Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 24-декабры № 108

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 22-ноябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, № 937-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгүндө:

а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"бажы алымы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бирдиктүү эсебине чегерилүүгө жана бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлүүгө жаткан, товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланыштуу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан алынуучу милдеттүү төлөм;";

б) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 2-беренеде:

а) биринчи абзацында "жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо" деген сөздөр алып салынсын;

б) бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 4-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунун негизинде" деген сөздөр "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 6-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-берене. Тарифтик жеңилдиктер

Тарифтик жеңилдиктердин түрлөрү, аларды берүү тартиби жана учурлары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирүүчү айрым эл аралык келишимдердин жана 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын жоболоруна ылайык аныкталат.";

6) 8-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган талаптарга ылайык тарифтик преференцияларды төмөнкүдөй түрдө берет:";

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде окшош товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өндүрүлсө (казып алынса, өстүрүлсө), үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылып, Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө карата тарифтик квота түрүндө ташып келүүнү жөнгө салуу чараларын колдонууга жол берилет. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде ташып келинген көрсөтүлгөн товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын тиешелүү коюмдары колдонулат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков