Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 7-марты № 33

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 30-январында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

50-статьянын 1-пунктунда:

а) 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууну камсыз кылууга;";

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:

"1-1) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди максаттуу багытына жана аларды берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;";

в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:

"5-1) сугат айдоо жерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөткө чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин макулдугун алууга;".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

337-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

"4-1. Бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, тийиштүү райондун айыл чарба жерлеринин базалык түрү үчүн колдонулган (укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн) базалык ставкалар боюнча белгиленет.".

3-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009, № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "бонитетинин баллы 40тан төмөн" деген сөздөр алып салынсын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков