Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 19-апрели № 49

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

2019-жылдын 6-мартында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 774-1-статья менен толукталсын:

"774-1-статья. Рекультивацияга багытталуучу каражаттар боюнча чектөөлөр

760, 763-767, 769-771 жана 774-статьяларда каралган ченемдер рекультивация фондунун каражаттарына карата жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр менен колдонулат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31) жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер казынасын колдонуу укугуна лицензиянын, концессиялык келишимдин, продукцияларды бөлүштүрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө макулдашуунун жана инфратүзүм объекттерин (жолдорду, жеңил конструкциядагы вахталык кыштакчаны жана кампаларды, электр өткөргүч чубалгыларын (ЭӨЧ) жана жер казынасын пайдалануу максаттарында гана пайдаланылуучу башка инфратүзүм объекттерин) куруу жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу, анын бурчтук чекиттери бар координатынын түз бурч тутумундагы графикалык документтеринде аныкталуучу пайдалуу кендерди казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү жер участоктору;";

б) 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 10-статьянын 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 19-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 14-1-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-апрелинде N 31 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков