Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 15-декабры № 210 (15)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2017-жылдын 2-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) мамлекеттик сырлар - алып жүрүүчүлөрдүн кайсы болбосун түрлөрүндө сакталуучу жана которуштурулуучу, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык, илимий-техникалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешеси бар, мамлекеттин контролунда болуучу жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан атайын тизмектер жана эрежелер менен чек коюлуучу маалыматтар;

2) мамлекеттик сырларды коргоо системасы (жашыруундук режими) - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленүүчү, өзүндө администрациялык-укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, криптографиялык жана башка чаралардын системасын камтуучу, мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби;

3) маалыматты жашыруун кылуу - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленүүчү иш-чаралардын жыйындысы;

4) маалыматты ачыктоо - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленүүчү иш-чаралардын жыйындысы;

5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды алып жүрүүчүлөр - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды символдор, турпаттар, сигналдар, техникалык чечилиштер жана процесстер түрүндө чагылдыруучу материалдык объекттер, анын ичинде физикалык талаалар;

6) жашыруундук грифи (чектөө грифи) - мамлекеттик сырларды алып жүрүүчүгө жана (же) анын коштомо документине коюлуучу, бул камтыгычтагы мамлекеттик сырлардын жашыруундук даражасы жөнүндө күбөлөндүрүүчү реквизит;

7) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоо каражаттары - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоого арналган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, алар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;

8) жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу - кызматы же жумушу боюнча тиешелүү маалыматтар белгиленген тартипте ишенип берилген кызмат адамдары же жарандар атайылап же абайлабай жасаган, жашыруун маалыматка уруксат берилбеген адамдарга аны билдирүү, берүү, көрсөтүү, жөнөтүү, жарыялоо же башка ыкма менен жеткирүү түрүндөгү укукка каршы аракеттер;

9) мамлекеттик сырларды жоготуу - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды колдонуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, мындай маалыматтарды жоготуунун же уурдатуунун натыйжасында алардын мыйзамдуу ээлик кылуудан же пайдалануудан чыгышынан, анын ичинде убактылуу чыгышынан улам бул маалыматтардын башка жактардын энчиси болуп калуусу же болуп калуу мүмкүндүгү;

10) мамлекеттик сырларга уруксат берүү - жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүү укугун же болбосо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын (мындан ары - уюмдар) мамлекеттик сырларды пайдалануу менен ишти жүзөгө ашыруу укугун тариздөөнүн жол-жобосу;

11) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүү - ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын санкциясы боюнча конкреттүү адамды мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен тааныштыруу;

12) жашыруундук даражасы - жашыруун маалыматтардын маанилүүлүгүн, аларга жетүүнү чектөө даражасын жана аларды мамлекет тарабынан коргоонун деңгээлин мүнөздөөчү категория.

2-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдар

Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгында маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн, аларды коргоо системасынын, мындай маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого байланышкан мамилелердин, ошондой эле мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамды колдонуу мамлекеттик эмес сырларга тиешелүү маалыматтарга жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу милдеттенмесин өзүнө алган, же болбосо өз статусу боюнча мындай талаптарды аткарууга милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары, кызмат адамдары жана жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары аткарылууга милдеттүү.

4-берене. Мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуунун субъекттери

1. Мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарынын чектеринде төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

1) улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);

2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча өз алдынча түзүмдүк бөлүгү (жооптуу адамы);

3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган субъекттер мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоону аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенцияларынын чектеринде камсыз кылат. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоону уюштурууга жоопкерчилик алардын жетекчилерине жүктөлөт. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдаланып жүргүзүлүүчү жумуштардын көлөмүнө жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү түзөт (жооптуу адамды аныктайт), алардын функцияларын алар жүргүзүүчү жумуштун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен жогоруда аталган жетекчилер аныктайт.

3. Мамлекеттик сырларды коргоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун ишинин негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу

5-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

1. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана башкарууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Координациялык кеңеш, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик сырларды коргоо маселелерин жөнгө салуунун алкагында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү жалпы саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын аткарууну камсыз кылат, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) бул жаатта ишти уюштуруу, иштөө, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу тартибин аныктайт;

4) Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин бекитет;

5) Кыргыз Республикасында жашыруундук режимин камсыз кылуу боюнча нускаманы бекитет;

6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттердин категориясына киргизүү, алардын иштөө тартибин бекитет, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын баруусу үчүн убактылуу жабык аймактардын тизмегин бекитет;

7) жашыруун кылынууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгуу тартибин белгилейт;

8) Кыргыз Республикасындагы Шифрлөө кызматы боюнча нускаманы бекитет, Кыргыз Республикасынын маалыматтык-телекоммуникациялык системаларында маалыматты коргоо каражаттарын, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт;

9) жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт;

10) жашыруун маалыматты бирге пайдалануу жана коргоо жөнүндө эл аралык келишимдерди түзөт, аны алып жүрүүчүлөрдү башка мамлекеттерге өткөрүп берүүгө контролду жүзөгө ашырат;

11) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча ишти контролдоону жана уюштурууну жүзөгө ашыруу максатында кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды коргоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Координациялык кеңеш:

1) Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырларды коргоо боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жумушун уюштурууга контролду жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизет;

3) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды, нормативдик жана методикалык документтерди иштеп чыгууну жана аткарууну уюштуруу боюнча сунуштарды киргизет;

4) бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар аткарууга милдеттүү чечимдерди өз ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде:

1) мамлекеттик сырлардын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө ишинин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындардын техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылууга контролду уюштурат;

2) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын иштеп чыгуу жана аткаруу кызыкчылыгында мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу субъекттеринин ишин координациялайт жана контролдойт;

3) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда жашыруундук режимин текшерүүнү жүзөгө ашырат;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сырларды коргоо боюнча укуктук, администрациялык, экономикалык, техникалык, программалык жана криптографиялык чаралардын системасын аткарууга контролду жүзөгө ашырат;

5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүнү жол-жоболоштурууда Кыргыз Республикасынын жарандарын текшерүү иш-чараларын жүзөгө ашырат;

6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксатты белгиленген тартипте берет;

7) мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;

8) мамлекеттик сырларды коргоону, мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылууга жооптуу жетекчилерди аттестациялоонун тартибин уюштурат;

9) мамлекеттик сырларды пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга айкындалган кемчиликтерди четтетүү сунуштамаларын киргизүүгө, тийиштүү чараларды көрүүнү жана алардын аткарылышын маалымдоону талап кылууга укуктуу;

10) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктары

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өз иш-аракет чөйрөсүндө, мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу субъекттери менен өз ара аракеттенип:

1) жашыруун кылынууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгат жана бекитет;

2) мамлекеттик сырларды коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат;

3) мамлекеттик сырлардын корголушун, анын ичинде өзүнүн карамагындагы уюмдарда корголушун координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;

4) аларга башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар берген мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын, ошондой эле өздөрү жашыруун кылган маалыматтардын корголушун камсыз кылат;

5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксатты белгиленген тартипте алат;

6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоонун сертификацияланган каражаттарын иштетет;

7) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү түзүү, уюштуруу маселелери боюнча макулдашууну белгиленген тартипте жүргүзөт жана алардын иштөөсүн камсыз кылат;

8) мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылууга жооптуу адамдарды аныктайт;

9) мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызматкерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын иштеп чыгат жана бекитет;

10) мамлекеттик сырларды коргоону, мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылууга жооптуу жетекчилердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;

11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн, жашыруун кылуунун жана ачыктоонун тартиби

7-берене. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн жана жашыруун кылуунун тартиби

1. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык корголууга жатуучу маалыматтарды аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү, мамлекеттик сырларды түзүүчү эң башкы маалыматтардын Тизмегине, ошондой эле маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери бекитүүчү жашыруун кылууга жатуучу ведомстволук маалыматтардын тизмегине ылайык жүргүзүлөт.

3. Маалыматтарды жашыруун кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоонун жана белгилөөнүн тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын ушул беренесинин 3-бөлүгүнүн, 9 жана 10-беренелеринин талаптарына жооп берген маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого укуктуу.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн негизги принциптери

Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулукка - колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтарды жашыруун кылууну жүзөгө ашыруу;

2) негиздүүлүккө - маалыматтарды жашыруун кылуунун максатка ылайыктуулугун мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарында эксперттик баа берүү жолу менен аныктоо;

3) өз убагындалыкка - маалыматтар түзүлгөн учурдан тартып аларды жайылтууга чектөөлөрдү белгилөө.

9-берене. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундук даражалары жана бул маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн жашыруундук грифтери

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары аларды түзүүчү маалыматтардын маанилүүлүк даражасы боюнча төмөнкүдөй эки категорияга бөлүнөт: мамлекеттик купуя сыр (мамлекеттик купуя сырды түзүүчү маалыматтар) жана кызматтык купуя сыр (кызматтык купуя сырды түзүүчү маалыматтар).

2. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасы жана мындай маалыматтарды алып жүрүүчүлөр үчүн бул даражаларга ылайык келүүчү "өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" жана "жашыруун" деген жашыруундук грифтери белгиленет.

3. Мамлекеттик купуя сырды түзүүчү маалыматтарга "өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" грифтери коюлат.

4. Кызматтык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга "жашыруун" грифи коюлат. Кызматтык купуя сыр мамлекеттик купуя сырга кирүүчү айрым маалыматтар мүнөзүндө болот жана аларды толук камтый албайт.

5. Аталган жашыруундук грифтерин мамлекеттик сырларга киргизилбеген маалыматтарды жашыруун кылуу үчүн колдонууга, ошондой эле мындай маалыматтарга башка чектөө грифтерин коюуга жол берилбейт.

6. Маалыматтарга карата чектөө грифтерин белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-берене. Маалыматтардын жашыруундугун колдонуу мөөнөтү, жашыруундукту ачыктоонун тартиби

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий-техникалык кызыкчылыктары талап кылса, ошондой эле такташтыруу зарылдыгын жараткан факторлор айкындалса, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар жашыруун кылуудан мөөнөтүнөн мурда ачыкталышы же алардын жашыруундук мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Ачыктоо же жашыруундук мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын сунуштамалары боюнча кабыл алат.

2. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Өздөрүнүн иш-аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө жетекчилерине ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектеринин мазмунун мезгил-мезгили менен, бирок кеминде беш жылда бир жолу маалыматтарды жашыруун кылуунун негиздүүлүгү жана алардын мурда белгиленген жашыруундук даражасына ылайык келүүсү бөлүгүндө кайра карап турууга милдеттүү.

4. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда колдонулуп жаткан, жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин өзгөртүү укугу аларды бекиткен жетекчилерге берилет, алар маалыматтарды ачыктоо боюнча өздөрү кабыл алган чечимдердин негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Аталган жетекчилердин жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин өзгөртүүгө байланышкан чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте макулдашылууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Жашыруун кылууга жатпоочу маалыматтар

Төмөнкү маалыматтар жашыруун кылууга жатпайт:

1) жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна коркунуч түзүүчү табигый кырсыктар жана өзгөчө окуялар жөнүндө;

2) кыйроолор жана алардын кесепеттери жөнүндө;

3) экологиядагы, жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы, саламаттык сактоодогу, санитариядагы, маданияттагы, айыл чарбасындагы, билим берүүдөгү, соодадагы жана укук тартибин камсыз кылуудагы абал жөнүндө;

4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын мыйзам бузгандыгынын фактылары жөнүндө;

5) жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына доо кетирүүчү, ошондой эле алардын жеке коопсуздугуна коркунуч түзүүчү фактылар жөнүндө.

12-берене. Мамлекеттик эмес сырлар

1. Мамлекеттик эмес сырларга коммерциялык купуя сыр, кызматта пайдаланылуучу маалымат, басма сөз үчүн эмес маалымат, тергөөнүн купуя сыры, врачтык купуя сыр, жеке купуя сыр жана купуя сырдын башка түрлөрү кирет.

2. Мамлекеттик эмес сырлардын сакталышы алардын менчик ээси, ошондой эле кызматы жана ишинин түрү боюнча алар ишенилип берилген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес сырлардын сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана мындай сырлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккан эрежелер менен жөнгө салынат.

4-глава. Мамлекеттик сырларды коргоо

13-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо системасынын негизги элементтери

Мамлекеттик сырларды коргоо системасынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жумуштарда, документтерде, буюмдарда жана маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдө камтылган маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоо жана белгилөө эрежелери;

2) мамлекеттик сырларга мамиле жасоо тартиби;

3) мамлекеттик сырларга уруксат берүү тартиби;

4) мамлекеттик сырлар менен иштеген адамдар үчүн чектөөлөр;

5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ишинин өзгөчө режими;

6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды элге жарыялоо, башка мамлекетке берүү же башка жол менен жайылтуу боюнча чектөөлөр;

7) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды техникалык жана криптографиялык коргоо;

8) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксат;

9) мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылууну контролдоо;

10) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Мамлекеттик сырларга мамиле жасоо тартиби

Мамлекеттик сырларга мамиле жасоо тартиби ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

15-берене. Кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүүнүн тартиби

1. Кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик сырлар менен иштөө зарыл болгон кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мындай сырларга карата тийиштүү уруксат берүү жол-жоболоштурулат. Мында ушул кызмат адамдарына жана жарандарга карата, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте текшерүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү иш-чараларын бүтүргөнгө чейин эмгек келишимин (контракт) түзүүгө жол берилбейт.

2. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берүү төмөнкүлөрдү карайт:

1) аларга ишенип берилген, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча мамлекет алдында өзүнө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алуусун;

2) ушул Мыйзамдын 19-беренесине ылайык алардын укуктарын чектөөгө макулдук берүүсүн;

3) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары, анын ичинде аларды бузгандык үчүн жоопкерчиликти кароочу нормалары менен таанышуусун жана аларды сактоосун.

3. Администрациянын жана жол-жоболоштурулуп жаткан адамдын өз ара милдеттенмелери эмгек келишиминде (контрактта) каралууга тийиш.

4. Текшерүү иш-чараларынын көлөмү жол-жоболоштурулуп жаткан адамга уруксат берилүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн үч формасы: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтарга жетүү белгиленет. Жарандарда жашыруундуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтарга уруксаттын болушу алардын кыйла төмөнкү даражадагы жашыруун маалыматтарга жетүүсүнө негиз болуп саналат.

5. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү жол-жоболоштуруунун же кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында гана чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 08-р чечими

 

16-берене. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн өзгөчө тартиби

1. Төмөнкүлөргө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан жана текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн мамлекеттик сырларга уруксат берилет:

1) айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:

а) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына;

б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө;

в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчисине;

г) Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдын жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисине;

д) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына;

е) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарына;

ж) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына;

2) айрым атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:

а) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

б) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

в) жергиликтүү соттун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

г) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;

д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;

е) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына;

ж) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;

з) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине);

и) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына;

3) мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокаттарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү менен, текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, мындай маалыматтарга уруксат берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б", "в", "г", "д", "е", "ж" пунктчаларында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарбоо жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертилет, бул тууралуу алардан тийиштүү милдеттенме алынат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте алынат.

Мындай учурларда мамлекеттик сырлардын сакталышы көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгилөө аркылуу да кепилденет.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери

Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) чет өлкөдө туруктуу жашап туруусу же тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, чет өлкөлүк жарандыкты алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусу;

2) соттун аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануусу, атайлап кылмыш жасагандык үчүн шектелүүчү, айыпталуучу, соттолуучу катары тартылышы, ошондой эле аларда мыйзамда белгиленген тартипте мындай кылмыш үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун болушу;

3) тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мамлекеттик сырлар менен иштөө үчүн аларда медициналык каршы көрсөтүмдөрдүн болушу;

4) текшерүү иш-чараларынан четтөөсү жана (же) өздөрү же жакын туугандары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды билдирүүсү;

Караңыз:

Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы чечими

5) текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, жол-жоболоштурулуп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч түзүүчү аракеттеринин айкындалышы;

6) кош же бөлөк жарандыктын болушу.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Кызмат адамдарына же Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуунун шарттары

1. Кызмат адамдарына жана жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү төмөнкү учурларда токтотулат:

1) эмгек келишими боюнча мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан милдеттенмелер бузулганда;

2) ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү токтогондо;

3) ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык жаранга мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп саналуучу жагдайлар келип чыкканда;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга кызмат адамына же жаранга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу жөнүндө жазма эскертүү киргизгенде.

2. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу чечими ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.

3. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу кызмат адамын же жаранды мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча өздөрү алган милдеттенмелеринен бошотпойт.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Мамлекеттик сырларга уруксаты бар же мурда уруксат берилген кызмат адамынын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын чектөө

1. Мамлекеттик сырларга уруксаты бар же мурда уруксат берилген кызмат адамы же жаран өз укуктарында убактылуу чектелиши мүмкүн.

2. Чектөө төмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн:

1) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды жайылтуу жана мындай маалыматтарды камтуучу ачылыштарды жана ойлоп табууну пайдалануу укугуна;

2) сот органдарында ачык териштирүү укугуна;

3) чет өлкөгө чыгуу укугуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай турган тартипте;

4) мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү тариздөө мезгилиндеги текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө жеке турмушунун кол тийгистиги укугуна.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. Кыргыз Республикасынын кызмат адамынын же жаранынын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсү

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын же кызмат адамынын мамлекеттик сырларга жетүүсүн уюштуруу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун жетекчисине, ошондой эле алардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнө жүктөлөт. Кызмат адамынын же жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Кызмат адамы же жаран мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен анын кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана тааныша ала турган шарттардын түзүлүшү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат.

3. Эмгек келишими (контракт) бузулганда кызмат адамынын же жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсү токтотулат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү

1. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү аларды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Тизмегине киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берүү алардын ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте, жашыруундуктун тийиштүү даражасындагы маалыматтар менен жумуш жүргүзүүсүнө, кызматтарды көрсөтүүсүнө уруксат алуусу аркылуу, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) алар мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарып жатканда;

2) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте талаптагыдай уюштуруп жатканда;

3) жашыруундук режимин камсыз кылууга жооптуу жетекчилерде мамлекеттик сырларга жетүү укугу болгондо;

4) алар мамлекеттик сырларды коргоонун мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларын аткарып жатканда.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө уруксат

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдаланууга байланышкан иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүктөрү берүүчү уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.

Уруксат мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды текшерүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алардын жетекчилерин аттестациялоонун натыйжаларынын негизинде берилет.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоо каражаттарын сертификациялоо

Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоо каражаттары алардын жашыруундуктун тийиштүү даражасындагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптарга туура келүүсүн ырастоочу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте берилүүчү сертификатка ээ болушу керек.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеңилдик берүү

Белгиленген тартипте жашыруундуктун тийиштүү даражасындагы сырларга уруксат берилген жана кызматтык (функциялык) милдеттеринен улам мындай маалыматтар менен туруктуу иштеген жарандарга төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

1) уруксат берилген маалыматтардын жашыруундук даражасына жана аткарылуучу көлөмүнө жараша берилүүчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайыздык үстөк төлөмдөр;

2) уюштуруу жана (же) штат иш-чараларын жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн жумушта калтырууга артыкчылыктуу укугу. Кызматкерлердин көрсөтүлгөн категориясын дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Мамлекеттик сырларды коргоону контролдоо

1. Мамлекеттик сырларды коргоого контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү укугу берилген, ошондой эле мамлекеттик сырларды пайдалануу менен ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте камсыз кылат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда мамлекеттик сырларды коргоонун абалын контролдоого укуктуу. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдын мамлекеттик сырларды коргоонун абалын текшерүүнүн натыйжасында киргизген сунуштамалары кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Жашыруун маалыматтарды башка мамлекетке берүү

Тараптардын берилүүчү жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча милдеттенмелерин караган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жашыруун маалыматты башка мамлекетке берүү үчүн негиз болуп саналат.

27-берене. Башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын сырларын коргоо

Башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына берилген сырлары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде ушул Мыйзам менен корголот.

28-берене. Мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарууга, ошондой эле маалыматты укук ченемсиз жашыруун кылууга жоопкерчилик

Мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылууга жоопкерчилик мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.

Жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгаргандык, алардын жашыруундук даражасын укук ченемсиз жогорулаткандык же төмөндөткөндүк, жашыруундук режимин бузгандык, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар келтирилген зыяндын оордугуна жараша Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жазыктык, жоопкерчиликке жана укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1476-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 153-ст.);

2) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-майындагы № 74 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 471-ст.);

3) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-январындагы № 15 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 15-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков