Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 8-июлу № 80

"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 30-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Геномдук селекция - бул гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланыштуулукту табууга жана азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берген дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин жардамы менен малды гендик типтештирүү.

Дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлери - бул ар кандай жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын гендик типтерин салыштырууда белгилүү бир ген үчүн же хромосомдун башка кандай болбосун участогу үчүн молекулалык биологиянын ыкмасы менен дезоксирибонуклеин кычкылдыктарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталуучу полиморфтук белги.";

2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;";

3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо

Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-июлундагы N 58 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков