелери боюнча аныкталат.

387-берене. Сотко келишимдик караштуулук

1. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштер боюнча ушул Кодекстин 30 жана 31-беренелеринде белгиленген сотко караштуулук тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 384, 385-беренелеринде белгиленген сотко караштуулук тараптардын макулдашуусу менен өзгөрүлүшү мүмкүн эмес.

3. Сотко келишимдик караштуулукка таандык иштер боюнча тараптардын макулдашуусу бар болсо, сот ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча козголгон иш боюнча арызды жоопкердин арызы боюнча карабастан калтырат.

388-берене. Ишти кароочу жердин өзгөрбөстүгү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компетенция эрежелерин сактоо менен өндүрүшкө Кыргыз Республикасынын соттору кабыл алган иш алар тарабынан маңызы боюнча, ал түгүл тараптардын жарандыгынын, жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө жана компетенцияга таасир тийгизүүчү башка жагдайларга байланыштуу бул иш башка мамлекеттин сотуна таандык болуп калгандыгына карабастан чечилет.

389-берене. Чет мамлекеттердин соттору караган иштин процесстик натыйжалары

1. Кыргыз Республикасы менен сот чечимдерин өз ара таанууну жана аткарууну караган эл аралык келишими бар чет мамлекеттин соту чыгарган ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаштар боюнча чечим бар болсо, Кыргыз Республикасынын соту арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат же иш боюнча өндүрүштү токтотот.

2. Эгерде чечими Кыргыз Республикасынын аймагында таанылышы же аткарылышы керек болгон чет мамлекеттин сотунда ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол негиздердеги талаш боюнча мурда иш козголгон болсо, Кыргыз Республикасынын соту арызды кайра кайтарат же арызды карабастан калтырат.

390-берене. Юрисдикциялык иммунитет

1. Бийликтин ээси катары чыккан чет мамлекет Кыргыз Республикасынын сотунда бул чет мамлекетке доо коюу, аны жоопкер же үчүнчү жак катары ишке катышууга тартуу, бул чет мамлекетке таандык болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлккө камак салуу жана доону камсыз кылуу боюнча бул мүлккө карата башка чараларды көрүү жагында иммунитетке ээ. Эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттун чечимин аткаруу тартибинде өндүрүп алууну бул мүлккө багыттоого тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органдарынын макулдугу менен гана жол берилет.

2. Эл аралык уюмдардын иммунитети мыйзамдар, эл аралык келишимдер менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн башка жактар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган чектерде жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясына тийиштүү болот.

391-берене. Соттун тапшырмалары

1. Кыргыз Республикасынын соттору аларга мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте берилген айрым процесстик аракеттерди (кабардаманы жана башка документтерди тапшыруу, тараптардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин жана жеринде барып кароонун корутундуларын алуу ж.б.) аткаруу жөнүндө чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткарат.

2. Тапшырмалар аткарылууга жашайт, эгерде:

1) тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын коомдук тартибине каршы келсе;

2) тапшырманы аткаруу соттун компетенциясына кирбесе.

3. Чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын соттору чет өлкөлүк сотторго айрым процесстик аракеттерди аткаруу жөнүндө тапшырма менен кайрыла алат. Кыргыз Республикасынын сотторунун чет өлкөлүк соттор менен катнашуу тартиби мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишим жок болсо, соттук тапшырмаларды чет өлкөлүк сотторго жиберүү дипломатиялык тартипте жүргүзүлөт.

392-берене. Чет мамлекеттин органдары берген документтерди таануу

1. Кыргыз Республикасынан тышкары жерде чет өлкөлүк укукка ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына жана уюмдарына же чет өлкөлүк жактарга карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары берген, түзгөн же белгиленген формада ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан, эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдашуусу бар болгондо же апостиль берилгенде кабыл алынат.

2. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко берилген учурда мамлекеттик жана расмий тилдеги тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш.

393-берене. Чет өлкөлүк укукту колдонуу

1. Чет өлкөлүк укук колдонулган учурда сот тиешелүү чет мамлекетте укук нормаларынын расмий чечмеленишине жана колдонуу практикасына жана доктринасына ылайык алардын бар экендигин жана мазмунун белгилейт.

2. Чет өлкөлүк укук нормаларынын бар экендигин жана мазмунун аныктоо максатында сот тараптын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча көмөк көрсөтүүнү же түшүндүрүүнү суранып Кыргыз Республикасындагы же чет өлкөдөгү компетенттүү органдарга жана уюмдарга белгиленген тартипте кайрыла алат же адистерди тарта алат.

3. Ишке катышуучу жактар өз талаптарын же каршы пикирлерин негиздөөгө шилтеме кылган чет өлкөлүк укуктун нормаларынын мазмунун ырастаган документтерди берүүгө жана ушул нормалардын мазмунун аныктоодо сотко башка жол менен көмөк көрсөтүүгө укуктуу.

4. Эгерде бардык көрүлгөн чараларга карабастан чет өлкөлүк укуктун нормаларынын бар экендиги же мазмуну белгиленбесе, сот Кыргыз Республикасынын укугунун тиешелүү нормаларын колдонот.

44-глава. Сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

394-берене. Сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу

Сот аткаруучунун токтомдору жана аракеттери (аракетсиздиги) ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда ушул главада каралган эрежелер боюнча талашылышы мүмкүн. Кызыкдар жак тикелей сотко же аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамга ылайык баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга (кызмат адамына) кайрылууга укуктуу.

395-берене. Сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу боюнча иштердин сотко караштуулугу

1. Райондор аралык сотко караштуу иштерден тышкары, райондук сот берген аткаруу документтери боюнча сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу боюнча бардык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот.

2. Райондор аралык сотко сот аткаруучунун райондор аралык сот берген аткаруу документтери боюнча токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу боюнча иштер караштуу болот.

3. Эгерде сот аткаруучунун токтомдору жана аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу документи берилген жерден башка жерде аткарылуучу документке тиешелүү болсо, мындай иштер аткарылуучу жери боюнча тийиштүү райондук сотко жана райондор аралык сотко караштуу болот.

396-берене. Сот аткаруучунун талашууга жаткан токтомдору, аракеттери (аракетсиздиги)

Ушул Кодексте каралган тартипте талашууга жаткан сот аткаруучунун токтомдоруна, аракеттерине (аракетсиздигине) коллегиялуу жана жекече кабыл алынган, натыйжасында жарандын, уюмдун жана аткаруу өндүрүшүнүн башка катышуучусунун укуктары бузулган; жарандарга жана уюмдарга укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөн; жаранга же уюмга кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлгөн же болбосо алар жоопкерчиликке мыйзамсыз тартылган токтомдор жана аракеттер (аракетсиздик) кирет.

397-берене. Арыздын формасы жана мазмуну

1. Арыз жазуу жүзүндө берилет жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) арыз берүүчүнүн аталышы: жарандын фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы (эгерде бар болсо), уюмдун толук аталышы, жарандын жашаган жери же турган жери же болбосо уюмдун жайгашкан жери, телефон номерлерин кошо алганда аларга тиешелүү байланыш маалыматтары;

3) токтому, аракети (аракетсиздиги) даттанылууга жаткан сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы жана инициалдары;

4) сот аткаруучунун даттанылууга жаткан токтому чыккан, аракети (аракетсиздиги) жасалган дата;

5) арыз берүүчүнүн жүйөлөрү, талаптары.

2. Арызга арыз берүүчү же анын өкүлү кол коет. Арыз берүүчүнүн өкүлү кол койгон арызга бул өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же болбосо башка документ, ошондой эле арызда көрсөтүлгөн жүйөлөрдү ырастоочу башка документтер тиркелет. Сот аткаруучунун даттанылууга жаткан токтомунун көчүрмөсү милдеттүү тартипте тиркелет.

398-берене. Сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды берүү

1. Сот аткаруучунун токтому жана аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же болбосо ушул токтом, аракет (аракетсиздик) менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жактар тарабынан талашылуусу мүмкүн.

2. Сот аткаруучунун токтомун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арыз сотко бул токтом чыккан, аракет жасалган күндөн тартып же болбосо ушул токтомдон, аракеттен (аракетсиздиктен) улам укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жаранга же уюмга анын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттүн ичинде берилет. Арыздардын көчүрмөлөрү бардык кызыкдар жактарга, анын ичинде ушул өндүрүштү жүргүзгөн, талашылып жаткан токтомду чыгарган же талаштуу аракетти (аракетсиздикти) жасаган сот аткаруучу иштеген сот аткаруучулар кызматынын бөлүктөрүнө берилет.

3. Арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберүү сот үчүн мындай арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. Мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептери сот жыйналышында айкындалат жана алар арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн.

4. Сотко арыз берүү талашылып жаткан сот аткаруучунун токтомун же аракетин токтото албайт.

399-берене. Сот аткаруучунун токтомун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кабыл алуу жана соттук териштирүү жөнүндө процесске катышуучуларга кабарлоо

1. Арызды сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндөгү маселе судья тарабынан жекече түрдө, арыз сотко келгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен чечилиши керек. Арызды кабыл алгандыгы жөнүндө судья аныктама чыгарат, анда иштин сот жыйналышында териштирүүгө дайындалгандыгы, анын убагы жана орду көрсөтүлөт.

2. Ишке катышуучу жактарды сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө кабардар кылуу сот тарабынан телефонограмма, телеграмма түрүндө, факсимилдик байланыш, электрондук почта же кабар берүү фактысын тастыктоочу башка байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт.

400-берене. Арызды кайтарып берүү. Арызды карабастан калтыруу

1. Судья үч күндүк мөөнөттө арызды жана ага тиркелген документтерди кайтарып берет, эгерде:

1) арызга кол коюлбаса же ага кол койгон адамдын кол коюуга укугу болбосо;

2) ишке катышуучу жактарга жиберүү жана тапшыруу үчүн далилдер жана арыздардын көчүрмөлөрү берилбесе;

3) бир эле арызда бир же бир нече жактарга карата бир канча талаптар бириктирилсе жана алар өз ара байланышта болбосо;

4) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө чечим чыкканга чейин арыз берүүчүдөн арызын кайрып алуу жөнүндө билдирүү келип түшсө.

2. Сот арызды кайтарып берүү жөнүндөгү аныктамасын ишти козгоого тоскоолдук кылуучу жагдайлар четтетилгенге чейинки мөөнөттү көрсөтүү менен чыгарат. Мындай аныктама даттанылышы мүмкүн.

Мындай аныктаманы жогору турган сот жокко чыгарган учурда бул арыз сотко биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет.

Арызды кайтарып берүү ушундай эле талап менен сотко жалпы тартипте, бул арызды кайтарып берүүгө негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин арызды кайра берүүгө тоскоолдук кылбайт.

3. Сот аткаруучунун токтомун же аракетин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштер боюнча арыздар, эгерде арыз берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттө арызды өндүрүшкө кабыл алууга жолтоо болгон тоскоолдуктарды жойсо, кыймылсыз калууга тийиш эмес.

4. Сот арызды карабастан калтырат, эгерде:

1) арыз ээси же анын өкүлү ишти угуунун орду жана убагы жөнүндө талаптагыдай кабардар болуп туруп, аларды кайталап кабардар кылгандан кийин да сот жыйналышына келбесе жана ишти анын катышуусуз кароо жөнүндө билдирбесе;

2) иш ушул соттун соттоосуна караштуу болбосо;

3) арызды тийиштүү арыз берүүчү бербесе;

4) арызды аракетке жөндөмсүз адам берсе;

5) кызыкдар жактын атынан арыз ага кол коюуга жана аны сотко берүүгө ыйгарым укуктары жок жак тарабынан берилсе жана кол коюлса;

6) ушул эле соттун же башка соттун өндүрүшүндө ушул эле тараптардын ортосундагы ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча талаш болуп жатса;

7) жарандын анын бузулган укугун коргоо жөнүндөгү арызына карата ушул Кодекстин 398-беренесинин 2-бөлүгүндө тастыкталган мөөнөт бузулса жана бул мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч берилбесе;

8) арыз берүүчү арызына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалабаса, ушундан улам анын арызындагы талаптар жана арыз берүүчүнүн бузулган укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын маңызы айкын эмес болгондуктан бул арызды кароого мүмкүн болбосо.

5. Арызды карабастан калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат, бул аныктама даттанылышы мүмкүн.

401-берене. Сот аткаруучунун токтомун жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кароо

1. Арыз сотко келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде сот тарабынан, арыз берүүчүнүн, сот аткаруучусунун катышуусу менен каралат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган жактардын сот жыйналышына келбей коюусу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Сот талашылып жаткан токтомдун же аракеттин күчүн арыз сотто каралып жаткан убакытта токтотуп турууга укуктуу.

4. Сот арызда баяндалган жана процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүндө көрсөтүлгөн жүйөлөргө, берилген далилдерге жана иштеги башка материалдарга эле чектелип калбастан, бул талашты туура чечүү максатында, талашылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик) боюнча иш жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтеп чыгат.

5. Сот өз демилгеси боюнча же болбосо процесске катышуучулардын өтүнмөсүнүн негизинде башка далилдерди чогултууга укугу бар. Сот тараптардан кошумча маалыматтарды жана далилдерди талап кылууга укуктуу.

6. Сот өндүрүшүнүн катышуучулары талашка байланышкан иш жүзүндөгү жагдайларды иликтөөдө, далилдерди чогултууда сотко көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

7. Сот процесстин катышуучуларына арыздагы формалдуу мүчүлүштүктөрдү жоюуда, айкын эмес маалыматтарды тактоодо, каталык менен коюлган талаптарды туура талаптарга алмаштырууда, ошондой эле иштин жагдайларын аныктоо жана аларга баа берүү үчүн мааниге ээ болгон түшүндүрмөлөрдү берүүдө көмөк көрсөтөт.

8. Сотто даттанылып жаткан токтомдун, аракеттердин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети мындай токтомду кабыл алган же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген сот аткаруучуга жүктөлөт. Чыгарылган токтомдун, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) тууралыгына карата кайсы болбосун шек саноолор арыз берүүчүнүн пайдасына түшүндүрмөлөнөт.

402-берене. Соттун аныктамасы жана аны ишке ашыруу

1. Сот арызды негиздүү деп таануу менен, жарандын (уюмдун) укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыкты же болбосо жаранга (уюмга) анын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдукту толук өлчөмдө жоюу жагында сот аткаруучунун милдети жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Соттун аныктамасы, эгерде кызыкдар жактар апелляциялык даттануу (сунуштама) бербесе, чечим кабыл алган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Соттун аныктамасы жол берилген мыйзам бузууну четтетүү үчүн токтому, аракеттери (аракетсиздиги) талашылып жаткан сот аткаруучулар бөлүгүнүн жетекчисине же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга, кызмат адамына сот аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.

4. Чечим ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча аткарылат.

5. Сот, эгерде ал талашылып жаткан токтом же аракеттер (аракетсиздик) кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын чектеринде мыйзамдуу түрдө кабыл алынгандыгын же жасалгандыгын тастыктаса же арыз берүүчүнүн укуктары же эркиндиктери бузулбагандыгын аныктаса, арызды канааттандыруудан баш тартат.

403-берене. Сот аткаруучулардын токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу боюнча сот актыларын даттануу жана иштерди кайра кароо

1. Сот аткаруучулардын мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштерди кайра кароо областтык соттордун тийиштүү сот коллегиясы тарабынан апелляциялык өндүрүш тартибинде, апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүк мөөнөттө, ушул Кодекстин III бөлүмүнө (ушул главадагы алып салууларды жана толуктоолорду эске алуу менен) ылайык жүзөгө ашырылат.

Соттун чечимин даттануу ушул иш боюнча соттун чечими менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адамдар тарабынан он күндүк мөөнөттө, биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу берилет. Сот актысын кабыл алган сот бул даттанууну иш менен бирге тийиштүү инстанцияга, ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жиберүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тийиштүү сот коллегиясы тарабынан, ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген алып салууларды жана толуктоолорду эске алуу менен жүргүзүлөт.

VI БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ

45-глава. Жалпы жоболор

404-берене. Сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткаруунун тартиби

1. Сот актылары жана башка органдардын актылары ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткарылат.

2. Сот актыларын жана башка органдардын актыларын мажбурлап аткартуу ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамда каралган, сот берген аткаруу баракчасынын жана башка аткаруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.

405-берене. Аткаруу баракчасын берүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган сот актысын аткаруу үчүн аткаруу баракчасы ишти караган биринчи инстанциядагы сот тарабынан берилет. Башка органдын актысын аткартуу үчүн аткаруу баракчасы ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет.

2. Аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга берилет же анын өтүнүчү боюнча түздөн-түз сот тарабынан аткаруу үчүн жөнөтүлөт. Акча каражатын бюджеттин кирешесине өндүрүп алуу үчүн аткаруу баракчасы сот тарабынан карызкордун турган жери боюнча салык органына же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ар бир сот актысы же башка органдын актысы боюнча бир аткаруу баракчасы берилет.

Эгерде сот актысы же башка органдын актысы бир нече өндүрүп алуучулардын пайдасына же бир нече карызкорго каршы кабыл алынган болсо же аткаруу ар башка жерлерде жүргүзүлүүгө тийиш болсо, сот өндүрүп алуучунун өтүнүчү боюнча бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар бирине аны аткаруу орду же ошол аткаруу баракчасы боюнча аткарылууга тийиш болгон сот актысынын же башка органдын актысынын бөлүгү так көрсөтүлөт.

4. Ортоктош жоопкерлерден акча суммасын өндүрүп алуу жөнүндө сот актысынын, башка органдын актысынын негизинде, өндүрүп алуучулардын өтүнүчү боюнча, сот ортоктош жоопкерлердин санына жараша бир нече аткаруу баракчасын берет, мында алардын ар биринен өндүрүлө турган жалпы сумма, бардык жоопкерлердин аталыштары жана алардын ортоктош жоопкерчилиги көрсөтүлөт

406-берене. Сот тарабынан аткаруу документинин дубликатын берүү

1. Аткаруу баракчасынын, сот буйругунун же доону камсыз кылуу жөнүндө соттун аныктамасынын (аткаруу документтеринин) түп нускасы жоголгон учурда, аткаруу документин берген сот аткаруу документинин дубликатын бере алат. Дубликатты берүү жөнүндө арыз сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбей калышы дубликатты берүү жөнүндө маселени чечүүгө тоскоол болуп саналбайт.

2. Дубликат берүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

407-берене. Аткаруу баракчасынын мазмуну

1. Аткаруу баракчасында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

1) аткаруу баракчасын берген соттун аталышы; соттун аткаруу баракчасын беришине негиз болгон чечимди кабыл алган соттун же башка органдын аталышы жана жайгашкан жери;

2) аткаруу баракчасы берилген иш жана анын номери;

3) аткарылууга тийиш сот актысы же башка органдын актысы кабыл алынган дата жана ал мыйзамдуу күчүнө кирген дата;

4) өндүрүп алуучунун - юридикалык жактын жана карызкордун - юридикалык жактын аталышы, алардын турган жери, юридикалык дареги жана банк реквизиттери. Өндүрүп алуучунун - жарандын жана карызкордун - жарандын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, алардын жашаган жери; карызкор - жарандын туулган датасы, жери жана иштеген жери, жеке ишкер катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн дата жана жер;

5) сот актысынын же башка органдын актысынын резолюциялык бөлүгү;

6) аткаруу баракчасы берилген дата жана аны аткарууну талап кылуу мөөнөтү. Эгерде аткаруу баракчасы берилгенге чейин сот тарабынан сот актысын аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же жылдыруу берилген болсо, аткаруу баракчасында аткаруу баракчасынын колдонуу мөөнөтү кайсы учурдан тартып баштала тургандыгы же карызкор аткаруу баракчасын аткаруу боюнча аракетти жасоого милдеттүү болгон мезгил көрсөтүлөт.

2. Аткаруу баракчасына судья кол коёт жана ал соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

408-берене. Аткаруу баракчасын аткарууга берүүнүн мөөнөттөрү, бул мөөнөттөрдү үзүүнүн жана эсептөөнүн тартиби

1. Аткаруу баракчасы аткарууга төмөндөгүдөй мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн:

1) сот актысы же башка органдын актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же дароо аткарыла турган сот актысы кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып же сот актысын аткарууну жылдыруу же созуу учурунда белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч жылдын ичинде;

2) ушул Кодекстин 409-беренесине ылайык, аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктама чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде.

2. Эгерде сот актысын аткаруу токтотуп турулган болсо, аны аткаруу токтотуп турулган убакыт аткаруу баракчасын аткарууга берүү үчүн белгиленген мөөнөткө кошуп эсептелбейт.

3. Аткаруу документин аткаруу үчүн берүү мөөнөтү аны аткаруу үчүн берүү менен, ошондой эле карызкордун сот актысын же башка органдын актысын айрым бөлүгүндө аткаруусу менен токтотулат.

4. "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-7-пункттарынын негизинде аткаруу баракчасы өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган учурда, аткаруу баракчасын аткарууга берүүчү жаңы мөөнөт ал кайтарылган күндөн баштап эсептелет.

(КР 2019-жылдын 17-майындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

409-берене. Аткаруу документтерин аткарууга берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучуга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз аткаруу документтерин берген сотко берилет жана ушул Кодекстин 127-беренесинде каралган тартипте каралат.

3. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

410-берене. Аткаруу документин түшүндүрүү

1. Аткаруу документинде камтылган талап түшүнүксүз же аны аткаруунун ыкмасы жана тартиби түшүнүксүз болгон учурда, аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же сот аткаруучу аткаруу документин берген сотко аткаруу документин, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин түшүндүрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Аткаруу документин түшүндүрүп берүү жөнүндө арыз сот жыйналышында, аталган арыз сотко келип түшкөн күндөн баштап он күндүк мөөнөттө каралат. Мындай арыз ушул Кодекстин 208-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан каралат.

411-берене. Аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, ыйгарылган акча суммаларын индексациялоо

Аткаруу документин аткарууну татаалданткан же аларды аткарууну мүмкүн эмес кылган жагдайлар болгондо, аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу документин берген сотко же аткарылуучу жер боюнча сотко аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө, ошондой эле ыйгарылган акча суммасын индексациялоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Сот аткаруучу ушул беренеде аталган негиздер боюнча аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындай арыздар арыз сот тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн баштап он күндүк мөөнөттө, ушул Кодекстин 209, 210-беренелеринде каралган тартипте каралат.

412-берене. Аткаруу өндүрүшүндө жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө арыз жана аны берүүнүн тартиби

1. Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө өндүрүп алуучунун, карызкордун же эки тараптын арызы аткаруу документин берген сотко же аткаруу документи аткарылуучу жер боюнча сотко берилиши мүмкүн.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) арыз берген жактын, эгерде арызды өкүл берсе, анын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

3) аткаруу өндүрүшүнүн башка жак - тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) аткаруу документин берген соттун аталышы жана сот тарабынан аткаруу баракчасын берүүгө негиз болгон чечимди кабыл алган соттун же башка органдын аталышы;

5) жарашуу макулдашуусу түзүлгөн иш;

6) аткаруу документин берүүгө негиз болгон сот актысынын же башка органдын актысынын кабыл алынган датасы жана ал мыйзамдуу күчүнө кирген дата;

7) аткаруу документин берүүнүн датасы;

8) жарашуу макулдашуусун жана, эгерде өзүнчө документте билдирилбесе анын шарттарын бекитүү жөнүндө жактын же жактардын өтүнүчү;

9) арызга тиркелген документтердин тизмеги.

3. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) жарашуу макулдашуусун түзгөн жактардын саны боюнча арыздын көчүрмөсү;

2) ишеним кат же жарашуу макулдашуусун түзүү үчүн ыйгарым укукту ырастаган башка документ;

3) эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык арызда чагылдырылбаса, өзүнчө документте билдирилген жарашуу макулдашуусунун шарттары.

413-берене. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

1. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө арыз сот тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн баштап бир айлык мөөнөттө ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөр менен ушул Кодекстин 175-беренесинин эрежелери боюнча каралат.

2. Аталган арыз сот жыйналышында каралат. Жарашуу макулдашуусун түзгөн жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Бул жактардын келбей калуусу, эгерде алардан маселени алардын катышуусуз кароо жөнүндө арыз келип түшсө, жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Арызды кароонун натыйжасы боюнча сот жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө же жарашуу макулдашуусун бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат. Соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

414-берене. Сот актысын же башка органдын актысын аткарууда башка жактардын укуктарын коргоо

1. Өндүрүш учурунда сот аткаруучу мүлктү камакка койгондо мыйзамды бузса, бул бузуу мүлктүн карызкорго же башка жактарга таандык экендигине карабастан камакка коюуну жокко чыгарууга негиз болсо, камакка коюуну жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун жана ошол жактардын арызы Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде каралган тартипте каралат. Мындай арыз камакка коюлган мүлктү сатканга чейин берилиши мүмкүн.

2. Ишке катышпаган жактар билдирген, өндүрүп алуу үчүн колдонулган мүлктүн таандыктыгы менен байланышкан талаш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн эрежелери боюнча каралат.

Мүлктү камакка коюудан бошотуу (тизмелөөдөн чыгаруу) жөнүндө доолор карызкорго жана өндүрүп алуучуга коюлат. Эгерде мүлктү камакка коюу мүлктү конфискациялоого байланыштуу жүргүзүлсө, мүлкү конфискацияланууга тийиш жак жана тиешелүү мамлекеттик орган жоопкер катары тартылат. Эгерде камакка коюлган же тизмелөөгө киргизилген мүлк сатылып кетсе, доо мүлктү сатып алуучуга да коюлат.

Сатылып кеткен мүлктү кайра кайтаруу жөнүндө доо канааттандырылган учурда мүлктү сатып алуучунун, өндүрүп алуучунун жана карызкордун ортосундагы талаш сот тарабынан доо тартибинде каралат.

3. Сот кызыкдар жактардын арыздарына карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды аныктап, бүтүндөй мүлктү камакка коюуну жокко чыгарууга же мүлктүн бөлүгүн тизмелөөдөн чыгарууга милдеттүү.

4. Мүлктү камакка коюуну жокко чыгаруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

415-берене. Сот актысын аткарууну буруу

1. Аткарылган сот актысы өзгөртүлсө же жокко чыгарылса жана доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынса же болбосо иш боюнча сот өндүрүшү токтотулса же арыз каралбастан калтырылса, сот актысын аткарууну буруу колдонулат. Сот актысын аткаруу бурулган учурда жокко чыгарылган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча өндүрүп алуучунун пайдасына жактан өндүрүлгөндүн баары ошол жакка кайра кайтарылат.

2. Эгерде аткарууга алынбаган сот актысы өзгөртүлсө же жокко чыгарылса жана доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынса же болбосо иш боюнча өндүрүш токтотулса же доо толук же айрым бөлүгүндө каралбастан калтырылса, сот жокко чыгарылган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча өндүрүп алууну толук же айрым бөлүгүндө токтотуу тууралуу сот актысын кабыл алат.

3. Өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот өндүрүлгөн мүлктү же анын наркын кайра кайтаруу жөнүндө аткаруу баракчасын берет. Арызга мурда кабыл алынган сот актысынын аткарылгандыгын тастыктаган документ тиркелет.

416-берене. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан сот актысын аткарууну буруунун тартиби

1. Иш жаңыдан кароого берилген сот кызыкдар жактын арызы боюнча сот актысын аткарууну буруу жөнүндө маселени кароого жана ишти жаңы сот актысы аркылуу чечүүгө милдеттүү.

2. Эгерде ишти жаңыдан караган сот сот актысын аткарууну буруу жөнүндө маселени чечпесе, кызыкдар жак бул сотко сот актысын аткарууну буруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Арыз сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактарга сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабар кылынат, бирок алардын келбегендиги сот актысын аткарууну буруу жөнүндө арызды кароого тоскоол болуп саналбайт.

3. Сот актысын аткарууну буруу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

417-берене. Аппеляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан сот актысын аткарууну буруунун тартиби

1. Ишти апелляциялык же кассациялык тартипте караган сот өзүнүн актысы менен талашты биротоло чечсе же иш боюнча өндүрүштү токтотсо же арызды карабастан калтырса, сот өзүнүн актысын аткарууну буруу тууралуу маселени чечүүгө же ишти чечүү үчүн биринчи инстанциядагы сотко берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жогору турган соттун актысында сот актысын аткарууну буруу тууралуу эч кандай көрсөтмө болбосо, кызыкдар жак биринчи инстанциядагы сотко тиешелүү арызды берүүгө укуктуу.

3. Апелляциялык инстанцияда алимент төлөтүү жөнүндө иш боюнча соттун чечими жокко чыгарылган учурда, соттун жокко чыгарылган актысы өндүрүп алуучу тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана сот актысын аткарууну бурууга жол берилет.

Эмгек мамилелеринен келип чыгуучу талаптар боюнча акча суммаларын өндүрүү жөнүндө, алименттерди төлөтүү жөнүндө, майып болуудан же ден соолуктун башка бузулушунан же баккан адамынын каза болушунан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө иштер боюнча сот актысы кассациялык тартипте жокко чыгарылган учурда, жокко чыгарылган сот актысы өндүрүп алуучу тарабынан билдирилген жалган маалыматтарга же берилген жалган документтерге негизделген учурда гана сот актысын аткарууну бурууга жол берилет.

46-глава. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

418-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү

1. Бейтарап соттордун Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе бейтарап соттун чечими пайдасына чечилген бейтарап териштирүү тарабынын арызы боюнча, райондук же аларга теңдештирилген соттор тарабынан каралат.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча же болбосо, эгерде карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, бейтарап териштирүүнүн тарабы болгон карызкордун мүлкү жайгашкан жер боюнча сотко берилет.

419-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлан аткаруу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

1. Бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага пайдасына чечим кабыл алынган жак же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;

4) бейтарап соттун чечими кабыл алынган дата жана жер;

5) бейтарап сот тарабынан кабыл алынган чечимди мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.

Арызда телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын дареги жана башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечим кабыл алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү же болбосо чечимдин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө макулдашуунун (бейтарап макулдашуу) түп нускасы же болбосо макулдашуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;

4) өкүлдүн арызга кол коюуга ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ;

5) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү же анын жиберилгендигин ырастаган башка документ.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз ушул Кодекстин 418-беренесинде, ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган талаптарды бузуу менен берилгенде аны берген жакка кайтарып берилет.

420-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды сот ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо сот бейтарап соттон иштин материалдарын - ушул Кодекстин 421-беренесинде саналган, аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон материалдардын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн талап кылышы мүмкүн.

3. Бейтарап териштирүүнүн тараптары сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу кабарландырылат. Сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу талаптагыдай түрдө кабардар кылынган кылынган аталган жактардын келбегендиги ишти кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды караган учурда, сот бейтарап соттун чечимин маңызы боюнча кайра кароого укуксуз.

421-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери

1. Сот бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн ушул беренеде каралган учурларда гана баш тартат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды караганда, сот аткаруу баракчасын берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартууга укуктуу:

1) эгерде тараптардын бири талашты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашуу түзүүдө тараптардын бири аракетке жөндөмсүз экендигин сотто далилдесе;

2) эгерде тараптардын бирине арбитрдын же бейтарап териштирүүнүн дайындалгандыгы талаптагыдай түрдө кабар кылынбаса;

3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүүнүн жол-жобосу тараптардын макулдашуусуна же колдонуудагы эрежелерге ылайык келбесе;

4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда каралбаган же анын шарттарына ылайык келбеген талаштар боюнча кабыл алынса же макулдашуунун чегинен тышкары маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыса. Эгерде бейтарап макулдашууда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү мындай макулдашуу менен камтылбагандардан ажыратып бөлүү мүмкүн болсо, бейтарап соттун чечиминин бейтарап макулдашууда камтылуучу маселелер боюнча көрсөтмөлөрү бар бөлүгү аткарууга алынышы мүмкүн жана бул бөлүктү аткаруу боюнча аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес;

5) эгерде тарап бейтарап макулдашууну жараксыз деп негиздүү түрдө билдирсе, ал эми бейтарап сот талашты кароого кабыл алса жана талаштын маңызы боюнча чечим чыгарса;

6) эгерде сот талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети болушу мүмкүн эмес экендигин аныктаса.

422-берене. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча, сот аткаруу баракчасын берүү же бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасында төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган бейтарап соттун аталышы жана курамы;

2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталыштары;

3) бейтарап соттун чечими жөнүндө, өндүрүп алуучу өтүнүп жаткан мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маалыматтар;

4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кабыл алынса, аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартылган чечимди чыгарган бейтарап сот бейтарап териштирүүнүн тарабынын арызы боюнча бейтарап териштирүүнү кайталап өткөрүүгө милдеттүү.

4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 4, 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартуу бейтарап териштирүүнүн тараптарына ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча сотко кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

5. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу же болбосо берүү жөнүндө соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

47-глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

423-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе чечим пайдасына чыгарылган тараптын арызы боюнча райондук жана аларга теңдештирилген соттордо каралат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечимди аткаруунун мөөнөтү аяктаган күндөн кийин бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз, эгерде ал ушул беренеде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе жана мөөнөттү кайра калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса, кайра кайтарылууга тийиш.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз аксакалдар соту жайгашкан аймактагы сотко берилет.

424-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө берилет жана ага пайдасына чечим кабыл алынган жак же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;

3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары, алардын жашаган жери;

4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган дата жана жер;

5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктаган документтер;

3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсүнүн башка тарапка тапшырылгандыгын тастыктаган билдирме же башка документ;

4) ишеним кат же арызга кол коюуга өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган башка документ.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз ушул Кодекстин 423-беренесинде, ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган талаптарды бузуу менен берилгенде арыз аны берген жакка кайтарып берилет.

425-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды сот ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө карайт.

2. Аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарына сот өз жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу билдирет. Сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу талаптагыдай түрдө кабар кылынган аталган жактарган келбегендиги ишти кароого тоскоол болбойт.

426-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуунун негиздери

Аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келбеген учурда сот аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартат.

427-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө аныктамада төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы;

2) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары;

3) өндүрүп алуучу мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө маалыматтар;

4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарына, эгерде аксакалдар сотуна кайрылуу мүмкүндүгү жоготулбаса, аксакалдар сотуна кайра кайрылууга же ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча сотко кайрылууга тоскоол болбойт.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу же берүү тууралуу соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

48-глава. Чет өлкөлүк соттордун жана чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

428-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткарууга киргизүү

Эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса же болбосо өз ара катнашуу башталыштарында каралса, чет өлкөлүк соттордун чечимдери, анын ичинде жарашуу макулдашууларын бекитүү жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасында таанылат жана аткарууга киргизилет.

429-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыз

Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыз карызкордун жашаган же жүргөн жери боюнча же болбосо карызкордун жашаган же жүргөн жери белгисиз болсо, карызкордун мүлкү жайгашкан жер боюнча райондук же ага теңдештирилген сотко өндүрүп алуучу тарабынан берилет.

430-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыздын формасы жана мазмуну

1. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө, басылма текст түрүндө берилет жана ага өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коюуга тийиш.

2. Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

3) өндүрүп алуучунун аталышы, арыз өкүл тарабынан берилсе анын аталышы, алардын жашаган жерин же жүргөн жерин көрсөтүү;

4) карызкордун аталышы, анын жашаган жерин же жайгашкан жерин же карызкордун мүлкү жайгашкан жерди көрсөтүү;

5) өндүрүп алуучунун чечимди таануу жана аткарууга киргизүү тууралуу же кайсы учурдан баштап аны аткаруу талап кылына тургандыгын көрсөтүү жөнүндө өтүнмөсү;

6) тиркелген документтердин тизмеги.

Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызда өндүрүп алуучунун, карызкордун жана алардын өкүлдөрүнүн телефондорунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги жана ишти туура жана өз убагында кароо үчүн зарыл болсо башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган документтер тиркелет, ал эми эл аралык келишимде бул каралбаса арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) өндүрүп алуучу таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими же чет өлкөлүк соттун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) эгерде чечимдин текстинин өзүндө көрсөтүлбөсө, чет өлкөлүк соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киргендигин жана аткарылууга тийиштигин же ал чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аткарылууга тийиш экендигин тастыктаган расмий документ;

3) талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн жана иштин чет өлкөлүк сотто териштириле тургандыгы, өндүрүп алуучу чечимди таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткандыгы тууралуу карызкор өз убагында жана талаптагыдай түрдө кабарландырылгандыгын ырастаган документ;

4) эгерде чечим мурда тиешелүү чет мамлекеттин аймагында аткарылган болсо, чет өлкөлүк соттун чечиминин толук же айрым бөлүгүндө аткарылгандыгы тууралуу документ;

5) сотко берилген арызга кол койгон жактын ыйгарым укуктарын талаптагыдай түрдө күбөлөндүргөн жана тастыктаган ишеним кат же дагы башка документ;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткаруу жөнүндө арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин тастыктаган документ;

7) тараптардын келишим боюнча сотко караштуулукка кирген иштер боюнча макулдашуусун тастыктаган документ;

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик тилдеги жана расмий тилдеги котормолору.

431-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызды кароонун тартиби

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө арызды сот жыйналышында судья жеке өзү, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, ушул Кодекстин эрежелери боюнча, ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу үчүн мөөнөттү кошкондо арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт.

432-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартуунун негиздери

Сот чет өлкөлүк соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартат, эгерде;

1) аймагында чечим кабыл алынган мамлекеттин мыйзамы боюнча чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо же аткарылбоого тийиш болсо;

2) чечим өзүнө каршы кабыл алынган тарап ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө өз убагында жана талаптагыдай түрдө кабарландырылбаса же башка себептерден улам сотко өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;

3) ишти кароо мыйзамдарга же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасындагы соттун өзгөчө компетенциясына тиешелүү болсо;

4) ошол эле тараптардын ортосундагы ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча талаш жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасында сотунун чечими же үчүнчү өлкөнүн сотунун таанылган чечими бар болсо;

5) Кыргыз Республикасынын сотунун кароосунда ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча иш болсо жана анын өндүрүшү чет өлкөлүк сотто бул иш боюнча өндүрүш козголгонго чейин козголгон болсо;

6) чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу мөөнөтү өткөрүп жиберилсе жана бул мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилбесе;

7) чет өлкөлүк соттун чечимин аткаруу Кыргыз Республикасынын жарыялуу тартибине каршы келе турган болсо.

433-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы

1. Карызкордун түшүндүрмөсүн угуп жана берилген далилдерди карап чыгып, сот ушул Кодекстин 21-главасында белгиленген эрежелер боюнча чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча аныктамада төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) чечим кабыл алган чет өлкөлүк соттун аталышы жана жайгашкан жери;

2) өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталыштары;

3) өндүрүп алуучу таанууну жана аткарууну өтүнүп жаткан чет өлкөлүк соттун чечими тууралуу маалыматтар;

4) чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө же болбосо чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.

3. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иш боюнча аныктама ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

434-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимине аткаруу баракчасын берүүнүн жана аны аткарууга берүүнүн тартиби

1. Чет өлкөлүк соттун чечимин аткаруу чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө аныктама чыгарган сот тарабынан берилүүчү аткаруу баракчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Чет өлкөлүк соттун чечими ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдан ашпаган мөөнөттө аткарууга киргизилиши мүмкүн. Аталган мөөнөт өткөрүп жиберилген учурда, бул мөөнөт өндүрүп алуучунун өтүнүчү менен, ушул Кодекстин 127-беренесинде каралган эрежелер боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.

435-берене. Чет өлкөлүк соттордун аткарууну талап кылбаган чечимдерин таануу

Кыргыз Республикасында өзүнүн мүнөзү боюнча аткарууну талап кылбаган чет өлкөлүк соттордун төмөнкүдөй чечимдери таанылат:

1) соту чечим чыгарган мамлекеттин жарандарынын жеке статусуна таасир тийгизген;

2) эгерде нике бузулган учурда жубайлардын жок дегенде бири Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы никени бузуу же жараксыз деп таануу жөнүндө;

3) эгерде нике бузулган учурда жубайлардын экөөсү тең Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы никени бузуу же жараксыз деп таануу жөнүндө;

4) мыйзамда каралган башка учурларда.

436-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануунун тартиби

1. Чет өлкөлүк соттордун аткарууну талап кылбаган чечимдери, эгерде кызыкдар жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө, андан ары эч кандай өндүрүшсүз таанылат.

2. Кызыкдар жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага теңдештирилген сотко келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде бул чечимди таануу жагындагы өзүнүн каршы пикирин билдире алат.

3. Кызыкдар жактын чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикири бул жакка каршы пикирди кароонун убактысын жана ордун кабарлоо менен сот жыйналышында каралат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылган кызыкдар жактын келбей калышы каршы пикирди кароого тоскоол болуп саналбайт.

4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикирди сот карагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

437-берене. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан баш тартуу

Чет өлкөлүк соттун мажбурлап аткартууга тийиш болбогон чечимин таануудан баш тартууга ушул Кодекстин 432-беренесинин 1-5, 7-пункттарында белгиленген негиздер бар болгон учурда жол берилет.

438-берене. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткарууга киргизүү

1. Ушул Кодекстин 430-беренесинин 3-бөлүгүн кошпогондо, 429-431, 433-436-беренелеринин эрежелери чет мамлекеттин аймагында кабыл алынган чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждардын), эл аралык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерине карата колдонулат.

2. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө өтүнүп жаткан тарап арызды бергенде төмөнкүлөрдү берет:

1) чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же анын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

2) бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун түп нускасын же анын талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

3) талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн жана сотко жазылган арызга кол койгон жактын ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же башка документ;

4) чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануу жана аткаруу жөнүндө арыздын көчүрмөсү карызкорго жиберилгендигин ырастоочу документ;

5) ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги, талаптагыдай ырасталган котормосу.

439-берене. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартуу

1. Чечим өзүнө каршы багытталган тараптын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн баш тартылышы мүмкүн, эгерде бул тарап чечимди таануу жана аткарууга киргизүү өтүнүлүп жаткан сотко төмөндөгүлөрдү далилдеп берсе:

1) бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун тараптары өздөрүнө карата колдонулган мыйзам боюнча кандайдыр бир деңгээлде аракетке жөндөмсүз болгондугун же тараптар макулдашууну баш ийдирген мыйзам боюнча бул макулдашуу жараксыз экендигин, ал эми мындай көрсөтмө жок болгон учурда - чечим чыгарылган өлкөнүн мыйзамы боюнча бул макулдашуунун жараксыздыгын;

2) чечим каршы чыгарылган тарап арбитрди дайындоо жөнүндө же бейтарап (арбитраждык) териштирүү жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынбагандыгын же болбосо башка себептер менен өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албагандыгын;

3) чечим бейтарап (арбитраждык) макулдашууда каралбаган же анын шарттарына кирбеген талаш боюнча чыгарылгандыгын же болбосо бейтарап (арбитраждык) макулдашуунун чегинен тышкары чыккан маселелер боюнча токтомду камтыгандыгын. Эгерде чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечиминде бейтарап (арбитраждык) макулдашууда камтылган маселелер боюнча токтомдор мындай макулдашууда камтылбагандардан ажыратылышы мүмкүн болсо, чечимдин бейтарап (арбитраждык) макулдашууда камтылган маселелер боюнча токтомдору кирген бөлүгү таанылышы жана аткарылышы мүмкүн экендигин;

4) бейтарап (арбитраждык) соттун курамы же бейтарап (арбитраждык) териштирүү тараптардын макулдашуусуна ылайык келбегендигин же мындай болбогондук арбитраж турган өлкөнүн мыйзамына ылайык келбестигин;

5) чечим тараптар үчүн акыркы чечим боло электигин же жокко чыгарылгандыгын же анын аткарылышы бул чечим чыгарылган өлкөдө ушул өлкөнүн мыйзамына ылайык бул өлкөнүн соту тарабынан токтотулгандыгын.

2. Чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждын чечимин таануудан жана аткарууга киргизүүдөн Кыргыз Республикасында сот төмөнкүлөрдү аныктаган учурда да баш тартылышы мүмкүн:

1) талаштын предмети Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап (арбитраждык) териштирүүнүн предмети боло албасын;

2) бул чечимди таануу жана аткарууга киргизүү Кыргыз Республикасынын ачык-жарыялуу тартибине каршы келерин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев