Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 11-майы № 59

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

2019-жылдын 4-апрелинде

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 227-берененин 2-бөлүгү "261 - 263-1-беренелеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана 375-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 372-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул главада каралган салык режими акциздик товарларды өндүрүүнү жана сатып өткөрүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып келүүдө акциз жана КНС салынуучу тамеки продукцияларын өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу 2000-жылга чейин катталган ишканалардан тышкары, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлуучу талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата гана колдонулат.";

3) 373-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"373-берене. ЭЭЗ субъекти

ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамы күчүнө киргенге чейин ЭЭЗ башкы дирекциясында мурда катталган филиалдар (өкүлчүлүктөр).";

4) 375-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. ЭЭЗ субъектиси болуп саналбаган субъекттин өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүсүнө ушул Кодекстин 227-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.";

б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жалпы салык режимине ылайык салык салынат" деген сөздөр "ушул Кодекске ылайык КНС салынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Товарларды ЭЭЗ чек арасы аркылуу алып өтүүдө алынуучу салыктарды администрациялоо Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков