Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 162

Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьяда:

а) он экинчи абзацында:

"баңгизаттарды контролдоо боюнча," жана "бажы органдарынын," деген сөздөр алып салынсын;

расмий тилиндеги "финансовой полиции" деген сөздөр "по борьбе с экономическими преступлениями" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) жыйырма алтынчы абзацында:

"баңгизаттарды контролдоо боюнча," жана "бажы органдарыгын," деген сөздөр алып салынсын;

"финансы полициясынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 38-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 161-статьяда:

а) "баңгизаттарды контролдоо боюнча" жана "жана бажы органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;

б) ", каржы полициясы органдарынын" деген сөздөр "жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 163-статьяда:

а) 5-бөлүгүндө:

"203," жана "209," деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша "205-207," жана "210," деген цифралар менен толукталсын;

"213-статьянын биринчи бөлүгү" деген сөздөр "213" деген цифрага алмаштырылсын;

б) 51-бөлүгүндө "баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдарынын," деген сөздөр алып салынсын;

в) 6-бөлүгүндө ", экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү,)" деген сөздөр алып салынсын;

г) 7 жана 8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

д) 9-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын," жана ", бажы органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;

е) 10-бөлүгүндө "финансы полициясынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

ж) 15-бөлүгүндө ", бажы " деген сөз алып салынсын;

з) 151-бөлүгүндө:

"баңгизаттарды контролдоо боюнча," деген сөздөр алып салынсын;

мамлекеттик тилде "тутуму жана бажы органдарынын" деген сөздөр "тутумунун" деген сөзгө алмаштырылсын;

расмий тилде "и таможенных органов" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

6-статьянын эскертүүсүндө:

а) мамлекеттик тилиндеги "каржы полициясы" деген сөздөр алып салынсын;

б) ", ошондой эле баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдар" деген сөздөр алып салынсын.

3-берене.

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьянын 6-бөлүгүндө "баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын," деген сөздөр алып салынсын;

2) 16-статьяда:

а) 1-бөлүгүнүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүгүндө "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы," деген сөздөр алып салынсын.

4-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-бөлүгүндө "баңги заттарды контролдоо," деген сөздөр алып салынсын.

5-берене.

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы:

а) "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр алып салынсын;

б) "каржы полициясынын органдарынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьяда:

а) "каржы полициясынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын," деген сөздөр алып салынсын;

3) 151-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

4) тиркемесинде "Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин атайын наамдары" деген графасы алып салынсын.

6-берене.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

19-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", баңги заттарга көзөмөл кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр алып салынсын.

7-берене.

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын Банги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 3, 223 ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 873 ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73 Мыйзамынын 1 жана 3-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 348 ст.).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев