Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-июлу № 137

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

22-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу максатында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин жооптуу комитети тарабынан Өкмөткө жөнөтүлөт. Мыйзам долбоору боюнча корутунду Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.";

2) 55-беренеде:

а) 10-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 14 жана 15-бөлүктөр менен толукталсын:

"14. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору, ченемдик жоболору конституциялык эмес деп таанылган учурда Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

15. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Конституциялык палатанын чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев