Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ

2017-жылдын 2-февралы № 20

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилет)

 

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

1-глава. Кыргыз Республикасынын жазык сот өндүрүшү жана аны колдонуу чөйрөсү жөнүндө мыйзамы

1-берене. Кыргыз Республикасынын жазык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамы

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жазык сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) жана ушул Кодекске ылайык ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары Конституцияга негизделген ушул Кодекстен, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) турат.

Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдердин ченемдеринин үстүнөн артыкчылыкка ээ.

3. Жазык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Кодекске киргизилген шартта гана колдонулууга тийиш.

4. Эгерде жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (мындан ары - Граждандык кодекс) же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Бузуулар жөнүндө кодекс) ылайык чечилүүсү тийиш болгон маселени кароо зарылдыгы келип чыкса, ал тиешелүү тартипте чечилет.

2-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу

Кыргыз Республикасынын аймагында жазык сот өндүрүшү, кылмыш же жорук жасалган жерине карабастан, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушунун башка эрежелери белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

1. Жазык сот өндүрүшү, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, процесстик иш-аракетти аткаруу, процесстик чечимди кабыл алуу учурунда колдонуудагы мыйзамга ылайык ишке ашырылат.

2. Процесстин катышуучуларына жаңы милдеттерди жүктөгөн, тикелей же кыйыр түрдө укуктарын жокко чыгарган же аларды азайткан, аларды пайдаланууну кошумча шарттар менен чектеген жазык-процесстик мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

4-берене. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ушул Кодекстин колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата жазык сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кол тийбестикти колдонгон адамдарга карата ушул Кодексте каралган процесстик иш-аракеттер кызматында кол тийбестикти колдонгон адам же мурда болгон чет мамлекеттин же ал кызматкери болуп саналган же болгон эл аралык уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт. Тиешелүү адамдын кол тийбестикти колдонору же колдонбостугу жана мындай кол тийбестиктин көлөмү канчалык экендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

5-берене. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

Ушул Кодексте камтылган түшүнүктөр, эгерде мыйзамдарда өзгөчө көрсөтмөлөр болбосо, төмөнкүдөй мааниге ээ:

1) апелляциялык инстанция - биринчи инстанциядагы сот тарабынан чыгарылган мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөргө жана токтомдорго, ошондой эле соттук контролдоо тартибинде тергөө судьясы тарабынан чыгарылган токтомдорго даттануулар жана сунуштамалар боюнча жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди кароочу сот;

2) жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырандылар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелер;

3) вердикт - айыпталуучунун күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү жөнүндө негизги маселени кошкондо, анын алдына коюлган маселелер боюнча сот арачылар коллегиясынын чечими;

3-1) адамга карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти козгоо - кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу адамга жазуу жүзүндө кабарлоо;

4) адамды өткөрүп берүү - берилүүгө тийиш болгон адам суратуучу мамлекеттин территориясында кылмыш жасаган жана аны суратылган мамлекеттин жазык мыйзамдары боюнча тааныган шартта жазыктык куугунтуктоо жана өкүмдү аткаруу үчүн адамды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп берүү;

5) мамлекеттик айыптоочу - жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча сотто мамлекеттин атынан айыпты колдоочу прокурор;

6) жоруктар жөнүндө иштер - бир же бир нече жасалган жоруктар боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлүүчү өндүрүш;

7) күбөнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө - сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьясы тарабынан объективдүү себептерден улам аларды соттук териштирүүнүн жүрүшүндө суракка алуу мүмкүн болбойт же күбөнүн же жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы бар деген негиздер болгондо, соттук далилдерди алдын ала камсыз кылуу (сактоо) максатында, тараптардын биринин өтүнүчү боюнча күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу;

8) сотко чейинки өндүрүш - кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыз, билдирүүлөр Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган убакыттан баштап, прокурор тарабынан иштин материалдарын маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөткөнгө чейинки жазык сот өндүрүшү;

9) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри - маалыматтардын электрондук базасы, ага сотко чейинки өндүрүштүн, процесстик иш-аракеттердин башталышы, жазык иштеринин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазык процесстеринин катышуучулары жөнүндө маалыматтар киргизилет;

10) даттануу - жазык сот өндүрүшүнүн катышуучулары тарабынан алып келинген алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) жазуу жүзүндөгү каршы пикир;

11) турак жай - жашоочу жана жашоого ылайыксыз жайлары бар жекече турак үй, менчигинин түрүнө карабастан турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоо үчүн колдонулуучу турак жай, ага тете эле турак жай фондуна кирбеген, бирок убактылуу жашоо үчүн колдонулуучу башка жай же курулуш;

12) мыйзамдуу өкүлдөр - жашы жете элек шектүүнүн, айыпкердин же жабырлануучунун, күбөнүн ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, аталган адамдар көзөмөлүндө турган мекеменин же уюмдун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;

13) жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам жөнүндө суроо-талап - эл аралык келишимдин жана улуттук мыйзамдын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган, жазык иши боюнча белгилүү бир процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү өтүнүчү менен компетенттүү органдын же чет мамлекеттин кызмат адамынын дарегине жөнөтүлүүчү документ;

14) коргоо - кылмыш же жорук жасады деп шектелип жаткан адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айыпты жокко чыгаруу же жеңилдетүү, ошондой эле жазыктык куугунтуктоого мыйзамсыз тартылган адамдарды реабилитациялоо максатында коргоо тарабы жүргүзгөн процесстик иш-аракет;

15) арыз ээси - жазык сот өндүрүшүнүн тартибинде алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, тергөө судьясына, сотко кайрылган адам;

16) менчигинде же башка укукта турган башка объект - транспорттук каражат, жер участогу, гараж, башка курулма же турмуш-тиричилик, кызматтык, чарбалык, өндүрүштүк же башка багыттагы менчик же башка укукта турган орун жай;

17) кассациялык инстанция - апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүнө жана аныктамаларына даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди караган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) сот коллегиясы;

18) медиация - медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү алдында алар тарабынан өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максаттарындагы шектүүнүн, айыпталуучунун жана жабырлануучунун ортосундагы жоруктар жөнүндө иштерди же жазык иштерин жөнгө салуунун ыктыярдуу жол-жоболору;

19) медиатор - медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө шектүүгө, айыпталуучуга жана жабырлануучуга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак;

20) бөгөт коюу чарасы - шектүүгө, айыпталуучуга карата тергөө судьясы, сот тарабынан колдонулуучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү чара;

21) түнкү убакыт - 22.00ден 06.00га чейинки убакыт аралыгы;

22) алгачкы текшерүү органдары - жоруктар жөнүндө иштер жана башка процесстик аракеттер боюнча өндүрүштү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

23) эркинен ажыратууга соттолгон адамдарды өткөрүп берүү - башка мамлекеттин жараны болуп саналган же анын аймагында туруктуу жашаган, башка мамлекеттин соту тарабынан соттолгон адамды башка мамлекетке жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү;

24) токтом - жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча судья тарабынан, өкүмдөн тышкары, жекече чыгарылган чечим; тергөөчү судьянын чечими; мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү сот актысын кайра кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку соту чыгарган сот актысы; сотко чейинки өндүрүштө чыгарылган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө органынын жетекчисинин, прокурордун чечими;

25) төрагалык кылуучу - жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти коллегиалдык түрдө кароодо сот отурумуна жетекчилик кылган судья, ошондой эле жазык ишин же жоруктар жөнүндө ишти жеке караган судья;

26) сунуштама - сот актысына ушул Кодексте белгиленген тартипте киргизилген прокурордун чара көрүү актысы;

27) өкүм - биринчи же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылуучу айыпталуучунун күнөөлүү эместиги же күнөөлүү экендиги жана ага жаза дайындоо же болбосо аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим;

28) сот арачысы - мыйзам менен белгиленген тартипте сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген жана жазык ишин кароого катышууга тандалып алынган Кыргыз Республикасынын жараны;

29) пробациялык баяндама - айыпталуучунун инсандыгын, социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын жана кылмыш жасоого өбөлгө болгон башка жагдайларды изилдөөнүн негизинде анын социалдык-психологиялык портрети жөнүндө пробация органдарынын корутундусу жана пробациялык көзөмөлгө алууну колдонуунун мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө тыянактар;

30) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор), областтардын, Бишкек шаарынын прокурорлору, райондук (шаардык) прокурорлор, аскер прокурорлору жана райондук (шаардык) прокурорлорго теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана жазык сот өндүрүшүнө катышуучу жана тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон прокуратура органдарынын башка кызмат адамдары;

31) процесстик иш-аракеттер - ушул Кодексте каралган тергөө, соттук же башка иш-аракеттер;

32) кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу - айыптоочу жана коргоочу тараптардын ортосундагы макулдашуу, анда көрсөтүлгөн тараптар кызматташуунун шарттарын жана мындай кызматташуунун кесепеттерин аныкташат;

33) реабилитация - мыйзамсыз же негизсиз түрдө жазык куугунтугуна алынган адамдын укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү жана ага келтирилген материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу тартиби;

34) реабилитацияланган - мыйзамсыз же негизсиз жазыктык куугунтуктоо менен байланыштуу келтирилген материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга укугу бар адам;

35) реплика - сот отурумунда тараптардын жарыш сөзүнүн катышуучусунун башка катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнө карата сын-пикири;

36) издөө чаралары - кылмыш жасаганга шектүү адамды аныктоо үчүн алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, ошондой эле тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча алгачкы текшерүү органы же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан көрүлүүчү чаралар;

37) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси - тиешелүү тергөө бөлүмүнө башчылык кылган кызмат адамы, ошондой эле анын орун басары;

38) күбө иммунитети - өзүнө жана өзүнүн жакын туугандарына, аялына (күйөөсүнө), ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда каршы көрсөтмө бербөөгө адамдын укугу;

39) тергөөчү - жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;

40) тергөө амалдары - ушул Кодексте белгиленген тартипте алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш үчүн мааниси бар маалыматтарды топтоо жана изилдөө боюнча иш-аракеттер;

41) тергөө судьясы - шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья;

42) элдешүү жөнүндө макулдашуу - шектүүнүн, айыпталуучунун жана жабырлануучунун ортосундагы жоруктар жөнүндө жана жекече ачык айыптоо иштери боюнча алар тарабынан өз алдынча же медиатордун жардамы менен жетишилген жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

43) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери - алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура, сот органдарында жана жазаны аткаруу мекемелеринде жашы жете электердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адам;

44) атайын тергөө амалдары - бул кызыкчылыктары козголуп, жазык сот өндүрүшүнө тартылган адамдарды кабарландырбастан жүргүзүлүүчү жана тергөө адамдары менен аны аныктоого мүмкүн болбогон, жазык сот өндүрүшүндө далилденүүгө жаткан жагдайларды айкындоого, маалыматтарды алууга багытталган иш-аракеттер;

45) атайын билимдер - сотко чейинки өндүрүштө жана сотто жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди кароодо маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы кесипкөй билимдер жана жөндөмдөр;

46) коргоочу тарап - шектүү, айыпталуучу, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү, жактоочу, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу адам;

47) айыптоочу тарап - алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, прокурор, жеке айыптоочу, жабырлануучу, анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүлү;

48) сот - бардык сот инстанцияларында жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу орган;

49) биринчи инстанциядагы сот - сот отурумунда иштин жагдайларын түздөн-түз изилдөөгө жана аныктоого жана ал боюнча тиешелүү чечимди чыгарууга ыйгарым укуктуу, райондук жана ага теңештирилген шаардык сот;

50) жазыктык куугунтуктоо - шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш жана (же) жорук жасаганынын бетин ачуу максатында айыптоочу тарап жүргүзүүчү процесстик иш-аракеттер;

51) жазыктык сот өндүрүшү - конкреттүү жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жана тергөө судьясынын токтомун, соттун чечимин аткарууда жүзөгө ашырылуучу процесстик иш-аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы;

52) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы - жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамы;

53) иш жүзүндө кармоо - кылмыш жана (же) жорук жасаганы боюнча негиздүү шек туудурган адамды эркинен иш жүзүндө ажыратуу учуру;

54) жеке айыптоочу - жабырлануучу же анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүлү;

55) жеке аныктама - тергөө судьясы тарабынан чыгарылуучу чечим, аны менен чараларды кабыл алууну талап кылган иш боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныктоого прокурордун көңүлүн бурат;

56) эксперттик уюм - экспертизаларды уюштуруу жана жүргүзүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

57) электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик түрдө берилген жана электрондук санариптик кол коюу аркылуу ырасталган документ.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава. Жазык сот өндүрүшүнүн милдеттери жана принциптери

6-берене. Жазык сот өндүрүшүнүн милдеттери

Жазык сот өндүрүшүнүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан жана жоруктардан коргоо;

2) инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, соттоодон, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөдөн коргоо;

3) кылмыштарды жана жоруктарды тез жана толук териштирүү;

4) кылмыш жана жорук жасаган адамдардын бетин ачуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу;

5) адилеттүү соттук териштирүү жана жазык мыйзамын туура колдонуу;

6) мыйзамсыз айыпталган же күнөөсү жок адам соттолгон учурда токтоосуз жана толук реабилитациялоо;

7) материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу.

7-берене. Укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүүлүк принциби

1. Кыргыз Республикасында жазык сот өндүрүшү укуктун үстөмдүүлүк принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат, ага ылайык адам, анын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулуктар катары таанылат.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот, жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка органдар жана жактар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин жана башка мыйзамдарынын жоболорун бекем сактоого милдеттүү.

8-берене. Сот адилеттигин соттун гана жүзөгө ашыруу принциби

Кыргыз Республикасында жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ушул Кодексте каралган учурларда жазык сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен ишке ашырылат.

9-берене. Судьялардын көз карандысыздык принциби

1. Судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийишет.

2. Сот адилеттигин жүргүзүү боюнча судьянын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.

3. Судьялардын көз карандысыздыгы Конституция менен кепилдикке алынат.

10-берене. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу принциби

1. Прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кылмыштын жана жоруктун белгилерин аныктаган ар бир учурда өз компетенциясынын чегинде сотко чейинки өндүрүштү баштоого, кылмыш же жорук жасаган адамдын кылмыштуу окуясын, жоругун аныктоодо мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кылмыштан же жоруктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн жана мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте келтирилген залалдын ордун компенсациялоону камсыз кылууга милдеттүү.

11-берене. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо принциби

1. Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо жазык сот өндүрүшүнө катышкан бардык органдар жана адамдар үчүн милдеттүү.

2. Тергөө, сот жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө коркутууга, зомбулук жана башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбейт.

3. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасоодо шектүү болуп кармалган адамды камакта кармоо анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Ишке катышкан адамдардын эч кимиси зомбулукка, кыйноолорго жана башка ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилеге жана жазага тартылышы мүмкүн эмес.

12-берене. Инсандын кол тийгистик принциби

1. Ушул Кодексте каралгандан башка негизде жана тартипте эч ким камакка алынышы мүмкүн эмес. Соттун чечимине чейин адам 48 сааттан ашык мөөнөткө, ал эми жашы жетелек адам - 24 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кармалган же эркинен ажыратылган же медициналык же психиатриялык стационарга мыйзамсыз жайгаштырылган же ушул Кодексте каралгандагыдан ашык мөөнөткө камакта кармалган адамды токтоосуз бошотууга милдеттүү.

3. Кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуу жолу менен алынган кандай болбосун далилдер, сот тарабынан кабыл алынбашы керек.

13-берене. Жазык сот өндүрүшүндө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо принциби

1. Ар бир адамга жазык сот өндүрүшүнүн бардык баскычында анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берилет.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы жазык процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана (же) чөйрөсү ушул Кодекс менен аныкталган жакын туугандарына каршы күбөгө өтүүгө милдеттүү эмес.

4. Жазык иштери боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуунун натыйжасында ага келтирилген залалдын орду мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте толтурулууга тийиш.

5. Жабырлануучуга, күбөгө же ишке катышкан башка адамдарга, ошондой эле алардын жакын туугандарына, жубайына зомбулук колдонуу, мүлкүн жок кылуу же залалга учуратуу коркунучу келтирилгендиги же башка коркунучтуу, мыйзамга каршы аракеттерге дуушар кылынгандыгы тууралуу жетиштүү маалыматтар болгондо, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы өз кызмат укуктарынын чегинде андай адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоого мыйзамда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.

6. Сот айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, аны актоого милдеттүү.

7. Прокурор шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамды жазыктык куугунтуктоону кыскартуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми айыпталуучуга карата сотто айыптоону колдоодон баш тартууга милдеттүү.

8. Тергөөчү шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамга карата жазыктык куугунтуктоону токтотууга милдеттүү.

9. Өзүнүн кылмыш жана (же) жорук жасагандыгын жекече моюнга алышынын негизинде гана эч ким соттолууга тийиш эмес.

14-берене. Турак жайдын жана башка объекттердин кол тийгистик принциби

1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Алар пайдалануусунда турган адамдын эркине каршы анын менчигинде же башка укукта турган турак жайына жана башка объекттерине кире албайт.

2. Тинтүү, алып коюу, текшерүү жүргүзүүгө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайына жана башка объекттерге кирүүгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда тинтүү, алып коюу, текшерүү жүргүзүүгө жана процесстик иш-аракеттерди ишке ашырууга, ошондой эле өзүнүн менчигинде же башка укукта болгон турак жайга же башка объекттерге кирүүгө соттун чечимисиз жол берилет. Ушундай иш-аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

15-берене, Менчиктин кол тийгистик принциби

1. Менчик кол тийгис. Эч ким негизделбестен өз мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары, мүлкүн алып коюуга соттун чечими боюнча гана жол берилет.

2. Эгерде менчиктеги мүлк иш боюнча буюм далили болуп саналса, ошондой эле ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте мүлк ээсинен алынышы мүмкүн.

16-берене. Адамдын өмүрүн коргоо, кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулук принциби

1. Жарандын кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугуна укугун чектөөгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

2. Почта, телеграф жөнөтүүлөрүнө камак коюу жана аларды байланыш мекемелеринде тинтүү, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы кошулуулар жөнүндө маалымат алуу соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

17-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы

1. Ар бир адамдын айыптуулугу мыйзамда каралган тартипте далилденип жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленмейинче, ал кылмыш жана (же) жорук жасоодо күнөөсүз деп эсептелет.

2. Эч ким өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Шектүүнү, айыпталуучуну коргоодо келтирилген далилдерди четке кагуу жана күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоо тарабында болот.

3. Күнөөлүү делинген бардык шектенүүлөр айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

4. Айыптоочу өкүм божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.

18-берене. Тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү принциби

1. Жазык сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүргүзүлөт.

2. Айыптоо, актоо жака сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен өзүнчө бөлүнгөн жана ар кандай органдар жана адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Сот калыстыкты жана объективдүүлүктү сактоо менен, тараптардын процесстик укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

4. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. Сот процесстик чечимди аны изилдөөгө катышуу ар бир тараптын бирдей катышуусу камсыз кылынган далилдерге гана негиздейт.

5. Тараптар жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө өзүнүн позициясын, аны жактап калуунун ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча жана сотко, башка органдарга жана жактарга көз каранды болбостон тандап алат. Сот тараптын өтүнүчү боюнча, ушул Кодексте каралган тартипте ага зарыл материалдарды алууга көмөк көрсөтөт.

19-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун коргоо укугун камсыз кылуу принциби

1. Шектүү, айыпталуучу коргонууга укуктуу. Сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы шектүүгө, айыпталуучуга ушул Кодексте белгиленген каражаттар жана ыкмалар менен коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Коргоо укугу медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу боюнча сот иши жүргүзүлүп жаткан адамга да камсыз кылынат.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда, жактоочунун жана (же) шектүүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн милдеттүү катышуусу жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамдары тарабынан камсыз кылынат.

4. Ушул Кодексте каралган учурларда шектүү, айыпталуучу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды колдонууга укуктуу.

20-берене. Жазык сот өндүрүшүнүн тил принциби

1. Жазык сот өндүрүшү мамлекеттик жана (же) расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген ишке катышкан адамдарга эне тилинде билдирүү жасоо, көрсөтмө берүү, өтүнүч билдирүү, иштин бардык материалдары менен таанышуу, сотто чыгып сүйлөө жана квалификациялуу тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу берилет.

21-берене. Процесстик аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерге даттануу принциби

Соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

22-берене. Калыстык жана далилдерди эркин баалоо принциби

1. Судья, сот арачысы, прокурор жана тергөөчү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда алдын ала ынанымдын таасири алдында же иштин жыйынтыгына жеке кызыкдар болбоого, өзү карап жаткан конкреттүү жазык ишине карата алдын ала калпыс пикирде турбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүү аракеттерин көрбөөгө тийиш.

2. Судья далилдерди сот отурумунда изилденген далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ынанымдары боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баалайт.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун сотко чейинки өндүрүштө далилдерди баалоолору судья үчүн милдеттүү мааниге ээ эмес.

4. Эч кандай далилдер күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес жана алар судья тарабынан жыйынтыктуу бааланат.

3-глава. Жазыктык куугунтуктоо

23-берене. Жазыктык куугунтуктоонун түрлөрү

1. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана деңгээлине жараша жазыктык куугунтуктоо, соттогу айыптоону кошуп алганда, жекече, жекече-жалпы жана жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин (мындан ары - Жоруктар жөнүндө кодекс) "Уруп-сабоо" деген 65-беренесинде, "Ден соолукка жеңил зыян келтирүү" деген 66-беренесинде, "Абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" деген 67-беренесинде, "Венерикалык ооруу жугузуу" деген 68-беренесинде, "Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" деген 84-беренесинде каралган жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жеке айыптоо иштерине кирет, алар боюнча өндүрүш жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашууларына байланыштуу кыскартылууга тийиш. Тараптардын жарашуусуна сот өкүм чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө чыгып кеткенге чейин жол берилет.

3. Жекече-жалпы айыптоо иштерине ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоруктарды кошпогондо, Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жоруктар жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары - Жазык кодекси) 132-беренесинде, 135-беренесинин 1-бөлүгүндө, 139-беренесинин 1-бөлүгүндө, 140-142-беренелеринде, 161-беренесинин 1-бөлүгүндө, 163-беренесинде, 172-беренесинин 1-бөлүгүндө, 200-беренесинин 1-бөлүгүндө, 201-беренесинин 1-бөлүгүндө, 202-беренесинин 1-бөлүгүндө, 203-беренесинин 1-бөлүгүндө, 204-беренесинин 1-бөлүгүндө, 205-беренесинин 1-бөлүгүндө, 206-беренесинин 1-бөлүгүндө, 209-беренесинин 1-бөлүгүндө, 210-беренесинин 1-бөлүгүндө, 266-беренесинин 1-бөлүгүндө, 296, 297-беренелеринде каралган кылмыштар кирет.

Жекече-жалпы айыптоо иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат жана тараптардын жарашуусу менен Жазык кодексинин 61-беренесине ылайык кыскартууга жол берилет.

Жазык кодексинин 296, 297-беренелеринде каралган кылмыштар мас абалында жасалган болсо, жарашууга жол берилбейт.

4. Тергөөчү, прокурор, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык кылмыш жөнүндө сотко чейинки өндүрүштү, эгерде бул кылмыш көз каранды же жардамсыз абалдан улам же болбосо башка себептер боюнча өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган адамдарга карата жасалса, жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок учурда да баштай берет.

5. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, кылмыштар жөнүндө жазык иштери жалпы айыптоо иштерине кирет. Ушул иштер боюнча жазыктык куугунтуктоо жабырлануучунун арыз беришине карабастан ишке ашырылат.

24-берене. Жазыктык куугунтуктоону ишке ашыруу милдети

1. Айкын жана жекече-жалпы айыптоо иштери боюнча мамлекеттин атынан жазыктык куугунтуктоону алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жүзөгө ашырат.

2. Кылмыштын же жоруктун белгилери аныкталган ар бир учурда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор ушул Кодексте каралган кылмыш жана (же) жоруктун окуясын, кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектүү адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрөт.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 23-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда, жабырлануучунун өз эркин билдирүүсүнө карабастан жазык иштери боюнча жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде коюлган талаптары, тапшырмалары жана суроо-талаптары, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелер, ишканалар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

25-берене. Жарандардын жазыктык куугунтуктоону жана айыптоону жүзөгө ашырууга же катышууга укугу

1. Жабырлануучу каза болгон же кураш же ден соолугу боюнча жазык сот өндүрүшүндө өзүнүн эркин билдире албаган учурда, анын каалаган жашы жеткен жакын туугандарынын, жубайлардын бири ушул Кодексте каралган тартипте айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоого, ал эми жеке айыптоо иштери боюнча - айыптоо коюуга жана колдоого алууга катышууга укуктуу.

2. Соттук териштирүүнүн убагында прокурордун айыптоодон баш тартуусу жабырлануучуну айыптоону колдоо укугунан ажыратпайт.

3. Эгерде жабырлануучу же анын укук мураскору өндүрүштүн каалаган учурунда шектүүнүн, айыпталуучунун же соттолуучунун күнөөсүздүгүнө (тиешеси жоктугуна) ынанган учурда, ал жазыктык куугунтуктоодон же айыптоону колдоодон баш тартууга укуктуу жана тергөөчүгө, прокурорго, сотко баш тартуунун жүйөсүн баяндайт.

26-берене. Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

1. Иш боюнча өндүрүш төмөнкү жагдайларда кыскартылууга жатат:

1) кылмыш окуясы жана (же) жорук окуясы болбогондо;

2) жосундарда кылмыштын курамы жана (же) жоруктун курамы болбогондо;

3) жазык мыйзамынан же Жоруктар жөнүндө кодекстен алып караганда, келтирилген залал укук чегинде болгондо: коргонуу зарылдыгы; курулай коргонуу; аргасыз зарылдык; жеке же психикалык жактан мажбурлоо; кылмыш же жорук жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;

4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучунун арызы жок болгондо;

5) ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазыктык куугунтук мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун бузула элек чечими чыккан адамга карата;

6) ошол эле жосун боюнча ишти кыскартуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жокко чыгарылбаган токтому чыккан адамга карата;

7) жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырган учурда каза болгон адамга карата, иш боюнча өндүрүш каза болгон адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары;

8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;

9) Жоруктар жөнүндө кодекстин жана Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүктөрүнүн жоболорунан улам жазык жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан адамдарга карата;

10) жоруктун декриминалдашуусуна байланыштуу;

11) эгерде мунапыс жасалган жорук үчүн жаза колдонууну четтетсе, мунапыс актысынан улам;

12) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен;

13) ушул Кодекстин 23-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Жоруктар жөнүндө кодекстин 39-беренесине ылайык тараптардын жарашуусуна байланыштуу.

14) прокурор соттук териштирүүнүн убагында айыптоону колдоодон баш тартканда.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүү маалында аныкталса, сот ишти териштирүүнү аягына чейин жеткирип, актоо өкүмүн чыгарат.

3. Эгерде айыпталуучу буга каршы чыкса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10, 11 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Бул учурда иш боюнча өндүрүш, тиешелүү негиздер болгондо, актоочу өкүмдүн же айыптоочу өкүмдүн токтому менен, соттолгонду жазасын өтөөдөн бошотуу менен уланат же аяктайт.

3-1. Эгерде кылмыш жана (же) жорук жасалгандан келтирилген материалдык залалдын орду толтурулбаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар реабилитациялоочуларга тиешелүү.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II БӨЛҮМ. ЖАЗЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮНҮН СУБЪЕКТТЕРИ

4-глава. Сот

27-берене. Сот

1. Сот жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырат.

2. Жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер көз карандысыз, компетенттүү жана калыс соттор тарабынан каралууга тийиш.

28-берене. Соттун курамы

1. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди кароо судья тарабынан жеке же сот тарабынан коллегиалдуу жүзөгө ашырылат. Конкреттүү ишти кароо үчүн соттун курамы судьялардын адистешүүсүн эске алуу менен, анын түзүлүшүнө соттук териштирүүнүн натыйжасына кызыкдар адамдардын таасир көрсөтүүсү болбогон тартипте, анын ичинде автоматташтырылган тутумду колдонуу менен түзүлөт.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган жазык иштеринен тышкары жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди биринчи инстанциядагы сотто кароо судья тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.

3. Сот арачыларынын катышуусу менен жазык иштерин кароо ушул Кодекстин 45-главасында белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди апелляциялык тартипте кароо курамы үч судьядан турган соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди кассациялык тартипте кароо Жогорку соттун курамы үч судьядан турган соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Жазык ишин жана жоруктар жөнүндө ишти коллегия курамындагы сот тарабынан кароодо ошол соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча коллегия мүчөлөрүнүн бири төрагалык кылат.

7. Бир коллегиядагы судьяларга апелляциялык инстанциядагы ишти кароого катышууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар болгон учурда, областтык жана ага теңештирилген соттун төрагасы, ал эми кассациялык инстанцияда - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, анын орун басарлары ишти кароого катышууга башка коллегиянын судьяларын тартууга укуктуу.

8. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөлдөө тергөө судьясы тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.

29-берене. Судья

1. Ишти жекече өзү караган, соттун отурумун даярдоо же өкүмдү же башка чечимди аткарууну камсыз кылуу боюнча тескөө иш-аракеттерин жүргүзгөн, өтүнүчтөрдү жана даттанууларды чечкен судьяга өз компетенциясынын чегинде соттун ыйгарым укуктары таандык.

2. Судьялардын коллегиясынын курамында ишти караган судья каралып жаткан ишке байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди чечүүдө төрагалык кылуучу жана башка судьялар менен бирге тең укуктарга ээ. Каралып жаткан маселелер боюнча, башка судьялардын ой-пикири менен макул болбогон учурда судья өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Конвертти ачууга жана судьянын өзгөчө пикири менен таанышып чыгууга ишти кароо учурунда жогору турган сот тарабынан гана жол берилет.

30-берене. Соттун ыйгарым укуктары

1. Сот төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) адамды күнөөсүз деп таанууга;

2) адамды кылмыш жана (же) жорук жасаганга күнөөлүү деп таанууга жана ага жаза дайындоого же пробациялык көзөмөлгө алууну колдонууга;

3) жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын (коопсуздук чараларын) колдонууга;

4) жорукту Жазык кодексинин ченемдери боюнча квалификациялоого жана жазык сот өндүрүшү айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө вердикт чыгарган сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылган учурларда айыпталуучунун жазасын дайындоого;

5) адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана (же) мажбурлоочу дарылоону колдонууга;

6) адамга карата жашы жетелектерге карата колдонулуучу тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга;

7) юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларын колдонууга;

8) адамга карата жоруктар жөнүндө иштер боюнча жаза болуп саналбаган жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларын колдонууга;

9) төмөн турган сот тарабынан кабыл алынган чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө;

10) жоруктар жөнүндө иштер жана жазык иштери боюнча шектүүнү, айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;

2. Сотко чейинки өндүрүштө адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына соттук көзөмөлдөөнү тергөө судьясы жүзөгө ашырат.

3. Сот ишти жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого укуктуу.

31-берене. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктары

1. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:

1) кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектүү адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө;

2) бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө;

3) бөгөт коюу чараларынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;

4) тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн камакта турбаган шектүүнү, айыпталуучуну медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө;

5) жеке жана юридикалык жактардын эсептерде жана аманаттарда же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу же камактан чыгаруу жөнүндө;

6) айыпталуучуну убактылуу кызмат ордунан четтетүү жөнүндө;

7) каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо, эксгумация жүргүзүү жөнүндө;

8) алардын макулдугу болбогондо, менчикте турган турак жайды, ошондой эле анда жашап турган адамдардын башка укуктарындагы башка объекттерди кароону жүргүзүү жөнүндө;

9) алып коюуну жана (же) тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;

10) ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө;

11) ушул Кодексте каралган атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө.

2. Соттук көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун чектеринде тергөө судьясы жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды карайт.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөө судьясы:

1) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жүйөлүү себептер боюнча соттук териштирүүгө келүүсү мүмкүн болбогон адамдардын же болбосо ишти маңыз боюнча соттук отурумда кароодогу суракта аларга психикасын жабырландыруучу таасирди болтурбоо максатында алардын көрсөтмөлөрүн депонирлейт;

2) эгерде айыпталуучу ушул Кодекстин 114-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган бузуулардын бирине жол берген учурларда, күрөөнү мамлекеттин пайдасына алуу тууралуу маселени чечет;

3) күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат;

4) кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну бекитет.

4. Тергөө судьясы ушул Кодекске ылайык ишти маңызы боюнча чечүүдө соттук кароонун предмети болушу мүмкүн болгон маселелерди алдын ала чечпөөгө, тергөөгө жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө жиберүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү бербөөгө, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жана көзөмөлгө алуучу прокурордун ордуна иш-аракеттерди жасабоого жана чечимдерди кабыл албоого тийиш.

32-берене. Сот арачыларынын ыйгарым укуктары

1. Сот арачыларынын катышуусу менен жазык сот өндүрүшүн ишке ашырууда, ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган, ушул Кодекс менен белгиленген тартипте алардын алдына коюлган маселелерди чечет.

2. Сот арачылары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин жагдайын өзүнүн ички ынанымы боюнча өз алдынча баалоо мүмкүнчүлүгүн алуу жана сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган суроолорго жооп берүү үчүн сотто каралып жаткан далилдерди изилдөөгө катышууга;

2) жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына суроолорду берүүгө, алар жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга старшиналар аркылуу берилет;

3) буюм далилдерин, документтерди кароого, жерди жана жайларды кароолорду жүргүзүүгө, далилдерди изилдөө боюнча бардык башка аракеттерге катышууга;

4) төрагалык кылуучудан ишке тиешелүү мыйзам ченемдерин жана алар үчүн түшүнүксүз башка суроолорду чечмелеп берүүнү суранууга;

5) сот отурумунун учурунда жазуу жүзүндө кыскача жазууларды жүргүзүүгө.

3. Сот арачылары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сот отурумунун убагында тартипти сактоого жана төрагалык кылуучунун мыйзамдуу тескөөлөрүнө баш ийүүгө;

2) тыныгуу жарыяланган же ишти угуу кийинкиге калтырылган учурда, сот отурумун улантуу үчүн сот тарабынан көрсөтүлгөн убакытта келүүгө;

3) ишти угуу убагында соттун отурум залынан чыгып кетпөөгө;

4) каралып жаткан жазык ишинин жагдайлары боюнча соттун курамына кирбеген адамдар менен сүйлөшпөөгө;

5) ишти териштирүүнүн жүрүшүндө жана сот отурумунан тышкары иш боюнча маалыматтарды чогултпоого;

6) сот арачыларынын алдына коюлган суроолор боюнча кеңешүүнүн жана добуш берүүнүн жашырындуулугун бузбоого;

7) аларга соттун жабык отуруму убагында белгилүү болуп калган маалыматтарды, ошондой эле аларды тандоодо сот арачылары жөнүндө аларга белгилүү болуп калган фактыларды ачыкка чыгарбоого;

8) эгерде каралып жаткан жазык ишинде андай маалыматтар болсо, мамлекеттик жашыруун же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого. Мындай учурларда сот арачыларынан ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат алынат.

4. Сот арачысынын ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбай коюусу, төрагалык кылуучу тарабынан сот арачысын ишти кароого андан ары катышуудан четтетүүгө жана мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

5-глава. Айыптоо тарабынан процесстин катышуучулары

33-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор - ушул Кодексте каралган компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы:

1) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакташын көзөмөлгө алууну;

2) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;

3) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону;

4) сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууну.

2. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурор төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) сотко чейинки өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жеткиликтүү болууга;

2) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун жана чечүүнүн аткарылышынын мыйзамдуулугун текшерүүгө;

3) тергөө караштуулугуна ылайык жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, өзгөчө учурларда - тергөө караштуулугуна карабастан, тергөө үчүн тапшырууга, өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөндөгүлөр болуп саналат: тергөөчү ишти калыс тергөө жүргүзбөөсү; кызмат адамдары тарабынан карамагында турган тергөөчүгө тигил же бул чечимди кабыл алууга кысым көрсөтүүсү; иштин коомдук маанилүүлүгү; ушул иш боюнча кылмышты ачкан органдын тергөө жүргүзүүсүнүн максатка ылайыктуулугу;

4) ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктардын алкагында жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) алып барууга;

4-1) тиешелүү органдарга ишти тергөөгө өткөрүп берүү менен тизмеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган адамдарга карата жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарууга, ошондой эле аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого;

4-2) жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти кыскартууга же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;

5) жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин тергелишинин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын аткарылуусуна;

6) кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүгө жана ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен кармалган адамдарды бошотуу тууралуу токтом чыгарууга;

7) тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына билдирилген четтетүүнү, ошондой эле алардын өзүн өзү четтетүүсүн чечүүгө;

8) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

9) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан, тергөөчүдөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;

10) көзөмөл жүргүзгөн прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн каршы пикирлерин карап чыгууга;

11) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин жана төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга;

12) тергөө судьясына бөгөт коюу чарасын колдонуу жана аны узартуу жөнүндө өтүнүч киргизүүгө;

13) сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн узартууга же болбосо аларды узартуудан баш тарууга;

14) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун чечимдерине жана иш-аракеттерине даттанууларды чечүүгө;

15) эгерде алар мыйзам бузууга жол беришсе, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын, тергөөчүнү жана төмөн турган прокурорду ушул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө андан ары катышуудан четтетүү тууралуу токтом чыгарууга;

16) эгерде ошол адамдар кылмыш жасады деп шектелишсе, жазык куугунтугунан бошоткон иммунитеттен пайдаланып жүрүшкөн адамдарды ошол иммунитеттен ажыратуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга;

17) айыпталуучуну же болбосо шектүүнү жазыктык куугунтуктоодон баш тартууга жана айыпталуучуга коюлган айыпты өзгөртүүгө;

18) жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча айыптоочу актыны бекитүүгө же болбосо жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;

19) кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууга же канааттандыруудан баш тартууга;

20) жабырлануучуну, күбөнү жана жазык сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырма берүүгө;

21) сотто айыптоону колдоого;

22) ушул Кодексте белгиленген тартипте соттук чечимдерге даттанууга;

23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2-1. Аскер прокурору - ушул Кодексте каралган компетенциянын чегинде аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы.

3. Ушул Кодексте каралган тартипте сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө байланыштуу прокурордун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына жазуу жүзүндө берилген көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Алынган көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-берене. Тергөөчү

1. Тергөөчү ушул Кодексте каралган компетенциянын чегинде жазык иши боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы болуп саналат.

2. Тергөөнүн багыттары жана тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө бардык чечимдерди тергөөчү өз алдынча кабыл алат жана аларды мыйзамдуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, буга мыйзамда каралган ушул Кодексте белгиленген прокурордун макулдугун же тергөө судьясынын чечимин алуу учурлары кирбейт.

35-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары

1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүгө;

2) жабырлануучуга материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;

3) болгондор жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды суратып алууга;

4) текшерүүлөрдү, инвентаризацияны, экспертизаларды, башка текшерүүчү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылууга;

5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана алгачкы текшерүү органынан кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;

6) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;

8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;

9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

10) зарыл болгон учурда иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;

11) адамга карата кылмыш жана (же) жорук жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;

12) жазык иши боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата жактоочунун дайындалышын талап кылууга;

13) кылмыш жана (же) терс жорук жасады деп шектенүү жөнүндө кабарлоого;

14) жабырлануучу деп таанууга;

15) Жазык кодексинде каралган жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын көрүү үчүн юридикалык жакты тартууга жана анын өкүлүнүн жазык иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берүүгө;

16) котормочуга, адиске, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;

17) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтү чечүүгө;

18) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;

19) бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу тууралуу жана жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;

20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтото туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

21) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;

22) шектүүнү, айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;

23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Тергөөчү прокурордун жазык иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

3. Тергөөчүнүн жазык иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

36-берене. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси

1. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөө өндүрүшүн уюштурат.

2. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) тергөө өндүрүшүн тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга, ошондой эле тергөөчүдөн жазык ишин алып коюуга жана анын негиздерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен башка тергөөчүгө берүүгө;

2) эгерде ал ушул Кодекстин талаптарын бузууга жол берсе, тергөөчүнү андан аркы тергөө өндүрүшүнөн четтетүүгө;

3) тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча алардын иш-аракеттеринин өз убагында болушун, тергөөчүлөрдүн тергөө жана камакта кармоо мөөнөттөрүн сакташын, ушул Кодексте белгиленген учурларда прокурордун көрсөтмөлөрүн, башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларын аткарышын контролдоону ишке ашырууга;

4) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган иш боюнча териштирүүгө катышууга, тергөөчүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен жеке өзү тергөө жүргүзүүгө укуктуу.

3. Тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин жазык иши боюнча көрсөтмөлөрү тергөөчүнүн өз алдынчалуулугун, ушул Кодекстин 35-беренесинде белгиленген анын укуктарын чектей албайт. Көрсөтмөлөр тергөөчүгө жазуу жүзүндө берилет жана аткаруу үчүн милдеттүү, бирок ап макул болбогон учурда прокурорго даттанылышы мүмкүн.

37-берене. Алгачкы текшерүү органы

1. Төмөнкүлөр алгачкы текшерүү органына кирет:

1) ички иштер органдары;

2) жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери;

3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскердик мекемелердин начальниктери;

4) чек ара бөлүктөрүнүн командирлери;

5) аба кемелеринин командирлери;

6) улуттук коопсуздук органдары;

7) (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) бажы органдары;

9) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдар;

10) өзгөчө кырдаалдар кызматынын органдары;

11) алыскы жерлердеги геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедициялардын жетекчилери;

12) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары.

2. Алгачкы текшерүү органы өзүнүн компетенциясынын чектеринде:

1) ушул Кодекстин 16-бөлүмүндө белгиленген тартипте жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;

2) жасалган кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү каттоону камсыз кылат;

3) болгон окуянын издерин сактоо чараларын көрөт;

4) далилдерди чогултуу, кылмыш жасаган адамдарды аныктоо үчүн атайын тергөө амалдары боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын ишке ашырат;

5) өз компетенциясынын чегинде иштеген прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет;

6) прокурордун жана тергөөчүнүн, анын ичинде айрым тергөө амалдарын жүргүзүү жана жабырлануучуларды, күбөлөрдү, жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларды аткарууну уюштурат;

7) айдап келүүнү жүзөгө ашырат;

8) ушул Кодекске ылайык, соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын аткарат;

9) бөгөт коюу чарасынын шарттарынын жана тартиптеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 10, 11, 12-пункттарында көрсөтүлгөн алгачкы текшерүү органдары окуянын издерин сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды гана көрүп, жыйналган материалдарды тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрүп берет.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул Кодексте каралган компетенцияларынын чектеринде жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырат.

2. Мыйзамда прокурордун макулдугун, тергөө судьясынын ушул Кодексте белгиленген чечимин алуу каралган учурларды кошпогондо, жоруктар жөнүндө иштер боюнча бардык чечимдерди алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өз алдынча кабыл алат жана алардын мыйзамдуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

39-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ыйгарым укуктары

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө;

2) жабырлануучунун материалдык залалдарын жана моралдык зыяндарынын ордун толтурууга чараларды көрүүгө;

3) окуя жана ага тиешелүү адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган материалдарды, документтерди талап кылууга;

4) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистерди, эксперттерди берүүнү талап кылууга;

5) зарыл болгон учурда иш боюнча өндүрүшкө котормочуну тартууга;

6) жорук жасагандыгына негиздүү шектенүү бар адамды кармоого;

7) жабырлануучу деп таанууга;

8) котормочуга, адиске, экспертке карата билдирилген четтетүүлөрдү чечүүгө;

9) жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтөрдү чечүүгө;

10) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;

11) жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү токтото туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

12) шектүүнү, айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;

13) прокурордун жана алгачкы текшерүү органынын начальнигинин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;

14) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жоруктар жөнүндө иштер боюнча медиаторду тарта алат.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы прокурордун жоруктар жөнүндө иштер боюнча чечими менен макул болбогон учурда, ал өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү алгачкы текшерүү органынын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамына тапшырууга укуктуу.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жоруктар жөнүндө иштер боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

40-берене. Алгачкы текшерүү органынын начальниги

1. Алгачкы текшерүү органынын начальниги алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууну тапшырат.

2. Алгачкы текшерүү бөлүмүнүн начальнигинин иш боюнча көрсөтмөлөрү жазуу жүзүндө берилет жана аткаруу үчүн милдеттүү, бирок прокурорго даттанылышы мүмкүн. Даттануу көрсөтмөлөрдүн аткарылышын токтотпойт.

41-берене. Жабырлануучу

1. Кылмыш же болбосо жорук менен дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке же юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат.

2. Жеке же юридикалык жакта жабырлануучунун укуктары жана милдеттери ага карата кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз же аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берилген учурдан тартып келип чыгат.

Эгерде кылмыштын же жоруктун натыйжасында жеке адам өлүмгө учураса же адам арыз берүүгө жараксыз абалга тушукса, аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берген жакын туугандарынын ичинен бир адам, жубайы жабырлануучу катары таанылат, ал эми бир нече арыз болгондо - бир нече адам жабырлануучу катары таанылышы мүмкүн.

Арыз бере албай турган абалда турган адам өзүнүн укугунан пайдалана алат жана ал аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бере алат.

Эгерде адам өзүнө карата кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз бербесе же өзүн жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз бербесе, анда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ал адамды жабырлануучу деп таануусу мүмкүн. Андай макулдук жок болсо, адам, зарыл болгон учурда, күбө катары тартылат.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арызды же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арызды алган учурдан тартып адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.

Кылмыш же жорук жасалганы жөнүндө арыз же адамды жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз материалдык залал жана (же) моралдык зыян келтирилбеген адам тарабынан берилген деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот жабырлануучу деп таануудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарат, ал прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Жабырлануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шектенүүнүн, айыптоонун маңызы жөнүндө кабардар болууга;

2) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтмө берүүгө;

3) далилдерди келтирүүгө;

4) өтүнүч жана четтетүү билдирүүгө;

5) котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;

6) өз өкүлүнө ээ болууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;

8) медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;

9) анын өтүнүчү же болбосо анын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө амалдарына катышууга;

10) анын катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколдору менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана аларга карата сын-пикирин билдирүүгө;

11) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;

12) жабырлануучу деп таануу жөнүндө, жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;

13) сотко катышууга;

14) соттук жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого;

15) сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин билдирүүгө;

16) алгачкы текшерүү органынын, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

17) соттун чечимдерине даттанууга;

18) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар жөнүндө кабардар болууга жана аларга каршы пикир билдирүүгө;

19) даттануулар менен сунуштамаларды сотто кароого катышууга;

20) мыйзамда белгиленген учурларда, кылмыш менен келтирилген залалдын ордуна мамлекеттин эсебинен компенсация алууга;

21) буюм далили катары же башка негиздер боюнча жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө андан алынып коюлган, кылмыш жасаган адамдан алынган мүлкүн, өзүнө таандык расмий документтердин түп нускасын кайтарып алууга;

22) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун шектүүдөн, айыпталуучудан, соттолгондон толтурууга;

23) Жазык кодексинде каралган учурларда юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонууну талап кылууга;

24) мыйзамда каралган учурларда, шектүү, айыпталуучу менен, анын ичинде медиация тартибинде элдешүүгө.

5. Жабырлануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) көрсөтмө берүүгө, иш боюнча өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө;

3) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, ошондой эле үлгүлөрдү салыштырып изилдөө үчүн берүүгө;

4) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тартылууга;

5) эгерде ал бул тууралуу ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте алдын ала эскертилген болсо, иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

6) процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана сот отуруму убагында ушул Кодексте белгиленген тартипти сактоого;

7) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү же сот тарабынан жөнөтүлгөндө, медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.

6. Жабырлануучу чакыртууга жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, ал мажбурлоо жолу менен келтирилет.

7. Көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же качканы жана алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жабырлануучу Жазык кодексинин 345, 346-беренелери боюнча жоопкерчилик тартат.

8. Жабырлануучу өзүнө же өзүнүн туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.

9. Ишке жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн жана өкүлүнүн катышуусу, аны ушул беренеде каралган укуктардан ажыратпайт.

10. Жабырлануучуга шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолгондун эсебинен материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу мыйзамда аныкталган тартипте, адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.

42-берене. Жеке айыптоочу

1. Мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тарткан учурда, сотто айыптоону өз алдынча колдогон, жалпы жана жекече-жалпы айыптоо иштери боюнча жабырлануучу жеке айыптоочу болуп саналат.

2. Ушул Кодекстин 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жекече айыптоо иштери боюнча айыптоочу катары жекече айыптоочу чыгат.

3. Жекече айыптоочуга ушул Кодекстин 285-беренесинде каралган укуктар берилет.

43-берене. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлү

1. Мыйзам күчүнө ылайык жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлү боло алышат.

2. Жашы жете элек же өзүнүн дене боюнун же психикасынын абалы боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргой албаган жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ишке катышууга милдеттүү түрдө тартылат.

3. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун өкүлдөрү жабырлануучу жана жекече айыптоочу сыяктуу эле процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ.

4. Жабырлануучунун жана жекече айыптоочунун ишке жеке катышуусу аларды бул иш боюнча өзүнүн өкүлүнө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

5. Анын жетекчиси, мыйзам же уставдык документтер менен ыйгарым укук берилген адам же ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү адам жабырлануучу болуп саналган юридикалык жактын өкүлү боло алат.

6-глава. Коргоочу тараптан процесстин катышуучулары

44-берене. Шектүү

1. Төмөнкүлөр шектүү болуп саналат:

1) ушул Кодексте каралган тартипте кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектелип кармалгандар;

2) кылмыш же жорук жасаганга шектүү экени жөнүндө кабарлама чыгарылгандар.

2. Тергөөчү тарабынан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган же прокурор тарабынан айыптоо актысы бекитилген учурдан тартып адам жазык иши боюнча шектүүнүн статусунда болуудан калат.

Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган же прокурор тарабынан айыптоо актысы бекитилген учурдан тартып жоруктар жөнүндө иштер боюнча адам шектүүнүн статусунда болуудан калат.

45-берене. Шектүүнүн укуктары жана милдеттери

1. Шектүүнүн төмөнкүлөргө укугу бар:

1) өзүнүн кайсыл кылмышты жана (же) жорукту жасаганына шектенилип жатканын билүүгө;

2) кармаганда - бир жолу телефон менен натыйжалуу акысыз жана көзөмөлдөнгөн сүйлөшүүгө;

3) кылмыш, жорук жасаганына шектенүү жөнүндө кабарламанын, жаңы шектенүү же шектенүүнүн квалификациясын өзгөртүү тууралуу кабарламанын көчүрмөсүн, кармоо жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн алууга;

4) өзүнүн укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга;

5) өзүн-өзү же өзү тандаган адвокаттын жардамы алдында коргоого;

6) кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектүүлүгү жөнүндө билдирилген учурдан тартып жактоочу алууга, ал эми кармалганда - иш жүзүндө кармалган учурдан тартып тандап алган жактоочусу жок болгондо, мамлекет тарабынан кепилденген жактоочу алууга;

7) жактоочу алууга, анын ичинде бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн тергөө судьясы караганда;

8) мыйзамда каралган учурларда, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;

9) өзүнүн жактоочусу менен саны, узактыгы чектелбеген, тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;

10) анын өтүнүчү же анын жактоочусунун же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө амалдарына катышууга;

11) кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнү талап кылууга;

12) көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга;

13) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;

14) квалификациялуу котормочунун кызматынан пайдаланууга;

15) далилдерди келтирүүгө;

16) өтүнүчүн жана четтетүүлөрдү билдирүүгө;

17) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколу менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана алар боюнча сын-пикирлерин билдирүүгө, алар протоколго түшүрүлөт;

18) алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракетине (аракетсиздигине) даттанууга;

19) иш жүзүндө кармалгандан кийин медициналык кароого жана врачтын жардамына;

20) сотко чейинки өндүрүш бүткөндөн кийин, иштин бардык материалдары менен таанышууга жана көчүрмөлөрүн алууга;

21) ушул Кодексте каралган учурларда, процесстик макулдашуу түзүүгө;

22) айыптоо актысынын көчүрмөсүн алууга;

23) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.

2. Шектүү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талаптарына баш ийүүгө;

3) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү жибергенде медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.

3. Шектүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн талабы боюнча төмөнкүлөргө тартылышы мүмкүн:

1) кароого, ошондой эле кармалганда жеке тинтүүгө;

2) врачтык кароого, дактилоскопиядан өтүүгө, фото-видео тартууга;

3) күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;

4) экспертизадан өтүүгө.

4. Биологиялык тегинин үлгүлөрүн (кан, чач, адамдын организиминен бөлүнүп чыккандарды) мажбурлап алуу, мындай үлгүлөрдү алуу инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо укугун бузуу менен коштолгон учурларды кошпогондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

5. Шектүү ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот.

6. Шектүүнү ар бир жолу убактылуу бөлөк кармоочу жайга жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакын туугандарынан, жубайынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук, кыйноо же катаал мамиле колдонулганы жөнүндө даттануу түшкөндө, тиешелүү документти түзүү менен ал милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү милдети убактылуу камакта кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.

46-берене. Айыпталган, акталган, соттолгон

1. Ушул Кодексте белгиленген тартипте ага карата айыптоо актысы бекитилген адам жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча айыпталуучу деп таанылат.

2. Өзүнө карата актоо өкүмү чыгарылган айыпталуучу - акталган деп, ал эми мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн токтому чыгарылганда - соттолгон деп эсептелет.

47-берене. Айыпталуучунун, акталгандын, соттолгондун укуктары жана милдеттери

1. Айыпталуучунун төмөнкүлөргө укугу бар:

1) өзүнүн кайсыл кылмышты жана (же) жорукту жасаганына айыпталып жатканын билүүгө;

2) өз укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана коргоого карата даярдануу үчүн жетиштүү убакыт алууга;

3) тиркелүүчү маалымдамалары менен айыптоо актысынын көчүрмөсүн, сот тарабынан экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтомдордун көчүрмөсүн алууга;

4) көрсөтмөлөрдү берүүгө же көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга;

5) далилдерди келтирүүгө;

6) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү билдирүүгө;

7) көрсөтмөнү өз эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;

8) квалификациялуу котормочунун кызматынан пайдаланууга;

9) өзүн-өзү же өзү тандаган адвокаттын жардамы алдында коргоого;

10) мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;

11) санын жана узактыгын чектөөсүз, тоскоолдуксуз өзүнүн жактоочусу менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө;

12) иштин бардык материалдары менен таанышууга жана көчүрмөлөрүн алууга;

13) эгерде ал өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралган кылмышты жасагандыгына айыпталып жатса, анын жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч берүүгө;

14) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.

2. Айыпталуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сотко чакыруу боюнча келүүгө;

2) сотто төрагалык кылуучунун тескөөлөрүнө баш ийүүгө;

3) төрагалык кылуучунун уруксаты жок сот отурумунун залынан чыгып кетпөөгө;

4) сот отурумунун тартибин сактоого;

5) сот тарабынан жиберилгенде медиатор менен маалыматтык жолугушууга келүүгө.

3. Айыпталуучу ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот.

4. Ушул Кодексте каралган тартипте жашы жете электин же аракетке жөндөмсүз айыпталуучунун укуктарын анын мыйзамдуу өкүлү жүзөгө ашырат.

5. Айыпталуучу камакта кармоочу жайга ар бир жолу жеткирилген сайын, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакын туугандарынан ага карата зомбулук, кыйноо же катаал мамиле жасагандыгы туурасында даттануу түшкөн учурда, ал тийиштүү документти түзүү менен милдеттүү түрдө медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү милдети камакта кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.

6. Акталгандын же соттолгондун төмөнкүлөргө укугу бар:

1) сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин берүүгө;

2) соттун чечимдеринин көчүрмөлөрүн алууга жана аларга даттанууга;

3) иш боюнча түшкөн даттануулар жана сунуштамалар жөнүндө билүүгө жана аларга каршы пикирин билдирүүгө;

4) даттануулардын жана сунуштамалардын сотто каралышына катышууга;

5) жактоочуга ээ болууга, мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамга.

48-берене. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам

1. Мыйзамдын күчү аркылуу кылмыш же жорук менен же Жазык кодексинде же Жоруктар жөнүндө кодексте тыюу салынган акыл-эси жайында эместин, ошондой эле жашы жете электин аракети менен келтирилген материалдык залал жана моралдык зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартылат.

2. Зыяндардын ордун толтурууга жооптуу адам ушул Кодексте шектүү, айыпталуучу, соттолгон үчүн каралган материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү укуктарга жана милдеттерге ээ болот. Зыяндардын ордун толтурууга жооптуу адамга жазык өндүрүшүндө кабыл алынган материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга тийиштүү процесстик чечимдер жөнүндө билдирилет жана алардын көчүрмөсүн ушул Кодексте шектүүнү, айыпталуучуну, акталганды, соттолгонду кабарландыруу үчүн белгиленген учурларда жана тартипте алат.

49-берене. Жашы жете элек жабырлануучунун, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери

1. Жашы жете электер жасаган кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча ишке милдеттүү катышуу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тартылат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле жашы жете элек жабырлануучунун, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ишке катышуусу ушул Кодекстин 54-главасында белгиленген тартипте жүзө ашырылат.

50-берене. Жактоочу

1. Жактоочу - жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто жактоочу катары адвокат катышат.

2. Жактоочу шектүүнү иш жүзүндө кармаган же шектүүгө, айыпталуучуга кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектелгени жөнүндө билдирген учурдан тартып, ал эми күбөнү - биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат. Адвокат ким экенин ырастаган документин жана ордерин көрсөткөндөн кийин ал жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуктуу.

3. Эгерде алардын биринин кызыкчылыгы экинчисинин кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, бир эле адам эки шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн жактоочусу боло албайт.

4. Адвокат алгачкы текшерүү же тергөө органына, прокуратурага же сотко чакырылган бардык адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашырууга укугу бар, мында адвокат ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ.

51-берене. Жактоочуну чакыруу, дайындоо, алмаштыруу, анын эмгек акысын төлөп берүү

1. Жактоочу шектүү, айыпталуучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн тапшыруусу же макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан чакырылат.

2. Шектүүнүн, айыпталуучунун жазык сот өндүрүшүнө жактоочусун катыштыруу укугу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат.

3. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокат менен камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттан эмгек акысын төлөө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

4. Шектүү, айыпталуучу тарабынан тандалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.

5. Жактоочу жазык сот өндүрүшүнө 5 суткадан ашык, ал эми бөгөт коюу чарасын тандоодо - 2 сааттан ашык катыша албаган учурда, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат камсыз кылууга милдеттүү.

52-берене. Жактоочунун милдеттүү катышуусу

1. Төмөнкү учурларда жактоочунун жазык сот өндүрүшүнө катышуусу милдеттүү, эгерде:

1) шектүүнүн, айыпталуучунун сүйлөө, угуу, көрүү органдарында олуттуу кемчилик болгондуктан, узакка созулган катуу оорудан, ошондой эле акыл-эстин начардыгынан, кем акылдыктан, башка дене-бойлук же психикалык мүчүлүштүктөрүнөн улам өзүнүн актоо укугун өз алдынча ишке ашыруу кыйын болгон учурда;

2) шектүүдө, айыпталуучуда өтүнүч бар болсо;

3) шектүү, айыпталуучу жазык сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же жетиштүү деңгээлде билбесе;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жашы жете элек болсо;

5) адам өзгөчө оор кылмыш жасады деген шектенүү же күнөө коюлуп жатса;

6) шектүү, айыпталуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы болуп саналса;

7) шектүүнүн, айыпталуучунун кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар болсо жана, жок эле дегенде, алардын бирөөсүнүн жактоочусу болсо;

8) жазык иши боюнча өндүрүшкө жабырлануучунун, жеке айыптоочунун өкүлү катышса;

9) жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш болсо;

10) адамдын акыл-эсинин жайында экендиги шек туудурган, психикалык оорулар же акыл-эсинин ордунда экендиги шек туудурган башка маалыматтардын фактысы аныкталган учурдан тартып - медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды көрүү каралып жаткан же аларды колдонуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамдарга карата;

11) процесстик макулдашуу жана аны түзүү жөнүндө өтүнүч билдирилсе.

2. Сот тарабынан шектүүгө, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө прокурордун өтүнүчүн кароодо жактоочунун катышуусу милдеттүү. Бул талап бөгөт коюу чараларынын мөөнөттөрүн узартуунун жол-жобосуна да жайылтылат.

53-берене. Жактоочудан баш тартуу

1. Шектүү, айыпталуучу жактоочудан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана иште прокурордун, ага тете башка шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жактоочуларынын катышуусуна тоскоолдук кылбайт.

2. Жактоочудан баш тартуу жактоочунун катышуусунда жүзөгө ашырылат.

3. Жактоочудан баш тартканда жактоо иши шектүүнүн, айыпталуучунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ушул Кодекстин 52-беренесинде каралган учурларда шектүүнүн, айыпталуучунун жактоочудан баш тартуусуна жол берилбейт.

5. Шектүүнүн, айыпталуучунун жактоочусун ишке катышуудан бошотуу соттун аныктамасы, судьянын, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтому менен жол-жоболоштурулат.

54-берене. Жактоочунун ыйгарым укуктары

1. Юридикалык жардам көрсөтүү менен адвокат сот өндүрүшүнө тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык негиздеринде жактоочу катарында катышат.

2. Ишке катышкан учурдан тартып жактоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн пайдасына күбөлөөчү материалдарды жеке өзү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке детективди пайдалануу аркылуу чогултууга жана сотко чейинки өндүрүштө жана сотто көрсөтүүгө;

2) күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү арыздарын жана түшүнүктөрүн алууга, кароонун жеке протоколдорун түзүүгө;

3) тергөө судьясынын алдында далилдерди депонирлөө жөнүндө өтүнмө берүүгө;

4) ушул Кодекстин 175-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте экспертти чакыруу менен экспертизаны дайындоо жөнүндө, ошондой эле демилгеси боюнча эксперт тартылып жаткан тараптын эсебинен келишимдик негизде экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнмө менен тергөө судьясына кайрылууга;

5) адамды кармоодо жана шектенүү жөнүндө кабарландырууда катышып турууга;

6) корголуучуну (шектүүнү, айыпталуучуну, күбөнү) суракка алууга, ошондой эле анын катышуусу менен же анын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү башка тергөө амалдарына катышууга;

7) шектүү, айыпталуучу менен санына жана узактыгына чек коюлбаган жана тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;

8) кармоо протоколу, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом, шектүүнүн, айыпталуучунун же жактоочунун өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколдору, шектүүгө, айыпталуучуга берилген же болбосо берилүүгө тийиш болгон документтер менен таанышууга, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;

9) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;

10) өтүнмө билдирүүгө;

11) сотко катышууга;

12) четтетүүлөрдү билдирүүгө;

13) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууга жана аларды кароого катышууга;

14) сот алдында мажбурлап алып келүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;

15) далилдерди талап кылууга;

16) коргоонун мыйзамга каршы келбеген башка бардык каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга.

3. Тергөө амалдарын жүргүзүүгө катышып жаткан жактоочу тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен суракка алынып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө укуктуу. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жактоочунун суроолорун четке кага алат, бирок четке кагылган суроолорду протоколго киргизүүгө милдеттүү. Жактоочу тергөө амалдарынын протоколунда андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу боюнча өзүнүн жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин киргизүүгө укуктуу.

4. Жактоочу коммерциялык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка жарыялабоо жөнүндө мыйзам актыларында белгиленген тартипти сактоо менен, жактоону жүзөгө ашыруу, жабырлануучунун кызыкчылыктарын жактоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды төмөнкү жолдор менен алууга укуктуу:

1) юридикалык жактардан маалымдамаларды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алууга.

Маалымдамалар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер мамлекеттик органдардан, коомдук бирикмелерден, ошондой эле башка юридикалык жактардан жактоочу, жабырлануучунун өкүлү тарабынан суратып алынышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн юридикалык жактар жактоочуга, жабырлануучунун өкүлүнө алар сураган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.

Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын санкциялоо жөнүндө маселени кароодо суратылган маалымдамалар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер жактоочуга 2 сутканын ичинде берилиши керек;

2) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөөгө;

3) эксперттик мекемеге тиешелүү экспертизаны келишимдик негизде жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жиберүүгө;

4) адисти келишимдик негизде тартууга;

5) алардын макулдугу менен жазык ишине же жоруктар жөнүндө ишке тиешеси бар маалыматтарга болжолдуу ээ болгон адамдарды сурамжылоого, анын ичинде илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сурамжылоого.

5. Жактоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө;

2) корголуучунун (шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн) макулдугусуз жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган жана мыйзам менен корголуучу адвокаттык же башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

3) адвокаттын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин сактоого.

6. Жактоочунун өзү коргоп жаткан адамдын кызыкчылыгына каршы кандайдыр-бир аракеттерди жасоого укугу жок.

7. Жактоочу жыйнаган далилдер анын өтүнмөсү боюнча ишке тиркелүүгө Милдеттүү. Бул материалдар ушул Кодекстин талаптарына ылайык сот, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы тарабынан изилденүүгө, баа берилүүгө тийиш.

55-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жете элек шектүү кармалган учурдан тартып же жашы жете элек шектүү биринчи суракка алынган учурдан тартып ишке катышат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин материалдары менен таанышууга;

2) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга жана аларды кароого катышууга.

3. Ишке катышкан учурдан тартип балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жашы жете электин турмуштук кырдаалына баа берүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүүгө;

2) жашы жете электин социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө;

3) жашы жете электи социалдык, психологиялык, педагогикалык, медициналык реабилитациялоо боюнча чараларды анын камалуу себептерине негиздеп иштеп чыгууга;

4) жашы жете элек катышуучусу болуп саналган же катышуучусу боло турган процесстик иш-аракеттер жөнүндө жашы жете элек үчүн түшүнүүгө жеткиликтүү формада жашы жетелектин кабардар болуусун камсыз кылууга.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жете элек жабырлануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сотко чейинки өндүрүштө да, ошондой эле сотто дагы коргойт жана ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган укуктарды жана милдеттерди пайдаланат.

5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет.

56-берене. Жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулуп жаткан юридикалык жактын өкүлү

1. Анын кызыкчылыктары боюнча жеке адам же юридикалык жак аркылуу жасалган кылмыштуу жосундарга байланыштуу жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулуп жаткан юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылууга юридикалык жактын өкүлү катышуусу керек.

2. Төмөнкүлөр юридикалык жактын өкүлү боло алат:

1) юридикалык жактын ишин жөнгө салуу белгиленген документтердеги ыйгарым укуктарга ылайык жеке адам;

2) бул максат үчүн атайын берилген ишеним каттын негизиндеги жеке адам;

3) мыйзамда белгиленген тартиптеги адвокат.

3. Конкреттүү жазык ишинде жабырлануучу болуп саналган же жеке өзүнүн кызыкчылыктары же болбосо анын жакын туугандарынын, жубайынын жеке кызыкчылыктары жакталуучу юридикалык жактын кызыкчылыктарына карама-каршы келген адам, ушул иш боюнча шектүү же айыпталуучу юридикалык жактын өкүлү боло албайт.

57-берене. Өзүнө карата жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулуп жаткан юридикалык жактын өкүлүнүн укуктары

1. Юридикалык жактын өкүлү жактоочунун процесстик укуктарына жана милдеттерине ээ.

2. Юридикалык жактын өкүлү адвокат чакырууга укуктуу.

7-глава. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдар

58-берене. Күбө

1. Жазык иши же терс жорук жөнүндө иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам күбө катары таанылат.

2. Күбө ишке айыптоочу, жактоочу, жабырлануучунун кызыкчылыктарынын өкүлү, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу адам катары катыша албайт.

3. Ишке жабырлануучунун, айыпкердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусу ал адамдарды күбө катары суракка алуунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

4. Төмөнкүлөр күбө катары суракка алынууга жатпайт:

1) судья - иш боюнча өндүрүшкө катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган иштин жагдайлары жөнүндө;

2) сот арачысы - ал жазык иши боюнча өндүрүшкө катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жазык ишинин жагдайлары жөнүндө;

3) жактоочу, ошого тете жабырлануучунун өкүлү - иш боюнча өз милдеттерин аткарып жаткандыгына байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;

4) адвокат, адвокаттын жардамчысы - юридикалык жардамга кайрылуу же аны көрсөтүү менен байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;

5) психологиялык же дене бой кемчилдиктеринин айынан иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адам;

6) шектүүнүн, айыпкердин жакын туугандары, жубайы;

7) медиатор-медиация жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.

5. Эгерде ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда аталган адамдар көрсөтмө берүүнү кааласа, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат.

6. Күбө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) көрсөтмөнү эне тилинде же билген башка тилде берүүгө, квалификациялуу котормочунун кызматтарынан пайдаланууга;

2) аны суракка алууга катышкан котормочуну четтетүү жөнүндө билдирүүгө;

3) көрсөтмөлөрүн өз колу менен баяндоого;

4) сурактын протоколу менен таанышууга, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

5) көрсөтмөлөрдү берүүдө белгилеп жазылгандарды жана документтерди пайдаланууга;

6) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине даттанууга;

7) иш боюнча өндүрүштө тарткан чыгымдарынын ордун толтуртууга;

8) жазык процессин жүргүзүп жаткан орган тарабынан буюм далили катары же башка негиздер боюнча алынган мүлкүн, өзүнө тиешелүү расмий документтердин нускаларын алууга;

9) сурак жүргүзүүдө коргоочусу болууга.

7. Күбө төмөнкүлөргө милдеттүү;

1) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыруусу боюнча келүүгө;

2) иш боюнча бардык белгилүү болгондорду туура билдирүүгө жана коюлган суроолорго жооп берүүгө;

3) иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө маалыматтарды сурак жүргүзүүчүнүн уруксаты жок ачыкка чыгарбоого.

8. Күбө жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо, ал мажбурлап алдырып келиниши мүмкүн.

9. Билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги, көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн күбө Жазык кодексинин 345, 346-беренелери боюнча жоопкерчилик тартат.

10. Күбө өзүнө каршы же өзүнүн жакын туугандарына, жубайына каршы күбө болууга милдеттүү эмес.

59-берене. Эксперт

1. Пайда болгон маселелерди сотко чейинки өндүрүштүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө атайын илимий билимдерди пайдалануу менен чечүү жана анын негизинде корутунду берүү үчүн сот, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы же алардын талабы боюнча эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан дайындалган, жазык процессинде кызыкчылыгы жок адам эксперт болуп саналат. Эксперт процесстин катышуучулары тарабынан сунушталган адамдардын ичинен дайындалышы мүмкүн.

2. Эксперттин илим, техника, искусство, кол өнөрчүлүк жаатында коюлган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн жетиштүү атайын билимдери болууга тийиш.

3. Адам укук маселелери боюнча эксперт катары иш боюнча өндүрүшкө дайындалышы же башкача түрдө тартылышы мүмкүн эмес.

4. Зарыл болгондо, иш боюнча бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн.

5. Экспертти чакыруу, экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин экспертизанын предметине таандык болгон материалдары менен таанышууга;

2) салыштырып изилдөө жана корутунду берүү үчүн зарыл болгон объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;

3) корутунду берүү же башка эксперттердин катышуусу менен экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды өзүнө берүүнү талап кылууга;

4) эгерде коюлган маселелер анын атайын билимдеринин чегинен чыгып кетсе, корутунду берүүдөн баш тартууга;

5) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышууга жана өзү жүргүзүп жаткан экспертизанын предметине таандык болгон суроолорду берүүгө;

6) экспертизанын предметине таандык болгон маселелер боюнча соттук териштирүүгө катышууга.

7. Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун, тергөөчүнүн алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыруусу боюнча келүүгө;

2) өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча калыс корутунду берүүгө;

3) сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын ачыкка чыгарбоого;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого.

8. Эксперт жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо, ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.

9. Эксперт билип туруп жалган корутунду берген учурда, ал Жазык кодексинин 345-беренесинде каралган жоопкерчилик тартат.

10. Эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:

1) процесстин катышуучулары менен экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

2) эгерде андайга соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамынын атайын уруксаты жок болсо, берилген объекттерди толук же жарым-жартылай жок кылууга же болбосо алардын тышкы көрүнүшүн же негизги касиеттерин өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө.

60-берене. Адис

1. Экспертиза маселелерин коюу үчүн буюмдарды жана документтерди табууда, бекемдөөдө, алып коюуда, техникалык каражаттарды колдонууда көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле тараптарга жана сотко өзүнүн кесиптик компетенциясына кирген маселелерди түшүндүрүү үчүн атайын билимдерге жана такшалууга ээ болгон, ишке кызыкчылыгы жок адам жазык иши боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.

2. Адис төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүн чакыртуунун максатын билүүгө;

2) эгерде тиешелүү атайын билимдерге жана такшалууга ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;

3) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроолорду берүүгө;

4) өзү катышып жаткан тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго жазылууга тийиштүү билдирүүлөрдү жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

5) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерине даттанууга;

6) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга, жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча өндүрүштө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга.

3. Адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыртуусу боюнча келүүгө;

2) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө атайын билимдерди, тажрыйбаны жана илимий-техникалык каражаттарды пайдаланып катышууга;

3) өзү аткарган аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого;

5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

4. Адис өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептерсиз баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.

61-берене. Котормочу

1. Котормочу болуп жазык процессине кызыкпаган, тиешелүү тилди билген же болбосо сурдокотормочулук тажрыйбасы, которуу үчүн зарыл билими жана тажрыйбасы бар жана шектүү, айыпталуучу, алардын коргоочулары же болбосо жабырлануучу же алардын өкүлдөрү, ошондой эле күбөлөр жана иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан процесстин башка катышуучулары иш боюнча сот өндүрүшү жүрүп жаткан сот өндүрүшүнүн тилин билбеген учурларда, ошого тете жазуу жүзүндөгү документтерди которуу үчүн тергөө жана сот аракеттерине катышуу үчүн тартылган адам саналат.

2. Адамды котормочу деп дайындоо жөнүндө судья, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы - токтом, ал эми сот - аныктама чыгарат.

3. Котормочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзү өндүрүшүнө катышкан тергөө аракеттеринин протоколу менен, ошондой эле соттук отурумдун протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизилүүчү сын-пикирлерди жазууга;

2) эгерде өзү которуу үчүн зарыл болгон билимдерге ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;

3) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерине даттанууга;

4) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга жана келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга.

4. Котормочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыртуусу боюнча келүүгө;

2) өзүнө тапшырылган котормону так жана толук аткарууга;

3) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколуна котормонун, процесстин катышуучуларына тапшырылуучу алардын эне тилине же алар билген тилге которулган процесстик документтердин котормосунун тууралыгын кол коюп ырастоого;

4) иштин жагдайлары же котормочу катары ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган башка маалыматтар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

5) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого.

5. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Жазык кодексинин 345-беренеси боюнча жоопкерчилик тартат.

62-берене. Медиатордун укуктары жана милдеттери

1. Мыйзамдын талаптарына ылайык медиация жүргүзүү үчүн тараптар тартуучу көз карандысыз жеке жак медиатор болуп саналат.

2. Медиатор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) медиация тартибинде жарашуу жөнүндө макулдашууну (медиациялык макулдашууну) түзүүдө тараптарга көмөктөшүүгө;

2) медиациянын тараптары менен көзмө-көз жана жолугушуулардын санын жана узактыгын чектебестен купуя кездешүүгө;

3) эгерде бул жарашууга жардам бериши мүмкүн болсо жана бул жөнүндө медиациянын тараптары келишип албаса, талашка тиешеси бар башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүүгө;

4) эгерде ал жүргүзүп жаткан медиациянын жол-жобосу тараптардын жарашуусуна алып келбейт деп эсептесе, медиация жол-жобосун өткөрүүдөн баш тартууга.

3. Медиатор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, же болбосо соттун жиберүүсү боюнча маалыматтык жолугушууда тараптарды кабыл алууга;

2) тараптарга жарашуу укугун, медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрүп берүүгө;

3) медиациянын жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоого;

4) медиациянын тараптарына медиациянын жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшү жана этаптары жөнүндө маалымдоого;

5) эгерде тараптар бул жөнүндө келишип албаса, медиация жол-жобосунун купуялыгын сактоого;

6) жарашуу жөнүндө макулдашуунун (медиациялык макулдашуунун) долбоорун даярдоого;

7) тараптар медиациядан баш тарткан учурда, тараптарды медиацияга жиберген органга бул жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө кабарлоого;

8) эгерде медиация башталганга чейин же анын жүрүшүндө анын калыстыгына таасир көрсөтүүчү жагдайлар келип чыкса, медиация жол-жобосун жүргүзүүдөн баш тартууга.

3. Медиатор сотко чейинки өндүрүшкө жорук же кылмыш жөнүндө арыз катталган жана кабарланган учурдан тартып, ошондой эле сотко чейинки же соттук териштирүүнүн ар кандай баскычында катышууга укуктуу.

63-берене. Сот отурумунун катчысы

1. Сот отурумунун катчысы жазык процессине кызыкдар болбогон мамлекеттик кызматчы болуп саналат, ал сот отурумунун протоколун жүргүзөт.

2. Сот отурумунун катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ал протоколдоону камсыз кылуу зарыл болгонго чейин бардык убакта сот отурумунун залында болууга жана төрагалык кылуучунун уруксаты жок сот отурумун таштап кетпөөгө;

2) протоколдо соттун аракеттерин жана чечимдерин, сот отурумуна катышуучу бардык адамдардын өтүнүчтөрүн, каршы болууларын, көрсөтмөлөрүн, түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле илимий-техникалык каражаттарды колдонуу менен сот отурумунун протоколунда чагылдырылууга тийиш болгон башка жагдайларды толук жана туура баяндоого;

3) сот отурумунун протоколун ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө түзүүгө;

4) төрагалык кылуучунун мыйзамдуу буйруктарына баш ийүүгө;

5) жабык сот отурумуна катышуусу менен байланыштуу ага белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

3. Сот отурумунун протоколуна билип туруп туура эмес же чындыкка дал келбеген маалыматтар киргизилген учурда, ошондой эле сот отурумунун протоколунун толук жана туура түзүлүшү үчүн сот отурумунун катчысы мыйзамда каралган тартип жоопкерчилигин тартат.

64-берене. Сот приставы

1. Сот приставы ага мыйзам менен жүктөлгөн соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруучу кызмат адамы болуп саналат.

2. Сот приставы:

1) сот отурумунун залында тиешелүү тартипти камсыз кылат жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жаза чарасын дайындайт;

2) сот отурумунун залындагы адамдардын тартипти сакташын көзөмөлдөйт;

3) төрагалык кылуучунун сот отурумунда тартипти бузган адамдардын сот залынан чыгып кетүүсү жөнүндө буйругун аткарат;

4) төрагалык кылуучунун сот процессинин катышуучуларынын келүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан буйруктарын аткарат;

3. Ушул беренеде каралган милдеттерди аткаруу менен байланышкан сот приставынын талаптары сот отурумунун залындагы бардык адамдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

8-глава. Жазык сот өндүрүшүнө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар. Четтетүүлөр

65-берене. Иш боюнча өндүрүшкө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар

1. Алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья иш боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт, эгерде алар:

1) жабырлануучу, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам же ал иш боюнча күбө болуп саналса;

2) сот арачысы, тергөө судьясы, эксперт, адис, котормочу, соттук отурумдун катчысы, шектүүнүн, айыпкердин коргоочусу, мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын өкүлү катары катышкан болсо;

3) бул иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын биринин жакын тууганы же жубайы болуп саналса.

2. Эгерде алар бул иштин натыйжасына жеке, тике же кыйыр кызыкдар деп болжолдоого негиз берүүчү башка жагдайлар болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.

66-берене. Четтетилүүгө жаткан адамдардын иш боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берилбестик

1. Ушул главада каралган четтетүү үчүн негиздер болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, соттук отурумдун катчысы, котормочу, эксперт, адис, коргоочу, ошондой эле жабырлануучунун өкүлдөрү иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилүүгө тийиш.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилбесе, шектүү, айыпкер, мыйзамдуу өкүл, коргоочу, ошондой эле прокурор, жабырлануучу же алардын өкүлдөрү тарабынан четтетүү билдирилиши мүмкүн.

67-берене. Ишти кароого судьянын кайталап катышуусуна жол берилбестиги

1. Сотко чейинки өндүрүшкө катышуучу тергөө судьясы биринчи апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто ошол эле ишти маңызы боюнча кароого катыша албайт.

2. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого, ошондой эле ал чыгарган ишти кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) жокко чыгарылгандан кийин, биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт.

3. Анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда, судья ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого кайталап катыша албайт.

4. Ишти апелляциялык, кассациялык тартипте кароого катышкан судья ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.

5. Сот арачысынын катышуусу менен ишти кароого катышкан судья аны кассациялык тартипте кароодо, ошондой эле даттанууларды жана сунуштарды кассациялык кароонун натыйжасы боюнча сот арачысынын катышуусу менен соттун өкүмү алып салынган жана иш жаңы кароого жиберилген учурда, аны кароого катыша албайт.

68-берене. Судьяны четтетүү

1. Ушул Кодекстин 65-67-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар чыкканда, судья ишке катышуудан четтетилүүгө милдеттүү. Ошол эле негиздер боюнча тараптар судьяны четтетүүнү билдириши мүмкүн.

2. Четтетүү соттук кароо башталганга чейин, ал эми иш сот арачыларынын катышуусу менен каралган учурда - сот арачыларынын коллегиясы түзүлгөнгө чейин билдирилүүгө тийиш. Сот отурумунун андан аркы жүрүшүндө четтетүү жөнүндө билдирүүгө ал үчүн негиздер мурда тарапка белгилүү болбогон учурда гана жол берилет.

3. Мурда канааттандыруудан ошол эле негиздер боюнча баш тартылган судьяга экинчи ирет билдирилген четтетүү каралбайт.

4. Сот адилеттигин жүргүзүүдөн негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

5. Судьяны четтетүү жөнүндө негизсиз арыз канааттандырылбайт.

69-берене. Четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруунун натыйжалары

1. Тергөө судьясы, биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан судья ишти кароодон четтетилген учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, анда иш жогору турган сот аркылуу биринчи инстанциядагы башка сотко өткөрүлүп берилет.

2. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы сотто ишти кароодо судьялар четтетилген учурда, иш ошол эле сотто, бирок башка курамда каралат.

3. Эгерде четтетүүнү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 68-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык инстанцияда ушул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүлүп берилиши керек.

70-берене. Процесстин катышуучулары билдирген четтетүүнү чечүү тартиби

1. Судьяны, ошондой эле процесстин катышуучуларын четтетүү жөнүндөгү маселе сот тарабынан атайын бөлмөдө чечилет.

2. Судьяга билдирилген четтетүү четтетилген судьяны катыштырбастан, калган судьялар тарабынан чечилет, мындай судья калган судьяларга өзүнө билдирилген четтетүүнүн жүйөсү боюнча өз түшүндүрмөсүн алдын ала ачык баяндап берүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калса, судья четтетилди деп эсептелет.

3. Бир нече судьяга же соттун коллегиясынын бүтүндөй курамына билдирилген четтетүү сот тарабынан коллегиянын толук курамында көпчүлүк добуш менен чечилет.

4. Тергөө судьясына, судьяга билдирилген четтетүү ушул четтетүү билдирилген судья тарабынан токтом чыгаруу менен чечилет.

5. Эгерде бир эле мезгилде судьяга, прокурорго, жактоочуга, өкүлгө, сот отурумунун катчысына, котормочуга, экспертке, адиске четтетүү билдирилсе, судьяны четтетүү жөнүндөгү маселе биринчи кезекте чечилет.

6. Судьяны, прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, коргоочуну, өкүлдү, соттук отурумдун катчысын четтетүү же четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна, аныктамасына даттануу апелляциялык даттануу же каралган иш боюнча соттун чечимине сунуштама менен бир убакта берилет.

71-берене. Прокурорду четтетүү

1. Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурорду четтетүү жөнүндө чечимди жогору турган прокурор, ал эми сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө ишти карап жаткан сот кабыл алат.

2. Прокурорду четтетүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган учурда, четтетүүнү билдирген адам бул чечимди тергөө судьясына даттана алат.

3. Сотко чейинки өндүрүшкө прокурордун катышуусу, ага тете эле анын соттук териштирүүгө катышуусу прокурордун ушул иш боюнча өндүрүшкө андан ары катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

72-берене. Тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын четтетүү

1. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе - тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе - алгачкы текшерүү органынын начальниги тарабынан чечилет.

2. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын четтетүү жөнүндө арызы 24 сааттан кечиктирилбестен тергөө бөлүмүнүн жетекчисине же болбосо алгачкы текшерүү органынын начальнигине жөнөтүлөт жана алар билдирилген четтетүүнү токтоосуз чечүүгө милдеттүү.

3. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин иш боюнча өндүрүш токтотулбайт.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын, тергөөчүнү четтетүү жөнүндө өтүнүч канааттандыруудан баш тартылган учурда, четтетүүнү билдирген адам бул чечим боюнча прокурорго даттана алат.

5. Тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча териштирүүнү сотко чейин жүргүзүүгө мурда катышкандыгы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

73-берене. Сот отурумунун катчысын четтетүү

1. Ушул Кодекстин 65-беренесинде баяндалган жагдайлар сот отурумунун катчысына да тиешелүү.

2. Катчыны четтетүү жөнүндө маселе ишти караган судья же сот же болбосо сот арачыларынын катышуусу менен сотто төрагалык кылган судья тарабынан чечилет.

74-берене. Котормочуну четтетүү

1. Ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөн учурда, ага тете эле котормочунун компетентсиздиги аныкталган учурда, ап иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер чыккан учурда, шектүү, айыпталуучу, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочу, айыптоочу, ошондой эле жабырлануучу же алардын өкүлдөрү тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.

3. Эгерде котормочунун компетентсиздиги аныкталса, көрсөтмөлөрүн которуп жаткан күбө тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.

4. Жазык иши же жорук боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө котормочуну четтетүү жөнүндө чечимди тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Соттук өндүрүштүн жүрүшүндө аталган чечимди ушул жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти карап жаткан сот же сот арачыларынын катышуусу менен сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.

75-берене. Экспертти четтетүү

1. Эксперт төмөнкү иштер боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) бул иш боюнча эксперт катары экспертизаны кайталап жүргүзүүгө катышкан учурда;

3) эгерде ал мурда же азыр тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпкерден, алардын коргоочуларынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жоопкерден кызматтык же башка жактан көз карандылыкта болсо;

4) эгерде ал бул иш боюнча ревизия жүргүзсө;

5) эгерде экспертиза маселелери анын компетенциясына кирбесе;

6) эгерде бул өндүрүшкө адис катары катышса.

2. Бул иште өлүктү сыртынан кароодо соттук-медицина жаатындагы адис катары эксперттин катышуусу экспертти четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Окуя болгон жерди кароого эксперттин катышуусу четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Жазык иши же болбосо жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экспертти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ал жазык ишин же жорук жөнүндө ишти караган сот же болбосо сот арачыларынын катышуусу менен сотто төрагалык кылган судья кабыл алат.

76-берене. Адисти четтетүү

1. Адис төмөнкү иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) эгерде ал мурда же азыр тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпкерден, алардын коргоочуларынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жоопкерден кызматтык же башка жактан көз карандылыкта болсо;

2. Жазык иши же болбосо жорук боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адисти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү же алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди аталган жазык ишин же жорук жөнүндө ишти караган сот, же болбосо сотто төрагалык кылган судья соттук арачылардын катышуусу менен кабыл алат.

77-берене. Ишке жабырлануучунун коргоочусунун, өкүлдөрүнүн катышуусун жокко чыгарган жагдайлар

1. Коргоочу, ошондой эле жабырлануучунун өкүлү төмөнкү иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуксуз:

1) эгерде алар мурда ишке судья, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, соттук отурумдун катчысы, күбө, эксперт, адис же котормочу болуп катышса;

2) эгерде алар сотко чейинки өндүрүшкө катышкан же болбосо катышып жаткан же бул ишти соттук кароого катышкан судьянын, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, соттук отурумдун катчысынын жакын туугандары, жубайы болуп саналса же болбосо юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө аны менен макулдашуу түзгөн процесстин катышуучусунун кызыкчылыгына анын кызыкчылыгы каршы келген адамдын жакын туугандары, жубайы болуп саналса;

3) эгерде алар жашы жетпеген шектүүлөрдүн, айыпкердин же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган учурлардан тышкары, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын кызматын ээлеп турушса;

4) эгерде алар өздөрү коргоп жаткан шектүүнүн, айыпкердин же өздөрү өкүл болгон жабырлануучунун кызыкчылыктарына анын кызыкчылыгы каршы келген адамга юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөтсө.

2. Коргоочуну, жабырлануучунун өкүлүн четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.

9-глава. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу

78-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, сот арачысынын, коргоочунун, эксперттин, адистин, соттук отурумдун катчысынын, сот приставынын коопсуздугун камсыз кылуу

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот арачысы, коргоочу, эксперт, адис, соттук отурумдун катчысы, сот приставы, ошого тете алардын жакын туугандары, жубайы мамлекеттин коргоосунда болот.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн адамдардын иштерди сотто же сотко чейинки өндүрүштү кароосуна байланыштуу, мамлекет мыйзамда каралган тартипте алардын өмүрүнө кол салуудан жана башка зомбулуктан коопсуздандыруу чараларын көрүүнү камсыз кылат.

79-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана жазык процессине катышуучу башка адамдардын коопсуздук чараларын кабыл алуу милдети

1. Эгерде иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган жорукту жасоо коркунучу жөнүндө маалыматтар бар болсо, өндүрүшүндө иш турган орган жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун жана жазык процессине кагышуучу башка адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Шектүүнүн, айыпталуучунун же кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу түзүлгөн соттолгондун, анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда, аталган адамдардын макулдугу менен ушул Кодексте жана мыйзамдарда каралган мамлекеттик коргоо жана коопсуздук чаралары колдонулат.

3. Өндүрүшүндө иш турган орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аталган оозеки (жазуу жүзүндөгү) арыздарынын негизинде же жеке демилгеси боюнча алардын коопсуздугуна чараларды көрөт, ал жөнүндө коопсуздук чараларын кабыл алуу тууралуу токтом чыгарат.

4. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын алардын коопсуздугуна чараларды көрүү жөнүндө арыздары өндүрүшүндө иш турган орган, прокурор же сот тарабынан, алар алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен каралууга тийиш. Арыз ээсине тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен ага кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет.

5. Арыз ээси анын коопсуздугуна чараларды көрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылгандыгы боюнча прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.

6. Эгерде мурда берилген арызда чагылдырылбаган жагдайлар келип чыкса, коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартуу аталган чараларды көрүү жөнүндө өтүнмө менен экинчи ирет кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

80-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпкердин жана жазык сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын коопсуздук чаралары

1. Жазык сот өндүрүшүнө катышып жаткан жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпкердин жана жазык процессине катышкан башка адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатындагы иш анын өндүрүшүндө болгон орган:

1) зомбулук коркунучун же жазык мыйзамында тыюу салынган башка терс жоруктарды жасаган жакка анын жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экендиги жөнүндө расмий эскертүү жасайт;

2) корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектейт;

3) анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма коёт;

4) шектүүгө, айыпкерге карата жазык процессинин катышуучуларына зомбулук же башка кылмыштуу терс жосундарды жасоо мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу бөгөт коюу чараларын көрөт;

5) жакындоого тыюу салуу түрүндөгү жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чарасын көрөт.

2. Жазык иши өндүрүшүндө турган орган тарабынан чыгарылган алдын ала эскертүү адамга кол койдуруп жарыяланат.

3. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө адамдын арызы боюнча жазык процессинин башталышынан тартып орун алышы мүмкүн жана жазык ишинин материалдарынан адамдын анкеталык маалыматтарын алып коюудан жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоодон, ал адамдын псевдонимди пайдалануусунан турат. Бул чараны колдонуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анда инсан жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө кабыл алынган чечимдин себептери баяндалып, корголуучу адамдын псевдоними жана койгон колунун үлгүсү көрсөтүлүп, аларды ал өзү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдаланат. Корголуучу адамдын катышуусу менен өтүүчү процесстик аракеттер зарыл учурларда аны билип алууну жокко чыгаруучу шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн. Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары жазык ишин же жорук жөнүндө ишти териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан тышкары, прокурор жана сот тааныша алышы мүмкүн.

4. Жабырлануучулардын, күбөлөрдүн, шектүүлөрдүн, айыпкерлердин жана жазык сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын жеке коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби мыйзамда аныкталат.

5. Коопсуздук чаралары көрүлгөндүгүнө карабастан, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү буга негиздер болгондо, жабырлануучуга, күбөгө, жазык сот өндүрүшүнө катышкан башка адамга карата Жазык кодексинде тыюу салынган терс жорукту жасоо коркунучу аныкталгандыгына байланыштуу, сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү.

6. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аларга карата кыйноолор же катаал жана адамгерчиликсиз мамиле жасоонун башка чаралары колдонулган шектүүнүн, айыпкердин, күбөнүн жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгы жөнүндө арыздар келип түшкөн учурларда, коопсуздук чаралары көрүлгөндүгүнө карабастан, прокурор тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

7. Коопсуздук чараларын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, жазык сот өндүрүшүн жүргүзгөн органдын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен алар жокко чыгарылат. Корголуп жаткан адам анын коопсуздук чараларынын жокко чыгарылгандыгы же жазык процессине катышып жаткан адамдарга ал жөнүндө маалыматтардын ачыкталгандыгы жөнүндө токтоосуз маалымдалууга тийиш. Жазык процессин жүргүзгөн органдын коопсуздук чараларын жокко чыгаруу жөнүндө чечимине корголуп жаткан адамдын сотко же прокурорго даттануу берүүсү даттанылып жаткан чечимдин аткарылышын токтотуп турат.

81-берене. Соттук териштирүүгө катышуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу

1. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төрагалык кылуучу соттун жабык отурумун өткөрөт, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган чараларды кабыл алат.

2. Корголуучу адамдын, айыптоо тарабынын өтүнмөсү боюнча, ошондой эле жеке демилге боюнча адамдын жана анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот күбөнү суракка алуу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу:

1) псевдонимди колдонуу менен корголуучу адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды билдирбестен;

2) үнү жана тышкы келбети: акценти, жынысы, улуту, курагы, бою, дене түзүлүшү, келбети, басышы боюнча калган катышуучулардын корголуучу адамды таанып-билүүсүн болтурбаган шарттарда;

3) аны соттук териштирүүнүн башка катышуучулары, анын ичинде видео байланыштын жардамы менен көрүп байкоо жүргүзбөстөн.

Судья негизги өндүрүштөн бөлүнүп чыгарылган корголуучу адамдын анкеталык маалыматтарын сот отурумунун башка катышуучуларына, анын ичинде сот отурумунун катчысына көрсөтпөстөн сот отурумунун протоколунда жана (же) сот актыларында чагылдырбастан, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер менен таанышып чыгуу аркылуу суракка алынып жаткандын ким экендигин жеке өзү текшерет.

3. Төрагалык кылуучу видео-, үн жазууга жана суракка алууну жаздырып алуунун башка ыкмаларына тыюу салууга укуктуу.

4. Процесстин катышуучуларынын кайсы бирөөсү жокто же алардын көрүп байкоо жүргүзүүсүнөн тышкары сот тарабынан суракка алынган корголуучу адамдын көрсөтмөлөрүн төрагалык кылуучу сотто ушул корголуп жаткан адам жөнүндө маалыматтарды көрсөтпөстөн, бардык катышуучулардын көзүнчө билдирет.

5. Зарыл учурларда сот процесстин катышуучуларынын жана мыйзамда каралган башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чараларды да көрөт.

6. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө соттун токтомун аткаруу жазыктык куугунтуктоо органдарына, жаза аткаруу мекемелерине жана органдарына жүктөлөт.

III БӨЛҮМ. ДАЛИЛДЕР ЖАНА ДАЛИЛДӨӨ

10-глава. Далилдер

82-берене. Далилдер

1. Алардын негизинде алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган, мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат.

2. Далилдин булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) шектүүнүн, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;

3) адистин көрсөтмөлөрү;

4) буюм далилдери;

5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;

6) башка документтер.

3. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилгис далилдер болуп саналат, юридикалык күчкө ээ эмес жана иш боюнча чечимге негиз болбойт, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн ар кандай жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбайт.

4. Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:

1) коргоочудан баш тарткан (анын катышуусу менен жазуу жүзүндө) учурларды кошпогондо, жазыктык жазалануучу терс жорукту жасагандыгы жөнүндө шектүүнүн, айыпкердин көрсөтмөлөрү коргоочу жок сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү маалыматтар, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто ырасталууга тийиш;

2) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн, айыпкердин көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага карата кыйноолорду колдонуунун натыйжасында алынган көрсөтмөлөр;

3) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, божомолго, айыңга негизделген көрсөтмөлөрү, ошондой эле өзүнүн маалымат булагын көрсөтө албаган күбөнүн көрсөтмөлөрү;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда жазык иши үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп табылган адамдын көрсөтмөлөрү;

5) жазык иши боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан ар кандай процесстик аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле четтетүүгө жаткан адамдын ага катышуусунда алынган маалыматтар;

6) илимий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алынган маалыматтар;

7) айыптоочу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган башка далилдер.

5. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилбестиги жөнүндө маселени чечип жатып, ар бир учурда жол берилген бузуу эмнеден айкын көрүнгөндүгүн тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.

83-берене. Иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар

1. Төмөнкүлөр иш боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө далилденүүгө тийиш:

1) кылмыш же жорук окуясы (жасалган кылмыштын же жоруктун убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары, анын айынан келип чыккан зыяндуу кесепеттер);

2) адамдын жосунду жасашы же жасабашы;

3) адамдын кылмыш жана (же) жорук жасагандыгына күнөөлүүлүгү же күнөөлүү эместиги, анын күнөөсүнүн формасы жана жүйөлөрү;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жоопкерчилик деңгээлине жана мүнөзүнө таасир этүүчү жагдайлар;

5) шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгын мүнөздөөчү жагдайлар;

6) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын мүнөзү жана өлчөмү;

7) жосундун жазыктык укукка каршы экендигин же болбосо адамдын жасалган жорук үчүн жоопкерчилигин жокко чыгаруучу жагдайлар;

8) кылмыш үчүн же болбосо жорук үчүн жазык жоопкерчилигинен, жазадан жана аны өтөөдөн бошотууга алып келүүчү жагдайлар.

84-берене. Күбөнүн, жабырлануучунун көрсөтмөлөрү

1. Күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жана анын алар жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

2. Жабырлануучу иш боюнча өндүрүштө далилденүүгө жаткан бардык жагдайлар, шектүү, айыпталуучу менен өзүнүн өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

3. Купуя негизде компетенттүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүп жаткан адам тарабынан түздөн-түз кабыл алынган жагдайлар жөнүндө маалыматтар аталган адамдын макулдугу менен ал күбө катары суракка алынгандан кийин далилдер катары колдонулушу мүмкүн.

4. Кылмыштуу топко же болбосо уюшулган топко же болбосо кылмыштуу уюмга тымызын киргизилген адамга белгилүү болгон маалыматтар анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын сурагынан кийин далилдер катары, күбө катары пайдаланылышы мүмкүн.

85-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү

1. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү - жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же болбосо сотто жүргүзүлгөн суракта алар тарабынан айтылган маалыматтар.

2. Кылмышты же жорукту жасоодогу өз күнөөсүн шектүүнүн, айыпталуучунун моюнга алышы иш боюнча далилдер жалпыланып, анын күнөөлүү экендиги ырасталганда гана күнөөнүн негизине коюлушу мүмкүн.

3. Сурактын жүрүшүндө адамдын күбө катары берген көрсөтмөлөрү анын өзүнө каршы далил катары таанылышы жана аны айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес.

4. Шектүү өзүнө каршы коюлган шектенүү боюнча, ошого тете иш боюнча мааниси бар өзүнө белгилүү болгон башка жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.

5. Компетенттүү мамлекеттик органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адам тарабынан түздөн-түз кабылданган жагдайлар жөнүндө маалыматтар анын макулдугу менен ошол адамды коргоочунун катышуусу менен шектүү, айыпкер катары сурактан кийин далил катары пайдаланылышы мүмкүн.

86-берене. Эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү

1. Эксперттин корутундусу - ушул Кодекстин 186-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган, соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жүрүшүн жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактарды камтыган расмий документ.

2. Эксперттин көрсөтмөлөрү - ушул Кодекстин 187-беренесинин талаптарына ылайык ушул корутундуну түшүндүрүү же тактоо максатында анын корутундусун алгандан кийин жүргүзүлгөн, суракта ал билдирген маалыматтар.

3. Эксперттин корутундусу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жана сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт, бирок алардын корутунду менен макул эместиги тиешелүү түрдө токтомдо, өкүмдө же аныктамада жүйөлөштүрүлүшү керек.

87-берене. Адистин көрсөтмөлөрү

Адистин көрсөтмөлөрү - ушул Кодекстин 60-беренесинин талаптарына ылайык атайын билимдерди талап кылган жагдайларды түшүндүрүү же тактоо максатында ал тарабынан суракта айтылган маалыматтар.

88-берене. Буюм далилдери

1. Кылмыштын жана (же) жоруктун куралы катары колдонулган же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин объекттери болгон деп болжоого негиз берген буюмдар, ошондой эле кылмышта жана (же) жорукту табуу, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөкөрлөрдү аныктоо же болбосо күнөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жумшартуу үчүн каражат катары кызмат кылышы мүмкүн болгон акчалар, буюмдар, документтер жана башка баалуулуктар буюм далилдери деп таанылат.

2. Буюм далилдери текшерип кароонун протоколдорунда кеңири жазылууга, видеого жана (же) фотосүрөткө тартылууга тийиш. Буюм далилдери алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен ишке кошо тиркелет жана сакталууга тийиш.

3. Ишти бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете ишти прокурорго жана сотко жиберүүдө же болбосо ишти бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө, ушул Кодекстин 89-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, буюм далилдери иш менен кошо өткөрүп берилет.

4. Өкүмдө, аныктамада же ишти кыскартуу жөнүндө токтомдо буюм далилдери жөнүндө чечим камтылууга тийиш, мында:

1) шектүүгө, айыпкерге таандык болгон кылмыштын жана (же) жоруктун куралдары конфискацияланууга жатат;

2) колдонууга тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берүүгө же жок кылынууга жатат;

3) эч кандай баалуулугу жок жана пайдалануу үчүн жараксыз буюмдар жок кылынууга, ал эми ишке тиешеси бар адамдар же уюмдар өтүнүч кылган учурда аларга берилүүгө жатат;

4) кылмыштуу жол менен алынган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү, аныктамасы, судьянын токтому, ал эми айыпкердин өлүмүнө же аны акыл-эси соо эмес деп табылгандыгына байланыштуу иш кыскартылганда - алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому менен мамлекеттин кирешесине айландырылат, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине тапшырылат, ал эми алар аныкталбаса, мамлекеттин менчигине өтөт. Ал буюмдардын таандыктуулугу жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш;

5) паранын же контрабанданын предмети болуп саналган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү боюнча жазык мыйзамдарына ылайык мамлекеттин кирешесине алынууга жатат. Эгерде адам өзүнөн пара берүүнү талап кылгандыгы жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана пара алуучуну колунан кармоого көмөктөшсө, анда паранын предмети соттун чечими боюнча ээсине кайтарып берилет.

89-берене. Буюм далилдерин сактоо

1. Буюм далилдери өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин иште сакталууга жана ушул беренеде каралган учурларды албаганда, иш менен бирге өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Буюм далили болуп саналган мүлккө укук жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш болгон учурда, буюм далили соттун чечими күчүнө киргенге чейин сакталат.

2. Төмөнкү түрдөгү буюм далилдери:

1) чоңдугунан же башка себептерден улам иште сакталышы мүмкүн болбогон буюмдар, анын ичинде аларды сактоо кыйынчылык туудурган же атайын шарттарды камсыз кылуу кыйынчылыкка турган же атайын шарттарды камсыз кылуу боюнча чыгымдар аларды сактоонун наркына теңдеш болгон товарлардын чоң партиясы:

а) фотосүрөткө же видеого тартылат, мүмкүн болушунча мөөрлөнүп бекитилет жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан белгиленген тартипте сактоого өткөрүлүп берилет. Иштин материалдарына мындай буюм далилдеринин турган орду жөнүндө документ тиркелет, ошондой эле буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;

в) аларды ушул пунктун "а" жана "б" пунктчаларында каралган ыкмалар менен сактоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

2) аларды сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар наркына тең келген товарлардын чоң партиялары ээсинин жооптуу сактоосуна берилиши мүмкүн;

3) тез бузулуучу товарлар жана продукциялар, ошондой эле сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар товардын, продукциянын наркына өлчөмдөш, моралдык тез эскирүүгө дуушар болгон мүлктөр:

а) алардын ээлерине кайтарылып берилет;

б) кайтарып берүү мүмкүн болбогон учурда, бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Өкмөт тарабынан берилген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү буюм далилдеринин үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

в) эгерде мындай тез бузулуучу товарлар жана продукция жараксыз болуп калса, ээсинин макулдугу менен же соттун чечими боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат. Бул учурда ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт;

4) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги зат каражаттары, психотроптук каражаттар, баңги зат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөр же болбосо алардын прекурсорлору же алардын баңги зат каражаттарын же психотроптук каражаттарды камтыган бөлүктөрү же болбосо алардын прекурсорлору, ошондой эле узакка сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн же айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу буюмдар зарыл изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин, аларды технологиялык кайра иштетүү үчүн өткөрүп берилет же соттун чечими боюнча Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат, бул жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдүн же болбосо алардын прекурсорлорунун, же алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды, же болбосо алардын баңги каражаттарын, же психотроптук заттарды, же алардын прекурсорлорун камтыган бөлүктөрүнүн үлгүлөрү тиркелет;

5) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө табылган кылмыш жана (же) жорук жасоонун натыйжасында алынган акчалар, баалуулуктар жана башка мүлктөр жана ал мүлктөрдөн алынган кирешелер ушул Кодекстин 123-беренесинде белгиленген тартипте камакка алынууга жатат;

6) зарыл тергөө аракеттерин жүргүзгөндөн кийинки баалуулуктар:

а) ушул пункттун "б" пунктчасында каралган учурду албаганда, ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга сактоого өткөрүлүп берилет;

б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;

7) зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин акчалар фотосүрөткө же видеого тартылат, ал эми андан кийин:

а) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте мыйзамдуу эсине кайтарылып берилет;

б) мыйзамдуу ээси болбосо же аныкталбаса же болбосо буюм далилдерин мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү башка себептер боюнча мүмкүн болбогондо, алар көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын финансы бөлүмүнө сактоого өткөрүп берилет же болбосо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга салынат же болбосо, эгерде акча купюрларынын жекече белгилерди далилдөө үчүн мааниси бар болсо, иште сакталат;

8) маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр:

а) анда камтылган маалымат менен башка адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган жана алардын сакталышын жана көрсөтүлгөн маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу шарттарда мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат;

б) эгерде бул далилдөө үчүн зыянсыз болсо, карап текшерилгенден жана башка зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет.

3. Тергөө аракеттеринин өндүрүшүнүн жүрүшүндө алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарып бере албаган учурда, аларда камтылган маалымат алып коюлган электрондук алып жүрүүчүнүн мыйзамдуу ээсинин же андагы маалымат ээсинин өтүнмөсү боюнча көчүрмөлөнөт. Көрсөтүлгөн маалыматты алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээси же аларда камтылган маалыматтын ээси берген башка маалыматты электрондук алып жүрүүчүгө көчүрүү мыйзамдуу ээсинин же аларда камтылган маалыматтын ээсинин жана (же) алардын өкүлдөрүнүн жана адистин алгачкы текшерүү органында, тергөөдө же сотто катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматты көчүрүүдө анын жок болуу же өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу шарттар камсыз кылынууга тийиш. Эгерде бул кылмышты жана (же) жорукту териштирүүгө тоскоолдук кылуусу мүмкүн болсо, маалыматты көчүрмөлөөгө жол берилбейт. Көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же аларда камтылган маалыматтын ээсине берилет. Маалыматты көчүрүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө жана көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же анда камтылган маалыматтын ээсине берүү тууралуу ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт.

4. Буюм далилдерин, анын ичинде алардын өзүнчө категорияларын сактоонун, эсепке алуунун жана өткөрүп берүүнүн башка шарттары Өкмөт тарабынан белгиленет.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында, 2-пунктунда, 3-пунктунун "а" пунктчасында, 5, 6 жана 7-пункттарында, 8-пунктунун "б" пунктчасында жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү же судья токтом чыгарат.

6. Эгерде ээси мүлктү сатууга, керектен чыгарууга же жок кылууга макулдук бербесе, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында, 3-пунктунун "б" жана "в" пунктчаларында жана 4-пунктунда каралган учурларда, алгачкы текшерүү органынан ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү прокурордун макулдугу менен, сотко чейинки өндүрүштүн орду боюнча тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнмө жасайт.

7. Ишти алгачкы текшерүү органы тарабынан же бир органдан башкасына же болбосо бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете жазык ишин прокурорго же сотко жиберүүдө же болбосо жазык ишин бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө, ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, буюм далилдери жазык иши менен бирге өткөрүп берилет.

90-берене. Атайын тергөө, тергөө жана соттук иш-аракеттердин протоколдору

Атайын тергөө, тергөө жана соттук иш-аракеттердин протоколдору ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлсө, алар далил катары эсептелгенге жол берилет.

91-берене. Башка документтер

1. Эгерде аларда баяндалган маалыматтар ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайларды белгилөө үчүн мааниси бар болсо, башка документтер далилдер деп табылат.

2. Документтер жазуу жүзүндө же башка түрдө белгиленген маалыматтарды камтышы мүмкүн. Документтерге фото-, үн- жана видеожазуу материалдары, ушул Кодексте каралган тартипте алынган, суратып алынган, берилген жана иш боюнча далилдер деп табылган электрондук документтер таандык болушу мүмкүн.

3. Электрондук документ мааниси боюнча жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат жана "Электрондук документ жана электрондук санариптик колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кагаз жүзүндө көчүрмөлөнгөн документтей эле бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Электрондук документтин түп нускасы машиналык алып жүрүүдө гана болот. Электрондук санариптик колтамга коюлган, машиналык алып жүрүүдө белгиленген жана бири-бирине төп келген электрондук документтин бардык нускалары түп нускалар болуп саналат жана бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Электрондук документтин көчүрмөлөрү кагаз жүзүндө электрондук документтин тышкы көрүнүшүнүн түрүн калыбына келтирүү жолу менен түзүлөт.

Кагаз жүзүндө калыбына келтирилген электрондук документтер тиешелүү электрондук документтин көчүрмөлөрү болуп санала тургандыгын айкындаган көрсөтмөнү камтууга жана кагаз жүзүндөгү документтердин көчүрмөлөрүн ырастоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталууга тийиш.

4. Документтер ишке тиркелет жана мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде сакталат. Эгерде алып коюлган жана ишке тиркелген документтер учурдагы эсепке алуу, отчеттуулук жана башка укуктук максаттар үчүн талап кылынса, алар мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилиши же иш боюнча өндүрүшкө зыян келтирбестен, убактылуу пайдаланууга берилиши же болбосо алардын көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн.

5. Ушул Кодекстин 88-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон документтер буюм далилдери болуп саналат.

11-глава. Жазык сот өндүрүшүндө далилдөө

92-берене. Далилдөө

Далилдөө ишти мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечүү үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды аныктоо максатында далилдерди чогултуудан, изилдөөдөн, баа берүүдөн турат.

93-берене. Далилдерди чогултуу

1. Далилдерди чогултуу ушул Кодексте каралган процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу жазык сот өндүрүшүндө ишке ашырылат.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнмөсү же өзүнүн демилгеси боюнча ушул Кодексте белгиленген процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.

3. Коргоо тарабы, жабырлануучу, жабырлануучунун өкүлдөрү зарыл маалыматтарды төмөнкү жол менен алууга укуктуу:

1) уюмдардан маалымкаттарды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алуу. Көрсөтүлгөн юридикалык жактар суратылган документтерди же алардын ырасталган көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү;

2) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөө;

3) келишимдик негизде адисти тартуу;

4) ишке тиешеси бар маалыматтарды болжолдуу билген адамдарды алардын макулдугу менен сурамжылоо. Эгерде жактоочу процесстик же тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн суракка алынган адамдын жазык процессин жүргүзүүчү органга келишин камсыз кылбаса, сурамжылоо жетишсиз деп таанылат жана ишке тиркелбейт;

5) тиешелүү жана жол берилген далилдерди чогултууга жана сотко берүүгө багытталган башка аракеттерди жасоо.

4. Оозеки, ошондой эле жазуу жүзүндөгү маалыматтарды, ошондой эле ишке далил катары тиркөө үчүн буюмдарды жана документтерди шектүү, айыпкер, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам, коргоочу, жекече айыптоочу, жабырлануучу, ошондой эле ар кандай жарандар жана уюмдар берүүгө укуктуу.

5. Жазык процессинин катышуучуларынан жана башка адамдардан буюмдарды жана документтерди алуу өтүнмөнүн негизинде жүзөгө ашырылат жана ишке тиркелүүгө жатат, бул жөнүндө протокол түзүлөт.

94-берене. Далилдерди текшерүү

Иш боюнча чогултулган далилдер калыс жана ар тараптан текшерилүүгө тийиш. Текшерүү алынган далилге талдоо жүргүзүүнү, аны башка далилдер менен салыштырууну, аларды текшерүү үчүн кошумча далилдерди чогултууну, ошондой эле алар алынган булактарды териштирүүнү камтыйт.

95-берене. Далилдерге баа берүү

1. Ар бир далилге тиешелүүлүгүнө, жол берилгендигине, аныктыгына карата, ал эми бардык чогултулган далилдер жыйындысында - ишти чечүү үчүн жетиштүүлүгүнө карата баа берилет.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот арачылары, сот иштин бардык жагдайларынын жыйындысын калыс жана жетиштүү түрдө карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерди баалайт, мында ал мыйзамды жана ыйманын жетекчиликке алат.

3. Иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлардын бар экендиги жөнүндө тыянактарды ырастаган, четке каккан же шек туудурган фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыса, ишке тиешеси болсо, далил деп таанылат.

4. Далил ушул Кодекстин 82-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алынса, жол берилген далил катары таанылат.

5. Эгерде изилдөөнүн натыйжасында далил чындыкка дал келгени аныкталса, ал анык деп таанылат.

6. Эгерде ишке тиешеси бар жеткиликтүү жана анык далилдердин бардыгы жыйналса, далилдердин жыйындысы ишти чечүү үчүн жетиштүү деп таанылат.

96-берене. Далилдөө процессиндеги илимий-техникалык каражаттар

1. Иш боюнча далилдөө процессинде илимий-техникалык каражаттар өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан, анын ичинде жактоочунун өтүнүчү боюнча, ошондой эле ушул Кодексте каралган процесстик милдеттерди аткарууда эксперт жана адис тарабынан колдонулушу мүмкүн.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонууга көмөк көрсөтүү үчүн адис тартылышы мүмкүн.

3. Төмөнкүдөй учурларда илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, эгерде ал:

1) ушул Кодекстин ченемдерине жана принциптерине каршы келбесе;

2) илимий жактан негизделсе;

3) иш боюнча өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылса;

4) жарандардын өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз болсо.

4. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонуу тиешелүү процесстик иш-аракеттердин протоколдорунда жана сот отурумунун протоколунда белгиленет, мында ушул илимий-техникалык каражаттар, аларды колдонуунун шарттары жана тартиби, ушул каражаттар колдонулган объекттер жана аларды колдонуунун жыйынтыктары көрсөтүлөт.

97-берене. Преюдиция

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими, белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да, жарандар үчүн милдеттүү. Бул жобо апелляциялык жана кассациялык тартипте соттун өкүмүн жана башка чечимдерин текшерүүгө, жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө, жаңыдан жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого тоскоолдук кылбайт.

2. Жарандык же администрациялык сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш өндүрүшүндө турган орган үчүн окуянын өзү же аракеттин болгондугу жөнүндө маселе боюнча гана милдеттүү болот жана айыпкердин күнөөлүү же күнөөсүздүгү жөнүндө тыянакты алдын ала чыгарууга тийиш эмес.

3. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү жазык өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелердин бөлүгүндө жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо сот үчүн бул бөлүктө милдеттүү болот.

IV БӨЛҮМ. ЖАЗЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН НЕГИЗДЕРИ

12-глава. Шектүүнү кармоо

98-берене. Кармоонун негиздери

1. Кылмышты жана (же) жорукту жасоого шектелгенди кармоо - бул кылмышка жана (же) жосунга бөгөт коюу, кармалгандын кылмышка тиешеси бар экендигин тактоо жана аны камакка алуу жөнүндө маселени чечүү, ошондой эле ушул Кодекстин 61-главасында каралган учурларда жорук жөнүндө өндүрүштү камсыз кылуу максатында кийинкиге калтырууга болбогон учурларда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы же тергөөчү тарабынан колдонулган адамдын ары-бери жүрүү эркинен кыска мөөнөткө иш жүзүндө ажыратуу.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү ал үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмышты, ошондой эле ушул Кодекстин 61-главасында каралган учурларда, төмөнкү негиздердин бири болгондо жорукту жасоодон шектелгендиги боюнча адамды кармоого укуктуу:

1) эгерде адам кылмыш жасаганда жана (же) жорук жасаганда же ал жасалгандан кийин түздөн-түз кармалганда;

2) эгерде көргөндөр, анын ичинде жабырлануучу кылмышты жана (же) жорукту жасаган адам катары ал адамды түздөн-түз көрсөткөндө;

3) эгерде шектенүүчүдө же анын кийиминде, анын жанында же анын турак жайында кылмыштын жана (же) жоруктун даана издери табылганда.

3. Кылмыштарды жана (же) жоруктарды жасоодон шек саноо боюнча адамды кармоо атайын тергөө же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды албаганда, ал кайсы кылмыш жана (же) жорукту жасагандыгы үчүн шек саналгандыгын шектүүгө жарыялоо үчүн жетиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

99-берене. Шектүүнү кармоонун тартиби

1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом аны алгачкы текшерүү же тергөө органына жеткирилген учурдан тартып чыгарылат. Иш жүзүндө кармалган учурда шектүүгө ага эмнеден шек саналып жаткандыгы жарыяланууга, ошондой эле өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокат алуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдан пайдалануу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны чыгаруунун датасы жана орду, токтом чыгарган адамдын кызматы, фамилиясы, аты, шектүүнүн инсандыгы, кармоо учурундагы анын дене-бой абалы иш жүзүндө кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатты жана мүнөттү көсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар, шектүүгө ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн жана телефон менен сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт.

3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана шектүү, ошондой эле коргоочу шектүүнүн иш жүзүндө кармалган так убактысын көрсөтүү менен кол коюшат.

4. Токтомдун көчүрмөсү кармалганга токтоосуз тапшырылат жана 12 сааттык ичинде прокурорго жиберилет.

5. Иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин, ал эми жашы жетпеген шектүүгө карата 21 саат өткөнгө чейин шектүү ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган тартипте анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш.

6. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнмөсү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда, врачтын жардамын да өз убагында (12 сааттан кеч эмес) камсыз кылууга милдеттүү.

7. Алгачкы текшерүү органынын же тергөөчүнүн аракетине (аракетсиздигине) жана чечимине карата кармалган шектүүнүн даттануусу кармалганды кармоочу жайдын начальниги тарабынан токтоосуз прокурорго же сотко жиберилет.

8. Даттануу сот тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнмөсү же ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган эрежелер боюнча кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү менен бир убакта каралат.

100-берене. Кармалганды жеке тинтүү

Кармалганды жеке тинтүү иш жүзүндө кармалгандан кийин токтоосуз жүргүзүлөт, бул жөнүндө датасы жана так убактысы (саатын жана минутун көрсөтүү менен) көрсөтүлгөн протокол түзүлөт.

101-берене. Кылмыш жана (же) жорук жасаган адамдарды кармоо укугу

1. Жабырлануучу кошуп алганда, бардык жеке жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү же жеткирүү, ошондой эле алардын башка кол салуу мүмкүндүктөрүнө бөгөт коюу максатында кылмыш жана (же) жорук жасаган адамды кармоого, анын эркин жүрүшүн чектөөгө укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ал каршылык көрсөтсө, кармалган адамга карата Жазык кодексинин 52-беренесинде каралган чектерде күч жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Эгерде кармалган адамда жазык иши жана (же) жорук үчүн мааниси бар курал жана (же) башка коркунучтуу буюмдар бар деп болжогонго негиз болгон учурларда, аны кармаган жаран кармалган адам түздөн-түз жеткирилген же өткөрүп берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийин өткөрүп берүү үчүн анда болгон буюмдарды алып коюуга укуктуу.

102-берене. Кармалган шектүүнү бошотуунун негиздери

1. Кармалган шектүү соттун чечими боюнча, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун токтому боюнча бошотулууга жатат, эгерде:

1) кылмыш же болбосо жорук жасоодон шектенүү далилденбесе;

2) кармоонун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе;

3) ага карата камакка кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга негиз же зарылчылык болбосо;

4) кармоо ушул Кодекстин 98, 99-беренелеринин талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө.

2. Кармалган учурдан тартып 48 сааттын, ал эми жашы жетпегендерге карата 24 саатын ичинде кармалганды кармоо жайынын начальнигине кармалганга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом келип түшпөсө, анда кармалганды кармоо жайынын начальниги кармалганды токтоосуз бошотот, бул жөнүндө иш өндүрүшүндө турган тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жана прокурорго маалымдайт, бул жөнүндө протокол түзүлөт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары аткарылбаганда, кармалганды кармоо жайынын начальниги мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тартат.

4. Кармалганды кармоо жайынын начальниги тарабынан шектүүнү бошотууда ага маалымкат берилет, анда ким тарабынан кармалгандыгы, камоонун негизи, орду жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлөт.

103-берене. Кармалган шектүүлөрдү кармоонун тартиби

1. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо изоляторлорунда кармалат. Кармалган шектүүлөрдү кармоонун тартиби жана шарттар мыйзамда аныкталат.

2. Кармалган шектүүнүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер менен сүйлөшүүсүнө иш өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүңдөгү уруксаты менен жана коргоочунун катышуусунда гана жол берилет.

104-берене. Кармоо жөнүндө шектүүнүн туугандарына жана коргоочусуна маалымдоо

1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө жакын туугандарынын кимдир бирөөнө, жубайына, ошондой эле коргоочусуна токтоосуз маалымдоого жана шектүүнүн өзүнө акысыз маалымдоонун мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Жасалган маалымдоо жөнүндө кармоо протоколуна белги коюлат.

2. Эгерде кармалган шектүү башка мамлекеттин жараны болуп саналса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте ал мамлекеттин элчилигине же болбосо консулдугуна маалымдалууга тийиш, бул жөнүндө кармоо протоколуна белги коюлат. Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган шектүү жараны болуп саналган мамлекеттин элчилиги же консулдугу жок учурда, маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

3. Кылмыш жана (же) жорук жасоодон шек саналган жашы жетпеген адамды кармоодо анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга токтоосуз кабарланат.

105-берене. Кармалган шектүүнү суракка алуу

1. Кармалган адам шектүү катары суракка алынууга жатат. Кармалган шектүүнү суракка алууда, ал коргоочудан баш тарткан жана анын баш тартуусу ушул Кодекске ылайык кабыл алынган учурларды албаганда, коргоочунун болуусу милдеттүү.

2. Кармалган шектүүнү суракка алуу ушул Кодекстин 189-193-беренелеринде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Суракка алуунун алдында кармалган шектүүгө ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган анын укуктары түшүндүрүлөт жана кайсы кылмышты жана (же) жорукту жасагандыгы үчүн шек саналып жаткандыгы жарыяланат.

13-глава. Бөгөт коюу чаралары

106-берене. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү

1. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын тийиштүү эмес жүрүм-турумун болтурбоо үчүн шектүүгө, айыпкерге карата колдонулуучу чаралар бөгөт коюу чаралары болуп саналат.

2. Бөгөт коюу чараларынын түрлөрү:

1) башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу;

2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;

3) жашы жете электи ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

4) күрөө алуу;

5) үй камагы;

6) камакка алуу.

3. Жоруктар жөнүндө иш боюнча үй камагы жана камакта кармоо колдонулбайт.

107-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу үчүн негиздер

1. Бөгөт коюу чаралары кылмыш жана (же) жорук жасалгандыгына негиздүү шектенүү болгондо жана шектүү, айыпталуучу төмөнкүдөй экендигин болжоого жетиштүү негиздер болгондо колдонулат:

1) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан же соттон жашырынып кетүүсү;

2) ишти сотко чейинки өндүрүштө жүргүзүүгө жана сотто териштирүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн экендиги;

3) кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантышы мүмкүн экендиги.

2. Бөгөт коюу чарасы ушул Кодекстин 525-беренесинде каралган тартипте адамды өткөрүп берүү үчүн да колдонулат.

108-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун тартиби

1. Бөгөт коюу чарасын колдонууда прокурор соттун алдында тиешелүү өтүнмөнү козгойт. Өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдо анын айынан шектүүгө, айыпкерге карата тиешелүү бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылдыгы келип чыккан жүйөлөр жана негиздер баяндалат. Токтомго өтүнмөнү негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет. Эгерде өтүнмөнү ушул Кодекстин 98 жана 99-беренелеринде белгиленген тартипте кармалган шектүүгө карата козголсо, анда көрсөтүлгөн материалдар прокурор тарабынан тергөө судьясына кармалган учурдан тартып 48 сааттын ичинде, бирок кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин 2 сааттан кеч эмес берилүүгө тийиш.

2. Өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтер тиркелген бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу токтомдун көчүрмөсү прокурор тарабынан шектүүгө, айыпкерге, анын коргоочусуна өтүнмөнү тергөө судьясына бергенге чейин 3 саат калгандан кеч эмес тапшырылат.

3. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу токтом сотко чейинки өндүрүштүн орду же болбосо шектүүнү, айыпкерди кармоонун орду боюнча материалдарды сотко берген учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан шектүүнүн, айыпкердин, прокурордун, коргоочунун катышуусу менен каралууга жатат. Ушул Кодекстин 98, 99-беренелеринде каралган тартипте кармалган шектүү соттук отурумга жеткирилет. Соттук отурумда жашы жетпеген шектүүгө карата бөгөт коюу чарасын колдонууда, анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу милдеттүү. Соттук отурумда коргоочу башка бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылдыгы же болбосо бөгөт коюу чарасын колдонбоо жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Жазуу жүзүндөгү өтүнмө ишке тиркелет. Коргоочунун катышуусун болтурбаган жагдайларда, ал ушул Кодекстин 51-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык башка коргоочу менен алмаштырылат.

4. Шектүү, айыпкер жокто бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө соттук чечимди кабыл алууга коргоочунун милдеттүү катышуусу менен жол берилет.

5. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө же андайдан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте жогору турган сотко прокурор, шектүү жана анын коргоочусу тарабынан даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна сунуштама же даттануу чыгаруу ал чечилгенге чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аракетин токтотпойт жана анын жокко чыгарылышына алып келбейт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

109-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонууда эске алынуучу жагдайлар

1. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө, ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган негиздер болгондо, анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот шектенүүнүн негиздүүлүгүн, шектүүнүн, айыпкердин инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске алат.

2. Тергөөчү, сот төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) камоого алынган адамдын көзөмөлсүз калган жашы жетпеген балдарынын бар экендигин, аларды тиешелүү адамдардын же уюмдардын камкордугуна өткөрүп берүүгө;

2) камакка алынган адамдын кароосуз калган мүлкү же турак жайы бар болсо, аны кайтаруу чараларын көрүүгө.

3. Көрүлгөн чаралар жөнүндө тергөөчү, сот кайтарууга алынган шектүүгө, айыпкерге маалымдайт.

110-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана аныктама

1. Бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө судья токтом чыгарат, ал эми сот шектелип жаткан кылмышты көрсөткөн жана бөгөт коюунун бул чарасын колдонуу үчүн негиздерди камтыган аныктама чыгарат.

2. Токтомдун же аныктаманын көчүрмөлөрү ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле анын жактоочусуна, мыйзамдуу өкүлүнө жана прокурорго тез арада берилет.

3. Бөгөт коюу чарасы тандалып алынган адамга бир эле убакта ушул Кодекстин 16-главасында аныкталган бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

111-берене. Башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат

Башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз шектүүнүн, айыпкердин туруктуу же убактылуу жашаган жерин таштап кетпөөгө, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылбоого, чакыруу боюнча дайындалган мөөнөттө келүүгө жазуу жүзүндөгү милдеттенмесинен турат.

112-берене. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчыларына байкоо жүргүзүүсү

1. Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын аскер кызматчысы же окуу жыйындарына чакырылган аскерге милдеттүү болуп саналган шектүүгө, айыпталуучуга байкоо жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарында каралган жана бул адамдын талаптагыдай жүрүм-турумун жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чакыруусу боюнча келишин камсыз кылууга жарактуу чараларды көрүүсүнөн турат.

2. Аскер бөлүгүнүн командачылыгына аталган бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы жөнүндө билдирилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы айыпталуучуга, шектүүгө байкоо жүргүзүү белгиленгендиги жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызматкерине, тергөөчүгө же сотко жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Айыпталуучу, шектүү алдын алуу үчүн аталган бөгөт коюу чарасы тандалып алынган аракеттерди жасаган учурда, командачылык алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко дароо кабарлоого милдеттүү.

113-берене. Жашы жете электи көз салууга өткөрүп берүү

1. Жашы жете электи ата-энесинин, камкорчулардын, көзөмөлдөөчүлөрдүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрүнүн көз салуусуна өткөрүп берүү аталгандардын биринин жашы жете электин туура жүрүм-турумун жана анын тергөөчүгө, прокурорго жана сотко келип турушун камсыз кылууга жазуу жүзүндө милдеттенме алышында турат.

2. Жашы жете электи ата-энесинин же башка адамдардын көз салуусуна өткөрүп берүү алардын жазуу жүзүндөгү өтүнмөсү боюнча гана мүмкүн болот, мында аларга жашы жете элек айыпталып жаткан кылмыштын мүнөзү жана алардын көз салуу боюнча өздөрүнө алган милдеттерди бузган учурдагы жоопкерчиликтери жөнүндө билдирилет.

114-берене. Күрөө

1. Күрөө - шектүү, айыпкер же болбосо башка адам тарабынан шектүүнүн, айыпкердин ушул Кодекстин 107-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабоо кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине салган акчалай суммасы.

2. Күрөөнүн суммасы элүүдөн жыйырма миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн чектеринде сот тарабынан аныкталат.

3. Күрөөнүн өлчөмү келтирилген зыяндын өлчөмүнөн жана кылмыштын оордугунун даражасынан кошулган суммадан аныкталат жана төмөнкүлөрдү түзөт:

1) жоруктар жөнүндө иштер боюнча - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдөн;

2) анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - жүздөн эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдөн;

3) оор кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - эки миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдөн;

4) өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - он миңден жыйырма миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдөн.

4. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому чыгарылып, анын көчүрмөсү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга тапшырылат. Мында күрөө киргизген шектүү, айыпкер же болбосо башка адам бул бөгөт коюу чарасы тандап алынган иштин маңызы жөнүндө жана күрөөнү мамлекеттин кирешесине айландыруунун негиздери тууралуу кабарланууга тийиш, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.

5. Эгерде шектүү, айыпкер төмөнкү бузуулардын бирине жол берсе, киргизилген күрөө мамлекеттин кирешесине айланат:

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себептерсиз келбей койсо;

2) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;

3) тергөөнү калыс жүргүзүүгө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө саналып өткөн бузуулар жөнүндө бузуунун жагдайларын жана анын жасалышын ырастоочу иш жүзүндөгү маалыматтар баяндалган протокол түзүлөт. Протоколго күрөө киргизген шектүү, айыпкер же болбосо башка адам кол коюуга тийиш. Шектүү, айыпкер тарабынан көрсөтүлгөн бузуулар жасалган учурда сот тарабынан ишти кароодо бузуунун жагдайлары соттук отурумдун протоколунда баяндалат.

7. Эгерде шектүү, айыпкер сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан жана соттон жашырынса, протоколго алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот, кол коёт.

8. Күрөөнү кайтарып берүү же мамлекеттин кирешесине айландыруу жөнүндө маселе жазык иши боюнча токтом, аныктама, өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилет. Жазык иши сотко чейинки өндүрүштө кыскартылган учурда, күрөө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан күрөө койгон адамга кайтарылып берилет.

9. Эгерде бул айыпкердин талаптагыдай эмес жүрүм-туруму менен байланышпаса, күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн учурда, күрөө аны койгон адамга кайтарылып берилет.

10. Күрөө даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин 5 сутканын ичинде күрөөнү киргизген адамга кайтарылып берилет.

115-берене. Үй камагы

1. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге ары-бери жүрүү эркиндигин чектөө менен байланышкан камак болуп саналат, аларга белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө; турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө; соттун уруксатысыз администрациялык аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.

2. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге карата тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 107, 108-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.

3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (шектүү, айыпкер боло турган жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) шектүүгө, айыпкерге карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлүп, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.

Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттары мыйзамда белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.

4. Шектүү, айыпкер үй камагынын шарттарын бузган учурда, ага карата камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.

116-берене. Камакка алуу

1. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу жазык мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоодон шек саналган, айыпталган адамдарга карата башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөөчү судьянын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында алардын негизинде судья мындай чечимди кабыл алган конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук отурумдун жүрүшүндө текшерилбеген же болбосо ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилген маалыматтар мындай жагдайлар болуп саналбайт.

2. Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы төмөнкү жагдайлардын бири болгондо 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган, кылмыштарды жасоодон шек саналган, айыпталган адамдарга карата колдонулушу мүмкүн:

1) шектүүнүн, айыпкердин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;

2) анын инсандыгы аныкталбаганда;

3) ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;

4) ал сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан же соттон жашынганда.

3. Эгерде камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык шектүү, айыпкер болбогондо колдонулса, анын кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн бул адам иш жүзүндө тергөө органына жеткирилген учурдан тартып 48 сааттын ичинде сотко жеткирилүүгө тийиш.

4. Жазык иши алардын өндүрүшүндө турган тергөөчү, сот 12 сааттын ичинде шектүүнүн жакын туугандарына, жубайына, ал эми аскер кызматчысына карата аскер бөлүгүнүн командачылыгына анын камакта кармай турган жер жөнүндө же камакта кармоо жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

5. Жакын туугандары, жубайы менен жолугушуу камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга карата иш алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн же соттун уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.

6. Тергөөчү, сот коргоо тарабынан өтүнмө боюнча медициналык кароо жүргүзүү үчүн камакка алынган адамга өз убагында (12 сааттан кеч эмес) кирип турууну камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындоого милдеттүү.

7. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө соттун токтомуна адамдын даттануусун алган учурда, бул жөнүндө прокурорго маалымдоо менен даттанууну алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө тиешелүү сотко жиберүүгө милдеттүү.

8. Судья тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылгандан кийин бир эле адамдын ошол эле жазык иши боюнча камакка алуу жөнүндө сунуштама менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы жагдайлар пайда болгондо гана болушу мүмкүн.

9. Эгерде айыпкерге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди тараптын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча сот кабыл алып, ал жөнүндө аныктама же токтом чыгарылат.

117-берене. Сотко чейинки өндүрүштөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аларды узартуунун тартиби

1. Бөгөт коюу чарасы тергөө судьясынын чечими боюнча ар бир жолу эки айга чейинки мөөнөткө кабыл алынат.

2. Эки айга чейинки мөөнөттө сотко чейинки өндүрүштү аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же жокко чыгаруу болбогондо, бул мөөнөт прокурордун өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөнүн козголгондугу жөнүндө токтом бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кеч эмес сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо аларга байланыштуу мөөнөттү узартуу зарыл болгон себептер, изилдөө зарыл болгон жагдайлар жана бул бөгөт коюу чарасын сактап калуунун зарылдыгынын негиздери чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан ушул Кодекстин 257-беренесинде белгиленген тартипте каралат.

4. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес мөөнөттө тараптардын катышуусу менен соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) прокурордун сунуштамасын канааттандыруудан баш тартуу жана айыпкерди камактан бошотуу, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө;

2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.

5. Камакка алуунун мөөнөтү шектүүнү кармаган учурдан тартып ишти сотко жиберүүгө чейин эсептелет. Шектүүнүн, айыпкердин иштин материалдары менен таанышуусунун мөөнөтү аны камакка алуунун мөөнөтүнөн тартып башталат, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен учурда ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык узартылууга жатат.

6. Камакка алуунун мөөнөтүнө төмөнкү убакыт кошуп эсептелет:

1) шектүү катары кармалган;

2) соттун чечими боюнча мажбурланып медициналык же психиатрдык мекемеде болгон;

3) белгилүү убакыт ичинде адам укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө же аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында кармалган.

7. Шектүү, айыпкер бир эле иш боюнча кайталап камакка алынган учурда, ошондой эле буга кошулуп же андан бөлүп чыгарылган жазык иши боюнча камакка алуунун мөөнөтү мурда камакка алууда өткөрүлгөн убакытты эске алуу менен эсептелет.

8. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому прокурор, шектүү, айыпкер жана анын коргоочусу тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

9. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы ал адамдын камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна жогору турган сотко даректелген даттануусун ал алынган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес, бул жөнүндө прокурорго маалымдоо менен, даттанууну тиешелүү сотко жиберүүгө милдеттүү.

10. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартууга жол берилбейт, ал эми бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылууга жатат.

Камакка кармалгандан бир жыл өткөндөн кийин шектүү, айыпкер прокурорго маалымдоо менен камакта кармоочу жайдын администрациясы тарабынан токтоосуз бошотулууга тийиш.

118-берене. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү

1. Эгерде буга мындан ары зарылдык жок болгондо, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же болбосо иштин жаңы жагдайлары түзүлгөн учурда кыйла жумшак же кыйла катуу чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Шектүүдө, айыпкерде камакка алууга жол бербеген, медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Шектүүлөрдү, айыптууларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеси Өкмөт тарабынан бекитилет.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы N 296 "Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

3. Жазык куугунтугун токтотуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө алып келет. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жазык өндүрүшүндө жазык иши бар органдын токтому боюнча жүргүзүлөт.

14-глава. Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чаралары

119-берене. Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу үчүн негиздер

1. Ушул Кодексте каралган сотко чейинки жана сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартибин, өкүмдүн тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында жазык сот өндүрүшүн жүргүзгөн орган шектүүгө, айыпкерге карата төмөнкү түрдөгү жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу:

1) келүү жөнүндө милдеттенме;

2) айдатып келүү;

3) кызматтан убактылуу четтетүү;

4) мүлккө камак салуу;

5) жакын келүүгө тыюу салуу.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда өндүрүшүндө иш турган орган жабырлануучуга, күбөгө жана процесстин башка катышуучуларына келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу, айдап келүү түрүндөгү жазыктык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу.

120-берене. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу

1. Шектүү, айыпталуучу, ошондой эле жабырлануучу же күбө тергөө амалдарына же соттук териштирүүгө катышуудан четтеши мүмкүн деп болжоого жетиштүү негиз болгон учурда же чакырган учурда жүйөлүү себептерсиз келбей коюшканда, бул адамдардан келип туруу жөнүндө милдеттенме алынышы мүмкүн.

2. Жазыктык сот өндүрүшүн жүргүзүүчү орган процесстин нормалдуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган адамдарды тиешелүү органга же сотко чакыруу боюнча өз учурунда келиши, ал эми жашаган жерин өзгөрткөн учурда - бул жөнүндө токтоосуз билдириши тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени алууга укуктуу. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алган аталган адамдар аны аткарбагандыктын кесепеттери жөнүндө эскертилет.

3. Келип туруу жөнүндө милдеттенмелер шектүү, айыпкер, жабырлануучу, күбө тарабынан аткарылбаганда, айдатып келүү колдонулушу мүмкүн.

121-берене. Айдап келүү

1. Шектүү, айыпкер, жабыр тартуучу, күбө жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, тергөөчүнүн же судьянын (соттун) жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча айдатып келүүгө (мажбурлап жеткирилүүгө) дуушар болушу мүмкүн.

2. Келбей коюунун жүйөлүү себептери деп төмөнкү жагдайлар таанылат:

1) адамды келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;

2) жакын туугандарынын, жубайынын өлүмү;

3) табигый кырсыктар;

4) чакыруу кагазын албай калуу;

5) адамды белгиленген мөөнөттө келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жагдайлар.

Чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө тоскоолдук кылган жүйөлүү себептердин болгондугу жөнүндө шектүү, айыпкер, жабырлануучу, күбө өздөрү чакыртылган органга маалымдоого милдеттүү.

3. Айдатып келүү жөнүндө токтом шектүүгө, айыпкерге, жабырлануучуга, күбөгө жарыя кылынат, бул токтомдогу алардын койгон колу менен ырасталат.

4. Айдатып келүү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

5. 14 жашка чейинки курактагы жашы жетпегендер, кош бойлуу аялдар, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн турган жерин таштап кете албаган же таштабоого тийиш болгон оорулуулар айдатып келүүгө жатпайт жана бул медициналык мекеме тарабынан ырасталууга жатат.

6. Сотко чейинки өндүрүштөгү айдатып келүү - тергөө органы, ал эми соттук өндүрүштө - сот приставы тарабынан жүзөгө ашырылат.

122-берене. Кызматтан убактылуу четтетүү

1. Сотко чейинки өндүрүштө тергөө судьясы, ал эми сот өндүрүшүндө - сот тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун же жабырлануучунун өтүнмөсү боюнча сот отуруму өткөрүлгөндөн кийин, ал бул кызматта калуу менен, ишти сотто калыс кароого же териштирүүгө тоскоолдук кылат же бул кызматта туруу менен байланышкан кылмыштуу ишти жасоону улантат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектенүүчүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу бошотууга укуктуу.

2. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө менен кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан шектүүгө, айыпкерге, анын коргоочусуна, аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.

3. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилип, жетекчи аларды алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө, прокурорго маалымдоого милдеттүү.

4. Шектүүнү, айыпкерди кызматынан убактылуу четтетүү чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, ал тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун токтому менен жокко чыгарылат.

123-берене. Мүлккө камак салуу

1. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын, башка мүлктүк жаза чараларынын ордун толтуруу же мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу жак мүлккө камак салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жабырлануучу тергөө судьясына мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.

3. Мүлккө камак салууда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, эгерде алар шектүүнүн, айыпкердин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжогон жетиштүү негиздер болгондо, тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпкердин, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.

4. Өтүнмө кылмыштын кыскача баяндамасын, квалификациясын, шектүү, айыпкер жөнүндө маалыматтарды, ага камак салуу сунуш кылынган мүлк жөнүндө маалыматтарды жана келтирилген зыяндын өлчөмүнө бирдейлигин эске алуу менен мүлккө камак салуунун зарылдыгы жөнүндө тыянактарды камтыйт.

5. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адамдын мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтому жана ага карата материалдар тергөө судьясына камак салууга жаткан мүлк аныкталган учурдан тартып 48 сааттан кеч эмес берилүүгө тийиш.

Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу тиркелген документтер менен мүлккө арыз салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпкерге, анын коргоочусуна тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы, тергөөчү тарабынан аны тергөө судьясына бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.

6. Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат.

7. Мүлккө камак салууга адис катышышы мүмкүн.

8. Тергөө судьясы тарабынан камак салынган мүлк алынып коюлушу же болбосо мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон ошол мүлктүн ээсине же болбосо башка адамга сактоого өткөрүп берилиши мүмкүн, протоколго бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.

9. Шектүүгө, айыпкерге таандык болгон акча каражаттарына жана банктардагы жана башка кредиттик уюмдардагы анын эсебинде, салымында же сактоодо турган башка баалуулуктарына камак салууда, ал эсеп боюнча операциялар толугу менен же камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктарынын чектеринде жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери ал акча каражаттары жана баалуулуктар жөнүндө маалыматты тергөө судьясынын, соттун суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү.

10. Камак салынууга жаткан мүлк жашырып коюлушу же жок болушу мүмкүн деп болжолдоого негиздер болгон учурларда, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам мүлк менен бүтүмдөрдү жана башка операцияларды жасоону токтото туруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу же болбосо ал тергөө судьясынан мындай чечим милдеттүү түрдө алынгандан тартып 24 сааттын ичинде тергөө судьясынын чечими алынганга чейин алынып коюлушу мүмкүн.

11. Мүлктү камакка алууда ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү анын мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат.

Камакка алынууга тийиш мүлк болбосо, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.

12. Мүлктү камакка алуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде жокко чыгарылат.

13. Мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону же кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, баалуу кагаздарга же болбосо алардын сертификатына камак салуу мүлктүн турган жери боюнча жана ушул берененин талаптарын сактоо менен баалуу кагаздардын ээсинин укуктары эсепке алынган жер боюнча салынат.

14. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) камакка алынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, категориясы (тиби) же сериясы;

2) номиналдуу наркы;

3) мамлекеттик каттоо номери;

4) эмитент жөнүндө же баалуу кагаздарды берген же болбосо баалуу кагаздардын ээсинин укуктарын эсепке алууну жүзөгө ашырган адамдар жөнүндө, ошондой эле эсепке алуу жүргүзүлгөн жер жөнүндө маалыматтар;

5) камак салынган баалуу кагаздарга менчик укугун ырастоочу документтер жөнүндө маалымат.

15. Камак салынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби мыйзамда белгиленет.

16. Ишти өз өндүрүшүнө алган судьянын чечими боюнча мүлккө камак салуу сот аткаруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.

17. Жүргүзүлгөн мүлккө камак салуу жөнүндө сот аткаруучусу мүлк тизмесин түзөт, анын көчүрмөсү мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат, ал жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат, ал эми мүлк тизмеси мүлккө камак салуу жөнүндө чечим чыгарган судьяга жиберилет.

124-берене. Жакындоого тыюу салуу

1. Жакындоого тыюу салуу шектүүнү, айыпкерди жабырлануучу жана башка адамдар менен жолугушуулардан аларды коргоо максатында чектөөдөн турат.

2. Судья, тергөөчү, тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы шектүүгө, айыпкерге корголуучу адамдарды издөөгө, артынан түшүүгө, барууга, алар менен оозеки, телефондон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана башка ыкмалар менен сүйлөшүүгө, аларга 10 метрден аз аралыкка жакындоого тыюу салууга укуктуу.

3. Жакындоого тыюу салуу корголууга жаткан адамдын арызы боюнча судьянын, тергөөчүнүн, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде колдонулат. Токтомдо жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун бул түрүн колдонуунун негиздери жана жакындоого тыюу салуунун түрлөрү, ошондой эле анын сакталышы үчүн контроль жүктөлгөн тергөө органы көрсөтүлүүгө тийиш. Жакындоого тыюу салуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпкерге, коргоочу адамга жана контролду жүзөгө ашыруучу тергөө органына тапшырылат.

4. Жакындоого тыюу салуу бузулганда шектүүгө, айыпкерге карата ушул Кодекстин 106-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын түрлөрүнүн бири колдонулушу мүмкүн.

V БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨЛӨР. ЖАЗЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮН ИШКЕ АШЫРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИНЕ ЖАНА ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ

15-глава. Өтүнмөлөр

125-берене. Өтүнмө билдирүүгө укуктуу адамдар

1. Шектүү, айыпталуучу жана алардын жактоочулары, жабырлануучу, анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүлү, жекече айыптоочу, эксперт, уюмдун администрациясынын өкүлү жана сотко чейинки же соттук өндүрүштүн жүрүшүндө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адам процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү же жазык иши, ошондой эле жорук жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө, ошондой эле өтүнмө менен кайрылган адамдын же болбосо аларга сунушталган адамдын же уюмдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн процесстик чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнмө менен алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, ошондой эле сотко кайрылууга укуктуу.

2. Сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыгында өтүнмө билдирүү укугуна прокурор, мамлекеттик айыптоочу ээ.

126-берене. Өтүнмө билдирүү жана аны чечүү

1. Өтүнмө жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш боюнча жазык сот өндүрүшүнүн каалаган баскычында билдирилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөр ишке тиркелет, оозеки түрүндөгү өтүнмөлөр тергөө амалдарын же сот отурумунун протоколуна киргизилет.

2. Өтүнмө билдирилгенден кийин, ал каралууга жана чечилүүгө тийиш. Өтүнмө боюнча чечимди тез арада кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда, ал билдирилген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш.

3. Өтүнмөнү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья - токтом, ал эми сот - аныктама чыгарып, ал өтүнмө билдирген адамга жеткирилет.

4. Өтүнмөнү четке кагуу жазык сот өндүрүшүнүн кийинки этаптарында аны кайтадан билдирүүгө тоскоолдук кылбайт.

5. Өтүнмө боюнча чечим ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

16-глава. Жазык сот өндүрүшүн ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу

127-берене. Даттануу укугу

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракети (аракетсиздиги) жана чечимдери, эгерде жүргүзүлүп жаткан процесстик аракеттер (аракетсиздиктер) же чечимдер жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, ушул Кодексте белгиленген тартипте аталган адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн.

128-берене. Даттанууну берүү

1. Даттануу жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча жазык сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан, мыйзам боюнча аны кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга укуктуу болгон мамлекеттик органга же кызмат адамына берилет.

2. Даттануу оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго түшүрүлөт, ага даттануучу жана аны кабыл алган кызмат адамы кол коет. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.

3. Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Шектүү, айыпталуучу жактоочунун даттануусун чакыртып алууга укуктуу; жабырлануучу (жекече айыптоочу), жарандык жоопкер мыйзамдуу өкүлдөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

4. Эгерде тергөөчү, прокурор же судья керек деп таппаса, даттануунун берилиши даттанылып жаткан иш-аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт.

129-берене. Даттануу берүүнүн мөөнөттөрү

1. Алгачкы тергөө органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу ал аракеттердин натыйжалары менен таанышкан учурдан тартып, 15 сутканын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Тергөө судьясынын, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимдерине, ошондой эле соттордун өкүмдөрүнө, токтомдоруна даттануу ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө берилет.

130-берене. Кармалган же камакка алынган адамдардын даттанууларын жөнөтүү

1. Камакта кармоочу жайдын администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адамдардын же камакта жаткандардын даттанууларын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине, тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү.

2. Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн аракетине кармалгандардын же камакта жаткандардын даттанууларын камакта кармоочу жайдын администрациясы прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттанууларды -жогору турган прокурорго 12 сааттан кеч эмес берүүгө милдеттүү.

131-берене. Прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин даттанууларды кароо тартиби

1. Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен аны карап чыгат. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү талап кылынган өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө карап чыгууга жол берилет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирилет.

2. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө арыз ээсине 12 сааттан ичинде билдирилиши керек.

3. Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кабыл алган чечимин тиешелүү түрдө жогору турган прокурорго же тергөө бөлүмүнүн органынын жетекчисине даттанууга укуктуу.

132-берене. Даттанууларды кароонун соттук тартиби

1. Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазык иши же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча токтомдору, ошого тете башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Эгерде анын кызыкчылыгы даттанылып жаткан аракет (аракетсиздик) же чечим менен түздөн-түз козголуп жаткан башка адамдын кызыкчылыгы жазык ишине жана (же) жорук жөнүндө ишке катышып жатса, тергөө судьясы токтомдордун, ошого тете прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын башка чечимдеринин жана аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, ал жөнүндө арыздануучусунун жана анын коргоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн катышуусу менен соттук отурумда даттануу келип түшкөндөн тартып 3 суткадан кеч эмес мөөнөттө чечим чыгарат. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарланган жана аны өздөрүнүн катышуусу менен кароону талап кылбаган адамдардын келбей коюусу сот тарабынан даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

133-берене. Соттун өкүмүнө, аныктамасына, токтомуна даттануу (сунуштама)

1. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун өкүмүнө, аныктамасына жана токтомуна даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 46-главасынын эрежелерине ылайык берилет.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра кароо жөнүндө даттануу (сунуштама) тергөө судьясынын чечимин кошпогондо, ушул Кодекстин 51-главасынын эрежелерине ылайык берилет.

VI БӨЛҮМ. БАШКА ЖОБОЛОР

17-глава. Соттун жана жазык сот өндүрүшүн ишке ашыруучу органдардын мыйзамсыз аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүш

134-берене. Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери

1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк залалдын ордун толтуруу укугун, моралдык зыяндын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Жаранга жазык куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук өлчөмдө толтурулат.

2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде жазык куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуртуу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар соттолуучу;

2) ага карата жазык куугунтугу ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган айыпкер;

3) өзүнө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда.

3. Адам өлүп калган учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук - багуучусунан айрылган учурда пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.

4. Ушул берененин эрежелери жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же токтом кылынган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө, мунапыс тууралуу акт чыгарылгандыгына байланыштуу иш кыскартылганда, эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө, жабырлануучу менен жарашкандыгына, жоопкерчилик жүктөлүүчү куракка толо электигине байланышкан учурларга же жоопкерчилик келип чыгуучу куракка толгон, бирок психикалык бузулуу менен байланышпаган, психикалык өнүгүүдө артта калуунун айынан өз аракеттеринин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомдук коркунучун толук мерчемде аңдап түшүнө албаган жана Жазык кодексинде жана (же) Жоруктар жөнүндө кодексте каралган терс жорукту жасоо учурунда өзүн колго ала албаган жашы жете электерге карата же терс жосундардын кылмыштуулугун же жазалануусун четтеткен мыйзам кабыл алынган учурларга жайылтылбайт.

5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү жаманатты кылуу жолу менен ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгуусуна көмөктөшкөн болсо, залалдын орду толтурулбайт. Бирок зомбулукту, коркунучту жана башка мыйзамсыз чараларды колдонуунун натыйжасы болгон өзүн-өзү жаманатты кылуу зыяндын ордун толтуртууга тоскоолдук кылбайт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуунун фактысы соттун айыптоо өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.

135-берене. Реабилитациялоо укугун таануу

1. Сот өкүмдө, аныктамада, токтомдо, ал эми алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү - токтомдо акталган же болбосо жазык куугунтугу ага карата кыскартылган адамдын реабилитацияга болгон укугун тааныйт. Бир эле убакта реабилитациялануучуга жазык куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуртуунун тартибин түшүндүрүү менен кабарлама жиберилет.

2. Каза болгон реабилитацияланган адамдын мураскорлорунун, жакын туугандарынын, жубайынын же анын багуусундагылардын жашаган жери жөнүндө маалыматтар болбогондо, кабарлама сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу органына же сотко алар кайрылган күндөн тартып 5 суткадан кечиктирбестен жиберилет.

136-берене. Мүлктүк залалдын ордун толтуруу

1. Реабилитацияланганга мүлктүк залалдын ордун толтуртуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жазык куугунтугунун натыйжасында ажыраган эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду, башка каражаттарды;

2) соттун өкүмүнүн, аныктамасынын, токтомунун негизинде мамлекеттин кирешесине конфискацияланган же алынган мүлктү;

3) соттун өкүмүн аткаруу үчүн андан өндүрүп алынган айып акылардан же процесстик чыгымдарды;

4) юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ал төлөп берген суммаларды.

2. Залалдын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө кабарлама алган учурдан тартып 6 айдын ичинде адам мүлктүк залалдын ордун толтуртуу жөнүндө талап менен өкүмдү, аныктаманы, ишти кыскартуу жөнүндө токтомду чыгарган органга мүлктүк залалдын ордун толтуруу жөнүндө, башка мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу. Эгерде иш кыскартылса же өкүм жогору турган сот тарабынан өзгөртүлсө, залалдын ордун толтуртуу жөнүндө талап өкүм чыгарган сотко жиберилет.

3. Мүлктүк залалдын ордун толтуртуу жөнүндө талап реабилитациялангандын мыйзамдуу өкүлү тарабынан билдирилиши мүмкүн.

4. Мүлктүк залалдын ордун толтуртуу жөнүндө талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кеч эмес судья анын өлчөмүн аныктайт жана ал залалдын ордун толтуртууга төлөп берүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө токтом чыгарат. Көрсөтүлгөн төлөп берүүлөр инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жүргүзүлөт.

5. Мүлктүк залалдын ордун толтуртуу жөнүндө талап судья тарабынан ушул Кодекстин 429-беренесинде өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте чечилет.

6. Токтомдун көчүрмөсү реабилитацияланганга, ал эми ал өлүп калган учурда ушул Кодекстин 134-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга тапшырылат же жөнөтүлөт.

137-берене. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

1. Келтирилген моралдык зыянды акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө доо Жазык кодексинин 99-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Эгерде реабилитацияланганды кармоо, аны камакка алуу, кызматынан убактылуу четтетүү, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө, реабилитацияланганды соттоо жана ага карата башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу басма сөздө жарыяланса, радиодон, теле көрсөтүүдөн же башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилсе, анда реабилитациялангандын, ал эми өлүп калган учурда анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча же болбосо соттун, прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары 30 сутканын ичинде реабилитациялоо жөнүндө билдирүү жасоого милдеттүү.

3. Реабилитациялангандын, ал эми өлүп калган учурда анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы 14 суткадан кеч эмес мөөнөттө адамды актаган чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны ал иштеген, окуган же жашаган жерине жиберет.

138-берене. Төлөп берүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимге даттануу

Судьянын төлөп берүүлөрдү жүргүзүү, мүлктү кайтарып берүү жөнүндө токтому ушул Кодексте белгиленген апелляциялык тартипте жүргүзүлөт.

139-берене. Реабилитациялангандын башка укуктарын калыбына келтирүү

1. Реабилитациялангандын эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктарын калыбына келтирүү ушул Кодекстин 429-беренесинде белгиленген тартипте өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн жүргүзүлөт.

2. Соттун чечиминин негизинде атайын, аскердик жана ардак наамдарынан, класстык чендеринен, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган реабилитациялангандарга тиешелүү наамдары, класстык чендери калыбына келтирилет жана мамлекеттик сыйлыктары кайтарылып берилет.

140-берене. Талаптарды коюунун мөөнөттөрү

1. Мүлктүк залалдардын ордун толтуруу үчүн акчалай төлөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талаптар жаран же ушул Кодекстин 134-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген адамдар тарабынан мындай төлөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө токтом алынган учурдан тартып 3 жылдын ичинде жасалышы мүмкүн.

2. Келтирилген моралдык зыян үчүн акчалай төлөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талаптарды коюунун мөөнөтү чектелбейт.

3. Башка укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө талап адам тарабынан укуктарды калыбына келтирүүнүн тартибин түшүндүргөн кабарлама алынган учурдан тартып алты айдын ичинде коюлушу мүмкүн.

4. Бул мөөнөттөр жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда, алар ишке тиешеси бар адамдардын арызы боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор же сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

18-глава. Процесстик мөөнөттөр жана чыгымдар

141-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө

1. Ушул Кодексте каралган процесстик мөөнөттөр сааттар, суткалар, күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.

2. Мөөнөттү эсептөө төмөндөгү эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт:

1) бир күн мөөнөттү эсептөөдө 24 саат деп эсептелет. Мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө, ал кийинки суткалардын 24 саатында бүтөт;

2) мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө мөөнөт башталган күн эсепке алынбайт;

3) мөөнөттү айлар менен эсептөөдө мөөнөт башталган саат жана сутка көңүлгө алынбайт, буга ушул Кодексте каралган учурлар кирбейт. Ай менен жыл календарь боюнча эсептелет. Мөөнөттү ай жана жылдар менен эсептөөдө ал акыркы айдын, жылдын тийиштүү күнүндө бүтөт. Эгерде айлар боюнча эсептелген мөөнөттүн акыры ошондой күнү жок айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү менен бүтөт;

4) эгерде мөөнөттүн акыры жумушчу эмес күнгө туура келсе, кармоодо, камакка, үй камагына алууда жана медициналык мекемеде болгон мөөнөттөрүн эсептегенден башка учурларда, дем алыш же майрам күндөрүнөн кийинки биринчи иш күнү мөөнөттүн акыркы күнү деп эсептелет;

5) кармаган учурда анын мөөнөтү бул чараны иш жүзүндө колдонгон учурдан (сааттан жана мүнөттөн) тартып эсептелет.

3. Эгерде даттануу, өтүнүч же башка документ мөөнөтү бүткөнгө чейин почтага тапшырылса, аларды кабыл алууга тийиш болгон адамга берилсе же билдирилсе, ал эми камакта же медициналык мекемеде жаткандар үчүн даттануу же башка документ камакта кармоочу жайдын же медициналык мекеменин администрациясына мөөнөтү бүткөнгө чейин тапшырылса, анда мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.

142-берене. Өткөрүлгөн мөөнөттү узартуу жана калыбына келтирүү

1. Процесстик мөөнөттөр ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана узартылышы мүмкүн.

2. Жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөткө даттануу иш анын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же судьянын токтому менен калыбына келтирилүүгө тийиш. Эгерде жазык сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан органдын тиешелүү чечими менен башкача каралбаса, мында мөөнөт аны өткөрүп жиберген адам үчүн, бирок башка адамдар үчүн эмес, калыбына келтирилет. Мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартууга ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Кызыкдар адамдын өтүнүчү боюнча, белгиленген мөөнөтү өтүп кеткендиктен даттанылган чечимдин аткарылышы өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин токтотула турушу мүмкүн.

143-берене. Процесстик чыгымдар

1. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын же жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен орду толтурулуучу, жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча өндүрүш менен байланышкан чыгымдар процесстик чыгымдар болуп саналат.

2. Процесстик чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) жабырлануучуга, күбөгө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, экспертке, адиске, котормочуга, күбөгө, ошондой эле жазык ишине катышуучу жактоочуга алардын процесстик иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендиги, жашап турушу, б.а. жолго чыгымдар, турак жайды жалдоого жана туруктуу жашаган жеринен тышкары жашоосу менен байланышкан кошумча чыгымдарды (суткалык чыгымдарды) жабууга төлөнүүчү суммалар;

2) туруктуу алган айлыгы жок күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;

3) иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө аларды алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн кызмат акыларынын ордун толтурууда төлөнүүчү суммалар;

4) эксперттерге, котормочуларга, адистерге мындай милдеттерди кызматтык милдет тартибинде аткаргандан тышкары учурларда, тергөөдө же сотто өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөнүп берилүүчү сый акылар;

5) шектүү, айыпталуучу жактоочунун көрсөткөн юридикалык жардамы үчүн акы төлөөдөн бошотулган же адвокат тергөөдө же сотто келишим түзбөстөн дайындоо боюнча катышкан учурда ага төлөнүүчү суммалар;

6) буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө чыгымдалган суммалар;

7) тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну, соттолуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммалар;

8) эксперттик мекемелерде экспертиза жүргүзүүгө чыгымдалган суммалар;

9) жазык иши же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө жумшалган башка чыгымдар.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-5, 8-пункттарында көрсөтүлгөн сумма алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча төлөнөт.

144-берене. Процесстик чыгымдарды өндүрүп алуу

1. Процесстик чыгымдар Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт же соттолгондордун эсебинен өндүрүп алынат.

2. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган учурда котормочуга, коргоочуга төлөнүп берилген суммаларды албаганда, сот процесстик чыгымдарды соттолуучудан өндүрүп алууга укуктуу. Процесстик чыгымдар жазадан бошотулган соттолгонго, ошондой эле жаза дайындалбастан соттолгонго да жүктөлүшү мүмкүн.

3. Ишке котормочунун катышуусу менен байланышкан процесстик чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

4. Эгерде шектүү, айыпкер коргоочудан баш тартса, бирок ал канааттандырылбаса жана коргоочу мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкагында берилсе, адвокаттын эмгегине акы төлөө боюнча чыгашалар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

5. Айыпкер акталган же иш ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына жана 340-беренесине ылайык кыскартылган учурда процесстик чыгымдар, анын ичинде шектүүнүн, айыпкердин өздөрү тарткан чыгашалар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Эгерде айыпкер жарым-жартылай гана акталса, сот аны күнөөлүү деп табылган айыптоого байланыштуу процесстик чыгымдарды төлөөгө милдеттендирет.

6. Өндүрүп алууга тийиш болгон адам мүлктүк жактан кудуретсиз болгон учурда процесстик чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Эгерде бул соттолгондун багуусунда турган адамдардын материалдык абалына олуттуу таасир тийгизсе, сот соттолгонду процесстик чыгымдарды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.

7. Иш боюнча бир нече айыпкер күнөөлүү деп табылганда, сот алардын ар биринен өндүрүп алынууга тийиш болгон процесстик чыгымдардын өлчөмдөрүн аныктайт. Мында сот кылмыш үчүн күнөөнүн жана жоопкерчиликтин даражасын, ошондой эле соттолгондордун мүлктүк абалын эске алат.

8. Жашы жетпегендерге карата иштер боюнча сот процесстик чыгымдарды жашы жетпегендин ата-энесине же аларды алмаштыруучу адамдарга жүктөшү мүмкүн.

9. Жекече айыптоо иши боюнча айыпкер акталганда, сот процесстик чыгымдарды кимдин өтүнүчү боюнча өндүрүш башталса ошол адамдан толугу менен же жарым-жартылай өндүрүп алууга укуктуу. Тараптардын жарашуусунан улам иш кыскартылганда, процесстик чыгымдар бир тараптан же эки тараптан тең өндүрүп алынат.

19-глава. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бириктирүү жана бөлүп чыгуу жана калыбына келтирүү

145-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бириктирүү

1. Ушул Кодекстин 505-беренесинде каралган талаптарды сактоо менен, сотко чейинки өндүрүш баскычында бир же бир нече кылмыш жана (же) жорук жасоого катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жана (же) жорук жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн.

2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

3. Жоруктар жөнүндө эки же андан ашык иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, судьянын токтому же болбосо соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

Жоруктар жөнүндө ишти жана жазык ишин бириктирүү жазык иши алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому же болбосо, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

Эки же андан ашык жазык иштерин бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

4. Иштерди бириктирүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, соттун демилгеси боюнча же болбосо тараптардын өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.

5. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү биринчи болуп иши башталган адамга шектенүү жөнүндө билдирилген күндөн тартып эсептелет.

146-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бөлүп чыгуу

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот турган жери белгисиз болгон же катуу оорусуна байланыштуу шектүүгө, айыпталуучуга, соттолуучуга карата жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын өзүнчө ишке бөлүп чыгууга укуктуу.

2. Тергелип жаткан иш боюнча шектүүгө, айыпталуучуга күнөө тагылган кылмыш же жоруктар менен байланышпаган, башка адам жасаган жаңы кылмыш жана (же) жорук сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө белгилүү болуп калса, жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Мындай учурларда сотко чейинки өндүрүш үчүн зарыл болгон материалдар жазык ишинен бөлүнүшү мүмкүн.

3. Эгерде бир же бир нече айыпталуучу сот арачыларынын катышуусу менен соттон баш тартса, анда бир же бир нече айыпталуучуга карата жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө мүмкүн болбосо, жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан бүтүндөй каралат.

4. Эгерде жашы жете элек кылмышты жана (же) жорукту жасоого жашы жеткендер менен бирге катышкан болсо, ал жөнүндө иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт.

5. Жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын бөлүп чыгуу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларында же көчүрмөсүндө бөлүнүп чыгуучу материалдардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.

6. Эгерде ишти бөлүп чыгуу жазык сот өндүрүшүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, ишти бөлүп чыгууга жол берилет.

7. Кылмышка жана (же) жорукка кошо катышкан адамдын табылбагандыгына байланыштуу, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдары боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот тарабынан алгачкы текшерүү органына аны издөө жөнүндө тапшырма жөнөтүлөт.

8. Коюлган күнөө боюнча сотто каралган жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иштин сотко чейинки өндүрүшүнүн жүрүшүндө жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча бөлүктө же айрым адамдарга карата кыскартуунун мыйзамсыздыгы белгиленген учурда жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин материалдары ошол бөлүктө сот тарабынан бөлүнүп алынат жана анын өтүнүчү боюнча прокурорго жиберилет. Жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин мындай материалдарын бөлүп алуу судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго бөлүнүп алынуучу материалдардын тизмеги түп нускада жана көчүрмөлөрдө тиркелүүгө тийиш.

147-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү

1. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү прокурордун токтому боюнча, ал эми алар сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жоголгон учурларда - аткаруу үчүн прокурорго жөнөтүлүүчү судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин материалдарын калыбына келтирүү жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин сакталып калган материалдары боюнча жүргүзүлөт, алар ушул Кодексте белгиленген тартипте жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу далил катары таанылышы мүмкүн.

3. Жазык иштерин калыбына келтирүүдө тергөөнүн жана камакта кармоонун мөөнөттөрү ушул Кодекстин 117, 155-беренелеринде белгиленген тартипте, ал эми жоруктар жөнүндө иштер - ушул Кодекстин 504-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелет.

4. Эгерде калыбына келтирилип жаткан жазык иши боюнча камакта кармоонун чектүү мөөнөтү бүтүп калса, анда айыпталуучу дароо бошотулууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

VII БӨЛҮМ. СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШ

20-глава. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жана тартиби

148-берене. Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш

Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөө түрүндө, ал эми жоруктар жөнүндө иштер боюнча - ушул Кодексте каралган тартипте жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш түрүндө ишке ашырылат. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып башталат.

149-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жасалган кылмыш же болбосо жорук жөнүндө арыз, кабарлама алынган учурдан тартып же кылмыш, жорук жасалгандыгын айгинелеген жагдайларды түздөн-түз тапканда, бөлүнүп берилген жазык ишинин жана жоруктар жөнүндө иштин материалдары келип түшкөндө, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдары чет өлкөлүк мамлекеттен келип түшкөндө, токтоосуз, 24 сааттан кечикпестен тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.

2. Жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө кылмыш же жорук жөнүндө арыз же кабарлама алардан келип түшкөн жеке же юридикалык жакка кабарланат.

3. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.

4. Арыз ээсине билип туруп жалган билдирүү бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертилет, ал жөнүндө берилген арызда же протоколдо белги коюлат, ал арыз ээсинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

150-берене. Бирдиктүү реестр

1. Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Өкмөт тарабынан бекитилет.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде маалыматты киргизүүнүн датасы автоматтык түрдө белгиленет жана жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин номери ыйгарылат.

151-берене. Кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана каттоо милдеттүүлүгү

1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай гана болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз ээсине арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды көрсөтүү менен арыздын же билдирүүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кылмыш жана (же) жоруктун катталгандыгы тууралуу документ берилет.

2. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жаап-жашыруу Жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот жазык иши жана (же) жорук жөнүндө ишти териштирүүдө кылмыш белгилерин, же болбосо кылмыш же жорук жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу, каттоо тартиби бузулгандыгын аныктайт, бул тууралуу жеке аныктама чыгарып, прокурорго жиберет.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-глава. Сотко чейинки өндүрүштүн жалпы шарттары

152-берене. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар

1. Жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш ушул Кодексте аныкталган ырааттуулукка ылайык аскер прокуратурасы, ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, жазык-аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү ушул Кодекстин 503-беренесинде аныкталган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жүзөгө ашырат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

153-берене. Тергөөнүн караштуулугу

1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 130-137-беренелери), ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 138-142, 144, 145-беренелери), адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 146-151-беренелери), инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 152-160-беренелери), жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 161-163-беренелери), инсандын рухий-адеп-ахлактык бакыбаттуулугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 164-169-беренелери), адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 170-174-беренелери), жашы жетпегендердин кызыкчылыктарына жана калыптанган үй-бүлөлүк мамилелерге каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 175-181, 183, 184-беренелери), адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 185, 186, 189-199-беренелери), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 200-208, 210-беренелери), экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 212-беренеси), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 236-беренеси), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 247-249, 253-257-беренелери), өнөр жайдагы, курулуштагы жана кооптуулугу жогору булактар менен иштөө чөйрөсүндөгү коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 258-263-беренелери), коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 265, 266-беренелери), баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 268, 269, 271-276-беренелери),, калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 277-282-беренелери), экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 283-295-беренелери), транспорт кыймылынын жана эксплуатациясынын жана магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 296-303-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 334-беренеси), далилдерди алуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 344-346, 348-беренелери), соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 349-354-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 355, 356, 359-362-беренелери), чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Жазык кодексинин 363-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

2. Ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 143-беренеси), үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 182-беренеси), адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 239-246, 250-252-беренелери), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 307-312, 314, 316-318-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 335-беренеси), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357, 358-беренелери), тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 380-388-беренелери), аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарынын жана салттарынын башка бузуулары жөнүндө (Жазык кодексинин 389, 390, 392-395-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

3. Баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 364-374-беренелери), аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 375-379-беренелери), аскер кызматчысы статусундагы адамдардын жасаган кылмыштары жөнүндө жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

4. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 209-беренеси), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 211, 213, 214, 216-223-беренелери), акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 224-226-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 227-232-беренелери) коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-238-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

5. Жазык-аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин аймагындагы шектүүлөр, айыпкерлер жана соттолгондор тарабынан жасалган бардык жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

6. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

7. (Бөлүк КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 319-331-беренелери), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 339-343, 347-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

9. Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 225-беренеси), коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 264-беренеси), маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 304-306-беренелери), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 313, 315-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 332, 333-беренелери), аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Жазык кодексинин 391-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

10. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 215-беренеси), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 336-беренеси), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 337, 338-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

11. улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 267, 270-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.

12. Ушул беренеде каралган, ар кайсы органдардын тергөөгө караштуулугуна таандык кылмыштардын жыйындысында тергөө караштуулугу кыйла оор кылмыш боюнча аныкталат.

13. Ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу жазык иши соттук өндүрүштү баштаган органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет.

14. Ушул Кодекстин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларды албаганда, тергөөгө караштуулугуна таандык болбогон жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүшкө жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

154-берене. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүчү жер

1. Сотко чейинки өндүрүш кылмыш жасалган райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүш кылмыш жана (же) жорук аныкталган жер боюнча, ошондой эле шектүү, айыпталуучу же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Тергөөчү бул иш ага караштуу эместигин аныктаган соң, кийинкиге калтырылгыс шашылыш процесстик аракеттерди жүргүзүүгө, андан кийин ишти караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго берүүгө милдеттүү.

3. Тергөө амалдарынын өндүрүшүн башка райондо жүргүзүү зарыл болгон учурда, тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул амалдарды жүргүзүүнү ошол райондун тергөөчүсүнө же алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчү айрым тергөө жана издөө иш-аракеттерин тергөө жүргүзүлгөн жер же алар өндүрүшүнө коюлган жер боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.

155-берене. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү

1. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш адамга кылмыш жасоодон шек саналгандыгы жөнүндө маалымдалган учурдан тартып 2 айдан кеч эмес мөөнөттө аяктоого тийиш.

2. Шектүүнүн, айыпкердин жана коргоочунун жазык ишинин материалдары менен танышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

3. Анын ичинде сотко чейинки өндүрүш ушул Кодекстин 237-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулган убакыт сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө киргизилбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү аяктаганга чейин 7 суткадан кеч эмес берилген өтүнүчү боюнча прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

5. Төмөндөгүлөргө мөөнөтүн узартууга жол берилбейт:

1) жоруктар жөнүндө иштер боюнча - 3 айдан ашыкка;

2) анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - 6 айдан ашыкка;

3) оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иштер боюнча - бир жылдан ашыкка.

6. Токтотулган же кыскартылган ишти кайра жаңыртууда сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамы менен 155-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

156-берене. Тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүшү

1. Оор же көлөмү чоң болгон учурда жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөөчүлөрдүн тобуна (тергөө тобуна) берилиши мүмкүн, бул жөнүндө прокурор же тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан өзүнчө токтом чыгарылат. Токтомдо сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү тапшырылган бардык тергөөчүлөр, анын ичинде тергөөчү - топтун жетекчиси көрсөтүлүүгө тийиш, ал ишти өз өндүрүшүнө кабыл алат жана башка тергөөчүлөрдүн аракеттерине жетекчилик кылат.

2. Жабырлануучу, шектүү, айыпкер жана алардын коргоочулары тергөөчүлөрдүн тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүшү жөнүндө токтом менен таанышууга тийиш жана аларга топтун курамынан кайсы гана болбосун тергөөчүдөн баш тартуу укугу түшүндүрүлүп берилет.

157-берене. Тергөө тобунун жетекчисинин ыйгарым укуктары

1. Тергөөчү - тергөө тобунун жетекчиси жазык ишин өз өндүрүшүнө кабыл алат, мында тергөөчүнүн ыйгарым укуктарынан пайдалануу менен сотко чейинки өндүрүштү жеке жүргүзөт, тергөө тобунун ишин уюштурат, жазык иши боюнча чечимдерди кабыл алат жана айыптоо актысын түзөт.

2. Иштерди бириктирүү жана бөлүп чыгаруу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу же кайра жаңыртуу жөнүндө чечим тергөө тобунун жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

3. Тергөө тобунун жетекчиси тергөөнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө прокурорго, ошондой эле бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо, бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөө судьясына кайрылат.

158-берене. Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жалпы эрежелери

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришип жатып, тергөө аракеттеринин катышуучуларынын ким экендигине ынанып, аларга ушул Кодекстин 159-беренесине ылайык укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрүп берет.

2. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларды албаганда, тергөө жана башка процесстик аракеттерди түнкү убакта жүргүзүүгө жол берилбейт.

3. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу жана кылмыштардын изин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмаларын жана буюм-далилдерин пайдалануу милдеттүү болуп саналат.

4. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулукту, коркутууну жана башка мыйзамсыз аракеттерди колдонууга, ошого тете ага катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жаратууга жол берилбейт.

5. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен тергөө судьясынын алдында өтүнмө козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

159-берене. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын түшүндүрүүнүн жана камсыз кылуунун милдеттүүлүгү

Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү шектүүгө, айыпкерге, жабырлануучуга жана алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышкан башка адамдарга алардын укуктарын түшүндүрүп берүүгө жана сот өндүрүшүндө ал укуктарды жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Бир эле убакта аларга жүктөлгөн милдеттерди жана аларды аткарбай койгондогу кесепеттерди түшүндүрүп берүүгө тийиш. Ушул беренеде саналып өткөн адамдарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүү алардын койгон колу менен ырасталат.

160-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик

1. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбайт.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү күбөгө, жабырлануучуга, коргоочуга, экспертке, адиске, котормочуга жана тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышкан башка адамдарга сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө эскертет жана Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан кол коюуну алып коюуга укуктуу.

3. Мамлекеттик, аскердик жашыруун сыр менен байланышкан иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышкан адвокат мамлекеттик, аскердик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестик жөнүндө эскертилип, бул жөнүндө тиешелүү тил кат алат. Мамлекеттик, аскердик жашыруун сырды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан өзгөчө бөлүнүүгө тийиш.

161-берене. Адистин катышуусу

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышуу үчүн иштин жыйынтыгына кызыкчылыгы жок адисти чакырууга укуктуу. Көрсөтүлгөн адамдардын адисти чакыруу жөнүндө талабы адис иштеген уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү болот.

2. Тергөө аракеттери башталардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы адистин инсандыгына жана компетенттүүлүгүнө ынанып, анын шектүүгө, айыпкерге жана жабырлануучуга карата мамилесин тактайт. Тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү адиске ушул Кодекстин 60-беренесинде каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет, бул тергөө аракеттеринин протоколунда адистин койгон колу менен ырасталат.

162-берене. Котормочунун катышуусу

1. Ушул Кодекстин 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы суракта жана башка тергөө аракеттеринде котормочуну чакырууга милдеттүү.

2. Тергөө аракеттери башталаардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы котормочуга ушул Кодекстин 61-беренесинде каралган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана билип туруп туура эмес которгондугу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул жөнүндө тергөө аракеттеринин протоколунда белги коюлат жана котормочунун койгон колу менен ырасталат.

163-берене. Тергөө амалынын протоколу

1. Тергөө амалынын протоколу тергөө амалынын жүрүшүндө же түздөн-түз ал аяктагандан кийин түзүлөт.

2. Протокол кол менен жазылышы же компьютердик ыкма менен даярдалышы мүмкүн. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографиялоо, фотого, үн жана видеожазууга тартуу колдонулат. Стенографиялык жазуу, фото, үн жана видеожазууга тартуунун материалдары иш менен бирге сакталат.

3. Протоколдо тергөө амалы жүргүзүлгөн жер жана датасы, анын башталган жана бүткөн убактысы, протоколду түзгөн адамдын кызмат орду жана аты-жөнү, тергөө амалына катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурда - анын дареги да көрсөтүлөт. Протоколдо процесстик иш-аракеттер кандай кезекте жүргүзүлсө, аларды жүргүзүүдө аныкталган иш үчүн олуттуу болгон жагдайлар, ошондой эле тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан адамдардын арыздары да ошол тартипте баяндалат.

4. Эгерде тергөө амалын жүргүзүүдө сүрөткө тартуу, үн жана видео жазуу колдонулса же издердин кептери жана көчүрмөлөрү даярдалса, чиймелер, схемалар, пландар түзүлсө, протоколдо тиешелүү тергөө аракетин жүргүзүүдө колдонулган техникалык каражаттар, аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби, бул каражаттар колдонулган объекттер жана алынган натыйжалар да көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколдо, мындан тышкары, техникалык каражаттарды колдонуунун алдында бул тууралуу тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан адамдарга билдирилгендиги тууралуу белгиленүүгө тийиш.

5. Протокол тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан бардык адамдарга таанышуу үчүн берилет. Аларга протоколго киргизилүүгө тийиш болгон пикирлерди айтууга укугу бар экендиги түшүндүрүлөт. Протоколго киргизилген бардык сын-пикирлер, толуктоолор жана түзөтүүлөр ошол адамдар тарабынан айтылууга жана алардын коюлган колу менен ырасталууга тийиш.

6. Эгерде жактоочудан баш тартуу тергөө амалы жүргүзүлүп жаткан убакта билдирилсе, анда бул жөнүндө ушул тергөө амалынын протоколуна белги коюлат.

7. Протоколго тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, суракка алынган адам, котормочу, адис, жактоочу жана тергөө амалын жүргүзүүгө катышкан башка адамдар кол коёт. Тергөө амалынын протоколуна кол коюудан баш тартылган же мүмкүн болбогон учурда, бул фактыны ырастоо ушул Кодекстин 164-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

8. Протоколго тергөө амалын жүргүзүүдө тартылган негативдер жана сүрөттөр, диапозитивдер, сурактын фонограммалары, видео жазуунун кассеталары, маалыматтык электрондук алып жүрүүчүлөр, чиймелер, пландар, схемалар, издердин түшүрмөлөрү жана көчүрмөлөрү тиркелет.

9. Эгерде тергөө амалынын жүрүшүндө адис тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий документ түзүлсө, анда ал протоколго тиркелет, бул жөнүндө анда тиешелүү жазуу жасалат.

10. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпкердин жана тергөө аракеттерине катышкан башка адамдардын жана алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл деп болжооого негиздер болгондо, тергөөчү көрсөтүлгөн адамдар катышкан тергөө аракеттеринин протоколуна алардын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды жазбайт. Бул учурда тергөөчү токтом чыгарууга милдеттүү, анда тергөө аракеттеринин катышуучусунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алуунун себептери баяндалып, псевдоними жана койгон колунун үлгүсү көрсөтүлүп, аларды анын катышуусунда тергөө аракеттеринин протоколдорунда пайдаланат. Токтом чапталган конвертке салынат, анын мазмуну менен тергөөчүдөн тышкары, прокурор жана судья гана таанышышы мүмкүн.

164-берене. Тергөө аракеттеринин протоколуна кол коюудан баш тартуунун же кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын ырастоо

1. Эгерде шектүү, айыпкер, күбө же тергөө аракеттерине катышкан башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул жөнүндө протоколго тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдын койгон колу менен ырасталуучу белги коюлат жана видеожазууну пайдалануунун жардамы менен белгиленет.

2. Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, ал протоколго киргизилет.

3. Эгерде шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтеринен улам же ден соолугуна байланыштуу сурактын протоколуна кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча протоколго жактоочусу, анын өкүлү кол коёт же тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы да кол коёт. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын бири башка тергөө амалдарынын протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралуу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.

22-глава. Карап чыгуу

165-берене. Окуя болгон жерди кароо

1. Ар түрдүү материалдык объекттерди жана аларда болгон издерди түздөн-түз табуу, аныктоо жана белгилөө, ошондой эле окуянын жагдайын билүү жана жазык иши үчүн мааниге ээ болгон башка жагдайларды аныктоо максатында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан окуя болгон жерди карап чыгуу жүргүзүлөт.

2. Зарыл болгон учурда окуя болгон жерди карап чыгууга катышуу үчүн жабырлануучу, шектүү, айыпталуучу, күбө жана жактоочу чакырылышы мүмкүн. Атайын билим керек болгон маселелер боюнча жардам алуу максатында тергөөчү окуя болгон жерди карап чыгууга катышуу үчүн ар түрдүү билим тармагындагы адистерди чакыра алат.

3. Алгачкы текшерүү органынын кызматкерлери окуя болгон жерди карап чыгууну жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүгө жана тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тапшырмасы боюнча окуя болгон жерди кайтаруу, көргөн кишилерди аныктоо, жазык кылмышын же жорук жасаган адамдарды кармоо же изи сууй электе шектүүнүн аркасынан түшүүнү уюштуруу, жабырлануучуларды эвакуациялоо, каза болгондорду транспорт менен ташуу, улантылып жасалышына бөгөт коюу жана кайталап жазык кылмышын жана (же) жоруктарды алдын алуу жана окуянын башка кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды жүргүзөт.

4. Тергөөчүнүн өз убагында келүүсү мүмкүн болбогон учурда, анын тапшырмасы боюнча окуя болгон жерди кароо алгачкы текшерүү органынын кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Менчикте же башка укукта болгон турак жай же башка объект болуп саналган окуя болгон жерди кароо анда жашаган адамдардын макулдугу менен жүргүзүлөт.

Эгерде турак жайда же башка объектте жашаган адамдар карап чыгууга каршы болсо же болбосо жашы жетпегендер же мурдатан психикалык оорулардан жабыр тарткандар болуп саналса, окуя болгон жерди мажбурлап кароо тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Уруксат берүүдөн баш тартылган учурда, окуя болгон жерди кароо жүргүзүлбөйт.

6. Адамдардын өмүрүн же мүлкүн сактоонун же болбосо кылмыш жана (же) жорук жасоодон негизделген шектенүү болгон адамга карата түздөн-түз куугунтуктоонун зарылдыгы менен байланышкан, кийинкиге калтырууга болбогон жагдайлар болгондо, менчик же башка укукта турган турак жайдагы же башка объекттеги окуя болгон жерди кароо тергөө судьясынын уруксатысыз, тергөөчүнүн же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы белгиленген тартипте кароо башталган учурдан тартып 24 сааттын ичинде тергөө аракеттеринин жүргүзүлүшү жөнүндө тергөө судьясына маалымдайт. Маалымдамага анын жүргүзүлүшү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн окуя болгон жерди кароонун протоколунун көчүрмөсү тиркелет. Көрсөтүлгөн маалымдаманы алып, тергөө судьясы ушул Кодекстин 261-беренесинде каралган тартипте 24 сааттан ичинде окуя болгон жерди кароонун жүргүзүлүшүнүн мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө токтом чыгарат. Эгерде тергөө судьясы тергөө аракетин жүргүзүүнү мыйзамсыз деп тапса, окуя болгон жерди кароонун жүрүшүндө алынган бардык далилдер ушул Кодекстин 82-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жол берилгис деп табылат.

7. Турак жай же башка объект болуп саналган окуя болгон жерди кароодо анда жашаган жашы жеткен адамдын болушу камсыз кылынууга тийиш. Анын болушу мүмкүн болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү чакырылат.

8. Уюмдун жайы болуп саналган окуя болгон жерди кароо тиешелүү уюмдун администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Окуя болгон жерди кароого анын катышуусун камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда протоколго бул жөнүндө жазуу жазылат.

9. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеп турган жайлардагы, ошого тете дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү же алардын үй-бүлөлөрү жашаган жайлардагы окуя болгон жерди кароо дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын же анын ордун баскан адамдын макулдугу менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт. Дипломатиялык өкүлдүн макулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу суратылат. Окуя болгон жерди кароону жүргүзүүдө прокурордун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусу милдеттүү.

10. Кылмыштын жана (же) жоруктун издерин жана башка табылган буюмдарды кароо окуя болгон жерде жүргүзүлөт. Эгерде аны жүргүзүү үчүн узак убакыт талап кылынса же ошол жерде кароо кыйынчылык туудурса, анда буюмдар алынып коюлууга, таңгакталууга, мөөрлөп бекитилүүгө, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын койгон колдору менен ырасталып, кароо жеринде фото-, видео тартуунун жардамы менен белгиленүүгө жана кароо үчүн ыңгайлуу башка жерге жеткирилүүгө тийиш. Жазык ишине жана (же) жорук жөнүндө ишке тиешеси бар буюмдар гана алынып коюлат. Мында окуя болгон жерди кароонун протоколунда алынып коюлган буюмдардын жекече белгилери жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.

11. Окуя болгон жерди кароодо бардык табылгандар жана алынып коюлгандар фото-, видео тартуунун жардамы менен белгиленүүгө жана кароонун катышуучуларына көрсөтүлүүгө тийиш, ал жөнүндө протоколдо белги коюлат.

12. Окуя болгон жерди кароого катышкан адамдар, алардын пикири боюнча иштин жагдайларын тактоого көмөк көрсөтүшү мүмкүн болгондордун баарын тергөөчүнүн же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын көңүлүн бурууга укуктуу, ошондой эле билдирүүлөрдү жасоого укуктуу, алар кароо протоколуна киргизилүүгө жатат.

13. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, кайсы гана адам болбосун, ал аяктаганга чейин окуя болгон жерди кароо ордун таштап кетүүгө жана кароону жүргүзүүгө кедерги болгон кандай гана болбосун аракеттерди жасоого тыюу салууга укуктуу.

14. Окуя болгон ошол эле жерди кайталап кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) прокурор же болбосо тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан окуя болгон жерде кайталап кароону жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тергөөчү үчүн милдеттүү көрсөтмө берилгенде;

2) окуя болгон жерди алгачкы кароонун шарттары объектти натыйжалуу кабылдоо үчүн жагымсыз болгондо;

3) окуя болгон жерди алгачкы кароодон кийин жаңы маалыматтар алынышы мүмкүн болгондо;

4) эгерде окуя болгон жерди алгачкы кароо сапатсыз жүргүзүлгөндө;

5) жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иш бир тергөөчүдөн башкасына, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан башкасына өткөрүп берилгенде.

166-берене. Буюм далилдерин карап чыгуу

1. Окуя болгон жерди кароодо табылган, тинтүү, алып коюу, тергөө экспериментин же башка тергөө аракеттерин жасоодо алып коюлган же болбосо тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча жеке, юридикалык жактар тарабынан берилген буюмдар ушул Кодекстин 165-беренесинин эрежелери боюнча каралууга жатат.

2. Каралып чыккандан кийин, аталган предметтер ушул Кодекстин 88-беренесине ылайык буюм далилдери катары таанылышы мүмкүн.

Предметти далил буюму деп таануу жана аны ишке кошо тиркөө жөнүндө тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат, анда далил буюмун иштин ичинде калтыруу же аны ээсине же башка адамдарга же уюмдарга сактоого берүү жөнүндө маселе чечилет.

3. Жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан алып коюуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана өткөрүп берүүнүн тартиби ушул Кодекстин 88, 89-беренелерине ылайык аныкталат.

167-берене. Өлүктү карап чыгуу

1. Тергөөчү адамдын өлүгүн кароону ал табылган жерде ушул Кодекстин 165-беренесинин талаптарын сактоо жана соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жүргүзөт. Эгерде эксперттин катышуусу мүмкүн болбосо, анда медицина чөйрөсүндөгү башка адис тартылат. Өлүктү кароо үчүн зарыл болгондо, башка адистер да тартылышы мүмкүн.

2. Өлүктү сыртынан кароо кийин соттук-медициналык экспертизаны дайындоонун жана жүргүзүүнүн болушун алмаштырбайт жана жокко чыгарбайт.

3. Таанылбай калган өлүктөр милдеттүү фотосүрөткө тартылууга, дактилоскопияланууга жана өлүктүн ким экендигин кийин аныктоо үчүн ткандарынын үлгүсүн алууга жатат.

4. Өлүктү кошумча же болбосо кайталап кароону жүргүзүү зарыл болгон учурда, соттук-медициналык эксперттин катышуусу милдеттүү болот.

5. Өлүктү кароо процессинде жасалган өлгөндү таануу жөнүндө жарандардын билдирүүлөрү, кийин билдирүүчүнү күбө катары суракка алуу менен ал тергөө аракетинин протоколуна киргизилет, мунун өзү өлүктү башка адамдардын таанышы үчүн андан ары көрсөтүүгө бөгөт кылбайт.

168-берене. Күбөлөндүрүү

1. Эгерде бул үчүн соттук экспертиза жүргүзүү талап кылынбаса, жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш үчүн мааниси бар адамдын денесиндеги өзгөчө белгилерди, кылмыштын жана (же) жоруктун издерин, дене жаракаттарын, мас абалын жана (же) башка касиеттери менен белгилерин табуу үчүн шектүүнү, айыпталуучуну жана жабыр тартуучуну күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Күбөлөндүрүүдө адам үчүн коркунучтуу же анын кадыр-баркын кетирүүчү аракеттерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Күбөлөндүрүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү токтом чыгарат, ал токтомдо бул тергөө аракетин жүргүзүүнүн негиздери, анын максаты, ошондой эле күбөлөндүрүүгө дуушар болгон адам көрсөтүлөт.

3. Адам күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда ал ушул Кодекстин 260-беренесинин тартибинде тергөө судьясынын токтомунун негизинде айдатып келүүгө жана кийин мажбурлап күбөлөндүрүлүүгө дуушар болот.

4. Күбөлөндүрүү тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгондо тергөө же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөлөндүрүү жүргүзүүгө катышууга адисти тартат.

5. Башка жыныстагы адамды күбөлөндүрүүдө тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы катышпайт. Бул учурда күбөлөндүрүү врач тарабынан жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурларда фотосүрөткө, видеожазууга тартуу күбөлөндүрүлүүчү адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт. Аларды көрсөтүү күбөлөндүрүлгөн адам үчүн мазактоо катары каралуучу сүрөттөр мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат жана соттук териштирүүнүн убагында сотко гана берилиши мүмкүн.

7. Күбөлөндүрүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө тергөөчү же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул беренени жана ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзөт.

8. Протоколдо тергөөчүнүн же болбосо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын бардык аракеттери, ошого тете адамды күбөлөндүрүүдө бардык табылган касиеттери жана белгилери күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн ыраатта жана күбөлөндүрүү учурунда табылып байкалган түрдө баяндалып жазылат.

23-глава. Эксгумация

169-берене. Эксгумация жүргүзүү үчүн негиздер

1. Көмүлгөн жерден адамдын өлүгүн алып чыгуу (эксгумация), эгерде төмөнкүлөр талап кылынган учурларда жүргүзүлөт:

1) көмүлгөн адамдын өлүгүн кароо жүргүзүү;

2) адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү;

3) экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон ткандардын жана органдардын же адамдын өлүгүнүн бир бөлүгүн алуу;

4) жазык иши үчүн олуттуу мааниси бар башка жагдайларды белгилөө.

2. Эксгумация тергөө судьясынын, соттун жүйөлөштүрүлгөн чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

170-берене. Эксгумация жүргүзүүнүн тартиби

1. Адамдын өлүгүн көмүлгөн жерден алуу зарыл болгондо тергөөчү эксгумация жөнүндө өтүнмө козгоо жөнүндө токтом чыгарат жана бул жөнүндө маркумдун жакын туугандарына, жубайына маалымдайт.

2. Эксгумация жөнүндө өтүнмө тергөө судьясы тарабынан материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде тараптардын катышуусу жок каралат. Мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгаруу үчүн мааниси бар жагдайларды изилдөө зарыл болгондо, тергөө судьясы тиешелүү адамдардын жана прокурордун катышуусу менен соттук отурумду өткөрүү жөнүндө токтом чыгарат.

3. Өтүнмөнү жана иштин берилген материалдарын карап чыгып, тергөө судьясы эксгумация жүргүзүү жөнүндө же болбосо андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал эксгумация жөнүндө өтүнмө жасаган тергөөчүгө жиберилет.

4. Тергөө судьясынын токтому тиешелүү көмүлгөн жердин администрациясы тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү болот.

5. Эксгумация көмүлгөн жердин администрациясы тарабынан соттук медицина жаатындагы адистин, ал эми зарыл учурда башка адистин да катышуусунда жүргүзүлөт.

6. Адамдын өлүгүн таануу жана кароо, үлгүлөрдү алуу эксгумациянын ордунда жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле адамдын өлүгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн мекемеге жеткирилиши мүмкүн.

7. Эксгумациянын жүрүшү жана натыйжалары протоколдо чагылдырылып, ал ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) тергөө аракетин жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

2) протокол түзгөн адамдын кызматы жана фамилиясы;

3) көмүлгөндүн фамилиясы, аты, атасынын аты, өлгөн датасы жана эксгумацияда табылгандардын баары табуу ордундагы ыраатуулукта;

4) эксгумацияга катышкан соттук медицина жаатындагы адистин кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты;

5) тергөө аракеттерине катышкан ар бир адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;

6) фото сүрөткө тартуу, аудио-, видеожазуу жүргүзүлгөндүгү, аудио-видеотартуу же башка жаза турган техникалык каражаттарды пайдалануу жөнүндө белги;

7) тергөө аракетине катышкан адамдардын сын-пикирлери;

8) эксгумациядан кийин адамдын өлүгү жиберилген мекеме же болбосо ал тергөө аракетин жүргүзүүдө табылган иш үчүн мааниси бар башка буюмдар.

8. Эксгумация жөнүндө протоколго тергөө аракетинин бардык катышуучулары кол коет. Эгерде протокол бир нече баракта түзүлсө, тергөө аракетинин катышуучулары анын ар бир бетине кол коет.

Эксгумацияда алынган фотосүрөттөр, тасмалар же башка маалымат алып жүрүүчүлөр протоколго тиркелет.

9. Эгерде адамдын өлүгүн таануу, кароо, үлгүлөрдү алуу башка жерде жүргүзүлсө, бул жөнүндө өзүнчө протокол түзүлөт.

10. Адамдын өлүгүн эксгумациядан жана кийинки процесстик аракеттерден кийин көмүү тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуусунда көмүлгөн жердин администрациясы тарабынан жүргүзүлүп, ал жөнүндө протокол түзүлөт.

11. Өлүктү эксгумациялоо жана кийин көмүү менен байланышкан чыгамдардын орду мамлекеттик бюджеттен каражаттарынын эсебинен толтурулат.

24-глава. Экспертиза

171-берене. Экспертизаны дайындоонун негиздери

1. Экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлар илимге таянган атайын билимдердин негизинде, эксперт тарабынан жүргүзүлгөн материалдарды изилдөөнүн натыйжасында белгилениши мүмкүн болгон учурларда дайындалат. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарда ушундай билимдердин болушу, тергөө судьясын, сотту, тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын тиешелүү учурларда экспертизаны дайындоо зарылдыгынан бошотпойт.

Иштин укуктук маселелерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Эгерде жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл болсо, соттук экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү милдеттүү болуп саналат:

1) өлүмдүн себеби;

2) ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзү жана деңгээли;

3) эгерде шектүүнүн, айыпталуучунун акыл-эси жайында экендиги же жазык сот өндүрүшүндө өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоого жөндөмдүүлүгү шек туудурса, анын психикалык же дене боюнун абалы;

4) эгерде жабырлануучунун, күбөнүн жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды туура кабылдоо жана көрсөтмө берүү жөндөмдүүлүгүнөн шектенүү келип чыкса, анын психикалык же дене боюнун абалы;

5) эгерде бул жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниге ээ болсо, ал эми анын курагын ырастоочу документтер жок болсо же шек жаратса, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун курагы;

6) башка далилдер менен анык белгилениши мүмкүн болбогон башка жагдайлар.

3. Медициналык же психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн мажбурлап тартуу тергөө судьясынын токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Зарыл болгон учурда ушул Кодекстин 99-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 116-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, шектүүнүн же айыпталуучунун соттук-медициналык экспертизасы мамлекеттик эксперттер сыяктуу эле мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.

172-берене. Экспертиза дайындоо тартиби

1. Тергөөчү судья, сот, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоону зарыл деп таап, бул жөнүндө токтом чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) экспертиза дайындаган адамдын фамилиясы, аты, кызмат орду;

2) экспертизанын түрү;

3) экспертиза дайындоонун негизи;

4) экспертизага жөнөтүлгөн адам жөнүндө маалымат;

5) экспертизага жөнөтүлгөн объектилер жана алардын пайда болуусу жөнүндөгү маалыматтар, ошондой эле көрсөтүлгөн объектилердин мүмкүн болгон толук же жарым-жартылай жок кылынышын чечилиши, алардын тышкы түрүнүн өзгөрүшү же изилдөөнүн жүрүшүндөгү негизги касиеттер;

6) экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик уюмдун аталышы же эксперттин фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы;

7) эксперттин алдына коюлган маселелер.

2. Экспертиза дайындоо жөнүндө тергөө судьясынын, соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтому ал даректелген жана алардын компетенциясына кирген органдар жана адамдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

3. Экспертиза төмөндөгүлөргө тапшырылышы жана алар тарабынан аткарылышы мүмкүн:

1) мамлекеттик жана (же) мамлекеттик эмес эксперттер тарабынан;

2) мыйзам менен каралган тартипте жана шарттарда, атайын билимге ээ болгон тергөө судьясынын, соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде бир жолку тартипте жүргүзүлөт;

3) процесстин катышуучулары тарабынан сунушталган атайын билимге ээ болгон адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбагандар тарабынан.

4. Тергөө судьясынын, соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын экспертиза жүргүзүү тапшырылган адамды чакыруу жөнүндөгү талабы көрсөтүлгөн адам иштеген уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү.

5. Тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен шектүүнү, айыпталуучуну, анын коргоочусун тааныштырат жана ушул Кодекстин 174-беренесинде каралган укуктарды аларга түшүндүрөт. Бул жөнүндө тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана токтом менен таанышкан башка адамдар тарабынан кол коюлган протокол түзүлөт.

6. Ушул Кодекстин 171-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, жабырлануучуга, ошондой эле күбөгө карата экспертиза алардын макулдугу же көрсөтүлгөн адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндө макулдугу менен жүргүзүлөт.

7. Экспертиза өзүнүн же көрсөтүлгөн укукту жана кызыкчылыктарды коргогон процесстин катышуучуларынын демилгеси боюнча дайындалышы мүмкүн. Өздөрүнүн же көрсөтүлгөн укуктарды же кызыкчылыктарды коргогон процесстин катышуучулары алардын пикири боюнча эксперттин корутундусу берилүүгө тийиш болгон алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жана тергөөчүгө суроолорду жазуу түрүндө берет, ошондой эле эксперт катары чакырылышы мүмкүн болгон адамдын ысымын атайт. Мында, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү чечүүгө берилген маселелер жазык ишине жана (же) жорук жөнүндө ишке же экспертизанын предметине дээрлик тиешеси жок учурлардан тышкары жагдайларда, экспертиза дайындоодон баш тартууга укуксуз. Тергөөчү экспертиза дайындоодон баш тарткан учурда, өзүнүн же берилип жаткан укуктарды же кызыкчылыктарды коргогон процесстин катышуучусу ушул Кодекстин 175-беренесинде каралган тартипте тергөө судьясына өтүнмө менен кайрылууга укуктуу.

8. Анын демилгеси менен экспертиза дайындалып жаткан процесстин катышуучусу буюмдарды, документтерди эксперттик изилдөөнүн объектиси катары бериши мүмкүн.

9. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы берилген маселелерди карап, жазык ишине же жорук жөнүндө ишке, же экспертиза предметине кирбегендерин четке кагат, экспертте баш тартууга негиз жок экендигин териштирет, андан кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарат.

10. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, эгерде экспертиза жүргүзүүгө алардын катышуусу зарыл деп таанылса, шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү экспертке жеткирүүнү камсыз кылат.

11. Кыйноолорду же ырайымсыз мамиле жасоолорду колдонгондугу жөнүндө арыз болгондо, соттук-медициналык экспертиза 12 сааттын ичинде дайындалууга тийиш. Эксперт тарабынан сүрөткө тартып алууну же видео жазып алууларды колдонуу менен кароо жүргүзүлүүгө тийиш.

12. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндөгү иш карамагында турган сотко чейинки өндүрүш органынан изилдөө объектилерин талап кылуунун зарылдыгы жок болгон учурда, өзүнүн же көрсөтүлүүчү укукту же кызыкчылыктарды коргогон процесстин катышуучусу экспертизаны келишимдик негизде жүргүзүү жөнүндө эксперттик уюмга өз алдынча кайрылууга укуктуу.

13. Ушул берененин 12-бөлүгүндөгү тартипте коргоочусу тарабынан эксперттик корутунду берүү тууралуу өтүнмө жөнөтүлгөндүгү жөнүндө билдирүү бир эле мезгилде сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган тергөөчүгө маалымдалат, алар зарыл болгондо экспертке кошумча суроолорду жөнөтө алат. Жактоочу тарабынын өтүнмөсү боюнча тергөө судьясынын токтомунун негизинде берилген эксперттин корутундусу эки нускада түзүлөт, анын бири алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө жөнөтүлөт.

173-берене. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын экспертиза жүргүзүүгө катышуусу

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү тирүү адамдардын экспертизасын кошпогондо, экспертиза жүргүзүүгө катышууга жана алар жүргүзгөн аракеттер боюнча эксперттен түшүндүрмө алууга укуктуу.

2. Эксперт тарабынан эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн баскычында корутунду түзүүдө, ошондой эле, эгерде экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлсө, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуусуна жол берилбейт.

3. Экспертиза жүргүзүүдө тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуу фактысы эксперттин корутундусунун киришүү бөлүгүндө чагылдырылат.

174-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн, жактоочунун жана жабырлануучунун өкүлүнүн экспертизаны дайындоодогу жана жүргүзүүдөгү укуктары

1. Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектелүүчү, айыпталуучу жана алардын коргоочусу, жабырлануучу жана анын өкүлү төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен таанышууга;

2) экспертти четтетүүнү билдирүүгө;

3) алар көрсөткөн адамдарды эксперт катары тартуу, ошондой эле эксперттердин комиссиясы тарабынан экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө;

4) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго экспертке кошумча маселелерди киргизүүнү же коюлгандарды тактоону өтүнүүгө;

5) соттук экспертиза жүргүзүүдө тергөөчүнүн уруксаты менен катышууга, экспертке түшүндүрмө берүүгө;

6) эксперттин корутундусу же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү, ошондой эле экспертти суракка алуу протоколу менен таанышууга.

2. Соттук экспертиза жүргүзүлгөн күбө эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.

3. Жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн, ошондой эле жасалган кылмыштан жабыр тарткан адамдардын экспертизасы алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Эгерде бул адамдардын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук берилет. Аталган эреже ушул Кодекстин 171-беренесинде каралган учурларда экспертиза жүргүзүүгө жайылтылбайт.

4. Экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок экспертиза предметине кирген түшүндүрмөлөрдү бере алышат. Эгерде экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу эксперттин ишине жолтоолук кылган учурда, эксперт изилдөөнү токтотууга жана процесстин көрсөтүлгөн катышуучусуна уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын алдында өтүнмө жасоого, экспертиза жүргүзүүгө катышууга укуктуу.

5. Соттук психиатриялык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаны жүргүзүү купуя шартта ишке ашырылат.

6. Жылаңачтоо менен коштолгон адамга карата соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошол жыныстагы адамдар гана катыша алат. Бул чектөө аталган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуучу врачтарга жана башка медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.

7. Эксперт корутунду түзүүдө, ошондой эле экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп, соттук эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн стадиясында процесстин катышуучуларына катышууга жол берилбейт.

8. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген өтүнмө канааттандырылган учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун тиешелүү түрдө өзгөртөт же толуктайт. Өтүнмө канааттандыруудан баш тартылган учурда токтом чыгарат, ал өтүнмө берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.

175-берене. Тергөө судьясы тарабынан экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнмөнү кароо

1. Экспертиза дайындоо жөнүндө жактоочулар тарабынан катышуучулардын өтүнмөсүн канааттандыруудан тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан баш тарткан учурунда, аны билдирген адам экспертиза дайындоо жөнүндө тиешелүү өтүнмө менен тергөө судьясына кайрылууга укуктуу.

2. Өтүнмөдө төмөнкүлөр баяндалат:

1) жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иштин шарттары, өтүнмө ага байланыштуу берилет;

2) кылмыштарды жана (же) жоруктарды квалификациялоо (Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелерин, беренелердин бөлүктөрүн көрсөтүү менен);

3) өтүнмөнүн жүйөлөрү негизделген шарттарды санап өтүү;

4) ишке тартуу зарыл болгон экспертти же экспертиза жүргүзүүнү тапшыруу зарыл болгон эксперттик уюмду көрсөтүү;

5) өткөрүү зарыл болгон экспертизанын түрү жана эксперттин алдына коюуга зарыл болгон маселелердин тизмеги.

Мындай өтүнмөгө ошондой эле өтүнмөнүн жүйөлөрү негизделген материалдардын көчүрмөлөрү да тиркелет.

3. Өтүнмө аймактык юрисдикциянын чектеринде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн тергөө судьясы тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирилбестен каралат. Өтүнмө берген адамга ал карала турган жер жана убакыт жөнүндө кабарландырылат, бирок анын келбей калуусу ал адамдын катышуусу тергөө судьясы тарабынан милдеттүү деп таанылган учурлардан тышкары, аталган өтүнмөнү кароого жолтоо болбойт.

4. Эгерде тергөө судьясы тарабынан өтүнмө ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары сакталбастан берилгендиги аныкталган учурда, ал өтүнмөнү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө токтом чыгарат.

5. Өтүнмөнү кароо мезгилинде тергөө судьясы процесстин катышуучуларынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча ар кандай күбөнү угууга же өтүнмөнү чечүү үчүн маанилүү болгон ар кандай материалдарды изилдөөгө укуктуу.

6. Тергөө судьясы өтүнмөнү кароодо өз токтому менен эксперттик уюмда экспертиза же өтүнүч менен кайрылган адамдын өтүнмөсү боюнча экспертиза дайындоого укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөрдү далилдесе:

1) жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш үчүн олуттуу мааниси бар маселелерди чечүү үчүн экспертиза дайындоо зарыл экендиги;

2) айыптоочу тарабынан тартылган эксперттин чечимине тактоо үчүн экспертиза жүргүзүү зарыл болгон маселелер боюнча толук жана талаптагыдай тыянак чыгарууга мүмкүндүк бербеген суроолор коюлгандыгы;

3) айыптоочу тарабынан тартылган эксперт толук эмес же туура эмес корутунду бергендигине жетиштүү негиздер бар деп эсептелсе.

7. Экспертиза дайындоо жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда тиешелүү өтүнмө менен кайрылган адам тарабынан эксперттин алдына коюлган маселелер көрсөтүлөт. Судья андай чечимди токтомдо негиздөө менен жазык ишине же жорук жөнүндө ишке тиешелүү болбогон же соттук териштирүү үчүн аларга берилген жооптору мааниге ээ болбогон маселелерди киргизбей коюуга укуктуу.

8. Зарыл болгондо, экспертиза дайындоо жөнүндө адамдын өтүнмөсүн канааттандырууда судья ушул Кодекстин 184-беренесинин жоболорунун негизинде экспертиза үчүн үлгүлөрдү алуу жөнүндө маселени чечүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу тергөө судьясы тарабынан экспертиза дайындоо тууралуу өтүнмө берген адамга тааныштыруу үчүн берилет.

10. Кызыкдар адамдардын эсебинен, келишимдик негизде, анын демилгеси боюнча өткөрүлө турган экспертиза дайындоо жөнүндө жактоочунун өтүнүчүн караган тергөө судьясы токтом чыгарат, ал өтүнмөдө көрсөтүлгөн адамдардын ичинен эксперттерге аны жүргүзүү тапшырат.

176-берене. Экспертиза жүргүзүлгөн адамдардын укуктарына кепилдиктер

1. Тирүү адамдарга экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) алардан маалымат алуу максатында мыйзам менен кепилденген алардын укуктарынан ажыратууга же кысымга алууга (анын ичинде алдоо, зомбулук көрсөтүү, коркутуу жана башка мыйзамсыз чараларды колдонуу менен);

2) аталган адамдарды медициналык технологиялардын клиникалык изилдөөлөрүнүн, фармакологиялык жана дары-дармек каражаттарынын субъекттери катары колдонууга;

3) хирургиялык кийлигишүүлөрдү караган изилдөө методдорун колдонууга.

2. Адамга карата анын макулдугу менен жүргүзүлүп жаткан экспертиза, аталган адамдын демилгеси боюнча анын каалаган баскычында токтотулушу мүмкүн.

177-берене. Эксперттик уюмда экспертиза жүргүзүү

1. Эксперттик уюмда экспертиза жүргүзүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өндүрүш үчүн зарыл болгон экспертизаны жана материалды дайындоо жөнүндө токтомду тиешелүү эксперттик уюмдун жетекчисине жөнөтөт.

2. Эгерде экспертиза жүргүзүү тергөө судьясынын токтому менен дайындалган учурда, анда буга зарыл болгон материалдар жана предметтер жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн тергөөчүгө же жорук жөнүндө иш боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тиешелүү эксперттик уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт.

3. Жактоочунун өтүнүчү боюнча чыгарылган тергөө судьясынын токтомунун негизинде келишимдик негизде экспертиза жүргүзүлгөн учурда материалдар жактоочу тарабынан берилет.

4. Эксперттик уюмдун жетекчиси экспертиза жүргүзүүнү конкреттүү экспертке же токтомдо көрсөтүлгөн аталган уюмдун кызматкерлеринин ичинен бир нече экспертке тапшырат. Эгерде конкреттүү эксперт токтомдо көрсөтүлбөсө, анда экспертти тандоо эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында, эксперттик уюмдун жетекчиси экспертке ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган анын укугун жана жоопкерчилигин түшүндүрөт.

5. Эксперттик уюмдун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) төмөнкүдөй учурларда изилдөөгө берилген объектилерди изилдебестен, экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду аткарбастан туруп, анын жүйөлөрүн көрсөтүп, экспертиза дайындаган органга кайтарып берүүгө:

а) атайын илимий билимге ээ болгон эксперт аталган эксперттик уюмда жок болсо;

б) аталган эксперттик уюмдагы материалдык-техникалык база жана шарттар конкреттүү эксперттик милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк бербесе;

в) эксперттин алдына коюлган маселелер анын компетенциясынын чектеринен чыкса;

г) экспертиза жүргүзүү үчүн материалдар ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилсе;

2) эгерде алардын атайын илимий билими корутунду берүү үчүн зарыл болсо, аталган эксперттик уюмда иштебеген адамдарды эксперттер комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө экспертиза дайындаган органдын алдында өтүнүч берүүгө.

6. Эксперттик уюмдун жетекчиси конкреттүү экспертиза боюнча тыянактардын мазмунун алдын ала чечкен көрсөтмөлөрдү экспертке берүүгө укуксуз.

178-берене. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү

1. Тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперттик уюмдан тышкары өткөрүлүүчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин ал экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин инсандыгын, ошондой эле анын аталган тармактагы тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын айыпталуучу, шектүү, жабырлануучу жана экспертизага дуушар болгон адам менен мамилесин тактоого, ошондой эле эксперттен баш тартууга негиздердин жоктугун текшерүүгө милдеттүү.

2. Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткаруусу жөнүндө тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго белги коёт, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

3. Эксперт тарабынан жасалган билдирүүлөр жана анын өтүнмөлөрү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Эксперттин өтүнүчүн четке кагуу жөнүндө экспертизаны дайындаган адам жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.

4. Эксперттин (эксперттердин) ага экспертизанын предметине тиешеси бар иштин материалдары менен таанышууга мүмкүндүк берүү жөнүндө; ага корутунду берүү үчүн зарыл кошумча материалдарды берүү жөнүндө; башка тергөө амалдарын жүргүзүүдө жана суракка алууда катышууга жана ишти туура териштирүү жана чечүү үчүн мааниге ээ болгон экспертизанын предмети боюнча суракка алынып жаткандарга суроого берүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтөрү милдеттүү түрдө канааттандырылууга тийиш.

179-берене. Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемелерге жаткыруу

1. Эгерде соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоодо же жүргүзүүдө шектүүнү же айыпталуучуну стационардык изилдөөнүн зарылдыгы пайда болсо, анда ал медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылышы мүмкүн.

2. Камакта жатпаган шектүү же айыпталуучу соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүү үчүн, ушул Кодексте белгиленген тартипте кабыл алынуучу соттук чечимдин негизинде медициналык же психиатриялык стационарга жаткырылат.

3. Саламаттык сактоо органдарынын карамагында турган медициналык же психиатриялык стационарда болуу камакта кармоо менен теңдештирилет. Мында соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 суткадан ашпоого тийиш.

4. Адамдын медициналык стационарда жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө эксперттин же эксперттер комиссиясынын өтүнмөсү белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 7 суткадан кечиктирилбестен, стационардын орун алган жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Судья өтүнмөнү алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кароого жана өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү, анын көчүрмөсү экспертке же эксперттер комиссиясына жөнөтүлөт. Медициналык стационарда адамдын болуу мөөнөтүн узартуудан судья баш тарткан учурда шектүү, айыпталуучу, андан чыгарылып салынууга тийиш. Медициналык стационардын жетекчиси судья тарабынан берилген өтүнмө жана чыгарылган токтом жөнүндө стационарда болгон адамга, анын жактоочусуна, мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле экспертиза дайындаган тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына билдирүүгө милдеттүү.

5. Жабырлануучуну, күбөнү медициналык уюмга жайгаштырууга ушул Кодекстин 171-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет. Эгерде аталган адамдын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, жазуу жүзүндөгү макулдук мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет. Мыйзамдуу өкүл каршы болгон же ал жок болгон учурда жазуу жүзүндөгү макулдук камкордук жана көзөмөлдүк кылуу органдары тарабынан берилет.

6. Экспертиза дайындап, адамды медициналык стационарга мажбурлоо тартибинде жайгаштырган тергөөчү же тергөө судьясы бул жөнүндө анын жакын туугандарына, жубайына же анын өтүнүчү боюнча башка адамдарга 24 сааттын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

180-берене. Комиссиялык экспертиза

1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги эки же андан ашык эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Адамдын акыл-эсинин жайындалыгы тууралуу маселе боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн үчтөн кем эмес эксперт дайындалат.

3. Тергөө судьясынын, тергөөчүнүн же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндөгү токтому эксперттик уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү. Эксперттик уюмдун жетекчиси комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга жана аны жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.

4. Комиссиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперттердин ар бири алардын алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша эксперттик изилдөөнү толук көлөмдө, бирөөгө көз каранды болбостон жана өз алдынча жүргүзөт. Эксперттик комиссия алынган жыйынтыктарга биргелешип талдоо жүргүзөт жана жалпы пикирге келип, корутундуга же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө кол коёт.

5. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда алардын ар бири же эксперттердин бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет же өзүнүн пикири калган эксперттер менен дал келбеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө түзүп берет.

181-берене. Комплекстүү экспертиза

1. Комплекстүү экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө үчүн түрдүү билимдин негизиндеги изилдөөлөр зарыл болгон учурда дайындалат жана өз компетенциясынын чегинде түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү канча көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө кол коёт.

3. Ар бир эксперт тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде аны белгилөө үчүн экспертиза дайындалган жагдайлар жөнүндө жалпы корутунду (корутундулар) түзүлөт. Жалпы корутунду (корутундулар) экспертиза жүргүзгөн бардык эксперттер тарабынан гана түзүлөт жана кол коюлат. Эгерде комиссиянын акыркы корутундусунун негизи же анын бир бөлүгү болуп эксперттердин бири (өзүнчө эксперттер) тарабынан белгиленген фактылар саналса, анда бул жөнүндө корутундуда көрсөтүлүшү керек.

4. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет, анда ал жеке өзү изилдөөнүн кайсы бөлүгүн жүргүзгөндүгүн, ал кайсы фактыларды белгилегендигин, эмненин негизинде жана кандай тыянакка келгендигин көрсөтөт.

5. Эксперттик уюмга тапшырылган комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу анын жетекчисине жүктөлөт. Эксперттик уюмдун жетекчиси ошондой эле комплекстүү экспертизаны жүргүзүү жана аны жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү чечимди өз алдынча кабыл алууга укуктуу.

182-берене. Кошумча жана кайталап жүргүзүлгөн экспертизалар

1. Кошумча экспертиза биринчи экспертизаны жүргүзүүдө алынган корутунду анчалык так же толук болбогондо, ошондой эле жаңы кошумча маселелерди чечүү зарылдыгы келип чыкканда дайындалат.

2. Кошумча экспертизаны жүргүзүү тигил же бул экспертке тапшырылышы мүмкүн.

3. Кайталап жүргүзүлгөн экспертиза эксперттин буга чейинки корутундусу жетиштүү түрдө негизделбесе, же анын корутундулары иштин факт жүзүндөгү жагдайларына карама-каршы келсе жана анын тууралыгына шектенүү болсо, же экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү жөнүндө процесстик ченемдер олуттуу түрдө бузулган учурларда ошол эле объекттерди изилдөө жана ошол эле маселелерди чечүү үчүн дайындалат.

4. Кайталанган экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо мурдагы экспертизанын натыйжалары менен макул болбоонун жүйөлөрү милдеттүү түрдө келтирилүүгө тийиш.

5. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү башка экспертке же эксперттердин комиссиясына жүктөлөт.

6. Кошумча жана кайталанган экспертизага экспертизаларды жүргүзүүдө экспертке (эксперттерге) мурдагы экспертизалардын корутундулары берилиши керек.

7. Эсеби боюнча экинчи же андан кийинки экспертиза бир нече негиздер боюнча дайындалган учурда, алардын бири кошумча экспертизага, ал эми башкасы кайталанган экспертизага таандык болот, мындай экспертиза кайталанган экспертизаны жүргүзүү эрежелери боюнча ишке ашырылат.

183-берене. Экспертизанын объекттери

1. Экспертизанын объектилери болуп буюм далилдери, документтер, адамдын дене бою жана психикалык абалы, өлүктөр, жаныбарлар, үлгүлөр, ошондой эле иш үчүн мааниси бар башка объектилер, жазык ишинин жана (же) жорук жөнүндө иштин материалдарында камтылган экспертизанын предметине тиешелүү маалыматтар саналышы мүмкүн.

2. Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертизаны дайындаган орган кепилдик берет.

3. Эгерде көлөмү жана мүнөздүү өзгөчөлүгү мүмкүндүк берсе, эксперттик изилдөө объекттери экспертке таңгакталган жана мөөр басылган түрдө берилет. Башка учурларда экспертизаны дайындаган адам экспертти изилдөө объекттери турган жерге алып келүүнү, аларга тоскоолдуксуз кирүүнү жана изилдөөнү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы керек.

4. Экспертизанын объекттерин колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

184-берене. Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун негиздери жана тартиби

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү эгерде эксперттин алдына чечүүгө коюлган маселелер үчүн эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо, тирүү адамдын, өлүктүн, жаныбардын, өсүмдүктүн, предметтин, материалдын же буюмдун мүнөздүү өзгөчөлүгүн чагылдырган үлгүлөрдү алууга укуктуу.

2. Үлгүлөрдүн алынгандыгы жөнүндө жүйөөлүү токтом чыгарылат, анда үлгүлөрдү ала турган адам; үлгүлөр алына турган адам (уюм); кандай жана канча санда алынууга тийиш болгон үлгүлөр; үлгүлөрдү алуу үчүн адамдын качан жана кимге барууга тийиш экендиги; алар алынгандан кийин үлгүлөр качан жана кимге берилүүгө тийиш экендиги көрсөтүлүшү керек.

3. Үлгүлөр шектүүдөн, айыпталуучудан, жабырлануучудан, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдан алынышы мүмкүн. Шектүүдөн, айыпталуучудан, жабырлануучудан үлгүлөр алардын макулдугу менен алынышы мүмкүн, алар баш тарткан учурда тергөө судьясынын чечиминин негизинде андай үлгүлөр инсандын ар-намысын жана беделин урматтоого карата укуктарды бузуу менен коштолбогон учурларда алынат.

4. Үлгүлөр күбөдөн анын макулдугу менен гана алынышы мүмкүн.

5. Адамдан төмөндөгү өзгөчөлүктөрү чагылдырылган үлгүлөр алынышы мүмкүн:

1) биологиялык - каны, чачы, шилекейи, денесинен чыккан суюктуктар;

2) психофизикалык-кол жазуусу;

3) анатомиялык-терисинин издери, тиш каптары, үнүнүн өзгөчөлүктөрү.

6. Өлүктү кароодо изилдөө үчүн материалдык үлгүлөр алынышы мүмкүн.

7. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өзүнө адамды чакыртып алат же ал турган жерге барат, аны токтом менен кол койдуруп же үлгүлөрдүн алынгандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна келип түшкөн маалыматтар менен тааныштырат, ал адамга, адиске, эгерде алар берилген болсо, баш тартуу жөнүндө маселени чечүү укугун жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин тергөөчү зарыл аракеттерди жүргүзөт жана эксперттик изилдөө үчүн үлгүлөрдү алат.

8. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жеке, ал эми зарыл болгондо врачтын, башка адистин катышуусу менен, эгерде бул үлгү алуу карама-каршы жыныстагы адамды жылаңачтоо менен байланышпаса жана өзгөчө кесиптик көндүмдөрдү талап кылбаса, үлгүлөрдү алууга укуктуу.

9. Үлгүлөрдү алуу эксперттик изилдөөлөрдүн бөлүгү болуп саналган учурларда, ал эксперт тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

10. Үлгүлөр врач же адис тарабынан алынышы мүмкүн, бул үчүн тергөөчү аларга тиешелүү адамды, ошондой эле андан үлгүлөрдү алуу жөнүндө токтомду жөнөтөт.

11. Врач же башка адис эксперттик изилдөө үчүн зарыл аракеттерди жүргүзөт жана үлгүлөрдү алат. Үлгүлөр таңгакталат, үлгүлөрдү алган адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана иш анын өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлөт.

12. Өлүктөн үлгүлөрдү алуу аны кароодо жана эксгумациялоодо жүзөгө ашырылат.

13. Үлгү катары чийки заттардын, продукциялардын жана буюмдун тегин же жеке физикалык, же болбосо химиялык касиеттерин берүүчү башка материалдардын сынамдары алынышы мүмкүн.

14. Изилдөө процессинде эксперт тарабынан эксперименталдык үлгүлөр даярдалышы мүмкүн, бул жөнүндө корутунду берилет. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы мындай үлгүлөрдү даярдоого катышууга укуктуу, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат. Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин эксперт үлгүлөрдү өз корутундусуна таңгакталган жана мөөр басылган түрдө тиркейт.

15. Эгерде жаныбарлардан изилдөө үчүн үлгүлөрдү алуунун зарылдыгы келип чыкса тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ветеринарга же башка адиске тиешелүү токтом жөнөтөт.

16. Үлгүлөрдү алуунун усулдары жана илимий-техникалык каражаттары адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш. Өтө оорута турган татаал медициналык жол-жоболорду же ыкмаларды колдонууга үлгүлөр алына турган ошол адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет, ал эми эгерде ал жашы жете элек болсо же психикалык оорудан жапа чексе, анда анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен алууга тийиш.

17. Алынган үлгүлөр таңгакталат жана мөөр басылат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы аларды үлгүлөрдү алуу протоколу менен бирге тиешелүү экспертке жөнөтөт.

185-берене. Үлгүлөрдү алуу протоколу

Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы үлгүлөрдү алып, протокол түзөт, анда үлгүлөрдү алуу зарылдыгы кандай жагдайларга байланыштуу келип чыккандыгы жана кандай жагдайларды аныктоо үчүн изилдөө зарыл экендиги көрсөтүлөт, кандай ырааттуулукта алынса, ошондой ырааттуулукта үлгүлөрдү алуу үчүн көрүлгөн бардык аракеттер сүрөттөлөт, мында колдонулган илимий-изилдөө жана башка усулдар жана жол-жоболор, ошондой эле үлгүлөрдүн өздөрү таңгакталган жана мөөр басылган түрдө көрсөтүлөт.

186-берене. Эксперттин корутундусунун мазмуну, корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлама

1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин, эксперт (эксперттер) анын жыйынтыктарын эске алып, өз атынан жазуу жүзүндө корутунду түзөт, аны өз кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт жана экспертиза дайындаган органга жиберет.

2. Эксперттердин корутундусунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) экспертиза жүргүзүүнүн датасы, күнү жана жери;

2) экспертиза жүргүзүүнүн негизи;

3) экспертиза дайындаган кызмат адамы;

4) эксперттик уюм, ошондой эле эксперт же соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттер жөнүндөгү маалымат;

5) билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертүү тууралуу эскертме;

6) экспертке же эксперттер комиссиясына чечүүгө коюлган маселелер;

7) изилдөө объектилери (алардын абалы, таңгактары, мөөр менен басылгандары), материалдар, ошондой эле экспертиза жүргүзүү үчүн берилген эксперименттик үлгүлөр;

8) экспертиза жүргүзүүгө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар;

9) пайдаланылган ыкмалар көрсөтүлгөн изилдөөлөрдүн мазмуну жана жыйынтыктары;

10) эксперттин ою боюнча, коюлган кайсы маселелер анын атайын билим чектеринен чыгып кетүүдө;

11) ага коюлбаган маселелердин жүйөлөрү боюнча эксперт тарабынан белгиленген шарттар;

12) эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактар жана алардын негизи.

3. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт ага коюлган маселелердин жүйөлөрү боюнча иш үчүн мааниси бар шарттарды белгилесе, ал аларды изилдөөгө жана өз корутундусунда баа берүүгө укуктуу.

4. Кошумча экспертиза жүргүзүлгөн учурларда корутундуга алгачкы экспертизаны ким, качан жана кандай маселелер боюнча жүргүзгөндүгү чагылдырылат.

5. Корутундунун кириш бөлүгүнө кайталап экспертиза жүргүзүүдө аны дайындоонун негизи, анын ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле эксперттин чечүүсүнө коюлган маселелер боюнча тыянактар көрсөтүлөт. Эгерде кайталап жүргүзүлгөн экспертизанын тыянактары мурдагы эксперттердин тыянактарына дал келбеген учурларда, корутундуда эксперттердин тыянактарынын ортосундагы айырмалардын себептерин түшүндүргөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары келтирилүүгө тийиш.

6. Эгерде эксперт коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса же ага берилген материалдар жараксыз же корутунду берүү үчүн жетишсиз болсо жана аткарууга мүмкүн болбосо, же эгерде илимдин жана эксперттик практиканын абалы коюлган маселелерге жооп берүүгө мүмкүндүк бербесе, ал корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү кабарлама түзөт жана аны экспертиза дайындаган органга же адамга жөнөтөт.

7. Эксперттин иллюстрацияланган корутундусунун ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте күбөлөндүрүлгөн материалдары корутундуга тиркелет жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат. Корутундуга ошондой эле изилдөөдөн кийин калган объекттер, анын ичинде үлгүлөр да тиркелүүгө тийиш.

187-берене. Экспертти суракка алуу

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, сот өз демилгеси боюнча же ушул Кодексте көрсөтүлгөн адамдын өтүнүчү боюнча, төмөндөгүлөр зарыл болгон учурларда, экспертти суракка алууга укуктуу:

1) атайын терминдер же корутундунун мазмунуна киргизилген баяндамалар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу;

2) тыянактардын жана изилдөө бөлүгүнүн ортосунда болгон айырмачылыктарды четтетүү;

3) изилдөөнүн пайдаланылган усулдары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;

4) эксперттердин ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктердин себептерине жүйө келтирүү;

5) кошумча изилдөөлөрдү талап кылбаган эксперттин корутундусундагы маселелерди ачыктоо.

2. Экспертти аларга корутунду берилгенге чейин суракка алууга жол берилбейт.

3. Эксперт аталган экспертизанын предметине кирбеген маалыматтардын жүйөлөрү боюнча суракка алынышы мүмкүн эмес.

4. Экспертти суракка алуу протоколу ушул Кодекстин 192-беренесинин талаптарын сактоо менен түзүлөт.

188-берене. Шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга жана күбөгө экспертизанын корутундусун берүү

1. Сотко чейинки өндүрүш бүткөнгө чейин корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттин корутундусу же анын кабарламасы экспертизанын тыянактары боюнча өз түшүндүрмөлөрүн жана каршы пикирлерин берүүгө укуктуу болгон шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга, ошондой эле экспертизага алынган күбөгө берилет. Андай өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу болгон учурда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тиешелүү токтом чыгарат, өтүнүч берген адамга кол койдуруп билдирилет.

2. Эксперттин корутундусу менен таанышкандыгы жөнүндө протокол түзүлөт, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат.

3. Ушул берененин эрежелери адамды шектелүүчү же жабырлануучу деп тааныганга чейин экспертиза жүргүзүлгөн учурларда да колдонулат.

25-глава. Сурак. Беттештирүү

189-берене. Суракка чакыруунун тартиби

1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүүнүн убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себепсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Чакыруу кагазы чакырылып жаткан адамга кол койдуруу аркылуу берилет. Чакырылып жаткан адам жок болсо, чакыруу кагазы ага берүү үчүн, анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине кол койдуруп алуу менен тапшырылат.

3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө, же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Суракка чакырылган адам жүйөсүз себептер боюнча келбей калган учурда, мажбурлап алып келиниши мүмкүн.

4. Камакта кармалган адамдар камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу суракка чакырылат.

5. Жашы жетпеген адамды күбө же жабырлануучу катары чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

6. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.

190-берене. Суракка алуу жайы жана убактысы

1. Сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жер боюнча жүргүзүлөт. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы муну зарыл деп тааныса суракты суракка алынып жаткан адам турган жерде жүргүзүүгө укуктуу.

2. Суракка алуу 4 сааттан ашык үзгүлтүксүз жүрүшү мүмкүн эмес. Суракка алууну улантууга эс алуу жана тамак ичүү үчүн кеминде бир саатка тыныгуудан кийин жол берилет, мында күн ичинде суракка алуунун жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш.

3. Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда суракка алуунун узактыгы врачтын корутундусунун негизинде белгиленет.

191-берене. Суракты жүргүзүүнүн жалпы эрежелери

1. Сурактын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды аныктоого тийиш. Эгерде суралып жаткан адам иш боюнча териштирүү жүргүзүлүп жаткан тилде сүйлөрү шек туудурса, ал кайсыл тилде көрсөтмө берүүнү каалай тургандыгы аныкталат.

2. Суракка чакырылган адамга анын ушул Кодексте каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, ал жөнүндө протоколго белги коюлат. Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адамдар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет.

3. Дудук же дүлөй күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу сурдокотормону билген адамдын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул адамдын суракка катышуусу протоколдо чагылдырылат. Суралып жаткан адамда психикалык же башка оор оорусу болгон учурда, сурак врачтын уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.

4. Сурак иштин жагдайлары жөнүндө суралып жаткан адамга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берүүнү сунуш кылуудан башталат. Эгерде суралып жаткан адам ишке такыр эле тиешеси жок жагдайлар жөнүндө айтса, ага бул тууралуу эскертилет.

5. Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адам өзүнүн көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып, ага кол койгондон кийин тергөөчү толуктоочу жана тактоочу суроолорду берет. Багыттама суроолорду берүүгө тыюу салынат.

6. Ар кандай берилүүчү суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска болууга тийиш, тергөөчүнүн ырастоолорун жана баалоолорун камтууга тийиш эмес. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка мыйзамсыз таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мыйзам менен белгиленген жазык жоопкерчилигине алып келет.

7. Эгерде көрсөтмөлөр эстеп калууга кыйын болгон цифралык маалыматтар же башка маалыматтар менен байланыштуу болсо, суралып жаткан адам документтерди жана жазууларды пайдаланууга укуктуу, алар суралып жаткан адамдын өтүнмөсү же макулдугу боюнча протоколго тиркелиши мүмкүн.

8. Эгерде сурактын жүрүшүндө суралып жаткан адамга буюм далилдери жана документтер көрсөтүлүп, башка тергөө амалдарынын протоколдору айтылып жана башка тергөө амалдарынын аудио жана (же) видео жазууларынын материалдары жүргүзүлсө, анда суракка алуунун протоколунда бул жөнүндө тиешелүү жазуу түшүрүлөт. Мында протоколдо суралып жаткан адамдын көрсөтмөлөрү, коюлган далилдер, жарыя кылынган протоколдор, тергөө амалдарында коюлган аудио жана (же) видеожазуулар боюнча маалыматтар чагылдырылат.

9. Суракта мыйзамды бузуу менен алынган далилдерди көрсөтүүгө болбойт.

10. Адам коюлган шарттарда мыйзамда тикелей тыюу салынган (дин тутуу жашыруун сыры, дарыгердик жашыруун сыр, жактоочунун кесиптик жашыруун сыры, кеңешме бөлмөсүндөгү жашыруун сыр) жүйөлөр боюнча же аны, жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого шектенүү, айыптоо үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, ошондой эле атайын тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдарга жана сотко чейинки өндүрүш органдары менен жашыруун кызматташып жатат деген адамдарга карата маселелер боюнча жооп бербөөгө укуктуу.

11. Бир же ошол эле жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча чакырылуучу адамдар бөлөк-бөлөк суракка алынат, мында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар сурак жүргүзгөнгө чейин өз ара пикир алышпоосу үчүн ар бирине өзүнчө чара колдонот.

12. Дипломатиялык кол тийгистик укугуна ээ болгон адамдар алардын өтүнүчү же алардын макулдугу боюнча гана суракка алынат.

13. Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө суракка алынгандан кол койдуруп алууга укуктуу.

14. Зарыл болгон учурларда кошумча, же кайталап суракка алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кошумча суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

суракка алуунун узактыгы суракка алынган адамдын иштин ага белгилүү болгон бардык шарттары жөнүндө көрсөтмө бериши үчүн жетишсиз болуп калса;

суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн толуктоону каалагандыгын билдирсе;

иштин шарттары боюнча ал мурда берген көрсөтмөлөрүн тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыкса.

Кайталап суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

мурда суракка алынган адамга карата иш үчүн олуттуу жаңы маселелер келип чыкса;

суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү каалагандыгын билдирсе;

биринчи суракка алууда берген көрсөтмөлөрүнөн ал баш тарткан учурда, айыпталуучунун (шектелүүчүнүн) өзүнүн өтүнүчү боюнча.

15. Сурак үзгүлтүккө учураганда протоколдо анын себеби чагылдырылып, ал суралып жаткан адамдын, ага катышкан адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.

192-берене. Сурак протоколу

1. Сурактын жүрүшү жана жыйынтыктары ушул Кодекстин 163 жана 164-беренелеринин талаптарын сактоо менен түзүлгөн протоколдо чагылдырылат. Көрсөтүүлөр суралып жаткандын өзүнөн жана мүмкүн болушунча сөзмө-сөз жазылып алынат. Суроолор жана аларга берилген жооптор суракта болгон ырааттуулукта жазылат. Протоколдо суракка катышкан адамдардын тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан четке кагылган же суралып жаткан адам жооп берүүдөн баш тарткан суроолор да четке кагуунун же баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен чагылдырылууга тийиш.

2. Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими, үй-бүлөлүк абалы жана анын үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери, ошондой эле ушул Кодекстин 163-беренесиндеги эрежелерге ылайык, иштин жагдайлары боюнча зарыл болушу мүмкүн болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт. Кийинки суракка алууларда суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды, эгерде алар өзгөртүлбөсө, анын аты-жөнүн көрсөтүү менен чектесе болот. Шектүүнү суракка алуу протоколунда анын мурдагы соттуулугунун болушу же жок экендиги көрсөтүлөт.

3. Суралып жаткан адам тарабынан схемалар, чиймелер, сүрөттөр, диаграммалар колдонулушу мүмкүн, алар протоколго тиркелет, ал жөнүндө протоколго белги коюлат.

4. Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

5. Көрсөтмөлөрү жана алардын жазылышынын тууралыгы менен таанышуу фактысы суралып жаткан адамдын протоколдун аягына койгон колу менен күбөлөндүрүлөт. Суралып жаткан адам тарабынан протоколдун ар бир барагына да кол коюлат. Суралып жаткан адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда тергөөчү баш тартуунун себептерин тактайт, аны протоколго киргизет жана протоколду өзүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрөт.

6. Эгерде протокол айыпталуучу, шектүү, күбө жана жабырлануучу эркин билбеген тилде түзүлсө, анда ал оозеки түрдө котормочу аркылуу которулат, ал жөнүндө протоколдун аягында көрсөтүлөт жана сот өндүрүшүнүн тилинде жана суралып жаткан адам билген тилде, оозеки котормонун анын көрсөтмөлөрүнө дал келишин ырастаганы тууралуу жазуу жүргүзүлөт. Бул учурларда сурак протоколуна түзөтүүлөрдү жана суралып жаткан адам билген тилден сот өндүрүшүнүн тилине котормонун тууралыгы жөнүндө толуктоолорду киргизүүдө котормочунун кол коюусу менен ырасталат.

7. Эгерде суракка сурдокотормо билген адам котормочу катары катышса, анда ал ар бир баракка жана бүтүндөй протоколго кол коёт.

193-берене. Суракта үн-жана видеожазууну колдонуу

1. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн-жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн-жана видео жазуу ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.

2. Үн-видео жазып алууларды (жазып алуулардын техникалык каражаттарын) колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:

1) жашы жете электерди;

2) суракка алуунун протоколундагы өз көрсөтмөлөрүнүн жазууларын окуй ала турган абалда болбогон азиз, сабатсыз, билими аздарды;

3) котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды;

4) өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иш боюнча айыпталуучуларды;

5) эксперт-психиатрлар тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды;

6) шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө.

3. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы үн-жана видео жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алып, бул жөнүндө сурак башталганга чейин суракка алынуучуга билдирет.

4. Үн-жана видео жазып алуулар суракка алуунун бүткүл жүрүшүндөгү маалыматтарды чагылдырууга тийиш. Суракка алуу бөлүгүнүн үн-жана видео жазып алуулары, ошондой эле ошол эле суракка алуунун жүрүшүндөгү маалыматтарды жазып алуу үчүн атайын көрсөтмөлөрдүн кайталанылышына жол берилбейт.

5. Сурак аяктагандан кийин үн жана видео жазуу суралып жаткан адамга толугу менен уктурулат. Көрүү же угуу аяктагандан кийин суралып жаткан адамдын өзү айткандарга кошумчасы бар же жок экендиги, анын жазуунун тууралыгын күбөлөндүрө тургандыгы аныкталат. Суралып жаткан адамдын үн-жана видео жазууга кошумчаланган көрсөтүүлөрү да фонограмма менен көрмө жазууга киргизилет. Үн-жана видео жазуу суралып жаткан адамдын алардын тууралыгын күбөлөндүргөн билдирүүсү менен аяктайт.

6. Үн-жана видео жазууну колдонуу менен сурактын жүрүшүндө алынган көрсөтүүлөр ушул Кодекстин эрежелерине ылайык сурак протоколуна киргизилет. Сурак протоколунда үн-жана видео жазууну колдонуу жөнүндө жана бул тууралуу суракка алынуучуга кабарлангандыгы жөнүндө; техникалык каражаттар, үн-жана видео жазуунун шарттары жөнүндө маалыматтар; суралып жаткан адамга карата үн-жана видео жазууну колдонуу жаатында суралып жаткан адамдын билдирүүсү; протоколдун жана үн-жана видео жазуунун тууралыгын суралып жаткан адам менен тергөөчүнүн ырастоосу камтылууга тийиш. Фонограммалар жана видеограммалар иш учурунда сакталып, мөөр коюлуп бекитилет.

194-берене. Видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу аны сотко чейинки өндүрүштүн ошол эле, же ошол областтагы, анын кайсы аймагында, же кайсы жеринде жашаган органына чакыруу жана видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Суракка алуунун жүрүшүндө тикелей көрсөтүүнүн процесстик аракетинин катышуучулары суракка алынуучу адамдын көрсөтмөлөрүн түздөн-түз кабыл алышат.

2. Дистанциялык суракка алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) адамдын сотко чейинки өндүрүш органына жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш териштирилген жерде ден соолугунун абалы же башка жүйөөлүү себептер боюнча түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо;

2) ишти соттук кароодо адамдын коопсуздугун камсыздоо зарыл болгондо;

3. Дистанциялык суракка алуу жөнүндө чечим өз демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын өтүнүчү боюнча иш өндүрүшүндө болгон тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө дистанциялык суракка алууну жүргүзүү жөнүндө чечим тараптардын өтүнүчү боюнча сот тарабынан кабыл алынат, бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом (аныктама) чыгарылат.

4. Дистанциялык суракка алууда пайдаланылган техникалык каражаттар жана технологиялар көрсөтүүнүн жана үндүн ойдогудай сапатын, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. Сурактын катышуучуларынын дистанциялык суракка алууга катышкан адамдарга суроолорду берүү жана жооп алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

5. Видео байланыш режиминде өткөрүлгөн суракка алуунун жүрүшү жана жыйынтыктары ошол райондун же областтын суракка алына турган аймактагы тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык чагылдырылат. Дистанциялык суракка алуунун протоколунда дистанциялык суракка алууну видеого жазып алуулар техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белги коюлат. Суракка алуунун жүрүшүндө келип чыккан техникалык бузулуулар протоколго киргизилет. Протоколго толуктоону же тактоону киргизүү боюнча суракка алынуучу койгон талап милдеттүү аткарылууга жатат. Протоколго кол коюлгандан кийин, ал 24 сааттын ичинде аталган иш өндүрүшүндө болгон тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлөт.

6. Адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, анын берген өтүнмөсү боюнча таанып коюуну жокко чыгарган өңүн жана үнүн өзгөртүү менен видео байланыш режиминде суракка алынышы мүмкүн.

195-берене. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби

1. Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.

2. Сурактын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөнүн жана жабырлануучунун ким экендигин билет, алардын шектүүгө же айыпталуучуга карата мамилесин аныктайт, аларга процесстик укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы тууралуу эскертет.

Мында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбө же жабырлануучу өздөрүн же жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого айыптаган көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Күбөгө же жабырлануучуга укуктары жана милдеттери, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четке каккандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө протоколго белги коюлат, ал суракка алынуучу адамдын кол коюусу аркылуу күбөлөндүрүлөт.

3. Суракка катышкан күбөнүн жактоочусу ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган укуктарды колдонот.

4. Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 191-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

196-берене. Жашы жете элек күбөнү же жабырлануучуну суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Жашы жете элек күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү чакырылат, алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жашка чейинки курактагы жашы жете элек күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда ошондой эле психолог же педагог чакырылат.

2. 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элек күбөлөргө жана жабырлануучуларга көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процесстик укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Жашы жете элек өспүрүм күбөгө жана жабырлануучуга алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлуп, ал күбөнүн же жабырлануучунун, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын көздөгөн адамдардын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүүгө укуктуулугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.

197-берене. Беттештирүү

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамды беттештирүүгө укуктуу.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда беттештирүүгө эксперт, жактоочу, педагог, психолог, врач, котормочу жана суракка алынуучунун мыйзамдуу өкүлү катыша алышат.

3. Беттештирүү жүргүзүүдө, эгерде суракка алынуучулардын бирөөсүнүн эле жашы жете элек болсо, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү катышат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Жашы жете элек күбөнүн же 14 жашка чейинки курактагы жабырлануучунун катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө ошондой эле психолог же педагог чакырылат.

4. Беттештирүүнүн алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле ушул тергөө амалдарын жүргүзүүнүн тартибин аларга түшүндүрөт. Эгерде беттештирүү күбө менен жабырлануучунун катышуусунда жүргүзүлсө, аларга көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтетилгендиги үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет, бул тууралу протоколго белги коюлат.

5. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы беттештирилип жаткан адамдардын бири-бирин биле тургандыгын жана өз ара кандай мамиледе экендигин ачыктайт. Беттештирүү ачыктоо талап кылынып жаткан жагдайларды ырастаган адамды суракка алуудан башталат. Аларды суракка алуунун ырааттуулугу тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан аныкталат. Көрсөтмөлөр берилгенден кийин суракка алынгандардын ар бирине тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы суроо бере алат. Беттештирүү жүргүзүлгөн адамдардын ортосунда тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен бири-бирине суроо берилиши мүмкүн, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.

6. Беттештирүү жүргүзүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ишке тиркелген буюм далилдерин жана документтерди көрсөтүүгө укуктуу.

7. Беттештирүүгө катышкандардын сурактын мурдагы протоколдорунда камтылган көрсөтмөлөрүн окуп берүүгө, ошондой эле бул көрсөтмөлөрдүн үн жазмасын уктурууга жана видео жазмаларын көргөзүүгө, алар беттештирүүдө көрсөтмө бергенден кийин жана алар протоколго жазылгандан кийин гана жол берилет.

8. Айыпталуучу же шектүү тараптан башка катышуучуну опузалоо, коркутуу же башка мыйзамсыз аракеттер менен беттештирүүнү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасалган учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы муну протоколдо көрсөтүү менен, ушул тергөө амалын өткөрүүнү токтотууга милдеттүү.

9. Беттештирүүнүн протоколунда суралып жаткан адамдардын көрсөтмөлөрү алар кандай кезекте берилсе, ошондой жазылат. Беттештирүүнүн ар бир катышуучусу өзүнүн көрсөтмөсүнө, ошондой эле протоколдун ар бир барагына өзүнчө кол коет.

26-глава. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө

198-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн негизи

1. Жактоочунун жана жактоо тарабынын процесске катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча судья сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучуну, күбөнү аларга жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө суракка алат. Жактоочу жана жактоо тарабынын процесске катышуучулары депонирлөө жөнүндө өтүнмө менен түздөн-түз сотко кайрылат.

2. Ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же сот отурумунда жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучка, анын катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, мындай жабырлануучу, күбө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.

199-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн кароо тартиби

1. Далилдерди депонирлөө зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, жактоочу жана жактоочулар тарабынан процесстин катышуучулары көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө берет. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөөнүн зарылдыгын тастыктаган жазык ишинин материалдарын кайрылууга тиркейт.

2. Тергөө судьясы өтүнмөнү алган учурдан тартып 3 сутканын ичинде карайт жана анын жыйынтыктары боюнча өтүнмөнү канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү токтом чыгарат. Өтүнмө канааттандырылган учурда судья 3 суткадан кечиктирбестен сурак жүргүзөт, бул жөнүндө прокурорго, жактоочуга жана жактоочу тараптан процесстин катышуучусуна кабарландырылат.

3. Көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык түрдө даттанылышы мүмкүн.

4. Өтүнмөнү канааттандыруудан тергөө судьясынын баш тартуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнмөдө сотко жөнөтүү үчүн негиздердин бар экендигин көрсөткөн шарттар келип чыккан учурда тергөөчүгө кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.

200-берене. Жабырлануучуну, күбөнү тергөө судьясы тарабынан суракка алуу тартиби

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу сотко чейинки өндүрүш ишинин жери же катуу оорулуу жабырлануучунун, күбөнүн турган жери боюнча көрсөтмөлөрдү депонирлөө жөнүндө өтүнгөн адамдардын катышуусунда соттук териштирүү мезгилинде жабырлануучуну, күбөнү суракка алуунун ушул Кодекстин 317, 318-беренелеринде каралган эрежелерин сактоо менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Эгерде шектүүнүн суракта катышуусу жабырлануучунун, күбөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирсе, шектелүүчү суракка чакырылбайт. Көрсөтмөлөрдү депонирлөөгө адамдарды чакырууну тергөө судьясы уюштурат, шектелүүчүнүн жактоочусу адамдардын суракка келүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү жөнүндө тергөө судьясынын алдында өтүнмө бере алат.

3. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу, эгерде суракка алуу жүргүзүлгөн учурда бир дагы адам шектелүүчү катары кармалбаса жана ошол жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектенүү жөнүндө кабарланбаса, коргоочу тараптын катышуусу жок эле, ушул берененин эрежелери боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Чакыруу кагазын алган шектүүнүн, айыпталуучунун келбей калышы суракка алууну жүргүзүүгө жолтоо болбойт. Эгерде чакырууну алган прокурор же жактоочу жүйөөсүз себептер боюнча келбесе жана бул жөнүндө сотко алдын-ала билдирсе, суракка алууну жүргүзүүгө жол берилбейт. Эгерде суракка алууну жүргүзүү жөнүндө өтүнгөн процесстин катышуучусу суракка келбесе же ал суракка алууну өтүнгөн адамды тергөөчү судьяга жеткирип бербесе, суракка алуу жүргүзүлбөйт.

5. Катуу оорулуу жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу үчүн көчмө соттук отурум өткөрүлүшү мүмкүн.

6. Суракка алуунун жүрүшүндө жашы жете элек жабырлануучуларга жана күбөлөргө психикалык жаракат келтирүүчү таасир көрсөтүүгө жол бербөө максатында алардын мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан алар суракка алынышы мүмкүн.

7. Суракка алуу аяктагандан кийин тергөө судьясы жабырлануучунун, күбөнүн, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын көрсөтмөлөрүн депонирлөө жөнүндө соттук отурумдун протоколун жазык ишинин материалдарына тиркөөгө жөнөтөт.

201-берене. Көрсөтмөлөрдү депонирлөөнүн кесепеттери

1. Ушул Кодекстин 200-беренесинде каралган тартипте суракка алынган жабырлануучу, күбө ишти маңызы боюнча кароодо кайталап суракка алынбайт.

2. Ишти маңызы боюнча кароодо жабырлануучуну, күбөнү кайталап суракка алууга алардын көрсөтмөлөрүн тактоо же сотко чейинки иш өндүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан суракка алуунун жүрүшүндө ачыкталбаган башка шарттар боюнча зарылчылык келип чыккан учурда жол берилет.

27-глава. Таануу

202-берене. Таануу үчүн көрсөтүү

1. Таануу үчүн көрсөтүү тааный турган адамдын эс тутумунда мурда калган, анын оюндагы образ боюнча көрсөтүлүүчү объекттин айырмасын же окшоштугун аныктоодон турат. Тааный тургандар күбөлөр, жабырлануучулар, шектүүлөр, айыпталуучулар болушу мүмкүн. Адамдар, адамдын өлүгү жана анын бир бөлүгү, предметтер, жаныбарлар, жайлар жана жер участоктору таанып билүүнүн объекттери болуп саналат.

2. Төмөнкүдөй учурларда таанып билүү жүргүзүлбөйт:

1) таануучунун таанууга тоскоолдук кылуучу дене-боюнда кемчиликтери болсо;

2) таанылуучу объекттин аны таанууга мүмкүндүк берүүчү касиеттери жок болсо;

3) тааный турган адам башка процесстик аракеттерге катышып, анын жүрүшүндө тиешелүү объектти кабылдаган болсо;

4) тааный турган адам сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө таануу объектисин мурда эле билген болсо;

5) тааный турган адам таануу объектисин мурда жакшы билсе жана ушул объекттин индивидуалдуулугуна шек жаратпаган белгилерди так атап берсе;

6) анын окшоштугун айкын белгилөөчү объект жөнүндө маалыматтар болсо.

3. Адамды же предметти ошол эле таанылган же ошол эле белгилер боюнча кайталап таануу жүргүзүлбөйт.

4. Объект төмөнкүдөй учурларда сүрөтү боюнча таануу үчүн көрсөтүлөт:

1) эгерде объект натурасында жок болсо;

2) объекттин тышкы түрү өзгөрсө жана аны реконструкциялоо мүмкүн болбосо же максатка ылайыктуу болбосо;

3) объект жана тааный турган адам бири-биринен алыс болсо жана аларды бир жерге транспорт менен алып баруу максатка ылайыктуу эмес болсо же мүмкүн болбосо.

5. Таануучу төмөндөгүлөр боюнча алдын ала суракка алынат:

1) тиешелүү адамга же предметке ал байкоо жүргүзгөн жагдайлар жөнүндө;

2) ал мурда аталган объектини кабылдады беле;

3) таануучу объектинин мүнөзүнө жана толук кабылдоосуна таасир этүүсү мүмкүн болгон сезүү же психика органдарынын кандайдыр бир деффектилери бар беле;

4) ал тааный ала турган белгилер жана өзгөчөлүктөр жөнүндө.

6. Таануу үчүн бир эле учурда тааный турган бир адамга бир нече таанылуучу адамды көрсөтүүгө, ошондой эле таануу үчүн адамды бир эле учурда бир нече тааный туугандарга көрсөтүүгө тыюу салынат.

7. Адамдарды же предметтерди таануу башка орун-жайдан көрсөтүү менен видео конференция режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн.

203-берене. Таануу үчүн көрсөтүүнүн тартиби

1. Адамды таануу үчүн көрсөтүүнү баштоонун алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тааный турган адамдан ошол адамдын кебетеси жана белгилери жөнүндө сурайт, ал жөнүндө протокол түзүлөт. Эгерде адам адамды тааный турган белгилерди атай албагандыгын, бирок аны башка белгилеринин жыйындысы боюнча тааный ала тургандыгын билдирсе, анда протоколдо ал таанылуучуну кайсы белгилеринин жыйындысы боюнча тааный тургандыгы көрсөтүлөт. Тааный турганга таануу үчүн көрсөтүлө турган адамды алдын ала көрсөтүүгө жана ошол адамдын белгилери жөнүндө башка маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.

2. Таануу үчүн көрсөтүү тааный турганга таануу үчүн көрсөтүлүүчү адамдарды көңүл буруп карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу шарттарда жүргүзүлүшү керек, атап айтканда, тааный турганга таанылуучуларды кылдаттык менен карап чыгуу үчүн жетиштүү убакыт берүү; тааный тургандын талабы боюнча таанылуучуларды белгилүү бир абалда жайгаштыруу; шарттардын жана жагдайдын таанылуучу адамды кабылдаган учурда болгон шарттар жана жагдайлар менен окшоштугу.

3. Арасында таанылуучу жүргөн башка адамдардын тергөө амалдарына катышуусу таануучунун алар менен тааныш эмес шартында жана алардын ыктыярдуу макулдугу менен гана болушу мүмкүн. Арасында таанылуучу адам көрсөтүлгөн чакырылган адамдарга тергөө амалдарынын максаттары жана тартиби, алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.

4. Таанылуучу адам ошол эле жыныстагы башка адамдар менен бирге көрсөтүлөт, алар үчтөн кем эмес болот, курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек. Адамды таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында, ага таануучу жок кезде башка көрсөтүлүүчү адамдардын арасында каалаган жерге туруусу сунушталат.

5. Эгерде тааный турган адам күбө же жабырлануучу болсо, ага көрсөтмө берүүдөн баш тартуу үчүн жана билип туруп жалган көрсөтмө берүүсү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары эскертилип, анын өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө бербөөгө укугу түшүндүрүлөт.

6. Тааный турган адамга көрсөтүлгөн адамдарды карап чыгуу жана ал кимдир бирөөнү таанып жаткандыгын, эгерде тааныса кайсы белгилери боюнча тааныгандыгын түшүндүрүп беришин билдирүү сунушталат.

7. Таанылуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таануу таанылуучу адам тааный турган адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда, башкача айтканда, визуалдык жана аудиобайкоо жүргүзүү жок шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Зарыл болгон учурда таануу ушул берененин талаптарын сактоо менен сүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Таанууну сүрөттөр, видео жазуунун материалдары боюнча жүргүзүү таануу үчүн адамды андан ары көрсөтүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

9. Таанылуучу адам түшкөн сүрөт тааный турганга башка сүрөттөр менен бирге көрсөтүлөт, алардын саны кеминде үчөө болууга тийиш жана алар сүрөттү кабылдоого олуттуу таасир эткен сапаттуу мүнөздөмөлөрү жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча бири-биринен кескин түрдө айырмаланбашы керек. Башка сүрөттөрдөгү адамдар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагы, кебетеси жана кийими боюнча кескин айырмачылыктары болбошу керек. Ушул эле талаптар таанылуучу адамдын келбети бар видео материалдарга кирет жана алар мында кеминде үч адамдын келбети түшүрүлгөн шартта көрсөтүлүшү мүмкүн жана алар ошол эле жыныста болуп, таанылуучу адам менен жаш курагында, кебетесинде жана кийиминде кескин айырмачылыктары болбошу керек.

10. Адамды таануу үчүн көрсөтүүдө таанууну техникалык каражаттар менен белгилөө үчүн адистер, психологдор, педагогдор жана башка адистер тартылышы мүмкүн.

11. Үнүнүн, сүйлөшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча таанууда таануу үчүн адамды көрсөтүү таанылуучу адамдын тааный турган адамды көрбөгөн шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.

12. Эреже катары, адамдын өлүгү жалгыз көрсөтүлөт. Катастрофалар жөнүндө иштер жана курмандыктардын саны көп болгон башка иштер боюнча адамдын өлүгүн таануу үчүн көрсөтүү бардык каза болгондор менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда тергөөчүнүн көрсөтүүсү боюнча адамдын өлүгүн таануучуга көрсөтөөрдүн алдында, адис өлүктү гримдейт. Тергөөчүнүн адамдын өлүгүн ал турган жерде сакталышын камсыз кылуу жөнүндө көрсөтүүсү таануу үчүн көрсөтүүнү жүргүзүүгө зарыл болгон убакыттын ичинде аткаруу үчүн милдеттүү.

13. Предмет кеминде үч санда бир түрдүү предметтердин тобунда көрсөтүлөт, алар аталышы жана дайындалышы боюнча эле эмес, жалпысынан өлчөмү, формасы, модели жана өңү боюнча дал келиши керек. Окшош объекттерди табуу мүмкүн болбогон же кыйын болгон предметтерди таанууда, таануу жападан-жалгыз көрсөтүлгөн нускада жүргүзүлөт. Эгерде тааный турган адам ага көрсөтүлгөн предметтердин бирин көрсөтсө, ага ал кайсы белгилер же өзгөчөлүктөр боюнча ушул предметти тааныгандыгын түшүндүрүп берүү сунушталат.

14. Суракта иш үчүн маанилүү болгон документтерди таануу үчүн көрсөтөөрдүн алдында тааный тургандан сыянын өңү, реквизиттердин жайгашуусу, сызып оңдоолордун, түзөтүүлөрдүн болушу, тигил же бул тамгалардын же цифралардын графикалык жазылыштарынын өзгөчөлүктөрү суралат. Документ анын тышкы түрү, графиги жана текстин жалпы көрүнүшүнүн түспөлү боюнча таанылат. Жазуу (жалпы жана жеке) белгилери документти таануу үчүн негиз боло албайт. Документ таануучуга жападан-жалгыз нускада көрсөтүлүшү мүмкүн.

15. Жаныбарларды таануу предметтерди таануу үчүн окшош тактикада эле көрсөтүлөт. Аларды таануу жаныбарларда болгон тукумунун, жынысынын, жашынын жана башка нерселердин, айрыкча такасынын, тамгасынын, дене боюнун өзгөчөлүктөрүнүн жана деффектилеринин, үйрөтүлгөн өзгөчөлүктөрүнүн белгилери боюнча жүргүзүлөт.

204-берене. Таануу үчүн түзүлүүчү протокол

1. Таанууну жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт, анда таануучу адамды, буюмду же өлүктү тааныгандыгы боюнча белгилер коюлат же адам таанылуучуну, буюмду же өлүктү кайсы белгилери боюнча тааныгандыгынын жыйындысы боюнча белгиленет.

2. Ушул Кодекстин 203-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таануу үчүн берилген протоколдо, ушул беренеде келтирилген маалыматтардан тышкары, таануу үчүн коюлган адам таанылуучу адамды көрбөгөн жана укпаган шарттарда таануу үчүн жүргүзүлгөн белгилер милдеттүү белгиленет, таануу үчүн андай көрсөтүүнү ишке ашыруунун бардык жагдайлары жана шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле таануу үчүн берилген адамга таануунун өз жыйынтыктары кабарландырылат. Мындай учурда, тааныган адамдын анкеталык маалыматтары протоколго киргизилбейт жана өзүнчө сакталат.

3. Тергөө аракетинин жүрүшүн так жазып алуу техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт, мында таануу үчүн коюлган адамдардын, буюмдардын же өлүктүн сүрөттөрү жана видео жазуу материалдары протоколго тиркелет.

Ушул Кодекстин 203-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда, таанылган адам белгилениши мүмкүн болгон бардык сүрөттөр, көрмө жазып алуу материалдары аталган жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин материалдарынан өзүнчө сакталат.

28-глава. Тинтүү. Алып коюу

205-берене. Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби

1. Имарат бөлмөсүндө же башка жерде, же болбосо адамда кылмыш куралы, предмети, документтер жана жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон баалуулуктар, анын ичинде камакка алууга жаткан мүлк бар деп эсептөөгө жетиштүү маалыматтын болушу тинтүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. Тинтүү издөөдөгү адамдарды жана өлүктөрдү табуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Иш үчүн мааниси бар аныкталган предметтерди жана документтерди алып коюу зарыл болсо, эгерде алар кимде жана кайсы жерде экендиги так белгилүү болгондо, ошондой эле мүлктү конфискациялоо максатында аларды алып коюу жүргүзүлөт.

3. Тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт:

4. Эгерде тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөндөгүдөй учурларда жетиштүү негиздердин болгондугун далилдебесе, тергөө судьясы тинтүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартат:

1) кылмыш жана (же) жорук жасалса;

2) изделген буюм, документтер иш үчүн маанилүү болсо;

3) изделип жаткан буюмдарда, документтерде камтылган маалыматтар иш боюнча далил болушу мүмкүн болсо;

4) изделген буюмдар, документтер же адамдар көрсөтүлгөн жерде болсо.

5. Тинтүү сотко чейинки өндүрүшүн ар кандай учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Тинтүү жана алып коюу сүрөт-видео тартып алууларды пайдалануу менен, ал эми зарыл учурларда, ошондой эле адистин, котормочунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

7. Жабырлануучулар, айыпталуучулар, шектүүлөр изделген объектилерди таануунун зарылчылыгы болгондо, тинтүүгө, алып коюуга катышууга тартылышы мүмкүн.

8. Өзгөчө учурларда, изделүүчү же алып коюуга жаткан объект шашылбоонун кесепетинен аны табуу маанисин жоготушу, бузулушу же кылмыштык максаттарда пайдаланылышы, же болбосо изделүүчү адам жашынып калышы, тинтүү жана алып коюу тергөө судьясынын чечими жок жүргүзүлүшү, бирок кийин ага тинтүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө 24 сааттын ичинде ага жөнөтүлүшү мүмкүн болгон объектини алып коюунун реалдуу коркунучу болгондо жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн кабарламаны, протоколду жана тинтүүнүн, алып коюунун жыйынтыктарында алынган башка материалдарды алгандан кийин, тергөө судьясы жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугун текшерет жана анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде жүргүзүлгөн тинтүүнүн, алып коюнун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, андай аракетке иш боюнча далил катары жол берилиши мүмкүн эмес.

9. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын өндүрүшү жөнүндө токтомду тинтүү жүргүзгөн адамга көрсөтүүгө милдеттүү жана аларга иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон, алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди ыктыярдуу тапшырууну сунуштайт. Эгерде алар ыктыярдуу берилсе жана алып коюуга жаткан предметтерди жана документтерди катып коюудан коркуунун негизи жок болсо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы андан ары издөө жүргүзүүгө укуктуу. Тинтүү жүргүзүүдө менчик ээси ыктыярдуу ачуудан баш тарткан жабык имарат, бөлмөлөр жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында эшиктердин жана башка предметтердин зарылчылык туулбаган бекитмелерин бузууга жол берилбөөгө тийиш.

10. Тинтүү жүргүзүлгөнгө чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын өндүрүшү жөнүндө токтомду көрсөтүүгө милдеттүү жана алып коюуга жаткан предметтерди же (жана) документтерди өткөрүп берүүнү сунуштайт. Ыктыярдуу берилген объектилер алып коюлат жана ушуну менен алып коюу аяктайт. Баш тартылган учурда алып коюу мажбурлап жүргүзүлөт.

11. Жашаган адамдардын эркине каршы, алардын менчигинде же башка укугунда турган турак жайларды, бөлөк объектилерди, уюмдарды тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 165-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Жактоочунун, ошондой эле тинтүү жүргүзүлгөн имараттагы адамдын адвокатынын тинтүү жүргүзүүгө катышууга укугу бар.

12. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеген имараттарда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашаган үйлөрдө тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 165-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

13. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тинтүүдө жана алып коюуда табылгандарды ошол үйдү ээлеген адамдардын жана башка адамдардын жеке турмушунун шарттарын ачыкка чыгарбоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

14. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн имараттагы жана жердеги адамдарга жана имаратка же ал жерге келген адамдарга аны таштап кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу аяктаганга чейин бири-бири менен же башка адамдар менен пикир алышууга тыюу салууга укуктуу.

15. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ишке тиешеси болушу мүмкүн предметтерди жана документтерди алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Жүгүртүүгө тыюу салынган предметтер жана документтер алардын ишке тиешелүүлүгүнө карабастан алып коюуга жатат.

16. Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтарды тинтүүнү же алып коюуну жүргүзүү адистин катышуусу менен ишке ашырылат. Алынып коюлуучу маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрүнүн мыйзамдуу менчик ээсинин же колдонуучунун өтүнүчү боюнча, алынып коюлуучу маалыматтардын электрондук алып жүрүүлөрүн тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адис тарабынан маалыматтарды көчүрмөлөө жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды көчүрмөлөө алынып коюлуучу маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрүнүн мыйзамдуу менчик ээси же колдонуучусу берген башка электрондук маалыматтарды алып жүрүүчүлөргө жасалат. Тинтүү жүргүзүүдө, эгерде бул кылмышты тергөөгө жолтоо кылышы мүмкүн болсо же болбосо маалыматтарды жоготууга же маалыматтардын өзгөрүшүнө алып келсе, маалыматтарды көчүрмөлөөгө жол берилбейт.

Көчүрмөлөнгөн маалыматтар камтылган маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрү алынып коюлуучу электрондук алып жүрүүчүлөрдүн маалыматтарынын мыйзамдуу менчик ээсине же колдонуучусуна өткөрүлүп берилет, бул жөнүндө протоколго жазылат.

17. Ишке тиешелүү болбогон буюмдар тиешелүүлүгүнө жараша кайтарылып берилүүгө жатат, бирок аларга залалдын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн камак салынышы мүмкүн.

18. Бардык алып коюлуучу предметтер жана документтер тинтүүгө жана алып коюуга катышкан адамдарга көрсөтүлөт, таңгакталат жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде мөөр басылат жана көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

206-берене. Жеке тинтүү

1. Негиздер болгондо жана ушул Кодекстин 205-беренесинде каралган тартипте жазык иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди табуу жана алып коюу максатында шектүүнү, айыпталуучуну жекече тинтүү жүргүзүлөт.

2. Адамды кармоодо же аны камакка алууда, ошондой эле имарат жайында же тинтүү жүргүзүлүп жаткан башка жайда турган адам иш үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди же документтерди жашырып жатат деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, жекече тинтүү тиешелүү тергөө судьясынын токтомусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде адистер ушул тергөө амалына катышса, жекече тинтүү бир жыныстагы адам тарабынан ошол жыныстагы адистердин катышуусунда жүргүзүлөт. Жекече тинтүүнү жүргүзүүдө тинтүүгө алынып жаткан адамдын коопсуздугу жана ден соолугу камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле анын кадыр-баркын кемсинтүүчү аракеттер жасалбашы керек.

207-берене. Тинтүү же алып коюу протоколу

1. Жүргүзүлгөн тинтүү жана алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Протоколдо кайсы жерде жана кандай жагдайларда нерселер же документтер табылгандыгы, алардын кандай абалда болгондугу, кандай сакталгандыгы, алар ыктыярдуу түрдө берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлөт. Бардык алынып коюлган предметтер протоколдо санын, өлчөмүн, салмагын, жеке белгилерин жана мүмкүнчүлүккө жараша наркын көрсөтүү менен саналып жазылууга жатат. Тинтүү процессиндеги алып коюуда, көп сандагы предметтерди алууда ошол предметтердин атайын тизмеси түзүлөт, бул протоколдо чагылдырылат жана ал да тизмектин курамдык бөлүгү болуп саналат.

3. Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө предметтерди же алып коюуга жаткан документтерди жок кылуу же катып коюу аракеттери көрүлсө, бул кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш.

4. Тинтүү же алып коюу протоколунун көчүрмөсү ал жүргүзүлгөн адамга же анын эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөсүнө кол койдуруу менен тапшырылат, ал эми алар жок болсо, турак жай-эксплуатациялоо уюмунун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө, протоколдун көчүрмөсү анын өкүлүнө берилгендиги жөнүндө кол койдурулуп, тапшырылат.

29-глава. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жана аны жүргүзүү тартиби

208-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү

1. Териштирилип жаткан окуяга байланыштуу жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн жана айыпталуучунун көрсөтмөлөрүн текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) өткөн окуялардын шарттары менен салыштыруу жолу аркылуу мурда суракка алынган адамдардын көрсөтмөлөрүндөгү кенемтелердин ордун толтуруу жана карама-каршылыктарды четтетүү;

2) мурда белгиленген фактыларды текшерүү;

3) жаңы далилдерди табуу;

4) анын ичинде өз аракеттерин же башка адамдардын аракеттерин демонстрациялоо жолу менен кылмыш жана (же) жорук жасоо механизмдерин конкреттештирүү.

2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү мурда суракка алынган адам тарабынан жагдайдын орун алган жерин жана изилдөөгө алынган окуянын далилдерин көргөзүү менен түшүндүрүлөт. Бул аракеттерге кандайдыр бир четтен туруп кийлигишүүгө жана багыт берүүчү суроолорго жол берилбейт.

3. Жеринде бир нече адамдардын көрсөтмөлөрүн бир эле мезгилде текшерүүгө жол берилбейт.

4. Шектүүнүн, айыпталуучунун жеринде көрсөтмөлөрүн текшерүү алардын макулдугу менен жүргүзүлөт. Күбө, жабырлануучу көрсөтмөлөрдү текшерүүгө катышуудан баш тартууга укуксуз.

5. Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүгө катышууга котормочуну, адисти, экспертти тартат, ошондой эле айыпталуучунун же шектүүнүн жактоочусу, жабырлануучунун өкүлү, ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн чакырылган адвокат катыша алат.

209-берене. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүнүн тартиби

1. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү суракка алуу протоколун милдеттүү түзүү шартында көрсөтмөлөрү текшерилүүгө тийиш шектүүнү, айыпталуучуну, күбөнү, жабырлануучуну суракка алгандан кийин жүргүзүлөт.

2. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү башталаардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы анын катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракетинин максатын жана тартибин түшүндүрөт. Күбөгө жана жабырлануучуга мында билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.

3. Көрсөтмөсү текшерилип жаткан адамга ага мурда суракта кабарландырылган жерге жиберүү багытын, анын көрсөтмөлөрүн текшерүү жүзөгө ашырылган жерге жөнөтүлүшүн, ошондой эле ал көрсөтмө бере турган участокторду жана предметтерди аныктоону эркин тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

4. Иш боюнча далилдүү мааниге ээ болушу мүмкүн болгон предметтерди жана документтерди жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө табылган предметтер жана буюмдар алып коюлат, таңгакталат жана мөөр басылат, бул жөнүндө протоколдо чагылдырылат.

5. Жүргүзүлгөн аракеттер ага катышкан адамдардын ар-намысын жана абийирин кемсинтүүгө тийиш эмес.

6. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүүдө ченөө, сүрөткө тартуу, үн-жана видео жазып алуулар жүргүзүлөт, пландар жана схемалар түзүлөт. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүүдө үн жана видео жазып алуу каражаттарын пайдалануу ушул Кодекстин 193-беренесинде баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

7. Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү жүргүзүү жөнүндө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо, ошондой эле текшерүүлөрдү жеринде жүргүзүүнүн конкреттүү максаты, ага адамдардын ыктыярдуу катышуусу; текшерүүнүн катышуучуларынын жүрүшүнүн акыркы чеги; жер которуп жүрүүнүн жана жүрүү маршрутунун ыкмаларын жана ал маршрутка байланыштуу текшерүүнүн катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жазуу; жүрүштүн акыркы пунктун жазуу; бул пунктка кирген көрсөтмөлөр; көрсөтүлгөн жерде жасалган аракеттерди жазуу; кароонун жыйынтыгында ал жерде табылгандардын бардыгы такталып түшүрүлүүгө тийиш.

30-глава. Тергөө эксперименти жана анын өндүрүш тартиби

210-берене. Тергөө эксперименти

1. Тергөө эксперименти иш боюнча чогулган далилдерди текшерүү, жаңы далилдерди алуу, иш үчүн мааниге ээ болгон тигил же бул көрүнүштөрдүн жана фактылардын мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө тергөө версияларын текшерүү жана баалоо максатында атайын аракеттерди жүргүзүүнү билдирет. Экспериментти жүргүзгөндө, тактап айтканда, конкреттүү шарттарда кандайдыр бир фактыларды кабыл кылуу, белгилүү бир аракеттерди жасоо мүмкүндүгү, кандайдыр бир окуянын болушу текшерилиши, ошондой эле болуп өткөн окуянын ырааты жана издердин пайда болуусунун механизми белгилениши мүмкүн.

2. Тергөө эксперименти көп жолу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир жолу экспериментти өткөрүүнүн шарттарын чагылдыруу менен протокол түзүлүүгө тийиш.

3. Зарыл болгондо тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өз кароосу боюнча тергөө экспериментине катышууга жабырлануучу, күбө, адис, эксперт, ошондой эле шектүү жана айыпталуучу алардын макулдугу менен тартылышы мүмкүн.

4. Шектүү, айыпталуучу жана анын жактоочусу алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн тергөө экспериментине катышууга укуктуу. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө экспериментине котормочу, адис, педагог же психолог катышууга укуктуу.

5. Эгерде экспериментке катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч болсо, алардын ар-намысы жана кадыр-баркы кемсинтилсе, материалдык залал келтирилсе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Тергөө эксперименти болуу мүмкүндүгү текшерилип жаткан, кайталанып жасалган окуялар жана аракеттер болуп өткөн шарттарга кыйла жакын шарттарда жүргүзүлөт.

7. Тергөө эксперименти анын жүрүшүн жана натыйжаларын белгилөө үчүн техникалык каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт. Тергөө экспериментин жүргүзүүдө фотосүрөткө тартуу, үндү жазуу жана видео жазуу жүргүзүлөт, башка илимий-техникалык каражаттар колдонулат, пландар, чиймелер түзүлөт.

211-берене. Тергөө экспериментин жүргүзүү тартиби

1. Тергөө экспериментин жүргүзүү башталаардын алдында тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) аракеттердин орун алган жерин жана убактысын, кезектүүлүгүн белгилейт жана эксперимент жүргүзүлгөн жердеги шарттар менен алдын ала тааныштырат;

2) жасалган кылмыштын жана (же) жоруктан же алдын ала өткөрүлгөн реконструкциялоодон кийинки убакыттын ичиндеги шарттардын болушун же кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн жоктугун тактайт;

3) зарыл болгондо кылмыштын жана (же) жоруктун учурунда же анын айрым предметтеринин мезгилинде болгон түрлөрүн эске алуу менен шарттарды жаңыча реконструкциялоону жүргүзөт; объектилерди жана предметтерди тандоону жүзөгө ашырат;

4) эксперименттин шарттарынын текшериле турган окуянын шарттарына дал келүүсүн текшерет; зарыл болгон учурда эксперименттин жүрүшүнө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон шарттар моделдештирилүүгө тийиш, алынуучу жыйынтыктардын объективдүүлүгү мына ушуга жараша болот.

2. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперименттин катышуучуларына укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

3. Тергөө экспериментин жүргүзүүдө ушул Кодекстин 163-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

Протоколдо ошондой эле тергөө экспериментин жүргүзүү максаты; реконструкциялоо шарттарына туш болгондугу; эксперимент жүргүзүүнүн шарттары; экспериментте кандай предметтердин пайдаланылгандыгы; аракеттерди жүргүзүүнүн ырааттуулугу жана ар бир эксперименттин мазмуну жана жыйынтыктары көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Зарыл болгон учурларда тергөө эксперименти жүргүзүлгөн жерди күзөтүү уюштурулат жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлөт.

31-глава. Атайын тергөө аракеттери

212-берене. Атайын тергөө аракеттерин өткөрүүнүн негиздери жана шарттары

1. Жазык сот өндүрүшүндө далилдөөгө жаткан шарттарды билүү үчүн, кызыкчылыктары козголгон адамдар жазык сот өндүрүшүнө тартууну маалымдабай туруп, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогон фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл учурларда, ушул главада каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.

2. Тергөөчү атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болсо тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнмөнү козгойт, бул жөнүндө прокурорду кабарландырат.

3. Атайын тергөө аракеттери оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген жазык иштери боюнча жүргүзүлөт.

4. Айрым адамдардын арызы болгондо, ошондой эле эгерде жабырлануучуга, күбөгө же процесстин башка катышуучусуна же алардын жакын туугандарына, жубайына зордук-зомбулук же башка мажбурлоо же мыйзамсыз аракеттер жасалды деп болжогон негиздер болгон учурларда, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Кодекстин 213-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жөнүндө айрым адамдардын арызы болгондо, ушул Кодекстин 213-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

5. Анча оор эмес кылмыштарды табуу, болтурбоо жана ачыктоо үчүн ушул Кодекстин 213-беренесинин 3, 10, 11-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттери жүргүзүлөт.

6. Эгерде үчүнчү адам иш үчүн мааниси бар маалыматты алат жана өткөрүп берет деген негиздер (маалыматтар) бар деген шарттар болсо, анда атайын тергөө аракети үчүнчү адамга карата, бирок ушул берененин 2 жана 7-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

7. Атайын тергөө аракети жазык иши боюнча тергөөчү тарабынан, же анын тапшыруусу боюнча - атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлөт. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча атайын билимге ээ адистер, ошондой эле жашыруун негизде көмөктөшүүнү каалаган башка адамдар тартылышы мүмкүн.

8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жашыруун кызматташууга, эгерде андай кызматташуу кесиптик мүнөздөгү жашыруун маалыматтарды ачыктоого байланыштуу болсо, адвокаттарды, нотариустарды, медициналык кызматкерлерди, дин кызматчыларын, журналисттерди тартууга тыюу салынат.

9. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө маалыматтык тутумдар, видео жана аудио жазып алуу жабдуулары, сүрөткө тартып алуу, ошондой эле башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеси Өкмөт тарабынан белгиленет.

10. Кесиптик жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырган адвокаттарга карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

11. Ушул Кодексте каралбаган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн атайын тергөө аракеттерин жүзөгө ашырууга, ошондой эле аны өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдаланууга жол берилбейт.

213-берене. Атайын тергөө амалдарынын түрлөрү

Кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө үчүн төмөнкүдөй атайын тергөө амалдары жүргүзүлөт:

1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камакка коюу жана аларды текшерүү жана (же) алып коюу;

2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо;

3) абонент менен абоненттик түзүлүштүн ортосундагы байланыштуу жөнүндө маалыматты алуу;

4) компьютерден, серверден жана башка түзүлүштөрдөн маалыматты алуу;

5) адамдарды же жерлерди аудио, видео контролдоо;

6) адамды же жерди байкоо;

7) турак жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана текшерүү;

8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу;

9) кылмыштык чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти туурамыш болуу;

10) контролдонуучу жеткирүү;

11) контролдук сатып алуу.

214-берене. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө өтүнмө козгоо

1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү чечими ушул Кодекстин 36-главасынын талаптарына ылайык тергөө судьясы тарабынан кабыл алынат.

2. Өтүнмө алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде тергөөчүнүн катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.

3. Өтүнмөдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) өтүнмө түзүлгөн жер жана убактысы;

2) өтүнмөнү тергөө судьясынын кароосуна киргизген тергөөчүнүн кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;

3) берилген өтүнмөнү териштирүүгө байланыштуу кылмыштын фабуласын кыскача жазуу;

4) Жазык кодексинин беренелерин (беренелердин бөлүктөрүн) көрсөтүү менен кылмышты жазык-укуктук жактан квалификациялоо;

5) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгын жана кылмыш жөнүндө жана аны башка ыкма менен жасаган адам жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун негиздөө;

6) атайын тергөө аракетин жүргүзүү пландаштырылып жаткан адам, орун алган жери же предмет жөнүндөгү маалыматтар;

7) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрүн (түрлөрүн) көрсөтүү, максаты, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүн негиздөө;

8) атайын тергөө аракетин жүргүзүүнү тапшыруу пландаштырылган орган жөнүндө маалымат.

Өтүнмөгө анын негиздүүлүгүн далилдеген материалдар тиркелет.

4. Атайын тергөө аракети жүргүзүлүп жаткан объектини чечмелөөнү алып салуунун зарылдыгы келип чыккан учурларда өтүнмөдө жашыруундуулук талаптарын сактоо, ал адамдын анык анкеталык маалыматтарынын ордуна псевдонимин көрсөтүүгө жол берилет.

5. Тергөө судьясы тарабынан өтүнмөнү кароонун тартиби ушул Кодекстин 260-беренесине ылайык аныкталат.

215-берене. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

1. Атайын тергөө аракетин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда аны өткөрүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Ушул Кодекстин 213-беренесинин 1, 2, 3, 5, 6 жана 9-пункттарында каралган атайын тергөө аракети сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүндө, бирок эки айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө учурларда тергөөчүнүн өтүнмөсү боюнча мөөнөт ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга жол берилбейт.

3. Атайын тергөө амалдары сутканын кайсыл гана мезгилинде болбосун жана аны жүргүзүүнүн бардык мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде атайын тергөө амалдарын өткөрүү зарылдыгы жоголсо, тергөөчү аны андан ары жүргүзүүнү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

216-берене. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда атайын тергөө амалдарын жүргүзүү

1. Кечиктирүүгө болбой турган, адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу учурларда атайын тергөө амалдары тергөө судьясынын чечими жок эле башталышы мүмкүн, бул учурда ушул Кодекстин 214, 261-беренелеринде белгиленген тартипте бул аракеттердин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоо үчүн жазык ишинин тиешелүү материалдары андан ары тергөө судьясына берилет.

2. Эгерде судья мындай амалдарды жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, атайын тергөө амалдарын жүргүзүү боюнча бардык аракеттерди аткаруу кечиктирилбестен токтотулууга тийиш. Мындай амалдын натыйжасында алынган маалымат тергөө судьясынын контролу алдында жок кылынууга тийиш.

217-берене. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматты коргоо боюнча чаралар

1. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүү фактысы жөнүндө маалымат жана аны жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалымат сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин купуя болуп эсептелет, аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдары жана аны жүргүзүүгө тартылган адамдар Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн усулдары жана тактикасы жөнүндө маалыматтар, аларды жүргүзгөн адамдар, анын ичинде ишин купуя негизде жана жашыруун формада жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана ачыкка чыгарылбайт.

3. Атайын тергөө амалдарынын натыйжасында алынган маалыматты, эгерде алар жеке жашоонун сырларына тиешелүү болсо же мыйзамда корголуучу сырга тийиштүү болсо, жайылып кетүүсүн болтурбоо үчүн сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы мыйзамда каралган бардык каражаттарды колдонууга тийиш.

4. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында алынган, жазык ишинде далилдик мааниге ээ болбогон маалыматтар, буюмдар жана документтер иш боюнча соттук акыркы чечим кабыл алгандан кийин тиешелүү актыны түзүү менен жок кылынууга тийиш.

5. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө протоколдордун жана аларга тиркемелердин көчүрмөлөрүн даярдоого жол берилбейт.

218-берене. Атайын тергөө амалдарынын натыйжаларын башка максаттарда пайдалануу же маалыматтарды берүү

1. Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар аларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын чечими чыгарылган, тергелип жаткан иш боюнча гана колдонулат. Эгерде башка кылмыштын кылынгандыгы же башка жазык иши боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайларды көрсөткөн фактылар жөнүндө маалыматтар алынган болсо, алар ишти караган же карап жаткан тергөөчүнүн жана ал ишти сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүнө контролдук жүргүзгөн тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен гана тиешелүү иште далил катары колдонулушу мүмкүн.

2. Башка жазык иши боюнча акталган адамга атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жыйынтыктарга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.

219-берене. Атайын тергөө аракети жүргүзүлгөн адамдарды кабарлоо

1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында укуктары чектелген адамдар чектөөнүн орун алгандыгы тууралуу тергөөчү тарабынан жазуу жүзүндө кабардар болууга тийиш.

2. Адамдарды алардын макулдугу жок иш жүзүндө алынган маалыматтар менен тааныштырууда, аталган адам жазык ишин сотко жөнөтүлгөндөн кечиктирбестен алар тиешелүү адамга тикелей тийиштүү жана мамлекет жана башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды ачыктоону алып сала турган өлчөмдө атайын тергөө аракетинин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымдалат.

220-берене. Тергөө аракеттеринин протоколдоруна тиркелбеген материалдар менен тааныштыруу

1. Жазык сот өндүрүшүндө далилдик мааниси болбогондугун тааныган сотко чейинки өндүрүш органынын атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыктары тергөө материалдарына тиркелбейт жана иш боюнча акыркы соттук чечим чыгарылганга чейин алар менен башка адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган шарттарда, укук коргоо же атайын мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу бөлүмүндө сакталат, андан кийин тиешелүү акт түзүлүү менен жок кылынат.

2. Атайын тергөө аракети жүргүзүлгөн адам тергөө судьясынын алдында мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды болтурбаган чектерде тергөөгө тиркелбеген маалыматтар менен таанышуу жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.

3. Тергөө судьясы арызды иштин материалдары жана адам укугунун жол берилген чектөөлөрү үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен баалайт. Мында судья, эгерде бул жазык сот өндүрүшүнө тартылган адамдын кандайдыр бир мыйзам менен корголгон өмүрүнө, ден соолугуна же кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч келтириши же бул үчүнчү адамдын жеке турмушунун жашыруундуулугун козгошу мүмкүн болгон өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

4. Адам тиркелбеген материалдар менен таанышкандан кийин, аларды жазык ишинин материалдарына тиркөө жөнүндө өтүнмө бере алат. Өтүнмө тергөө судьясы тарабынан каралат.

5. Атайын тергөө аракетинин ишке тиркелбеген материалдары менен таанышкандыгы жөнүндө сотко чейинки териштирүүнүн учурунда берилген өтүнмө боюнча чечимди ишти маңызы боюнча караган судья кабыл алат.

221-берене. Далилдөөдө атайын тергөө амалдарынын натыйжаларын колдонуу

1. Атайын тергөө амалдарынын протоколдору, видео жана аудио жазуулары, фотосүрөткө тартуулар, техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленген башка натыйжалар, алынган предметтер жана документтер же алардын көчүрмөлөрү далилдөөдө башка тергөө амалдарынын натыйжалары сыяктуу эле негизде колдонулат.

2. Аларды жүргүзгөн же жүргүзүүгө тартылган адамдар күбө катары суралышы мүмкүн. Бул адамдарды суракка алуу алар жөнүндө маалыматтардын сырын сактоо менен жүргүзүлөт.

3. Зарыл болгон учурда атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн адамдар суралышы мүмкүн. Күбөгө мындай тергөө амалдарынын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө өзүнө тиешелүүсү гана жана анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар өлчөмдө гана билдирилет.

222-берене. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу

1. Байланыш мекемелериндеги почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, аларды кароо жана (же) алып коюу бандеролдордо, посылкаларда же башка почта-телеграф жөнөтүүлөрүндө, же болбосо телеграммаларда же радиограммаларда жазык иши үчүн маанилүү болгон маалыматтар бар деп шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

Мында камак салуу кириш-чыгыш кат-кабарларына салынышы мүмкүн.

2. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды кароо жана (же) алып коюу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) кармалып коюлууга тийиш болгон почта-телеграф маалыматтарын жөнөткөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;

2) кийин аларды кароо жана (же) алып коюу максатында камак салуунун негизи;

3) камак салууга жаткан почта-телеграф жөнөтүүлөрүнүн түрлөрү;

4) аларды кийин кароо жана (же) алып коюу максатында камак салууну жүзөгө ашыруунун мөөнөтү;

5) тиешелүү почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кармоо милдеттери жүктөлгөн байланыш мекемесинин аталышы.

3. Кароо жана (же) алып коюу үчүн почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жөнүндөгү токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

4. Кармалган почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кароо жана (же) алып коюу, көчүрмөлөрү бул атайын тергөө аракетин жүргүзүүнүн жүрүшүндө алар тарабынан алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө эскертилген аталган мекеменин кызматкерлеринин катышуусу менен тиешелүү байланыш мекемесинде тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда тергөөчү почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кароого жана (же) алып коюуга катышуу үчүн адисти, ошондой эле котормочуну тартууга укуктуу.

5. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнүн ар бир жолку кароо жана (же) алып коюу учурунда протокол түзүлөт, анда ким тарабынан жана кандай почта-телеграф жөнөтүүлөрү кароого жана (же) алып коюуга, көчүрмөлөөгө, даректелүүчүгө жөнөтүүгө же кармалууга туш болгондугу көрсөтүлөт.

6. Эгерде тергөөчү жүргүзүлгөн кароодон кийин аталган кат-кабарды алып коюудан баш тарткан учурда, ал кандай кат-кабар каралгандыгын протоколдо көрсөтүү менен чектелет же максатка ылайыктуулугуна жараша, протоколдо каралган кат-кабарлардын текстин толук же жарым-жартылай белгилейт. Мында көчүрмөсү алынышы мүмкүн.

7. Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу, эгер ошол чарада зарылдыгы жок болсо, бул жөнүндө тиешелүү прокурорго милдеттүү кабарландыруу менен, бирок аталган жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кечиктирбестен тергөөчү тарабынан жокко чыгарылат.

223-берене. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо

1. Шектүүнүн, айыпталуучунун башка адамдар менен телефон жана башка сүйлөшүүлөрүндө жазык иши үчүн мааниси бар маалыматтар камтылышы мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды контролдоого жана жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.

Шектүүнүн, айыпталуучунун жана алардын жактоочусунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү угууларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

2. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролдонууга жана жазып алууларга жаткан адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты;

2) аталган атайын тергөө аракетин жүргүзүүлөр боюнча негиздер;

3) контролду жана жазып алууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтү;

4) контролду жана жазып алууларды техникалык жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.

3. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу жөнүндө токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жиберилет.

4. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү, эгерде аталган чарада зарылчылык жок болсо, тергөөчүнүн токтому боюнча токтотулат.

5. Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу мөөнөтүндө тергөөчү аларды жүргүзүп жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн кайсыл гана мезгил болбосун талап кылууга укуктуу. Фонограмма тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет, анда бул сүйлөшүүлөрдү жазып алуу башталган жана аяктаган күн жана убакыт көрсөтүлөт жана бул учурда колдонулган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү жазылат.

6. Тергөөчү фонограмманы карап чыгуунун жана угуунун жыйынтыктары жөнүндө адистин, ошондой эле телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү жазып алынган адамдардын катышуусу менен протокол түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча ошол жазык ишине тиешелүү болгон фонограмманын бөлүгү сөзмө-сөз жазылат. Фонограмманы карап чыгууга жана угууга катышкан адамдар ошол эле протоколдо же өзүнчө протоколго өзүнүн сын-пикирлерин жазууга укуктуу.

7. Фонограмма буюм заты катары жазык ишинин материалдарына толук өлчөмдө тиркелет жана фонограмманы бөтөн адамдар угуусунун жана көбөйтүүсүнүн мүмкүндүгүн жокко чыгарган жана анын сакталуусун жана аны кайталап угуу үчүн, анын ичинде сот отурумунда угуу үчүн техникалык жарактуулугун сактаган шарттарда мөөр басылган түрдө сакталат.

224-берене. Абоненттер ортосундагы байланышуу жөнүндө маалыматтарды алуу

1. Шектүү, айыпталуучу жана башка адамдар абоненттер (абоненттик түзүлүштөр менен) ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматта жазык иши үчүн мааниси бар маалымат камтылышы мүмкүн деген шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга укуктуу.

2. Абоненттер ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу тергөө судьясынын токтому аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт. Тиешелүү орган маалыматтын ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрүндө жазылган талап кылынган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Абоненттер ортосундагы байланышуу жөнүндө маалымат абоненттердин ортосундагы байланыштын датасы, убактысы, узактыгы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш, алар абоненттердин номерлери; абоненттерди идентификациялоого өбөлгө түзгөн башка маалыматтар; ошондой эле кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү базалык стандарттардын номерлери жана орун алган жери жөнүндөгү маалыматтар. Көрсөтүлгөн маалымат коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет.

3. Тергөөчү алынган маалыматты зарыл болгондо адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

225-берене. Компьютерлерден, серверлерден жана башка жабдуулардан маалымат алуу

1. Компьютерлерден, серверлерден жана маалыматты жыйноо, иштетүү, топтоо жана сактоо үчүн арналган башка жабдуулардан алынган маалымат жазык иши үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды камтышы мүмкүн деген божомолго жетиштүү негиздер бар болсо, тергөөчү, тергөө судьясынын токтомунун негизинде зарыл болгон маалыматты жашыруун алуу жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырма берүүгө укуктуу.

2. Компьютерден, серверлерден жана башка жабдуулардан маалыматтарды жашыруун алуунун натыйжалары тиешелүү материалдык алып жүрүүчүдө белгиленет, ал таңгакталат, чапталат жана атайын тергөө амалын жүргүзгөн алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамдарынын койгон колдору менен тастыкталат.

3. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы алынган отчету жана материалдарды, зарыл болсо, адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт.

226-берене. Адамды же жерди аудио-видео контролдоо

1. Адамды же жерди аудио-видео контролдоо адамдын сүйлөгөн маалыматтарын, жүрүш турушун же сүйлөшүүлөрүн жана башка дабыштарды, так аныкталган жерде өткөн окуяларды аудио же видео техниканын же башка техникалык атайын каражаттардын жардамы менен жашырын белгилөөнү билдирет. Адамды же жерди жашырын аудио-видео контролдоо тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө адамга же жерге жашыруун аудио-видео контролун жүргүзүүнү тапшырат. Адамдын жана жердин жашыруун аудио-видео контролу аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы жазып алуунун негизи, башталган жана аякталган убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш болгон коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү иш үчүн мааниси бар аудио-видео жазып алууларды тергөөчүгө берет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алынган отчётту жана аудио-видео жазып алууларды изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

227-берене. Адамга же жерге байкоо жүргүзүү

1. Адамдын жазык иши боюнча мааниси бар маалыматтарга мамилеси же аларга ээ болушу мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аталган адамга же жерге жашыруун видео байкоону жүзөгө ашыруу аракеттерин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө тапшырат.

2. Байкоо аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы тергөөчүгө коштомо кат менен бирге мөөр басылган түрдө алынган сүрөттөрдү, видео жазып алууларды берет, анда жазып алуулардын негизи, башталышы жана аякталышынын убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен материалдарга тиркелип алынган маалыматты алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкеринин отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

228-берене. Жашоого шартсыз орун-жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана изилдөө

1. Жашоого шартсыз орун-жайда же адамдын башка ээлигинде иш үчүн мааниси болушу мүмкүн болгон кылмыш куралы, предметтер, документтер жана баалуулуктар болушу мүмкүн деген шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жашыруун кароо жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу.

2. Изилдөө үчүн, ошондой эле тергөө аракеттерин даярдоо жана өткөрүү үчүн кызматтык, өндүрүштүк жайга, имаратка, курулмага, сактоочу жайга, транспорттук каражатка же жер участогуна кирүү жолу менен жашоого шартсыз жайга же адамдын башка ээлигине кирүү жана изилдөө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Изилдөө мезгилинде орун которуп жүрүүгө, сүрөткө тартууга, көчүрмөлөөгө, табылган объектилерди белгилөөгө, химиялык белги алууларды орнотууга жана башка издердин түшүн калышы үчүн шарттарды түзүүгө жол берилет. Предметтерди жашыруун изилдөө мезгилинде табылгандарды алып коюуга же алмаштырууга жол берилбейт.

4. Жашоого шартсыз орун-жайды же адамдын башка ээлигин жашыруун изилдөөнүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётуна киргизилет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчётун изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

229-берене. Экспертиза жүргүзүү максаттарында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу

1. Эгерде экспертиза жүргүзүү максатында салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алууда жашыруун сырды сактоо зарыл болсо, анда тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды алуу үчүн жашыруун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу.

Жашыруун изилдөөлөр үчүн чогултулуучу үлгүлөрдүн тизмесине адамдын жашоо турмушуна байланыштуу ар кандай зарыл объектилер (колунун, бутунун издери, чачы, үнү, каны, кол жазмасы, микро бөлүкчөлөрү, транспорттук каражаттардын издери жана башкалар) киргизилиши мүмкүн.

2. Жашыруун жол менен алынган салыштырып изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдүн жыйынтыктары алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынын отчёту менен жол-жоболоштурулат. Ага атайын тергөө аракетин жүргүзгөн адам тарабынан мөөр басылган жана колу коюлган таңгакталган түрдөгү үлгүлөр тиркелет.

3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган маалыматты изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

230-берене. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроо

1. Кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроо даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында кылмыштуу чөйрөгө киргизилүүчү жана (же) жазык ишин окшоштуруп тууроочу адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.

2. Кылмыштуу чөйрөгө киргизилген жана (же) жазык ишин окшоштуруп туураган адамга адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, менчигине коркунуч келтирүү менен коштолгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тыюу салынат, буга коргонуу зарылдыгынын, аргасыз зарылдыктын, күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун, кылмыш жасаган адамды кармоонун, кызматы боюнча мыйзамдарды, буйруктарды (тескемелерди), милдеттерди аткаруунун, негиздүү тобокелдикке баруунун, Жазык кодексине ылайык атайын тапшырмаларды аткаруунун учурлары кирбейт.

3. Кылмыш чөйрөсүнө киргизүүнү жүргүзүүнүн жана анын аякталышынын жүрүшүндө жана (же) кылмыш ишин окшоштуруп тууроодо ыйгарым укуктуу орган тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү отчётту жана башка материалдарды берет.

4. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

231-берене. Контролдонуучу жөнөтүү

1. Контролдонуучу жөнөтүү тыюу салынган же жүгүртүү мыйзамы менен чектелген, ошондой эле кылмыштык кол тийгизүүлөрдүн объектилери же куралы болуп саналган жөнөтүүлөргө, сатып алууларга, сатууларга, предметтердин, буюмдардын жана продукциялардын орун которууларына, эркин сатууларына контроль коюу максатында жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу жөнөтүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.

3. Бир нече мамлекеттердин аймактарына контролдолуучу жөнөтүү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары менен бирдикте алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Аталган иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана алынган бардык материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө тергөөчүгө берет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары менен протокол түзүлөт.

232-берене. Контролдук сатып алуу

1. Контролдук сатып алуу жалган бүтүмдү түзүү кырдаалын жаратуу жолу менен жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.

Бул учурда кылмышка тиешелүү деп болжолдоого жетиштүү негиздер бар болгон адамдан мыйзамда эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсүнө чектөө коюлган, ошондой эле кылмыштуу кол салуунун объекттери же куралдары болуп эсептелген предметтер же буюмдар кайтарымдуу түрдө сатып алынат.

2. Атайын тергөө аракеттерине, анын жүрүшүндөгү жана жыйынтыктарындагы так жазып алуулардын техникалык жана башка каражаттарына, ошондой эле предметтерди жана буюмдарды алуу үчүн акча каражаттарына катышууну ыктыярдуу каалаган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерине же адамына карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык өзүнчө протокол түзүлөт.

3. Кылмыштын жасалышын контролдоо боюнча иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө адамдын андан ары бетин ачуу максатында ага кылмыш жасоого жардам берип же бул үчүн анын жүрүш-турушуна зомбулук, коркутуу, шантаж менен таасир этип, түрткү берүүгө (шыкактоого) тыюу салынат. Мындай ыкма менен алынган буюмдар жана документтер жазык сот өндүрүшүндө колдонулбайт.

4. Аталган иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана бардык алынган материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө берет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

32-глава. Шектенүү жөнүндө кабарлама

233-берене. Шектенүү жөнүндө кабарлама

1. Адамды кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектенүү үчүн негиз болуучу далилдер жетиштүү болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор шектенүү тууралуу кабарлама чыгарат.

2. Негиздер пайда болгон учурда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жаңы шектенүү жөнүндө кабарлайт.

3. Шектенүү жөнүндө кабарламанын датасы жана убактысы, шектелген адам жасады делген кылмыштын жана (же) жоруктун укуктук квалификациясы Жазык кодексинин, же болбосо Жоруктар жөнүндө кодекстин беренесин (беренесинин бөлүгүн) көрсөтүү менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

4. Шектелип жаткандыгы тууралуу кабарлаганга чейин адамга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

234-берене. Шектенүү жөнүндө кабарлоонун мазмуну

Шектенүү жөнүндө кабарлоо төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) кабарлоо жүргүзгөн адамдын кызмат орду, аты, фамилиясы;

2) шектенүү жөнүндө кабар берилип жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар;

3) кабарлоо жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн аталышы (номери);

4) шектенүүнүн мазмуну;

5) Жазык кодексинин же Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелерин (беренелердин бөлүктөрүн) көрсөтүү менен кылмыш жасады деп шектелген адамдын кылмышын жана (же) жоругун алдын ала укуктук квалификациялоо;

6) шектүүнүн укуктары;

7) тергөөчүнүн, кабарлама берген алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын койгон колу;

8) шектенүү жөнүндө кабарлама берилген адамдын койгон колу.

235-берене. Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу тартиби

1. Шектенүү жөнүндө кабарлама ал түзүлгөн күнү тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тапшырылат.

2. Шектенүү жөнүндө кабарлама адамга жактоочусунун катышуусунда шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш. Шектелүүчү же анын жактоочусу келбей калган учурда шектенүү жөнүндө кабарлама 24 саат өткөндөн кийин тапшырылышы мүмкүн.

3. Шектелүүчү шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Чакыруу кагазында ким жана кандай сыпатта, кимге жана кайсы дарек боюнча чакырылгандыгы; келүү убактысы (күнү, сааты), адвокат чакырууга укугу, ошондой эле жүйөсүз себептер менен келбей калуу кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Чакыруу кагазы чакырылган адамга кол койдуруп алуу менен тапшырылат. Чакырылуучу жок болгондо, тапшырууга берүү үчүн чакыруу кагазы үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашы жеткендеринин бирөөсүнө тапшырылат, ал эми алар жок болгондо, жашаган жери боюнча турак жай-эксплуатациялык уюмуна же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, же болбосо иштеген жери боюнча администрацияга тапшырылат, алар шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакырылуучуга чакыруу кагазын өткөрүп берүүгө милдеттүү.

5. Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө же келбей калуу себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Чакырылуучу адам шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшырууга жүйөсүз себептер менен келбей калган учурда алып келиниши мүмкүн.

6. Тергөөчү шектенүү жөнүндө кабарламаны бир эле мезгилде тапшыруу менен ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган анын укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктарын түшүндүрөт.

7. Шектенүү жөнүндө кабарламаны алган адам шектүү катары суракка алынууга жатат.

236-берене. Жаңы шектенүү же шектенүүнүн квалификациясын өзгөртүү жөнүндө кабарлама

Жаңы шектенүү же шектенүүнүн квалификациясын өзгөртүү жөнүндө кабарлама үчүн негиздер келип чыккан учурда, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү ушул Кодекстин 233-235-беренелерине ылайык шектенүү жөнүндө кат жүзүндөгү жаңы кабарламаны шектенүүчүгө тапшырууга милдеттүү.

33-глава. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруу жана кайра жандандыруу

237-берене. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

1. Сотко чейинки өндүрүш төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо токтотула турат:

1) шектелүүчү, айыпталуучу тергөөдөн жашынса жана анын турган жери белгисиз болсо;

2) мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөн тергөө жана башка процесстик аракеттерге катышуусуна жолтоо болгон шектелүүчүнүн, айыпталуучунун убактылуу психикалык же башка катуу оруусу болсо;

3) шектелүүчүнүн, айыпталуучунун жүргөн жери белгилүү болсо, бирок шектүүнүн, айыпталуучунун иммунитетинен ажыратуу жана (же) чет мамлекетке берүү жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу же болбосо жазыктык артынан түшүүнү улантуу үчүн чет мамлекетке иштин материалдарын жөнөтүүдө анын жазык ишине катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүгү жок болсо;

4) (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)

2. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт.

3. Эгерде иш боюнча эки же бир нече айыпталуучу тартылса, ал эми токтототуу үчүн негиз бардык айыпталуучуларга тиешеси жок болсо, тергөөчү ишти өзүнчө өндүрүш катары бөлүүгө жана айрым айыпталуучуга карата ишти токтототууга же бардык шектелүүчүлөрдүн, айыпталуучулардын катышуусуз сотко чейинки өндүрүштү улантуу мүмкүн болбогондо, бүткүл иш боюнча өндүрүштү токтототууга укуктуу.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, сотко чейинки өндүрүш анын мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча гана, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында каралган учурларда, иш сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү бүткөнгө чейин деле токтотулушу мүмкүн.

5. Сотко чейинки өндүрүштү токтотууга чейин тергөөчү шектелүүчү, айыпталуучу жок кезде мүмкүн болгон өндүрүштүн бардык тергөө аракеттерин аткарууга милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

238-берене. Сотко чейинки өндүрүш токтотулгандан кийинки тергөөчүнүн аракеттери

1. Сотко чейинки өндүрүш токтотулгандан кийин, ушул Кодекстин 237-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, тергөөчү айыпталуучунун турган жерин аныктайт, эгер ал жашырынып жүрсө, аны издөө боюнча чараларды көрөт.

2. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуп, тергөөчү бул жөнүндө жабырлануучуга, анын өкүлүнө билдирет жана бир эле мезгилде аларга токтом 5 сутканын ичинде прокурорго даттанылышы мүмкүн экендигин түшүндүрөт.

239-берене. Шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө

1. Шектелүүчүнүн, айыпталуучунун турган жери белгисиз болгондо, тергөөчү издөө өндүрүшүн алгачкы текшерүү органына тапшырат. Бул тапшырма сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт же өзүнчө токтом чыгарылат.

2. Ошондой эле шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жарыяланышы мүмкүн.

3. Шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөөгө карата ушул Кодекстин 237-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгондо, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.

240-берене. Токтотулуп турган сотко чейинки өндүрүштү кайра улантуу

1. Токтотулуп турган сотко чейинки өндүрүш аны токтотуп туруу үчүн негиздер жоюлгандан кийин тергөөчүнүн токтому менен кайра улантылат.

2. Токтотулуп турган сотко чейинки өндүрүш сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылгандыгына байланыштуу кайра улантылышы мүмкүн.

3. Сотко чейинки өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө шектелүүчүгө, айыпталуучуга жана жактоочуга, жабырлануучуга, анын өкүлүнө, ошондой эле прокурорго билдирилет.

34-глава. Сотко чейинки өндүрүштү аяктоо

241-берене. Сотко чейинки өндүрүштү аяктоо

Сотко чейинки өндүрүш ишти прокурорго айыптоо актысын түзүү менен жөнөтүү, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу же кыскартуу аркылуу аяктайт.

242-берене. Прокурорго жөнөтүлүүчү жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү аяктоо жөнүндө кулактандыруу

1. Жазык иши боюнча бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүп, ал эми чогултулган далилдер сотко чейинки өндүрүштү аяктоо үчүн жетиштүү деп тааныган тергөөчү бул жөнүндө шектелүүчүгө кабарлайт жана ушул Кодекстин 244-беренесинде каралган ага жеке өзү, ошондой эле жактоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн жардамы менен жазык ишинин бардык материалдары менен таанышуу укугун түшүндүрөт. Шектелүүчүгө сотко чейинки өндүрүштүн аяктагандыгы жана ага укуктарды түшүндүргөндүгү жөнүндө кабарлама тууралуу ушул Кодекстин 245-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Эгерде шектелүүчүнүн жактоочусу же жабырлануучунун өкүлү жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакытта иштин материалдары менен таанышуу үчүн келе албай калса, тергөөчү тааныштырууну 5 суткадан ашпаган мөөнөткө жылдырат. Жактоочу же өкүл ал мөөнөттүн ичинде келбей калган учурда, тергөөчү шектелүүчүгө башка жактоочуну, ал эми жабырлануучуга бөлөк өкүлдү чакырууну сунуштайт.

3. Шектелүүчү, анын жактоочусу, жабырлануучу иштин материалдары менен таанышкандан кийин тергөөчү айыптоо актысын түзөт, анда тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандыгын, ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү далилдердин чогултулгандыгын көрсөтөт.

243-берене. Жабырлануучуну иштин материалдары менен тааныштыруу

Ушул Кодекстин 244-беренесинде каралган тартипте тергөөчү жабырлануучуну же анын өкүлүн иштин бардык материалдары менен тааныштырат.

244-берене. Шектелүүчүнү жана анын жактоочусун жазык ишинин материалдары менен тааныштыруу

1. Ушул Кодекстин 242, 243-беренелеринин талаптары аткарылгандан кийин, тергөөчү шектелүүчүгө жана анын жактоочусуна жазык ишинин материалдарын тигилген, номерленген түрдө тизими менен бирге берет. Таанышуу үчүн, ошондой эле буюм далилдери да берилет жана шектелүүчүнүн же анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча тергөө аракеттеринин протоколундагы сүрөттөр, аудио-жана (же) видео жазып алуулар жана башка тиркемелер да берилет. Шектелүүчүнүн же анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча тергөөчү аларга жазык ишинин материалдары менен чогуу же өз-өзүнчө таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде жазык иши бою