Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 26-июну № 62

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 24-майында                                                                     Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 6-бөлүгү "төмөнкүдөй адамдарга:" деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 427-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"427-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү

Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган мезгил үчүн акы төлөө жана тартиптик жаза берүү маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Жээнбеков