Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 13-майы № 82

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 5-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

20-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын (юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн), алардын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин жүргүзөт. Көрсөтүлгөн тизме мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жыл сайын жарыялоого жатат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 26-майында № 64 (2789) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев