ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 18-марты № 46
Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы N 107, 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 15-мартында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-статьянын экинчи бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 3-пунктунда "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Коопсуздук кеңешин жетектейт, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобону бекитет;".
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-тиркеменин 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы.".
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 4-бөлүгүндө "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |