Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 10-июлу № 75

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 3-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 101-берене менен толукталсын:

"101-берене. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо

1. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси жөнүндө маалымат киргизилбеген балдарга дайындалат.

Жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, бала 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин дайындалат, бирок алар 23 жашка чыккандан ашык эмес.

2. Баланы асырап алганда же ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде, жөлөкпулду төлөө баланы асырап алуу же ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сот чечим чыгарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.";

3) 11-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат.";

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленсин калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча дайындалат.

Эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөпул жашаган/турган жери боюнча дайындалат.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жашаган/турган жери боюнча каттоосу жок болсо, мамлекеттик жөлөкпул эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин эсепке албастан дайындалат.";

в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып алынуучу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалымат акысыз негизде берилет.";

г) 5-бөлүгүндө "бийик тоолуу жана алыскы" деген сөздөр алып салынсын;

4) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) алуучунун жашаган/турган жери өзгөрүп, анын натыйжасында мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү өзгөрүүгө тийиш болгондо.";

5) 14-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) ата-энесинси ажыраганы боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алуучу бала, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу бала 16 жашка чыкканда, жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары окуусун аяктаганда, кесиптик баштапкы окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 23 жашка чыкканда;";

6) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу баланы асырап алганда же балдардын ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков