Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
39-берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболор
2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\50e36299-70f3-4df5-8a6c-7374afa2e5b0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 27-апрели № 63

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө

2017-жылдын 16-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) коопсуз жер - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн пикиринде бул адамдын өмүрүнө же ден соолугуна кооптуулук болбогон аймак же жай;

2) консультациялык-алдын алуу борбору (кризистик борбор) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык, ошондой эле укуктук, медициналык жардам көрсөтүүчү уюм. Консультациялык-алдын алуу борборунун алдында баш калкалоо жайы түзүлүшү мүмкүн;

3) коргоо ордери - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон жашы жете элек адам;

5) этибарсыз мамиле - үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо;

6) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылууга багытталуучу чаралар;

7) үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган адамдар; эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамга камкордук кылуучу адам жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамдын өзү; жубайлардын ата-энелери; бирге жашаган башка туугандар;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо кооптуулугун жарата турган себептерди жана шарттарды табууга, четтетүүгө багытталуучу социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;

9) психологиялык зомбулук - дене-бойлук, сексуалдык, экономикалык зомбулук жасоо коркунучу, ошондой эле ар-намысты жана кадыр-баркты атайылап басмырлоо, өмүргө коркунуч келтирүүчү же психологиялык, дене-бойлук саламаттыктын бузулушуна, ошондой эле жашы жете элек адамдардын катташуу укугун чектөөгө алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо;

10) үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;

11) социалдык кызмат - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жана жардам берүүчү уюм, мекеме;

12) баш калкалоо жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу жашап туруу борбору) - үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга коопсуз, убактылуу жашап туруу жайын берүүчү уюм. Баш калка жайлар аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө уюштурулат;

13) дене-бойлук зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене-бойлук таасир этүүсү, өтө маанилүү жашоо-турмуш функцияларын аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуусу, башка жерге көчүү эркиндигинен, турак жайдан, тамак-аштан, кийимден ажыратуусу же чектөөсү, оор кара күч эмгегине мажбурлоосу, ошондой эле багуу жана кам көрүү милдеттеринен баш тартуусу;

14) үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң энелер/чоң аталар, таяталар/таянелер, неберелер, камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар, бала асырап алуучулар жана асырап алынгандар, багып алган ата-энелер жана багууга алынган балдар, мыйзамда белгиленген тартипте балдарды тарбиялоого алган башка адамдар, мурдагы жубайлар, өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй балдар, бир туугандар (толук же аталаш/энелеш), иш жүзүндөгү тарбиялоочулар жана иш жүзүндөгү тарбиялануучулар;

15) экономикалык зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүн/ага теңештирилген адамды багуу боюнча милдеттерин атайылап аткарбоосу, ошондой эле адамды ага мыйзам боюнча таандык болгон мүлктү же кирешелерди алуу же тескөө укугунан атайылап ажыратуу же чектөө жана/же ишенимдүү адамдын мүлктү же кирешелерди ишеним көрсөтүүчүгө зыян келтирүү менен пайдалануусу.

2-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана жалпы таанылган эл аралык укуктардын принциптеринен жана ченемдеринен турат.

3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун жана аны болтурбоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды социалдык-укуктук сактоону жана коргоону камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген, бирге жашаган адамдарга жайылтылат.

4-берене. Ушул Мыйзамдын принциптери

Ушул Мыйзам төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) адам укуктары жана гендердик теңчилик жаатындагы мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын сакталышы;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун жеткиликтүүлүгүнүн теңчилиги;

3) адам укуктарын жана эркиндиктерин басмырлоочу жана үй-бүлөлүк зомбулукка өбөлгө түзүүчү элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга жол бербөө;

4) үй-бүлөлүк зомбулук келтиргендик үчүн жоопкерчилик;

5) алдын алууга багытталгандык;

6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо укуктарынын сакталышына жоопкерчилиги;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого коомчулуктун катышуусу;

8) жазык ишин же администрациялык өндүрүштү козгоо фактысына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону көрсөтүү.

5-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктары

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден алардын компетенцияларынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдарын алуу укугуна ээ болот.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун, жардам көрсөтүүнүн жана коргоонун негиздери жана тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.

2-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер

6-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин чөйрөсү

Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) сот;

4) прокуратура;

5) ички иштер органдары;

6) социалдык өнүктүрүү органдары;

7) саламаттык сактоо органдары;

8) билим берүү органдары;

9) юстиция органдары;

10) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

11) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

12) адвокатура;

13) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;

14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

15) аксакалдар соту;

16) жалпыга маалымдоо каражаттары;

17) өз компетенцияларынын чектеринде башка уюмдар.

7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт;

6) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейт;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишине көмөк көрсөтөт;

9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызматтарды көрсөтүүнүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жардам берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитет;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

8-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттердин ишин координациялайт жана алар менен өз ара аракеттенет;

2) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашырат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын тутумунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге усулдук, маалыматтык, консультациялык жана башка уюштуруу жардамдарын көрсөтөт;

4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;

5) үй-бүлөнүн көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторингди жүзөгө ашырат жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;

6) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук иштерди жүзөгө ашырат;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;

9) ар жыл сайын ушул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчётторду түзөт жана жарыялайт;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;

11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, юридикалык жана жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

12) өз компетенциясынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.

9-берене. Прокуратура органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

Прокуратура органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолук абалы, курагы боюнча же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылат;

3) прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

10-берене. Ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, андан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштурат;

2) ички иштер органдарынын окуу жайларынын окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин киргизет, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу курстарын жана окутуунун башка тиешелүү түрлөрүн камсыз кылат;

3) ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторингди жүзөгө ашырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

6) ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жайгаштырат.

2. Ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;

2) коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдойт, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сот чечимин аткарууга көмөк көрсөтөт;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын эсебин жүргүзөт;

4) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органды кабардар кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам көрсөткөн үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине анын макулдугу менен маалымдайт;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды анын макулдугу менен медициналык күбөлөндүрүүгө, соттук-медициналык экспертизага жөнөтөт. Эгерде жашы жете элек адам өз ата-энесинен же башка мыйзамдуу өкүлдөрдөн жабыр тартса, анын макулдугусуз эле медициналык күбөлөндүрүүгө, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлөт;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен, жасалган зомбулук жөнүндө маалыматты үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине жөнөтөт;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө алдын алуучулук жана маалыматтык иштерди калк арасында жүргүзөт;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.

11-берене. Социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

1. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишин уюштурат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү жана аларды берүүнүн тартиби боюнча минималдуу стандарттардын сакталышы боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишине мониторингди жүзөгө ашырат;

3) социалдык өнүктүрүү органдарынын жана мекемелеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам берүүнү камсыз кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды уюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;

6) социалдык кызматкерлердин жана социалдык өнүктүрүү органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктарды айкындоо, алардын алдын алуу жана алардан коргоо боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;

7) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат жана аларды киргизүү боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына көмөк көрсөтөт;

8) социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук учурларын айкындоосунун, каттоосунун жана эсепке алуусунун тартибин аныктайт;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

11) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү социалдык өнүктүрүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн 'минималдуу стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин өзүнүн сайтына жайгаштырат.

2. Социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндө социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтөт;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда жабыр тарткан адамдардын макулдугу талап кылынбайт;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыгына мониторингди жана талдоону жүргүзөт;

4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды ишке ашырат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчётторду берет;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.

12-берене. Саламаттык сактоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) саламаттыкты сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштерин уюштурат;

2) үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө сактоо, коргоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча саламаттык сактоо органдарынын ишинин стандарттарын саламаттык сактоо органдарынын практикасына киргизет жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдойт;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны айкындоо, үй-бүлөлүк зомбулук учурларында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча медициналык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;

6) үй-бүлөлүк зомбулук боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтарды жыйноону жүзөгө ашырат;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча саламаттык сактоо органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жайгаштырат.

2. Саламаттык сактоо уюмдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтөт, анын ичинде аларды медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашырат;

2) жабыр тарткандардын кайрылуусу жана аларга медициналык жардам көрсөтүү фактылары жөнүндө алардын макулдугу менен, кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде ички иштер органдарына кабарлайт. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу талап кылынбайт;

3) бейтапка амбулаториялык медициналык картадан же стационардык оорулуунун картасынан көчүрмөлөрдү берет;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди өз компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырат.

13-берене. Билим берүү органдарынын уй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

1. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) билим берүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат;

2) билим берүү уюмдарынын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардам берүүлөргө керектөөлөрү боюнча ишине мониторингди жана талдоону жүзөгө ашырат;

3) адам укуктарынын контекстинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин мамлекеттик билим берүү стандарттарына киргизет;

4) билим берүү кызматкерлерин үй-бүлөлүк зомбулукту айкындоо, анын алдын алуу жана андан коргоо боюнча даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) жана балдар үчүн билим берүү жана тарбиялоо программаларын иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышына мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан окуучуларга консультация берүүнү уюштурат;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча билим берүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.

2. Билим берүү уюмдары менчигинин формасына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө:

1) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлайт;

2) окуучулар үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча билим берүү жана тарбиялоо программаларын ишке ашырат;

3) окуучуларга, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана андан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берет;

4) үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окутулуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыктарын эсепке алууну, мониторингди жана талдоону жүргүзөт;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен ара аракеттенет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.

14-берене. Юстиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык консультациялык-укуктук жардамды, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтөт;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды жана башка маалыматтарды жайылтат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

5) юстиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жайгаштырат.

15-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:

1) өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;

2) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;

3) балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө балдарды коргоо боюнча органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин өзүнүн сайтына жайгаштырат;

4) өзүнүн аймактык органдарына жана балдарды коргоо тутумунун башка органдарына балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам берүүнү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.

16-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):

1) чечимдеринде же аракеттеринде (аракетсиздигинде) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу билинген кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата тартиптик же администрациялык өндүрүштү козгоо жөнүндө сунуштарды же болбосо кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жөнүндө өтүнүч камтылган сунуштарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт;

2) жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун натыйжалары боюнча, укуктары жана эркиндиктери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же алардын кызмат адамынын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) менен бузулган жана ден соолугунун абалы боюнча же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча сотко кайрыла албаган адамдарды коргоо үчүн сотко кайрылат;

3) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча атайын баяндамаларды даярдайт жана/же бул маселелерди адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндөгү ар жылдык баяндамаларына киргизет;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды өзүнүн сайтына жайгаштырат.

17-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда:

1) укуктук маселелер боюнча оозеки, ошондой эле жазуу жүзүндө консультация берет;

2) арыздарды, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзөт;

3) жарандык, администрациялык, жазыктык сот өндүрүшүнө жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышат;

4) адвокатура жөнүндө мыйзамга ылайык башка жардамдарды көрсөтөт.

18-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешкен макулдашылган ишин камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларга өткөрүлүп берилген функциялар жана ыйгарым укуктары боюнча алардын ишине мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларына киргизет, алардын аткарылышын контролдойт;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды жыйындылоону жана талдоону жүзөгө ашырат;

4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн финансылык, техникалык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык тартат;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчётту ыйгарым укуктуу органга берет.

19-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү (шаардык, айылдык) кеңештер:

1) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды бекитет жана алардын аткарылышын контролдойт;

2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жардам берүүсүнүн стандарттарын бекитет;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды ишке ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджетте каражаттарды карайт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү):

1) калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;

3) кабыл алынган программалардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) өзүнүн аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;

6) жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;

7) үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо кооптуулугу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды өздөрүнүн сайттарына жарыялайт.

20-берене. Аксакалдар сотторунун үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Аксакалдар соттору үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштерди аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамда каралган тартипте карайт жана чечет.

21-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ыйгарым укуктары

1. Жалпыга маалымдоо каражаттары:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери менен өз ара аракеттенет;

2) зомбулуктун ар кандай формаларын кабылдабоону коомдук аң-сезимге сиңдирүү максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдырат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча берет;

4) өзүнүн редакциялык саясатында гендердик басмырлоону жана зомбулукту үгүттөөгө жол бербөөнү камсыз кылат;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу боюнча кабарчылардын жана журналисттердин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнамага бөлүнүүчү эфир убактысынын же басылмалык аянттын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.

22-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандардын катышуусу

1. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык көрсөтүүгө, анын ичинде:

а) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга алардын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга же болбосо коомдук уюмдарга кайрылуу укугу жөнүндө маалымдоого;

6) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга тиешелүү консультацияларды берүүгө;

в) жашы жете электерге жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга тийиштүү болгон, төмөндө аталуучу органдарга кабарлоо милдеттүү болуп саналган учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө ички иштер органдарына, прокуратура жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо органдарына кабарлоого;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырууга;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жана башка булактардан мыйзамдарда каралган учурларда каржылоо алууга укуктуу.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды берет.

3-глава. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону камсыз кылуу

23-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү)

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

2. Алдын алуу (эскертүү) чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталануусун болтурбоо жана ага жол бербөө, ошондой эле жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуучу аңгемелешүүлөр, консультациялар, анын ичинде ишеним телефондору аркылуу сүйлөшүүлөр;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды каттоо жана эсепке алуу;

4) коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо;

5) үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдарга үй-бүлөлүк зомбулуктун жол берилгистиги жана укукка каршы келүүсү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берүү;

6) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумдарга үгүттөөгө, кайсы болбосун адамды басмырлоого жол бербөөгө багытталган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык жана агартуучулук өнөктүктөр, иш-чаралар.

24-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу

1. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюунун ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу түрлөрү:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн же аларга теңештирилген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;

2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды жазыктык-процесстик мыйзамдарга ылайык кармоо;

3) коргоо ордерин берүү жана узартуу;

4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазыктык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу;

5) өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды анын макулдугу менен токтоосуз коопсуз жерге же болбосо баш калкалоо жайына жайгаштыруу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жайга токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттерин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жерге токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт.

25-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кайрылуу фактыларына ички иштер органдарынын реакция кылуу аракеттери

1. Ички иштер органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө;

2) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө арызды кайсы болбосун адамдан кабыл алууга жана каттоого;

3) коргоо ордерин берүү жана узартуу тартибин, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу тартибин түшүндүрүүгө;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга социалдык кызматтар жөнүндө маалымат берүүгө;

5) зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды медициналык мекемеге же башка коопсуз жайга жеткирүүнү уюштурууга;

6) коргоо ордерин берүүгө жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын арызы боюнча коргоо ордерин узартууга жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;

8) жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө жана ички иштер органдарына токтоосуз маалымдоого;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен, коргоо ордери узартылган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүү органдарынын аймактык бөлүктөрүнө маалымдоого;

10) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды өткөрүп берүү үчүн бардык зарыл аракеттерди жасоого.

2. Ички иштер органынын кызматкери ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга ылайык жарандардын орун-жайларында жана аймагында өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келип жаткан адамдар бар деп болжолдоого негиздер бар болгон учурда, үй-бүлөлүк зомбулукту четтетүү боюнча чараларды көрүү үчүн бул орун-жайларга жана аймактарга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.

26-берене. Коргоо ордерин берүүнүн негизи

1. Коргоо ордерин берүүгө үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы жөнүндө кайсы болбосун адамдын ички иштер органына билдирүүсү негиз болуп саналат.

2. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысын ички иштер органы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билдирүүдө камтылган маалыматтарды текшерүү жолу менен аныктайт.

Коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, он сегиз жашка толгон адамга берилет.

27-берене. Коргоо ордерин берүү жана узартуу

1. Коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөткө берилет.

2. Коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын арызы боюнча ички иштер органы тарабынан отуз күнгө узартылат.

3. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды коргоо ордеринин шарттары жана аны аткарбоонун кесепеттери менен кол койдуруп, тааныштырууга милдеттүү.

4. Ички иштер органынын кызматкери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, коргоо ордерин алган адамга кол койдуруу менен зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөө программаларынан өтүү мүмкүнчүлүгү жана шарттары жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

5. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү. Ал тарабынан коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын колдонулушун токтотпойт.

6. Коргоо ордерин берүү жана/же узартуу жөнүндө маалымат коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоочу ички иштер органынын ыйгарым укуктуу кызматкерине жөнөтүлөт.

7. Коргоо ордерин берүү жана/же узартуу жөнүндө маалымат социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен жөнөтүлөт.

8. Коргоо ордерин берүүнү, узартууну же мындай аракеттерден баш тартууну прокуратурага же болбосо сотко даттанууга болот.

28-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан он төрт жашка толо элек адамдарга же сот аракетке жөндөмсүз деп тааныган адамдарга карата коргоо ордери

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан он төрт жашка толо элек адамдарга же сот аракетке жөндөмсүз деп тааныган адамдарга карата коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө же болбосо балдарды жана аракетке жөндөмсүз адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө же болбосо ички иштер органдарынын жашы жете электердин иши боюнча кызматкерине берилет.

2. Он төрт жашка толо элек адамдын, ошондой эле сот аракетке жөндөмсүз деп тааныган адамдардын атынан коргоо ордерин отуз күнгө узартуу жөнүндө арыз менен алардын мыйзамдуу өкүлдөрү же болбосо балдарды жана сот аракетке жөндөмсүз деп тааныган адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү же ички иштер органдарынын жашы жете электердин иши боюнча кызматкери кайрыла алат.

3. Коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

29-берене. Коргоо ордеринин шарттары

1. Коргоо ордеринде төмөнкүлөр каралат:

1) үй-бүлөлүк зомбулук жасоого тыюу салуу;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен түздөн-түз жана кыйыр катташууларга тыюу салуу.

2. Коргоо ордеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалымат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө маалымат камтылат.

3. Коргоо ордери узартылган учурда, жогоруда аталган берененин 1-бөлүгүндө саналган шарттардан тышкары, ага милдеттүү түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү оңдоп-түзөө программасына ылайык зомбулукчул жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөө программасынан өтүү жөнүндө шарт киргизилет.

4. Коргоо ордеринин формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

30-берене. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан иштер боюнча сотко кайрылуу

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ болот:

1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам же болбосо анын өкүлү;

2) прокурор;

3) эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам жашы жете элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам болуп саналса, балдарды жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү.

2. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча, доо арызына коргоо ордеринин көчүрмөсү же соттук актынын көчүрмөсү же болбосо үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча аны жасаган адамга карата аксакалдар сотунун чечими тиркелет.

31-берене. Доо арызын берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү

1. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча, доо арызы коргоо ордери берилген учурдан тартып же үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча аны жасаган адамга карата соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер боюнча доо арызы, жарандык процесстик мыйзамдарда доо арызын сот өндүрүшүнө кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө даярдоо үчүн каралган убакытты эсептебегенде, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде сот тарабынан каралат.

3. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар боюнча арыз жарандык мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн.

32-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам сотко кайрылууга укуктуу болуучу талаптар

1. Ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата сотко төмөнкүдөй бир же бир нече талаптар менен кайрылуу укугуна ээ болот:

1) бирге жашаган жерден убактылуу чыгарып салуу;

2) жашы жете элек балдар менен катташуу бөлүгүндө ата-энелик укуктарды чектөө;

3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жарандык мыйзамдарга ылайык аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу;

4) жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарда каралган башка талаптар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча укуктарды чектөө сот тарабынан бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө белгиленет.

33-берене. Соттун чечимин аткаруу

1. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча чыгарылган сот чечими ал жарыялангандан кийин токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет. Соттун чечимин даттануунун тартиби жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленет.

2. Соттун чечими аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга жатат.

34-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга берилүүчү жардамга ушул Мыйзамда аныкталган субъекттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чектеринде көрсөтө турган юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка жардамдын түрлөрү кирет.

2. Юридикалык жардамга консультацияларды берүү, юридикалык документтерди даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын атынан соттордо жана мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу, мыйзамдарда аныкталган юридикалык маанилүү аракеттердин башка түрлөрү кирет. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте көрсөтүлөт.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталган медициналык-санитардык жардамдын бардык түрлөрү көрсөтүлөт.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-психологиялык жардамга төмөнкүлөр кирет:

1) социалдык коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык зарыл документтерди жана социалдык жөлөкпулдарды алууга көмөк көрсөтүү;

3) социалдык кызматкердин, психологдун консультацияларын берүү;

4) коопсуздугун камсыз кылуу максатында социалдык кызматтарда коопсуз орундарды берүү;

5) социалдык реабилитациялоого көмөктөшүү;

6) үй-бүлөлүк зомбулук учурлары айкындалган үй-бүлөлөр менен социалдык иштөө.

35-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктары

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле социалдык тейлөө мекемелеринде: консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо), баш калкалоо жайларында, ошондой эле ушул Мыйзамга жана калкты социалдык тейлөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка мекемелерде социалдык-психологиялык жардам алууга укуктуу.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын, ошондой эле ушул Мыйзамда аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин ушундай жардам сурап кайрылуусу социалдык-психологиялык жардам берүү үчүн негиз болуп саналат.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам убактылуу коопсуз жашоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоо жайын алууга укуктуу. Баш калка жайында болуу баш калкалоо жайынын уставында же жобосунда аныкталган эрежелерге ылайык келишимдик шарттарда акысыз түрдө жүзөгө ашырылат.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам окутуунун, кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун, жумушка орноштуруунун мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык реабилитациялоонун башка формалары жөнүндө маалыматты алууга укуктуу.

4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикалык эсепке алуу жана отчёттуулук

36-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын статистикалык эсепке алуу

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө статистикалык маалыматтардын көрсөткүчтөрүнүн тизмегин жана курамын, статистикалык жана эсепке алуучулук формаларын, чогултуунун мезгилдүүлүгү жана иштеп чыгуунун тартиби аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана консультациялык-алдын алуучу борборлордун статистикалык ишин, ошондой эле нускамалык-усулдук материалдарды координациялоону камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статистикалык жыйнактарды, макалаларды бюллетендерди, баяндамаларды чыгаруу, сайтка жайгаштыруу аркылуу, ошондой эле башка жолдор менен үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык маалыматты жайылтууну жана коомчулукка жеткирүүнү камсыз кылат.

37-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчёттуулук

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчеттуулук өзүндө үй-бүлөлүк зомбулук жасалган, катталган учурлар жөнүндө, алардын саны, көрүлгөн чаралардын түрлөрү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жөнүндө, ошондой эле жабыркаган адамдын жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын ортосундагы туугандык даражасы жөнүндө социалдык-демографиялык маалыматтарды жана башка статистикалык маалыматтарды камтыйт.

5-глава. Ушул Мыйзамды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик

38-берене. Ушул Мыйзамды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жазыктык жана/же администрациялык мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

6-глава. Корутунду жоболор

39-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү

1. Ушул Мыйзам ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболорду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-майында 56 (2781) жарыяланды

2. 11-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда; 19-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда;

24-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда; 29-берененин 3-бөлүгүндө, 35-берененин 1-бөлүгүндө (консультациялык-алдын алуу борборлорунда (кризистик борборлордо) жана баш калкаларда жардам алуу укугун ишке ашыруу бөлүгүндө) жана 35-берененин 3-бөлүгүндө каралган жоболор 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин алар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 238-ст.);

2) "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын 15-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 817-ст.).

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев